КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-майы № 280
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711, 2024-жылдын 16-февралындагы № 60, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Саламаттык сактоо системасынын мамлекеттик илимий мекемелеринде башкаруучулук ишти тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставында:
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставында:
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Борбордун жетекчисин шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставында:
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Борбордун жетекчисин шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставында:
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- илимий кадрларды даярдоону (изденүүчүлүк, аспирантура, докторантура), анын ичинде коммерциялык негизде жүзөгө ашырат;
- медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларына катышат.";
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставында:
- 12- жана 13-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Борбордун ишинин максаттары болуп калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо, аларга сапаттуу дарылоо-алдын алуу жардамдарын көрсөтүү жана акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында ушул Уставка ылайык илим-изилдөө ишин жүргүзүү саналат.
13. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкка адистештирилген медициналык жардамды, анын ичинде жогорку технологиялуу медициналык жардамды акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында көрсөтүү жана уюштуруу;
- калктын репродуктивдүү ден соолугун сактоо жаатында, анын ичинде акушерликте, гинекологияда, перинатологияда, медициналык генетикада жана репродуктологияда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында бейтаптарды диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы методдорун, инновациялык медициналык технологияларды, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык техниканы иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча ишти уюштуруу;
- консультативдик, консультативдик-методикалык (анын ичинде телемедициналык), маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, маалыматтарды берүү (анын ичинде интернет аркылуу), Борбордун иш чөйрөсүндө аны көчүрүү жана көбөйтүү;
- медициналык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча клиникалык база катары ишин жүзөгө ашыруу;
- Борбордун ишинин негизги жыйынтыктарын камтыган басма продукцияны басып чыгаруу жана жайылтуу.";
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".
9 (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы N 711 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы N 711 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |