Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-октябры № 584 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республи-касынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администра-циялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-ат-каруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүүсоттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыл-мыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдардыкамакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жа-на ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз РеспубликасынынЖазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "КыргызРеспубликасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоокиргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырыл-сын. 2. Аталаган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайыкКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен аталган мыйзам долбоорун ке-чиктирилгис катары, кезексиз тартипте кароо суралсын. 4. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары ЗубовСергей Иванович аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү бо-луп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республика-сынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрация-лык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-атка-руу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүүсоттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыл-мыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдардыкамакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жа-на ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз РеспубликасынынЖазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "КыргызРеспубликасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити,2007-жылдын 3-июлу, № 47-48 (1656-1657) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана то-луктоо киргизилсин: 11-беренеде: - алтынчы бөлүктүн колдонулушу жокко чыгарылып жана 2007-жылдын3-июлунан тартып күчүн жоготту деп табылсын; - жетинчи бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Соттордун өлүм жазасына соттолгон адамдарга карата чечими өлүмжазасы түрүндөгү жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруубөлүгүндө өзгөртүлүүгө тийиштиги белгиленсин."; - төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын: "Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды кармоо үчүнКыргыз Республикасында өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясы түзүлгөнгөчейин өлүм жазасы өмүр бою эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адам-дар тергөө изоляторлорунда жана түзөтүү колонияларынын камералык типте-ги жайларында жаза өтөөрү белгиленсин.". 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти