Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-июну № 408
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогорудагы аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 27-пункту төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган үй-бүлөлөргө, эгерде үй-бүлөнүн жан башына жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин өлчөмүнөн ашпаган шарттарда чектелет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 37-1-пункт менен толукталсын:
"37-1. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган үй-бүлөлөргө төмөнкү өлчөмдөрдө чектелет:
- он алты жашка чейинки балдарга жөлөкпул (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучуларына - алар окууларын бүткөнгө чейин, бирок 18 жашка чейинки куракка жеткенге чейин гана) - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу киреше менен үй-бүлөнүн жан башына алгандагы жыйынды кирешесинин ортосундагы айырманын өлчөмүндө;
- бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү жөлөкпул - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 300 пайыз өлчөмүндө;
- эгиздерге жөлөкпул - алардын ар бири үч жашка жеткичекти райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 100 пайыз өлчөмүндө;
- үч жана андан көп эм төрөлгөндөгү жөлөкпул - алардын ар бири он алты жашка жеткичекти райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 150 пайыз өлчөмүндө;
- 3 жашка чейинки курактагы балдарга жөлөкпул - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 100 пайыз өлчөмүндө;
- баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине алар он сегиз жашка жеткенге чейинки жөлөкпул - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу киреше менен үй-бүлөнүн жан башына алгандагы жыйынды кирешесинин ортосундагы айырманын өлчөмүндө.";
- расмий тилдеги текстинин 58-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"58. В случаях обращения за назначением ежемесячного социального пособия по истечении 6 месяцев со дня возникновения на него права (за пособием на детей-сирот и детей, потерявшим кормильца, - по истечении 12 месяцев), ежемесячное социальное пособие назначается с первого числа месяца, следующего за месяцем, в котором произошло обращение за ежемесячным социальным пособием, если все необходимые документы были представлены в течение двух месяцев с момента обращения.".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 554 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
8. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |