Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 348
Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда жана сунуштамаларында көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда жана сунуштамаларында көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчету жана сунуштамалары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштамаларында көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралардын планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетсин;
2) Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткаруу боюнча ведомстволук иш-чаралар пландарын (мындан ары – ведомстволук план) иштеп чыксын, бекитсин;
3) ведомстволук пландарда мурдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аткарылбаган эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткаруу боюнча иш-чараларды карасын;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына берип турсун;
5) жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинентинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Председатель | А.У. Жапаров |
Тиркеме
2020-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштамаларында көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар планы
№ | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2020-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайт: | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Жооптуу мамлекеттик органдар/башка уюмдар |
1 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-июнундагы № 3822-VI «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын 2021-жылга бюджеттик резолюциясына жана 2022-2023-жылдарга болжолуна ылайык 2018 жана 2019-жылдар үчүн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын толук көлөмдө системалуу түрдө аткарбагандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруу боюнча контролдун жоктугу үчүн ФМдин укук улантуучулугун эске алуу менен тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-июнундагы № 3822-VI «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын 2021-жылга бюджеттик резолюциясына жана 2022-2023-жылдарга болжолуна ылайык 2018 жана 2019-жылдар үчүн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын толук көлөмдө системалуу түрдө аткарбагандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруу боюнча контролдун жоктугу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун кызмат адамдарына карата чара көрүү | 2022-жылдын I кварталы | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 102-б буйругу менен бекитилген электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин ашыргандыгы үчүн министрликтердин жана ведомстволордун укук улантуучулугун эске алуу менен тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 102-б буйругу менен бекитилген электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин ашыргандыгы үчүн министрликтердин жана ведомстволордун укук улантуучулугун эске алуу менен кызмат адамдарына карата чара көрүү | 2022-жылдын I кварталы | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары |
3 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобого ылайык бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөрдүн сметалары жок депозиттик эсептердин каражаттарын пайдалануу жана 2020-жылга бюджет жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ССМдин жана ЭСКММдин укук улантуучулугун эске алуу менен тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобого ылайык бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөрдүн сметалары жок депозиттик эсептердин каражаттарын пайдалануу жана “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизбегендиги үчүн ССМдин жана ЭСКММдин кызмат адамдарына карата чара көрүү | 2022-жылдын I кварталы | ССМ, ЭСКММ |
4 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106-беренесинин 5-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 токтому менен бекитилген «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бузуу менен казыналыктын системасынан тышкары 522,1 млн сом суммасындагы каражаттардын сарпталышына жол берген министрликтердин жана ведомстволордун укук улантуучулугун эске алуу менен тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106-беренесинин 5-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 529 токтому менен бекитилген «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бузуу менен казыналыктын системасынан тышкары 522,1 млн сом суммасындагы каражаттардын сарпталышына жол берген ЭКМдин кызмат адамдарына карата чара көрүү | 2022-жылдын I кварталы | ЭКМ |
5 | Мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган балансын даярдоону үзгүлтүккө учуратууга алып келүү менен 2020-жылга ФМге отчетту өз убагында бербегендиги үчүн ССМдин жана ӨКМдин укук улантуучулугун эске алуу менен тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | Мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган балансын даярдоону үзгүлтүккө учуратууга алып келүү менен 2020-жылга ФМге отчетту өз убагында бербегендиги үчүн ССМдин жана ӨКМдин кызмат адамдарына карата чара көрүү | 2022-жылдын I кварталы | ССМ, ӨКМ |
6 | «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мамлекеттик органдар, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналыктын тутумунан тышкары бардык эсептерди жабуусун караштырган 14-беренесин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин укук улантуучулугун эске алуу менен тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мамлекеттик органдар, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналыктын тутумунан тышкары бардык эсептерди жабуусун караштырган 14-беренесин бузгандыгы үчүн кызмат адамдарына карата чара көрүү | 2022-жылдын I кварталы | ЭМ |
7 | Салык мыйзамдарын аткаруу боюнча контролдун жоктугу үчүн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин укук укуктуучулугун эске алуу менен тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | Салык мыйзамдарын аткаруу боюнча контролдун жоктугу үчүн АЧМдин кызмат адамдарына карата чара көрүү | 2022-жылдын I кварталы | АЧМ |
8 | Резервдик фонддордун каражаттарын максатсыз пайдаланууга жол берген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укук улантуучулугун эске алуу менен тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | Резервдик фонддордун каражаттарын максатсыз пайдаланууга жол берген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызмат адамдарына карата чара көрүү | 2022-жылдын I кварталы | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары |
9 | Бишкек шаарынын мэриясына бөлүнгөн 744,0 млн сом суммасында бюджеттик ссуданы республикалык бюджетке өз убагында кайтарууну контролдоону камсыз кылбаган, Бишкек шаарынын мэриясынын укук улантуучулугун эске алуу менен министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо | Бишкек шаарынын мэриясына бөлүнгөн 744,0 млн сом суммасында бюджеттик ссуданы республикалык бюджетке өз убагында кайтарууну контролдоону камсыз кылбаган кызмат адамдарына карата чара көрүүнү Бишкек шаарынын мэриясына сунуштоо | 2022-жылдын I кварталы | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
10 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун акимдеринин резервдик фонддорун түзүү тартиби жок болгондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун акимдеринин резервдик фонддорун иштөө маселелерин кароо | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын резервдик фонддорун түзүү тартибин аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | 2022-жылдын I кварталы | ФМ |
11 | Карызды эсептен чыгаруу жана реструктуризациялоо, ошондой эле банкрот болгонго чейин мажбурлап өндүрүп алуу жолу менен үмүтсүз карыздар боюнча карыздыдарды андан ары эсепке алуунун максатка ылайыктуулугун кароо | Карызды эсептен чыгаруу жана реструктуризациялоо, ошондой эле банкрот болгонго чейин мажбурлап өндүрүп алуу жолу менен үмүтсүз карыздар боюнча карыздыдарды андан ары эсепке алуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштарды даярдоо | 2022-жылдын I кварталы | ФМ |
12 | Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругуна эпидемиологиялык кырдаалдын абалын эске алуу менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартиби бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелерин кароо | Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругуна эпидемиологиялык кырдаалдын абалын эске алуу менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартиби бөлүгүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо | 2022-жылдын II кварталы | ӨКМ, ФМ |
13 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине мамлекеттик башкаруу сектору жана карыздын туруктуулугунун эл аралык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен мамлекеттик карыздын босого мааниси боюнча бюджеттин тартыштыгынын так чегин белгилөөгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине мамлекеттик башкаруу сектору жана карыздын туруктуулугунун эл аралык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен мамлекеттик карыздын босого мааниси боюнча бюджеттин тартыштыгынын так чегин белгилөөгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө | 2022-жылдын II кварталы | ФМ |
14 | Мамлекеттик карыздын туруктуулугун сактоо максатында республиканын тышкы карызын конверсиялоо, пролонгациялоо жана реструктуризациялоо боюнча ишти активдештирүү маселелерин кароо | Мамлекеттик карыздын туруктуулугун сактоо максатында республиканын тышкы карызын конверсиялоо, пролонгациялоо жана реструктуризациялоо боюнча ишти активдештирүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун орто мөөнөттүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо | 2022-жылдын I кварталы | ФМ |
15 | Бюджеттин бекитилген суммасынан ашыкча тышкы жана ички кредиттик ресурстарды тартууга жол бербөө маселелерин кароо | Бюджеттин бекитилген суммасынан ашыкча тышкы жана ички кредиттик ресурстарды тартууга жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүү | 2022-жылдын I кварталы | ФМ |
16 | Инвестициялык долбоорлорго маани берүү менен жеңилдетилген шарттарда жаңы тышкы карыз алууларды тартуу маселелерин кароо | Инвестициялык долбоорлорго маани берүү менен жеңилдетилген шарттарда жаңы тышкы карыз алууларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү | 2022-жылдын II кварталы | ФМ |
17 | Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды тындырууну эске алуу менен тарифтик саясатты өзүнө камтыган энергетикалык секторду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу маселелерин кароо | Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды тындырууну эске алуу менен тарифтик саясатты өзүнө камтыган энергетикалык секторду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун демилгелөө | 2022-жылдын II кварталы | ЭМ |
18 | Маалыматтык билдирүүлөрдү жакшыртууну, ири кредит алуучулар үчүн чектөөлөрдү белгилөөнү, айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын түздөн-түз катышуусун, ошондой эле күрөө системасы жок жеңилдетилген кредиттерди берүүдө жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жогорулатууну эске алуу менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жеңилдетилген кредиттик ресурстарга кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелерин кароо | Маалыматтык билдирүүлөрдү жакшыртууну, ири кредит алуучулар үчүн чектөөлөрдү белгилөөнү, айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын түздөн-түз катышуусун, жеңилдетилген кредиттерди берүүдө жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жогорулатууну эске алуу менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жеңилдетилген кредиттик ресурстарга кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү | 2022-жылдын II кварталы | АЧМ, ФМ |
19 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 «Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө» токтомун Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси менен бекитилген бирдиктүү принципке ылайык келтирүү маселесин кароону жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшыруу | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси бекитилген бирдиктүү принцип боюнча келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 «Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө» токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо | 2022-жылдын II кварталы | БИМ, ФМ |
20 | Бүткөрүлбөгөн долбоорлору бар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органдарына тез арада пайдаланууга киргизүү менен объекттердин курулушун аяктоо боюнча чара көрүүнү тапшыруу | Бүткөрүлбөгөн долбоорлору бар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына тез арада объекттердин курулушун аяктоо боюнча чара көрүү | 2022-жылдын I кварталы | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ФМ |
21 | Мамлекеттик контролдун актысын тариздөө болбогондо, баалуу металлдардан жасалган буюмдардын бажы контролунан өтүшүн жокко чыгарган механизмди жана контролду киргизүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшыруу | Мамлекеттик контролдун таризделген актысы болбогон учурда, баалуу металлдардан жасалган буюмдардын бажы контролунан өтүшүн жокко чыгарган механизмди жана контролду киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | 2022-жылдын II кварталы | ФМ |
22 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Улуттук банктагы баланстан тышкаркы депозиттик эсептеринде турган каражаттардын калдыгына пайыздарды чегерүү, ошондой эле депозиттик баланстан тышкаркы эсептерди мамлекеттин активдерине которуу жөнүндө маселени Улуттук банк менен биргеликте иштеп чыгууну тапшыруу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КРУБындагы баланстан тышкаркы депозиттик эсептеринде турган каражаттардын калдыгына пайыздарды чегерүү, ошондой эле депозиттик баланстан тышкаркы эсептерди мамлекеттин активдерине которуу жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун демилгелөө | 2022-жылдын II кварталы | ФМ, КРУБ |
23 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча тиешелүү көлөмдө чыгымдардын башка категорияларын кыскартуу жана/же кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактарын аныктоо жөнүндө сунуштарды киргизүүнү эске алуу менен милдеттүү тартипте кошумча каражаттарды бюджеттен бөлүүнү (Мыйзам кабыл алынганга чейин) жүзөгө ашыруу | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча тиешелүү көлөмдө чыгымдардын башка категорияларын кыскартуу жана/же кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактарын аныктоо жөнүндө сунуштарды киргизүүнү эске алуу менен милдеттүү тартипте кошумча каражаттарды бюджеттен бөлүү (Мыйзам кабыл алынганга чейин) боюнча иштерди жүргүзүү | 2022-жылдын ичинде | ФМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ФМ – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭКМ – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
АЧМ – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги
ЭМ – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
ССМП– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ЭСКММ – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ӨКМ – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
БИМ – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
КРУБ – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Курулуш агенттиги – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги