Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН чечими
Бишкек шаары, 2021-жылдын 17-февралы
Турсунбек Осекович Аматовдун кызыкчылыгын көздөгөн Валерьян Ахметович Вахитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн "тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - К.А.Дуйшеев,
судьялар - М.Р.Бобукеева, Л.П.Жумабаев, М.Ш.Касымалиев, К.Дж.Кыдырбаев, Э.Ж.Осконбаев, Ж.И.Саалаев, Ж.А.Шаршеналиевдин курамында,
катчы - К.А.Аблакимовдун,
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Орозобек уулу Максаттын;
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Президентинин ишеним кат боюнча өкүлү Таштемир Абазович Чилдебаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Бакыт Абдыраев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Эркин Бакбурович Искаков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Рысбек Карагулович Альчиевдин катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн "тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Т.О.Аматовдун кызыкчылыгын көздөгөн В.А.Вахитовдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Бул ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн "тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун конституциялуулугун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат.
Ишти соттук отурумда кароого даярдаган судья-баяндамачы Ж.А.Шаршеналиевдин маалыматын угуп, тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 22-июлунда Турсунбек Осекович Аматовдун кызыкчылыгын көздөгөн Валерьян Ахметович Вахитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн "тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 5-бөлүгүнүн 1, 8-пункттарына, 40-беренесине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн жана ага тиркелген материалдардан келип чыккандай, Ош шаары жана Ош областы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн начальнигинин орун басарынын сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө 2019-жылдын 30-сентябрындагы токтомун мыйзамсыз деп таануу жөнүндө В.А.Вахитовдун даттануусу 2019-жылдын 25-ноябрында Ош шаардык сотунун тергөөчү сотунун токтому менен канааттандыруудан баш тартылган.
Жазык иштери жана административдик укук бузуулары боюнча Ош областтык сотунун соттук коллегиясынын 2019-жылдын 23-декабрындагы токтому менен Ош шаардык сотунун жогоруда аты аталган токтому өзгөртүүсүз калтырылган. Андан тышкары, соттук коллегиянын жогоруда көрсөтүлгөн аныктамасында ал даттанууга жатпайт деп белгиленген.
Ушуга байланыштуу, кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченем Жогорку сот тарабынан кыйноолордун колдонулушу жөнүндө маселелерди кароочу соттук чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн кассациялык текшерүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген жарандын соттук коргонуу укугун чектейт деп эсептейт.
В.А.Вахитов Конституциянын 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 5-бөлүгүнүн 1, 8-пункттарына шилтеме жасап, соттук коргонуу укугу эч кандай чектелүүгө жатпайт деп белгилейт. Жаранга карата кыйноолор колдонулган учурда, жарандын соттук коргонууга укугун чектөө Конституциянын 16-беренесинин бузулушуна алып келет, ал адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет деп аныктайт.
Арыздануучу болжогондой, көрсөтүлгөн конституциялык ченем адамга соттор тарабынан кетирилген каталарды оңдотууга, төмөн турган инстанциялардын кабыл алып жаткан чечимдеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн жогору турган соттор тарабынан текшертүүгө жол берет, себеби сот адилеттиги, өзүнүн маңызы боюнча, эгер ал адилеттүүлүктүн талаптарына жооп берген жана укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүүнү камсыздаган шартта гана адилеттүү болуп таанылат.
Кайрылуунун субъекти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы, 2018-жылдын 24-январындагы, 2018-жылдын 1-ноябрындагы жана 2019-жылдын 26-июнундагы чечимдеринде баяндалган укуктук көз караштарга шилтеме жасап, соттук коргонуу укугу эч кандай жагдайларда чектелиши мүмкүн эмес деп белгилейт.
Андан ары, В.А.Вахитов өзүнүн жүйөлөрүн негиздөөдө Кыйноого жана башка ырайымсыз, адам жасагыс же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы Конвенциянын 13-беренесин келтирет (Кыргыз Республикасы 1996-жылдын 26-июнундагы № 46 Мыйзамы менен кошулган), ага ылайык Конвенциянын катышуучусу болгон ар бир мамлекет анын юрисдикциясынын кайсы гана аймагында болбосун ар бир (ар кандай) адам ага карата кыйноолор колдонулуп жатат десе, компетенттүү бийликке тийиштүү даттануунун берилүү, ошондой эле ал даттанууну тез жана калыс каралуу укугун камсыз кылат.
Арыздануучу мамлекет кыйноолорду же катаал мамиленин башка түрлөрүн колдонуудан карманып, соттун чечимин кассациялык тартипте даттануу мүмкүндүгүн берип, алардын колдонулушун дагы болтурбаш керек деп болжойт.
Анын пикири боюнча талашылып жаткан ченемдик жобо кыйноого жана башка ырайымсыз, адам жасагыс же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрү жана жазалар жөнүндө иштер боюнча соттун биринчи жана экинчи инстанцияларынын токтомдорун жана аныктамаларын соттук даттануу укугун чектейт, демек, жарандардын жеке кол тийбестик конституциялык укугун жана сот адилеттигине жетишүү укугун бузат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 3-сентябрындагы аныктамасы менен арыздануучунун өтүнүчү Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн "тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун Конституциянын 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык келүүсүн текшерүү үчүн өндүрүшкө кабыл алынган.
В.А.Вахитов сот отурумунда өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.
Жоопкер тараптын өкүлү М.Орозобек уулу кайрылуу субъектинин жүйөөлөрү менен макул болгон жок жана талашылып жаткан ченемдик жобо Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Ал жазык-процесстик мыйзамдар соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукка жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине ойдогудай контролдоону камсыз кылуу функциясын тергөөчү судьяга жүктөйт деп белгилейт.
Анын пикири боюнча мыйзам чыгаруучу соттук контролдоонун алкагында жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу максатында тергөөчү судья тарабынан катасы бар чечимдердин чыгуусу тобокелчилигин эске алып, жогору турган сот тарабынан иштерди кайталап кароонун тартибин караштырган. Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн Кодексти иштеп чыгууда сот актыларын кайра кароосун оптималдаштыруу бөлүгүндө башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынган жана тергөөчү судьянын чечимине даттануу чеги белгиленген, бул өз кезегинде, даттанууга укукту кыянаттык менен пайдаланууну жокко чыгарат жана талаш-тартыштын чечилишин жана сот актынын аткарылышын тездетет.
Жоопкер-тараптын өкүлү Жазык-процесстик кодексинин 390-беренесине ылайык биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөрү, ошондой эле башка соттук актылары тараптар тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанууга жатат
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Т.А.Чилдебаев талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп эсептейт жана кийинкини белгилеген.
Сотко чейинки өндүрүштө соттук контролдоону жүргүзүү процесстин катышуучуларынын укуктарын жүзөгө ашырылуусунун, жазык куугунтуктоо функциясын аткаруучу кызмат адамдарынын жана органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен алардын корголушун камсыз кылышы керек. Ушуга байланыштуу, Жазык-процесстик кодексинин 5-беренесинин 41-пунктуна ылайык процесстик иш-аракеттердин жана укук коргоо органдарынын чечимдеринин мыйзамдуулугун камсыз кылган тергөө судьясынын институту каралган.
Т.А.Чилдебаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 11-сентябрындагы Чечиминде баяндалган жана соттук чечимине даттануу укугунун маңызын ачкан укуктук көз карашка шилтеме жасайт. Маселен, көрсөтүлгөн Чечимде сот чечимине даттануу укугу укук коргонуу укугунун курамдык бир бөлүгү болуп саналат жана абсолюттук мүнөзгө ээ, колдонулуу чөйрөсү же болбосо башка жагдайлар боюнча чектелиши мүмкүн эмес, анткени мыйзамсыз, негизделбеген жана адилетсиз сот актысы соттук коргоонун каражаты катары кызмат кыла албайт деп белгиленген.
Ушуга байланыштуу, Т.А.Чилдебаев талашылып жаткан ченемдик жобо жарандардын соттук коргонуу укугун чектейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Б.Абдыраев талашылып жаткан ченем тараптардын даттануу укугун кыянаттык менен пайдалануусун чектөө чарасы катары, ошондой эле иштерди кароодо создуктурууну жокко чыгаруу максатында киргизилген деп болжойт.
Б.Абдыраевдин пикири боюнча бул чектөө сот актыларын кассациялык тартипте кайра кароо жөнүндө арыздардын санын негизсиз көбөйүшүнө тоскоолдук кылуучу, укукту кыянаттык менен пайдалануу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу алдын алуучу ченем болуп саналат. Аны менен бирге тараптарга тергөө судьясынын токтомун апелляциялык тартипте даттануу укугу берилген, бул даттанууну же сунуштаманы берген жактын соттук коргонууга конституциялык укугунун жүзөгө ашырылуусу болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, Б.Абдыраев В.А.Вахитовдун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Э.Б.Искаков кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана кийинкидей көз карашты билдирген.
Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына ылайык ишти жогору турган сот тарабынан кайталап кароо жана соттук коргонуу укугу эч кандай чектелүүгө жатпайт. Анын пикири боюнча, көрсөтүлгөн конституциялык жоболорду жүзөгө ашыруу Жазык-процесстик кодекси менен камсыз кылынат, маселен, ЖПК 390-беренесинин 1-бөлүгү тараптар иш боюнча соттун биринчи инстанциясынын өкүмүн апелляциялык, ошондой эле башка сот актыларын даттануу укугун караштырат.
Ошондой эле, ал ишти жогору турган сот тарабынан каратуу укугу процесстик мыйзамдар менен каралган бардык сот инстанцияларында тергөө судьясынын жана соттун биринчи инстанциясынын чечимдерин даттануу мүмкүндүгү дегенди билдирбейт. Мыйзам чыгаруучу сот актыларын апелляциялык тартипте даттануу мүмкүндүгүн орнотуу менен арыздануучу көрсөткөн тергөө судьялары чыгарып жаткан сот актылары ишти маңызы боюнча чечүү үчүн аралык жана чечимди кабыл алууга тийиштүү актылардын акыркы болушуна таасирин тийгизбейт.
Э.Б.Искаков өтүнүчтүн мазмуну арыздануучу тарабынан тергөө судьясынын институтун туура эмес түшүнгөнүн күбөлөйт, анткени анын ыйгарым укуктары сотко чейинки өндүрүш менен чектелген, ошондой эле кайрылуунун автору колдонуудагы ЖПК ченеминин талаптарын сотко чейинки жана соттук териштирүү мөөнөттөрү менен ажырагыс байланыштагы жана ишти кароодо жасалма түрдө создуктурууну жокко чыгарган чара көрүүнүн катуу чектелген мөөнөттөрү бөлүгүндө эске алынган эмес деп болжойт.
Мыйзам чыгаруучу процесстик натыйжалуулук талаптарына, соттук коргоо каражаттарын пайдаланууда үнөмдүүлүккө жооп берген жана соттук териштирүүнү создуктуруу же негизделбеген жаңыртуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган, аны менен соттук чечимдин адилеттүүлүгүн камсыз кылган ката сот актыларын кайра кароонун мындай институционалдык жана процедуралык шарттарын белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Р.К.Альчиев жазык сот адилеттиги тутумунда сервистик мүнөздөгү бир деңгээлдүү же көп деңгээлдүү соттук контролдоону орнотуу мамлекеттин өзгөчө укугу, ал көптөгөн фактыларга, анын ичинде индивиддин укуктар, эркиндиктер жана кызыкчылыктар чөйрөсүнө кийлигишүү даражасына жана аларды коргоо үчүн зарыл болгон мамлекеттин чыгымдарынын жана аракеттеринин өлчөмдөштүгүнө жараша ага тийиштүү жөнгө салуунун механизмдерин аныктоочу жана орнотуучу укукту калыптандырууда чечүүчү ролго таандык деп эсептейт.
Анын пикири боюнча мамлекетте укуктук тутумдун туруктуулугу - укуктук жөнгө салуу механизминин орундуу иштеши үчүн зарыл сот актыларынын туруктуулугу менен да кепилденет.
Ошону менен бирге, Башкы прокуратуранын өкүлү белгилегендей, соттук контролдоо алкагында соттук актыларын көп деңгээлдүү текшерүүнү мыйзамдар менен белгилөө алардын өзгөчө болуусун, төгүндөлбөстүгүн, преюцидиалдуулугун жана милдеттүүлүгүн жоготуу тобокелчилигин көбөйтөт жана жазык сот өндүрүшү тутумуна көз көрүнөө дооматтар үчүн негиз, сот адилеттигин ойдогудай күчтөн тайдыруучу чексиз создуктуруунун булагы болуп калышы мүмкүн.
Алсак, реформаланган жазык-процесстик мыйзамдар менен текшерүүчү соттук инстанциялардын санын чектеген механизм бул учурда натыйжалуулукту өркүндөтүүнүн каражаттарынын бири жана жазык сот өндүрүшүнүн кыйла рационалдуу тартибине умтулуу көрсөткүчү болуп саналат. Ошол эле учурда, жазык-процесстик мыйзамдар менен караштырылган соттук контролдоо алкагында соттун биринчи инстанциясынын чечимдерин кайра кароонун жогоруда көрсөтүлгөн механизминин болушу жеке кол тийгистикке болгон укуктун бар экендигин көрсөтүүчү соттук коргоонун тиешелүү деңгээлинин көрүнүшү болуп саналат.
Баяндалганды эске алуу менен, Р.К.Альчиев талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын көз караштарын талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн "тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун кийинкидей редакциясы саналат:
"430-берене. Сот актыларын кассациялык тартипте кайра кароо
3. Апелляциялык тартипте даттанылбаган мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы соттун чечимдери, ошондой эле тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт.".
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, "Эркин Тоо" гезитинде 2017-жылы 15-февралда № 23-28 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонулууда.
2. Баш мыйзам менен кепилденген конституциялык баалуулуктар адамдын, жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин артыкчылыгы негизинде укуктук, социалдык, демократиялык мамлекетти карай илгери өнүгүүнүн багытын аныктайт (Конституциянын 16-беренесинин 1-бөлүгү). Ушуга ылайык алар өзгөчө учурларда гана жана конституциялык-маанилүү максаттарда гана чектелиши мүмкүн (Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгү). Мында Баш мыйзам эч кандай чектелүүгө тийиш эмес адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин тизмесин аныктайт, алардын катарына соттук коргонуу укугу жана ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугу кирет (20-берененин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттары).
Ар кимдин соттук коргонуу укугунун конституциялык кепилдиги Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жоболоруна (8, 29-беренелер), Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактына (2, 14-беренелер) шайкеш келет, ага ылайык "мамлекет адилеттүү, компетенттүү, толук жана натыйжалуу соттук коргонууга укуктун жүргүзүлүшүн камсыз кылууга милдеттүү".
Жогоруда аталган конституциялык жоболордун жана Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн күчүнөн улам Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналуучу эл аралык актылардын мааниси боюнча ар кимдин укуктук коргонууга укугу деген ар бир кызыкдар жак үчүн бузулган же талашылып жаткан укугун, же мыйзам менен кайтарылуучу кызыкчылыгын коргоо максатында сотко кайрылууга мүмкүндүктү мыйзамдардагы чаралар аркылуу берүүнү болжойт.
Соттук коргонуу укугун жана ишти жогору турган сот тарабынан кайталап каратуу укугун чектөөнүн мүмкүн эместиги адамдын (жактын), эгер адам (жак) өзү ал укугунан баш тартпаса эле, ал сотко кандай гана маселе менен кайрылуу мүмкүндүгү болбосун, ошондой эле күчүнө кирген сот актысын жогору турган соттон даттануу мүмкүндүгү болуш керек дегенди болжойт.
3. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары менен белгиленген жазык иштери боюнча өндүрүштү, аны тергөөнү жана чечүүнү жөнгө салуучу эрежелер тутуму, жабыр тарткан тараптын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо менен бирге ар бир инсанды мыйзамсыз жана негизделбеген айыптоодон, соттоодон жана укуктар менен эркиндиктерди чектөөдөн коргоону камсыз кылат.
Жазык сот өндүрүшүнүн стадиясы катары сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жосундардын Бирдиктүү реестринде кылмыш же жосун жөнүндө арызды билдирүүнү каттоо учурун, ишти маңызы боюнча кароо үчүн прокурор тарабынан ишти сотко жөнөтүлгөнгө чейинки учурун да камтыйт. Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш каралып жаткан аспектиде тергөө бөлүмдөрүнүн жана топторунун тергөөчүлөрү, жетекчилери, ошондой эле прокурорлору (андан ары - ыйгарым укуктуу кызмат адамдары) тарабынан тергөө форматында жүргүзүлөт.
Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жүргүзүлүүчү процесстик аракеттерге/аракетсиздиктерге жана чечимдерге да жазык сот өндүрүшүнүн пайдубал принциптери, анын укук үстөмдүгүнүн принциптери, процесстик аракеттерди/аракетсиздиктерди жана чечимдерди даттануунун принциптери бирдей жайылтылат.
Өз кезегинде, процесстик аракеттерди/аракетсиздиктерди жана чечимдерди даттануу укугу жарандарга жана башка жактарга өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырылуусуна жетишүүгө жол берүүчү маанилүү кепилдик болуп саналат. Ал жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштө өзгөчө мааниге ээ болот, анткени ушул стадиядагы ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын иши жазык-процесстик мажбурлоо жана адамдын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө көбүнесе байланыштуу болот.
Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн соттук коргонууга кепилденген укугун сотко чейинки өндүрүштүн этабында турмушка ашыруусу, анын ичинде ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын процесстик аракеттеринин/аракетсиздиктеринин жана чечимдеринин мыйзамдуулугуна соттук контролдоону жүргүзүү жазык-процесстик мыйзамдарда тергөө судьясынын институтун бекитүү жолу менен ишке ашкан (ЖПК 5-берененин 41-пункту, 28-берененин 8-бөлүгү, 30-берененин 2-бөлүгү).
Көрсөтүлгөн институттун иштеши ар кимдин укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен жана өзүм билемдигинен коргонуу укугунун жүзөгө ашырылуусунун маанилүү кепилдиги болуп саналат. Тергөө судьясы айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөсүз экендиги жөнүндө маселени чечпейт. Демек, ал жүргүзүүчү соттук контроль сот бийлигинин, баарыдан мурда, сотко чейинки өндүрүш стадиясында инсандын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын токтоосуз калыбына келтирүүгө багытталган өз алдынча функция болуп саналат.
Колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык сотко чейинки өндүрүштөгү соттук контролдоо алдын алуучулук жана кийин жагындагы тартипте ишке ашырылат. Алдын алуучулук соттук контроль жазык сот өндүрүшүндө адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү процесстик аракеттердин жүргүзүлүшүнө контролду жүзөгө ашырууга багытталган, ал эми кийин жагындагы соттук контроль мыйзамсыз жана/же негизсиз бузулган конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди калыбына келтирүүгө багытталган. Башка сөз менен айтканда, жазык иши боюнча конституциялык укуктар менен эркиндиктерди чектөө зарылдыгы пайда болгондо, ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын процесстик чечимдерине жана аракеттерине алдын алуучулук соттук контроль жүргүзүлөт, ал эми чечимдер күчүнө киргенде же процесстик аракеттер ишке ашкан соң кийин жагындагы соттук контроль жүргүзүлөт.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан ЖПК 31-беренесинин 2-бөлүгүндө түптөлгөн соттук контроль тергөө судьясы жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, анын ичинде ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын аракеттерине/аркетсиздиктерине жана чечимдерине болгон даттанууларын карап жаткандагы кийин жагындагы соттук контроль болуп саналат.
Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча тергөө судьясы ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аракеттерин/аракетсиздиктерин же чечимдерин мыйзамсыз же негизсиз деп табат, аларды жокко чыгарат же кетирилген бузууну четтетүүнү милдеттендирет, же даттанууну канааттандыруусуз калтырат.
Ошол эле учурда ал сотко чейинки соттук контролдоонун максаттуу орнотмолорунан четтөө мүмкүн эмес дегенди билдирбейт, себеби тергөө судьясы ар бир башка адам сыяктуу эле каталарды кетирүүдөн корголгон эмес. Соттук каталардын табияты иштин нагыз болгон жагдайларын аныктап билүү татаалдыгы менен гана эмес, укук колдонуунун татаалдыгы менен да шартталган. Дал ошон үчүн, Баш мыйзам укуктук тутумда аларды оңдоонун жана ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратуу аркылуу четтетүүнүн ойдогудай иштеген механизмин киргизүүнү талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2020-жылдын 21-октябрындагы өзүнүн Чечиминде соттук ката жогору турган сот тарабынан соттук актыны кайра карап чыгуу жана баалоо аркылуу гана аныкталышы мүмкүн деп белгилеген. Дал ушул жагдай соттук актыларды кассация тартибинде жогору турган сот (аппеляция) тарабынан кайталап жана кайра кароонун институттарынын иштешинин алгачкы себеби.
