Загрузка документа…
| 2024-ж.12 12 № 1297 КР ССМ буйругуна 6- тиркеме |
2-глава. Медициналык кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Пландуу көрсөтмөлөр боюнча, ошондой эле өмүргө кооптуу абалдан чыгаруудан кийин шашылыш көрсөтмөлөр боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө стационарларда дарылоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-главасы, 9-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар, илимий-изилдөө институттар, улуттук, облустук, республикалык саламаттык сактоо борборлору. Саламаттык сактоонун уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча стационардык жардам алууга укуктары бар жарандардын. категориялар тизмегине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары. Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча жарандардын категорияларынын тизмеси Саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.med.kg берилген. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө»; - «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө»; - «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө»; - «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө». Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрынын №493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө» токтому. |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Акыркы жыйынтык катары төмөнкүлөрдүн бирөө же бир нечеси болушу мүмкүн: - толук айыгып кетүү; - керектөөчүнүн ден соолугунун/ акыбалынын жакшыруусу; - керектөөчүнүн абалын турукташтыруу; - башка саламаттык сактоо уюмуна которуу; - өлүмдү констатациялоо; - текшерүү, дарылоо маалыматтары жана сунуштары менен бейтап баянынан көчүрмө; - 095у формасындагы маалымкат же убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк барагы (талап боюнча). |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө; - тиешелүү медициналык аппараттар жана жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар бар болсо - бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - жалпы ванна (душ) болгондо; - үч маал ысык тамак менен камсыздоо таркатуу түйүнү жана тамак ичүү үчүн орун менен. Саламаттык сактоо уюмдарында күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодогу санитардык-гигиеналык бөлмөлөр), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүү убактысы - оорунун оордугуна жараша жекече. Жыйынтыгын берүүгө убакыт - 1 саатка чейин (убакыт стационардык картадан көчүрмөсүн, 095у формасындагы маалымкатты же убактылуу эмгекке жарамсыздык барагын, башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо жазууга эсептелген). |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери. Саламаттык сактоо уюмунда жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg.); - маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иш графги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери. кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу маалымкат же ушул эле документ санариптик форматтагы “Түндүк” мобилдүү тиркемеси аркылуу); - жеңилдиктерге укугун далилдеген документ; - башка саламаттык сактоо уюмунан тиешелүү адиске жолдомо (талон). Кызмат көрсөтүүчү башка саламаттык сактоо уюмунан жолдомо жөнүндө маалыматты Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу алат. Ооруканага жаткырууга жолдомосу бар жана госпиталга чейинки этапта текшерүүдөн өткөн бейтаптар стационарлардын амбулатордук-диагностикалык жана кеңеш берүү-диагностикалык бөлүмдөрүндө кошумча текшерүүсүз госпиталдаштырылат. Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Берилбейт |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - керектөөчү ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына туура келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде. Пландуу ооруканага жаткырууда: - ооруканага жаткыруу үчүн көрсөтмөлөрдүн, жолдомонун жоктугу; - текшерүүнүн жүрүшүндө ошол саламаттык сактоо уюм үчүн таандык эмес патология табылганда |
17 | Даттануу тартиби | Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмунун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Башка саламаттык сактоо уюмдарына кайрылуу зарыл болгон учурларда, кайрылуу боюнча акыркы жоопту берүү мөөнөтү керектөөчүгө алдын ала кабарлоо менен 30 күнгө чейин узартылат. Даттануу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш. |