Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-январы № 899-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын
22-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январына жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын январдагы шайлоочулар менен иштөөсүн 2009-жылдын февралына которуу жөнүндө;
"Депутат К.Б.Кадыровду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Экологиялык коопсуздук жөнүндө" жалпы техникалык Регламент тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Мамлекеттик сыйлыктарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Тышкы миграция жөнүндө" жана "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Союздаш мамилелер жөнүндө 2003-жылдын 25-декабрындагы келишимге өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Астана шаарында 2008-жылдын 17-апрелинде кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-декабрындагы № 823-IV токтому менен түзүлгөн суу чарба объекттерин куруунун программасынын ишке ашырылышын, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарын өздөштүрүүнү иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иш-чараларынын планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Балдар багылган мекемелердин (балдар үйлөрү жана ымыркайлар үйлөрү) балдардын укуктарынын сакталышынын маселеси боюнча ишин депутаттык иликтөө жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага | А.Тагаев
|