Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 270 токтому менен бекитилди) |
2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар
ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттары
Киришүү
1-глава. Кырдаалды жалпы талдоо
2-глава. Негизги багыттардын максаты
3-глава. Негизги багыттарды ишке ашыруу принциптери
4-глава. Негизги багыттарды ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар
5-глава. Жагымдуу шарттар жана тобокелдиктер
Киришүү
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жана 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 «2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 39-т тескемеси менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планын аткаруу максатында кыска мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасында мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү багыттарын караган 2026–2029-жылдарга мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну реформалоонун негизги багыттары (мындан ары – Негизги багыттар) иштелип чыкты.
Негизги багыттар мамлекеттик органдар үчүн Негизги багыттарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында (мындан ары – Иш-чаралар планы) чагылдырылган 2026–2029-жылдарга милдеттерди коёт жана узак мөөнөттүү мезгилде мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды (мындан ары – МКИ) башкарууну реформалоо стратегияларын даярдоо үчүн негиз болуп саналат.
Негизги багыттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – Маммүлк) атынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын функцияларын күчөтүүнү, тиешелүү натыйжалуулук көрсөткүчтөрү менен коштолгон МКИнин классификациялоо критерийлерин аныктоону, МКИни башкаруунун бирдиктүү мамилелерин ишке киргизүүнү, ошондой эле отчеттуулук стандарттарын колдонууну карайт.
Негизги багыттарды бекитүүнүн актуалдуулугу МКИнин ишинин ачык-айкындуулугун, алардын финансылык туруктуулугун жана корпоративдик башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы менен белгиленген – бул МКИнин инвестициялык жагымдуулугунун көрсөткүчтөрүн жакшыртууда маанилүү ролду ойнойт жана алардын эл аралык жана жергиликтүү капитал рынокторуна ийгиликтүү чыгуусунө өбөлгө түзөт.
Негизги багыттар мыкты эл аралык практикаларга, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан көрсөтүлгөн техникалык жардамга, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун мамлекеттик ишканаларды корпоративдик башкаруу боюнча жетектөөчү принциптерине сереп салуунун негизинде иштелип чыккан.
1-глава. Кырдаалды жалпы талдоо
2. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган жылдар ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жети миңден ашык ишкана менчиктештирилген.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында экономиканын ар кандай тармактарында 75 МКИ иш жүргүзөт, анын ичинде мамлекеттик катышуу үлүшү бар 32 чарбалык коом (мамлекет 16 акционердик коомдун (мындан ары – АК) жалгыз акционери, 11 АКтын контролдук акционери жана беш АКтын 50,00дөн 0,01 %га чейинки катышуу үлүшү бар миноритардык ээси) жана 43 мамлекеттик ишкана (мындан ары – МИ).1
Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө негизги салымды бардык 75 МКИнин ичинен 12 стратегиялык АК жана МИ кошууда, алар өнөкөт чыгымдарга карабастан өзүнө энергетикалык сектордогу АКты камтыйт. Мында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 12 стратегиялык мамлекеттик МКИнин жыйынды активдери 570,794 млрд сомду түздү, бул өлкөнүн ИДПсынын 38,05 % барабар).2
Мамлекеттик мүлктү башкаруудан, анын ичинде дивиденддерден республикалык бюджетке түшүүлөр төмөнкүнү түздү: 2019–жылы – 2,4 млрд сом, 2020-жылы – 2,8 млрд сом, 2021-жылы – 3,7 млрд сом, 2022-жылы – 6,8 млрд сом, 2023-жылы – 21,3 млрд сом, 2024-жылы – 31,83 млрд сом.
3. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында азыркы учурда Кыргыз Республикасында МКИни башкаруунун борбордон ажыратылган модели түзүлдү. 2024-жылы 32 АКта акционер катары мамлекеттин укуктарын 5 министрлик, 2 ведомство, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ишке ашырды. Ошондой эле ар кандай мамлекеттик органдар МИде менчик ээси катары мамлекеттин укуктарын ишке ашырды.
Маммүлк тарабынан даярдалган 2023 жана 2024-жылдар үчүн МКИнин иши жөнүндө жыйынды отчеттор жарыяланганына карабастан, көпчүлүк МКИнин, өзгөчө коммерциялык ишти жүргүзгөн МИнин маалыматтык купуялуулугу сакталууда. Сейрек учурларды кошпогондо, ачык жетүүдөгү МКИнин башкаруу органдары, финансылык иштин натыйжалары, төлөнүүчү дивиденддер, коммерциялык эмес максаттардын аткарылышы, ESG маселелери жана МКИнин ишинин башка аспекттери жөнүндө маалыматтар жок. Мында элге ачык жарыяланган дагы, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтын сапаты төмөн деңгээлде калууда.
2-глава. Негизги багыттардын максаты
4. Негизги багыттардын максаты мамлекеттик катышуу үлүшү бар ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн реформалоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо болуп саналат.
5. Реформалоонун артыкчылыктуу багыттары:
1) Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү.
2) Мамлекеттин экономикага экономикалык жактан акталбаган катышуусун кыскартуу жана мамлекеттик секторду оптималдаштыруу.
3) МКИ менен жеке сектордун ортосунда рынокто бирдей атаандаштык чөйрөсүн жана адилеттүү атаандаштыкты камсыз кылуу.
4) МКИни башкарууга активдүү, маалымдуу жана жоопкерчиликтүү мамилени киргизүү.
5) МКИнин натыйжалуулугун так максаттардын жана натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн негизинде башкаруу.
6) Акционердик коомдордун корпоративдик башкаруусун дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга ылайык жакшыртуу.
7) Ачык-айкындуулукту, финансылык жана финансылык эмес маалыматтын сапатын жана маалыматты ачыкка чыгаруу деңгээлин жогорулатуу.
8) IPO аркылуу менчиктештирүү.
3-глава. Негизги багыттарды ишке ашыруу принциптери
6. Учурда мамлекеттик активдерди башкаруунун борбордон ажыратылган модели түзүлдү. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган бар болгонуна карабастан, бир катар мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине ылайык айрым мамлекеттик компанияларда акционерлердин функцияларын аткарат.
7. Акционердин укуктарын жана башкаруу органынын функцияларын ишке ашырууда МКИге сапаттуу контролдук жүргүзүүнү практикалык жактан ишке ашыруу максатында, акыркы максатка – пайда алууга, активдерди көбөйтүүгө жетүү үчүн МКИни башкаруунун төмөнкү принциптерине көңүл буруу максатка ылайыктуу болуп саналат.
1) Ачык-айкындуулук жана отчеттуулук
Мамлекет МКИнин операциялык өз алдынчалыгын сактоо менен менчик жөнүндө так, ачык жарыяланган маалыматка ээ болгон маалымдуу жана активдүү менчик ээси катары иш алып барышы керек.
МКИни башкаруу жарандар жана бизнес үчүн мүмкүн болушунча ачык болушу керек, тактап айтканда активдердин абалы, аларды пайдалануудан түшкөн кирешелер жана аларды өнүктүрүү пландары жөнүндө маалыматтарды жарыялоого тийиш. Туруктуу жүргүзүлүп туруучу аудиттер жана көз карандысыз текшерүүлөр ишенимди арттырууга өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда аудиттен өткөн отчеттуулук акционерлер жана потенциалдуу инвесторлор үчүн жеткиликтүү болушу маанилүү.
Ички жана тышкы аудиттин начар функциялары финансылык же операциялык тобокелдиктерди аныктоого тоскоол болушу мүмкүн. Мамлекеттик компаниялар автономияга жана кесипкөй кадрларга ээ болгон күчтүү ички аудит институттарын түзүшү жана Эл аралык аудиттин стандарттарына ылайык көз карандысыз жылдык тышкы аудиттен өтүшү керек.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 409 «Уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалыматтарды ачуу маселелери тууралуу» токтому менен МКИнин бүткүл портфели боюнча жыйынды отчеттуулуктун форматы бекитилген.
Натыйжалуу контролду жана макулдашылган көзөмөлдү камсыз кылуу максатында бекитилген жыйынды отчеттуулуктун форматын МКИ үчүн бирдиктүү отчеттуулук катары аныктоо максатка ылайыктуу болуп саналат.
Бирок мамлекеттин атынан акционердин функциясын же мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын функциясын аткарган мамлекеттик органдар тарабынан Маммүлккө мындай отчеттуулукту берүү ар кандай себептерден улам кечеңдеп же толук эмес түрдө ишке ашырылууда, бул өз кезегинде Мамлекеттик мүлктүн бириктирилген отчеттуулугун даярдоого терс таасирин тийгизет.
Мамлекеттин атынан акционердин функциясын же мамлекеттик башкаруу органынын функциясын аткарган мамлекеттик органдар тарабынан МКИнин финансылык көрсөткүчтөрүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү бирдиктүү отчеттуулукту өз убагында түзүүгө жардам берет.
МКИ өзүнүн ишинин ачыктыгын жогорулатуунун алкагында жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттуулукту өз убагында жарыялоого тийиш. Маммүлк тарабынан жыйынды отчеттуулукту даярдоо максатында акционерлердин укуктарын ишке ашырган жана мамлекеттик ишканалардагы мамлекеттик органдарды тейлеген мамлекеттик органдар да маалыматтарды өз убагында берүүнү камсыз кылууга тийиш.
Өз убагында берилген отчеттуулук натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн МКИнин ишиндеги көйгөйлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет.
Учурда Маммүлк тарабынан 2023, 2024-жылдарга карата жыйынды отчеттор даярдалып, жарыяланды. МКИнин көрсөткүчтөрүнүн динамикасын аныктоо үчүн 2025-жылга карата жыйынды отчетту өз убагында даярдоо зарыл, андан кийин үч жыл ичиндеги бардык бириктирилген отчетторго талдоо жүргүзүү керек.
Жыйынды отчеттуулуктун жана жүргүзүлгөн талдоонун негизинде МКИни классификациялоо критерийлерин (негиздерин) белгилөө зарыл, бул бүткүл МКИ портфели боюнча башкаруу органдарынын максаттарын, натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн жана сый акы системасын аныктоого мүмкүндүк берет.
2) Корпоративдик башкарууну өркүндөтүү
Мамлекеттин катышуу үлүшү бар компанияларды башкаруунун борбордон ажыратылган системасына өтүүгө байланыштуу, акционердин функцияларын Маммүлктөн тышкары башка бийлик органдары да аткарып жаткандыктан, анын ичинде мамлекеттик компаниялардын башкаруу органдарынын мүчөлөрүн тандоо жана көрсөтүү системасынын маселелери боюнча мамлекеттик органдардын акционердин укуктарын ишке ашыруу тартибин аныктоо максатка ылайыктуу деп белгиленди.
Мамлекеттик компанияларды корпоративдик башкаруу системасы башкаруу органдарынын мүчөлөрүн шайлоонун жана кызматтан бошотуунун ачык-айкын жана ишенимдүү механизмдерин камсыз кылууга тийиш.
Мамлекеттик компаниялардын башкаруу органдарынын мүчөлөрүн дайындоодо алардын кесиптик билимин жана тажрыйбасын эске алуу керек. Директорлор кеңеши финансылык менеджмент, стратегиялык башкаруу жана тобокелдиктерди башкаруу жаатындагы тажрыйбанын тең салмактуулугун колдоого тийиш. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн натыйжалуулугун баалоо критерийлери жана жол-жоболору мамлекеттик компаниянын максаттарына таянуу менен аныкталууга тийиш.
Мамлекеттин катышуу үлүшү бар акционердик коомдорду башкарууда компаниялардын директорлор кеңешиндеги мамлекеттин өкүлдөрү негизги ролду ойнойт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү, ошондой эле анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтому менен бекитилген Жобо менен Маммүлккө чарбалык коомдордун акционеринин (катышуучусунун) ыйгарым укуктарын ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо функциялары жүктөлгөн. Ушул ченемди аткаруу үчүн Маммүлктүн 2024-жылдын 29-мартындагы № 269-б буйругу менен Уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун акционеринин (катышуучусунун) ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашыруу маселелери боюнча методикалык колдонмо бекитилген.
Аталган документте акционердин ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу, мамлекеттин менчик ээси катары укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ведомстволук коомдор менен өз ара аракеттенүү принциптери аныкталган.
Маммүлктүн 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 645-б буйругу менен Маммүлк акцияларынын контролдук пакетине ээ болгон акционердик коомдордун акционерлеринин алдыдагы жылдык жалпы чогулуштарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын 30-декабрындагы № 263-б буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Корпоративдик башкаруу кодексин колдонууну жана киргизүүнү камсыз кылуу чечими кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамы менен «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык акционердик коомдорду жөнгө салууга бирдиктүү мамиле улантылды. Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясы корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү маселеси менен толукталды.
Текшерүү комиссиясынын ордуна ички аудит кызматын түзүү каралган, бул акционердик коомдордун финансылык ишин көз карандысыз көзөмөлдөөнү күчөтүүгө, ошондой эле чарбалык субъекттердин фондулук рынокко чыгуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында алардын күнөөлүү аракеттери (аракетсиздиги) менен коомго жана акционерлерге келтирилген зыян үчүн коомдун кызмат адамдарынын жоопкерчилиги маселесине өзгөчө көңүл бурулган.
Мыйзамдардагы жогоруда аталган өзгөрүүлөргө байланыштуу менчик ээси катары мамлекеттин укуктарын ишке ашыруунун бирдиктүү методологиясын өркүндөтүү, директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көз карандысыздык критерийлерин камсыз кылуу менен мамлекеттик компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жана координациясын көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү механизмин ишке киргизүү зарыл.
МКИни башкаруу маселелеринде алардын мыкты финансылык жана финансылык эмес натыйжаларга жетүүгө умтулуусу үчүн МКИни башкаруу органдары үчүн дем берүүнү түзүү аркылуу натыйжалуулук принцибин эске алуу да маанилүү.
3) Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ролун күчөтүү
МКИнин финансы-чарбалык ишине мониторинг жүргүзүү процессин жакшыртуу жана мамлекеттик компанияларды корпоративдик башкарууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Маммүлктүн ролун күчөтүүнү талап кылат.
Тышкы чакырыктарга ыкчам чара көрүүгө жана тобокелдикке багытталган ыкмаларды ишке киргизүүгө жөндөмдүү МКИнин ишин контролдоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын түзүү үчүн заманбап санариптик инструменттерди колдонуу зарыл.
Маммүлк тарабынан 2017-жылдан бери «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – ММБР ВАМС) аркылуу мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-т тескемеси менен ММБР ВАМСда эсепке алуу объекттери: кыймылсыз мүлк (жер тилкелерин жана жолдорду кошкондо), акциялардын мамлекеттик пакеттери, транспорт жана материалдык эмес активдер аныкталган.
ММБР ВАМС МКИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты камтыбайт, анткени аны түзүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын карамагында турган мүлктү борборлоштурулган эсепке алууну камсыз кылуу болуп саналат.
Азыркы учурда айрым МКИнин көрсөткүчтөрүнүн, ошондой эле МКИнин топтолгон отчеттуулугунун маалыматтарынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу зарыл. Менчик ээси катары мамлекеттин укуктарын ишке ашырууга багытталган маалыматты чогултуунун координацияланган системасынын жоктугу МКИни башкаруунун натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети МКИнин бардык портфели боюнча актуалдуу топтолгон отчеттуулукту алууга тийиш. МКИнин ишин эсепке алууну жөнгө салуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн МКИнин өздөрүнүн да, алар карамагында турган мамлекеттик органдардын да жыйынды отчеттуулуктун маалыматтарынын толуктугу, өз убагында берүү жана аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл.
Кыска мөөнөттү мезгилде МКИнин иши жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу инфраструктурасын түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо, анын ичинде топтолгон отчеттуулукту автоматташтырылган түрдө түзүү үчүн санариптик платформаларды ишке киргизүү зарыл.
Санариптик платформа өзүнө 100 % МКИни камтыган (менчик үлүштөрүн, менчик ээсинин укуктарын жүргүзүүчү мамлекеттик органдын аталышын кошкондо) МКИнин бирдиктүү реестрин, финансылык жана финансылык эмес отчеттуулукту электрондук түрдө берүүнү камтыйт. Мындан тышкары санариптик инструменттер МКИнин финансы-экономикалык абалына алардын жеке, тармактык, региондук жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле андан ары өнүктүрүү жана рыноктун конъюнктурасынын келечегин эске алуу менен талдоо жүргүзүүгө жардам берет. Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде Маммүлк тарабынан МКИни менчиктештирүү, жоюу, кайра түзүү боюнча чаралар сунушталат.
4-глава. Негизги багыттарды ишке ашыруудан
күтүлгөн натыйжалар
8. Негизги багыттарды ишке ашыруу төмөнкү натыйжаларга жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет:
1) МКИни башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү.
МКИни башкаруунун бирдиктүү жана ачык-айкын системасы түзүлөт, ал төмөнкүлөрдү карайт:
– МКИни толук инвентаризациялоо;
– МКИнин бирдиктүү реестрин түзүү;
– МКИни башкарууга карата бирдиктүү ыкманы ишке киргизүү.
2) МКИнин түзүмүн классификациялоо жана оптималдаштыруу.
МКИ категориялар боюнча классификацияланат, анын натыйжасында:
– мамлекеттик менчикте сакталууга тийиш болгон стратегиялык МКИнин тизмеги аныкталат;
– натыйжасыз МКИни кайра уюштуруу, кайра түзүмдөштүрүү же менчиктештирүү боюнча чечимдер даярдалат.
3) АКта корпоративдик башкаруунун заманбап стандарттарын ишке киргизүү.
Төмөнкүлөр камсыздалат:
– Кыргыз Республикасынын Корпоративдик башкаруу кодексин актуалдаштыруу;
– директорлордун кесипкөй кеңештерин түзүү;
– директорлор кеңештеринин көз карандысыз мүчөлөрүн шайлоону камсыз кылуу;
– директорлор кеңешинин алдында комитеттерди (аудит, стратегия, дайындоолор ж.б. боюнча) түзүү.
4) МКИнин ишинин натыйжалуулугун баалоо системасын ишке киргизүү.
МКИде натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн (ННК) системасы ишке киргизилет. ННК системасы анын башкаруу органдарынын ишин баалоодо МКИге карата колдонулат.
5) МКИнин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу.
Төмөнкүлөр камсыз кылынат:
– АКта жыл сайын көз карандысыз аудит жүргүзүү;
– АКтын жылдык финансылык отчеттуулугун жарыялоо;
– МКИнин иши жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу механизмдерин ишке киргизүү.
6) МКИнин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
Төмөнкүлөр үчүн шарттар түзүлөт:
– МКИге жеке инвестицияларды тартуу;
– айрым МКИни капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгарууга даярдоо.
7) Иш-чаралар планынын тиешелүү натыйжаларына жетүүнүн жыйынтыгында МКИни башкаруу системасын кийинки узак мөөнөттүү мезгилге реформалоого багытталган стратегияны иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн шарттар түзүлөт.
5-глава. Жагымдуу шарттар жана
тобокелдиктер
9. Жагымдуу шарттар мамлекеттик компанияларды башкаруу системасын реформалоого, рыноктук атаандаштык шартында алардын ишин өркүндөтүүгө жана коммерциялаштырууга, мамлекет тарабынан ар бир ишкананын алдына коюлган максаттарды жана милдеттерди аткарууда алардын натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасаган Негизги багыттарды ишке ашыруу үчүн бекем негиз түзөт.
Ошол эле учурда мамлекеттик компанияларды башкаруу системасында реалдуу реформаларды жүргүзгөн көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы бул реформалардын милдеттүү бөлүгү катары комплекстүү ыкманын зарыл экендигин көрсөтөт.
Атап айтканда МКИнин жана аларды башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, корпоративдик башкарууну өркүндөтүү мамлекеттин экономикага экономикалык акталбаган катышуусун кыскартуу жана мамлекеттик секторду оптималдаштыруу, МКИ менен жеке бизнестин ортосунда рынокто бирдей атаандаштык чөйрөсүн жана адилеттүү атаандаштыкты түзүү боюнча чараларды көрүү менен коштолууга тийиш.
10. Негизги багыттарды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна төмөнкү факторлор таасирин тийгизиши мүмкүн:
1) дүйнө тез өнүккөн жана технологиялык прогресс шартында МКИни башкаруу жана ээлик кылуу системасын реформалоо маселеси өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин түшүнүү;
2) Кыргыз Республикасынын экономикалык интеграцияга жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга умтулуусу, бул МКИни башкаруунун эл аралык практикасына шайкеш келтирүүнү, мамлекеттин экономикага негизсиз катышуусун кыскартууну жана атаандаштыктын нейтралдуулугун талап кылат;
3) экономикалык – эл аралык жана улуттук экономикадагы окуялар, алар мамлекеттик экономикалык кызыкчылыктарды коргоо боюнча кошумча чараларды көрүүнү талап кылышы мүмкүн;
4) форс-мажор – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык ченемдерге ылайык тараптардын эркине көз каранды болбогон жана милдеттенмелерди аткарууга тоскоолдук кылган табигый кырсык, жарандык чыр-чатактар, согуш, эпидемия, өрт жана башка жагдайлар сыяктуу күтүлбөгөн жана ал жеткис күчтүн окуялары.
______________
1 Маммүлк, 2024-жыл үчүн уставдык капиталга мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын, чарбалык коомдордун жыйынды отчету.
2 Маммүлк, 2024-жыл үчүн уставдык капиталга мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын, чарбалык коомдордун жыйынды отчету.