Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 2-д буйругунун редакциясына ылайык) |
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Улуттук номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү (3-главанын 8-пункту 2012-жыл 10-февраль № 85 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрин (тизмеси) |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги (мындан ары - КР СӨМ). Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы (мындан ары – БТЖКК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрү боюнча байланыш жаатындагы ишке лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Номерлердин диапазонун, тармактардын коддорун бөлүп берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык арыз берүүчүлөрдүн имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, - кезек күтүү тартибинде. Имарат күтүү жайлары, жылуулук, суу түтүктөрү, телефон, интернет менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Кызматтар жарым-жартылай электрондук түрдө көрсөтүлүшү мүмкүн (электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана бардык талап кылынган документтерди тиркөө) |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Алучуудан арызды кабыл алуу убакытынын чеги - 30 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү арыз жана ага тиркелген документтердин топтому алынган күндөн тартып 10 иш күндөн ашпашы керек (анын ичинде электрондук форматта) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымдоо |
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - БТЖККнын коомдук кабылдамасынан; - оозеки түрдө (телефон боюнча же адис менен жеке байланышуу аркылуу); - БТЖККнын расмий сайтынан (nas.gov.kg), ошондой эле электрондук почта боюнча priemnaya@nas.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg); - БТЖККга жеке кайрылуу аркылуу; - маалыматтык такталардан, буклеттерден жана брошюралардан. Арыздардын формаларын толтуруунун үлгүсүн төмөнкүлөрдөн алууга болот: -БТЖККнын расмий сайтынан; -электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg); -БТЖККнын имаратындагы маалымат такталарынан. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты БТЖККнын маалымат такталарында, расмий сайтында (nas.gov.kg) жайгаштырылган. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты берүү бардык кайрылган адамдарга кайтарымсыз негизде кепилденет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларын мүнөздөө же саноо) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - БТЖККнын расмий сайты (nas.gov.kg); - маалыматтык такталары, буклеттер жана брошюралар; - БТЖККнын коомдук кабылдамасы; -электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - оозеки түрдө (телефон боюнча же атайын бөлүнгөн жерлерде адис менен жеке байланышуу аркылуу). Даректери, телефон номерлери жана иш режими кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге БТЖККнын маалымат такталарында, расмий сайттарында жайгаштырылат. БТЖККнын иш графиги: дүйшөмбү - жума, саат 9.00дөн 18.00гө чейин; тамактанууга тыныгуу, саат 12.30дан 13.30га чейин |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз берүүчүлөрү менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана ээлеген кызматы көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейджи) бар. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (угуусу жана көрүүсү жана кыймылдоо системасы боюнча ДМЧА) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр төмөнкүдөй документтерди беришет: - номерлөө ресурсун бөлүп берүү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү жазуу жүзүндөгү арыз, анда суралып жаткан диапазон кайсы кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жана кайсы лицензиянын алкагында колдонула тургандыгы көрсөтүлөт; - арызга тиешелүү номерлөө ресурсу суралып жаткан электр байланыш тармагын куруу схемасы тиркелет, анда Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары же эл аралык байланыш тармактары менен туташтыруусу көрсөтүлүшү керек. Арыздардын бардык түрлөрү жана аларды толтуруу боюнча талаптар БТЖККнын маалымат такталарында, расмий сайтында (nas.gov.kg) жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg) жайгаштырылат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: -кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; -жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, мүлктүк же башка абалы; -жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - жеткиликтүүлүк, керектөөчүлөрдөн ушул стандартта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн гана документтерди талап кылуу; -мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызматтардын жарым-жартылай же толугу менен электрондук форматта көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнүн жарым-жартылай берилгенде арыз электрондук дарекке (priemnaya@nas.gov.kg) берилиши мүмкүн, жооп дагы электрондук почта менен берилиши мүмкүн. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат электрондук форматта берилиши мүмкүн. Эскертүү: Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнүч жиберүү үчүн арыз берүүчү portal.tunduk.kg порталында катталышы зарыл. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: 1. portal.tunduk.kg сайтына кирүү; 2. Каттоо болбогон учурда, ал 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картаны же болбосо булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мүмкүн – каттоодон өтүү; 3. Тийиштүү кызмат көрсөтүүнү табуу; 4. Суроо-талапты түзүү үчүн «жөнөтүү» кнопкасын басуу зарыл; 5. Киргизилген суроо-талап ошол эле учурда иштелип чыгат, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн маалыматтык системасына жиберилет жана маалыматтык документ көчүрмө түрүндө берилет. Бул үчүн арыздардын сканерленген формаларын жана PDF форматындагы тармактын куруу схемасын электрондук почта (priemnaya@nas.gov.kg) менен жиберүү зарыл. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана электрондук почта аркылуу берилет. Арыздардын бардык түрлөрү жана аларды толтуруу боюнча талаптар БТЖККнын маалымат такталарында, расмий сайттарында (nas.gov.kg) жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg) жайгаштырылат. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы – 4. Веб-баракчанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук ыкма менен гана алуунун бардык циклин аткарууга мүмкүндүк берет, анын ичинен салыктарды жана жыйымдарды веб-сайт аркылуу электрондук төлөө; кагаз алып жүрүүчүлөрдү колдонууну же ведомствого жеке барууну караган эч кандай административдик жол-жоболор каралган эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби |
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн: - арыз берүүчү ушул стандарттын 3-п. талаптарына шайкеш келбегенде; - керектөөчү ушул стандарттын 12-п. саналган зарыл документтерди бербегенде; - берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтар болгондо; - мурда бөлүнгөн номерлештирүү ресурсу натыйжасыз (70%дан азыраак) колдонулганда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын (БТЖКК) жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Ошондой эле, кызмат көрсөтүүнү берүү боюнча талаш маселелер чыккан учурда, алуучу белгиленген тартипте жогоруда турган органга (СӨМ) кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жооп жибериле турган почталык дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек.
Даттанууларды жана дооматтарды кароо административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз берүүчү сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
| | |
2-тиркеме |
(КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 2-д буйругунун редакциясына ылайык) 2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту Өтүнмөлөр жана келишимдер боюнча байланыш жабдууларына, ошондой эле радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык байланыш каражаттарына шайкештик сертификаттарын берүү/ шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо (Бирдиктүү реестр (тизмеги), 5-главасынын, 45-пункту) | 1 | Кызмат көрсөтүүнүн толук аталышы | Өтүнмөлөр жана келишимдер боюнча байланыш жабдууларына, ошондой эле радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык байланыш каражаттарына шайкештик сертификаттарын берүү/ шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо | 2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги (мындан ары - КР СӨИТМ) Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы (мындан ары – БТЖКК) | 3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке (16 жаштан тартып андан улуулар) жана юридикалык жактар, анын ичинен чет өлкөлүк жарандар | 4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «Электр байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майдагы № 267 «Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 «Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө» токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жобо”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майы № 260 “Радиожыштык спектринин параметрлери боюнча милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон техникалык байланыш каражаттарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин продукциянын шайкештигин ырастоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын 28- январы № 20 “Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө” токтому; Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регаментери: - “Төмөнкү вольттогу жабдуунун коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 004/2011); - “Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги” (ББ ТР 020/2011); - “Коркунучтуу препараттарды колдонууну чектөө жөнүндө электротехника жана радиотехника буюмдарындагы заттардын” (ТР ЕАЭС 037/2016) ЕАЭК Коллегиясынын 2014-жылдын 16.01. №2 чечими; ЕАЭК Коллегиясынын 2013-жылдын 24.04. №91 чечими; ЕАЭК Коллегиясынын 2016-жылдын 26.01. №11 чечими; ЕАЭК Коллегиясынын 2012- жылдын 25.12. № 293 чечими; ЕАЭК Коллегиясынын 2018 – жылдын 20.03 № 41 | 5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтарды н акыркы жыйынтыгы | - шайкештик сертификаттары - шайкештиги жөнүндө декларациялары | 6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык арыз ээлеринин, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү камсыздалган; - кезек күтүү тартибинде. Сертификаттоо боюнча органда күтүп тургандар үчүн орундар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефон, интернет менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Кызматтардын бир бөлүгү электрондук түрдө көрсөтүлүшү мүмкүн (электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана бардык талап кылынган документтерди тиркөө). Ошондой эле өтүнмө ээлерине ыңгайлуу болушу үчүн БТЖСКК расмий сайтында сертификаттоого жана декларациялоого өтүнмө берүүнүн жол-жобосу боюнча (электрондук жана кагаз түрүндө) маалымат жайгаштырылган. | 7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Бардык зарыл документтер болгон учурда кызмат көрсөтүүгө берилген өтунмө жаран кайрылган күнү дароо кабыл алынат. Шайкештиги жөнүндө декларациялары каттоонун мөөнөтү 3 күндү түзөт. Жабдуулар белгиленген талаптарга ылайык келген учурда талаптар боюнча продукцияны милдеттүү түрдө сертификациялоону жүргүзүү мөөнөтү: - КР улуттук мыйзамдарында 18 иш күндү түзөт, анын ичинде электрондук форматта дагы; - Бажы бирлигинин/ЕАЭБдин техникалык регламенттери (ББ ТР 004/2011 жана ББ ТР 020/2011) 30 иш күндү түзөт, анын ичинде электрондук форматта (ИЛ республиканын чегинен тышкары жайгашкандыгына байланыштуу). Кыскартылган форма боюнча иштерди жүргүзүүнүн мөөнөтү арыз кабыл алынгандан тартып арыз ээсине шайкештик сертификаты берилгенге чейин бардык ырастоочу документтер болгон учурда бардык продукция үчүн, анын ичинде электрондук форматта да 2 күндөн ашпоого тийиш”. Жабдуулар же техникалык каражаттар белгиленген талаптарга ылайык келбесе, арыз ээсине карамакаршылыктарды жоюу үчүн 2 айга чейинки мөөнөт берилет. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымдоо | 8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташт ырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - БТЖККнын коомдук кабылдамасынан; - оозеки түрдө (телефон боюнча же адис менен жеке байланышуу аркылуу); - БТЖККнын расмий сайттарынан (nas.gov.kg), ошондой эле электрондук почта боюнча (priemnaya1@nas.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg); - БТЖККга жеке кайрылуу аркылуу; - маалыматтык такталардан. Арыздардын формаларын толтуруунун үлгүсүн төмөнкүлөрдөн алууга болот: - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg); - БТЖККнын расмий сайтынан; - БТЖККнын имаратындагы маалымат такталарынан. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты БТЖККнын маалымат такталарында, расмий сайтында (nas.gov.kg) жайгаштырылган. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты берүү бардык кайрылган адамдарга кайтарымсыз негизде кепилденет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. | 9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларын мүнөздөө же саноо) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - БТЖККнын расмий сайты ( nas.gov.kg); -маалыматтык такталары; - БТЖККнын коомдук кабылдамасы; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - оозеки түрдө (телефон боюнча же видеобайкоо камералары менен жабдылган атайын бөлүнгөн жерлерде адис менен жеке байланышуу аркылуу). Даректери, телефон номерлери жана иш режими кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге БТЖККнын маалымат такталарында, расмий сайттында жайгаштырылат. БТЖККнын иш графиги: дүйшөмбү - жума, саат 9.00дөн 18.00гө чейин; тамактанууга тыныгуу, саат 12.30дан 13.30га чейин | Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | 10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз ээлери менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана ээлеген кызматы көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейджи) бар. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (угуусу жана көрүүсү жана кыймылдоо системасы боюнча ДМЧА) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | 11 | Купуялуулук ту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | 12 | Керектүү документтерд ин жана/же portal.tunduk. kg. мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлө рдүн ишаракеттерини н тизмеси | Арыз ээси төмөнкү документтерди бериши зарыл: 1. Шайкештик сертификаттарын алууга: - тиешелүү үлгүдөгү өтүнмө; - товар коштомо документтер жана (же) номенклатураны жана ташылып келинген продукциянын санын тастыктаган продукцияны өндүрүүчү менен контракт (келишим); - товарларга декларация; - сертификациялануучу продукцияга ченемдик жана техникалык документтер (БТЖКК тарабынан талап кылынган суроо-талабы боюнча); - сертификаттын түп нускасынын ээсинин же сертификатты берген сертификациялоо боюнча органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн; - сертификаттоо схемаларына ылайык башка маалыматтар жана документтер. 2. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого өтүнмөгө төмөнкү документтер жана маалыматтар тиркелет: - товарды коштоочу документтер жана (же) продукцияны өндүрүүчү менен берилүүчү продукциянын номенклатурасын жана санын ырастаган контракт (келишим) ; - товарларга декларация; - продукция жөнүндө аны идентификациялоону камсыз кылуучу башка маалыматтар (бар болсо); - продукция ага ылайык даярдалган документтин (документтердин) белгилениши жана аталышы (стандарт, уюмдун стандарты, техникалык шарттар же башка документ) (бар болсо); - мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары юридикалык жактын же жеке жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган маалыматтар; - шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо үчүн берүү техникалык регламентте (техникалык регламенттерде) каралган далил материалдарынын көчүрмөлөрү, анын ичинде техникалык регламенттин (техникалык регламенттердин) талаптарынын сакталышын ырастаган, анын колдонулушу ага жайылтылган (Эгер техникалык регламентте декларацияланып жаткан продукцияны изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү жүргүзүү каралган болсо), арыз ээсинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн, продукциянын изилдөөлөрүнүн (сыноолорунун) жана өлчөөлөрүнүн натыйжалары; - техникалык шарттар (бар болсо); - эксплуатациялык документтер; - бул талаптарга ылайык келген стандарттардын тизмеги; техникалык каражат, стандарттардын тизмесинен Бажы союзунун техникалык регламентинин; - шайкештик сертификаты (бар болсо); - даярдоочунун Шайкештиги жөнүндө декларация (бар болсо) (техникалык каражаттардын партиясы үчүн (чанда учуроочу буюм). Документтер мамлекеттик же расмий тилдерге берилет. Чет тилдердеги тексттин түп нускасынын котормосу котомочунун колтамгасы жана мөөрү менен ырасталат. Башка жактар шайкештик сертификатын/шайкештик жөнүндө декларациясын алуу үчүн арызды нотариалдык же ишкананын (субъектинин) мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кайрылуу ээсинин атынан жазылган ишеним кат аркылуу беришет. Арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органына продукцияны сертификатто боюнча жумуштарды аткарууга жазуу жүзүндө өтүнмө берүүгө, ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу өтүнмө берүүгө болот; - сертификаттоо/декларациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө акы төлөөгө жана төлөгөндүгү тууралуу эсеп-фактураны берүү; Сертификациялоо процедурасынан өтүү үчүн мамлекеттик кызматты пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү: - кароо үчүн продукциянын партисын берүү; -сертификациялык текшерүү жүргүзүү үчүн продукциянын партиясынан үлгүлөрдү тандап алууга шарт түзүү, зарылдыгына жараша текшерүү жүргүзүүгө жабдуу орнотуу. Өтүнмөлөрдүн бардык түрлөрү жана аларга коюлган талаптар БТЖКК маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат | 13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Сертификациялоо жана декларациялоо боюнча иштерге прейскурант монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча СӨИТМ тарабынан бекитилет. Сертификациялоо жана декларациялоо боюнча иштердин прейскуранты БТЖКК расмий webсайтында, маалымат тактасында жайгаштырылган | 14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында аныкталган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү, толуктугу жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: -мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги; -жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | 15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү «Бирдиктүү терезе» принцибине ылайык төмөнкүдөй тартипте берилет: 1) Арыз берүүчү электрондук форматта иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасында (мындан ары – «БТБ МИ») каттоодон өтүп, электрондук санариптик кол тамга алуусу керек. «БТБ МИ» электрондук дареги: www.trade.kg. 2) «БТБ МИ» каттоодон өткөн арыз берүүчү «БТБ МИ» ишке киргизилген «Тулпар-Систем» маалыматтык системасы аркылуу сертификаттоо/декларациялоо боюнча жумуштарды аткарууга өтүнмөнү жана зарыл болгон документтерди электрондук түрдө жибере алат. 3) «БТБ МИ» ишке киргизилген «Тулпар-систем» маалыматтык системасы аркылуу сертификаттоо боюнча жумуштарды аткарууга арыз ээси тарабынан жиберилген өтүнмө жана зарыл болгон документтер автоматтык түрдө сертификаттоо/декларациялоо боюнча органга келип түшөт (БТЖКК). 4) Сертификаттоо боюнча орган документтер толук жана так болгон учурда сертификаттоо/декларациялоо жумуштарын аткарууга киришет. 5) Документтер топтому толук эмес, электрондук санариптик кол тамганын жоктугу сыяктуу кемчиликтер табылган учурда, кызматкер «Тулпарсистем» маалыматтык системасында аныкталган шайкеш эместиктер боюнча комментарий берип, өтүнмөнү арыз ээсине кайтарат. Ошондой Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат электрондук форматта берилиши мүмкүн. Эскертүү: Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнүч жиберүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында катталышы зарыл. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: 1. portal.tunduk.kg сайтына кирүү; 2. каттоо болбогон учурда, ал 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картаны же болбосо булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мүмкүн – каттоодон өтүү; 3. тийиштүү кызмат көрсөтүүнү табуу; 4. суроо-талапты түзүү үчүн «жөнөтүү» кнопкасын басуу зарыл; 5. киргизилген суроо-талап ошол эле учурда иштелип чыгат, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн маалыматтык системасына жиберилет жана маалыматтык документ көчүрмө түрүндө берилет. Бул үчүн арыздардын сканерленген формаларын жана PDF форматындагы тармактын куруу схемасын электрондук почта (priemnaya1@nas.gov.kg) менен жиберүү зарыл. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана электрондук почта аркылуу берилет. Арыздардын бардык түрлөрү жана аларды толтуруу боюнча талаптар БТЖККнын маалымат такталарында, расмий сайттарында (nas.gov.kg), ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg) жайгаштырылат. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы – 3. Веб-сайт өтүнмөнү электрондук формада толтурууга жана аны кагазга басып чыгарбастан маморгандын кароосуна кабыл алууга функционалдык мүмкүндүк берет | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | 16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-п. талаптарына шайкеш келбегенде; - керектөөчү ушул стандарттын 12-п. саналган зарыл документтерди бербегенде; - берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтар болгондо; - лабораториялык сыноонун жыйынтыгы боюнча продукция белгиленген талаптарга шайкеш келбегенде | 17 | Даттануу тартиби | Сертификаттоо боюнча жумуштарды аткарууда талаш маселелер келип чыккан учурда, арыз берүүчү сертификаттоо боюнча БТЖККнын жетекчилигинин наамына даттануу (апелляция) жиберүүгө укуктуу. Сертификаттоо боюнча орган төмөнкүлөргө милдеттүү: - арыз берүүчүнүн даттануусун (апелляцияны) кабыл алууга жана каттоого; - даттанууну (апелляцияны) кароого; - жазуу жүзүндө негиздүү жооп даярдап, аны арыз берүүчүгө берүү. Сертификаттоо боюнча органга (БТЖКК) түшкөн жазуу жүзүндөгү кайрылуу ал катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүү (экспертиза) жүргүзүү, кошумча материалдарды сурап алуу же башка чара көрүү зарыл болгон учурда даттанууну чечүү мөөнөтү өзгөчө тартипте арыз ээсине алдын ала билдирүү менен 30 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Апелляция боюнча терс чечим чыгарылган учурда арыз ээси аккредитациялоо боюнча органга (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору) сертификаттоо боюнча органдын (БТЖКК) бейукук иш-аракеттерине даттануу (апелляция) берүүгө укуктуу. Ошондой эле арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сертификаттоо боюнча органдын, аккредитациялоо боюнча органдын ишаракеттерине сот тартибинде даттанууга укуктуу | 18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып турушу керек |
3-тиркеме |
| | | |