ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майы № 222 «Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна ылайык 2020-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-майы № 222                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ         Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички        иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын            Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы           башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө      "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине,  Кыргыз Республика-сынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрация-лык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине,   Кыргыз  Республикасынын Жазык ат-каруу кодексине,  "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө",  "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыл-мыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдардыкамакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", ""Мунапыс берүүнүн жа-на ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө",  "Кыргыз РеспубликасынынЖазык-процесстик  кодексин  колдонууга  киргизүү  жөнүндө" жана "КыргызРеспубликасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү569 жөнүндө" Кыр-гыз  Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын {*Мыйзамынын 11-статьясына ылайык,  Кыр-гыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 токтомуменен бекитилген Пенитенциардык системаны реформалоонун 2010-жылга  че-йинки "ҮМҮТ" улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Жазык-аткаруу инспекциясынын функциялары Кыргыз РеспубликасынынИчки иштер министрлигинин карамагынан  Кыргыз  Республикасынын  Юстицияминистрлигинин   Жазаларды  аткаруу  башкы  башкармалыгынын  карамагынаөткөрүлсүн.     2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз  Рес-публикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалы-гы тиешелүү документтерди өткөрүүнү-кабыл алууну ишке ашырышсын.     3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруубашкы  башкармалыгынын  жазык-аткаруу  инспекциясынын  кызматкерлерининштаттык  санынын нормативи ал инспекцияда эсепте турган соттолгондордунжылдык орточо санынын 2 проценти өлчөмүндө белгиленсин.     4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруубашкы башкармалыгынын штаттык саны 100 бирдикке көбөйтүлсүн.     5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:     - 2008-жылдын 30-майына чейин Кыргыз Республикасынын  Юстиция  ми-нистрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын структурасында жа-зык-аткаруу инспекциясын түзсүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция минист-рлигинин  Жазаларды  аткаруу  башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынжана мекемелерин өзгөртүп түзүүнү ишке ашырсын жана көрсөтүлгөн подраз-делениелердин  өздүк курамына боло турган өзгөртүп түзүү жөнүндө КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык эскертсин;     - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү норматив-дик укуктук актылары чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын  Юстицияминистрлигинин  Жазаларды  аткаруу  башкы башкармалыгынын жазык-аткарууинспекциясынын ишинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер  министрлигининнормативдик укуктук актыларын колдонсун;     - ушул  токтомдун   4-пунктуна   ылайык   Кыргыз   РеспубликасынынӨкмөтүнүн тийиштүү чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;     - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына ушул токтомдонкелип  чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдолбоорун үч айлык мөөнөттүн ичинде белгиленген тартипте киргизсин.     6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:     - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды  аткаруубашкы башкармалыгынын штаттык саны көбөйгөнүнө байланыштуу керектүү ас-сигнованиелерди бөлүүнү караштырсын;     - "Кыргыз   Республикасынын   2008-жылга   республикалык   бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана  толуктоо-лорду  киргизүү  тууралуу"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорундаярдоодо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды атка-руу башкы башкармалыгын кошумча каржылоону эске алсын.     7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жазык аткаруу ин-спекцияларын башка органдарга жана мекемелерге жайгаштыруу маселеси че-чилгенге чейин  аларга ички иштер органдарынын аймактык башкармаларынынжана бөлүмдөрүнүн имараттарынан жай берсин.     8. Бишкек шаардык Кењешине Бишкек шаары, Фучик көчөсү,18 дарегиндежайгашкан жатакананын 3 жана 4-кабаттарындагы жайларды     Кыргыз Республикасынын Юстиция  министрлигинин  Жазаларды  аткаруубашкы  башкармалыгынын  балансына  акысыз өткөрүп берүү маселесин кароосунушталсын.     9. Облустардын  мамлекеттик  администрацияларынын башчылары КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы  башкар-малыгынын жазык-аткаруу инспекциясынын аймактык подразделениелерин жай-гаштыруу үчүн кызматтык жайларды берүү мүмкүндүгүн караштырышсын.     10. Министрликтер,  мамлекеттик  комитеттер,  администрациялык ве-домстволор,  облустардын мамлекеттик администрациялары,  Бишкек жана Ошшаарларынын  жергиликтүү  өз  алдынча башкаруулары,  аткаруу бийлигининбашка органдары:     - өздөрүнүн нормативдик актыларын ушул токтомго  ылайык  келтириш-син;     - Кыргыз  Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруубашкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясынын түзүлүшүнө жана иши-нин уюштурулушуна жардам көрсөтүшсүн.     11. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу,  укуктук тартип жана өзгөчө  кырдаалдарбөлүмүнө жүктөлсүн.       Премьер-министр                                 И.Чудинов