Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 280
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме 1 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгына) |
Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын баалоодогу укуктук негиздерди жана окумуштуулук даражаны изденүүгө коюлган диссертациялар жооп бере турган критерийлерди аныктайт, илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия (мындан ары - Комиссия) эксперттик жана диссертациялык кеңештер аркылуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди баалоону ишке ашырат, окумуштуулук даражаны изденүү үчүн коюлган диссертациялардын ушул Жобо менен белгиленген критерийлерге туура келишин аныктайт жана жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды мамлекеттик аттестациялоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзөт.
3. Диссертациялык кеңештер жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасынын негизги звеносу болуп эсептелет жана алар белгиленген тартипте билим берүүнүн тиешелүү тармагында өзүнүн жетишкендиктери менен кеңири белгилүү болгон жогорку окуу жайларында, академиялык жана тармактык илимий-изилдөө институттарында (мындан ары – ИИИ) Комиссиянын президиумунун чечими боюнча түзүлөт.
4. Жогорку окуу жайларынын жана башка мамлекеттик илимий мекемелердин тигил же бул илим тармагында кеңири таанымал болуу критерийи болуп докторантуранын жана аспирантуранын иштеши, аккредитациянын, илимий мектептеринин жана илимий-изилдөө базаларынын болушу эсептелет.
5. Илимдин доктору окумуштуулук даражасы илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар изденүүчүлөргө эл алдында диссертациясын коргоонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүч катынын жана Комиссиянын эксперттик кеңешинин корутундусунун негизинде Комиссиянын президиуму тарабынан берилет.
6. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы толук жогорку билими же магистр академиялык даражасы бар изденүүчүлөргө эл алдында диссертациясын коргоонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүч катынын жана Комиссиянын эксперттик кеңешинин корутундусунун негизинде Комиссиянын президиуму тарабынан берилет.
7. Өз ишинде мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды пайдаланган адамдарга окумуштуулук даражаларды берүү тартиби Диссертациялык иштеринде “Кызматтык пайдалануу үчүн” грифи бар маалыматты пайдаланган адамдарга окумуштуулук даража берүү жөнүндө жобо менен аныкталат.
8. Илимдин докторунун жана илимдин кандидатынын улуттук дипломдору, окумуштуулук даражанын эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөр Комиссиянын президиумунун чечиминин негизинде берилет жана Комиссиянын төрагасынын колу коюлат.
Илимдин докторунун жана илимдин кандидатынын улуттук дипломдорунун, окумуштуулук даражанын эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн формалары, аларга карата техникалык талаптар, аларды тариздөө жана берүү тартиби Комиссия тарабынан бекитилет.
2. Окумуштуулук даражаны изденүүгө коюлган диссертацияларга критерийлер жана талаптар
9. Диссертация жеке илимий-квалификациялык иш болуп эсептелет жана ал изденүүчүнүн жеке өзү тарабынан жазылышы керек, анда эл алдында коргоо үчүн автор тарабынан сунуш кылынган жаңы илимий жыйынтыктардын жана жоболордун жыйындысы камтылып, иштин белгилүү багыты, иштелип же изилденип жаткан проблеманын алкагында натыйжалардын өз ара байланышы жана башка белгилер менен шартталган ички биримдикке ээ болуп, изденүүчүнүн илимге кошкон жеке салымын айгинелөөгө тийиш. Изденүүчүнүн жыйынтыктарды алуудагы конкреттүү жеке салымын аныктоодо диссертацияда жана авторефератта изденүүчүгө таандык идея, гипотеза жана алардын эксперименттик ырастоосу, иштелип чыккан методикасы же аппаратурасы, алынган натыйжаларынын теориялык жактан иштелип чыгышы, илимий жоболорунун формулировкасы ж.б.у.с. көрсөтүлүшү керек.
10. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертация - бул мазмуну төмөнкү квалификациялык белгилердин бирине туура келген жеке илимий-квалификациялык иш:
- жаңы илимий багытты иштеп чыгуу же жыйындысы тиешелүү илимдин тармагындагы ири жетишкендик катары эсептеле турган актуалдуу илимий багыттын бирин жана негизинен жаңы натыйжалардын мазмунун концептуалдуу өнүктүрүү;
- ишке киргизүү тиешелүү илим тармагындагы илим чөйрөсүнө жана тематикасына жараша өнүгүүгө жана илимий-техникалык прогрессти тездетүүгө өзгөчө зор салым кошо турган илимий жактан негизделген жаңы техникалык, социалдык-экономикалык жана технологиялык методдорду иштеп чыгуу жолу менен илимий проблемаларды чечүү.
11. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертация атайын даярдалган, кол жазма түрүндө сунуш кылынган жеке илимий-квалификациялык иш болушу керек жана анын мазмуну төмөнкү квалификациялык белгилердин бирине туура келиши керек:
- билимдин тийиштүү тармагы үчүн олуттуу мааниси бар маселелердин чечилиши;
- илимдин чөйрөсүнө жана тематикага жараша өлкөнүн экономикасы үчүн зор мааниге ээ болгон илимий жактан негизделген техникалык, социалдык-экономикалык же технологиялык иштеп чыгуулардын баяндалышы.
12. Доктордук жана кандидаттык диссертациялар коргоого илимдин бир тармагынын чегинде бир же эки адистик боюнча коюлушу мүмкүн.
13. Медициналык илимдер боюнча илимдин доктору, илимий кандидаты окумуштуулук даражаларын изденип алуу үчүн диссертацияны коргоого адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку медициналык билими бар, ветеринардык илимдер боюнча - адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку ветеринардык билими бар, ал эми юридикалык илимдер боюнча - адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку юридикалык билими бар адамдарга жол берилет.
Докторлук диссертацияны коргоого докторантураны окуп бүтүргөн адамдарга, ошондой эле диссертацияларды даярдоо үчүн илимий-изилдөө жана эксперименттик базасы бар жогорку окуу жайларына жана/же илимий уюмдарга бекитилген изденүүчүлөргө уруксат берилет.
Кандидаттык диссертацияны коргоого аспирантураны окуп бүтүргөн адамдарга, ошондой эле тиешелүү жогорку билимге ээ, кандидаттык экзамендерди берүү жана диссертацияны даярдоо үчүн илимий-изилдөө жана эксперименттик базасы бар жогорку окуу жайларына жана/же илимий уюмдарга бекитилген изденүүчүлөргө уруксат берилет.
14. Диссертацияда баяндалгандардын толуктугу жана жыйынтыктарынын тууралыгы үчүн изденүүчү жеке өзү, илимий жетекчи (кеңешчи), диссертациялык кеңештин эксперттик комиссиясы, ошондой эле диссертация аткарылган жана алдын ала экспертиза жүргүзгөн уюм жоопкерчилик тартышат.
Изденүүчү кандидаттык диссертациясын коргогондо алып чыккан илимий жыйынтыктарын, макалаларын жана жоболорун докторлук диссертациясын коргоодо алып чыгууга болбойт.
Кандидаттык диссертациясында колдонулган материалдарды докторлук диссертациясында колдонууга уруксат берилет, бирок ал материалдын жалпы көлөмүнүн 20 пайызынан ашык болбошу керек.
Диссертациянын сапатын жогорулатуу максатында изденүүчүлөр үчүн кандидаттык жана докторлук диссертацияны коргоонун ортосунда 5 жылдан кем эмес убакыт аралыгы белгиленет.
15. Диссертациянын автору тарабынан сунуш кылынган жаңы чечимдер өтө так аргументтелиши жана расмий оппоненттер, диссертациялык кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле эксперттик кеңештин мүчөлөрү тарабынан башка белгилүү чечимдерге салыштырмалуу калыс бааланышы керек.
16. Колдонмо (практикалык) мааниси бар диссертацияда сандык жана сапаттык жаңы көрсөткүчтөрдү ишке киргизүү жөнүндө документтер менен ырасталган, автор тарабынан алынган илимий жыйынтыктарды колдонуу, сунушталган технологиялардын, продукциянын, материалдардын үлгүлөрүнүн артыкчылыгы жөнүндөгү маалыматтар келтирилиши керек. Ал эми теориялык мааниси бар диссертацияда илимий жыйынтыктарды жана натыйжаларды пайдалануу боюнча сунуштар келтирилиши керек.
Өндүрүшкө киргизүү актыларынын түп нускалары ишке киргизген уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилиши жана персоналды башкаруунун тиешелүү кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
17. Докторлук диссертациянын негизги жыйынтыктары Рецензиялануучу илимий мезгилдүү басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда жарыяланышы керек, алардын тизмегин түзүү эрежеси, рецензиялануучу басылмаларга карата талаптар, аларга балл менен баа берүү Комиссиянын президиуму тарабынан бекитилет жана Комиссиянын сайтына жайгаштырылат.
“Scopus” же “Web of Science” системалары аркылуу индекстелүүчү мезгилдүү илимий басылмаларда бир макаланын болушу милдеттүү, буга кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча диссертациялар кирбейт, алар үчүн РИНЦ системасы аркылуу индекстелүүчү, импакт-фактору 0,2ден кем эмес мезгилдүү илимий басылмаларда 4төн кем эмес макаласынын болушу милдеттүү болуп саналат. Жарыяланган эмгектери боюнча жалпы балл 250дөн кем эмес болушу керек.
18. Гезиттик макалалар, депонирленген кол жазмалар, докладдын тезистери жарыяланган эмгектердин тизмесине кирбейт.
19. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар, республиканын эл чарбасынын өнүгүшүнө илимий-практикалык салым кошкон жана илимдин тийиштүү тармагында ири илимий жетишкендиктерге ээ болгон окумуштууларга жана өндүрүштүн көрүнүктүү адистерине эрежеден сырткары, илимий доклад түрүндө докторлук диссертация коргоо укугу берилет.
20. Илимий доклад түрүндөгү докторлук диссертацияны коргоо үчүн жеке өзүнүн монографиясы жана “Scopus” же “Web of Science” системалары аркылуу индекстелүүчү мезгилдүү илимий басылмаларда 12ден кем эмес макаласы болушу керек.
Монография жеке өзү тарабынан жазылып, көлөмү 10 басма барактан кем болбошу керек.
Илимий доклад түрүндө сунуш кылынган докторлук диссертацияга коюлуучу талаптар жана аны коргоо тартиби Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо менен аныкталат.
21. Кандидаттык диссертациянын негизги жыйынтыктары Рецензиялануучу илимий мезгилдүү басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда жарыяланышы керек, алардын тизмегин түзүү эрежеси, рецензиялануучу басылмаларга карата талаптар жана аларга балл менен баа берүү Комиссиянын президиуму тарабынан бекитилет жана Комисииянын сайтына жайгаштырылат.
“Scopus”, “Web of Science” же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү импакт-фактору 0,1ден кем эмес илимий басылмаларда 2ден кем эмес макаланын болушу милдеттүү болуп саналат. Жарыяланган эмгектери боюнча жалпы баллы 100дөн кем эмес болушу керек.
22. Басма органынын бир басылышына изденүүчүнүн экиден көп эмес макаласы жарыяланса болот, калган макалалары эсепке алынбайт.
Акыркы макалалары диссертацияны диссертациялык кеңешке сунуш кылаардан бир ай мурун жарыяланышы керек.
23. Окумуштуулук даражаны изденип алууга диссертациянын негизги илимий жыйынтыктары камтылуучу жарыяланган эмгектерге төмөнкүлөр теңештирилет: белгиленген тартипте катталып, ачылыштарга берилген дипломдор; ойлоп табууларга берилген патенттер; пайдалуу моделге берилген күбөлүктөр; өндүрүштүк үлгүгө берилген патенттер; компьютердик программалар; интегралдык микросхемалардын топологиясы; ошондой эле илимий конференцияларда, симпозиумда, форумдарда окулган жана толук көлөмдө жарыяланган докладдар.
24. Окумуштуулук даражаны изденүүчү диссертациясын кол жазма укугундагы кагаз түрүндө жана электрондук түрүндө берет. Диссертацияны тариздөөгө талаптар Комиссия тарабынан белгиленет.
Диссертацияны тариздөө Комиссиянын президиумунун чечими менен бекитилүүчү Диссертацияны жана авторефератты тариздөө боюнча нускамада белгиленген талаптарга ылайык келиши керек.
25. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык диссертация мамлекеттик же расмий тилдерде жазылышы мүмкүн, мында мамлекеттик тилде жазылган докторлук диссертациялар үчүн тиешелүү тилде жарыяланган 4төн кем эмес, кандидаттык диссертациялар үчүн 2ден кем эмес макаланын болушу милдеттүү.
26. Диссертациянын темалары илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары же илимий мекемелердин, ЖОЖдордун негизги илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттары менен байланыштуу болууга, алар окумуштуулар кеңештери тарабынан ар бир изденүүчүгө жекече бекитилүүгө, негизги иштеген жери боюнча жетекчилик менен макулдашылууга, Комиссиянын сайтындагы Диссертациялык иштердин темаларынын реестрине жайгаштырылууга тийиш.
27. Докторлук диссертация илимий кеңешчинин жетекчилиги менен аткарылат. Докторлук диссертацияга илимий кеңешчи катары илимдин доктору тартылат.
Докторлук диссертация эки адистик боюнча аткарылган учурда экинчи илимий кеңешчини - илимдин докторун дайындоого уруксат берилет.
Докторлук диссертациянын темасы жана илимий кеңешчи изденүүчүгө илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылгандан кийин, диссертация даярдалган илимий мекеменин же жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен диссертация диссертациялык кеңешке тапшырылганга чейин 5 жылдан кем эмес убакытта бекитилет.
Докторлук диссертация изденүүчү тарабынан илимий кеңешчисиз эле өз алдынча аткарылышы да мүмкүн.
28. Кандидаттык диссертациянын илимий жетекчилигине адистиги боюнча авторефератка, ал эми башка адистиктер боюнча – жарыяланган эмгектеринин жыйындысы боюнча шайкеш келген илимдин доктору дайындалат. Эки илимий жетекчинин дайындалышына кандидаттык диссертация эки адистиктин кошулушунда аткарылган учурда гана уруксат берилет.
29. Комиссиянын уруксаты менен (Комиссиянын эксперттик кеңешинин чечиминин негизинде) илимий жетекчиликке илимий же илимий-педагогикалык иште стажы, 5 жылдан кем эмес доцент же
улук илимий кызматкер окумуштуулук наамы бар, Рецензиялануучу мезгилдүү илимий басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда, анын ичинде “Scopus” же “Web of Science” системалары аркылуу индекстелүүчү мезгилдүү илимий басылмаларда жарыяланган 4төн кем эмес макаласы болгон илимдин кандидаты тартылышы мүмкүн, жарыяланган эмгектери боюнча жалпы баллы 200дөн кем эмес болушу керек.
30. Кандидаттык диссертация боюнча тема жана илимий жетекчи диссертация даярдалган илимий мекеменин же жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен диссертация диссертациялык кеңешке тапшырылганга чейин 3 жылдан кем эмес мөөнөттө бекитилет.
31. Эгер бир илимий жетекчинин же кеңешчинин жетекчилиги менен аткарылган эки диссертацияга диссертациялык кеңеш же Комиссиянын президиуму тарабынан терс чечим чыгарылса, анда илимий жетекчи же кеңешчи аспиранттардын жана окумуштуулук даражаны изденүүчүлөрдүн диссертациялык иштерине жетекчилик кылуудан Комиссиянын чечими боюнча үч жылдык мөөнөткө четтетилет.
32. Изденүүчү диссертациясын жазууда материалдарды же айрым жыйынтыктарды алып жаткан авторго жана анын эмгегине шилтеме берүүгө милдеттүү.
33. Изденүүчү диссертациясында авторлошторунун идеяларын же иштеп чыгууларын пайдаланган учурда, ошол эмгектерге жана иштеп чыгууларга кошкон конкреттүү жеке салымын көрсөтүү менен диссертациясында жана авторефератында алардын салымын да көрсөтүүгө милдеттүү.
Ошону менен бирге Комиссияга тапшырылган диссертация плагиат фактысы бар (же) жок экендигин аныктоо үчүн “Антиплагиат” компьютердик программасы боюнча текшерилет. Диссертацияда авторуна жана (же) өздөштүрүлгөн булакка шилтеме жасабастан башка бирөөнүн ишин колдонуу, окумуштуулук даражаны изденүүчү менен авторлоштукта аткарылган илимий иштин натыйжаларын авторлошторуна шилтеме жасабастан жана жеке өз иши катары берүү плагиат катары таанылат. Мындай учурда диссертация кайрадан коргоо укугу берилбестен четке кагылат. Четке кагылган диссертация жөнүндө маалымат Комиссиянын сайтына жайгаштырылат.
34. Авторлоштукта алынган илимий жыйынтыктар авторлоштордун биринин гана диссертациясына толугу менен киргизилет. Илимий жыйынтыктарды толук же жарым-жартылай пайдалануу үчүн авторлошторунан жазуу жүзүндө макулдугун алышы керек. Ал диссертациялык кеңешке жана Комиссияга жиберилчү аттестациялык документтерге тиркелет.
3. Кандидаттык экзамендер
35. Кандидаттык экзамендер изденүүчүлөрдүн кандидаттык диссертацияларын даярдоодогу аттестациялоонун курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Экзамендердин максаты - изденүүчүнүн кесиптик билиминин деңгээлин, өз алдынча илимий-изилдөөчүлүк ишке даярдыгынын даражасын аныктоо. Изденүүчүнүн диссертациясын коргоого жиберүү үчүн кандидаттык экзамендерди тапшыруу милдеттүү болуп эсептелет.
Изденүүчү кандидаттык экзамен тапшыруу үчүн жогорку окуу жайын өз алдынча тандайт.
36. Илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасына изденүүчү төмөндөгү дисциплиналар боюнча кандидаттык экзамен тапшырышы керек:
- илимдин тарыхы жана философиясы;
- чет тили;
- кыргыз тили.
37. Жогорку билими диссертация даярдалган илимдин тийиштүү тармагына туура келбеген илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына изденүүчү кошумча кандидаттык экзаменди диссертация коргоого кабыл алынган адистик боюнча тапшырат.
38. Кандидаттык экзамендер илимий мекеменин же жогорку окуу жайынын жетекчисинин уруксаты боюнча бир жылда эки жолу (май-июнь, октябрь-ноябрь) сессия түрүндө кабыл алынат.
39. Диссертациялык ишти диссертациялык кеңешке койгон учурда атайын дисциплина боюнча кандидаттык экзамен сессиянын мөөнөтүнөн тышкары убакта алынып калышы мүмкүн.
40. Атайын дисциплина боюнча кандидаттык экзамен коргоо боло турган жерде тапшырылат.
41. Чет өлкөлүк изденүүчүлөр үчүн (КМШга катышкан мамлекеттердин жарандарынан башка) кандидаттык экзамендер чет тили катары кыргыз же орус тили боюнча белгиленет.
42. Эгер диссертация эки илимий адистиктин кошулган чегинде аткарылса, изденүүчү кандидаттык экзамендерди ар бир адистик боюнча өз-өзүнчө ар башка күндөрү тапшырат.
43. Атайын дисциплина боюнча кандидаттык экзамендер Комиссия тарабынан бекитиле турган, окумуштуулук даражалар берилүүчү, диссертациялар даярдалуучу илимий адистиктердин номенклатурасында (мындан ары тиешелүү түрдө - илимий адистик, номенклатура) каралган илимий адистикке (илимий адистиктерге) жана илим тармагына ылайык тапшырылат.
Атайын дисциплина боюнча кандидаттык экзамен эки бөлүктөн: типтүү программадан - тийиштүү тармактагы алдыңкы жогорку окуу
жайлар жана илимий мекемелер тарабынан иштелип чыккан адистик боюнча минимум жана тийиштүү кафедра (бөлүм, сектор, лаборатория) тарабынан иштелип чыгуучу жана Комиссия тарабынан бекитилүүчү кошумча программадан турган программа боюнча тапшырылат.
Кошумча программа ошол илим тармагынын жаңы бөлүмдөрүн жана изденүүчүнүн илимий изилдөөлөрүнүн багыты менен байланышкан бөлүмдөрдү камтууга, ошондой эле илимдин ошол тармагындагы акыркы жетишкендиктерди жана соңку адабияттарды эске алууга тийиш.
44. Илимдин тарыхы жана философиясы, чет тил боюнча кандидаттык экзамендер Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү программалар боюнча тапшырылат.
45. Илимдин тарыхы жана философиясы боюнча кандидаттык экзаменди философия боюнча өз алдынча кафедралары жана түзүмдүк бөлүмдөрү бар жогорку окуу жайларында, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын институттарында тапшырууга уруксат берилет.
46. Чет тил боюнча кандидаттык экзаменди тиешелүү тилдер боюнча штатында илим кандидаттары жана докторлору иштеген жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелерде тапшырууга жол берилет. Кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо “Кыргызтест” мамлекеттик тил мекемесинде жүргүзүлөт.
47. Кыргыз жана чет тили боюнча адистешкен адамдар ошол адистик боюнча аспирантурасы бар жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелерде тиешелүү түрдө кыргыз жана чет тили боюнча кандидаттык экзамен беришет.
48. Чет тилдери боюнча адистешпеген адамдар үчүн чет тили боюнча кандидаттык экзамендерди кабыл алуучу комиссиянын курамына квалификациялуу адистер - чет тил окутуучулары, ошондой эле аспиранттын адистиги боюнча кафедранын жана илимий мекеменин бөлүмдөрүнүн окумуштуулук даражалары бар жана тиешелүү чет тилинде эркин сүйлөй алган өкүлдөрү да киргизилет.
49. Тиешелүү адистик боюнча аспирантурасы бар жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер башка уюмдардын аспиранттарынан жана изденүүчүлөрүнөн кандидаттык экзамендерди ала алышат. Ар бир дисциплина боюнча кандидаттык экзамендерди кабыл алуу комиссиясы жогорку окуу жайынын же илимий мекеменин жетекчисинин буйругу менен дайындалат. Анын курамына төрага (проректор же директордун орун басары), квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин эки-үч мүчөсү кирет.
50. Эгер комиссиянын жыйынына кабыл алынып жаткан экзамендин профили боюнча экиден кем эмес адис, анын ичинде илимдин бир доктору катышса, ушул Жобонун 48-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, кандидаттык экзамендерди алууга укуктуу.
51. Кандидаттык экзамендерди кабыл алууда ошол экзамен алынып жаткан уюмдун тийиштүү диссертациялык кеңешинин мүчөлөрү, уюмдун ректору (директору), проректору (директорунун орун басары), Комиссиянын, министрликтин, ведомствонун же ошол уюм баш ийген башка мамлекеттик органдын өкүлдөрү катыша алышат.
52. Кандидаттык экзаменди тапшыргандыгы жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүк берилет, ал эми акыркы экзаменди тапшырган жери боюнча мурунку кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндөгү күбөлүгү бирдиктүү жаңы күбөлүккө алмаштырылат.
53. Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна, илимий мекемелердин жетекчилерине жана алардын орун басарларына (проректорлорго, директордун орун басарларына) негизги иштеген жеринен кандидаттык экзамендерди тапшырууга уруксат берилбейт.
54. Кандидаттык экзамендерди өткөрүүнүн белгиленген тартиби бузулган учурда Комиссия экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндөгү документти кабыл албайт.
55. Кандидаттык экзамендердин натыйжалары тапшырылган күндөн тартып он жыл өткөнгө чейин жарактуу деп эсептелет.
4. Диссертациянын коюлушу жана корголушу
56. Изденүүчү диссертациялык ишин Комиссиянын чечими боюнча түзүлгөн диссертациялык кеңештин кайсынысына болсо да коргоого коюуга укугу бар. Мында, диссертациянын адистиги диссертациялык кеңешке коргоо укугу берилген адистикке туура келиши керек.
57. Уюмдун жетекчиси болгон окумуштуулук даражаны изденүүгө ал иштеген уюмдун базасында түзүлгөн диссертациялык кеңештерде диссертациясын коргоого коюуга тыюу салынат.
58. Мамлекеттик бийлик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси болгон окумуштуулук даражаны изденүүчүгө, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган, мамлекеттик илимий аттестациялоо маселелери боюнча кабыл алынуучу чечимдерге таасир этүүгө жөндөмдүү ишти аткарган мамлекеттик (муниципалдык) кызматкерлерге ошол органдардын карамагындагы уюмдардын базасына түзүлгөн диссертациялык кеңештерге диссертацияларын коргоого коюуга тыюу салынат.
59. Кандидаттык кеңеште докторлук диссертацияларды коргоого тыюу салынат.
60. Диссертациялык кеңеш изденүүчү арыз берген күндөн тартып кандидаттык диссертациясынын коргоо датасын үч айдан кеч эмес, ал эми докторлук диссертацияны төрт айдан кеч эмес убакытты белгилейт же изденүүчүгө көрсөтүлгөн мөөнөттө диссертацияны коргоого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү корутунду берет.
61. Диссертациялык кеңештин уруксаты менен докторлук диссертация үчүн эки басма табакка чейин жана кандидаттык диссертация үчүн бир басма табак көлөмүндө кыргыз жана орус тилдеринде коргоочу диссертация боюнча кол жазма укугунда автореферат чыгарылышы керек. Гуманитардык илимдер жаатындагы доктордук жана кандидаттык диссертациялар боюнча авторефераттын көлөмү тиешелүү түрдө 2,5 жана 1,5 басма баракка чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
62. Диссертацияны коргоого кабыл алгандан жана диссертациялык кеңештин диссертациянын авторефератын чыгарууга уруксатын бергенден кийин, диссертациянын коргоо датасы жөнүндө жарыя, ошондой эле PDF форматындагы автореферат кыргыз жана орус тилдерде Комиссиянын сайтына жайгаштырылат.
63. Мамлекеттик тилде жазылган диссертациялардын илимий жетишкендиктерин пропагандалоо жана тышкы экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн автореферат орус тилинде да басылышы керек.
64. Авторефератта диссертациянын негизги идеялары жана жыйынтыктары жазылып, жүргүзгөн изилдөөлөргө автордун кошкон салымы, жаңылыгынын даражасы жана изилдөөнүн жыйынтыктарынын практикалык маанилүүлүгү баяндалышы керек. Диссертациянын темасы боюнча гана жарык көргөн иштеринин тизмеси келтирилет. Диссертациянын авторефераты типографиялык ыкма менен диссертациялык кеңеш аныктаган санда чыгарылат.
65. Авторефераттагы резюме (аннотация) кыргыз, орус, англис тилдеринде берилет. Резюменин тексти кыскача түрдө изилдөөнүн объектисин жана предметин, иштин максатын, изилдөө методдорун, алынган жыйынтыктарды жана алардын жаңылыгын, пайдалануу даражасын же пайдалануу боюнча сунуштарды, колдонуу тармагын чагылдырышы керек. Резюменин көлөмү бир беттен ашпашы керек жана ал авторефераттын көлөмүнө кирбейт.
66. Автореферат диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнө диссертацияны коргоого чейин бир айдан кеч калтырылбай окумуштуу катчы тарабынан жөнөтүлөт.
67. Коргоого кабыл алынган диссертациянын бир нускасы жана авторефераттын эки нускасы диссертациялык кеңеш түзүлгөн уюмдардын китепканаларына коргоого чейин бир айдан кеч эмес убакта берилип, ал жерде кол жазма укугунда сакталат.
Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденүүчү диссертациясын коргоо күнүнө чейин үч айдан кеч эмес, илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденүүчү диссертациясын коргоо күнүнө чейин эки айдан кеч эмес убакта коргоого кабыл алынган диссертациянын 1 нускасын жана диссертациянын авторефератынын 2 нускасын диссертацияны коргоого кабыл алган диссертациялык кеңеш түзүлгөн уюмдун китепканасына тапшырат, диссертация ал жерде кол жазма укугунда сакталат.
68. Диссертацияны коргоого кабыл алууда диссертациялык кеңеш илимдин тийиштүү тармагындагы компетенттүү окумуштуулардын ичинен, тиешелүү адистик боюнча эмгектери бар жана жазуу жүзүндөгү макулдугун берген окумуштуулардан диссертация боюнча расмий оппоненттерди дайындайт.
Расмий оппоненттер башка мамлекеттердин окумуштууларынан да дайындалышы мүмкүн.
69. Докторлук диссертацияга илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар үч расмий оппонент дайындалат, мында алардын бири гана диссертацияны коргоо жүргүзүлүүчү адистик боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү болушу мүмкүн.
70. Кандидаттык диссертацияга эки расмий оппонент дайындалат, алардын бири илимдин доктору, ал эми экинчиси тиешелүү адистиктин шифры боюнча илимдин доктору же кандидаты болушу керек, мында расмий оппоненттердин бири гана диссертацияны коргоого кабыл алган диссертациялык кеңештин мүчөсү болушу мүмкүн.
Эки адистиктин кошулушунда аткарылган диссертациялар жакталган учурда расмий оппоненттер эки адистик боюнча дайындалат.
Диссертациялык кеңеш түзүлгөн уюм оппоненттердин эмгек акысын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөп берет.
71. Кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып бара турган, мамлекеттик илимий аттестациялоо маселелери боюнча кабыл алынуучу чечимдерге таасир этүүгө жөндөмдүү ишти аткарган кызматкерлер расмий оппонент боло алышпайт
Комиссиянын президиумунун, эксперттик кеңештердин мүчөлөрү жана Комиссиянын аппаратынын кызматкерлери, диссертацияны коргоого кабыл алган диссертациялык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана окумуштуу катчысы,
изденүүчүнүн илимий жетекчилери (кеңешчилери), диссертациянын темасына карата жарыяланган иштер боюнча изденүүчүнүн авторлоштору, изденүүчүнүн илимий жетекчисинин же илимий кеңешчисинин жетекчилиги алдында диссертациялык иштерди аткарышкан адистер расмий оппонент боло алышпайт.
72. Диссертация аткарылган жана изденүүчү же илимий жетекчиси иштеген жогорку окуу жайлардын ректорлору жана проректорлору, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери, алардын орун басарлары, кафедранын, лабораториялардын, мекеменин секторлорунун, бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле изденүүчү заказчы же аткаруучу (бирге аткаруучу) болуп, илимий изилдөө иштер жүргүзүп жаткан жерден да расмий оппонент алууга болбойт. Расмий оппоненттер ар башка уюмдардын кызматкерлери болушу керек.
73. Расмий оппонент диссертацияны жана диссертациянын темасы боюнча жарыяланган иштерди иликтөөнүн негизинде диссертациялык кеңешке жазуу түрүндө пикир берет. Анда тандалып алынган теманын актуалдуулугуна, диссертацияда берилген илимий жоболордун, жыйынтыктардын жана сунуштардын негиздүүлүк даражасына, алардын тууралыгына жана жаңылыгына, илимий жана практикалык маанилүүлүгүнө баа берилет, ошондой эле диссертациянын ушул Жободо белгиленген критерийлерге ылайык келе тургандыгы жөнүндө корутунду берилет.
74. Расмий оппонент өзү даярдаган пикиринин объективдүүлүгү жана сапаты, ошондой эле аны диссертациялык кеңеш тарабынан белгиленген берүү мөөнөтүн сактагандыгы үчүн жооп берет. Диссертациялык кеңеш ушул Жобонун талаптарына туура келбеген пикирлерди кайра иштеп чыгуу үчүн расмий оппонентке кайтарып берүүгө укуктуу. Расмий оппоненттер диссертацияга пикиринин түп нускасын диссертациялык кеңешке беришет, ал эми пикирдин көчүрмөсү диссертацияны коргоо күнүнөн он календарлык күн мурун диссертациялык кеңеште окумуштуулук даражаны изденүүчүгө тапшырылат.
Эки диссертация боюнча оң пикир берип, бирок алар Комиссиянын президиуму тарабынан четке кагылган учурда, Комиссиянын президиумунун чечими менен расмий оппоненттер диссертацияга оппоненттик кылуу укугунан эки жылдык мөөнөткө ажыратылат.
75. Диссертациялык кеңештер диссертацияны коргоого кабыл алууда диссертациялык кеңештерге диссертация боюнча пикир берүүчү жетектөөчү (оппоненттик кылуучу) уюмдарды (илимий, илимий-изилдөө, илимий-өндүрүштүк, өндүрүштүк уюмдар, мекемелер, жогорку окуу жайлары), анын ичинде республиканын
чегинен сырттагы илимдин тийиштүү тармагында өзүнүн ири жетишкендиктери менен белгилүү болгон, диссертациянын илимий жана (же) практикалык баалуулугун объективдүү аныктай ала турган уюмдарды дайындашат.
Жетектөөчү уюмдун өкүлдөрү расмий оппонент болуп дайындалбайт.
Окумуштуулук даражаны изденүүчү, анын илимий жетекчиси (илимий кеңешчиси) иштеп жаткан уюмдар, ошондой эле окумуштуулук даражаны изденүүчү илимий изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан заказчы уюмдун жетекчиси же кызматкери же аткаруучусу (бирге аткаруучусу) болгон уюмдар жетектөөчү мекеме боло албайт.
Жетектөөчү уюм катары диссертациялык кеңештерди негиздөөчү уюмдар дайындалбайт.
76. Жетектөөчү уюм катары сунуш кылынган уюмдардын тизмеги Комиссия тарабынан белгиленет жана анын расмий сайтына жайгаштырылат.
77. Жетектөөчү уюмдун пикиринде диссертациянын автору тарабынан алынган жыйынтыктардын илим жана өндүрүш үчүн маанилүүлүгү чагылдырылат. Колдонмо мүнөздөгү иштер жөнүндөгү пикирде да, диссертациянын жыйынтыктарын жана натыйжаларын пайдалануу боюнча конкреттүү сунуштар камтылышы керек.
Диссертациялык кеңеш белгиленген талаптарга туура келбеген пикирин жетектөөчү уюмга кайтарып берүүгө укуктуу.
78. Жетектөөчү уюмдун пикири адистердин кеңири катышуусунда талкууланып, анын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан бекитилет. Жетектөөчү уюмдун жетекчисинин колу ошол уюмдун мөөрү (болгон учурда) менен ырасталат.
Жетектөөчү уюм диссертацияга берген пикиринин түп нускасын диссертациялык кеңешке жиберет, ал эми пикирдин көчүрмөсүн диссертациялык кеңеш диссертацияны коргоо күнүнөн он календарлык күн мурун окумуштуулук даражаны изденүүчүгө тапшырат.
79. Жетектөөчү уюмдун же расмий оппонеттердин бир терс пикири болгон учурда изденүүчүнүн каалоосу боюнча диссертациялык кеңеш диссертацияны коргоону дайындашы мүмкүн.
80. Жетектөөчү уюмдун же расмий оппонеттердин эки терс пикири болгон учурда диссертациялык кеңеш диссертацияны коргоону өткөрө албайт.
81. Диссертацияны кароодон алып салуу жөнүндө чечим кабыл алган диссертациялык кеңеш бир айдын ичинде Комиссияга кабарлоого милдеттүү.
82. Диссертациялык кеңештин жыйынына, эгерде анын ишине курамга киргендердин жана диссертациялык кеңештин жыйынына онлайн режимде катышып жаткан мүчөлөрдү кошкондо үчтөн экиси катышса укуктуу деп эсептелет. Окумуштуу катчы, ошондой эле диссертациялык кеңештин башка мүчөлөрү илимдин кандидаттары болушса, алар илимдин доктору окумуштуулук даражасын берүү, ажыратуу жана калыбына келтирүү маселелери боюнча добуш берүүгө катышпайт.
83. Докторлук диссертацияны коргоодо жыйынга каралуучу диссертациянын шифры боюнча илимдин жок дегенде үч доктору, ал эми кандидаттык диссертацияны коргоодо экиден кем эмес илимдин доктору коргоого коюлган диссертацияларды квалификациялуу талкуулоо үчүн милдеттүү катышуусу керек.
84. Илимдин докторунун же кандидатынын окумуштуулук даражасын берүү маселеси боюнча диссертациялык кеңештин чечими, эгерде жыйынга катышкан жана добуш берүүгө укуктуу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиси ал үчүн добуш берген болсо оң чечилди деп эсептелет.
85. Диссертациянын эл алдында корголушу илимий дискуссия мүнөзүндө жана жогорку талап коюучулуктун, принциптүүлүктүн жана илимий этиканы сактоонун шартында өтүшү керек, ошол эле учурда диссертацияда берилген бардык жыйынтыктардын, илимий жана практикалык мүнөздөгү сунуштардын тууралыгы жана негиздүүлүгү кенен-кесири талдоого алынышы керек.
86. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык диссертацияны коргоо кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
87. Диссертациялык кеңештин чет элдик, шаардан сыртта турган жана башка мүчөлөрүнө, ошондой эле расмий оппоненттерге диссертацияны коргоо боюнча жыйынга онлайн катышууга уруксат берилет (ден соолугунун абалына жараша, өргүү, командировкада болуу учурунда, диссертациялык кеңеш жүйөлүү деп тааныган башка себептер болгондо).
88. Диссертацияга терс пикир берген расмий оппонент келбей калган учурда диссертацияны коргоо өткөрүлбөйт.
89. Диссертацияны коргоо аяктагандан кийин диссертациялык кеңеш окумуштуулук даража берүү маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнү өткөрөт. Калган жол-жоболор Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт.
90. Диссертациялык кеңештин корутундусунда изденүүчүнүн жеке өзү тарабынан алынган эң орчундуу илимий жыйынтыктары, алардын тууралыгына жана жаңылыгына берилген баа, алардын теория жана практика үчүн мааниси, диссертациялык изилдөөнүн
жыйынтыктарын практикада пайдалануу боюнча сунуштар чагылдырылат жана аткарылган иштин квалификациялык белгилери көрсөтүлөт.
Мында диссертациянын квалификациялык белгилери ушул Жобонун 10, 11-пункттарында келтирилген формулировкаларга так ылайык келтирилиши керек.
91. Коргоонун жыйынтыктары боюнча чечим оң чыккан учурда, диссертациялык кеңеш коргоо өткөндөн кийин бир айдын ичинде Комиссияга изденүүчүнүн аттестациялык делосун, диссертациясынын жана авторефератынын (электрондук версиясы менен) нускаларын жиберет. Окумуштуулук даражаны ыйгаруу боюнча аттестациялык делонун экинчи нускасы жана изденүүчүнүн диссертациясы диссертациялык кеңеш түзүлгөн мекемеде 5 жыл сакталат.
Диссертациялык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөндө изденүүчүлөрдүн аттестациялык делолорун сактоо боюнча жоопкерчилик диссертация корголгон диссертациялык кеңешти уюштуруучу уюмдун жетекчисине жүктөлөт.
92. Изденүүчүлөрдүн аттестациялык делолорун тариздөө Комиссия белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
93. Диссертацияны коргоонун жыйынтыгы боюнча терс чечим чыгарылган учурда изденүүчүгө диссертациялык кеңеш тарабынан документтерин кайра берүүнүн тартиби жана бул учурда Комиссияга жиберилүүчү документтердин тизмеси Диссертациялык кеңеш жөнүндөгү жобо менен аныкталат.
94. Коргоонун жыйынтыгы боюнча диссертациялык кеңеш тарабынан терс чечим чыгарылган диссертация эки жылдан кийин гана кайрадан иштелип чыккан түрдө кайра коргоого коюлушу мүмкүн. Кайрадан коргоого Комиссиянын уруксаты талап кылынбайт. Кайрадан коргоодо расмий оппоненттердин курамы толугу менен алмаштырылат да, жаңы жетектөөчү уюм дайындалат.
5. Диссертациялардын жана аттестациялык делолордун Комиссияда каралышы
95. Комиссия аттестациялык делону жана диссертацияны алгандан кийин аттестациялык делону тариздөөгө коюлган талаптарга, ошондой эле окумуштуулук даражаларды изденип алуу үчүн жазылган диссертацияларды коргоого коюу жана коргоонун ушул Жободо белгиленген тартибине ылайык келишин текшерет.
Аттестациялык делону текшерүүдө аттестациялык делону тариздөөгө коюлган талаптардын бузулганы аныкталса, Комиссия аттестациялык делону андан ары карабастан диссертациялык кеңешке аны жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарып берет.
Диссертациялык кеңеш аттестациялык делону Комиссиядан алган күндөн тартып бир айдын ичинде аныкталган бузууларды оңдоого милдеттүү. Бул учурда илимдин кандидатынын же илимдин докторунун дипломун берүү маселелери боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтү жеткире иштелип чыккан аттестациялык дело кайрадан келип түшкөн күндөн тартып эсептелет.
Белгиленген талаптарга шайкеш келген аттестациялык делону диссертация менен бирге аттестациялык бөлүм эксперттик кеңешке берет.
96. Диссертациялык кеңештердин ишине жана диссертациялардын ушул Жобо менен белгиленген критерийлерге туура келишин контролдоо, ошондой эле Комиссиянын президиумуна сунуштарды даярдоо Комиссиянын эксперттик кеңештери жана аттестациялык бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат. Эксперттик кеңештердин иш тартиби Эксперттик кеңеш жөнүндөгү жобо менен аныкталат.
97. Диссертациялык кеңеш диссертациянын ушул Жобонун талаптарына ылайык келиши үчүн жооп берет.
98. Диссертацияга экспертиза диссертациялык кеңеш тарабынан ушул Жобонун талаптарын бузуу менен жүргүзүлгөндүгү эксперттик кеңеш тарабынан аныкталса, Комиссия эксперттик кеңештин сунушу боюнча диссертацияны аттестациялык делосу менен бирге ушул Жободо белгиленген критерийлерге анын туура келиши жөнүндө кошумча корутунду (жамааттык рецензия) алыш үчүн диссертациянын профили боюнча башка диссертациялык кеңешке же иштин ошол чөйрөсүндөгү компетенттүү көз карандысыз уюмга, ИИИлерге же лабораторияларга жиберет.
Кошумча корутундуга (жамааттык рецензияга) жиберилген диссертацияны кароо учурунда диссертациялык кеңештин жыйынын өткөрүү жол-жобосу Диссертациялык кеңеш жөнүндөгү жобо менен белгиленет.
99. Зарыл учурда эксперттик кеңеш өзүнүн жыйынына изденүүчүлөрдү, диссертация коргоо өткөрүлгөн же диссертациялык кеңештин кошумча корутундусу даярдалган диссертациялык кеңештин жетекчилерин, расмий оппоненттерин, илимий жетекчилерин жана илимий кеңешчилерин, жетектөөчү уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле кошумча корутунду (жамааттык рецензия) даярдалган башка диссертациялык кеңештин өкүлдөрүн же адистерин чакырат. Эгер изденүүчү жүйөлүү себепсиз келбей калса, эксперттик кеңеш диссертацияны анын катышуусуз эле карай берет.
100. Комиссиянын эксперттик кеңеши менен диссертациялык кеңештин пикирлеринин ортосунда ажырым чыгып калса, чечимди Комиссиянын президиуму кабыл алат.
101. Изденүүчү эксперттик кеңештин терс корутундусу менен таанышууга укугу бар, анын көчүрмөсү изденүүчүгө анын өтүнүчү боюнча жазуу жүзүндө Комиссиянын президиумунун чечими чыккандан кийин бир айдын ичинде берилет.
102. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын берүү боюнча диссертацияларды жана аттестациялык делолорду Комиссияда кароонун мөөнөтү төрт айдан ашык эмес, ал эми илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын берүү боюнча диссертацияларды жана аттестациялык делолорду кароонун мөөнөтү үч айдан ашык эмес убакытты түзөт.
103. Экспертиза жүргүзүү үчүн диссертацияны кошумча корутундуга, тышкы экспертизага жиберүү, келип түшкөн даттанууларды, апелляцияларды кароо үчүн комиссия түзүү зарылдыгы ж.б. ушул сыяктууларга узагыраак мөөнөт талап кылынган учурда мөөнөттү узартуу жөнүндөгү маселе Комиссиянын президиуму тарабынан чечилет.
104. Диссертацияларды жана авторефераттарды Комиссияда кароо процессинде алардан табылган кемчиликтерди оңдоого жол берилбейт.
105. Изденүүчү диссертациясын кароонун кайсы этабында болсо да: диссертациялык кеңеште - жашыруун добуш берүү башталганга чейин, Комиссияда - изденүүчү тарабынан бирөөнүн материалын авторуна шилтемесиз жана алган булактарын көрсөтпөй пайдалангандыгы диссертациялык кеңеш же Комиссия тарабынан аныкталган учурларды кошпогондо, Комиссиянын президиуму окумуштуулук даражаны берүү жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин алдырып салууга укугу бар.
106. Изденүүчүнүн жазган арызы боюнча диссертацияны кароодон алып салуу жөнүндөгү Комиссиянын чечими акыркы чечим болуп эсептелет. Диссертацияны кароодон алып салгандан кийин, ал кайрадан коргоого жалпы негизде Комиссиянын чечими чыккан күндөн баштап бир жылдан кийин гана коюлушу мүмкүн.
107. Диссертацияны коргоонун жол-жобосу бузулган учурда Комиссия диссертациялык кеңештин окумуштуулук даража берүү жөнүндө өтүнүч катын четке кагат. Кайрадан коргоо Комиссиянын президиуму чечим кабыл алгандан тартып бир жылдан кийин өткөрүлүшү мүмкүн.
108. Илимдин кандидаты, илимдин доктору окумуштуулук даражаларын изденип алуу үчүн келип түшкөн диссертацияларды бекитүү (четке кагуу) жөнүндө Комиссиянын президиумунун чечими Комиссиянын сайтына жайгаштырылат.
Окумуштуулук даража берилген изденүүчүнүн диссертациясы дайыма сакталып турушу үчүн Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына өткөрүп берилет.
Диссертациянын толук тексти маалыматтар базасына жайгаштырылат жана таанышуу үчүн Комиссиянын сайтында жеткиликтүү болушу керек.
6. Аттестациялык документтерди нострификациялоо, илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди кайра аттестациялоо
109. Чет мамлекеттерде берилген окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерди нострификациялоо (теңештирүү) тууралуу чечим изденүүчүнүн арызы же изденүүчү иштеген уюмдун өтүнүч каты боюнча Комиссиянын президиуму тарабынан кабыл алынат.
110. Нострификациялоо үчүн Комиссияга берилген диссертация “Антиплагиат” компьютердик программасы боюнча текшерилет. Диссертациялык иште плагиат болбосо же башка эмгектерден алуунун Диссертациялык иштерде плагиаттын бар же жок экендигин компьютердик программа менен текшерүү боюнча нускамага ылайык белгиленген жол берилүүчү пайызы болсо, диссертация Комиссиянын эксперттик кеңешинин кароосуна берилет.
Башка эмгектерден алуунун пайызы Комиссиянын буйругу менен бекитилген Диссертациялык иштерде плагиаттын бар же жок экендигин компьютердик программа менен текшерүү боюнча нускамага ылайык белгиленген жол берилүүчү чектен ашып кеткендиги аныкталган учурда диссертациянын ар бир барагы текшерилет, анын натыйжасы эксперттик кеңештин кароосуна берилет. Эксперттик кеңеш Комиссиянын жетекчилигине изденүүчүнү илимдин доктору же илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына кайра аттестациялоо же кайра аттестациялоодон баш тартуу боюнча сунушун даярдайт.
111. Чет мамлекеттерде берилген философиянын доктору академиялык даражалары (РhD) диссертацияны экспертизадан өткөргөндөн кийин жана дипломдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 16 “Чет өлкөлөрдөн берилген философия доктору академиялык даражаларынын (РhD) дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен аныкталган тартипте кайрадан аттестациядан өткөргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.
Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражалары диссертацияны экспертизадан өткөргөндөн кийин жана дипломдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 671 “Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу” токтому менен аныкталган тартипте кайрадан аттестациядан өткөргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.
112. Илимдин кандидаты/илимдин доктору окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп таануу үчүн Комиссияга тапшырылган философия докторунун (PhD), хабилитацияланган доктордун (Dr.Habil.) диссертациясы плагиат бар же жок экендигин аныктоо үчүн “Антиплагиат” компьютердик программасы боюнча текшерүүдөн өткөрүлөт. Плагиат жок болсо же башка эмгектерден алуу жол берилген пайызда болсо, Комиссия диссертацияны Комиссиянын эксперттик кеңешинде кароонун андан аркы жол-жобосун жүргүзүүгө уруксат берет.
Диссертациялык иштерде плагиаттын бар же жок экендигин компьютердик программа менен текшерүү боюнча нускамага ылайык башка эмгектерден алынган материалдын пайызы белгиленген жол берилүүчү чектен кыйла ашып кеткендиги аныкталган учурда натыйжасы эксперттик кеңештин кароосуна берилет.
113. Чет мамлекеттерде берилген философия доктору (РhD) академиялык даражалары жөнүндөгү квалификациялык документтер нострификациялоо жол-жобосунан өткөрүлөт жана изденүүчүгө философия докторунун (РhD) эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк берилет, бул алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында кесиптик ишин жүргүзүүгө укук берет.
114. Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын, философия доктору (PhD) академиялык даражасынын окумуштуулук даражалар дипломдорун нострификациялоо жана кайрадан аттестациялоо үчүн изденүүчү Комиссияга ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтердин тизмесин берет.
Илимдин доктору окумуштуулук даражасынын, хабилитацияланган доктор (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын диссертацияларын жана аттестациялык делолорун кайрадан аттестациялоону Комиссияда кароонун мөөнөтү 4 ай, ал эми илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасынын, философия доктору (PhD) диссертацияларын жана аттестациялык делолорун кайрадан аттестациялоону кароонун мөөнөтү - үч ай.
Илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражалары үчүн изденүүчүгө кошумча акы чет мамлекеттерде берилген окумуштуулук даражалары жөнүндөгү дипломдору Комиссияда нострификациялангандан жана кайрадан аттестациялангандан кийин гана негизги иштеген жери боюнча төлөнөт.
7. Дипломдорду жана күбөлүктөрдү тариздөө жана берүү
115. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө жобого ылайык Комиссия илимдин докторунун жана илимдин кандидатынын дипломун, окумуштуулук даражалардын эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөрдү тариздейт жана белгиленген тартипте берет.
116. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 16 токтому менен бекитилген чет мамлекеттерде берилген философия доктору (РhD) академиялык даражаларынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобого ылайык Комиссия тиешелүү багыт боюнча философия докторунун (РhD) эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктү тариздейт жана белгиленген тартипте берет.
117. Дипломун таануу жана нострификациялоо жөнүндө философия докторунун (PhD) өтүнүч каты болгон учурда Комиссия изденүүчүгө илимдин тиешелүү багыты боюнча философия докторунун (PhD) эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк берет.
Дипломун таануу жана нострификациялоо жөнүндө хабилитацияланган доктордун (Dr.Habil) өтүнүч каты болгон учурда Комиссия изденүүчүгө тиешелүү тармак боюнча илимдин доктору окумуштуулук даражасына эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк берет.
118. Окумуштуулук даражаны берүү жөнүндө чечим Комиссиянын президиумунун чечими кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
119. Комиссия тарабынан берилген дипломун жоготуп жиберген адамга, жаңы катар номер коюлган алардын дубликаты берилиши мүмкүн.
120. Арыз ээсинин фамилиясы, аты же атасынын аты өзгөрүлгөн учурда дипломдор жаңыга алмаштырылбайт, бул учурда алардын дубликаттары мурун берилген дипломдорго толук ылайык келгендей кылып берилет.
8. Окумуштуулук даражалардан ажыратуу (калыбына келтирүү)
121. Окумуштуулук даражалардан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндөгү маселени кароо жол-жобосу ушул Жободо, ошондой эле Окумуштуулук даражалардан жана окумуштуулук наамдардан ажыратуу (калыбына келтирүү) жол-жобосунун регламентинде белгиленет.
122. Адамга окумуштуулук даража белгиленген тартипти бузуу менен же жаңылыш берилип калган учурда бул даражалардан Комиссиянын президиуму тарабынан диссертация корголгон диссертациялык кеңештердин, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке адамдардын өтүнүч катынын негизинде ажыратылышы мүмкүн.
123. Окумуштуулук даражаларынан ажыратылган адамдарга бул даражалар диссертациялык кеңештердин өтүнүч каты боюнча окумуштуулук даражалардан ажыратылган болсо да, кийин кайра ошол кеңештердин өтүнүч катынын негизинде жетишээрлик негиз болгондо Комиссиянын президиуму тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
124. Аталган диссертациялык кеңештер ишин токтоткондо окумуштуулук даражадан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө өтүнүчтү козгоо боюнча маселе Комиссиянын тапшыруусу менен башка диссертациялык кеңештер тарабынан каралат.
125. Окумуштуулук даражадан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндөгү маселе каралып жаткан диссертациялык кеңештин жыйыны, анын ишине курамынын үчтөн экиси катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.
126. Окумуштуулук даражадан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө диссертациялык кеңештин чечими, эгерде жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ал үчүн жыйынга катышкан кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
127. Окумуштуулук даража берүүнүн (ажыратуунун) негиздүүлүгү жөнүндө маселелер үч жылдан ашып кетсе, Комиссия тарабынан каралбайт.
9. Комиссиянын президиумунун чечимине апелляцияларды кароо тартиби
128. Окумуштуулук даражаларды берүү жана ажыратуу (калыбына келтирүү), ошондой эле илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди кайрадан аттестациялоо маселеси боюнча Комиссиянын президиумунун чечимине апелляция изденүүчү, уюмдар жана башка адамдар тарабынан Комиссияга берилет.
129. Окумуштуулук даражаны берүү жана ажыратуу (калыбына келтирүү), ошондой эле илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди кайрадан аттестациялоо маселеси боюнча Комиссиянын президиумунун чечимине апелляция чечим чыгарылган күндөн тартып үч жылдан кеч эмес убакытта берилет.
130. Комиссиянын президиумунун чечимдерине апелляцияларды кароо мөөнөтү докторлук диссертация боюнча алты айды, кандидаттык диссертация боюнча төрт айды түзөт.
131. Комиссиянын президиумунун чечимине апелляция эксперттик кеңештердин жана Комиссия мүчөлөрлөрүнүн ичинен илимдин тийиштүү тармактары боюнча адистердин корутундусун эсепке алуу менен Комиссия тарабынан каралат.
132. Апелляцияны кароо үчүн Комиссиянын жетекчилигинин чечими боюнча апелляциялык комиссия түзүлөт.
Апелляциялык комиссиянын курамына Комиссиянын президиумунун мүчөлөрү, каралып жаткан диссертациянын профили боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле Комиссиянын төрагасынын орун басары - башкы окумуштуу катчы жана тиешелүү аттестациялык бөлүмдүн жетекчиси киргизилет.
133. Апелляциялык комиссия апелляция берилген диссертацияны авторефераты менен кошо тышкы пикир алууга КМШ өлкөлөрүнүн жогорку (улуттук) аттестациялык комиссияларына же түздөн-түз диссертациянын профили боюнча Кыргыз Республикасынан тышкаркы алдыңкы илимий мекемелерге жиберет. Кыргыз тили, кыргыз адабияты жаатында аткарылган диссертациялар Кыргыз Республикасынын профилдик мекемелерине жиберилет.
134. Тышкы эксперттин же илимий уюмдун пикирин алгандан кийин апелляциялык комиссия он күндүк мөөнөттө өзүнүн жыйынында каралган апелляция боюнча чечим кабыл алат.
135. Апелляциялык комиссиянын жыйынынын протоколу Комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилип жана Комиссиянын президиумуна кайрадан кароого берилет.
136. Апелляция маселеси боюнча Комиссиянын президиумунун чечими акыркы чечим болуп саналат.
| Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Илимий жетекчиликке уруксат алуу үчүн илимдин кандидаттары берүүчү документтердин
ТИЗМЕСИ
1. Документтердин тизмеси.
2. Уюмдун өтүнүч каты.
3. Жогорку окуу жайдын (илимий мекеменин) окумуштуулар кеңешинин жыйынынын илимдин кандидатына илимий жетекчилик кылууга уруксат алууга көрсөтүү жөнүндөгү протоколу.
4. Иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн, сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы (1 нуска).
5. Жогорку билими, окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы жөнүндө дипломдордун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (1 нускадан).
6. Белгиленген форма боюнча илимий эмгектердин тизмеси.
| Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кайрадан аттестациялоо үчүн документтердин
ТИЗМЕСИ
1. Документтердин тизмеси.
2. Уюмдун өтүнүч каты же изденүүчүнүн арызы.
3. Иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн, сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы.
4. Жогорку билими, окумуштуулук даражасы жөнүндө дипломдордун же окумуштуулук наамы жөнүндө аттестаттын, философия доктору (Ph.D) даражасы же хабилитацияланган доктор (Dr.Habil) даражасы берилгендиги жөнүндө документтердин нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана алардын кыргыз жана орус тилдерине котормолору.
5. Изденүүчүнүн колу коюлган жана иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн илимий эмгектеринин тизмеси.
6. Диссертация жана анын электрондук версиясы, эгерде диссертация чет тилде жазылса анын кыргыз же орус тилиндеги котормосу берилет (1 нускадан).
7. Илимдин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасына кайрадан аттестациялоого берген учурда диссертациянын авторефераты (3 нуска) жана анын электрондук версиясы.
8. Идентификациялык картасынын (паспортунун) көчүрмөсү.