Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                     КР Ѳкмѳтγнγн

                2015-жылдын 7- апрели № 201

               токтомдун редакциясына ылайык

                       кγчγн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 19-марты № 89 токтому

 

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

             "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине

          акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

              Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561

                 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин "Билим берүү  кызматкерлерине

педагогикалык  иш стажы үчүн үстөк акы төлөө жөнүндө" 2007-жылдын 6-де-

кабрындагы № 539,  "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын  жогорулатуу

жөнүндө" 2007-жылдын 6-декабрындагы № 540, "Саламаттыкты сактоо кызмат-

керлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" 2007-жылдын 6-декабрындагы

№ 541, "Социалдык жактан коргоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорула-

туу жөнүндө" 2007-жылдын 6-декабрындагы № 542 жарлыктарына ылайык  Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шартта-

ры жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы

№ 561 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

     - 3-пункт төмөнкүдөй  мазмундагы абзац менен толукталсын:

     "Билим берүү мекемелеринин (педагогикалык  кызматкерлерден  тышка-

ры),  маданият,  саламаттык  сактоо жана социалдык коргоо кызматкерлери

үчүн 2008-жылдын 1-январынан тартып Бирдиктүү тарифтик торчонун биринчи

разряды 690 сом өлчөмүндө белгиленсин.".

     2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык  өнүктүрүү  минист-

рлиги ушул токтомдун жоболорун эске алуу менен бюджеттик уюмдардын кыз-

маткерлеринин эмгек акысын өркүндөтүүнү кароочу чечим долбоорун эки ай-

лык  мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

     3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов