Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-сентябры № 488
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
"Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында" III бөлүмүндө:
- 27-главасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 271-глава менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 13-сентябрында № 82(3417) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
1-тиркеме |
"
27. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 95-пункт | |
2 | Мамлекеттик кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык, нотариалдык, пробациялык жана жазык-аткаруу иши жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - Юстиция министрлиги) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Ченемдик укуктук актылар: - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси; - "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускама | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү. Ушул стандарттын 16-пунктунда каралган учурларда кызмат көрсөтүүдөн жүйөлүү баш тартуу. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы керектөөчүгө "жеке кабинетке" электрондук документ түрүндө жиберилет | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg) аркылуу электрондук түрдө, төмөнкүдөй шарттар бар болсо: 1) интернет байланышы; 2) электрондук колтамга (ЭК); - Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри аркылуу (мындан ары - КМТУБМР); - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармагычтар менен жабдылган санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) бардык керектөөчүлөрдүн тоскоолдуксуз кирүүсү; - жайда күтүү үчүн орундар, жылытуу системасы, телефон байланышына жана Интернет тармагына жетүү мүмкүндүгү бар; - түшкөн өтүнмөлөргө ылайык электрондук кезек принциби боюнча; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА), кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет же эгерде жайда өз алдынча чыгып баруу мүмкүн болбосо, өтүнмөлөрдү жана башка документтерди кабыл алуу үчүн кызматкер аларга түшүп келет; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы бар адамдар (угуу жана көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуулары бар ДМЧА, карыган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу кесиптик-этикалык ченемдердин кызматкерлер тарабынан сакталуусу. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат такталарына, расмий сайтка жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү сатып алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, өтүнмөлөрдүн үлгүлөрү жана толтуруу тартиби жөнүндө маалымат (үлгүлөр) жайгаштырылат. Иштөө графиги: Дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 18.00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат: дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 16.00гө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат: дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 18.00гө чейин. Мамлекеттик порталдын жана Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин иштөө графиги - оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу техникалык тыныгууларды кошпогондо, күнү-түнү. Керектөөчү жумуш убактысы бүткөндөн кийин, дем алыш жана майрам күндөрү кайрылганда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык арыздарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын берүү кийинки иш күнүндө жүзөгө ашырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жеке жана юридикалык жактар үчүн кагаз жүзүндө кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 53 мүнөт, анын ичинде: - арызды жана документтерди кабыл алуу - 5 мүнөт; - арызды жана документтерди электрондук документ жүгүртүү системасында каттоо - 2 мүнөт; - Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктуу кызматкери (адис-каттоочу) тарабынан арыздын каралышы - 12 мүнөт; - кызмат көрсөтүүгө акы төлөө квитанциясын текшерүү (кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо учурунда) - 10 мүнөт; - КМТУБМРге маалымат киргизүү - 19 мүнөт; - кызмат көрсөтүүнү аткаруунун жыйынтыгы тууралуу билдирмени керектөөчүгө каалагандай жеткиликтүү ыкма менен жиберүү - 5 мүнөт. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү кагаз жүзүндө кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүнө окшош | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) "жеке кабинет" аркылуу аралыктан кирүү режиминде; - Юстиция министрлигинде; - министрликтин расмий сайтында (www.minjust.gov.kg); - социалдык тармактарда (www.facebook.com/minjustKR/?fref=ts, www.instagram.com/minjustkg_official/, www.youtube.com/user/minjust1); - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маалымат төмөнкүдөй түрдө берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке байланышта); - электрондук түрдө. Маалымат менен маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде мамлекеттик жана расмий тилдерде таанышууга болот. Даректер, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Юстиция министрлигинин маалымат такталарына жана расмий сайтына (www.http://minjust.gov.kg) жайгаштырылат | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (Юстиция министрлигинин медиа планынын алкагында УТРК, ЭлТР, Ала-Тоо 24, СТВ, 5-канал, Пирамида, радиоканалдар, телеканалдар, маалыматтык сайттар, "Кабар" КУМА, гезиттер); - социалдык тармактар: (www.facebook.com/minjustKR/7fref=ts, www.instagram.com/minjustkg_official/, www.youtube.com/user/minjust1); - Юстиция министрлигинин расмий сайты (http://minjust.gov.kg/ru/content/1148); - Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg); - финансы-кредиттик уюмдардын кызматкерлери, нотариустар жана кызыкдар адамдар үчүн окууларды, тренингдерди өткөрүү жолу менен; - буклеттерди жана брошюраларды чыгаруу менен; - телефон аркылуу же адис менен жеке байланышта консултация берүү менен. Телефон номерлери Юстиция министрлигинин расмий сайтында (http://minjust.gov.kg/ru/contacts/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз негизде берилет | |
10 | Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу телефон байланышы, электрондук почта, Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (керектөөчүнүн "жеке кабинети") аркылуу жүзөгө ашырылат. Юстиция министрлигинде кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин каалгасында маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнүн жана кызмат ордун көрсөтүү менен жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | |
11 | Купуялыкты камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылбоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылбайт. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бардык талаптарына жооп берет. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жеке маалыматтарды КМТУБМР жайгаштырууга макулдук берилет | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу: - Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз; - көрсөтүлүүчү кызматка акы төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат. Эскертүү: порталга кайрылууда керектөөчүгө "жеке кабинетке" мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алган датаны жана убактысын көрсөтүү менен электрондук колтамга (ЭК) менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ формасында билдирүү жөнөтүлөт. Кызмат кагаз түрүндө алынган учурда: Кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши керек: - белгиленген үлгүдөгү арызды (арыздын үлгүсү Юстиция министрлигинин такталарында жана расмий сайтында http://minjust.gov.kg/ru/content/1155 болот); - кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны (кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу катталган учурда); - жеке маалыматтарды КМТУБМРга жайгаштырууга макулдук; - зарыл болгон учурда өкүлгө ишеним катты; - ким экендигин ырастоочу документти. Зарыл болгон иш-аракеттер: - кагаз жүзүндөгү көрсөтүлгөн документтерди алдын ала текшерүү үчүн ыйгарым укуктуу кызматкерге кайрылуу; - белгиленген үлгүдөгү арызды толтуруу; - акыны төгүү үчүн банктык реквизиттерди алуу; - банк системасы жана төлөм системасы аркылуу төлөө; - кагаз түрүндө керектүү документтердин тизмесин саат 9.00дөн 16.00гө чейин каттоого берүү; - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо же өзгөртүү же токтотуу тууралуу жазуу киргизүү жөнүндө күрөөлүк билдирүүнүн бир нускасын алуу; - кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз берүүчү жөнүндө башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга укуктуу | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" токтому менен аныкталган. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Юстиция министрлигинин расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык актуалдуулугу жана өз убагындалыгы; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрүнө ылайык өз убагындалыгы (бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн билдирилген көлөмүнө жана өткөрүү мөөнөтүнө жараша); - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээлеринен стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыгы, дини, саясий же башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - арыз ээлеринин даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу | |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук жана кагаз форматында көрсөтүлөт. Электрондук форматта кызмат толугу менен автоматташтырылган түрдө онлайн режиминде, Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык веб-портал аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) каттоодон өтүшү керек | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - эгерде ишеним кат боюнча күрөө кармоочу же анын өкүлү болуп саналбаган адамдын атынан берилсе; - эгерде керектөөчү ким экендигин ырастоочу документти, ал эми анын өкүлү - ким экендигин ырастоочу документти жана ишеним катты көрсөтпөсө; - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин жоктугу (кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо учурунда) | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин жетекчилигине белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү административдик тартипте жазуу жүзүндөгү даттануу менен Юстиция министрлигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилет. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш | |
|
|
|
|
".
| 2-тиркеме |
"
271. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 96-пункт |
2 | Мамлекеттик кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык, нотариалдык, пробациялык жана кылмыш-жаза аткаруу иши жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - Юстиция министрлиги) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Ченемдик укуктук актылар: - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси; - "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмеги); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтому менен бекитилген Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускама |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен (мындан ары - КМТУБМР) көчүрмө. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы керектөөчүгө "жеке кабинетке" электрондук документ формасында жиберилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй ишке ашырылат: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg) аркылуу электрондук формада, төмөнкүдөй шарттар бар болсо: 1) интернет байланышы; 2) электрондук колтамга (ЭКТ); - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармагычтар менен жабдылган санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) бардык керектөөчүлөрдүн тоскоолдуксуз кирүүсү; - жайлар күтүү, жылытуу, телефон байланышына жана Интернет тармагына жетүү үчүн орундар менен жабдылган; - түшкөн өтүнмөгө ылайык электрондук кезек принциби боюнча; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА), кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет же аларга эгерде бөлмөгө өз алдынча чыгуу мүмкүн болбосо, кызматкер өтүнмөлөрдү жана башка документтерди кабыл алуу үчүн аларга түшөт; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы бар адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгы боюнча ДМЧА, картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу кесиптик-этикалык ченемдердин кызматкерлер тарабынан сакталуусу. Жеңилдиктери бар жарандардын тизмеси маалымат такталарына, расмий сайтка жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Керектөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү сатып алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси, арыздардын үлгүлөрү жана толтуруу тартиби жөнүндө маалымат (үлгүлөр) жайгаштырылат. Иштөө графиги: дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 18.00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө арыздарды кабыл алуу дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 16.00гө чейин жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү дүйшөмбүдөн тартып жума күнүн кошо алганда, саат 9.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт. Мамлекеттик порталдын жана Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин иштөө графиги - оңдоо иштерине байланыштуу техникалык тыныгууларды кошпогондо, күнү-түнү. Керектөөчү жумуш убактысы бүткөндөн кийин, дем алыш жана майрам күндөрү кайрылганда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык арыздарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарын берүү кийинки иш күнү менен жүзөгө ашырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 34 мүнөттү түзөт, анын ичинде: - арызды кабыл алуу - 5 мүнөт; - арызды жана документтерди электрондук документ жүргүзүү системасында каттоо - 2 мүнөт; - акы төлөнгөнү жөнүндө квитанцияны текшерүү - 8 мүнөт; - КМТУБМРда маалыматтарды издөө - 5 мүнөт; - документтерди тариздөө жана документтерди басып чыгаруу - 5 мүнөт; - көчүрмөгө ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан кол коюу - 5 мүнөт; - керектөөчүгө документти берүү - 4 мүнөт. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү кагаз жүзүндө кызмат көрсөтүү мөөнөтүнө окшош |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (Юстиция министрлигинин медиа планынын алкагында УТРК, ЭлТР, Ала-Тоо 24, СТВ, 5-канал, Пирамида, радиоканалдар, телеканалдар, маалыматтык сайттар, "Кабар" КУМА, гезиттер, социалдык тармактар); - Юстиция министрлигинин расмий сайты (http://minjust.gov.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg); - финансы-кредиттик уюмдардын кызматкерлери, нотариустар жана башка кызыкдар адамдар үчүн окууларды жана тренингдерди өткөрүү жолу менен; - буклеттерди жана брошюраларды чыгаруу менен; - телефон аркылуу же адис менен жеке байланышта консультация берүү. Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке байланышта); - электрондук формада. Маалымат менен маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде мамлекеттик жана расмий тилдерде таанышууга болот. Телефон номерлери Юстиция министрлигинин расмий сайтына (http://minjust.gov.kg/ru/contacts/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (Юстиция министрлигинин медиа планынын алкагында УТРК, ЭлТР, Ала-Тоо 24, СТВ, 5-канал, Пирамида, "Кабар" КУМА, 1-радио ж.б., гезиттер аркылуу); - социалдык тармактар (www.facebook.com/minjustKR/?fref=ts, www.instagram.com/minjustkg_official/, www.youtube.com/user/minjust1) аркылуу; - Юстиция министрлигинин расмий сайты (http://minjust.gov.kg/ru/content/1148); - финансы-кредиттик уюмдардын кызматкерлери, нотариустар жана кызыкдар адамдар үчүн окууларды жана тренингдерди өткөрүү жолу менен; - буклеттерди жана брошюраларды чыгаруу менен; - телефон аркылуу же адис менен жеке байланышып консультация алуу. Телефон номерлери Юстиция министрлигинин расмий сайтында төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылат: (http://minjust.gov.kg/ru/contacts/). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу телефон байланышы, электрондук почта, Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы (керектөөчүнүн "жеке кабинети") аркылуу жүзөгө ашырылат. Юстиция министрлигинде кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин каалгасында маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнүн жана кызмат ордун көрсөтүү менен жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялыкты камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бардык талаптарына жооп берет. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жеке маалыматтарды КМТУМБРде жайгаштырууга макулдук берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу төмөнкүлөр берилет: - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук арыз; - көрсөтүлө турган кызматка төлөө жөнүндө маалымат. Эскертүү: керектөөчүгө "жеке кабинетине" порталга кайрылганда электрондук колтамга (ЭК) менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ түрүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алуу датасын жана убактысын көрсөтүү менен билдирме жиберилет. КМТУБМРден кагаз түрүндө көчүрмө алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши керек: - КМТУБМРден көчүрмө берүү жөнүндө арызды (арыздын үлгүсү Юстиция министрлигинин расмий сайтында бар); - көчүрмө берүү үчүн кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны; - зарыл болгон учурда өкүлгө ишеним катты жана өздүгүн ырастоочу документти. КМТУБМР аркылуу: Электрондук форматта кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү Юстиция министрлиги менен акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүп, КМТУБМРге кирүүгө уруксат (логин жана пароль) алышы керек. Андан кийин өз алдынча онлайн режимде каалаган убагында (http://minjust.gov.kg/ru/content/1148) же (https://portal.tunduk.kg/) шилтеме боюнча кирип, жеке жана юридикалык жактын, ошондой эле күрөө предметинин зарыл маалыматтарын көчүрмөнү алуу үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документти тиркөө менен АМСке киргизсе болот. Көчүрмөдө суралган предмет боюнча маалымат камтылат. Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз берүүчү жөнүндө башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга укуктуу |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" токтому менен аныкталган. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Юстиция министрлигинин расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилүүсү; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди жарандардан талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы; - кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук жана кагаз форматында көрсөтүлөт. Электрондук форматта кызмат толугу менен автоматташтырылган формада онлайн режиминде, Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык веб-портал аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg) каттоодон өтүшү керек |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ жок болсо; - арыздын баяндалышы так эмес берилсе же зарыл болгон маалымат жок болсо |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин жетекчилигине белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү административдик тартипте Юстиция министрлигине жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бекитилген формада берилет. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү Юстиция министрлигинин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш |
".