Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-январы № 42/52/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013-жылга экономикалык саясат жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013-жылга экономикалык саясат жөнүндө тиркелген биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013-жылдын 31-январындагы № 42/52/1 токтому менен жактырылган |
Киришүү
1. Макроэкономикалык саясат
2. Акча-кредит саясаты
3. Фискалдык саясат
4. Бюджет саясаты
5. Мамлекеттик карызды тескөө
6. Инвестициялык саясат
7. Реалдуу секторду өнүктүрүү
8. Социалдык өнүктүрүү саясаты
Корутунду
Киришүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылы экономикалык өсүштүн төмөндөшүнүн коркунучун четтетүүгө жана 2011-жылдагы 6,0% деңгээлде түптөлгөн экономикалык өсүштүн алгылыктуу арымын сактап калууга жетише алынбагандыгын белгилейт.
2012-жылдын баш жагынан тартып өлкөнүн экономикасында реалдуу өндүрүштүн кыскарышынын терс тенденциялары байкалып, ал жыл акырына чейин сакталып калды. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү, алдын ала берилген баа боюнча 304,4 млрд.сом суммасында калыптаган, мында ИДӨ көлөмүнүн реалдуу төмөндөшү 2011-жылдагы 6,0% өсүшкө караганда, 0,9% түзгөн. "Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ИДӨнүн өсүшү 105,0% түзгөн. ИДӨ дефлятору 107,4% деңгээлинде түптөлгөн.
Ички алгылыксыз жагдайлар, "Кумтор" алтын кенин казып алуу ишканаларында өндүрүш көлөмүнүн кыскарышы, жаратылыш шартынын катаал болушунан улам күзгү айдап-себүү ишин толук аягына чыгарууга тоскоолдук кылган кыштын эрте түшүүсү, суунун жетишсиздиги, айрым учурларда нөшөрлөгөн жамгырдын же тескерисинче, кургакчылыктын орун алышы, айыл-чарбасында өндүрүш көлөмүнүн кыскарышы, экономиканын 0,9%га төмөндөп кетишинин негизги себептеринен болгон.
Өлкө экономикасынын "Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканасы сыяктуу бир таасирдүү булактын ишинен айрыкча көз карандылыгы, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында экономиканы диверсификациялоо жана модернизациялоо боюнча максатка багытталган мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүнүн зарылчылыгын таңуулоодо. Мында, экономиканы диверсификациялоодон улам, ИДӨнүн түзүмүндө "Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканаларынын басымдуу үлүшүн кыскартууга жетишүү, эң эле маанилүү маселе.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) экономиканы колдоо боюнча компенсациялык чараларды тез арада кабыл алышы, андан ары төмөндөөгө жол бербей ИДӨнү жыл акырында 99,1% деңгээлинде сактап калууга өбөлгө түзгөн.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү экономиканын кыйла төмөндөп кетишине бөгөт койгон негизги сектор болгон. Анын кошкон салымы 2,79 пайыздык пункт деңгээлинде бааланган. Жыл башынан бери кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү реалдуу өсүш 6,1%, ал эми ИДӨ түзүмүндө анын салыштырма салмагы 46,6% түзгөн. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн түзүмүндө соода жүргүзүүнүн 10,1%, мейманкана жана тойкана кызматтарынын 11,9% өсүшү, транспорт жана байланыш кызматтарын сунуштоо чөйрөсүндө 8,8% өсүш катталган.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өнүгүшүнө:
- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө талабынын өсүшү (орточо айлык эмгек акынын 15,9% реалдуу өсүшү);
- 2012-жылдын январь-ноябрь айлары ичинде керектөө кредиттеринин 2011-жылдын тиешелүү мезгилиндегиге салыштырганда 26,9% өсүшү;
- жеке адамдардын акчалай которууларынын таза агымынын 18,0% көбөйүүсү (2012-жылдын январь-ноябрь айлары ичинде бул сумма 1624,2 млн. АКШ долларын түзгөн) сыяктуу алгылыктуу факторлор таасир эткен.
Ал эми чекене товар жүгүртүү жана рыноктук кызматтарды сунуштоо көлөмүнүн өсүшү негизинен, соода жүргүзүү инфраструктурасын жакшыртуу, ишкердик субъекттер үчүн салыктык преференциялар (тигүү жана текстиль тармагына салык алуунун жеңилдетилиши жана жөнөкөйлөтүлүшү, курулуш жана башка иштер үчүн атайы товарлардын КНСтен бошотулушу), ашыкча текшерүүлөрдүн, лицензиялардын санын кыскартуу, ошондой эле мамлекеттик жөнгө салуунун башка чаралары, калктын ишкердик жигердүүлүгүн арттыруу жана тейлөө сапатын жакшыртуу аркылуу, бизнес жүргүзүү шартын жеңилдетүүнүн эсебинен камсыз кылынган.
Бюджеттин жалпы кирешеси 11,2% өсүп, 86,1 млрд.сомду түзгөн, ИДӨгө карата үлүш 28,3% чегинде катталган. 2012-жылга белгиленген параметрлерге ылайык, мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз учурунда каржылоо камсыз кылынган. Пенсия өлчөмүн эки баскычта жогорулатуу бир жыл мурдагыга салыштырганда, аны 14% көбөйтүүгө өбөлгө түзгөн. Бул жашоо минимумунун ордун жабууну камсыз кыла алган.
Банк секторунун өнүгүшүндө алгылыктуу динамика катталган, бул банк тутумунун суммардык активдеринин жыл башынан бери 29,8%, кардарларга берилген кредиттердин көлөмүнүн 2012-жылдын 30-ноябрына карата абал боюнча 26,7% көбөйүүсү менен коштолуп, депозиттер боюнча өсүш белгиленген: атап айтканда, юридикалык жактардыкы 44,0%, жеке адамдардыкы 29,5% өскөн, ушунун өзү банк тутумуна карата ишенимдин бекемделишин чагылдырат.
Өлкөнүн финансылык туруктуулугу эл аралык камдардын (резервдердин) олуттуу топтолушу менен камсыз кылынат, 2012-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча ал жыл башынан 12,7%, ал эми 2009-жылдагыга салыштырганда дээрлик 1,3 эсеге көбөйүү менен 2066,6 млн. АКШ долларына жеткен.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банкынын таасирдүү иш алып баруусунун натыйжасында, инфляциянын деңгээлин пландаштырылган чекте - 7-9% деңгээлинде токтотуп турууга мүмкүн болду. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция деңгээли 2011-жылдын декабрына карата 7,5% түзгөн.
2012-жылы Өкмөттүн негизги күч-аракети бизнес үчүн тоскоолдуктарды четтетүүгө, анын өнүгүшү жана өлкөгө чет өлкө капиталынын агылып кириши үчүн жаңы "эрежелерди"/мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алууга багытталган. Ал эми, көрүлгөн бул чаралардын экономикага таасир этүүгө жөндөмдүүлүгү 2013-жылы байкалат.
Бажы союзуна кошулуу жагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алдында бажы тарифтери боюнча милдеттенмелерин салыштырууну, ошондой эле тиешелүү ченемдик укуктук актылардын топтомун жана эл аралык келишимдерди даярдоону кошо алганда, улуттук мыйзамдардын Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайык келишине иликтөөлөрдү жүргүзүү жагында жигердүү иштер жүргүзүлгөн.
Ошентип, экономикалык өсүш жагында терс тенденциялар орун алгандыгына карабастан, өткөн жылы белгилүү бир натыйжаларга жетишилген.
Ушул шартта төмөндөгүлөр 2013-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттарынан болуп калат:
- макроэкономикалык туруктуулукту калыбына келтирүү жана туруктуу экономикалык өсүштү пландаштырылган деңгээлде камсыз кылуу;
- социалдык милдеттенмелерди аткаруу;
- региондук саясатты андан ары өнүктүрүү;
- Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында интеграциялык процесстерди улантуу;
- мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо.
Бул биргелешкен билдирүүдө Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары менен биринчи кезекте бүткөрүлүүчү иштер аныкталган жана ал этаптуу өнүгүү үчүн экономикалык, уюштуруу жана укуктук чаралардын топтомун камтыган, тиешелүү иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн негизди түптөйт.
1. Макроэкономикалык саясат
Макроэкономикалык туруктуулукту калыбына келтирүү жана экономикалык өсүштүн туруктуу арымына жетишүү үчүн негизги шарттарды түзүү 2013-жылга каралган макроэкономикалык саясаттын башкы максаты болуп калат. Бул үчүн Өкмөт өзүнүн экономикада натыйжалуу ишкердик чөйрөнү калыптандыруудан көрүнгөн, негизги жөнгө салуучу милдетин аткарат. Бул бир жагынан, экономикалык саясаттын монетардык, фискалдык ж.б. каражаттары аркылуу чың жана туруктуу макроэкономикалык абалды колдоого алуу болуп саналса, экинчи жагынан бул, бардык жарандар үчүн чарба жүргүзүүнүн бирдиктүү эрежелерин белгилөө, атаандаштык чөйрөсүн камсыз кылуу, ченемдердин жана стандарттардын талаптарынын сакталышына контролдук кылуу чараларын иштеп чыгуу, лицензиялоо, ошондой эле Бажы союзуна жана келечекте Евразия экономикалык союзуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу ата-мекендик бизнестин кайсы бир бөлүгүнө кайра багыт берүү болуп саналат.
Экономикага келтирилип жаткан салык оорчулугун бирдей ченемде бөлүштүрүү, инфраструктурага сырттан жана ичтен инвестицияларды тартуу, бизнести жана инвестиция чөйрөсүн жакшыртуу, экономиканы региондук экономикалык системага интеграциялоо, ошондой эле экономиканын негизги тармактарын (энергетика, кен казып алуу, айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү, транспорт, финансы сектору ж.б.) өнүктүрүү үчүн түзүмдүк реформаларды ишке ашыруу, ичтен өндүрүү көлөмүн жана айыл чарбасында иш өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жетиштүү көлөмдө мамлекеттик резервди түзүү, өздүк активдерди натыйжалуу тескөөгө алуу; либералдуу соода жүргүзүү шартын колдоо, мурдатан калыптанып келген эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды түптөп өнүктүрүү, өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды жаңы рыноктордо сатып өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ачуу, продукциянын экспортун көбөйтүү жана соода балансынын терс сальдосун бара-бара азайтуу аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү сыяктуу, экономикалык саясаттын багыттары боюнча иштер улантылат.
Экономиканын өнүгүшү, мамлекеттик башкарууда бир эле учурда кайра өзгөртүп түзүүлөр, мыйзамдуулуктун бекемделиши, коомдук турмушта туруктуулукка жетишүү менен мыйзамдарды жана сот системасын алдыга озо тургандай арымда өркүндөтүү менен колдоого алынат.
Акча-кредит жана салык-бюджет саясаттарын координациялоо макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Макроэкономикалык туруктуулук төмөнкү сандык параметрлерге жетишүүдөн көрүнөт:
- экономикалык өсүштүн 7,0% төмөн болбогон деңгээлде камсыз кылынышы аркылуу, анын ичинде төмөнкүлөрдүн эсебинен:
өнөр жай секторунун продукцияларынын 17,9% өсүшү;
айыл-чарба өндүрүшүнүн 1,0% өсүшү;
курулуш секторунун 10,5% өсүшү;
кызмат көрсөтүү секторунун кеминде 5,0% өсүшү;
- инфляциянын деңгээлин пландаштырылган, бир сандык көрсөткүчтөн ашпаган чекте кармоо;
- бюджет тартыштыгын ИДӨгө карата 5,0% чегинде токтотуу;
- ИДӨгө карата мамлекеттик карыздын өлчөмүн экономикалык коопсуздук чегинен ашпаган деңгээлде чектөө;
- калктын акчалай кирешесинин 6,2% өсүшү;
- мамлекеттин бардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз учурунда аткаруу.
Экономикалык артыкчылыктуу багыттардын ийгиликтүү ишке ашырылышы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын кыскартууга, иш менен камсыз болуунун өсүшү аркылуу коомдо орун алышы мүмкүн болгон социалдык тынчсызданууну басаңдатууга, инфляциянын болжолдонуусун айкын кылууга жана аны токтотууга, "мүмкүнчүлүгүнө жараша керектөө" үчүн шарттарды түзүүгө алгылыктуу таасирин тийгизет.
2. Акча-кредит саясаты
Орточо алганда үч жылдык мезгил ичинде инфляцияны бир орундуу сандык деңгээлге чейин төмөндөтүү үчүн Улуттук банк, акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен акча базасын жөнгө салуу жолу аркылуу инфляциянын монетардык түзүмүн чектөөгө багытталган, ойлонуштурулган акча-кредит саясатын жүргүзүүсүн улантат.
Өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун саясатын жүргүзүү улантылат жана зарылчылык келип чыккан учурларда анын динамикасындагы кескин олку-солкулукту текшилөө үчүн валюта интервенциялары жүргүзүлөт. Алмашуу курсуна басым күчөп кеткен шарттарда Улуттук банк, эл аралык камдардын олуттуу азаюусуна жол бербестен, акча-кредит саясатын катаалдаштыруучу чараларды кабыл алат. Алтын-валюталык камдардын көлөмүн толуктоо максатында, дүйнөлүк финансы рынокторундагы жагдайды эске алуу менен өлкөнүн ички рыногунда алтын улуттук валютага сатылып алынат.
Банктык бардык мыйзамдарды системага салуу жана шайкеш келтирүү үчүн, укуктук реформа боюнча иштер улантылат. Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоорун, кодификацияланган ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу банктык мыйзамдарды сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт жана мындан аркы жакшыртуунун жолдорун аныктайт.
Банктык жөнгө салуу жана көзөмөл органы катары, Улуттук банк атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү, инвесторлордун, кредиторлордун жана аманатчылардын банк секторуна карата ишенимин бекемдөө боюнча иш-чараларын ишке ашырууну көздөйт. Башкаруунун сапатына жана ички контролдоо системасына баа берүүнү камтыган, коммерциялык банктардын ишине комплекстүү баа берүүнү колдонуу менен тобокелдикке багытталган көзөмөлгө негизделген, эртерээк таасир этүү принциптерин ишке киргизүүнү улантат.
2013-жылы эл аралык донорлор менен биргеликте калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча улуттук программаны даярдоо боюнча иши улантылат. Кредиттик маалымат алмашуу механизмин мындан ары жакшыртуу үчүн кредиттик тобокелдерди азайтуу инструменти катары кредиттик бюролордун ишинин мыйзамдык негизи иштелип чыгат.
Банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерине (БФКМ) карата Улуттук банк тарабынан БФКМ сунуштаган кызматтарды керектөөчүлөрдү коргоо механизмдерин иштеп чыгуу жагында, анын ичинде системада кредиттик тобокелдиктерди кыскартуу максатында ак ниеттүү кредиттөөнүн принциптерин киргизүү жолдору аркылуу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштер улантылат. Микрокаржылоо секторун өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун кабыл алынышына жараша, калкка микрокаржылоо секторунун катышуучулары сунуштаган кызматтардын түрлөрүнүн кеңейишине негизделет.
Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга каралган Мамлекеттик программанын тиешелүү иш-чараларынын алкагында пландаштырылган иштер улантылат. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана төлөм системасындагы финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, төлөм системасынын иши көзөмөлгө алынат. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр чөйрөсүндө иштин жаңы формаларын өнүктүрүү жана колдонуу шарттарында төлөм кызматтарынын рыногун укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча иштер улантылат.
2013-жылында азык-түлүк товарларынын бааларынын орто деңгээлдеги өсүшү, калктын топтолгон инфляциялык күтүүлөрүнүн азаюусу жана талап менен сунуштун кандайдыр бир олуттуу тышкы жана ички таасирлеринин жок болушу шартында, инфляциянын мааниси бир орундуу сандык деңгээлден ашпайт, бул акча-кредит саясатынын сандык критерийи болуп саналат.
Өкмөттүн тариф саясаты кайрадан каралып, дүйнөлүк товардык-сырьелук рыноктордогу жагдайда, инвестициялык саясатта жана мамлекеттик финансы секторунда олуттуу өзгөрүүлөр жүрсө, инфляциянын накта мааниси белгиленген инфляциялык көрсөткүчтөн жогору болушу мүмкүн, мындай учурда инфляцияга баа берүү кайра каралышы ыктымал.
3. Фискалдык саясат
Экономикага келтирилип жаткан жалпы салык оорчулугун жеңилдетүү, чарба жүргүзүүчү субъекттердин тышкы экономикалык ишинин жигерин арттыруу үчүн алгылыктуу шарттарды түзүү, инвестициялык активдүүлүккө түрткү берүү, салыктарды өндүрүү жана башкаруу жол-жобосун жакшыртуу аркылуу, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу - фискалдык саясаттын негизги милдети.
2013-жылга каралган фискалдык саясаттын негизги багыттарынан болуп: а) салык жана бажы башкаруу системаларын өркүндөтүү; б) ишкерлердин жана контролдоочу органдардын укуктарынын тең салмактуулугуна жетишүү; в) коррупцияны төмөндөтүү; г) контролдоочу органдардын ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу, бажы органдары тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, тышкы экономикалык ишке катышуучуларынын бажылык тариздөөгө кеткен чыгымдарын кыскартуу саналат.
Салык саясаты салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүнү камсыз кылууга, жеңилдиктерди жана салык төлөөдөн бошотуу эрежелеринин тартипке келтирүүгө, бюджет тартыштыгын кыскартууга, башкаруунун эффективдүү системасын түзүүгө багытталат. Мына ушул максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- башкаруу көз карашынан алганда, легалдуу бизнеске түрткү берген, өңчөйлөштүрүлгөн жана жеңилдетилген салык алууну колдонуу;
- сапаттуу башкарууга багытталган патент режимин өркүндөтүү;
- импорттолуп келинген көпчүлүк товарларды салмагынын негизинде баа берүүдөн, нарктык баа берүүгө өткөрүү;
- чакан жана орто бизнес үчүн атайы салыктык режимге карата ыкмаларды өнүктүрүү жана өзгөртүү боюнча мамлекеттик стратегияны аныктоо;
- кыймылсыз мүлккө кадастр боюнча баа берүү ыкмасын жана мүлккө кадастрдык баа берүү натыйжаларын текшерүү ыкмасын иштеп чыгуу;
- айрым салыктарды (мисалы, киреше салыгын, патенттен түшүүлөрдү, жер салыгын, мүлк салыгын жана салыктык эмес төлөмдөрдүн айрым түрлөрү) алууну жергиликтүү бюджеттин пайдасына өткөрүү менен бюджеттер аралык мамилелерге жана региондорду өнүктүрүүгө тиешелүү маселелерди мыйзамдык негизде чечүү;
- салыкты эсепке алууну, отчеттуулукту, бардык салыктык жол-жоболорду мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүп, аларды салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуулук көз карашында кароо;
- тобокелдиктерге баа берүүнүн негизинде текшерүүлөр системасын киргизүү аркылуу бажы жана салык ишинде текшерүүлөрдү жүргүзүүгө толук өтүү;
- салык төлөбөгөндөргө контролдукту күчөтүү, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу, кош бухгалтерия жана жашыруун схемаларга каршы күрөшүүнү күчөтүү жана алардын пайда болушуна түрткү берген себептерди четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү аркылуу экономикада атаандаштык шарттарын түзүү;
- тыштын алынып келинген товарлардын бажы наркына контролдукту оптималдаштыруу;
- товарлардын анык декларацияланышына контролдукту күчөтүү.
Салык жана бажы кызматтарын модернизациялоо үчүн төмөнкүлөр каралууда: а) бажы декларацияларын электрондук түрдө берүү жана тышкы экономикалык ишке катышуучулар менен бажы органдарынын ортосунда маалымат алмашуу системасын жеңилдетүүнү кошо алганда, бажы кызматында автоматташтырылган системаны колдонууга киргизүү; б) салыктык отчетторду электрондук формада берүү жана салык төлөөчүлөрдүн бул багытта милдеттенмелерин аткаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү үчүн салыктык башкарууда заманбап технологияларын колдонуу; в) тобокелдик факторлорун эске алуу менен текшерүүлөрдүн таасирдүү системасын жайылтуу аркылуу салыктык контролдоо жол-жобосун автоматташтыруу (салык төлөөчүлөрдү текшерүүлөрдү электрондук мониторингден өткөрүү системасын калыптандыруу); г) бажылык башкаруунун жаңы прогресстүү технологияларын жайылтуу.
Салык жана бажы кызматтарына карата коомчулуктун ишенимин бекемдөө, коррупция деңгээлин кыскартуу үчүн: а) салыктык декларацияларды иштеп чыгуу боюнча 3 борборду түзүү (түштүк, түндүк жана чыгыш региондор боюнча); б) көп тараптуу өткөрмө пункттарын видеобайкоо жүргүзүү системалары менен жабдуу; в) салык жана бажы органдарында кызмат аткаруу учурунда коррупциялык аспекттерге бөгөт коюу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу; г) салык төлөөчүлөрдүн жана тышкы экономикалык иш субъекттеринин салык жана бажы органдарында орун алышы ыктымал болгон коррупция боюнча системалуу түрдө анкета толтуруу ишин жайылтуу; д) документ толтуруу шарттары, үлгүлөрү, формалары, документ толтуруп, аларды электрондук формада берүү мүмкүнчүлүгү, документтерди иштеп чыгуу жана кабыл алынган чечимдер боюнча өз талабын кое билип, даттануу тартиби тууралуу салык төлөөчүлөргө маалымдоо аркылуу, администрациялык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу пландаштырылууда.
Бажы органдары сунуштаган кызматтардын сапатын жогорулатуу жана тышкы экономикалык ишке катышуучулардын бажы тариздөөлөрүнө, бажы контролдугуна байланыштуу чыгымдарын кыскартуу үчүн төмөнкүлөр каралууда: а) мамлекеттик чек ара, атап айтканда "Ак-Жол-автожолу" көп тараптуу өткөрмө пунктунун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу; б) өткөрмө пункттарын бажы кызматынын балансына өткөрүп берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп, атап айтканда, "Торугарт" өткөрмө пунктунда орнотулган тараза жабдуусун пайдаланууга берүү; в) убактылуу сактоо кампаларын уюштуруу жана Нарын областында бажы тариздөө жана тазалоо орундарын түзүү; г) чек арадан өтүү убактысын кыскартуу максатында жүргүнчүлөр ташуу жана жүк ташуу агымдарын бөлүштүрүү; д) күтүп, текшерүүдөн өтүүнүн чектүү убактысын белгилөө; е) "Бажы консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу; ж) тышкы экономикалык ишке катышуучуларга маалымат берип, консультацияларды сунуштоо тажрыйбасын кеңейтүү; з) GPS системасын жайылтуу маселесин караштыруу (Global Positio№i№g System позициялоонун глобалдуу системасы); и) бажылык коштоо нускамасынын долбоорун иштеп чыгуу.
4. Бюджет саясаты
Мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз учурунда каржылоо, экономикалык өсүш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, аларга экономикалык баа берүү системасын жайылтуу менен мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну арттыруу - 2013-жылдагы мамлекеттик чыгашалар саясатынын максаты болуп саналат.
2013-жылга каралган бюджет саясатынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- "каражатка жараша жашоо" принцибин кармануу;
- коррупцияга каршы бюджет тажрыйбасын улантуу;
- бюджетке мониторинг жүргүзүү жана аткаруу үчүн финансылык эмес көрсөткүчтөр аркылуу бюджеттик каражаттардын чыгымдалышынын натыйжалуулугуна баа берүү системасын жайылтуу;
- билим берүү жана саламаттыкты сактоо секторлорунда чыгашалардын натыйжалуулугуна талдап-иликтөөлөрдү аягына чыгаруу жана тиешелүү тармактык саясатты иштеп чыгуу;
- социалдык жөлөк пулдардын даректүүлүгү системасын андан ары өркүндөтүү жана үй-бүлөнүн негизинде муктаждыктарды аныктоого өтүү;
- салык төлөөчүнүн бирдиктүү карточкасын колдонууга киргизүү;
- экономика секторлору ортосундагы салык жүгүн теңештирүүнү жана салык түйшүгүн төмөндөтүүнү караган фискалдык стратегияны иштеп чыгуу;
- бюджеттер аралык мамилелерди борборлоштуруудан ажыратуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык өз алдынчалыгын андан ары чыңдоо;
- мамлекеттик мүлктөрдү жана активдерди натыйжалуу тескөөнү камсыз кылуу.
2013-жылга каралган бюджет саясатынын негизги багыттарынан болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик милдеттенмелерди жана социалдык кепилдиктерди аткаруу;
- калктын жашоо деңгээлин региондор аралык жиктелүүсүн азайтуу;
- бюджет тартыштыгын кыскартуу;
- инвестициялык процесстерге дем берүү.
Бул багытта төмөнкүдөй иштер улантылат: а) өлкөнүн бюджет саясатын аныктаган Бюджетти орто мөөнөттүк болжолдоону иштеп чыгуу форматын жана жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча иштер; б) бюджеттик каражаттардын натыйжалуу жана ачык-айкын чыгымдалышына өбөлгө түзгөн программалык бюджет түзүү элементтерин жайылтуу.
Учурда орун алган олуттуу бюджет тартыштыгы, мурдатан колдонулуп келинген механизмдерди жакшыртуу сыяктуу эле, киреше алуунун альтернативалуу булактарын издөө: экономиканын реалдуу секторуна кошумча инвестицияларды тартуу, салыктык жеңилдиктерди кайрадан карап чыгуу, салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, бүтүндөй башкаруу системасын жакшыртуу аркылуу бюджеттик түшүүлөрдү көбөйтүү жолу менен аны оптималдаштыруунун зарыл экендигин таңуулоодо.
Мамлекеттик финансыны натыйжалуу тескөөгө алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 675 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансы маселесин тескөө системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин 2012-2015-жылдарга каралган орто мөөнөттүк планын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар кабыл алынат.
Мамлекеттик финансы тескөөгө алуу системасын реформалоонун алкагында Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин долбоору боюнча иштер улантылып, бюджет процессин автоматташтыруу жана бюджеттер аралык мамилелер системасын өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Мамлекеттик финансыны натыйжалуу тескөөгө алуу максатында, бюджеттик чыгашалардын айкын программаларга жана долбоорлорго пландаштырылып, пайдаланылышын болжолдогон бюджеттик сарптоолордун натыйжалуулугу механизми акырындап колдонууга киргизилет. Бул жаңы жөрөлгө бошотулган каражаттарды экономиканы өнүктүрүүгө багыттоого өбөлгө түзүп, андан соң кирешелердин түшүүсүнүн артышын шарттайт.
5. Мамлекеттик карызды тескөө
Мамлекеттик карызды тескөө иши карыз оорчулугун бара-бара жеңилдетүү, анын ичинде тышкы карыз боюнча белгиленген төлөө графиктерин сактоо менен сырттан карыз алууларды кыскартуу багытында жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын орто мөөнөттүк келечекте тескөөгө алуунун учурда колдонулуп жаткан стратегиясынын алкагында жана мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлине жетишүү, анын түзүмүн оптималдаштыруу жана мамлекеттик карызды натыйжалуу тескөөгө алуу үчүн негиздерди түптөө максатында төмөнкүдөй иштер болжолдонууда:
- мамлекеттик тышкы карыз түйшүгүн азайтуу;
- мамлекеттик карызды өз учурунда тейлөө;
- тышкы карызды андан ары реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн караштыруу;
- эки тараптуу кредиторлор менен конверсиондук операцияларды жүргүзүү;
- натыйжа берген жана экономикалык жагынан негизделген долбоорлорго кеминде 35% грант элементи менен сырттан жеңилдетилген кредиттерди тартуу;
- мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчилик сыяктуу эле, экинчилик рыногун өнүктүрүү аркылуу, баалуу кагаздарга ээлик кылуучулар (кармап туруучулар) чөйрөсүн кеңейтүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу, ички карыз алуулар көлөмүн арттыруу;
- тобокелдиктерди башкаруу тажрыйбасын жайылтуу.
6. Инвестициялык саясат
Өлкөнүн инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган улуттук масштабдагы долбоорлорду максаттуу инвестициялоо инвестициялык саясаттын максаты болуп саналат.
Мына ушул белгиленген максаттарга жетишүү үчүн негизги милдеттерден болуп: 1) жеке менчиктин коопсуздугу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү; 2) ишкердикти жөнгө салууга мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу; 3) ишкердикти финансылык-кредиттик колдоо жана камсыздандырууну жөнгө салуу.
Экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн жана бизнес шериктештиктин ой-пикирин эске алган туруктуу мыйзамдарды түзүү же ишкердик чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талабын бузган, ченемдик актыларды жокко чыгаруу же болтурбоо үчүн төмөнкүлөр: (а) башкаруу чечимдерин иштеп чыгып, кабыл алууда жөнгө салуучу таасир этүүгө баа берүү системасын реформалоо; (б) ишкердик чөйрөсүндө тиешелүү мыйзамдарды салыштырып текшерүүлөрдү жүргүзүү жана бизнес-шериктештер менен жолугушууларды такай өткөрүү, рынок экономикасына багытталбаган жана жетиштүү негизделбеген ченемдик укуктук актыларды четтетүү аркылуу сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу менен ишкердик чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдардын талаптарын бузган ченемдик актыларды алып салуу же аларды кабыл алууга бөгөт коюу үчүн шарттар түзүлөт.
Ишкердикти жөнгө салууда мамлекеттин кийлигишүүсүн басаңдатуу үчүн чаралар көрүлүп, алар ченемдик укуктук жана жол-жоболук бекемдөөдөн өткөрүлөт.
Лицензиялоо-уруксат берүү жана контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүндө, техникалык жөнгө салуу системасында төмөнкүлөр: (а) учурда колдонулуп жаткан лицензиялардын жана уруксаттардын санын кыскартуу; (б) ашкере контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын кыскартуу; (в) тобокелдик критерийлери системасына негизденген текшерүүлөрдүн жаңыртылган механизмин түзүү; (г) сыноо лабораторияларын модернизациялоо жана эталондук базаны жаңылоо аркылуу, мамлекеттик жөнгө салууну реформалоо иши улантылат.
Лицензиялануучу иштердин түрлөрүнүн бирдиктүү жана такталган тизмеси түзүлүп, ошондой эле аны ишке ашыруу үчүн мыйзамдык тиешелүү актылардын толук топтому иштелип чыгат.
Аткаруу бийлик органдарынын ишинин ачык-айкындуулугу, отчет берүүсү жана алардын аткарылышына таасирдүү контролдукка өбөлгө түзүү жана ишкердикти жөнгө салууга катышкан мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу, коррупциянын түптөлүшүнүн негиздерин жокко чыгарууга байланыштуу чечкиндүү чаралар көрүлөт.
Бул саясаттын финансы-кредиттик колдоого алуу механизмдерин өнүктүрүү жагында төмөнкүдөй иштер камсыздалат: (а) салык алуу тартибин жөнөкөйлөтүү жана жеке секторду колдоого алуу үчүн кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу; (б) микрокредиттөө көлөмүн арттыруу; (в) жогорку сапаттагы, экологиялык жактан коопсуз товарлардын өндүрүлүп, кызматтардын сунушталышына колдоо көрсөтүп, дем берүү.
Экономиканын секторлорунун жана жеке сектордун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кылдат иштеп чыгуу, өлкө үчүн артыкчылыкка ээ болгон долбоорлорду тандоо жана ишкерлерге эң эле зарыл маалыматтарды жана кызматтарды сунуштоо иши улантылат.
Бул багытта иш мамлекеттик инвестициялар программасын кыскартууга жана аны кайра багыттоого бурулат. Мында, финансылык, экономикалык жана социалдык натыйжалуулукка ээ болгон долбоорлорго артыкчылык берилет. Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорунун ишке ашырылышына (кредиттик сыяктуу эле, гранттык негиздеги), инвестициялык долборлорду тандоо процессине мониторинг жүргүзүү олуттуу күчөтүлөт.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми (мындан ары - МЖӨМ) андан ары өнүгөт. Бул механизмди кеңири жайылтуунун башкы максатынан болуп: а) мамлекеттин жана жеке сектордун материалдык жана финансылык ресурстарын инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына топтоштуруу аркылуу, экономикалык өсүштү камсыз кылуу; б) мамлекеттик бюджетке келтирилип жаткан оорчулукту жеңилдетүү жана бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү саналат.
Долбоорлорду алгачкылардан болуп мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу менен ишке ашыруу маселелери жеткире иштелип чыгат. Мындай долбоорлорду иш жүзүндө өздөштүрүү үчүн Өкмөттүн жеке өнөктөштөрдү тандоо боюнча тендердик комиссияларды түзүүгө, тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоо тартибин иштеп чыгуу жагында чечимдери кабыл алынат.
Бизнес жана экономикага байланыштуу эл аралык рейтингдерде ээлеген орунду сактап калуу жана аны бекемдөө, ошондой эле мониторингдин жүрүшүндө аныкталган проблемаларды четтетүү жагында оперативдүү чечимдерди кабыл алуу үчүн дайыма мониторинг ишке ашырылып турат.
7. Реалдуу секторду өнүктүрүү
Бизнес жүргүзүүнүн ыңгайлуу шарттарын камсыз кылуу, менчикке болгон укукту коргоо, гарантиялоо жана тике инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзүү, экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүүнүн зарыл шарттары болуп саналат. Ал эми экономикалык артыкчылыктарды тандоодо негизги критерийлерден болуп, кошумча жогорку нарк, салык сыйымдуулугу, кошумча жумуш орундарын түзүү саналат.
7.1. Өнөр жайы
Өнөр жай секторунда(1) 2013-жылы иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын туруктуу иштөөсүнүн жана кен чыккан жаңы жерлерди өздөштүрүүнү баштоо, "Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканаларынын иш жигерин арттыруунун эсебинен ИДӨнүн жалпы көлөмүндө 18,4% салыштырма салмагы менен өндүрүш көлөмүнүн 16,2% чегинде реалдуу өсүш болжолдонууда. "Кумтөр" ишканаларын эске албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 7,1% деңгээлде болжолдонууда.
2013-жылы өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индексинин болжолдонуп жаткан олуттуу өсүшүн, 2012-жылы металлургия тармагында өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшүнөн улам келип чыккан төмөнкү база менен түшүндүрүүгө болот.
Негизинен өсүш, төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыз кылынат:
- кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүш көлөмүнүн 20,3% көбөйүүсү, бул "Кумтөр" ишканасында иштин калыбына келип, активдешүүсүнөн, "Иштамберди", "Жамгыр" жаңы кендерин ишке киргизип, кен казып алуу көлөмүн арттыруунун жана "Кыргызалтын" ААКсында өндүрүш көлөмүн көбөйтүү (Солтон-Сары, Макмалалтын жана Терексай кендеринде); "Интергласс" ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн арттыруу, "Түштүк-Кыргыз Цемент" ЖАКтын, "Технолин" ЖЧКсынын кубаттуулуктарын өздөштүрүүнүн; текстиль жана тигүү өндүрүш ишканаларынын туруктуу ишин камсыз кылуунун; суусундуктарды жана тамеки чыгарууну кошо алганда, тамак-аш азыктарын чыгарууну реалдуу жогорулатуунун эсебинен камсыз кылынат;
- электрэнергиясын, газды жана сууну өндүрүүнү жана бөлүштүрүүнү 0,9% реалдуу жогорулатуу. Электр энергиясын өндүрүү 2012-жылдагы деңгээлде болжолдонууда, бул Токтогул гидротүйүнүнө суунун көп жылдан берки орточо агылып кирүүсүн жана каралып жаткан мезгил ичинде кургакчылык тобокелдигин эске алуу менен эсептелинген;
- (1) мунай, газ чыккан жерлерди иштетүүгө инвесторлорду, атап айтканда "Баткеннефтегаз" ААКсы, "Кыргыз Петролеум Компани" ЖАКты, "Гидрокарбонс" ЖАКты, "Консультант-Центр" ЖЧКсын ("Жибек Ресорсиз"), "Южная Нефтяная Компания" ЖАКты ж.б. тартуу аркылуу чийки мунайды өндүрүп алууну 10,4%; (2) бетонду, курулуш аралашмаларын, кум блокторун, полимер-кум черепицаларын чыгарууга адистешкен ишканалар тарабынан талаптын өсүшүнүн эсебинен гранулдардын, таш күкүмү, шагыл таштар жана майдаланылган таштардын 18,2%, чопо жана каолиндин 5,6%; (3) Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун көмүргө болгон керектөөсүн камсыз кылуу үчүн "Кара-Кече" көмүр казып алуу ишканасынын кубаттуулугун арттыруу, ошондой эле отун базалары жана көмүр сатуучу пункттар аркылуу түндүк региондун калкын, бюджеттик керектөөчүлөрдү тиешелүү тендерлерге катышуунун натыйжасында көмүр менен камсыз кылуунун; (4) "Беш-Бурхан" шахтасында, "Кызыл-Булак" кенинде, "Перити коал" ЖЧКсында көмүр казып алууну арттыруу аркылуу түштүк регионунда катуу отунду сатып өткөрүү рыногун сактап калуу, АК "Жыргалан", АК "Сүлүктүкөмүр", АК "Сүлүктүшахтакурулуш" ишканаларынын кен казып алуу иштерин өнүктүрүүнүн эсебинен тоо кендерин казып алуу өнөр жайында өндүрүш көлөмүнүн 3,2% деңгээлге чейин өсүшү камсыз кылынат.
7.2. Айыл чарбасы
Айыл чарбасынын, аңчылык жана токой чарбасынын 2013-жылдагы дүң продукция чыгаруусунун реалдуу өсүшү өсүмдүк өстүрүүнүн 1,6% жана мал чарбачылыгынын 0,5% өсүшүнүн эсебинен, ИДӨнүн жалпы көлөмүндө 17,5% салыштырма салмагы менен 1,0% деңгээлде болжолдонууда.
2013-жылдагы айыл чарбасын өнүктүрүү саясаты төмөнкүдөй негизги милдеттердин аткарылышына багытталат: 1) айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүн жана сапатын арттырууга; 2) өсүмдүк өстүрүүнүн жана мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга; 3) кооперативдерди өнүктүрүүгө; 4) айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн финансылык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, кредиттөөнү жана лизингди өнүктүрүүгө; 5) айыл чарбасын өнүктүрүүгө.
Өндүрүш көлөмүн арттыруу үчүн финансылык, материалдык-техникалык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, продукцияларды сатып өткөрүү рыногун кеңейтүүгө өбөлгө түзүлөт. Бул үчүн финансылык ресурстардан, күйүүчү-майлоочу материалдардан (КММ) пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыздалган шартта, мамлекет тарабынан жеңилдиктерди берүү иши улантылат. Органикалык айыл чарба технологияларын пайдалануу менен экспорт үчүн экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүүнүн өсүшүнө түрткү берүү, маанилүү багыт болуп калат.
Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, өсүмдүктөрдү жана мал-жандыктарды коргоону жакшыртуу, үрөнчүлүк жана асыл тукум мал өстүрүүчү чарбалардын өндүрүштүк потенциалын чыңдоо, асыл тукум малдын эсебин жүргүзүүнү жакшыртуу, агро-технологияларды өнүктүрүүнү колдоого алуу боюнча көрүлүүчү чараларга өбөлгө түзөт. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик селекциялык-асыл тукум борборуна караштуу Мамлекеттик асыл тукум станциясы түзүлөт, ал жасалма куут ишин жүргүзөт.
Кооперативдерди өнүктүрүү кооперативдик мамилелерге потенциалдуу катышуусу мүмкүн болгондордун менчигин жана таламдарын коргоо жагында мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу колдоого алынат. Мында, айылдык кооперативдерди, экспорттоого багытталган, өндүрүш көлөмүнүн өсүшүн жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылган класстерлерди биринчи кезекте колдоого алуу жол-жоболору иштелип чыгат.
Кредиттик каражаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү мамлекеттин түздөн-түз финансылык колдоого алуусу сыяктуу эле, кредиттик мекемелердин пайыздык чендерин төмөндөтүү үчүн шарттарды түзүү менен камсыз кылынат.
Бул сектордо, жагымсыз табигый-климаттык шарттар, отунга, КММга бааны болжолдоого мүмкүн эместик, ошондой эле минералдык жер семирткичтердин тартыштыгы негизги тобокелдик бойдон калат.
7.3. Курулуш
Өлкөнүн курулуш комплексинде 2013-жылы капиталдык салымдарды 12,5% көбөйтүү болжолдонууда. Инвестициялардын жалпы көлөмүндө негизги үлүштү ишканалардын, уюмдардын жана калайык-калктын каражаттары ээлеп, дээрлик 60% түзөт.
Экономиканы капиталдаштыруунун пландаштырылган көлөмүнө жараша, курулуштун дүң продукцияларынын жалпы көлөмүнүн реалдуу өсүшү 2013-жылда 10,5% чегинде болжолдонуу менен 63,7 млрд.сомду түзүп, ИДӨ түзүмүндө курулуш 5,7% салыштырма салмакты ээлейт.
Жеке турак жайларды куруу объекттери; транспорттук магистралдар объекттери ("Бишкек-Нарын-Торугарт", "Тараз-Талас-Суусамыр", "Сары-Таш-Карамык", "Ош-Баткен-Исфана" автожолдорун реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу улантылат); энергетика объекттери (өлкө аймагын бирдиктүү энергетикалык алкак менен байланыштыруучу электр өткөргүч линияларын куруу боюнча иштер - Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын модернизациялоо; 500 кВ "Датка-Кемин" Электр берүү линиясынын жана 500 кВ "Кемин" ПСнын курулушу; "Энергетика секторун өнүктүрүү", "Электр бөлүштүрүү түйүндөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу долбоорлору"; ("Бишкек шаарынын локалдык түйүнүн жаңылоо, чыңдоо", "Бишкек жана Ош шаарларын электр менен жабдууну жакшыртуу", "Энергетика секторун реабилитациялоо") долбоорлору 2013-жылы курулуштагы артыкчылыктуу багыттардан болуп калат. Тоо кендерин казып алуу өндүрүш объекттерин курууда "Иштамберди", "Жамгыр" алтын кендерин казып алуу ишинде инвестициялар өздөштүрүлөт.
Курулуш тармагын өнүктүрүүнүн ыңгайлуу шарттарын түзүү үчүн уруксат берүү жол-жоболору олуттуу жөнөкөйлөтүлүп, талап кылынган документтерди кароо мөөнөтү жана алардын саны кыскартылат. Жеткиликтүү турак-жай куруу приоритеттүү милдеттердин бири. Калк үчүн ипотекалык кредиттөө механизмдери жөнгө салынып, сейсмикалык туруктуулугун, коммуникациялык жана инженердик түйүндөр менен камсыз кылууну эске алуу менен курулуш иштери каралган райондор аныкталып, калктуу конуштарда курулуш үчүн жер участкаларынын маалыматтык базасы иштелип чыгат.
2013-жылы республикалык бюджеттин эсебинен төмөнкү багыттарга капиталдык салымдар жумшалат:
- социалдык-маданий багытындагы инфраструктура объекттерин курууга жана реконструкциялоого; билим берүү объекттерин, автомобиль жолдорун ж.б. курууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 229 токтому менен бекитилген, 2011-2015 жылдарда Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү боюнча мамлекеттик программанын иш-чараларын ишке ашыруу.
7.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
Ички дүң өнүмдү түзүүдө кызмат көрсөтүү чөйрөсү негизги сектор болуп саналат. ИДӨнүн түзүмүндөгү анын салыштырма салмагы дээрлик 50% түзөт.
2013-жылы 5,2% реалдуу өсүш болжолдонууда. Соода жүргүзүү өсүш булагы болуп калат, мында өсүш 6,0%, транспорт жана байланыш - 7,7%, финансылык иш кызматтары 4,8%, мейманканалар жана тойканалар кызматтары 6,5%.
Кызмат көрсөтүү түзүмүндө негизги үлүштү соода жүргүзүү (31,2%), транспорт жана байланыш кызматтары (22,4%) ээлейт, алардын реалдуу өсүшү 2013-жылы калктын акчалай кирешелеринин 6,2% көбөйүүсү менен колдоого алынат.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү боюнча 2013-жылга каралган саясат байланыш, транспорт, микрофинансылык уюмдар сунуштаган кызматтарды, соода жүргүзүүнү ж.б. кошо алганда, жашоо-тиричилик үчүн эң зарыл болгон кызматтардан пайдаланууну жакшыртууга жана аларды бүтүндөй республика аймагында жайылтууга багытталат. Бул чөйрөдө салыктык жыйымдарды көбөйтүү үчүн расмий эмес ишкердик деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар көрүлөт.
Туризм өлкөнүн башкы экономикалык артыкчылыктуу багыттарынын бири катары каралат. Туристтерди тартууга Ысык-Көл областында жеңилдетилген салык алуу каралган атайы экстерриториалдык аймакты түзүү көмөк берет. Бул аймакта маданий эс алуу жайлары, рекреациялык калыбына келтирүү комплекстери, мейманкана жана тойкана бизнестери жайылтылат. Мындай аймак кирешеси орто жана жетиштүү болгон чет өлкө жарандарынын эс алуучу жайынан болуп калууга тийиш. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери аркылуу Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чет жерде жигердүү жана туруктуу жарнамалоо иши улантылат. Өлкөнүн бардык региондорунда туризмди өнүктүрүү үчүн туристтик класстерлердин базасында "эркин туристтик аймак" институтун түзүү болжолдонууда.
8. Социалдык өнүктүрүү саясаты
Экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджет кирешесинин өсүшүнө өбөлгө түзүп, Өкмөттүн социалдык маселелерди чечүү, пенсионерлерге жана калктын башка аз камсыз болгон катмарына социалдык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө түрткү берет.
Социалдык туруктуулукту сактоо жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү 2013-жылдагы социалдык саясаттын башкы максаты. Инфляция деңгээлин алгылыктуу чекте токтотуп туруу, туруктуулуктун бекемделишинин башкы шарттарынын бири, анткени керектөө баасынын жогорку деңгээлде болушу кирешелердин, эмгек акылардын, ошондой эле пенсиялардын реалдуу өсүшүн төмөндөтүп, алардын номиналдык өсүшүн жокко чыгарат.
Өлкөдө жакырчылыкты кыскартуу Өкмөттүн башкы милдеттеринин бири. Алдын ала маалыматтар боюнча өлкө калкынын 36,8% жакырчылык чегинде жашап келет. Жакырчылык көйгөйү комплекстүү чечүүнү талап кылаарын эске алуу менен 2013-жылы социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздандыруу, билим берүү, эмгек рыногун жана гендердик саясат чөйрөсүндөгү реформалар улантылат. Атап айтканда, сапаттуу социалдык кызматтарды өз учурунда сунуштоо аркылуу калктын социалдык жактан эң аярлуу катмарын натыйжалуу камсыз кылууну жогорулатуу иши белгиленүүдө. Социалдык коргоого алуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоого алууну өнүктүрүүнүн 2012-2014-жылдарга каралган стратегиясынын кабыл алынышы бул багыттагы концептуалдуу документ болуп саналат.
Өткөн жылдардагыдай эле Өкмөт, мамлекеттик социалдык гарантияларды толук көлөмдө сактоону жана калктын мамлекеттик колдоого муктаж эң аярлуу категориясын колдоо деңгээлин жогорулатууну караштырат.
Республика калкынын социалдык корголбогон тобунун абалын жакшыртуу үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар жүзөгө ашырылууга тийиш: а) мамлекеттин социалдык гарантияларын өз учурунда жана толук каржылоо; б) аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө материалдык жардам белгилөө механизмдерин өркүндөтүү; в) өз учурунда сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.
Турмуштук татаал жагдайга туш болгон балдарга, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кары-картаңдарга жана үй-жайсыз калган жарандарга жардам көрсөтүү мамлекеттин камкордук көрүүсүнүн негизги объектиси бойдон калат.
Социалдык жактан коргоо системасынын сапатын жакшыртуу үчүн социалдык кызматтардын наркын эсептөөнүн минималдуу социалдык стандарттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу белгиленүүдө. Даректүүлүк системасын реформалоо үчүн начар жашаган үй-бүлөлөрдүн керектөөсүнө жараша, жергиликтүү деңгээлде социалдык иштерди жүргүзүү системасы иштелип чыгып, колдонууга киргизилет. Турмуштук оор жагдайга туш болгон балдарды жайгаштыруунун ар кандай формаларын (күндүзү камкордукка алуу борборлору, аларды багып алуучу үй-бүлөлөрдү аныктоо, турмуш жагдайын ыңгайлаштыруу жана реабилитациялоо борборлору) өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча иштер улантылат. Аз камсыз болгондорго микрокредиттерди берүү менен аларды иш менен камсыз кылуу аркылуу социалдык коргоо ишине колдоо көрсөтүлөт.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында стационардык социалдык мекемелерде иштөөнүн жаңы формалары жана ыкмалары колдонууга киргизилип, реабилитациялоонун техникалык каражаттарын даярдоонун заманбап технологиялары колдонулуп, ошондой эле майыптуулукту аныктоонун жаңы системасы иштелип чыгат. Мында, маалыматтык жана билим берүү программаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Кары-картаңдар үчүн стационардык социалдык мекемелерде иштөөнүн жаңы формаларын жана ыкмаларын иштеп чыгып, колдонууга киргизүү пландаштырылууда.
Пенсия системасынын натыйжалуулугун арттыруу үчүн пенсияларды 10% жогорулатуу, пенсиялардын орточо өлчөмдөрүн жашоо минимумуна чейин жеткирүү пландаштырылууда.
2013-жылда негизги милдеттерден болуп төмөнкүлөр саналат:
- пенсия системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды жогорулатуу.
2013-жылы дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тариф коюмун кайрадан карап чыгуу иш-чаралары пландаштырылууда. Юридикалык жакты түзүүсүз иштеп жаткан дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери өтүп жаткан жылдагы жер салыгынын базалык коюму өлчөмүндө белгиленет. Пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салган мыйзамдык ченемдерди өркүндөтүү, ошондой эле пенсия белгилөөдө жеңилдиктерди берүүнү кыскартуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Билим берүү системасында башкарууну өркүндөтүүнүн алкагында билим берүүнүн бардык деңгээлинде алынган натыйжаларга мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн негизинде, билим берүү секторунда чечим кабыл алуу жана стратегиялык пландаштыруу системасынын сапатын жогорулатууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу каралууда.
Саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү саясатынын негизги багыттары, Миң жылдык өнүгүү максаттарына жетишүүгө саламаттыкты сактоону багыттоо аркылуу медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртууга; саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого; медициналык жана фармацевттик билим берүү сапатын жакшыртууга топтоштурулат.
Калкты иш менен камсыз кылуу жагында саясаттын чаралары региондордо жумуш орундарын түзүүгө жана өз бизнесин баштоо үчүн микрокредиттерди берүүгө, жумушсуздарды жергиликтүү рынокто талап кылынган кесиптерге окутууга, иш менен камсыз кылуунун региондук кызматтарына ишке интеграциялоого, такшалуудан өтүп, андан кийин жумушка орноштуруу боюнча иш берүүчүлөр менен келишимдерди түзүү аркылуу жумушсуздукту кыскартууга багытталат.
Корутунду
Өкмөт менен Улуттук банктын 2013-жылга экономикалык саясатынын ийгиликтүү ишке ашырылышы кеминде 7,0% деңгээлиндеги экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана бир сандык көрсөткүчтөн ашпаган, пландаштырылган чектеги инфляциянын деңгээлин кармап турууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдар мезгилинде туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Өкмөт тарабынан 2013-жылга иш-чаралар планы даярдалат. Планда макроэкономикалык туруктуулукту калыбына келтирүү, экономикалык өсүштүн туруктуу арымына жетишүү үчүн базалык шарттарды түзүү негизги милдет катары каралат. Өлкөдө коомдук-саясый туруктуулукту камсыз кылуу, ички ресурстарды жана өз потенциалын майнаптуу пайдалануу макроэкономикалык туруктуулукка жетишүүнүн негизги шартын болуп саналат.
Ушуну менен катар эле, азык-түлүккө дүйнөлүк баанын өсүшүнүн жагымсыз тенденциясынын түптөлүшү (БУУнун - ФАОнун баа берүүсү боюнча орто жана узак мөөнөттүү мезгил ичинде азык-түлүккө (чийки затка) баа болжол менен алганда, кийинки 10 жылдык ичинде жогору бойдон сакталып калат); нан азыктарынын ички рыногунун дан эгининин жана ундун импортуна көз карандылыгы; соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөр менен соода жүргүзүү (электрэнергиясы, газ) шарттарынын белгисиздиги сыяктуу өлкө экономикасына кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктер орун алууда.
Өткөн жылы дан эгининен аз түшүм алынышынан улам, азык-түлүккө, атап айтканда буудайга дүйнөлүк баанын өсүшүнүн терс кесепети, 2013-жылы экономикалык агенттердин инфляциялык күтүүлөрүн күчөтүшү жана макроэкономикалык жагдайга кошумча таасир этиши мүмкүн.
БУУнун азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча уюму (ФАО) тарабынан 2013-жылы дан эгининин дүйнөлүк өндүрүшү 2284 млн.тоннага чейин төмөндөшү болжолдонууда, бул негизинен буудай өстүрүп алуу көлөмүнүн 5,5% төмөндөшү жана тоюттук эгиндин 2,5% кыскарышы менен шартталат. Ошол эле учурда, 2013-жылы дан эгинине карата талап алардын өндүрүшүнөн 29,9 млн.тоннага ашат.
Дан эгининин глобалдуу запасына тиешелүү божомол боюнча 2013-жылы аяктаган айыл чарба сезонунун акырына карата абал боюнча болжол 499 млн.тоннаны түзөт, бул сезондун башталышындагы деңгээлге караганда 5% төмөн. Буудайдын товардык запасынын эн эле олуттуу кыскарышы Казакстанда, Россия Федерациясында жана Украинада, ошондой эле Кытайда (континенталдык), Европа шериктештигинде жана Америка Кошмо Штаттарында катталууда.
Буудайдын запасынын көлөмүнүн аны керектөө деңгээлине карата катышынын глобалдуу көрсөткүчү 24,8% түзөөрү күтүлүүдө. Бул 2011-2012-жылдардагы 28,1% бааланган көрсөткүчтөн төмөн.
Мындан тышкары, дүйнөлүк экономикада төмөндөөгө ык коюу тенденциясы сакталып, ал Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана АКШнын экономикасында рецессияга жана Россия, Казакстан жана Кытай өңдүү соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык өсүш арымынын төмөндөшүнө алып келиши ыктымал. Эл аралык уюмдар дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү боюнча өз болжолдорун төмөндөө жагына кайрадан карап чыгышкан. Эл аралык валюта фондусу 2013-жылдагы дүйнөлүк экономиканын өсүшү боюнча божомолду 3,6% чейин төмөндөткөн, ал эми ал буга чейин өсүштү 4,1% болжолдогон, Евро аймагында 0,9% болжолдоого салыштырганда 0,2% чейин, Кытайда 8,8% салыштырганда, 8,2% чейин төмөндөткөн. Россия божомолун 3,7%дан 3,6% чейин, Казакстан 6,5%дан 6,0% чейин төмөндөтүү менен кайрадан карап чыгышкан.
Керектөөнүн кыскарышы менен коштолгон дүйнөлүк экономикадагы кризистик жагдайлардын кайталанышынын мүмкүндүгү өлкө экономикасынын өсүшүнүн басаңдашына алып келиши ыктымал.
Кыргыз Республикасынын 2013-жылга социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн божомолу экономиканын иштөөсүнүн ички жана тышкы шарттарынын өзгөрүүсүнүн, тобокелдиктин жаңы факторлорунун пайда болуусунун жаңы тенденцияларын айкындоодо такталышы мүмкүн.
Өкмөт жана Улуттук банк тобокелдик факторлорунун таасирин минималдаштыруу, атаандашууга жөндөмдүү, экономиканын стратегиялык таламдарына шайкеш келген заманбап банк секторун чыңдоо үчүн биргелешкен жигердүү аракеттерди көрөт.
Өкмөт менен Улуттук банктын биргелешкен чараларын ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын кредиттөө шарттарын сапаттуу жакшыртууну, ички рыноктун арымдуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылып, экономиканын тең салмактуу өсүшүнүн бекем пайдубалы болуп калууга тийиш.
Өкмөт менен Улуттук банк өз кезегинде мыйзам чыгаруу бийлиги, бүтүндөй ишкердик шериктештиктердин мына ушул биргелешкен билдирүүдө жана программалык документтерде каралган милдеттердин иш жүзүндө аткарылышына колдоо көрсөтөөрүнө ишеним артат.
(1) Кайрадан иштелип чыккан чийки заттын наркын эске алуусуз.
|
|