Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) III бөлүмүндө:
- 69-бабы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 70-бабы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 71-бабы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 72-бабы ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 73-бабы ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2) V бөлүмүндө:
- 40-бабы ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 41-бабы ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 42-бабы ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |
| 1-тиркеме |
"
69. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 85-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдар (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Төмөнкү куракка жеткен жеке адамдар: - 16 жаш - "А1", "А", "В1" категориясы (жана категориячасы) боюнча; - 17 жаш - "В" категориясы боюнча; - 18 жаш - "ВЕ", "С1", "С" категориясы (жана категориячасы) боюнча; - 21 жаш - "D1", "D", "С1Е", "СЕ", "DE" категориясы (жана категориячасы) боюнча жана "D1E" категориячасы боюнча; - 21 жаш "Т" - троллейбустар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору: - 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө"; - 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" |
5 | Көрсөтүүлүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Тийиштүү категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна улуттук жана/же эл аралык үлгүдөгү айдоочунун күбөлүгү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча. Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алуу менен документтерди кабыл алууга чектик убакыт - 30 мүнөт. Кызмат көрсөтүүнүн чектик жалпы мөөнөтү, анын ичинде экзамендер (практикалык жана теориялык) жана айдоочулук күбөлүктү даярдоо убактысы - 4 жумуш күн. Кезек күтүүнү эске алуу менен кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүүгө чектик убакыт - 30 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда; - оозеки түрүндө 119 номери боюнча (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (Колл-борбор) телефону боюнча). Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалыматты кызмат көрсөткөн мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Колл-борборунун телефону - 119 боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына (grs.gov.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: 1) Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк алуу үчүн: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН); - архив иши, калкты жана автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - тийиштүү сынакты ийгиликтүү тапшыруу жөнүндө ырастоо (транспорт каражатын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалымат системасында ырасталат); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону); - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме берген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн тастыктаган документ (наркологиялык текшерүү, психикалык ден соолугун аныктоо, көрүүсүн текшерүү), анын берилген мөөнөтү 12 айдан ашпашы керек; - айдоочулук курамды даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курсту аяктагандыгы тууралуу бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүк. Электрондук маалыматтар базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт. Окугандыгы жөнүндө күбөлүк жана электрондук маалыматтар системасында маалыматтар болбогондо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгенин ырастаган документ берилет; - айдоочулук курамды даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы; - айдоочулук күбөлүк (эгер мурда берилсе). Чет тилде жазылган айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилдерге которулууга жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы жөнүндөгү нотариустун же ушундай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу башка кызмат адамынын күбөлөндүрүүчү колу болууга тийиш; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция. "С", "С1", "D", "D1", "СЕ", "С1Е", "DE", "D1E" категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга кайра даярдалган учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курсту аяктагандыгы тууралуу күбөлүк берилет. Адамды автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтар болгондо, бардык категориядагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт. 2) Мурда берилген улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктүн ордуна улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү берүүдө арыз ээси төмөнкүлөрдү берет: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин (ИЖН); - архив иши, калкты жана автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары; - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме берген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастаган документ (наркологиялык текшерүү, психикалык ден соолугун аныктоо, көрүүсүн текшерүү), анын берилген мөөнөтү 12 айдан ашпашы керек; - улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүк (жоголгондо берилбейт); - айдоочулук курамды даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курста окугандыгы жөнүндө күбөлүк; - айдоочулук курамды даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы). 3) Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк жоголгондо: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН); - архив иши, калкты жана автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону); - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме берген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн тастыктаган документ (наркологиялык текшерүү, психикалык ден соолугун аныктоо, көрүүсүн текшерүү), анын берилген мөөнөтү 12 айдан ашпашы керек; - айдоочулук курамды даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарында окугандыгы жөнүндө күбөлүк. Окугандыгы жөнүндө күбөлүк жана электрондук маалыматтар системасында маалыматтар болбогондо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгенин ырастаган документ берилет; - айдоочулук курамды даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы. Айдоочунун өздүк карточкасы болбогондо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгенин ырастаган документ берилет; - Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автотранспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылбагандыгы жөнүндө маалым каты. 4) Чет мамлекеттин улуттук айдоочулук күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыруу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН); - архив иши, калкты жана автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону); - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме берген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастаган документ (наркологиялык текшерүү, психикалык ден соолугун аныктоо, көрүүсүн текшерүү), анын берилген мөөнөтү 12 айдан ашпашы керек; - чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүк жана чет мамлекетте берилген айдоочулук күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүргөн котормосу; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы). Чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктөр тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу чет өлкөлүк жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендигин жазуу жүзүндөгү ырастоону алгандан кийин Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырылат. Зарыл болгон документтер берилгенден кийин чет өлкөлүк жарандар квалификациялык сынак тапшырышат. 5) Кыргыз Республикасынын жарандарына эл аралык жол кыймылына катышкандыгы үчүн улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн негизинде эл аралык айдоочулук күбөлүк берилет. Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү үчүн арыз ээси тарабынан төмөнкүдөй документтер берилет: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН); - архив иши, калкты жана автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары; - Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү; - жалтырабаган фотокагаздагы 3,5х4,5 см өлчөмүндөгү эки түстүү фотосүрөт; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы). Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн ээсинин расмий өкүлүнө төмөнкүдөй документтер болгондо Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн берүүгө жол берилет: - нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; - өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документ; - ишеним берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы; - ишеним берүүчүнүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта) көчүрмөсү; - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону); - ишеним берүүчүнүн жалтырабаган фотокагаздагы 3,5х4,5 см өлчөмүндөгү эки түстүү фотосүрөтү; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик шарттардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү тийиштүү айдоочулук окууну аяктаган окуу жайлары тарабынан өтүнмө берүү стадиясында электрондук форматта кызмат көрсөтүлөт. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз | Арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтер берилбеген жана 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндө керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".
|
| 2-тиркеме |
"
70. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 86-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Төмөнкү курактарга жеткен жеке адамдар: - 16 жаш - кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВт’га чейинки каз таман жана дөңгөлөктүү тракторлорду айдоо укугу ("А" категориясы); - 17 жаш, "А" графасында уруксат берүүчү белгиси бар - кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВт’тан 77,2 кВт’ка чейинки дөңгөлөктүү тракторлорду айдоо укугу ("Б" категориясы); - 18 жаш, "А", "Б" графаларында уруксат берүүчү белгиси бар - кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВт’тан жогору дөңгөлөктүү тракторлорду айдоо укугу ("В" категориясы); - 18 жаш, "А" графасында уруксат берүүчү белгиси жана үзгүлтүксүз бир жыл айдоочулук иш стажы бар - кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВт’тан жогору каз таман тракторлорду айдоо укугу ("Г" категориясы); - 18 жаш, "А", "Б" графаларында уруксат берүүчү белгиси бар - өзү жүрүүчү айыл чарба машиналарын айдоо укугу ("Д" категориясы); - 18 жаш, "А", "Б", "В" графаларында уруксат берүүчү белгилери жана үзгүлтүксүз бир жыл айдоочулук иш стажы бар - мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналарын, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.м’ге чейинки экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү айдоо укугу ("Е" категориясы); - 18 жаш, "А", "Б", "В", "Е" графаларында уруксат берүүчү белгилери жана үзгүлтүксүз бир жыл айдоочулук стажы бар - мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналарын, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.м’ден жогорку экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү айдоо укугу ("Е1" категориясы) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору: - 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө"; - 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды айдоо укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча. Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алуу менен документтерди кабыл алууга чектик убакыт - 30 мүнөт. Кызмат көрсөтүүнүн чектик жалпы мөөнөтү, анын ичинде экзамендер (практикалык жана теориялык) жана айдоочулук күбөлүктү даярдоо убактысы - 2 саат. Кезек күтүүнү эске алуу менен кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүүгө чектик убакыт - 30 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg. - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда; - оозеки түрүндө 119 номери боюнча (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (Колл-борбор) телефону боюнча). Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалыматты кызмат көрсөткөн мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана МККнын Колл-борборунун телефону - 119 боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына (grs.gov.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталар илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: - архив иши, калкты жана автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - тийиштүү сынакты ийгиликтүү тапшыруу жөнүндө ырастоо (транпорт каражатын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалымат системасында ырасталат); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - ким экендигин ырастоочу документ, барган жери боюнча каттоосу жана алты айдан кем эмес мөөнөткө визасы же жашап турууга уруксаты жана качкындын күбөлүгү болгондо; - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастаган документ (наркологиялык текшерүү, психикалык ден соолугун аныктоо, көрүүсүн текшерүү); - тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды айдоо укугун алуу талапкерлерди даярдоочу жана кайра даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген, окуу жайынын жетекчиси тарабынан кол коюлуп, мөөр менен күбөлөндүргөн окуудан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк; - тракторист-машинисттин күбөлүгү, эгер мурда берилсе (жоголгондо кайра берилбейт); - айдоочулук күбөлүк (болсо); - жалтырабаган фотокагаздагы 3,5х4,5 см өлчөмүндөгү эки түстүү фотосүрөт; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы). Тракторист-машинисттин күбөлүгү жоголгондо, ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары кошумча төмөнкүлөр берилет: - Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылбагандыгы жөнүндө маалым каты. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн алуу үчүн керектөөчүлөр квалификациялык сынак тапшырышат. Кызмат көрсөтүүнү алуучу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жерлериндеги маалымат такталарына, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары, "айыл чарба механизатору" адистиги боюнча жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окуган жетим балдар Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан окууга багыттама берилген шартта, квалификациялык сынак кабыл алуу жана тракторду, өзү жүрүүчү машинаны айдоо укугуна күбөлүк берүү үчүн белгиленген жыйымдарды төлөшпөйт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик шарттардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт. Керектөөчү e.gov.kg. жана portal.srs.kg порталдарынан электрондук онлайн консультация ала алышат. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 1 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз | Арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтер берилбеген жана 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндө керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".
3-тиркеме
"
71. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Укук күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоо номер белгилерин берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укугун каттоо (кайра каттоо) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 87-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүгө арналган автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин, анын ичинде башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу киргизилген автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери; Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары, чет өлкөлүк юридикалык жактар, уюштуруу-укуктук формасына карабастан автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин, анын ичинде башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу киргизилген автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө"; - 1998-жылдын 1-июнундагы № 71 "Жол фонду жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө"; - 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Акыркы жыйынтык болуп төмөнкүлөр эсептелет: - транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк берүү; - транспорт каражатынын паспортун берүү (транспорт каражатынын менчик ээсинин каалоосу боюнча); - мамлекеттик каттоо белгилерин берүү; - жараксыз абалга келгендигине байланыштуу номерлер коюлган түйүндөргө жана агрегаттарга маалым каттарды берүү менен транспорт каражаттарын каттоодон чыгаруу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча. Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алуу менен документтерди кабыл алууга убакыт - 30 мүнөт. Акыркы жыйынтыкты берүү убактысы - 60 мүнөт. Кезек күтүүнү эске алуу менен кызмат көрсөтүүнун жыйынтыгын берүүгө чектик убакыт - 30 мүнөт. Кошумча текшерүүлөрдү талап кылуучу учурларда (камакка, күрөөгө коюу ж.б.) кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет, мөөнөттү узартуунун себептерин түшүндүрүү менен бул тууралуу керектөөчүгө кабарланат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда; - оозеки түрүндө 119 номери боюнча (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (Колл-борбор) телефону боюнча). Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалыматты кызмат көрсөткөн мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Колл-борборунун телефону - 119 боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына (grs.gov.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталар илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан төмөнкүлөр берилет: Ыйгарым укуктуу органда транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды алгачкы каттоо үчүн: - идентификациялык жеке номер (ИЖН) (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн); - архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону); - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн); - Кыргыз Республикасына ташып киргизилген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн - транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар (мындан ары - ТД); - Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекети болуп саналбаган мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына ташып киргизилген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториясы (диагностикалык борбору) тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк; - даярдоочу заводдун чыгаруу сертификаты, инвойс, транспорт каражатынын паспорту, чет мамлекеттин техникалык паспорту же ташып киргизилген өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражатынын эсептен чыгарылганын ырастаган документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы жана каттоо иш-аракеттери үчүн негиз болгон башка документтер; - даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалым каты же эсеп-фактура; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же транспорт каражатына, түзүлүшкө же жабдууга, номердик агрегатка менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ; - Кыргыз Республикасынын сотторунун жазык жана жарандык сот өндүрүшү боюнча транпорт каражатына менчик укугуна карата белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; - каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары; - арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 жумуш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 жумуш күндү түзөт; - документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу; - транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери. Алгачкы каттоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатынын электрондук паспорту болбогон учурда, Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык электрондук паспортту түзөт. 2) Менчик ээси өзгөргөн учурда (сатууга, белекке берүүгө, мурас алууга, алмаштырууга ж.б. байланыштуу) ыйгарым укуктуу органда кайра каттоо үчүн транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери төмөнкүлөрдү беришет: - идентификациялык жеке номерди (жеке адам үчүн), идентификациялык салык номерин (юридикалык жак үчүн); - архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспортун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксатты же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документин (каттоо талонун); - жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документти; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (юридикалык жактар үчүн); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтерин; - транспорт каражатына, түзүлүшкө же жабдууга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерди; - зарыл болгон учурда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатын; - кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанцияларын; - арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысын. Транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 жумуш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 жумуш күндү түзөт; - түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлеринде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусун; - транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилерин. Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана ыйгарым укуктуу орган үчүн бир нуска. Мында кыймылдуу мүлккө салык салыктык мезгилде бир жолу төлөнөт. Кыймылдуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү салык төлөөчү салыктын суммасын төлөгөн шартта салыкты экинчи жолу төлөө үчүн негиз болуп саналбайт. Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге төмөнкүлөр кирет: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга транспорт каражаттарын бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер; - жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн жыйынтыгында транспорт каражатына болгон менчик укуктары боюнча соттордун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; - келишимдер, мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген (же) түзүлгөн башка документтер. 3) Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо/кайра каттоо үчүн кошумча төмөнкүлөр берилет: - тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган аккредитациялык карта жана улуттук паспорт. 4) Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн менчик ээсинин өкүлү кайрылганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн документтердин негизинде менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоого анын ыйгарым укуктары текшерилет. Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат аркылуу ырасталат. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээси сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелүү деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан камкорчу же көзөмөлчү чыгат. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн же жабдуулардын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта, паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери каттоо ишине чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү. Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз транспорт каражатын каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүнү убактылуу токтотууга милдеттүү. Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу токтотулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет. Транспорт каражатын каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү белгисиз мөөнөткө токтотулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат. Кызмат көрсөтүүнү алуучу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жерлериндеги маалымат такталарына, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Ошондой эле кызмат көрсөтүү үчүн алым алынат. Алым алуунун тартиби жана анын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Керектөөчү e.gov.kg, жана portal.srs.kg порталдарынан электрондук онлайн консультация ала алышат. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 1 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз | Арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген жана 3-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Төмөнкү транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери жүргүзүлбөйт: - мүлккө карата камакка алуу же чектөө коюу жөнүндө чечим болгондо; - нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилгендер, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилгендер; - конструкциясы же конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүндөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе; - өзү жүрүүчү технологиялык машиналардан тышкары, запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралгандар же жараксыздалгандардын ичинен кайра калыбына келтирилгендер; - "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, өз алдынча жасалган же кайра жабдылган автотранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар; - карандаш менен жазылган же кырып өчүрүлгөн же болбосо кошуп жазылган, чийилген сөздөр, ошондой эле сүйлөшүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери түшүнүктүү жана так, жарандардын аты-жөнү алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук, юридикалык жактардын аталышы кыскартуусуз жана юридикалык даректерди так көрсөтүү менен жазылууга тийиш. Мыйзамдарда каралган учурлардан сырткары, каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген документтердин, ошондой эле каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо жана башка документтердин көчүрмөлөрү (анын ичинен фотокөчүрмөлөр жана жарыккөчүрмөлөрү) түп нускаларды алмаштыра албайт; - жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча айрым учурларда ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, мурда жараксыздалган транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат; - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн транспорт каражаттарын кайра каттоого берүүдө; - транспорт каражаты издөөдө турганда; - Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн шайкештик сертификаты жок болгондо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеги белгиленген каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер берилгенде; - Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында транспорт каражатын идентификациялоо мүмкүн болбогондо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоосунун идентификациялык белгиси бар конструкциясынын түзүмдүк бөлүгүн алмаштырууда. Өз алдынча жасалган жеңил чиркегичтерди жана кайра жабдылган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт. Мурдагы колхоздордон мүлктүк үлүш укугу катарында жарандар тарабынан алынган, мурда катталбаган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген менчик укугун ырастоочу документтердин (маалым каттардын) негизинде жүргүзүлөт. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилүүчү транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун күбөлөндүрүүчү чет тилде түзүлгөн документтер жана башка документтер мамлекеттик же расмий тилге которулууга жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы жөнүндө нотариустун же болбосо ушундай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу башка кызмат адамынын күбөлөндүрүүчү колу болууга тийиш. Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, номердик агрегаттарды каттоо бажы органдары (БКО жана ТД) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коштомо кагаз берүүгө ыйгарым укук берилген органдар тарабынан берилүүчү документтер болгондо гана жүргүзүлөт (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө (импорттодо) колдонулат), Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн ташып келинген транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар үчүн бажы документтерин көрсөтпөстөн, мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндө талондун болушу милдеттүү). Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттарын каттоо Евразия экономикалык бирлигинин Сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториясы (диагностикалык борбору) тарабынан берилүүчү документ (транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк) болгондо гана жүргүзүлөт. Юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу ташып келинген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра ташып кетүү милдеттенмеси менен, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн сырткары, алар бажылык таризделгенден кийин бажы документтеринде көрсөтүлгөн алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүнө каттоо документтерин жана мамлекеттик каттоо белгилерин берүү менен жүргүзүлөт, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса. Мындай учурларда чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери каттоо бөлүмүнө тапшырылат жана кайра ташып кетүү үчүн эсептен чыгарууда берилет. Коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан сатылган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт: - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын; - тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругунун; - гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн эсеп-нарядынын (форма-300); - ведомствонун бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилген техникалык абалдын актысынын. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн: - транспорт каражаты кароодон өткөрүлгөндөн кийин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде; - лотереяларды ойнотууда, спорттук иш-чараларды жана түрдүү шоу-программаларды өткөрүүдө жарандар транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды утуп алган учурда - белгиленген формадагы эсеп-маалым катынын жана каттоо документтеринин негизинде; - финансы же мамлекеттик органдардан ээси жок, ошондой эле конфискацияланган катары кабыл алынган ээси жок транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды комиссиялык дүкөндөр аркылуу саткан учурда, транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын документтери болгондо, ошондой эле документтери болбогондо эсеп-маалым катынын арткы жагында "(документ көрсөтүлөт - соттун, салык кызматынын органдарынын, финансылык полициянын жана бажылык контролдоо органдарынын чечими) негизинде кабыл алынды жана сатылды" деген жазуу болууга тийиш, ал дүкөндүн (мекеменин) директорунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Кыргыз Республикасында катталган жана соттун чечими менен конфискацияланган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде жаңы менчик ээлерине жүргүзүлүшү мүмкүн. Белекке же мураска алынган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар, эгерде белекке берүү келишиминде же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө бир нече адамдар көрсөтүлсө, анда ал башка бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен алардын бирине кайра катталууга тийиш. Жубайлардын биргелешкен арызынын жана нике жөнүндө күбөлүктүн негизинде транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жубайлардын биринен экинчисине кайра каттоого уруксат берилет |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндө керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө укугу жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулду деп саналган транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери же менчик ээлеринин атынан ишеним каттын негизинде транспорт каражаттарын колдонгон жана (же) тескеген адамдар Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык бул жөнүндө жогоруда турган органга даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".
|
| 4-тиркеме |
"
72. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Укук күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоо номер белгилерин берүү менен тракторлорго, трактордук чиркегичтерге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар (опурталдуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдөн башка) стационардык технологиялык түзүлүштөргө менчик укугун каттоо (кайра каттоо) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 88-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына алты айдан ашык мөөнөткө убактылуу алып келинген техникасы жана орнотмолору бар, менчигинин түрүнө жана жарандыгына карабастан жеке жана юридикалык жактар, жарандыгы жок адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору: - 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө"; - 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Төмөнкүлөрдү берүү: - транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк; - каттоо номер белгиси |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча. Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алуу менен документтерди кабыл алууга убакыт - 30 мүнөт. Акыркы жыйынтыкты даярдоого чектик убакыт - 1 саат. Кезек күтүүнү эске алуу менен кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүүгө чектик убакыт - 30 мүнөт. Кошумча текшерүүлөрдү талап кылуучу учурларда кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет, мөөнөттү узартуунун себептерин түшүндүрүү менен бул тууралуу керектөөчүгө кабарланат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда; - оозеки түрүндө 119 номери боюнча (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (Колл-борбор) телефону боюнча). Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалыматты кызмат көрсөткөн мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Колл-борборунун телефону - 119 боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына (grs.gov.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызматты көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат тактачалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан төмөнкүлөр берилет: 1) Ыйгарым укуктуу органда транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды алгачкы каттоо үчүн төмөнкүлөр берилет: - идентификациялык жеке номер (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн); - архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону); - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн); - Кыргыз Республикасына ташып киргизилген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн - транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар; - Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекети болуп саналбаган мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына ташып киргизилген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториясы (диагностикалык борбору) тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк; - даярдоочу заводдун чыгаруу сертификаты, инвойс, транспорт каражатынын паспорту, чет мамлекеттин техникалык паспорту же ташып киргизилген өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражатынын эсептен чыгарылганын ырастаган документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы жана каттоо иш-аракеттери үчүн негиз болгон башка документтер; - даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалым каты же эсеп-фактура; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же транспорт каражатына, түзүлүшкө же жабдууга, номердик агрегатка менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ; - Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; - каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары; - арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 жумуш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 жумуш күндү түзөт; - документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу; - транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери. Алгачкы каттоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатынын электрондук паспорту болбогон учурда, Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык электрондук паспортту түзөт. 2) Ыйгарым укуктуу органда кайра каттоону жүргүзүү үчүн транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери төмөнкүлөрдү беришет: - идентификациялык жеке номерди (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номерин (юридикалык жак үчүн); - архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспортун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксатты же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документин (каттоо талонун); - жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документти; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (юридикалык жактар үчүн); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтерин; - транспорт каражатына, түзүлүшкө же жабдууга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерди; - зарыл болгон учурда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатын; - кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанцияларын; - арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысын. Транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 жумуш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 жумуш күндү түзөт; - түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлеринде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусун; - транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилерин. Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана ыйгарым укуктуу орган үчүн бир нуска. Мында кыймылдуу мүлккө салык салыктык мезгилде бир жолу төлөнөт. Кыймылдуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү салык төлөөчү салыктын суммасын төлөгөн шартта салыкты экинчи жолу төлөө үчүн негиз болуп саналбайт. Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге төмөнкүлөр кирет: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга транспорт каражаттарын бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер; - жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн жыйынтыгында транспорт каражатына болгон менчик укуктары боюнча соттордун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; - келишимдер, мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген (же) түзүлгөн башка документтер. 3) Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо/кайра каттоо үчүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор кошумча берилет. 4) Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн менчик ээсинин өкүлү кайрылганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн документтердин негизинде менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоого анын ыйгарым укуктары текшерилет. Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат аркылуу ырасталат. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээси сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелүү деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан камкорчу же көзөмөлчү чыгат. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн же жабдуулардын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта, паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүнү алуучу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жерлериндеги маалымат такталарына, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөрүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Керектөөчү e.gov.kg жана portal.srs.kg порталдарынан электрондук онлайн консультация ала алышат. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 1 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз | Арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген жана 3-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндө керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".
5-тиркеме
"
73. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Транспорт каражаттары жана айдоочунун күбөлүктөрү тууралуу маалыматтарды ырастоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 89-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Маалыматтар талап кылынган транспорт каражаттарынын менчик ээлери болуп эсептелген жана эсептелбеген, менчигинин түрүнө жана жарандыгына карабастан жеке жана юридикалык жактар же нотариалдык түрдө укуктары күбөлөндүрүлгөн алардын өкүлдөрү |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору: - 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө"; - 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жарандарга катталган автомототранспорт каражаттары жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар бар же жоктугу жөнүндө ырастама-маалым кат берүү. Кыргыз Республикасынын аймагынан айдоочунун күбөлүгүн алгандыгы тууралуу ырастама-маалым кат берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча. Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алуу менен документтерди кабыл алууга чектик убакыт - 15 мүнөт. Акыркы жыйынтыкты даярдоого чектик мөөнөт - 5 жумуш күн. Кезек күтүүнү эске алуу менен кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты бергенге чектик убакыт - 15 мүнөт. Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн чектик мөөнөтү - 5 жумуш күн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg. - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда; - оозеки түрүндө 119 номери боюнча (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (Колл-борбор) телефону боюнча). Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалыматты кызмат көрсөткөн мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана МККнын Колл-борборунун телефону - 119 боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына (grs.gov.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызматты көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат тактачаларга илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: 1) жеке адамдар тарабынан: - арыз; - ким экендигин ырастоочу документ; - эгерде арыз берүүчү ишенимдүү адам болсо - нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; 2) юридикалык жактар тарабынан: - кат; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк. Кызмат көрсөтүүнү алуучу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жерлериндеги маалымат такталарына, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Керектөөчү e.gov.kg жана portal.srs.kg порталдарынан электрондук онлайн консультация ала алышат. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 1 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартууга негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндө керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".
|
| 6-тиркеме |
"
40. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | ID-card формасындагы паспорттор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү: алмаштырууда, бузулганда, жоголгон паспортту калыбына келтирүүдө, эркиндигинен ажыратуучу жайдан бошотулганда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынганда - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 49-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Калкты каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча, Калкты тейлөө борборлорунда керектөөчүлөр электрондук кезек боюнча тейленет. Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Жарандын арызы боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортко документтерди кабыл алуу, аны тариздөө, даярдоо жана берүү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жана/же КТБнын кызматкерлери тарабынан арыз ээсинин жашаган дарегине баруу менен акы төлөө негизинде жана 13-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда акысыз жүргүзүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү, анын ичинен электрондук форматта | Документтерди кабыл алууга убакыт - 40 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 12 жумуш күндөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүү убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда; - оозеки түрүндө 119 номери боюнча (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (Колл-борбор) телефону боюнча). Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалыматты кызмат көрсөткөн мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Колл-борборунун телефону - 119 боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына (grs.gov.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталар илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: - анкета-арыз, аны аймактык бөлүмдүн жана/же КТБ кызматкери тариздейт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдөрдү ырастаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт). Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет: 1) адам 16 жашка толгондо: - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо; - арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн; 2) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта): - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо; 3) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда: - алмаштырылып жаткан паспорт; 4) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда: а) паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча: - алмаштырылып жаткан паспорт; б) жеке маалыматтар өзгөргөнүнө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна жазуулар катасы менен киргизилгендиги аныкталганына байланыштуу: - алмаштырылып жаткан паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда; 5) 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспортун алмаштырууда: - алмаштырылып жаткан 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспорту; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду; 6) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун бузулганына байланыштуу кайрылууда: - алмаштырылып жаткан, бузулган паспорт. Арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт үчүн жана КБМРда маалымат болбосо) аймактык бөлүмдүн кызматкери мурда берилген паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган паспортту берүү фактын текшерет; 7) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жоголгонуна байланыштуу: - арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы, анда кайсыл жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлөт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда; КБМРда маалымат болбосо, жогоруда аталган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жоготуу тууралуу дело түзүлөт. Жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат. Жоготуу жөнүндө делону түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт; 8) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу: - арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы; 9) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу: - чет өлкөлүк паспорт. Мурда Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жараны болгон арыз ээлеринин чет өлкөлүк паспорттору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык алынышы керек; - арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалым кат - КБМРда маалымат болбосо; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда; - аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) - КБМРде маалымат болбогондо; 10) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбеген болсо: - эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалым кат; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду. 11) жаран жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жатканда: - түзөтүү мекемесинин администрациясынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө өтүнүчү; - жарандардын документтештирүүсүн талап кылган учурларга жараша ушул пункттун 2-9-пунктчаларында аталган документтер (документтерди чогултууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери саналат); 12) жаран шектүү, айыпталуучу катарында камакка алынган жайларда болгондо: - жарандын кылмыш иштери өндүрүшүндө турган органдын өтүнүчү; - жарандардын документтештирүүсүн талап кылган учурларга жараша ушул пункттун 2-9-пунктчаларында аталган документтер (документтерди чогултууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери саналат). Ушул кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн арыз ээсинин каттоолук эсеби (каттоосу) болушу зарыл. Каттоосу жөнүндө маалыматты жаран онлайн режиминде e.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан же 119 номери боюнча Колл-борборго чалып билсе болот |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик алым алынат. Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөшпөйт. Ошондой эле паспорттун бланкы жана паспортту даярдоо (жекелештирүү) үчүн акы алынат. Төлөмдү банк мекемелеринде же Калкты тейлөө борборлорунун терминалдарында, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдарында жүргүзүү керек. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө документтер жерине барып кабыл алынган учурда барып-келүүгө байланыштуу транспорттук чыгымдар төмөнкүдөй категориядагы адамдар кайрылган учурларда даярдоочу ишкананын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт: 1) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери; 2) карылар үчүн интернат үйлөрүндө жашаган адамдар; 3) I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; 4) жетим балдар, интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар; 5) жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткандар ошол мекемелердин администрацияларынын өтүнүчүнүн негизинде; 6) айыпталуучу жана шектүү катары камакка алуу жайларында отурган адамдар, кылмыш иштери өндүрүшүндө болгон органдын өтүнүчүнүн негизинде. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Керектөөчү e.gov.kg. жана portal.srs.kg порталдарынан электрондук онлайн консультация ала алышат. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 1 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз | Ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген талаптарга арыз ээси шайкеш келбеген учурда жана 12-пунктуна ылайык керектүү документтер жок болгон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндө керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".
|
| 7-тиркеме |
"
41. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпы жарандык паспорттор түрүндө документтештирүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 50-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Калкты каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи (ведомстволук ЧУА көрсөтүлбөйт) | "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 6 токтому менен стандарттардын V бөлүмүнө киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 41-главадагы текстте мамлекеттик жана расмий тилдерде айырмачылыктар бар. | ||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча, Калкты тейлөө борборлорунда керектөөчүлөр электрондук кезек боюнча тейленет. Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү, анын ичинен электрондук форматта | Документтерди кабыл алууга убакыт - 40 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү (анын ичинен электрондук форматта) - 18 жумуш күндөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүү убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда; - оозеки түрүндө 119 номери боюнча (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (Колл-борбор) телефону боюнча). Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалыматты кызмат көрсөткөн мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Колл-борборунун телефону - 119 боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына (grs.gov.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат тактачаларга илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: - анкета-арыз, аны аймактык бөлүмдүн жана/же КТБ кызматкери тариздейт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдүн төлөнгөнүн ырастаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт). Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет: 1) 16 жашка толо элек адам үчүн: - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалымат болбогондо; - 16 жашка толо элек адамдын ата-энеси же ата-энесинин бири (же ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлү толтурган жана кол койгон арыз, арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт; - 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ушул пунктчанын үчүнчү абзацында аталган учурларда, аталган учурларды ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору. Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет. 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызы болбогон учурда, Кыргыз Республикасынан сырткары өз алдынча чыгышы зарыл болгон учурда, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн; 2) 16 жашка толгон адам кайрылганда: - 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалыматтар жок болсо; 3) төмөнкүлөргө байланыштуу жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда: а) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт; б) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто жаңылыш менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда; в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда: - алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар жок болсо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери тарабынан мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет; 4) арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо: - жалпы жарандык паспорт; 5) жалпы жарандык паспорт жоголгондо: - 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - КБМРда маалыматтар жок болсо. КБМРда маалыматтар жок болгон учурда жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу жөнүндө дело түзүлөт. Жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жаңы жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат. Ушул кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн арыз ээсинин каттоолук эсеби (каттоосу) болушу зарыл. Каттоосу жөнүндө маалыматты жаран онлайн режиминде e.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан же 119 номери боюнча Колл-борборго чалып билсе болот |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик алым алынат. Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөшпөйт. Ошондой эле паспорттун бланкы жана паспортту даярдоо (жекелештирүү) үчүн акы алынат. Төлөөнү банк мекемелеринде же Калкты тейлөө борборлорунун терминалдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдарында жүргүзүү керек |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүү өзгөчөлүгү | Керектөөчү кызмат көрсөткөн мекемеге жеке өзү кайрылганда кызмат көрсөтүлөт. Электрондук форматта кызмат керектөөчүнүн электрондук санариптик колу болгондо кызмат көрсөтүүчү мекемеге анын жеке кайрылуусуз эле көрсөтүлөт. Электрондук форматта кызмат Кыргыз Республикасынын жаранына e.gov.kg, portal.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын арыздарды кабыл алуу бөлүгүндө көрсөтүлөт. Электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн иш-аракеттер тартиби: Электрондук арызды тариздөө үчүн төмөнкүлөр зарыл: 1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында авторлоштуруу. 2. Электрондук арызды толтуруу. 3. Фотосүрөттү жүктөө. 4. Арызды сактоо. 5. Акы төлөө. Мамлекеттик алымды жана кызмат көрсөтүүгө төлөө үчүн төмөнкүлөрдү колдонууга болот: - "Элсом" электрондук капчыгын; - "VISA", "MasterCard" төлөм карталарын; - "Terem Pay" төлөм терминалын. Акы төлөнгөндөн кийин өздүк кабинетке билдирүү келет. 6. Жыйынтык. Керектөөчүнүн арызы ырасталгандан кийин ага паспорт даярдоого арыз ийгиликтүү берилгендиги жөнүндө билдирүү түшөт. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 4 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз | Ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген жана 3-пунктунда белгиленген талаптарга арыз ээси шайкеш келбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндө керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".
|
| 8-тиркеме |
"
42. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | ID-card жана жалпы жарандык паспорттор түрүндөгү паспорттор менен Кыргыз Республикасынын жарандарын шашылыш документтештирүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 51-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Калкты каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | ID-card түрүндөгү паспорт үчүн - 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары. Жалпы жарандык паспорт үчүн - Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу, тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | ID-card же жалпы жарандык паспорт түрүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча, калкты тейлөө борборлорунда керектөөчүлөр электрондук кезек боюнча тейленет. Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, дааратканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы дааратканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Жарандын арызы боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортко документтерди тариздөөгө кабыл алуу, даярдоо жана берүү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жана/же КТБнын кызматкерлери тарабынан арыз ээсинин жашаган дарегине баруу менен акы төлөө негизинде жана 13-пунктунда аталган учурларда акысыз жүргүзүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү, анын ичинде электрондук форматта | 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту акы төлөө негизинде шашылыш тартипте даярдоо төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүргүзүлөт: - 8 жумуш күндө - "шашылыш" тездик баскычында; - 4 жумуш күндө - "өзгөчө шашылыш" тездик баскычында; - 2 жумуш күндө - "өтө шашылыш" тездик баскычында; - 3 жумуш саатта - "үч жумуш саатта" тездик баскычында. Документтерди кабыл алууга убакыт - 40 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүү убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: grs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталынан: portal.srs.kg; - ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнөн, керектөөчү жеке өзү (алардын расмий ыйгарым укук берилген өкүлдөрү) кайрылган учурда; - оозеки түрүндө 119 номери боюнча (жеке өзү байланышканда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун Колл-борбор телефону боюнча). Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалыматты кызмат көрсөткөн мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, буклеттерден жана брошюралардан алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (grs.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: e.gov.kg; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук порталы: portal.srs.kg; - жеке кайрылуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Колл-борборунун телефону - 119 боюнча байланышуу; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына (grs.gov.kg) жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталар илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл: ID-card формасындагы паспортту алууда: - анкета-арыз, аны аймактык бөлүмдүн жана/же КТБ кызматкери тариздейт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдөрдү ырастаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт). Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет: 1) адам 16 жашка толгондо: - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо; - арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо; - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн; 2) адам өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта): - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо; 3) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда: - алмаштырылып жаткан паспорт; 4) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда: а) паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча: - алмаштырылып жаткан паспорт; б) жеке маалыматтар өзгөргөнүнө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна жазуулар катасы менен киргизилгендиги аныкталганына байланыштуу: - алмаштырылып жаткан паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда; 5) 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспортун алмаштырууда: - алмаштырылып жаткан 1974-жылдын үлгүсүндөгү Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын паспорту; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду; 6) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун бузулганына байланыштуу кайрылууда: - алмаштырылып жаткан, бузулган паспорт. Арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт үчүн жана КБМРда маалымат болбосо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери мурда берилген паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган паспортту берүү фактын текшерет; 7) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жоголгонуна байланыштуу: - арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы, анда кайсыл жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлөт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда; КБМРда маалымат болбосо, жогоруда аталган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жоготуу тууралуу дело түзүлөт. Жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат. Жоготуу жөнүндө делону түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт. 8) 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу: - арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы; 9) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга же калыбына келтирүүгө байланыштуу: - чет өлкөлүк паспорт. Мурда Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жараны болгон арыз ээлеринин чет өлкөлүк паспорттору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык алынышы керек; - арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалымкат - КБМРда маалымат болбосо; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда; - аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) - КБМРде маалымат болбогондо; 10) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбеген болсо: - эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалым кат; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду. Жалпы жарандык паспортту алууда: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: - аймактык бөлүмдүн жана/же КТБ кызматкери тарабынан таризделүүчү анкета-арыз; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдүн төлөнгөнүн ырастаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт). Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет: 1) 16 жашка толо элек адам үчүн: - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалымат болбогондо; - 16 жашка толо элек адамдын ата-энеси же ата-энесинин бири (же ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлү толтурган жана кол койгон арыз, арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт; - 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ушул пунктчанын үчүнчү абзацында аталган учурларда, аталган учурларды ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору. Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет. 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызы болбогон учурда, Кыргыз Республикасынан сырткары өз алдынча чыгышы зарыл болгон учурда, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн; 2) 16 жашка толгон адам кайрылганда: - 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалыматтар жок болсо; 3) төмөнкүлөргө байланыштуу жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда: а) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт; б) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто жаңылыш менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу: - алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда; в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда: - алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт. Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар жок болсо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери тарабынан мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет; 4) арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо: - жалпы жарандык паспорт; 5) жалпы жарандык паспорт жоголгондо: - 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - КБМРда маалыматтар жок болсо. КБМРда маалыматтар жок болгон учурда жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу жөнүндө дело түзүлөт. Жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жаңы жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат. Кызмат көрсөтүүнү алуучу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жерлериндеги маалымат такталарына, ыйгарым укуктуу органдын (grs.gov.kg) расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат. Ушул кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн арыз ээсинин каттоолук эсеби (каттоосу) болушу зарыл. Каттоосу жөнүндө маалыматты жаран онлайн режиминде e.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан же 119 номери боюнча Колл-борборго чалып билсе болот |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик алым алынат. Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөшпөйт. Ошондой эле паспорттун бланкы жана паспортту даярдоо (жекелештирүү) үчүн акы алынат. Төлөмдү банк мекемелеринде же Калкты тейлөө борборлорунун терминалдарында, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдарында жүргүзүү керек. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө документтер жерине барып кабыл алынган учурда барып-келүүгө байланыштуу транспорттук чыгымдар төмөнкүдөй категориядагы адамдар кайрылган учурларда даярдоочу ишкананын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт: 1) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери; 2) карылар үчүн интернат үйлөрүндө жашаган адамдар; 3) I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; 4) жетим балдар, интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар; 5) жазык-аткаруу системасынын түзөтүүчү мекемелеринде жаза өтөп жаткандар ошол мекемелердин администрацияларынын өтүнүчүнүн негизинде; 6) айыпталуучу жана шектүү катары камакка алуу жайларында отурган адамдар, кылмыш иштери өндүрүшүндө болгон органдын өтүнүчүнүн негизинде. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - кызмат көрсөтүүнү алуучу адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүү өзгөчөлүгү | Керектөөчү кызмат көрсөткөн мекемеге жеке өзү кайрылганда кызмат көрсөтүлөт. Электрондук форматта кызмат керектөөчүнүн электрондук санариптик колу болгондо кызмат көрсөтүүчү мекемеге анын жеке кайрылуусуз эле көрсөтүлөт. Электрондук форматта кызмат Кыргыз Республикасынын жаранына e.gov.kg, portal.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын арыздарды кабыл алуу бөлүгүндө көрсөтүлөт. Электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн иш-аракеттер тартиби: Электрондук арызды тариздөө үчүн төмөнкүлөр зарыл: 1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында авторлоштуруу; 2. Электрондук арызды толтуруу. 3. Фотосүрөттү жүктөө. 4. Арызды сактоо. 5. Акы төлөө. Мамлекеттик алымды жана кызмат көрсөтүүгө төлөө үчүн төмөнкүлөрдү колдонууга болот: - "Элсом" электрондук капчыгын; - "VISA", "MasterCard" төлөм карталарын; - "Terem Pay" төлөм терминалын. Акы төлөнгөндөн кийин өздүк кабинетке билдирүү келет. 6. Жыйынтык. Керектөөчүнүн арызы ырасталгандан кийин ага паспорт даярдоого арыз ийгиликтүү берилгендиги жөнүндө билдирүү түшөт. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 4 |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз | Ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген жана 3-пунктунда белгиленген талаптарга арыз ээси шайкеш келбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндө керектөөчү ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".