ТоктомКүчүн жоготту

КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 15-февралы № 71

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук  ишти координациялоонун маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын курамы 3-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын  15-февралындагы № 71 токтомуна 3-тиркеме

 

Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасы.

Ведомстволор аралык координациялык комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун директору - төраганын орун басары.