Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябры № 646
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында" III бөлүмүнүн 81, 82, 83, 84-главаларынын 2-пункттарындагы "Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти" деген сөздөр "Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында" IV бөлүмүндө:
35 жана 36-главаларынын 2-пункттарындагы "Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти" деген сөздөр "Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 59, 60, 61-главалар менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 29-ноябрындагы № 105 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
| Тиркеме |
"
59. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү жана келишимдери боюнча дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапаты боюнча лабораториялык сыноолорду жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасынын 62-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу борбордук мамлекеттик орган (андан ары - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр. Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын өндүрүүчүлөрү жана дистрибьюторлору |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | 1. "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 2. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 3. 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашуу. 4. 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашуу. 5. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 28 "Медициналык буюмдарды техникалык сыноодон өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" чечими. 6. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 "Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелери жөнүндө" чечими. 7. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 46 "Медициналык буюмдарды каттоо жана коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун экспертизалоо эрежелери жөнүндө" чечими. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Сыноо протоколу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү "Сыноо жана калибрлөө лабораториясынын компетенциясынын жалпы талаптары" МАМСТ ISO/IEC 17025-2019 эл аралык стандарты боюнча аккредитацияланган Департаменттин сыноо лабораториялары тарабынан ишке ашырылат. Өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу департамент тарабынан "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жандуу/электрондук кезек принциби боюнча. Арыз ээлеринин, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандустар, кармоочтор менен жабдылган |
|
| имаратка (жайга) жана санитардык гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү камсыз кылынат. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, санитардык-гигиеналык жайлар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же алар жайга чыга албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 30 күндөн ашпайт жана төмөнкү этаптарды камтыйт: - лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө арыздарды жана документтерди (кагаз) жана/же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу кабыл алуу; - арызды талдоо; - келишимди түзүү; - дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын үлгүлөрүн кабыл алуу; - арыз ээси тарабынан берилген дары каражаттарынын/медициналык буюмдардын үлгүлөрүнүн сапатына лабораториялык сыноолорду жүргүзүү; - сыноо протоколун тариздөө; - арыз ээсине сыноо протоколун берүү |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталынан: portal.tunduk.kg; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан: med.gov.kg; - Департаменттин расмий сайтынан: www.pharm.kg; - Департаменттен төмөнкү дарек боюнча: 720044, Бишкек ш., 3-линия көч., 25, байланыш телефону +996 (312) 21-92-85. Иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 16.30га чейин, түшкү тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин, дем алыш күндөр - ишемби, жекшемби. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат керектөөчүлөр үчүн төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (адис менен жеке байланышууда телефон боюнча). Маалымат менен кызмат көрсөтүү түйүндөрүндө жайгаштырылган маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан таанышууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Департаменттин маалымат такталарында, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg), ошондой эле Департаменттин расмий сайтында (www.pharm.kg) жайгаштырылат |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: med.gov.kg; - Департаменттин расмий сайты www.pharm.kg; - маалымат такталары, буклеттер, брошюралар; - ошондой эле Департаментке жеке кайрылууда. Департаменттин дареги, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (med.gov.kg) жана Департаменттин расмий сайтында (www.pharm.kg) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз ээлери менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана ээлеген кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, сабырдуулук, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. Лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн кызматкерлер арыз ээси жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоо үчүн жоопкерчилик тартышат, ошондой эле калыстыкты жана купуялуулукту камсыз кылуу жөнүндө арызга кол коюшат |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү берет: - дары каражаттарынын/медициналык буюмдардын сапаты боюнча лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү же электрондук түрдөгү арыз; - дары каражатынын сапаты боюнча ченемдик документ, медициналык буюмдун техникалык жана эксплуатациялык документтери (жумушчу чиймелер, таблицалар жана схемалар, техникалык ченемдик документтер); - дары каражаттарынын/медициналык буюмдардын кеминде үч лабораториялык сыноодон өткөрүү үчүн зарыл болгон өлчөмдөгү дары каражаттарынын/медициналык буюмдардын үлгүлөрү; - дары каражаттарын/медициналык буюмдарды үчтөн кем эмес лабораториялык сыноодон өткөрүү үчүн зарыл болгон өлчөмдөгү стандарттык үлгүлөрдүн жана спецификалык реагенттердин үлгүлөрү; - дары каражатынын/медициналык буюмдун маркалоосу жана таңгагы жөнүндө маалыматтар; - арыз ээси тарабынан иштелип чыккан медициналык буюмду сыноо программасы; - медициналык буюм шайкеш келген стандарттардын тизмеси, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык аттестациядан өткөн (валидацияланган) жана бекитилген сыноо методдору (методикалары); - кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөө фактысын ырастаган документ. Эгерде документтер чет тилде түзүлгөн болсо, аларга мамлекеттик же расмий тилдеги күбөлөндүрүлгөн котормосу тиркелет. Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалыматты "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларынын прейскурантында чагылдырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат менен электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg), маалымат тактасынан жана Департаменттин расмий сайтынан (www.pharm.kg) таанышууга болот |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - кызмат көрсөтүүнү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, санитардык-гигиеналык жайлардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык, кызмат электрондук форматта Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө көрсөтүлөт. Эскертүү: Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында катталуусу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб- баракчада өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана кагазга басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат: - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук пакети берилбесе жана тапшырылган документтердеги маалыматтар так болбосо; - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөдөн баш тартылса; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү менен Департаменттин ортосундагы келишимде каралган шарттар сакталбаса |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай жүзөгө ашырылбаган учурда кызмат көрсөтүүнү керектөөчү кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине же ушул кызматты көрсөтүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү даттануу бере алат. Жазуу жүзүндөгү даттанууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: - кызмат көрсөтүүнү керектөөчү уюмдун аталышы; - кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан даттануу берген адамдын аты-жөнү, анын кызматы жана юридикалык жактын жайгашкан жери; - даттануу предмети; - даттанууга тиркелген документтердин тизмеси; - даттануу берилген күнү, айы жана жылы; - юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын колу, юридикалык жактын мөөрү. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
60. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн, медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн жана юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү жана келишимдери боюнча дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене сатуу уюмдарынын ишин баалоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасынын 63-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөр, медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр жана дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүңүнөн жана чекене сатуучу уюмдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | 1. "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 2. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 3. 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашуу. 4. 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашуу. 5. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 77 "Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө" чечими; 6. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 "Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелери жөнүндө" чечими. 7. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 80 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында талаптагыдай дистрибьютордук практиканын эрежелерин бекитүү жөнүндө" чечими. 8. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 83 "Фармацевтикалык инспекция жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" чечими. 9. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 10-ноябрындагы № 106 "Медициналык буюмдарды колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша алардын сапатынын менеджмент системасын киргизүүгө, колдоого жана баалоого коюлуучу талаптарды бекитүү жөнүндө" чечими. 10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 9-пунктунун 2-пунктчасы. 11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 28 "Евразия экономикалык бирлигинин Талаптагыдай фармацевтикалык практикаларынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөр, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүңүнөн жана чекене сатуучу уюмдар үчүн - фармацевтикалык инспекция жүргүзүү жөнүндө отчет. Медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр үчүн - медициналык буюмдарды өндүрүүгө инспекция жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү Департамент тарабынан "Бирдиктүү терезе" принциби жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жандуу/электрондук кезек принциби боюнча. Арыз ээлеринин, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка (жайга) жана санитардык гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү камсыз кылынат. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, санитардык-гигиеналык жайлар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же алар жайга чыга албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөргө жалпы мөөнөт 120 жумуш күндөн ашык эмес, медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр үчүн 90 жумуш күндөн ашык эмес жана төмөнкү этаптардан турат: 1) арыздарды кабыл алуу жана берилген документтерге экспертиза жүргүзүү (электрондук/кагаз түрүндө); 2) инспекциядан өтүп жаткан субъект менен инспекция жүргүзүү мөөнөттөрүн макулдашуу; 3) инспекция жүргүзүү тобун түзүү; 4) инспекция жүргүзүү программасын түзүү жана инспекциядан өтүп жаткан субъектке жөнөтүү; 5) дары каражаттарын өндүрүүчүлөр үчүн материалдардын же продукциялардын тандалып алынган сынамдарын (үлгүлөрүн) инспекциядан өткөрүү жана зарыл болгон учурда үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык сыноолорду жүргүзүү; 6) фармацевтикалык инспекция жүргүзүүнүн отчетун түзүү; 7) түзөтүүчү жана алдын алуучу иш-чаралардын планын, анын аткарылышы жөнүндө отчетту жана аныкталган шайкеш эместиктерди четтетүүнүн далилин баалоо (зарыл болгон учурда); 8) фармацевтикалык инспекциянын талаптагыдай өндүрүштүк практиканын эрежелеринин талаптарына шайкештигин баалоонун жыйынтыгын берүү. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүңүнөн жана чекене сатуучу уюмдар үчүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күндөн ашпайт жана төмөнкү этаптардан турат: 1) берилген документтерди кабыл алуу жана экспертиза жүргүзүү; 2) дистрибьютор менен инспекция жүргүзүү мөөнөттөрүн макулдашуу жана ага инспекция жүргүзүү программасын жөнөтүү; 3) объектке инспекция жүргүзүү; 4) дары каражатынын сапатына дистрибьюция процессинин потенциалдуу терс таасири аныкталган учурда материалдардын же продукциянын тандалып алынган сынамдарына (үлгүлөрүнө) лабораториялык сыноо жүргүзүү; 5) инспекцияны жүргүзүү тууралуу отчетту түзүү; 6) түзөтүүчү жана алдын алуучу иш-чаралардын планын, анын аткарылышы жөнүндө отчеттун жана аныкталган шайкеш эместиктерди четтетүүнүн далилин баалоо (зарыл болгон учурда); 7) кайталанган (контролдоочу) инспекция (зарыл болгон учурда); 8) фармацевтикалык инспекциянын талаптагыдай дистрибьютордук практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкештигин баалоонун жыйынтыгын берүү |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталынан: portal.tunduk.kg; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан: те<±£ОҮ.к§; - Департаменттин расмий сайтынан: med.gov.kg; - Департаменттен төмөнкү дарек боюнча: 720044, Бишкек ш., 3-линия көч., 25, байланыш телефону +996 (312) 21-92-85. Иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин, дем алыш күндөр - ишемби, жекшемби. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат керектөөчүлөр үчүн төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон боюнча, электрондук почта аркылуу, адис менен жеке байланышууда). Маалымат менен кызмат көрсөтүү түйүндөрүндө жайгаштырылган маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан таанышууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Департаменттин маалымат такталарында, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg), ошондой эле Департаменттин расмий сайтында (www.pharm.kg) жайгаштырылат |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: med.gov.kg; - Департаменттин расмий сайты www.pharm.kg; - маалымат такталары, буклеттер, брошюралар; - ошондой эле Департаментке жеке кайрылууда. Департаменттин дареги, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (med.gov.kg) жана Департаменттин расмий сайтында (www.pharm.kg) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз ээлери менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана ээлеген кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, сабырдуулук, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. Баалоо жүргүзгөн кызматкерлер арыз ээси жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоо үчүн жоопкерчилик тартышат. Арыз ээсинин документтери менен иштөөнүн алдында кызматкер Кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу жөнүндө декларацияга жана Купуялуулук жөнүндө декларацияга кол коет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү берет: - белгиленген формага ылайык талаптагыдай фармацевтикалык практиканын эрежелеринин талаптарынын шайкештигине ишмердүүлүктү баалоо жөнүндө арыз; - арыз ээсинин өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензиянын/лардын (бар болгон учурда) көчүрмөсү (же арыз ээси дары каражаттарын өндүрүү/сатуу боюнча иш менен алектенүүгө негиз болгон документ/тер) (резидент эместер үчүн); - кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм квитанциясы. Кошумча: дары каражаттарын өндүрүүчүлөр үчүн: - баалоодон өтүп жаткан арыз ээсинин өндүрүш аянтчасында өндүрүлгөн дары каражаттарынын тизмеси; - өндүрүштүк аянтчасынын досьеси (Талаптагыдай өндүрүштүк практиканын эрежелерине байланыштуу өндүрүүчүнүн ишмердүүлүгүн сүрөттөгөн документ); - дары каражаттары өндүрүлгөн аймактагы өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы (уюму) тарабынан өндүрүлгөн өлкөдө колдонулуучу өндүрүштүн (өндүрүштүк аянтчанын) талаптагыдай өндүрүштүк практиканын эрежелеринин (бар болгон учурда) талаптарына шайкештиги жөнүндө берилген документтин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же инспекция өткөрүлгөн объект жайгашкан аймактагы өлкөнүн тийиштүү реестринен электрондук көчүрмөсү же көчүрмө бөлүгү (резидент эместер үчүн). Медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр үчүн: - сапат боюнча нускаманын көчүрмөсү же сапат менеджменти системасынын ошого окшош документи. Дүңүнөн жана чекене сатуучу уюмдар үчүн: - сапат боюнча колдонмонун көчүрмөсү. Эгерде документтер чет тилде түзүлгөн болсо, аларга мамлекеттик же расмий тилдеги күбөлөндүрүлгөн котормосу тиркелет. Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалыматты "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларынын прейскурантында чагылдырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат менен электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg), маалымат тактасынан жана Департаменттин расмий сайтынан (www.pharm.kg) таанышууга болот |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - кызмат көрсөтүүнү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, санитардык-гигиеналык жайлардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык, кызмат электрондук форматта Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө көрсөтүлөт. Эскертүү: Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында катталуусу керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана кагазга басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). Кызмат аралыктан өз ара аракеттенүү каражаттарын колдонуу менен дары каражаттарын/медициналык буюмдарды өндүрүүчүнүн ишин баалоо жолу менен көрсөтүлүшү мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат: - ушул стандарттын 12-пунктунда саналган документтердин пакети толук эмес, ошондой эле арызда камтылган жана (же) ыйгарым укуктуу органдын (уюмдун) суроо-талабы боюнча берилген документтердин толук эместиги жана (же) так эместиги; - инспекциялоо жол-жобосун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган арыз ээси тарабынан инспекция жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарбагандыгы; - инспекцияны өткөрүүгө сарпталган чыгымдарга белгиленген мөөнөттө акы төлөнбөгөндүгү |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай жүзөгө ашырылбаган учурда кызмат көрсөтүүнү керектөөчү кызмат көрсөтүүчү Департаменттин жетекчилигине же ушул кызматты көрсөтүүгө жооптуу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү даттануу бере алат. Жазуу жүзүндөгү даттанууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: - кызмат көрсөтүүнү керектөөчү уюмдун аталышы; - кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан даттануу берген адамдын аты-жөнү, анын кызматы жана юридикалык жактын жайгашкан жери; - даттануу предмети; - даттанууга тиркелген документтердин тизмеси; - даттануу берилген күнү, айы жана жылы; - юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын колу, юридикалык жактын мөөрү. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
61. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча калктын саламаттыгын чыңдоону профилактикалоо максатында маалыматтык материалдарды (басма, аудио жана видео) пландан тышкары иштеп чыгуу жана басып чыгаруу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасынын 64-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу борбордук мамлекеттик орган (андан ары - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору жана анын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - РДЧжМКБ) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жана физикалык жактар - калктын ден соолугун чыңдоого багытталган басма, аудио же видео маалыматтык материалдардын заказчылары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө", "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 12-декабрындагы № 1099 буйругу менен бекитилген РДЧжМКБ жөнүндө жобо |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Келишимге ылайык иштелип чыккан, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө берилген маалыматтык материалдар |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жандуу/электрондук кезек принциби боюнча. Арыз ээлеринин, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандустар, кармоочтор менен жабдылган имаратка (жайга) жана санитардык гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү камсыз кылынат. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, санитардык-гигиеналык жайлар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же алар жайга чыга албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу убактысы - 30 мүнөттөн ашпайт. Маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу мөөнөтү жумуштардын көлөмүнө жана кызмат көрсөтүүнү алуучу менен кол коюлган келишимге ылайык ар бир учурда жекече сүйлөшүлөт, бирок 50 күндөн ашпайт. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө убакыт - 30 мүнөттөн ашпайт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарын расмий сайтынан; - РДЧжМКБнын расмий сайтынан: https://saksalamat/kg/; - электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталынан: portal.tunduk.kg; - керектөөчү (алардын расмий ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) РДЧжМКБга жана анын аймактык органдарына жеке кайрылууда; - телефон аркылуу оозеки формада (+996 312) 300 985, электрондук почта аркылуу rchp08@mail.ru. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен кызмат көрсөтүү түйүндөрүндө жайгаштырылган маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан таанышууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезит, радио, телеберүү); - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты; - РДЧжМКБнын расмий сайты: https://saksalamat/kg/; - электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - жеке кайрылуу жана телефон (+996 312) 300 985, электрондук почта rchp08@mail.ru аркылуу байланышуулар; - маалымат такталары, буклеттер, брошюралар. РДЧжМКБнын жана анын аймактык органдарынын даректери, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштөө режими https://saksalamat/kg/ расмий сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, РДЧжМКБда жана анын аймактык органдарында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана ээлеген кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) бар. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, сабырдуулук, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү керек: - кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө зарыл болгон маалыматтык материалдардын түрүн белгилөө менен кызмат көрсөтүүгө арыз; - кызмат көрсөтүүнүн күтүлүп жаткан натыйжасын толук баяндоо менен техникалык тапшырма. Техникалык тапшырма жана чыгашалар сметасы талкуулагандан кийин кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда типтүү келишимдин негизинде РДЧжМКБнын адиси тарабынан даярдалган кызмат көрсөтүүгө келишимге кол коюлат. Мамлекеттик кызмат үчүн акы төлөм керектөөчү тарабынан кол коюлган тейлөө келишиминин шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүчү тарабынан кызмат көрсөтүү аткарылгандан кийин кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы керектөөчүгө өткөрүлүп берилет, ал эки тарап кол койгон аткарылган иштин актысы менен ырасталат. Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалыматты "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынган документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүлгөн жерлердеги маалымат такталарына жана РДЧжМКБнын расмий сайтына: https://saksalamat/kg/ жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турууга тийиш |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн тарифтик наркы керектөөчү сураган иштин түрүнө жараша эсептелет жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана РДЧжМКБ тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бааларынын прейскурантында чагылдырылат, ал кызмат көрсөтүлүүчү жерлердеги маалымат такталарына жана РДЧжМКБнын расмий сайтына: https://saksalamat/kg/ жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - кызмат көрсөтүүнү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, санитардык-гигиеналык жайлардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Иштелип чыккан маалыматтык материалдар кызмат көрсөтүүчү тарабынан керектөөчүгө электрондук алып жүрүүчүдө электрондук түрдө, ошондой эле Келишимде каралган шарттарга ылайык башка алып жүрүүчүлөрдө жана өлчөмдө берилет. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 1. Кызмат көрсөтүү жол-жобосун баштоо үчүн зарыл болгон маалымат жалпыга жеткиликтүү веб-баракчада жайгаштырылган |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Зарыл болгон документтер берилбеген же кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда аталган аракеттер аткарылбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай жүзөгө ашырылбаган учурда керектөөчү кызмат көрсөтүүчү органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда, керектөөчү белгиленген тартипте жогору турган органга (саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга) кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин аты-жөнү, юридикалык дареги, телефон номери, дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |