Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2010-жылдын 5-марты № 128

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86, 2015-жылдын 12-февралы № 52, 2015-жылдын 16-июну № 368, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704, 2021-жылдын 18-февралындагы № 53, 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474,  2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борборунун укук улантуучусу болуп эсептелээри белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474, 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августукдагы № 457 «Кыргыз аккредитациялоо борборунун атайын каражаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы «Кыргыз аккредитациялоо борбору» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз аккредитациялоо борборунун атайын каражаттары жөнүндө жободо:

- аталышындагы «Кыргыз аккредитациялоо борбору» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1.2-пункттагы «Кыргыз аккредитациялоо борбору (мындан ары - КАБ») деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору» (мындаы ары - Аккредитациялоо борбору) деген сөздөргө алмаштырылсын.

- Жобонун бүткүл тексти боюнча «КАБ» деген кыскартуу «Аккредитациялоо борбору» деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 «Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- бүткүл текст боюнча «Кыргыз аккредитациялоо борбору» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Ылайыктуулугуна баа берүүнүн аккредитациялоо органдары боюнча кеңеши жөнүндө жободо:

«Кеңештин функциялары» деген II бөлүмдүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борборунун директорун дайындоого талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине сунуш берүү.».

 

Премьер-министр

Д. Үсөнов

 

 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө  жобо

 

(КР Өкмөтүнүн 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомунун редакциясына ылайык)