Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 30 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-майы № 237
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 129 "Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52. Төлөөчүнүн текшерүү актысына даттануусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 30 (отуз) жумушчу күндүн ичинде каралышы керек.
Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) даттануу берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;
2) юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын кызмат ордун жана юридикалык жактын турган жерин;
3) даттануу предметин;
4) даттанууну берген жактын талабын;
5) даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин;
6) даттануу берүүнүн күнүн, айын жана жылын;
7) даттанууну юридикалык жактын атынан берген адамдын колтамгасын жана юридикалык жактын мөөрүн.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |