Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-январы №4
"Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү өткөрүүгө укуктуу болгон ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы №533 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
"Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибинин бирдиктүү эсебин жүзөгө ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-октябрындагы №252 Жарлыгына ылайык жана мамлекеттик контролдоочу органдарынын ишкердик субъекттерин текшерүүлөрүн каттоо ашыкча жол-жобосун четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы №533 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү өткөрүүгө укуктуу болгон ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун "Текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө буйруктарды (приказдарды, көрсөтмөлөрдү) жана мыйзамдардын талаптарынын сакталышына көзөмөлдүк" деген 7-1-главасы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы №591 "Ишкердик субъекттерине текшерүү дайындоо жөнүндө актыларды берүүнүн жана каттоонун эрежесин бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |