Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 2021-VI
"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 28-сентябрындагы № 623 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- республикалык бюджеттин кирешелери ИДПга карата 26,2 пайыз салыштырма салмагы менен 140882232,2 миң сом жалпы суммасында, 2019-жылга карата болжол - 142129843,4 миң сом суммасында, 2020-жылга карата - 144558985,7 миң сом суммасында;
- республикалык бюджеттин чыгашалары ИДПга карата 30,0 пайыз салыштырма салмагы менен 161149361,4 миң сом жалпы суммасында, 2019-жылга карата болжол - 162339315,3 миң сом суммасында, 2020-жылга карата - 164013299,9 миң сом суммасында;
- республикалык бюджеттин таңкыстыгынын чектик өлчөмү ИДПга карата 3,8 пайыз салыштырма салмагы менен 20267129,2 миң сом суммасында, 2019-жылга карата таңкыстыктын болжолу - 20209471,9 миң сом суммасында, 2020-жылга карата - 19454314,2 миң сом суммасында;
- таңкыстыктын ички булактарын жабуу боюнча терс сальдо 204,8 млн. сом суммасында, тышкы булактар боюнча оң сальдо 20471,9 млн. сом суммасында;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 10-беренесине ылайык шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн ченемдери 2018-жылга карата белгиленсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга карата резервдик фондунун өлчөмү республикалык бюджеттин бекитилген чыгашаларынан 0,02 пайыздан ашпаган же 32,2 млн. сом, 2019-жылга карата - 32,5 млн. сом суммасында, 2020-жылга карата - 32,8 млн. сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республикалык бюджеттин долбоордук суммаларын кирешелер жана чыгашалар боюнча бюджеттик классификацияга ылайык тактасын;
өнүктүрүү келечегин эске алуу менен Коргоо иштери боюнча мамкомитеттин (КИМК) контролдук цифраларын кайра бөлүштүрсүн;
2018-жылдан тартып 2020-жылдардын аралыгына укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуунун үч жылдык концепциясын иштеп чыксын;
төмөнкү маселелерди карасын:
- тигүү тармагынын субъектилери үчүн өнөр жай зонасын түзүү;
- дүйнөлүк баалардын өсүшүнөн улам жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык ставкаларын көбөйтүү;
- 2016-2019-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясына ылайык (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-мартындагы № 116 токтому менен бекитилген) жергиликтүү бюджеттердин пайдасына киреше салыгы жана жер казынасына салык (роялти) боюнча чегерүүлөрдүн ченемдерин жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиликтерине, консулдуктарына караштуу жарандарга юридикалык жардам көрсөтүү пункттарын ачуу;
- сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн пенсияга чыгуу курагын этап боюнча көбөйтүү каралган "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- берилген бюджеттик насыялар жана кредиттер боюнча чарбакер субъектилердин карыздарын реконструкциялоо жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу;
- 2018-жылдан тартып майып балдарга жөлөкпулдун өлчөмүн 3000 сомдон 5000 сомго чейин жогорулатуу;
- дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого каралган каражаттардын көлөмүн 700,0 млн. сомго чейин көбөйтүү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджетти божомолдоо жана аткаруу боюнча алардын иш милдеттерин өткөрүп берүү менен райондун, областтык маанидеги шаарлардын деңгээлинде долбоорлорду тандоо боюнча комиссияларды жоюу жаатында дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтому менен бекитилген) долбоорлорду тандоо жана каржылоо боюнча Жобого жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Ардагерлер сарайын куруу;
- шаардык башкаруунун бюджетинин эсебинен аларды каржылоо менен Өзгөн шаарынын шаардык башкаруусунун финансы бөлүмүнүн кызматкерлеринин штатын кайра калыбына келтирүү;
- малдарды идентификациялоону жүргүзүү боюнча айыл өкмөттөрүнө адистердин штатын киргизүү;
- техникалык каражаттардын техникалык кароосун киргизүү;
- электр, жылуулук жана турак жай керектөөлөрүн ар тараптуу кошумча камсыздоо боюнча кризиске каршы улуттук макулдашууларды кабыл алуу; төмөнкүлөргө каражаттарды издеп тапсын:
- республиканын өнөр жай секторундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тиешелүү иш-чараларды каржылоо үчүн мамлекеттик инвестициялардын программасынын алкагында - 500,0 млн. сом;
- Балыкчы шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) административдик имаратын оңдоп-куруу иштерине - 5,8 млн. сом;
- пробация органдарын түзүү, иш-сапарларына чыгымдар, жаңы кодекстердин редакцияларын чыгаруу жана 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстердин редакцияларынын колдонууга киргизилиши менен сот органдарынын, прокуратура органдарынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу үчүн;
- укук коргоо органдарынын жеке курамын формалык кийим-кечектердин ченеми жана кийип жүрүү мөөнөттөрү боюнча буюм довольствиеси менен толук көлөмүндө камсыздоого;
- Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын түштүктөгү аймактык илимий борборуна оңдоолорду жүргүзүүгө, медициналык жабдууларды, жумшак жана катуу эмеректерди сатып алууга - 50,0 млн. сом;
- Ч.Айтматовдун Бельгиядагы музейин тейлөөгө;
- Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында бала-бакчанын курулушуна;
- Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы бала-бакчада спорт залдын курулушуна;
- Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагындагы Эшимбек Капалов атындагы орто мектептин курулушун аяктоого;
- "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамдын 8-1-беренесинин аткарылышы үчүн Коомдук телерадио компаниясына (КТРК) - 1 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен шаарлар менен райондордун автоунаа жолдорун көрмө камералар менен комплекстүү жабдууга 400000,0 миң сом суммасында;
- кулагы укпаган балдар билим алып жаткан адистештирилген мектептер үчүн атайын аудит класстарды сатып алууга 5 млн. сом өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбиясы жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин "Спорттук курулмаларды башкаруу жана спорттук камсыздоо" Мамлекеттик мекемесин каржылоо үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1957-VI токтомуна ылайык Байыркы кыргыздардын тарыхы мамлекеттик илимий-изилдөө институтун түзүүгө;
- Кыргыз илимий-изилдөө курортология жана калыбына келтирүү институтуна: имараттын жана курулмалардын капиталдык оңдоолоруна 15,0 млн. сом, жабдууларды жана аппараттарды сатып алууга - 15,0 млн. сом суммасын;
төмөнкүдөй чараларды көрсүн:
- чыгашалар беренелерин бөлбөй туруп бирдиктүү беренелерди каржылоого өтүү, өндүрүштүк зарылчылыктан улам штаттык тизмени өз алдынча түзүү укугун берүү, ошондой эле балдардын, окуучулардын санынан келип чыккан каржылоонун ченемдик принцибине өткөрүлгөн мектепке чейинки билим берүүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине дем берүү үчүн үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин, фракцияларынын жана депутаттарынын сунуштарын аткаруу (№ 1, 2-тиркемелер) жана алар боюнча 2018-жылдын 1-апрелине карата маалымат берүү;
- республиканын аймагындагы спорт залдары жок мектептерди тактоо жана аларды курууга республикалык бюджеттен тиешелүү каражаттарды кароо;
- салык, бажы жана башка түшүүлөрдүн республикалык бюджеттин кирешесине толук түшпөй калуу тобокелдиктерин төмөндөтүү;
- салыктык преференцияларды кыскартуу жана салык төлөөчүлөрдүн жеңилдетилген категорияларынын салыктык отчёттуулукту туруктуу негизде берип туруу милдеттүүлүгүн белгилөө жолу менен алардын натыйжалуулугунун мониторингдик тутумун түзүү;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга карата республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштарынын аткарылышын камсыздоо;
- 2016-жылдын аудитинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тапкан каражаттарды кайра кайтарып берүү.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жазуу жүзүндө келип түшкөн жана стенограммага ылайык жыйналышта айтылган сунуштарды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |
|
| "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна № 1 тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин сунуштары
Комитеттердин аталыштары | Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну | Суммасы, млн. сом |
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет | Кошумча каражаттар каралсын: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу таза суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментине: | |
- таза суу менен камсыздоо системасына; | 500,0 | |
- канализация системаларын реабилитациялоого жана курууга | 150,0 | |
Жыйынтыгы | 650,0 | |
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет | Кошумча каражаттар каралсын: | |
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 466 токтомуна жана коомдук кабылдамаларды финансылоого ылайык "эмгек акы" жана "социалдык фондго чегерүүлөр" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке; | 7,6 | |
- "иш сапарларына чыгымдар", "байланыш кызмат көрсөтүүлөрү", "ижара акысы", "башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу", "ведомстволук эмес кайтаруунун кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу" жана "машиналар жана жабдуулар" беренеси боюнча Мамлекеттик кадр кызматына; | 3,4 | |
- Аппараттын кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмүн көбөйтүүгө жана "иш сапарларына чыгымдар", "байланыш кызмат көрсөтүүлөрү" жана "транспорттук кызмат көрсөтүүлөр" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине); | 31,3 | |
- КРӨнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 466 токтомуна жана "2014-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү" мамлекеттик программасына жана 2014-2018-жылдарда Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу иш-чараларынын планына" ылайык Кыргыз Республикасынын Сот департаментине | 314,0 | |
Жыйынтыгы | 356,3 | |
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет | Кошумча каражаттар каралсын: | |
- Башкы прокуратурага; | 1661,3 | |
- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка | 88,7 | |
- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына: | ||
- эсептик керектөөлөр боюнча финансылоо суммасын көбөйтүүгө жана камсыз кылууга; | 1700,8 | |
- жазанын жогорку чарасына өкүм чыгарылган соттолгон адамдарды кармоо үчүн Жаңы-Жер айылындагы № 19 мекеменин атайын № 2 корпусунун курулушун аяктоого; | 94,0 | |
- Баткен областындагы тергөө изоляторунун курулушуна; | 150,0 | |
- Талас областындагы тергөө изоляторунун курулушуна; | 150,0 | |
- бирдиктүү маалымат системасы (БМС) үчүн заманбап кесипкөй компьютердик техниканы жана офистик жабдууларды сатып алууга Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына; | 9,8 | |
- "Коопсуз шаар" долбоорун финансылоону жана киргизүүнү камсыз кылууга; | ||
- Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын өрттөнүп кеткен административдик имаратын калыбына келтирүү жана ремонттоо боюнча иштерин финансылоого; | 68,3 | |
- Талас областынын прокуратурасынын административдик имаратынын экинчи кабатынын курулушун финансылоого | ||
Жыйынтыгы | 3922,9 | |
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет | Кошумча каражаттар каралсын: | |
- Манасчы сынагын өткөрүүгө жана кыргыз элинин улуу манасчысы жана фольклорун чогултуучусу Ыбрайым Абдырахман уулунун 130 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине; | 2,2 | |
- Кыргыз Республикасынын коомдук радиокорпарациясы менен бирдикте окуучулардын "Манас таануу" интеллектуалдык теле мелдешинин республикалык турун өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине; | 4,5 | |
- Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик архивдерин финансылоону республикалык бюджетке өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-февралындагы № 54 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине | 14,9 | |
Жыйынтыгы | 21,6 | |
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет | Кошумча каражаттар каралсын: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине: | |
- 2014-2017-жылдар үчүн "ТРАСЕКА" МПКсына мүчөлүк төгүмдөр боюнча карыздарды жоюу үчүн - Борбордук аппаратка; | 4,1 | |
- 2016-2017-жылдардагы аткарылган иштердин, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюунун жана өндүрүштүк секвестрдин натыйжаларында топтолгон кредиттик карыздарды жоюу үчүн Жол чарба департаментине; | 490,0 | |
- Транспорттук-контролдоо пункттары үчүн автомобилдик таразаларды орнотуу жана сатып алуу үчүн Автомобиль, суу транспорту жана тараза габариттик-контролдоо агенттигине; | 9,3 | |
-Евробирликтин "кара тизмесинен" жана инспектордук курамдын штаттык санын жана эмгек акысын көбөйтүү жөнүндө ИКАО талаптарынан чыгуу боюнча маселелерди чечүүнү тездетүү үчүн Жарандык авиация агенттигине | 9,5 | |
Жыйынтыгы | 512,9 | |
Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет | Кошумча каражаттар каралсын: | |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик комитетине; | 50,0 | |
- "Эл аралык уюмдарга төгүмдөр", "ижара акысы", "башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу", "учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу" жана "машиналар жана жабдуулар" беренелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке; | 1,2 | |
- 2017-2018-жылдардын жылытуу мезгилине карата Токмок агроөнөр жай колледжине | 3,0 | |
Жыйынтыгы | 54,2 | |
Бардыгы | 5517,9 |
|
| "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна № 2 тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштары
КР ЖКнын депутаттары | Сын-пикирлердин жана сунуштардын мазмуну | Сумма, млн. сом |
Артыкбаев О. | 2018-жылга "капиталдык салым" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объектилерди куруу тизмегине төмөнкүлөрдү киргизүү: - Токтогул району боюнча: - № 29 М.Нургазиев атындагы мектепти капиталдык ремонттоо; - Саргата айылына 150 орундуу бала бакча куруу; - ЖДПБ типтүү жаңы имаратын куруу; - Т.Абдиев атындагы маданият үйүнө эмерек алуу жана ремонттоо; - Үч-Терек айыл аймагында 8 чакырым айланма жолун оңдоп берүү; - Өзгөрүш айылындагы № 31 К.Чодошов атындагы орто мектепти капиталдык ремонттоо; - № 37 С.Чекиров атындагы орто мектебине кошумча корпус жана ашкана куруу; - А.Ибраимов атындагы орто мектебине кошумча корпус куруу; - № 35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин жылуулук жана жарык берүү системаларын капиталдык ремонттоо; - Бууракан айылындагы М.Термечиков атындагы орто мектептин жаңы имаратын куруу; - И.Малабашов атындагы ЖДПБ капиталдык ремонттон өткөрүү; - Өзгөрүш айыл аймагына жаңы оорукана жана ФАП куруу; - Ничке-Сай айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы орто мектебин ашканасы менен куруу | |
Алтыбаева А. | Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы Орто-Мечит атындагы орто мектебин жана Жары-Ооз айылындагы Жусуев атындагы орто мектептеринин курулушун бүткөрүү | 11,9 30,4 |
Алтынбеков А. | Базар-Коргон району боюнча: Кеңеш айыл аймагынын Суу-Баш айылына бала бакча куруу; Могол айыл аймагынын Кара-Ой айылындагы № 41 Ж.Жусубали атындагы орто мектептин жана Кара-Жыгач айылындагы № 38 А.Осмонов атындагы орто мектептин жаны имараттарын куруу; Могол айыл аймагынын Чарбак айылына жайкы спорт аянтчасын куруу | |
Акматов А. | Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына 275 орундуу жаны мектеп куруу; Кызыл-Жылдыз айылындагы бала бакчага керектүү инвентарларды алып берүү | |
Баймуратов К. | Сузак районундагы № 18 Караев жана № 93 Хакимов атындагы орто мектептерине кошумча корпус куруу | |
Бакиров М. | Базар-Коргон районунун Жаш-Ленин айылындагы бала-бакчанын курулушун бүткөрүү | 29,0 |
Бекешев Д. | КР "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамдын 8-1-беренесин, жаңылык программаларын субтитрлер менен көрсөтүүнү аткарууга каражат бөлүп берүү; | 1,0 |
Угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын адистешкен мектептери үчүн атайын аудиокласстарды сатып алуу үчүн каражат бөлүп берүү | 5,0 | |
Жамалдинов З. | Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү Көк-Жар орто мектебинин имаратын жана жылытуу системасын оңдоо жана ФАП куруу. Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнө караштуу Жаш айылында "Жаш" орто мектебин куруу | |
Жапаров А. | Нарын шаарына 150 орундуу бала бакча куруу | |
Жумабеков Д. | Талас облусунун Кара-Буура району боюнча: - Молдо-Асан айылына Шамратбеков атындагы орто мектеп куруу; - Кара-Суу айылына Айтбаев атындагы орто мектеп куруу; - Көк-Дөбө айылына Шыйкымбаев атындагы орто мектеп куруу; - Кайнар айылына жаңы мектеп куруу; - Ак-Жар айылына А.Калыбаев атындагы орто мектеп куруу; - Кара-Буура айылына А.Умарбеков атындагы орто мектеп куруу; - Жоон-Дөбө менен Молдо-Асан айылынын 5 км жолун ремонттоо; - Аманбаев айылына оорукана куруу; - Аманбаев айылындагы таза суу системасын калыбына келтирүүгө каражат бөлүү; - Чоң-Кара-Буура айылына таза суу системасын куруу; Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылына Д.Батырбашиев атындагы жана Ынтымак айылына Каралов атындагы орто мектептерин куруу; Манас районунун Кара-Арча айылына таза суу системасын куруу; Талас шаарына бала бакча куруу; Талас аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык ремонттоо | |
Жутанов А. | Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Кыргызстан айылындагы № 31 О.Курбанбаев атындагы орто мектебинин курулушун бүткөрүү | |
Жээнбеков А. | Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Алга айылындагы К.Ботобеков атындагы орто мектебин спорт залы менен куруу | 48,0 |
Зулпукаров Т. | Ноокат районунда коп жылдан бери курулуш иштери бүтпөй жаткан төмөнкү мектептердин курулушун аяктоого каражат бөлүү: - А.Мамыров атындагы, Н.Исанов атындагы, Живпромдогу орто мектеп, Парпиев атындагы, А.Чынгараев атындагы жана С.Токторов атындагы орто мектептердин курулуштарын аягына чыгаруу; - Кара-Таш айыл аймагына бала бакча куруу жана Арбын айылындагы бала бакчасынын курулушун аяктоо; - Мирмахмудов жана Зулпуев айыл өкмөттөрүнө орто мектеп куруу; - Бел айылындагы "Жаш" мектебин куруу; - Арбын айылындагы Жаңы-Арбын каналын оңдоо; - Ош областынын Ноокат шаарындагы Бостон кварталындагы мал базардын эски участогуна орто мектеп куруу | 47,6 |
Зулушев К. | Өзгөн районун Алтын-Булак айыл аймагындагы А.Маматов атындагы жана Красный Маяк айылындагы А.Төрөгелдиев атындагы орто мектептердин курулушун аягына чыгаруу; - Кандава айылындагы Б.Монолов атындагы орто мектебин куруу; - Чечебай айылына таза суу чыгаруу; - Шамал-Терек айылындагы № 12 Ы.Конкошев атындагы жаңы орто мектебин куруу | |
Ибраимжанов Б. | Алай районундагы № 67 кесиптик лицейин ремонттоо жана спорттук инвентарларды алуу | |
Икрамов Т. | Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылына жаңы мектеп жана Ак-Баш айылына бала бакча куруу; | |
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетине кошумча "коммуналдык кызмат" беренесине, китептерди оцифровка кылууга жана кинематография департаментинин аппаратына каражат бөлүп берүү | 14,0 16,5 12,2 | |
Казакбаев Р. | Тоң районунун Тогуз-Булак жана Жер үй айылдарына жаңы мектеп куруу | |
Каримов Н. | Өзгөн шаарынын Үч-Дөбө жана Мажүрүм-Тал кварталдарына жаңы бала бакча куруу; | 20,0 |
Үч-Дөбө кварталында бала бакчасын куруу; | 20,0 | |
Баш-Дөбө айыл аймагындагы жаны мектептик курулушун аяктоо | 5,0 | |
Касмалиева А. | Т.Сатылганов атындагы Ош областтык китепкананын имаратын капиталдык оңдоо | |
Кыдыралиев У. | Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Райкомол айылына спорт зал куруу | |
Мавлянова М. | Зулпиев айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушун аяктоо; | 46,3 |
- Ош областтар аралык бириккен клиникалык оорукананын жылытуу системасын, суу түтүктөрүн жана канализациясын оңдоп түзөтүү | 6,0 | |
Мамытов Т. | Майлуу-Суу шаарындагы стадионду капиталдык ремонттоо, 3 км ички жолдорго асфальт төшөө жана 8 км Кыпчак-Талаа - Майлуу-Суу автожолун реконструкциялоо; Ноокен районунун Ноокен айылына жана Сарсыя айылына бала бакча куруу | |
Мадеминов М. | Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндөгү Ноогардан орто мектебин куруу | |
Масабиров Т. | Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Абдраимов айылында 120 орундуу бала бакчаны куруу | |
Маннанов И. | Араван районундагы "Араван-Сай" МТЧ капиталдык ремонттоо | |
Нурматов К. | Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн 180 орундуу Карагач-Арык айылында балдар бакчаларын куруу | 11,0 |
Нышанов С. | Балыкчы шаарынын ШИИБ имаратын капиталдык ремонттоо | 5,8 |
Нышанов С. | Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл өкмөтүндөгү Сейдикум айылында 150 орундуу бала-бакча куруу | |
Оомонова А. | Жалал-Абад шаары боюнча: - № 1 орто мектебине жаңы окуу корпус куруу; - № 5 орто мектебин капиталдык ремонттоо; - № 6 орто мектебинин курулушун бүткөрүү; - № 11 жана № 12 балдар бакчаларын капиталдык ремонттоо; - Курманбек кичи районуна мектеп куруу. | |
Базар-Коргон району боюнча: Акман айылындагы бала бакчанын курулушун бүткөрүү. Сузак району боюнча: Курманбек айлындагы Ташматов жана Ысмайыл атындагы орто мектептеринин курулушун бүткөрүү | 16,2 | |
Ормонов У. | Өзгөн районунун Бостон айылындагы Жусупбеков атындагы орто мектептин курулушун бүткөрүү; Жылалды жана Баш-Дөбө айыл аймактарына бала бакча куруу; Баш-Дөбө айыл аймагында 2 км автожолду асфальттоо | |
Пирматов И. | Ала-Бука районунун айыл өкмөттөрүнө: - Өрүктү айылына 500 орундуу жаңы мектеп куруу; | |
- Жаңы-Шаар айылындагы № 26 орто мектебинин жаңы корпусунун курулушун бүткөрүү; | 12,0 | |
- Өрүктү-Сай айылындагы Жолчубек Бешимов атындагы орто мектебинин курулушун аягына чыгаруу | 39,0 | |
Примов У. | Алай районунун айыл өкмөттөрүнө: | |
Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү А.Сейитов атындагы орто мектебин ашканасы менен куруу; | 14,0 | |
Үч-Төбө айыл өкмөтүндөгү А.Түкүев атындагы орто мектебине спорт зал куруу жана Жумабаев атындагы орто мектебине кошумча корпус куруу, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Чоң-Кара-Кол, Кичи-Кара-Кол айылдарына таза суу чыгаруу; | 7,0 | |
Кабылан айыл өкмөтүндөгү № 25 Э.Мурзаев атындагы орто мектептин 225 орундуу кошумча корпус куруу; | 52,0 | |
- Согонду айылына спорт комплекс куруу; | 31,5 | |
- Күн-Элек айылына С.Карыев атындагы орто мектебинин жаңы корпусун бүткөрүү; | 21,0 | |
- Мурдаш айылына таза суу чыгаруу; | 21,0 | |
- | ||
- Кошулуш айылына Ж.Исаев атындагы орто мектепке спорт зал куруу; | 3,0 | |
- | ||
- Жаңы-Алай айылына № 42 С.Ашимов атындагы орто мектепке 225 орундуу жаңы корпус куруу; | 17,7 | |
- Жаңы-Арык айылындагы Умаров атындагы орто мектебинин жаңы окуу корпусун жана спорт залынын курулушун бүткөрүү; | 3,0 | |
- Жаңы-Арык айылына таза суу чыгаруу; | 38,4 | |
- Кокур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү | 20,5 | |
- №18 балдар бакчасына 30 орундуу ашкана куруу; | 6,6 | |
- Торошев атындагы жаңы мектепти куруу; | 0,18 | |
- Жошолу айылындагы № 19 Курманжан Датка атындагы орто мектебине жаңы корпус куруу; | 6,5 | |
- | ||
- Салам-Алик айыл аймагына теңдөөчү грант эсебинен каражат бөлүп берүү; | 3,0 | |
- Гүлчө айыл өкмөтүндө таза суу чыгаруу; - Ленин атындагы айылда спорт залын куруу | 2,2 | |
Рысалиев З. | Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы жаны мектептин курулушун бүткөрүү | |
Рысалиев З. | Талас областы боюнча: - Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө - Кызыл-Чарба - Үрмарал автожолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин балансына кабыл алуу жана аны оңдоого каражат кароо; - Бакай-Ата районунун Бакай-Ата - Үрмарал-Калинин автожолуна асфальт төшөөгө каражат кароо; - Тараз-Талас-Суусамыр автожолун бүткөрүүгө каражат кароо | |
Сарсеитов И. | Каракөл шаары боюнча: № 6 Т.Темиров атындагы жана № 1 Токтогул атындагы орто мектептерин ремонттоо; № 4 Шопоков атындагы орто мектептин курулушун аяктоо; Камбар-Ата шаарчасына жана Жаз-Кечүү айылына таза суу чыгаруу | |
Сарсеитов И. | Жалал-Абад областынын Каракөл шаарында ЦОВПны капиталдык оңдоо; - шаардык оорукананын жолдорун оңдоого каражат кароо | |
Тиллаев Т. | Сокулук районунун Күн-Туу айылына бала бакча куруу; | |
Фрунзе айыл аймагынын Комсомол айылына таза суу чыгаруу; | 40,0 | |
Кара-Таш айылына ФАП куруу; Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын капиталдык ремонттоо; Исфана шаарындагы "Баластан" балдар чыгармачылык борборун капиталдык ремонттоо | 20,0 | |
Турсунбеков Ч. | Нарын облусунун Таш-Башат айылындагы спорт залдын курулушун бүткөрүү; Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак айылына спорт комплекс куруу жана | 16,2 |
А.Жутакеев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттоо; | 14,6 | |
Нарын районунун Эчки-Башы айылына 225 орундуу мектептин курулушун аяктоо жана Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан атындагы орто мектебине жаңы корпус куруу; | 14,0 | |
Ош областтык Т.Сатылганов атындагы китепкананы ремонттоо; | 14,6 | |
Токтогул районунун Кара-Суу айылындагы Т.Казатов орто мектебине жаңы корпус куруу | 23,3 | |
Турсунбаев А. | Чаткал району боюнча: Ак-Таш айылындагы К.Усупбеков атындагы мектеп жана Коргон-Сай айылындагы К.Акназаров атындагы орто мектептеринин курулушун бүткөрүү; Курулуш айылынын С.Мырзалиев атындагы мектебинин жаңы имараттарын куруу; Сумсар айылында спорт оюндарын уюштурууга имарат сатып алуу; Ала-Бука району боюнча: Чанач-Сай бассейнин куруунун экинчи этабына каражат бөлүү; Ак-Коргон айылындагы оорукананын курулушун аяктоо жана Күчүкмаала конушуна жаңы мектеп куруу; Падек айылындагы Т.Жороев атындагы орто мектептин курулушун бүткөрүү; Кызыл-Ата айылындагы Ы.Чангылов атындагы, Кара-Үңкүр айылындагы Кара-Үңкүр атындагы, Ажек айылындагы Ажек атындагы орто мектептерин жана Нарпаша атындагы бала бакчасын куруу; Орток-Бел участогун жана Кызыл-Токой - Терек-Сай участокторундагы автожолдорду асфальттоо | |
Шадиев А. | Лейлек районунун Голбо айылынын ички жолдорун асфальттоо; Исфана шаарындагы № 1 гимназия мектебин капиталдык ремонттоо | |
Шарапов З. | Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы № 19 Садыков атындагы орто мектебин жана "Солнышко" бала бакчасын капиталдык ремонттоо; Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагындагы "Келечек" бала бакчасын капиталдык ремонтто; Бирлик айыл аймагындагы Сур-Сырт автожолунан 5 км жана Жал - Жаңы-Коргон - Ормош автожолунан 6 км асфальттоо; Айдаркен шаарынын ички автожолдорун асфальттоо | |
Эгембердиев М. | Түштүк аймактык жүрөк, кан-тамыр хирургия илимий борборун толук кандуу иштетүүгө каражат бөлүп берүү; Жалал-Абад шаарына спорт зал куруу жана ички авто жолдорду оңдоо. Тайгараев атындагы айылга спорт залын куруу | 50,0 |
Эргешов А. | Аксы району боюнча: Кербен шаарындагы аэропортту капиталдык ремонттоо жана спорт комплекс куруу; Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү К.Кулназаров атындагы жана А.Жаныбеков атындагы орто мектептерине спорт зал куруу; Авлетим айыл өкмөтүндөгү Мукур айылындагы Б.Алымкулов атындагы орто мектебин жана Коргон айылына бала бакча куруу; Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө спорт комплекс куруу жана Кара-Жыгач - Сары-Челек стратегиялык авто жолун асфальттоо |