Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө,
башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен
аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында
жоокерлердин жана сержанттардын контракт
боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 , 2025-жылдын 3-октябрындагы № 629 , 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Контракт боюнча аскердик кызмат
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын курамында контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартибин, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. Контракт боюнча аскердик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары - жарандар) Ата Мекенди коргоо боюнча милдеттерди өз ыктыяры менен аткаруусуна негизделген аскердик кызмат.
Контракт боюнча аскердик кызматты мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынан (мындан ары - контракттык кызматтын аскер кызматчылары) тышкары, катардагы жоокерлердин жана сержанттардын курамындагы адамдар Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өтөйт.
Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери болуп саналган контракттык кызматтын аскер кызматчылары улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттөөчү атайын мыйзамдар менен белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мыйзамга жана ушул Жобого, ошондой эле алардын негизинде чыгарылган улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин актыларына ылайык кызмат өтөйт.
Контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын арасынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоо тартиби жана жогорку аскердик окуу жайында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
3. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө өзүнө, аскердик кызмат ордуна дайындоону, аскердик наамды ыйгарууну, аттестациялоону, аскердик кызматтан бошотууну, мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык аскер кызматчылардын кызматтык-укуктук абалы аныкталган башка жагдайларды камтыйт.
Контракт боюнча аскердик кызматка биринчи жолу кирген жарандар Кыргызстан элинин ишенимине Аскердик ант берет.
4. Эгерде кызмат өтөө (иштөө) биринин экинчисине түздөн-түз баш ийүүсү же контролдоосу менен байланышкан болсо, анда бири-бирине жакын тууган (ата-энелер, балдар, асырап алынган бир тууган жана тууган ага-ини жана эже-карындаш, чоң ата (таята), чоң эне (таене), неберелер) болуп саналган аскер кызматчыларына контракт боюнча аскер кызматын бир башкаруу органында, бир аскердик бөлүктө (мекемеде) өтөөгө жол берилбейт.
5. Аскер кызматчылары төмөнкү учурларда контракт (жаңы контракт) түзбөстөн контракт боюнча аскердик кызматты аскердик эмес кызмат орундарында өтөй алат:
‒ командирдин (башчынын) карамагында болгондо ‒ эки айдан ашык эмес;
‒ уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында болгондо ‒ үч айдан ашык эмес;
‒ аскер кызматчысын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына байланыштуу ‒ бул чара жокко чыгарылганга чейин же кылмыш-жаза иши боюнча акыркы чечим (кылмыш-жаза куугунтуктоосун, сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун) чыгышы) кабыл алынганга чейин командирдин (башчынын) карамагында болгондо;
‒ жубайы кызматы боюнча мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүкчөсүнө которулганда жана ишке орношуу мүмкүн болбогондо аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарын комплектөө үчүн контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды кабыл алуу аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) өтүнүчү боюнча аскердик комиссариаттар аркылуу жүргүзүлөт, мында аларды кызмат ордуна дайындоо ошол аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) буйруктары менен жүргүзүлөт.
7. Аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракт жарандын жана Кыргыз Республикасынын атынан - жаран аскердик кызматка кирген же ал жерде аны өтөп жаткан мамлекеттик органдын ортосунда ушул Жобо менен аныкталган тартипте типтик форма боюнча жазуу жүзүндө түзүлөт.
Контрактта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) контракт түзгөн жарандын (аскер кызматчынын) аскердик наамы (эгер бар болсо), аты-жөнү, анын туулган күнү, айы жана жылы;
2) Кыргыз Республикасынын атынан контракт түзгөн ыйгарым укуктуу органдын аталышы, ушул органдын атынан контрактка кол койгон кызмат адамынын кызматы, аскердик наамы, аты-жөнү;
3) жаран (аскер кызматчы) жана Кыргыз Республикасынын атынан контракт түзгөн кызмат адамы тарабынан контрактка кол коюлган дата.
8. Контракттын шарттары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жарандын (аскер кызматчынын) контракт боюнча аскердик кызматты контрактта белгиленген мөөнөттүн ичинде өтөө милдетин, аскер кызматчылардын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерин ак ниет аткарууну;
2) аскер кызматчынын юридикалык жоопкерчилигин;
3) аскер кызматчыларынын статусун жана жеңилдиктерди, кепилдиктерди жана компенсацияларды кошуу менен аскердик кызматты өтөө тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген анын укуктарынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарынын сакталышына жарандын (аскер кызматчынын) укугун.
9. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөө жөнүндө биринчи контракт, ошондой эле ар бир кийинки контракт Мыйзамда белгиленген мөөнөткө аскердик кызматта туруунун чектүү жашына же пенсияга чыгуу укугун берген кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтү жеткенге чейин түзүлөт.
Контракт мамлекеттик тилде, ал эми жарандын (аскер кызматчынын) каалоосу боюнча расмий тилде үч нускада түзүлөт, биринчиси аскер бөлүгүнүн (мекеменин) иш кагаздарын жүргүзүү боюнча өзүнчө ишке көктөлөт, экинчиси аскер кызматчынын өздүк ишине кошулат, ал эми үчүнчүсү анын колуна берилет. Мында контракттын ар бир нускасы бирдей юридикалык күчкө ээ.
Контрактта жүргүзүлгөн жазуулар бардык үч нускага жазылат, аскер бөлүгүнүн (мекеменин) командиринин (башчысынын) колу жана гербдүү мөөрү менен бекитилет.
Контракттын кайсы бир нускасы жоголгон учурда, ал аскер кызматчынын өздүк ишинде болгон нускадан (ал жок болгондо - бар болгон каалаган нускадан) көчүрүлүп, кадрдык органдын күбөлөндүрүүсү менен калыбына келтирилет.
10. Алты ай кызмат өтөгөн жогорку билими бар мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары өз каалоосу боюнча контракт боюнча аскердик кызматка өтүүгө укуктуу.
Аял кишилер контракттык кызматтагы жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка бош аскердик кызмат орундар болгон учурда кабыл алынышы мүмкүн.
11. Контракттык кызматтагы жоокерлердин жана сержанттардын аскердик кызмат орундары ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тарабынан тийиштүү штаттарда чагылдырылат.
12. Контракт төмөнкү учурларда токтотулат:
1) мөөнөтү аяктаганда, аскер кызматчынын каалоосу боюнча;
2) аскер кызматчы каза болгон учурда (ал дайынсыз жоголгон же каза болгон деп таанылганда);
3) ушул Жобонун 117, 118 жана 119-пункттарында каралган негиздер боюнча.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Жаңы контрактты түзүү жөнүндө чечим контракттык кызматтын аскер кызматчысы тарабынан контракттын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдан кечиктирбестен кабыл алынышы керек. Контракт боюнча аскердик кызматты улантууну каалаган аскер кызматчылары менен жаңы контракт ушул Жобонун 50-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары мурдагы контракттын колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү (эгер ал эс алуу же майрам күнүнө туш келсе -эс алуу же майрам күнүнөн кийинки иш күнү) түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү токтойт. Мында аскердик кызматтан бошонууну каалаган аскер кызматчы контракттын мөөнөтү аяктай турган күнгө карата кезектеги өргүүнү колдонуп бүтүп, кызматын жана ишин өткөрүп бериши керек, ал эми контракт аяктаган күнү - өздүк курамдын тизмесинен чыгарылышы керек. Ушул Жобонун 50-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн учурларда контракттын колдонулушу ушул Жобонун 50-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары менен белгиленген тартипте улантылат.
Контракт боюнча аскердик кызматтын аяктаган күнү (акыркы күнү) болуп аскер бөлүгүнүн (мекеменин) өздүк курамынын тизмесинен чыгарылган күн эсептелет.
Аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларынан тышкары, курсанттын аскер кызматын өтөө мөөнөтүнүн башталышы, ал жогорку аскердик окуу жайына кабыл алынган күн болуп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Аскердик кызматты өтөө мөөнөтүнө төмөнкү убакыт эсептелбейт:
1) кийин соттун айыптоо өкүмү чыгарылган же реабилитациялабоочу негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши боюнча бөгөт коюу чаралары катары аскер кызматчысынын камакта болгон убактысы;
2) бөлүктү же кызмат өтөгөн ордун өз каалоосу менен таштап кеткен, ошондой эле кийин айыптоо өкүмү чыгарылган дезертирликте жүргөн убактысы.
16. Аскердик кызматтын жалпы узактыгына аскер кызматчынын чакыруу боюнча, ошондой эле контракт боюнча, анын ичинде аскердик кызматка экинчи жолу кирген учурлардагы аскердик кызматта өтөгөн бүткүл мезгил кирет.
17. Аскердик кызматтын мөөнөтүн календардык эсептөө - бул аскер кызматчынын жылдар, айлар жана суткалар менен белгиленген аскердик кызматта турган иш жүзүндөгү жалпы убактысы.
18. Кызмат өтөгөн жылдары боюнча пенсияга укугу бар контракттык кызматтын аскер кызматчыларына, аскердик кызматты өтөгөн мезгилдери (календардык жана жеңилдетилген эсептөөдө) аскер кызматчысы аскердик кызматты өтөп жаткан комплекттөө маселелерин тейлеген орган тарабынан тастыкталат. Кызмат өтөө жылдарынын эсептөө пенсия органынын башчысы тарабынан түзүлөт, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана аскер кызматчынын өздүк делосуна көктөлөт.
2-глава. Контракт боюнча аскердик кызматка
кирүүдө коюлуучу талаптар
19. Жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка кирүүчү жарандар Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бериши керек.
Мында:
1) он тогуздан кырк жашка чейинки аял кишилер, мыйзамда белгиленген чектик куракка жеткенге чейин контракт түзүүнү эске алуу менен - жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка аныкталат;
2) мурда контракт боюнча аскердик кызматты өтөгөн катардагы, сержанттык курамдагы аскерге милдеттүүлөр мыйзамда белгиленген чектик куракка жеткенге чейин контракт түзүүнү эске алуу менен -запастагы прапорщиктер - жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка аныкталат;
3) мөөнөттүү аскердик кызматты, чакырылуучу мобилизациялык резервдеги кызматты өтөгөн, альтернативдик кызматты, алгачкы аскердик жыйындарды, мобилизациялык резервдик жыйындарын өткөн же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарган, адистиги боюнча тиешелүү кесиптик даярдыгы бар жана Мыйзамда белгиленген аскердик наамына жараша аскердик кызматта туруунун чектик курактан улуу эмес аскерге милдеттүүлөр чектик куракка жеткенге чейин контракт түзүүнү эске алуу менен -жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү жаран кабыл алынышы мүмкүн эмес:
1) медициналык комиссиянын корутундусуна ылайык аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга жолтоо болгон оорусу бар;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өзүнө алуудан баш тарткан;
3) соттуулугу, анын ичинде алып салынган же жоюлган соттуулугу бар; ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган; жубайынын, ошондой эле жакын туугандарынын оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар; же болбосо алар белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылган;
4) аскердик кызматка киргенге чейин бир жыл аралыгында сот тартибинде атайын укук бузгандыгы үчүн административдик жаза салынган;
5) кызматына ылайык келбегендиги боюнча мамлекеттик (аскердик) кызматтан бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо;
6) дискредитация боюнча аскердик кызматтан бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо, запаска бошотулгандан кийин акыркы иштеген орду боюнча оң мүнөздөмө берилген болсо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алууда жарандарга башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталуучу кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөнкү жарандар кабыл алынышы мүмкүн эмес:
1) белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызматты өтөбөгөн эркектер (курсанттардан тышкары);
3) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга жана/же аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган оорусу бар;
4) аскердик жана башка мамлекеттик кызмат жөнүндө, коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле ушул Жободо белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тарткан;
5) кызматка ылайык келбегендиги боюнча, дискредитация, ишенимди жоготуу, коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн иштен же мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматтан бошотулган;
6) чет мамлекеттин жарандыгы (букаралыгы) бар, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон, чет мамлекеттин аймагында жашап турууга же туруктуу жашоо укугуна башка тастыктоочу документи бар же аларды алуу үчүн документтерди тапшырган. Бул талап жубайына да колдонулат;
7) коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн мурда тартиптик жоопкерчиликке тартылган;
8) соттуулугу жоюлганына же алып салынгандыгына карабастан, кылмыш иши үчүн соттуулугу болгон; же болбосо ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган же реабилитацияланбаган негиздер боюнча өкүм чыгарылган; же болбосо белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү деп таанылган учурда;
9) милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгон документтерди же маалыматтарды бербеген же болбосо жасалма документтерди же өзү (жубайы) же анын же жубайынын жакын туугандары жөнүндө атайлап жалган маалыматтарды берген;
10) анын жубайы же алардын жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн белгиленген тартипте күнөөлүү деп таанылган; же болбосо аларга карата кылмыш иши (оор же өзгөчө оор кылмыштар боюнча) реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган; же болбосо алар белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылган;
11) анын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары катталган мүлккө менчик укугу, буюмдук укуктары, милдеттенмелери болгон учурда, эгерде бул оперативдик-кызматтык иштин милдеттерин чечүү менен шартталбаса;
12) Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний агымга (сектага) же диндин эрежелерине тартылган же тутунган;
13) эгерде ал саясий партиялардын жана саясий максаттарды көздөгөн башка коомдук бирикмелердин мүчөсү болгон же алардын ишине катышкан;
14) анын баңги каражаттарын же психотроптук заттарды дарыгердин көрсөтмөсү жок колдонгон факты аныкталган;
15) атайын текшерүүдөн же болбосо мамлекеттик сырга уруксат берүү жол-жоболорунан же полиграфиялык изилдөөдөн же болбосо психофизиологиялык же медициналык күбөлөндүрүүдөн же кызматка жарамдуулук үчүн тестирлөөдөн өтпөгөн;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
Улуттук коопсуздук органдары талапкерге аскер кызматка кабыл алуудан баш тартуунун себебин түшүндүрбөөгө укуктуу.
22. Жарандардын контракт боюнча аскердик кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагына) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлөт.
3-глава. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө үчүн
жарандарды тандоо тартиби
23. Контракт боюнча аскердик кызматка аныктоо үчүн алдын ала тандоо жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен контракт боюнча аскердик кызматка талапкерлерди алдын ала тандоо аскер комиссариаттарына, ал эми мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынын ичинен талапкерлерди алдын ала тандоо - аскер бөлүктөрүнүн командирлерине (мекемелердин башчыларына) жүктөлөт.
24. Жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген жаран жашаган жери боюнча аскер комиссариатына же аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдарына арыз берет.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– жарандын аскердик наамы (эгерде болсо), аты-жөнү;
– анын туулган күнү, айы, жылы жана жери;
– жашаган жери;
– болгон билими;
– жаран контракт түзүүнү каалаган мамлекеттик органдын аталышы, аскердик кызматка кирүү мотиви;
– эгерде аскердик кызмат өтөсө, аскердик бөлүктүн номери (мекеменин аталышы) жана кайсы кызматта өтөгөндүгү, ошондой эле аскердик кызматтын мезгилдери.
Жаран арыз менен кошо төмөнкүлөрдү берет:
– өз колу менен жазылган өмүр баянды;
– аскердик-каттоо документтеринин (эгерде болсо) көчүрмөлөрүн;
– эмгек стажы болсо, эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
– кесиптик же башка билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
– паспорттун, туулгандыгы тууралуу, никеси тууралуу (эгерде никеде турса) жана балдарынын туулгандыгы тууралуу (эгерде болсо) күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Аскер комиссариаттары контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген жарандардын арыздарын каттайт жана кароого кабыл алат.
Арызы кароого кабыл алынган жаран контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө талапкер (мындан ары - талапкер) болуп саналат.
26. Аскер комиссариаттары кабыл алынган арыздарды он жумуш күндүн ичинде карайт жана талапкерлерди алдын ала тандоо боюнча ишти уюштурат.
Талапкердин таризделген документтери аскер комиссариаттары тарабынан ыйгарым укуктуу органга (талапкер аскердик кызматты өтөөнү каалаган) чечим кабыл алуу үчүн жиберилет.
27. Талапкер ченемдик укуктук актыларда аныкталган учурларда мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарга уруксат алууну тариздөө жол-жобосун белгиленген тартипте өтөт.
28. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөөгө жарактуу деп таанылган талапкерге аскердик кызматка чакырууда (аныктоодо) аскер комиссариаттарында өздүк дело таризделет (эгерде мурда өздүк дело таризделбесе).
Аскердик кызматка чакырылгандан (аныкталгандан) кийин талапкердин өздүк делосу жана башка зарыл болгон документтер аскер комиссариаты тарабынан алардын андан ары аскердик кызматты өтөөчү жери боюнча жөнөтүлөт.
29. Жогорку билими бар, жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнү каалаган мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчысы мөөнөттүү аскердик кызмат аяктоочу календардык мөөнөткө чейин жети айдан кем эмес, ошондой эле аскердик кызматтын белгиленген мөөнөттөрүн өтөп келген жана жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызмат өтөөнү улантууну каалаган мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчысы мөөнөттүү аскердик кызмат аяктоочу календардык мөөнөткө чейин бир айдан кем эмес түздөн-түз командирдин (башчынын) атына билдирме берет.
Билдирмеде контракт аскердик кызматка кирүү мотиви менен кошо аскер кызматчысынын төмөнкү жеке маалыматтары көрсөтүлөт:
1) кызмат орду, аскердик наамы, аты-жөнү;
2) туулган күнү, айы, жылы жана жери;
3) жашаган жери;
4) чакыруу убактысы;
5) билими.
30. Билдирмеси кароого кабыл алынган аскер кызматчысы контракт боюнча аскердик кызматка кирүү үчүн талапкер (мындан ары - талапкер) болуп саналат.
Аскердик бөлүктөрдүн кадрдык органдары кабыл алынган билдирмени каттайт жана жети күндүн ичинде талапкерди алдын ала тандоо боюнча ишти уюштурат, анын жыйынтыктары талапкерди алдын ала изилдөө барагында чагылдырылат.
Аскер кызматчынын билдирмеси, ошондой эле анын түздөн-түз командири (башчысы) жазган кызматтык мүнөздөмөсү жана өтүнмө туруктуу иштеген аттестациялык комиссия тарабынан он күндүк мөөнөттө каралат, ал ушул аскер кызматчысын контракт боюнча аскердик кызматка киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө тыянак чыгарат.
31. Аскердик бөлүктөрдүн кадрдык органдары аттестациялык комиссиянын жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдарды жана таризделген аскердик-кесиптик тандоо картасын баш ийүүсү боюнча аскердик бөлүктүн командирине талапкердин талапкерлигин андан ары кароо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн берет.
Командирдин чечими талапкердин ким экендигин алдын ала изилдөө барагында чагылдырылат.
32. Контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген талапкердин арызы ушул Жобонун 19-пунктунда каралган жоболорду эске алуу менен кайтарылууга тийиш.
Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуудан баш тартылган учурда, талапкерге жазуу жүзүндөгү жооп жиберилет, анда баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.
33. Талапкерди контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуудан баш тартылса, аскер комиссариаттарында же аскердик бөлүктөрдө протокол түзүлөт, анда баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Протоколду аскер комиссары же аскердик бөлүктүн командири бекитет жана талапкерге кол койдуруу менен жеткирилет.
Баш тартуу тууралуу протоколдун түп нускасы аскер комиссариатында же аскердик бөлүктө белгиленген тартипте сакталат.
34. Контракт боюнча аскердик кызматка коюлган талаптарга ылайык келген жана эң жогорку натыйжаларды көрсөткөн талапкерлер аныкталат.
Мындай талапкерлер менен ушул Жободо аныкталган тартипте биринчи контракт түзүлөт.
4-глава. Контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды
кабыл алууга байланыштуу кызмат адамдарынын милдеттери
35. Жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды кабыл алууга байланыштуу төмөнкүлөргө жүктөлөт:
1) аскер комиссариаттарына:
- жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына, аскердик-каттоо адистиктерине жана кызмат өтөө жерлери боюнча талапкерлерди тандоого аскердик бөлүктөрдүн өтүнмөлөрүн топтоо жана жалпылоо;
- жарандардын ичинен талапкерлерди алдын ала тандоону уюштуруу;
- контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуу жөнүндө жарандардын арыздарын кароо;
- талапкерлердин маалыматтар базасын түзүү;
- аскердик кызматка кирүүнү каалаган жарандарга аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) өтүнмөлөрүнө ылайык мүмкүн болгон кызмат өтөө жерлери жана кызмат орундары жөнүндө маалымат берүү;
- өздүк делолорду тариздөө жана талапкерлерди медициналык күбөлөндүрүүдөн, зарыл болгон текшерүүлөрдөн өтүү үчүн жиберүү;
- мыйзамдарда аныкталган учурларда - улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу жана талапкерге мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарга уруксат берүүнү тариздөө;
- зарыл болгон аскердик-каттоо адистиктери боюнча талапкерлердин болушу жөнүндө аскердик бөлүктөргө (мекемелерге) кабарлоо;
- талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрүү, алардын аскердик-каттоо адистиктерге ылайык келишин аныктоо үчүн аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) өкүлдөрү менен талапкерлердин жолугушууларын уюштуруу;
- контракт боюнча аскердик кызматка чакыруу (аныктоо) үчүн зарыл болгон материалдарды өз убагында тариздөө жана тиешелүү кадрдык органдын дарегине жиберүү;
- талапкерлердин өздүк делолорун аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдарына жиберүү;
- талапкерлерди контракт боюнча аскердик кызматка аныктоо жөнүндө келип түшкөн буйруктардын көчүрмөлөрүнүн негизинде кызмат өтөө жерине жиберүү;
2) аскердик бөлүктүн (мекеменин) кол башчылыгына:
- аскердик-каттоо адистигин көрсөтүү менен аскердик бөлүктө (мекемеде) болгон контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын бош кызмат орундарына комплектөөгө өтүнмөлөрдү команда боюнча берүү;
- жарандардын жана контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын (прапорщиктердин) ичинен талапкерлерди тандоону уюштуруу;
- талапкерлердин ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн аныктоо боюнча аттестациялык комиссиянын ишин уюштуруу;
- контракт боюнча аскердик кызматка кирүүнү каалаган аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн документтерин кабыл алуу;
- аскер кызматчылары жана мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынын ичинен талапкерлер менен контракттарды түзүү боюнча ишти уюштуруу;
- талапкерлердин өздүк делолорун жана башка материалдарын тариздөө боюнча ишти уюштуруу;
3) ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине:
- зарыл болгон документтерди тариздөө боюнча кадрдык органдардын ишин уюштуруу жана контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген жарандарды (аскер кызматчыларын) аларды тандоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн жиберүү;
- Кыргыз Республикасынын атынан тиешелүү мамлекеттик органдын контракттарды түзүү боюнча кызмат адамдарынын (аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин, мекемелердин жана түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн башчыларынын) ыйгарым укуктарын аныктоо.
36. Болгон бош кызмат орундарын ээлөөгө өтүнмөлөр (аскердик-каттоо адистигин көрсөтүү менен) аскердик бөлүктөрдүн командирлери (мекемелердин башчылары) тарабынан аскер комиссариаттарына берилет.
5-глава. Контракт түзүү тартиби.
Контракт боюнча аскердик кызматтын башталышы,
мөөнөттөрү жана аякташы
37. Биринчи контрактты төмөнкүлөр түзөт:
1) мурда контракт боюнча аскердик кызматты өтөбөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары:
‒ Мыйзамда белгиленген чектүү куракка чыкканга чейин контракт түзүүнү эске алуу менен он сегиз жаштан жаш эмес жана кырк беш жаштан улуу эмес курактагылар;
‒ Мыйзамда белгиленген чектүү куракка чыкканга чейин контракт түзүүнү эске алуу менен он тогуз жаштан кырк жашка чейинки курактагы аял кишилер;
2) мурда мөөнөттү аскердик кызматты өтөгөн аскерге милдеттүүлөр;
3) аскердик кызматты өтөп жаткан жана контракт боюнча аскердик кызматты өтөөгө контракт түзбөгөн аскер кызматчылары;
4) жогорку билими бар жана 6 ай кызмат өтөгөн, мөөнөттүү кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле аскердик кызматтын белгиленген мөөнөттөрүн өтөп келген жана контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнү улантууга каалоосун билдирген мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары.
Мындан сырткары аскердик өкуу жайларга өтүүдө биринчи контрактты төмөнкүлөр түзөт:
1) окууга тапшырган жылы он жети жашка толгон, бирок жыйырма бир жаштан улуу эмес Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) аскердик кызматты өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары жана мөөнөттүү аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар, алар окууга тапшырган жылы жыйырма төрт жашка чыкканга чейин;
3) жоокердик жана сержанттык курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан, жыйырма төрт жашка чейин курактагы аскер кызматчылары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Жоокердик жана сержанттык курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызматты (анын ичинде мөөнөттү аскер кызматты) өтөп жаткан аскер кызматчылары аскердик окуу жайына кабыл алууда, аларды кабыл алуу менен бир эле учурда биринчи (жаңы) контракт түзөт.
39. Талапкер менен биринчи контракт төмөнкү типтик форма боюнча түзүлөт:
1) контракт боюнча аскердик кызматка кирип жаткан жарандар менен (1-тиркеме);
2) аскердик окуу жайына тапшырып жаткан жарандар (аскер кызматчылары) менен (2-тиркеме).
Аскердик окуу жайына кабыл алынган күнгө карата он сегиз жашка толо элек жаран, аскердик окуу жайында аскер кызматчысынын окуусуна контрактка он сегиз жашка толгондо кол коет. Мындай адамдардын контрактка кол коюу тартиби аларды окууга жиберген ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тарабынан аныкталат. Мындай жарандар аскердик окуу жайына өткөн учурда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү окуу жөнүндө контрактка, билим алуучунун контракттын талаптарын сактоосу жөнүндө милдеттенмеге кол коёт (3-тиркеме).
Он сегиз жашка толгон жана аскердик кызматка чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга же чакыруудан бошотууга укугу жок билим алып жаткан аскер кызматчысы контрактка кол коюудан баш тарткан учурда ал мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөө үчүн кошуундарга жана бөлүктөргө жиберилет.
40. Талапкер менен биринчи контрактка ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү жетекчисинин чечими менен укук берилген кызмат адамы кол коёт.
Запастан аскердик кызматка аныкталган аскер кызматчысы аскердик кызмат өтөй турган жерге келгенде контрактка кол коюудан баш тарткан учурда аны аскердик кызматка аныктоо жөнүндө буйрук жокко чыгарылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан жана аны улантууну каалаган аскер кызматчысы төмөнкү учурларда жаңы контракт түзөт:
1) мурдагы контракттын мөөнөтү аяктаганда;
2) аскердик окуу жайына кабыл алынганда;
3) аскердик окуу жайынан чыгарылганда (өз каалоосу боюнча, тартипсиздиги үчүн, ден соолугунун абалы боюнча же соттолгондугуна байланыштуу чыгарылган учурларды кошпогондо).
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Жаңы контракт запаста турган, мурда контракт боюнча аскердик кызматты өтөгөн, аскердик кызматта туруунун чектүү курагына чыга элек жарандар менен мурдагы контракттын мөөнөтү аяктаганда түзүлүшү мүмкүн.
43. Жаңы контракт төмөнкү типтик форма боюнча түзүлөт:
1) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар менен - аскердик кызматта туруунун чектүү курагы же пенсияга укук берүүчү кызмат өтөө мөөнөтү келгенге чейин ар бир жолу;
2) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары менен аскер окуу жайына кабыл алууда.
44. Аскер кызматчысы менен жаңы контрактка ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү жетекчисинин чечими менен ыйгарым укук берилген кызмат адамы кол коёт.
45. Контракт боюнча аскердик кызматты улантууну каалаган, колдонуудагы контрактынын мөөнөтү бүтүп жаткан аскер кызматчысы жаңы контракт түзүү үчүн колдонуудагы контрактынын мөөнөтү аяктаганга чейин эки айдан кечиктирбестен команда боюнча билдирме берет.
Аскер кызматчынын билдирмеси белгиленген тартипте катталат. Билдирмелерди өз убагында берилишин контролдоону тийиштүү кадрдык орган же аскердик бөлүктүн (мекеменин) комплектөө органы ишке ашырат.
46. Тиешелүү командирлер (башчылар) аскер кызматчысы менен жаңы контракт түзүү жөнүндө же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди колдонуудагы контракттын мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен кабыл алат.
47. Аскердик кызматта туруунун чектүү курагына жете элек, мурда жакшы аттестацияланган аскер кызматчысына жаңы контракт түзүүгө баш тартылбайт.
48. Аскер кызматчыларынын аскердик кызматта туруусунун чектүү курагы Мыйзам менен белгиленет.
49. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан, белгиленген мөөнөттө жаңы контракт түзүүнү каалабаган аскер кызматчысы контракттын мөөнөтү аяктаганда аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүлөт.
50. Жаңы контракт түзүү мүмкүнчүлүгүн объективдүү жокко чыгарган (мыйзамдар менен аныкталган күжүрмөн аракеттерге катышуу; дарыланууда болуу; кош бойлуу жана төрөт боюнча өргүүдө болуу; бала багуу боюнча өргүүдө болуу; чет мамлекетте иш сапарларда, чет мамлекеттик курстук окууларда, окуу семинарларында болуу; туткунда болуу, барымтада же эркиндигинен ажыратылган абалда жана башка ушул сыяктуу абалдарда) шарттарда контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчысы, аскер кызматчысынын статусун сактайт жана мурда түзүлгөн контракттын шарттарында аскердик кызматты улантат.
Көрсөтүлгөн жагдайлар токтогондо аскер кызматчысы аскердик бөлүккө (мекемеге) келгенден кийин беш жумуш күндүн ичинде аскердик кызматты өтөө жөнүндө жаңы контракт түзүү же аскердик кызматтан бошонуу жөнүндө билдирме берет.
Тийиштүү командирлер (башчылар) он күндүк мөөнөттө, Мыйзамда жана ушул Жободо каралган негиздер боюнча мындай аскер кызматчысы менен жаңы контрактты түзүү жөнүндө же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышат.
51. Кызмат өтөө жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугуна ээ болууга чейин үч жылдан көп эмес убакыт калган аскер кызматчысы ушул Жобонун 117-пунктунун 4-7-пунктчалары жана 118-пунктун 1-пунктчасы менен белгиленген негиздер боюнча бошотула турган учурлардан тышкары аскердик кызматтан бошотулушу мүмкүн эмес.
Мындай аскер кызматчысы менен, кызмат өтөө жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугуна ээ болууга зарыл болгон мөөнөткө жаңы контракт түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Кызматтарды комплекттөө
52. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары ээлөөгө тийиш болгон жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундары жана ушул кызмат орундарына тиешелүү аскердик наамдар атайын тизмелерде аныкталат жана штатта каралат. Бул кызмат орундарынын тизмектери ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилет.
53. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары менен комплекттелүүчү жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына төмөнкүлөр дайындалат:
1) жогорку билимге ээ жана 6 ай кызмат өтөгөн мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары, ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөттөрүн өтөп келген мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары (алардын каалоосу боюнча);
2) запастагы жоокерлер жана сержанттар, анын ичинде аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жетпеген, контракт боюнча аскердик кызматка аныкталуучу чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик кызмат өтөгөндөр, альтернативдик кызмат өтөгөндөр, алгачкы аскердик жыйындардан, мобилизациялык резервдик жыйындардан өткөндөр же коомдук пайдалуу жумуштарды аткаргандар;
3) мурда аскердик каттоодо турбаган, контракт боюнча аскердик кызматка аныкталуучу 37 жаштан улуу эмес аял кишилер;
4) жоокерлердин жана сержанттардын кызмат ордунда контракт боюнча аскердик кызмат өтөө каалоосун билдирген, Мыйзамда белгиленген аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткенге чейин контракт түзүүнү эске алуу менен аскердик кызматты өтөп жаткан прапорщиктер (контракт боюнча аскердик кызматка аныкталуучу запастагы прапорщиктер);
5) аскердик кызматта турган контракттык кызматтын аскер кызматчылары.
Контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын бош кызмат орундарын мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары, аларды контракт боюнча аскердик кызматка киргизбестен жана контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын кызмат орундары боюнча аскердик наам ыйгарбастан убактылуу ээлей алат.
Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары ээлей турган контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын кызмат орундары ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилген кызмат орундарынын тизмеги менен аныкталат.
7-глава. Кызматка дайындоо, кызмат боюнча орун которуу
54. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы жогорку, тең жана төмөнкү кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн.
Эгерде штат менен мурдагы кызмат ордунан кыйла жогору аскердик наам каралса - жогору турган кызмат орун деп, ал эми бирдиктүү тарифтик торчо боюнча кыйла жогору акчалай камсыздоо каралса - тең аскердик наам деп эсептелет.
Штат менен бирдей аскердик наам жана бирдиктүү тарифтик торчо боюнча акчалай камсыздоонун бирдей маянасы каралса, кызмат орун тең деп эсептелет.
Эгерде штат менен ал үчүн кыйла төмөн аскердик наам каралса - төмөн турган кызмат орун деп, ал эми бирдиктүү тарифтик торчо боюнча кыйла төмөн акчалай камсыздоо каралса - тең аскердик наам деп эсептелет.
55. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын жогору турган кызмат ордуна дайындоо алардын кесиптик сапаттарына жана кызматтагы жетишкен натыйжаларына ылайык ырааттуулук менен жүргүзүлөт.
Командирлер жана башчылар жаңы дайындалган аскер кызматчыларына анын конкреттүү кызмат ордунда калыптанышын камсыз кылган жеке иштерди өткөрүүгө, ага керектүү практикалык жардамды берүүгө милдеттүү.
56. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын тең кызмат ордуна дайындоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) кызматтык зарылчылыкка байланыштуу, анын ичинде бош кызмат орундарын комплекттөө зарыл болгондо;
2) уюштуруу-штаттык иш чараларга байланыштуу;
3) аскер кызматчысын аскердик кызматта кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн анын кесиптик даярдыгын, мүмкүнчүлүктөрүн, ыктарын, эптүүлүгүн же иш тажрыйбасын эске алуу менен;
4) үй-бүлөлүк шарты боюнча - аскер кызматчысынын өтүнүчү боюнча;
5) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча.
57. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын төмөн турган кызмат ордуна дайындоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) уюштуруу-штаттык иш чараларга байланыштуу, аскер кызматчысын тең кызматка дайындоо мүмкүн болбогондо;
2) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
3) үй-бүлөлүк шарты боюнча - аскер кызматчысынын өтүнүчү боюнча;
4) алардын моралдык-иштиктүү сапаттарына жараша, аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде, ошондой эле жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн натыйжасы боюнча жумуштун көлөмү аз кызмат орундарына;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык берилген тартип жазасын ишке ашыруу тартибинде.
58. Контракттык кызматтын аскер кызматчысын кызмат ордуна дайындоо аскердик бөлүктүн тиешелүү командири (мекеменин башчысы) жана андан жогору тургандар тарабынан жүргүзүлөт.
Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын жоокер жана сержант кызмат ордуна дайындоодо төмөнкүдөй шарттар сакталат:
– негизги же аскердик-каттоо адистигине жакын адистик боюнча же болбосо ээ болгон тажрыйбасына ылайык дайындоо камсыздалат, ал эми аскер кызматчылары үчүн жаңы адистик боюнча аларды кызмат ордуна дайындоо жаңы кызмат ордунда бир айдын ичинде кызматтык милдеттерди убактылуу аткаргандан кийин жүзөгө ашырылат;
– Кыргыз Республикасын коргоодо, күжүрмөн нөөмөттү өтөөдө же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жогорку күжүрмөн жана кесиптик сапаттарды көрсөткөн же болбосо аскердик милдетин үлгүлүү аткарып жаткан аскер кызматчылары жылдыруу үчүн кадрлардын резервине киргизилет;
– дайындоо, эреже катары тиешелүү командирлердин (башчылардын) карамагына киргизбестен жүргүзүлөт. Тиешелүү командирлердин (башчылардын) карамагында турган аскер кызматчыларын кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок алар мурдакы кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып эки айдан ашык эмес убакытта жүргүзүлөт. Бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн мезгилинде ээлеген кызмат орду кыскартылганына байланыштуу карамагында турган катардагы жана сержанттык курамдагы аял-аскер кызматчыларына өргүүсү аяктагандан кийин алар карамагына киргизилгенге чейин ээлеген кызмат ордуна тең кызмат орду, ал эми алар жок болгондо – төмөн турган кызмат орду, аскердик кызматты улантууга каалоосун билдирген учурда берилиши керек;
– аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан тынч убакта катардан тышкаркы аскердик кызматка жарактуу дап таанылган, аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жете элек аскер кызматчыларын ден соолугунун абалын, даярдыгын жана кызмат өтөө тажрыйбасын эске алуу менен милдеттерди аткара ала турган башка кызматтарга дайындоо зарылчылыгын түздөн-түз башчылар аныктайт;
– катардагы жана сержанттык курамдагы аял-аскер кызматчылары (прапорщиктер) тынч убакта контракттык кызматтын аскер кызматчылары кызмат ордуна ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилген кызмат орундардын тизмеги боюнча дайындалат;
– уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу, үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча төмөн турган кызмат орундарына дайындалган жана мурдагы кызмат орундарына тең кызмат орундарын ээлөө үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берген контракттык кызматтын аскер кызматчылары кызматы боюнча көтөрүлүү артыкчылыктуу укугун колдонушат;
– тартиптик жаза тартибинде кызмат ордунан төмөндөтүлгөн контракттык кызматтын аскер кызматчылары жогору турган кызмат орундарына дайындалышы мүмкүн, бирок төмөндөтүлгөндөн кийин бир жылдан эрте эмес;
– аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) жана жогору тургандардын буйруктары менен контракттык кызматтын аскер кызматчыларына офицердик курамдын бош жана бош эмес кызмат орундары боюнча милдеттерди убактылуу аткарууга уруксат берилиши мүмкүн, мында аларга баш ийүүдө офицерлер болбошу керек;
– катардагы жана сержанттык курамдагы аял-аскер кызматчылары (прапорщиктер) кош бойлуулугуна же баланы үч жашка чейин кароо зарылчылыгына байланыштуу, алардын макулдугу менен жумушу аз көлөмдөгү контракттык кызматтын жоокер жана сержант кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн.
Бош кызмат орундары жок учурда аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулууга тийиш.
Бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн аял-аскер кызматчылары, алардын макулдугусуз ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн эмес.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Бир аскердик бөлүктөн (мекемеден) экинчисине, анын ичинде мамлекеттик органдардын ортосунда которуу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда:
- кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана аскердик (күчтөрдүн) мекемелердин, дивизиянын контракттык кызматтын аскер кызматчыларын - тийиштүү кол башчылардын, дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- борбордук баш ийүүдөгү кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин ортосундагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларын - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
- башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын ортосунда - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
2) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда - улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен аныкталуучу тартипте;
3) аскердик прокуратура органдарында - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун буйруктары менен;
4) кылмыш-жаза аткаруу системасынын маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөлөрүндө - кылмыш-жаза аткаруу системасынын маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөсүнүн жетекчисинин буйруктары менен;
5) өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда - ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басарынын (аскердик блокту тескеген) буйругу менен;
6) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ички аскерлеринде - Ички аскерлердин кол башчысынын буйруктары менен;
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12)(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 , 2025-жылдын 3-октябрындагы № 629 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
60. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын 3 айдан ашык окуу мөөнөтү менен сержанттарды даярдоо мектебине (аскердик окуу бөлүгүнө), аскердик окуу жайларына кабыл алууда алар мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулат жана тиешелүү окуу жайында (аскердик окуу бөлүгүндө) билим алуучулар үчүн каралган курсант кызмат ордуна же башка кызмат ордуна дайындалат.
61. Контракттык кызматтын аскер кызматчысын кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана командирдин (башчынын) карамагына киргизүү үчүн керектүү документтердин формасы жана мазмуну, ошондой эле аларды тариздөө жана берүү тартиби тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу, бирок көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын жетекчисинин орун басарынын деңгээлинен төмөн эмес кызмат адамы тарабынан белгиленет.
62. Аскер кызматчысын жаңы аскердик кызмат өтөй турган жерге которууда анын үй-бүлөсүнүн жашаган орду алмашылса, ал эми аялы (күйөөсү) да аскер кызматчысы болсо, аскер кызматчысын жаңы аскердик кызмат өтөй турган жерге которуу чечими менен бирге анын аялын (күйөөсүн) которуу жөнүндө маселе каралат. Бош кызмат орундар жок болгондо, мындай аскер кызматчысы үй-бүлөлүк шарты боюнча аскердик кызматтан бошонууга укуктуу.
63. Кызмат боюнча которулган аскер кызматчылары, жаңы кызмат өтөй турган жерине ишин жана кызмат ордун тапшыргандан кийин, бирок аскер кызматчысы кезектеги өргүүдө же дарыланууда жүргөн учурларынан тышкары, аскердик бөлүк кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн (кат жүзүндө кабарлоо) алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жиберилет.
Аскер кызматчысы жаңы кызмат өтөй турган жерге кетүүдө, аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) 3 күндүк мөөнөттө жаңы кызмат өтөй турган жердин кол башчылыгына аскер кызматчысы кеткендигин жана бара турган мөөнөтүн көрсөтүү менен кабарлайт. Аскер кызматчысы жаңы кызмат өтөй турган жерге келгенде, аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) 3 күндүк мөөнөттө эски кызмат өтөгөн жердин кол башчылыгына аскер кызматчысы келгендигин кабарлайт.
64. Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларынан жана чет өлкөлүк аскердик билим берүү уюмдарынан (сержанттарды даярдоо мектептеринен, окуу аскердик бөлүктөрүнөн) өз каалоосу боюнча, тартипсиздиги үчүн, ден соолугунун абалы боюнча же соттолгондугуна байланыштуу чыгарылган аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулат.
Чет өлкөлүк аскердик билим берүү уюмдарынан жетишпегендиги же үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чыгарылган аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларына калыбына келтирүү аттестациялык комиссиянын (окуу кеңешинин) сунуштамасы жана мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Командирдин карамагына киргизүү тартиби
65. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысы) карамагына ошол командирдин (башчынын) буйругу менен киргизилиши мүмкүн.
Контракттык кызматтын аскер кызматчысын командирдин (башчынын) карамагына киргизүү төмөнкүлөргө байланышкан учурларда жол берилет:
1) жүргүзүлүүчү уюштуруу-штаттык иш-чаралардын натыйжасында кызмат орду кыскарганына;
2) алты айдан ашык мөөнөткө аскердик окуу жайына окууга же кызматтык иш сапарга жиберилгендигине;
3) аскер кызматчысы туткунда, барымтада же эркиндигинен ажыратылган абалда жана мыйзам менен аныкталган башка ушул сыяктуу абалдарда болгондугуна – бардык болгон убагында;
4) аскер кызматчысын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына – бул чараны колдонууну жокко чыгарылганга чейин же болбосо кылмыш-жаза иши боюнча акыркы чечим кабыл алынганга (кылмыштык куугунтуктоо, сотко чейинки өндүрүш кыскартылганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү (токтому) чыкканга) чейин;
5) жубайынын (күйөөсүнүн/аялынын) мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмдөрүнө кызматы боюнча которулгандыгына
жана жумушка орношуу мүмкүн болбогондо – аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес;
6) ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин чечими менен, аскер кызматчысынын жеке өтүнүчүнүн негизинде.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Карамагында болгон контракттык кызматтын аскер кызматчылары (аскердик окуу жайына билим алууга же чет өлкөгө кызматтык иш сапарларга жиберилген, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн аскер кызматчыларынан тышкары) өздүк курамынын тизмесине кирген аскердик бөлүккө (мекемеге) күн сайын келүүгө милдеттүү. Аталган аскер кызматчыларына кызмат убагында бөлүктүн (мекеменин) жайгашкан жеринен чыгууга уруксат аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) тарабынан берилет.
Уюштуруу-штаттык иш чараларды өткөрүүнүн натыйжасында жана кол башчылыктын чечими боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулган улуттук коопсуздук органдарынын контракттык кызматтын аскер кызматчылары, бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн контракттык кызматтын аскер кызматчыларынан тышкары, үч айдан көп эмес карамагында турушу мүмкүн, андан кийин алар кызмат ордуна калыбына келтирилүүгө, тең кызматка же аскер кызматчысынын жеке макулдугу боюнча төмөн турган кызматка дайындалууга же аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш. Улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары командирдин (башчынын) карамагында турган мезгилде кадр органдары кол башчылык менен макулдашуу боюнча тең турган же төмөн турган кызматка дайындоону бир жолу сунуштоого милдеттүү. Сунушталган кызмат ордунан баш тартуу же макул болуу протокол менен таризделип, ал аскер кызматчысынын өздүк делосуна тиркелет.
67. Бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн контракттык кызматтын аскер кызматчылары ушул Жобонун 65-пунктунун 1 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларынан тышкары алардын макулдугу жок ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн эмес.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
9-глава. Контракттык кызматтын аскер
кызматчыларын аскердик бөлүктөр
(мекемелер) ортосунда которуу тартиби
68. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары кызматты мындан ары улантуу үчүн аскердик бөлүктөр (мекемелер) ортосунда которулушу мүмкүн.
Которуу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери аныктаган тартипте, бирок мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын деңгээлинен төмөн эмес тиешелүү башчылар ортосунда өз ара макулдашуу боюнча жүргүзүлөт жана ушул кызмат адамдарынын буйруктары менен таризделет.
69. Контракттык кызматтын кызматчысы которулууда мурдагы кызмат өтөгөн жери боюнча өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат жана жаңы кызмат өтөй турган жери боюнча өздүк курамдын тизмесине киргизилет. Мында көрсөтүлгөн аскер кызматчысы менен мурда түзүлгөн контракт мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.
Мындай аскер кызматчысынын мурдагы кызмат өтөгөн жеринен кетүүсү жана анын жаңы кызмат өтөй турган жерге келүүсү жөнүндө билдирүү ушул Жобонун 63-пунктунун экинчи абзацына ылайык жүргүзүлөт.
10-глава. Контракттык кызматтын аскер
кызматчыларынын аскердик наамдары жана
аларды ыйгаруу тартиби
70. Аскердик наам аскер кызматчыларына, алардын аскердик же атайын даярдыгына, кызмат өтөгөн жылдарына, ошондой эле аскердик кызматтагы тажрыйбасына ылайык жеке ыйгарылат.
71. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларына старшина аскердик наамын кошпогондо, аскердик наамдар аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) буйруктары менен ыйгарылат.
Старшина аскердик наамы аскер кызматчыларына ээлеген кызмат орду боюнча штаттык категория ыйгарылуучу аскердик наамга ылайык келгенде жана аскердик наамда кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганда ыйгарылат:
1) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда:
- кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана аскер мекемелеринин (күчтөрдүн), дивизиянын контракттык кызматынын аскер кызматчыларына - тийиштүү кол башчылардын, дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- борбордук баш ийүүдөгү кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин контракттык кызматынын аскер кызматчыларына - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын - коргоо министринин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
2) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда - аскердик коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйруктары менен аныкталган тартипте;
3) аскердик прокуратура органдарында - Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун буйруктары менен;
4) жаза аткаруу системасынын маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөсүндө - жаза аткаруу системасынын маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөсүнүн жетекчисинин буйруктары менен;
5) өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда - ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басарынын (аскердик блокту тескеген) буйругу менен;
6) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ички аскерлеринде - Ички аскерлердин кол башчысынын буйруктары менен.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 629 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын (аскерге милдеттүүлөрдүн) төмөнкүдөй аскер кызматчылар курамдары жана аларга тиешелүү аскердик наамдар белгиленген:
Аскер кызматчыларынын курамдары | Аскердик наамдар |
Жоокерлер | Катардагы жоокер, ефрейтор |
Сержанттар | Кенже сержант, сержант, улук сержант, старшина |
Контракттык кызматтын аскер кызматчыларына запас боюнча аскердик наамдар ыйгарылбайт.
73. Катардагы жоокер аскердик наамы жоокерлердин жана сержанттардын кызмат ордуна контракт боюнча аскердик кызматка аныктоодо, аскердик наамы жок жарандарга ыйгарылат.
74. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларына кезектеги аскердик наамдар ырааттуу тартипте, ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наамга кезектеги аскердик наам ылайык келгенде, ыйгарылган аскердик наамда кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганда ыйгарылат.
75. Контракттык кызматтын аскер кызматчысын кезектеги аскердик наамды ыйгарууга көрсөтүүдө аскер кызматчысынын кесиптик, моралдык жана иштиктүү сапаттары, кызматтагы жетишкен натыйжалары эске алынат.
Кезектеги аскердик наамды ыйгарууга "кызмат ордунан төмөндөтүү" тартиптик жазасы берилген контракттык кызматтын аскер кызматчылары, ошондой эле карамакта турган же ээлеген кызмат орундарынан убактылуу четтетилген контракттык кызматтын аскер кызматчылары (ушул Жобонун 65-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо) көрсөтүлбөйт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик наамдарында кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:
- катардагы жоокер - 6 ай;
- ефрейтор - 6 ай;
- кенже сержант - 1 жыл;
- сержант - 1 жыл 6 ай;
- улук сержант - 2 жыл.
77. Контракттык кызматтын аскер кызматчысына ыйгарылган аскердик наамдагы кызматынын мөөнөтү аскердик наамды ыйгаруу жөнүндө буйрук чыгарылган күндөн тартып эсептелет.
78. Ыйгарылган аскердик наамдагы кызматтын мөөнөтүнө аскердик кызматта турган бардык убакыт кирет. Көрсөтүлгөн мөөнөткө төмөнкүлөр кирет:
1) аскер кызматчысы кылмыш-жаза жоопкерчилигине негизи жок тартылган, аскердик кызматтан аскер кызматчысы мыйзамсыз бошотулган жана кийин ал аскердик кызматка кайрадан кабыл алынган учурда аскердик кызматтагы тыныгуу убактысы;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасында болгон убакыт, эгерде аскердик кызматтагы тыныгуу бир жылдан ашпаса.
79. Кыргыз Республикасын коргоодо, күжүрмөн нөөмөттү өтөөдө же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жогорку күжүрмөн жана кесиптик сапаттарын көрсөткөн же болбосо аскердик милдетти үлгүлүү аткарган контракттык кызматтын аскер кызматчыларына старшинаны кошуп алганда, ага чейинки кезектеги аскердик наам мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.
Аскердик наам аскердик наамдарда кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес убактысы өткөндө жана ыйгарылуучу аскердик наам ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наамга ылайык келгенде мөөнөтүнөн мурда ыйгарылат.
80. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын аскердик наамдары мөөнөтүнөн мурда аскердик кызматты өтөөнүн бардык мезгилинде 2 жолудан көп эмес ыйгарылышы мүмкүн.
11-глава. Контракттык кызматтын аскер
кызматчыларын аскердик наамынан ажыратуу
жана аскердик наамын калыбына келтирүү тартиби
81. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын (катардагы жоокер аскердик наамы бар аскер кызматчыларын кошпогондо) аскердик наамынан ажыратуу аскер кызматчысы оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча болушу мүмкүн.
Сержанттык курамдын аскердик наамынан ажыратылган аскер кызматчылары катардагы жоокерлер деп эсептелет.
82. Мыйзамсыз соттолгонуна же укуксуз буйрукка байланыштуу аскердик наамынан ажыратылган адам мурдагы аскердик наамына белгиленген тартипте аны реабилитациялоо жөнүндө соттун тиешелүү чечими күчүнө кирген же укуксуз буйрук жокко чыгарылган күндөн кийин наамынан ажыратылган күндөн баштап калыбына келтирилет.
83. Адамдын мурдагы аскердик наамын калыбына келтирүү үчүн негиздер бар болсо, аскер комиссары керектүү документтерди тариздейт жана аларды тийиштүү буйрукту чыгаруу үчүн мурдагы кызмат өтөгөн жери боюнча жиберет.
Бул учурда адамдын аскердик наамын калыбына келтирүү бул аскердик наамды ыйгаруу укугу бар кызмат адамынын буйругу менен жүргүзүлөт.
12-глава. Контракттык кызматтын аскер
кызматчыларын аттестациялоо тартиби
84. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын туура тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону камсыздоо максатында аларды аттестациялоо жүргүзүлөт.
Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын аттестациялоонун мезгилдүүлүгү, конкреттүү мөөнөттөрү жана өткөрүү тартиби ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тарабынан аныкталат.
85. Аттестациялоодо контракттык кызматтын ар бир аскер кызматчысынын кесиптик, моралдык жана иштиктүү сапаттарына объективдүү баа берилет, ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жана аны кызматка пайдалануунун келечеги аныкталат.
86. Аттестацияны өткөрүү жана ал боюнча корутундуларды чыгаруу үчүн кошуундарда, бөлүктөрдө жана мекемелерде туруктуу иштөөчү аттестациялык комиссия түзүлөт, анын курамы командирдин (башчынын) буйругу менен аныкталат.
87. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары аттестацияда белгиленген кемчиликтерди жоюуга милдеттүү. Түздөн-түз командирлер (башчылар) контракттык кызматтын аскер кызматчыларынан кемчиликтерди жоюуну талап кылууга жана аларга бул боюнча жардам көрсөтүүгө, аттестациялоодон кийинки кызматты эске алуу менен- аттестациялык тыянактардын ишке ашырылышын камсыздоого тийиш.
13-глава. Жылдык өргүүлөр
88. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларына жалпы кызмат өтөө жылдарына, алардын аскердик кызматынын өзгөчөлүктөрүнө жана шарттарына (өргүүнү өткөрүү жерине барууда жана кайра кайтуу үчүн керектүү убакытты эске албастан) жараша төмөнкүдөй узактыктагы жылдык өргүүлөр белгиленет:
1) узактыгы аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган жылдык өргүүлөр;
2) аскер кызматчылары үчүн 50 сутка кызмат өтөө мөөнөтү белгиленген татаал климаттык шарттары бар жерлерде кызмат өтөгөндөргө.
Мындай жерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
89. Жылдык өргүүлөрдүн башка узактыгы белгиленген аскердик бөлүккө (мекемеге) алар дайындалганга чейин кезектеги өргүүсүн колдонбогон контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын жылдык өргүүсүнүн узактыгы мурдагы жана жаңы кызмат өтөгөн жери боюнча учурдагы жылдагы кызмат өтөө убактысына пропорциялуу аныкталат.
90. Контракт боюнча аскердик кызматка аныкталган (чакырылган) жылдагы жылдык өргүүнүн узактыгы бар болгон кызмат өтөө жылдарын, кызматтын өзгөчөлүктөрүн же шарттарын эске алуу менен календардык жылдын аягына чейин кызматтын ар бир толук айы үчүн эки жарым күн эсебинде кызмат өтөгөн убактысына пропорциялуу эсептелет. Аскер кызматчысынын каалоосу боюнча мындай өргүү кийинки жылдагы жылдык өргүүгө кошулушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
Кызмат өтөгөн убактысына пропорциялуу жылдык жана кошумча өргүүлөрдү берүүдө алардын узактыгы ар бир көрсөтүлгөн өргүүнүн толук өлчөмүн 12ге бөлүү жана кызматтын толук айларынын санына көбөйтүү жолу менен аныкталат.
91. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларына жылдык өргүү өргүүлөрдү колдонуу мезгилдерин кезектешип алуу, аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) дайыма күжүрмөн даярдыгын камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен жана жылдык өргүүлөрдүн пландарына ылайык бүткүл календардык жылдын ичинде берилет.
92. Өргүүлөрдүн узактыгы суткалар менен эсептелет. Өргүүлөрдүн узактыгын аныктоодо мыйзамдар менен иш күндөрү эмес деп белгиленген жалпы мамлекеттик майрамдар эсептелбейт.
Өргүүнүн узактыгын аныктоодо, анын ичинде өргүүдөн аскер кызматчылары чакыртылганда өргүү өткөрүү жерине барган жана кайра келген жолго кеткен убакыт эсептелбейт. Мында өргүү өткөрүү жерине барган жана кайра келген жолдун убактысы 3 суткадан ашпоого тийиш.
Мамлекеттик майрамдарга байланыштуу күндөрдү жылдырууда бул күндөр жылдык өргүүгө кошулат.
93. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары өзгөчө кызматтык зарылчылыкты (өзгөчө жана/же согуштук абал, кризистик кырдаал, козголоң, машыгууларды, операцияларды өткөрүү, кызматтык иш сапарлар) кошпогондо, өргүүдөн чакыртылбайт. Мындай учурда алар командирдин (башчынын) чечими боюнча өргүүдөн чакырылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү аскер кызматчысына ошол календардык жылдын ичинде башка убакта берилүүгө же кийинки жыл үчүн өргүүгө кошулууга тийиш.
Жылдык өргүү (анын пайдаланылбаган бөлүгү) берилбеген учурда аскер кызматчысы өргүүгө чыкпаган бардык жылдары үчүн аны пайдалануу укугун жоготпойт.
94. Негизсиз себептер менен кызматка келбей калган контракттык кызматтын аскер кызматчыларына зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаргандыгы үчүн же кызматтын өзгөчө мүнөзү үчүн учурдагы жылга же кийинки жылга берилүүчү жылдык өргүү жана кошумча өргүү келбеген күндөрдүн санына кыскартылат. Мында жылдык өргүү 20 суткадан аз болбоого тийиш.
95. Оорусуна байланыштуу аскер кызматчысына өткөн жыл үчүн кезектеги жана/же кошумча өргүүлөр берилбей калган учурда, өргүү кийинки жылдын биринчи кварталында берилет.
96. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчы жубайларга кезектеги өргүү алардын каалоосу боюнча бир убакта берилет.
97. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаруу үчүн кошумча өргүү жеңилдик болуп саналат жана алардын ооруларын алдын алуу үчүн контракттык кызматтын аскер кызматчыларына берилет. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаргандыгы үчүн кошумча өргүү алуу укугуна кызматтык милдеттерин аткаруу адамдын ден соолугуна зыяндуу физикалык, химиялык, биологиялык жана башка факторлордун жагымсыз таасири менен байланышкан аскер кызматчылары ээ болот.
98. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаруу үчүн кошумча өргүүнүн узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эмгектин зыяндуу жана оор шарттары бар жумуш үчүн кошумча өргүүлөрдүн узактыгына ылайык аныкталат.
99. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткарганы үчүн контракттык кызматтын аскер кызматчыларына кошумча өргүүнү берүү тартиби жана шарттары ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен белгиленет.
14-глава. Оорусу боюнча өргүүлөр
100. Оорусу боюнча өргүүлөр дарылоо мекемесинде дарылоо бүткөндөн кийин ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматтын милдеттерин дагы эле аткара албаган контракттык кызматтын аскер кызматчыларына аскердик-дарыгердик комиссиянын токтомунун негизинде берилет.
Оорусу боюнча өргүүлөр 30 суткага чейинки узактыкта берилет. Айрым учурларда - жаракаттарда, контузияларда, мертинүүлөрдө жана ооруларда, алардын мүнөзүнө жараша - оорусу боюнча өргүү 60 суткага чейинки узактыкта берилет. Медициналык көрсөтмөлөр бар болсо, оорусу боюнча өргүү узартылышы мүмкүн, бирок 30 суткадан ашык эмес.
Дарыланууда жана оорусу боюнча өргүүдө үзгүлтүксүз болгон төрт ай бүткөндөн кийин контракттык кызматтын аскер кызматчылары аскердик-дарыгердик комиссияда күбөлөндүрүлүүгө (аскердик кызматка алардын жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн) тийиш.
Зарыл болгон учурда дарыланууда контракттык кызматтын аскер кызматчысынын үзгүлтүксүз болгон мөөнөтүн узартуу жөнүндө же аскердик кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык тиешелүү кызмат адамы тарабынан кабыл алынат.
101. Күжүрмөн аракеттерге катышуу, башка күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруу убагында мертинүү (жаралануу, жаракат, контузия) алган контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө медициналык күбөлөндүрүү стационардык дарылоо бүткөндөн кийин анын узактыгына карабастан жүргүзүлөт.
102. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулганда оорусу боюнча өргүү берилбейт.
Оорусу боюнча өргүү жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.
15-глава. Кыска мөөнөттүү өргүүлөр
103. Чечүүнү кийинкиге калтырууга болбогон үй-бүлөлүк шарттарга (жакын туугандардын оорусу же каза болушу, контракттык кызматтын аскер кызматчысынын үйлөнүшү жана башка ушундай шарттар) байланыштуу командирлер (башчылар) өздөрүнүн чечими боюнча 10 суткага чейинки узактыкта кыска мөөнөттүү өргүүлөрдү берүүгө укуктуу.
104. Кыска мөөнөттүү өргүүлөр жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.
16-глава. Каникулдук өргүүлөр
105. Окутуунун күндүзгү формасы боюнча аскердик окуу жайларында окуп жаткан контракттык кызматтын аскер кызматчыларына төмөнкү өргүүлөр берилет:
1) 14 сутка узактыгы менен кышкы каникулдук өргүү;
2) 30 сутка узактыгы менен жайкы каникулдук өргүү;
3) аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген узактыктагы аскердик окуу жайын бүтүргөндүгүнө байланыштуу өргүү.
106. Окууда карызы бар аскердик окуу жайларында окуган контракттык кызматтын аскер кызматчыларына каникулдук өргүүлөр карыздарды жойгондон кийин окуу программаларында белгиленген өргүүлөрдү өткөрүү мөөнөтүнүн чегинде берилет. Мында жайкы каникулдук өргүү 15 суткадан аз эмес узактык менен берилиши керек.
107. Аскердик окуу жайды бүтүрүү менен байланышкан өргүү жылдык өргүүнүн эсебине кирет жана кызмат өтөө жерине келгенден кийин берилет.
17-глава. Окуу өргүүлөрү
108. Аскердик-каттоо адистиктерине жакын адистиктер боюнча жарандык окуу жайларында сырттан окуу формасы боюнча окуп жаткан контракттык кызматтын аскер кызматчыларына окуу өргүүлөрү окуу пландары менен аныкталган мөөнөттөргө, сессия өтүп жаткан убакта берилет. Окуу өргүүлөрү окуу жайдын маалымкатынын негизинде берилет.
109. Окуу өргүүлөрү жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.
18-глава. Энеликке жана бала багууга байланыштуу
өргүүлөр
110. Контракттык кызматтын катардагы жана сержанттык курамдын аскер кызматчылары кызмат орундарында турган аскер кызматчы аялдарга энеликке байланыштуу төмөнкү өргүүлөр берилет:
1) кош бойлуулук жана төрөт боюнча - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө акчалай жана накталай үлүштү сактоо менен;
2) бала багуу боюнча - каалоосу боюнча, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө акчалай үлүш сакталбастан.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү ар жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыгар алдында же түздөн-түз андан кийин аял аскер кызматчыларына учурдагы жыл үчүн ар жылдык өргүү берилет.
111. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, контракттык кызматтын аял аскер кызматчыларынын билдирмелеринин жана тийиштүү медициналык мекемелердин маалымкаттарынын негизинде берилет.
112. Контракттык кызматтын аял аскер кызматчыларына үч жашка толгонго чейин баланы багуу боюнча өргүү алардын каалоосу боюнча толук же бөлүнүп берилет. Мындан сырткары бул өргүү иш жүзүндө баланы баккан аскер кызматчысы - атасына (камкорчусуна же көзөмөлчүсүнө) да берилиши мүмкүн.
Контракттык кызматтын аскер кызматчылары баланы багуу боюнча өргүү таризделген мөөнөт аяктаганга чейин дагы кызматтык милдеттерди аткарууга киришүү укугуна ээ.
Эркек баланы (кыз баланы) (балдарды) асырап алган контракттык кызматтын аскер кызматчыларына баланы багуу боюнча өргүү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык берилет.
113. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча, баланы багуу боюнча өргүүлөрдүн убактысы иштеген жылдары үчүн үстөк акы, тоолуу жерлерде үзгүлтүксүз кызмат өтөгөндүгү үчүн үстөк акы төлөө үчүн, ошондой эле пенсия дайындоо үчүн аскердик наамдарда иштеген жылдарынын мөөнөтүнө эсептелет.
114. Баланы багуу боюнча өргүү бүткөн жылда ар жылдык өргүү, бул өргүү аяктаган күндөн тартып кызматтын ар бир толук айы үчүн өргүүнүн эки жарым күнү эсебинде календардык жылдын аягына чейин эсептелет.
115. Ооруган баланы багуу үчүн контракттык кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен белгиленген узактыкта жана тартипте тийиштүү медициналык мекемелердин маалымкаттарынын негизинде кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулушу мүмкүн.
116. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн убакта, алардын кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен каралган тартипте, ошол мезгилге алар менен мөөнөттүү эмгек келишимдерди түзүү менен тийиштүү адистиктеги жарандык персоналды жумушка алууга уруксат берилет. Арызда жана жумушка кабыл алуу жөнүндө буйрукта мындай мөөнөттүү келишимдин түзүлүшү жөнүндө көрсөтүлүүгө тийиш.
Аскер кызматчылары баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн убакта бош эмес кызмат орундарына карамакта турган аскер кызматчылары милдеттерди аткарууга убактылуу жол берилиши мүмкүн. Милдеттерин убактылуу аткаруу мезгили карамакта болуу мөөнөтүнө эсептелбейт.
19-глава. Аскердик кызматтан бошотуу
117. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары аскердик кызматтан запаска төмөнкүдөй бошотулат:
1) жаш курагы боюнча - аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткенде;
2) пенсияга чыгуу укугун берген кызматтын мөөнөтүндө иштеген жылдары боюнча;
3) контракттын мөөнөтүнүн аякташы боюнча - бошотуу үчүн башка негиздер жок болгондо;
4) аскердик кызматка жараксыз деп таануу жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна байланыштуу ден соолугунун абалы боюнча;
5) кызматтык шайкешсиздиги боюнча (аскер кызматчылары өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда, анын ичинде тартиптик жосундарды жасаганда) - аскердик кызматта мындан ары колдонуу максатка ылайык келбей тургандыгы жөнүндө аттестациялык корутундунун жыйынтыктары боюнча кол башчылыктын чечими боюнча, ал эми аттестация аралыгындагы мезгилде - бошотуу жөнүндө тыянак менен кызматтык мүнөздөмөсүн жана аскер кызматчыларынын жалпы чогулушунун өтүнүчүн эске алуу менен;
6) дискредитациялоо боюнча, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн беделин жана кадыр-баркын кетирген иш-аракеттерди жасагандыгы, аскер кызматчысынын жогорку наамын дискредитациялоочу жосундарды жасагандыгы үчүн - жоокерлердин жана сержанттардын курамдарынын жалпы чогулушунун пикирин эске алуу менен кол башчылыктын чечими менен, ал эми улуттук коопсуздук органдарында иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ошондой эле кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чечими боюнча;
7) төмөнкүлөргө байланыштуу:
- атайылап жасаган кылмышы үчүн анын оордугуна жана жазалардын түрлөрүнө карабастан соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенине, ошондой эле этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчысына коомдон обочолонтуу менен байланышкан жазаны дайындоо жөнүндө соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенине байланыштуу, ошондой эле аларга карата тергөөчү, прокурор, судья тарабынан атайылап жасалган кылмыштар боюнча кылмыштын курамынын же окуясынын жоктугу менен байланышпаган негиздер боюнча кылмыш иши токтотулганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик наамынан ажыратылгандыгына байланыштуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажырагандыгына байланыштуу;
- аскердик окуу жайларынан чыгарылгандыгына байланыштуу;
- ишенимди жоготууга байланыштуу.
20-глава. Аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу
118. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысы төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) контракттын шарттары алар тарабынан аткарылбагандыгына байланыштуу;
2) штаттардын кыскарышы боюнча же башка уюштуруучулук-штаттык иш-чараларга байланыштуу аскер кызматчысын колдонуу мүмкүн эмес болгон учурда.
Мындан тышкары мөөнөтүнөн эрте бошотуу ушул Жобонун 117-пунктунун 4-7-пунктчаларында каралган негиздер боюнча жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
119. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчысы аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда төмөнкүдөй бошонууга укуктуу:
1) аскер кызматчысына карата контракттын шарттары олуттуу бузулган учурда;
2) төмөнкүдөй үй-бүлөлүк жагдайдын натыйжалары боюнча:
- аскер кызматчысы аскердик кызматты өтөп жаткан жерде медициналык көрсөткүчтөр боюнча аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөсүнүн жашоосуна мүмкүн болбогондо жана аскер кызматчысын аскердик кызматтын жаңы жерине которууга мүмкүн болбогондо;
- үй-бүлөнүн башка жерге көчүүсүнүн зарылдыгы менен байланышкан аскер кызматчысы-күйөөсүнүн (аскер кызматчысы-жубайынын) иштеген орду өзгөргөндө;
- калкты социалдык коргоо органынын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча аларды жашаган жери боюнча туруктуу кам көрүүгө (жардамга, көзөмөлгө) муктаж болгон атасына, энесине, аялына, күйөөсүнө, агасына, эжесине, чоң атасына, чоң апасына же асырап алганга же болбосо биринчи же экинчи топтогу майыптарга же карылыгы боюнча пенсиялык куракка жеткен же он сегиз жаш куракка чыга элек адамдарга туруктуу кам көрүү зарыл болгондо, мыйзам боюнча көрсөтүлгөн жарандарды багууга милдеттүү башка адамдар жок болгондо;
- он сегиз жаш куракка чыга элек балага кам көрүү зарыл болгондо, аны аскер кызматчысы атасы (энеси) жок тарбиялап жатса;
3) аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан тынч убакта катардан тышкары аскердик кызматка жарактуу, согуш мезгилинде аскердик кызматка жарактуу деп таанылганда.
21-глава. Аскер кызматчыларын аскердик
кызматтан бошотуу тартиби
120. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын бошотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда:
- кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана аскердик мекемелердин (күчтөрдүн), дивизиянын контракттык кызматынын аскер кызматчыларын - тийиштүү кол башчылардын, дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- борбордук баш ийүүдөгү кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин контракттык кызматынын аскер кызматчыларын - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
2) Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда - улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйруктары менен аныкталуучу тартипте;
3) аскер прокуратура органдарында - Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун буйруктары менен;
4) жаза аткаруу системасынын маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөлөрүндө - жаза аткаруу системасынын маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын бөлүкчөсүнүн жетекчисинин буйруктары менен;
5) өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда - алар кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин жана бөлүмдөрдүн жетекчилеринин буйруктары менен;
6) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ички аскерлеринде - Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 629 токтомунун редакциясына ылайык)
121. Укуктарын кемсинтүүсүз аларды бошотуу объективдүү мүмкүн болбогон шарттарда (медициналык мекемеде стационардык дарыланууда, кош бойлуулук, төрөт жана баланы багуу боюнча өргүүдө, туткунда, барымтада же мажбурлап жайгаштыруу абалында жана мыйзамдарда аныкталган башка ушуга окшогон жагдайларда болгондо) болгон контракттык кызматтын аскер кызматчылары көрсөтүлгөн жагдайлар токтотулганга чейин аскердик кызматтан бошотулушу мүмкүн эмес.
122. Каза болгон (курман болгон) контракттык кызматтын аскер кызматчысы каза болгон (курман болгон) күндөн тартып, ал эми сот тарабынан дайынсыз жок болду деп таанылган же каза болду деп жарыяланган аскер кызматчысы - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып аскердик бөлүктүн (мекеменин) өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат.
Аскердик бөлүктөрдүн командирлери (мекемелердин башчылары) каза болгон (курман болгон) контракттык кызматтын аскер кызматчысы аскердик бөлүктүн (мекеменин) өздүк курамынын тизмесинен чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүлөрүн сержанттык курамдын кызмат орундарын комплекттөө маселелерин тейлеген органга жиберет.
Мында каза болгон (курман болгон) контракттык кызматтын аскер кызматчыларын, дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларын, ошондой эле тынч убакта аскердик аракеттерге байланыштуу кабарсыз жоголгон аскер кызматчыларын чыгаруу дайынсыз жок болуунун себептерин жана жагдайларын иликтөөнүн жыйынтыктарынын негизинде, аскер кызматчысынын жоктугу жөнүндө маалыматтарды алгандан кийин үч айдан кечиктирилбеген мөөнөттө ишке ашырылат.
123. Өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда жана анын аракетиндеги мезгилде контракттык кызматтын аскер кызматчыларын аскердик кызматтан бошотуу токтотулуп турат.
124. Контракттык кызматтын аскер кызматчысын аскердик кызматтан бошотуу үчүн бир канча негиздер болгондо алар тандап алган негиз боюнча бошотулат (ушул Жобонун 117-пунктунун 5-7-пунктчалары, 118-пунктунун 1-пунктчасы менен каралган негиздер боюнча бошотуу жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо).
Бошотулган аскер кызматчыларын бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу кезектеги өргүү берилгенден кийин жүргүзүлөт.
Запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйруктан көчүрмө аскердик бөлүккө келип түшкөнгө чейин бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган жыл үчүн өргүүнү пайдаланбаган контракттык кызматтын аскер кызматчыларына алар иштерин жана кызмат ордун тапшыргандан кийин гана, андан ары аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу менен берилет.
Мында ар жылдык өргүү Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарына ылайык календардык иштеген жылына жараша берилет.
Аларды бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган жыл үчүн өргүүнү пайдаланган, бирок кийинки жылы бошотулгандыгына байланыштуу өздүк курамдын тизмесинен чыгарылган контракттык кызматтын аскер кызматчыларына ар жылдык өргүү келерки жыл үчүн берилбейт.
Эгерде өргүүдө жүргөн контракттык кызматтын аскер кызматчысы аскердик кызматтан запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйруктан көчүрмө аскердик бөлүккө келип түшкөндөн кийин ооруп калса, ар жылдык өргүү узартылбайт. Ошондой эле аскердик кызматтан бошотууга байланыштуу аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен аны андан ары чыгаруу менен аскер кызматчысына берилген кезектеги өргүү узартылбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560, 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
125. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүүнүн алдында кадрдык органдар тарабынан алардын кызмат өтөөсү жөнүндө маалыматтар такталат. Пенсияга чыгуу укугун алуу үчүн зарыл болгон иштеген жылдары болгондо, пенсиялык орган тарабынан пенсияга чыгуу үчүн иштеген жылдарынын эсеби түзүлөт.
Иштеген жылдарынын эсеби контракттык кызматтын аскер кызматчысына кол койдуруу менен жарыяланат. Иштеген жылдарын эсептөө боюнча аскер кызматчысынын каршы пикири, аны бошотуу укугу бар командир тарабынан каралат жана аскер кызматчысын аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүүгө чейин ал боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат да, алар аскер кызматчысына кол койдуруу аркылуу жеткирилет.
126. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүүнүн алдында ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуулук деңгээлин аныктоо үчүн алардын өтүнүчү боюнча аскердик-дарыгердик комиссиясына күбөлөндүрүүгө жиберилет, бошотуунун негизин аныктоодо алардын токтому эске алынат. Медициналык күбөлөндүрүү бир айдан ашпаган мөөнөттө амбулаториялык же стационардык түрдө өткөрүлүшү мүмкүн.
Аскердик-дарыгердик комиссиядан өтүүдөн баш тартуу аскер кызматчысынын жазуу жүзүндөгү билдирмеси менен таризделет.
Ушул Жобонун 117-пунктунун 5-7-пунктчалары, 118-пунктунун 1-пунктчасы менен каралган негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулуучу жана аскердик кызматта иштеген жылдары 20 календардык жылдан аз контракттык кызматтын аскер кызматчылары медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн аскердик-дарыгердик комиссияга жиберилбейт.
Аскердик кызматта иштеген жылдары 20 календардык жыл жана андан ашык контракттык кызматтын аскер кызматчылары бошотуунун негиздерине карабастан аскердик-дарыгердик комиссияларга медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн жиберилет, мында аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу бошотуунун негизине таасирин тийгизбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
127. Аскердик кызматтан бошотулган, бирок белгиленген тартипте ишин жана кызмат ордун тапшыра элек контракттык кызматтын аскер кызматчысы бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн же жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат. Мында каттоо документтери аскердик каттоого турган жерине жиберилет. Аскердик бөлүккө (мекемеге) карызы болгондо карызды өндүрүү Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
128. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөгөн аскер кызматчыларын бошотууга документтерди даярдоо тартиби ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйругу менен аныкталат.
129. Мыйзамсыз соттолгондугуна байланыштуу аскердик кызматтан бошотулган же кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан алынган контракттык кызматтын аскер кызматчылары белгиленген тартипте аскер кызматка мурда ээлеген же ошого барабар кызмат орундарына калыбына келтирилет.
130. Аскердик кызматта 20 жыл жана жеңилдетилген эсептөөдө андан көп кызмат өтөгөн контракттык кызматтын аскер кызматчыларына, бошотууну ишке ашырган кызмат адамдарынын буйруктары менен запаска же отставкага бошотууда ушул Жобонун 117-пунктунун 5-7-пунктчалары, 118-пунктунун 1-пунктчасы менен каралган негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулган адамдардан тышкары, аскердик форма кийимин кийүү укугу берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракттын типтүү формасы
Аскердик кызматты өтөө жөнүндө конракт
Бир тараптан мындан ары контракттык кызматтын аскер кызматчысы деп аталуу менен _____________________________________________ _______________________________________________________________________ (аскер кызматчысынын (жарандын) аскердик наамы, аты-жөнү, _______________________________________________________________________ туулган күнү, айы, жылы) _______________________________________________________________________ (паспорт: сериясы ________ №_______, 20___-жылдын "___" ___________ берилген) өз ыктыяры менен экинчи тараптан мындан ары Ведомство деп аталуучу _________ _______________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) атынан чыккан ___________________________________________________________ (кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, аты-жөнү) ушул контрактты төмөнкүлөр жөнүндө түздү: 1. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы өз ыктыяры менен төмөнкүлөргө милдеттенет: - аскердик антка бекем болууга, өз элине жан-дили менен кызмат кылууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого; - ушул контракттын белгиленген мөөнөтүнүн аралыгында ______________________________________________________________________ контракт (мамлекеттик органдын аталышы) боюнча аскердик кызматты өтөөгө; - контракттык кызматтын аскер кызматчысынын жогорку наамын абийир менен алып жүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн намысын жана күжүрмөн даңкын даңктоого; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарынын талаптарын катуу жана так аткарууга; - контракт боюнча аскердик кызматты өтөө мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген аскер кызматчыларынын бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Аскердик анттын, аскердик кызмат жөнүндө мыйзамдардын жана аскердик кызмат жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарууга; - укук бузууларды жасаганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жоопкерчиликтин бардык түрлөрүн тартууга; - аскердик тартипти сактоого, башчылардын буйруктарын, тескемелерин жана талаптарын аткарууга; - жашыруун документтерди жана аскердик техниканы (аппаратураны) колдонуунун белгиленген тартибин сактоого, аскердик кызмат өтөө учурунда алынган жашыруун маалыматтарды сактоого. 2. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы төмөнкүлөргө укуктуу: - кызмат өтөө мезгилинде кызматтык турак-жай менен камсыз кылынууга (турак-жайды ижарага алгандыгы үчүн акчалай компенсацияны алууга) жана аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте өз менчигине турак-жайды сатып алууга (алууга); - аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык пенсия менен камсыз кылынууга; - аскер кызматчысынын жашоосуна жана ден соолугуна зыян келгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда акчалай компенсацияга; - кызмат өтөө мезгилинде Ведомстводо белгиленген ченемдер боюнча акчалай, азык-түлүк жана кийим-кече менен камсыз кылынууга. 3. Ведомство: - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык контракттык кызматтын аскер кызматчысын социалдык жана укуктук коргоону жүзөгө ашырат; - белгиленген ченемдерге жана окуунун шарттарына ылайык акчалай үлүш менен камсыз кылат; - белгиленген ченемдерге жана окуунун шарттарына ылайык азык-түлүк жана кийим-кече менен камсыз кылат; - аскер кызматчылары үчүн колдонуудагы мыйзамдарда каралган укуктарды, социалдык кепилдиктерди, компенсацияларды жана артыкчылыктарды камсыз кылат. 4. Ведомство төмөнкүлөргө укуктуу: - кызматтын кызыкчылыгында контракттык кызматтын аскер кызматчысын башка кызмат орундарына, анын ичинде башка жерге которуу менен башка кызмат орундарына дайындоого; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда контракттык кызматтын аскер кызматчысын материалдык жоопкерчиликке тартууга; - аскер кызматчысынын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда контракт бузулганда контракттык кызматтын аскер кызматчысынын бошонуу жөлөкпулун кармоого же төмөндөтүүгө; - кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбаган, тартиптик жана башка укук бузууларды жасаган учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык үстөк акынын белгиленген түрлөрүн төлөбөй коюуга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ. 5. Контракт "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык (контракттын мөөнөтү жазуу жүзүндө) мөөнөткө түзүлдү. Ушул контракт кызмат адамы ага кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет. 6. Контракт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле соттун чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн. 7. Ушул контракт үч нускада (мамлекеттик жана расмий тилдерде) түзүлдү, ар бир нуска бирдей юридикалык күчкө ээ: - биринчи нуска аскердик бөлүктүн (мекеменин) иш кагаздарын жүргүзүүдө өзүнчө делого көктөлөт; - экинчи нуска контракттык кызматтын аскер кызматчысынын өздүк делосуна кошулат; - үчүнчүсү аскер кызматчысында болот. 8. Тараптардын колдору: Ведомство үчүн _________________________________________________________________ (кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, _______________________________________________________________________________ колу, фамилиясы жана инициалдары) 20___-жылдын "___" ________________
М.О.
Контракттык кызматтын аскер кызматчысы ___________________________________________ _______________________________________________________________________________ (аскер кызматчысынын аскердик наамы, колу, фамилиясы жана инициалдары)
20___-жылдын "___" ________________
Ушул контракт _______________________________________________________________ ____________________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контрактты колдонууну токтотуу үчүн негиз) байланыштуу ____________________________________________________ өзүнүн күчүн токтотту (токтотуу датасы)
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Окуу жөнүндө контракттын типтүү формасы
Аскердик окуу жайда аскер кызматчысын окутууга
контракт
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
Бир тараптан мындан ары контракттык кызматтын аскер кызматчысы деп аталган ________________________________________________________ (аскер кызматчысынын аскердик наамы, ______________________________________________________________________________ фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, айы, жылы) (паспорт: сериясы ________ № _______, 20___-жылдын "___" ___________ берилген) өз ыктыяры менен, экинчи тараптан мындан ары "Ведомство" деп аталган __________________________________________________________ _______________________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) өкүлү катары чыккан _____________________________________________________________ _______________________________________________________________________________ (кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, фамилиясы жана инициалдары) төмөнкүлөр жөнүндө ушул контрактты түздү: 1. Ведомство контракттык кызматтын аскер кызматчысын аскердик окуу жайга (мындан ары - АОЖ) _______________________________________________________________________________ (АОЖдун, мамлекеттин аталышы,) ___________________________________________________ окуу мөөнөтү менен окууга жиберет. (окуу мөөнөтүн көрсөтүңүз) 2. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы _______________ адистиги боюнча окууга жиберилет. Окуу бул АОЖдо кабыл алынган окуу программаларына ылайык __________ тилинде жүргүзүлөт. 3. Ведомство: - чет мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго (чет өлкөдөгү АОЖдо окутууда) ылайык АОЖго окууга жиберилүүчү аскер кызматчысынын окуусуна байланышкан бардык чыгымдарды төлөйт; - АОЖдо окуп жаткан аскер кызматчысын Кыргыз Республикасынын жана окуп жаткан өлкөнүн (чет өлкөдөгү АОЖдо окууда) колдонуудагы мыйзамдарына ылайык социалдык жана укуктук коргоону жүзөгө ашырат; - окутуунун белгиленген ченемдерине жана шарттарына ылайык акчалай үлүштү камсыз кылат; - окутуунун белгиленген ченемдерине жана шарттарына ылайык азык-түлүк жана кийим-кече менен камсыздоону жүзөгө ашырат; - аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн колдонуудагы мыйзамдарда каралган укуктарды, социалдык кепилдиктерди, компенсацияларды жана артыкчылыктарды камсыз кылат; - аскер кызматчысынын ким экендигин күбөлөндүргөн документтерди берет. 4. АОЖду аяктагандан кийин Ведомство контракттык кызматтын аскер кызматчысын андан ары аскердик кызмат өтөөсү үчүн алган же ага жакын адистигине ылайык Ведомствонун кошуундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине офицердик курамдын адамдары комплекттелүүчү кызмат ордуна жиберет. 5. Аскер кызматчысы өз ыктыяры менен төмөнкүлөргө милдеттенет: - Аскердик антка бекем болууга, өз элине жан-дили менен кызмат кылууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого; - аскер кызматчысынын жогорку наамын ар-намыс менен алып жүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн намысын жана күжүрмөн даңкын сактоого; - окуп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сактоого, анын элинин каада-салттарын сыйлоого, андагы чет өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген жашоонун жана ал жерде жүрүүнүн эрежелерин сактоого (чет өлкөдөгү АОЖдо окууда); - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарынын талаптарын катуу жана так аткарууга; - аскердик тартипти сактоого, башчылардын буйруктарын, тескемелерин жана талаптарын аткарууга; - жашыруун документтерди жана аскердик техниканы колдонуунун АОЖдо белгиленген тартибин, окуунун жүрүшүндө алынган жашыруун маалыматтарды сактоого; - аскердик кийим формасын кийүүнүн эрежелерин сактоого, өзүн тыкан алып жүрүүгө, аскер кызматчыларына карата, анын ичинде чет мамлекеттик АОЖдо окууда - окуп жаткан өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына карата аскердик саламдашуулардын эрежелерин аткарууга. 6. Мындан тышкары контракттык кызматтын аскер кызматчысы төмөнкүлөргө милдеттүү: - АОЖдо белгиленген ички тартиптин бардык эрежелерин аткарууга; - АОЖдо белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык казармаларда (жатаканаларда, мейманканаларда) жашоого; - окуу программаларында (сабактардын расписаниесинде) каралган бардык окуу сабактарына катышууга, окуу тапшырмаларын белгиленген мөөнөттө аткарууга, экзамендерди жана зачетторду тапшырууга; - окуу жабдуусуна, окуу китептерине жана окуу куралдарына, курал-жарактарга, аскердик техникага жана башка мүлктөргө аяр мамиле кылууга, окуу жана турак жайларда тартипти жана тазалыкты кармоого; - окуу жана турак жайларда өрт коопсуздугунун белгиленген талаптарын сактоого; - поезддерде жол жүрүүдө, самолеттордо учууда, өргүүгө жана стажировкага кетип жатканда, окуу аяктаганга чейин команда боюнча улук кызматчынын көрсөтмөлөрүн аткарууга; - АОЖго өргүүлөрдөн өз убагында кайтып келүүгө. Анын өргүүдөн өз убагында АОЖго кайтып келүүсү мүмкүн болбогон жагдайлар пайда болгондо, ал пайда болгон жагдайлар жөнүндө Ведомствого рапорт менен алдын ала билдирүүгө жана актоочу документтерди көрсөтүүгө милдеттүү; - аскер кызматчыларына жана жарандарга, ал эми чет мамлекеттик АОЖдо окууда - чет мамлекеттердин аскер кызматчыларына жана жарандарына сый мамиле көрсөтүүгө, коомдук тартипти бузууга жол бербөөгө; - АОЖду аяктагандан кийин жазма буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Ведомствонун жетекчилигинин карамагына келүүгө жана контракт боюнча аскердик кызматты Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Ведомствонун кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде улантууга милдеттүү. 7. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген аскер кызматчыларынын бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерин аткарууга өз ыктыяры менен милдеттенет. 8. Ведомство окуп жаткан контракттык кызматтын аскер кызматчысына карата төмөнкүлөргө укуктуу: - кезектеги аскердик наамдарды ыйгарууга; - аскердик наамды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык төмөндөтүүгө же калыбына келтирүүгө; - ушул контракт боюнча аскер кызматчылары милдеттенмелерин, ошондой эле АОЖдун билим алуучуга карата коюлган талаптарын аткарбаган учурда аскер кызматчысынын АОЖдо окуусун бир тараптуу токтотууга; - аскер кызматчыларынын жетишүүсүнүн абалын, аскердик тартибин жана тиричилик шарттарын контролдоого; - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аскер кызматчыларын жоопкерчиликке тартууга. 9. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы төмөнкүлөргө укуктуу: - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жеке же жазуу түрүндө өтүнүчтөр, даттануулар, арыздар жана сунуштар менен кайрылууга; - АОЖдун кол башчылыгынан үй-бүлөлүк, жеке же башка маанилүү кырдаалдар боюнча кыска мөөнөттөгү өргүүлөрдү берүү жөнүндө өтүнүүгө; - АОЖдо белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык сабактардан бошогон убакта жарандык кийимди кийүүгө; - АОЖдо белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык АОЖдон сырткары бошонуп жүрүүгө. 10. Ведомство төмөнкүлөргө жооп берет: - ушул контракт боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга; - аскер кызматчысын окуган жерине өз убагында жөнөтүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте акчалай үлүштү төлөөгө; - окутуунун белгиленген ченемдерине жана шарттарына ылайык АОЖго жөнөтүү күнүнө азык-түлүк жана кийим-кече менен камсыз кылууга; - аскер кызматчысын бардык зарыл болгон документтер менен камсыз кылууга. 11. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы: - ушул контрактка кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгынан башка жарандыгы жок экендигин, ошондой эле АОЖдо окуу жана андан ары Ведомствонун кошуундарында, аскердик бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кызмат өтөө убагында ушул контракт колдонулган мезгилде башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алуу ниети жок экендигин ырастайт; - ушул контракт боюнча милдеттенмелерин, ошондой эле АОЖдун билим алуучуга коюлган талаптарын толук аткарат. 12. Чет мамлекеттеги АОЖдон чыгарылган контракттык кызматтын аскер кызматчысынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол киреси ден соолугунун абалы боюнча чыгарылгандарды кошпогондо (эгерде кабыл алуучу тарап карабаса), аскер кызматчысынын жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт. 13. Бул контракт жогорку аскердик окуу жайында окуу мөөнөтүнө жана аны аяктагандан кийин он жылдык аскердик кызматка түзүлдү. 14. Ушул контракт төрт нускада түзүлдү (мамлекеттик жана расмий тилдерде), мында ар бир нуска бирдей юридикалык күчкө ээ: - биринчи нуска аскердик бөлүктүн (мекеменин) иш кагаздарын жүргүзүүдө өзүнчө делого көктөлөт; - экинчи жана үчүнчү нускалары аскер кызматчысынын өздүк делосуна кошулат; - төртүнчүсү аскер кызматчысында болот. 15. Ушул контракт кызмат адамы ага кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет. 16. Тараптардын колдору: Ведомство үчүн ____________________________________________________________________ (кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, __________________________________________________________________________________ колу, фамилиясы жана инициалдары) 20___-жылдын "___" ________________
М.О.
Аскер кызматчысы ___________________________________________________________________ (аскер кызматчысынын аскердик наамы, __________________________________________________________________________________ (аскер кызматчысынын аскердик наамы, колу, фамилиясы жана инициалдары) 20___-жылдын "___" ________________
Ушул контракт ______________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контрактты колдонууну токтотуу үчүн негиз) байланыштуу ____________________________________________________ өзүнүн күчүн токтотту (токтотуу датасы)
17. Кошумча жобо.
Кошумча жобо (окууга жиберилүүчү жарандын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, багып алуучу, камкорчу же көзөмөлчү) үчүн Ушул контракттын шарттары менен таанышты: ____________________ __________________________________________________________________________________ (колу, фамилиясы, аты, атасынын аты) 20___-жылдын "___" ________________
Кошумча жобо (он сегиз жашка толо элек жарандар үчүн) Мен _____________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________ (жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты) - окуу жөнүндө ушул контракттын милдеттемелерин толук өзүмө алам жана жашым 18ге толгондо ушул контрактка кол коюуга милдеттенме алам. Жаран ___________________________________________________________________________ (колу, фамилиясы, аты, атасынын аты)
20___-жылдын "___" ________________
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Милдеттенме
Мен _____________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ (атасынын же энесинин, багып алуучунун, камкорчунун же көзөмөлчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты) Кыргыз Республикасынын жараны, паспорт: серия ______________________________, № _____________, _______________ берилген _________________________________ _____________________________________________________ дареги боюнча жашайм, __________________________________________________________________________ (окууга кетип бара жаткан жаранга туугандык даражасы, фамилиясы, аты, атасынын аты) паспорт: серия _________, № ___________, _______________ берилген жарандын _________________________________________________________________ аскердик окуу жайда (мамлекетти жана аскердик окуу жайдын аталышын көрсөтүңүз) билим алуусуна жазуу жүзүндөгү макулдугумду берем. Окуу жөнүндө контракттын шарттары менен тааныштым жана билим алуучу (окууга кетип бара жаткан жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты) он сегиз жашка толгонго чейин окуу жөнүндө контрактка камтылган шарттардын сакталышына кепилдик берем. Арызга Ведомствонун өкүлүнүн катышуусунда кол коюлду (Ведомствого жеке өзүнүн келүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда -нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт).
Ведомство үчүн ______________________________________________________________ (кызмат адамынын кызмат орду, ___________________________________________________________________________ аскердик наамы, колу, фамилиясы, аты, атасынын аты)
20___-жылдын "___" ________________
М.О.
Жаран _____________________________________________________________________ (колу, фамилиясы, аты, атасынын аты)
20___-жылдын "___" ________________
|