ЖПК 400-беренесине ылайык тергөө судьясы чыгарган токтом апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Мында шектелүүчү, айыпталуучу, алардын коргоочулары, жабыр тарткан, анын өкүлү, ошондой эле прокурор дагы даттануу укугуна ээ болушат (ЖПК 390-беренесинин 3-бөлүгү).
Ошентип, мыйзам чыгаруучу тергөө судьясынын институтун киргизип, ага сотко чейинки өндүрүштүн бүтүндөй көлөмүн камтуучу алдын алуучулук жана кийин жагындагы соттук контролдоону жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды берип, ар кимдин соттук коргонууга укугун камсыз кылуу жөнүндө конституциялык орнотмону жүзөгө ашырган. А тергөөчүнүн токтомун апелляциялык тартипте даттануу мүмкүндүгүн берип, ар кимдин ишти жогору турган сотто кайра каратуу укугу жөнүндө конституциялык кепилдикти турмушка ашырган.
4. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат (Конституциянын 96-беренеси). "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгү ушул конституциялык жобону өнүктүрүп, Жогорку сот катышуучулардын даттануулары боюнча жергиликтүү соттордун сот актыларын кайра кароону кассациялык тартипте жүзөгө ашырат.
Кассациялык өндүрүштүн институту соттук каталарды оңдоонун таасирлүү механизмдеринин бири болуп, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун маанилүү кепилдиги, ал эми алар төмөн турган соттор тарабынан бузулган учурда аларды калыбына келтирүүнүн негизги ыкмасы. Мында кассациялык соттук инстанциянын башкы милдети материалдык жана процесстик укуктун ченемдеринин колдонулушунун тууралыгын текшерүү жана ал аркылуу адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун конституциялык принциптерине жооп берүүчү бирдиктүү укук колдонуучулук тажрыйбаны белгилөө болуп саналат.
5. Жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш процесстик чечимдердин бирин түзүү менен аяктайт, алар: айыптоочу акт, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом же жазык ишин токтотуу жөнүндө токтом.
Тергөө судьясынын ыйгарым укуктары өзүнүн мазмуну боюнча жазык иши боюнча процесстик аракеттердин жана чечимдердин кеңири спектрин камтыйт, алардын мааниси жана кесепеттери ар кандай. Тергөө судьясынын иштер боюнча чечимдеринин көбү, кантсе дагы, алардын мыйзамдуулугунун жана негиздүүлүгүнүн көз карашынан, кассациялык инстанцияга чейин алганда да соттук баалоонун предметине айланат.
Бирок сотко чейинки өндүрүштө жазык ишти токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечимдерине болгон даттануулар боюнча кабыл алынган тергөө судьясынын токтомдору талашылып жаткан ченемдик жобонун күчүнөн улам кассациялык тартипте кайра кароого жатпайт.
Сотко чейинки өндүрүштө жазык ишин токтотуу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу кызмат адамы өз алдынча кабыл алат жана ал иш боюнча бардык процесстик аракеттер аяктады дегенди билдирет. Көрсөтүлгөн чечим убагында мүмкүн болуучу укукка каршы көрүнүшү менен мамлекеттин көзүнө түшкөн өз алдынча окуяны тергөөдө акыркы чекитти коёт. Башка сөз менен айтканда, каралып жаткан чечим ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын акыркы баамынын натыйжасы болуп саналат, алар дагы индивиддердин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу таасирин тийгизүүчү жана материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин бирдиктүү колдонулуу чөйрөсүнө тийиштүү каталарды кетириши мүмкүн.
Ушуларды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мыйзам чыгаруучу тарабынан сотко чейинки өндүрүштө жазык ишин токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтомун даттануу тутуму ар кимдин сот аркылуу укуктарында натыйжалуу калыбына келтирүү укугу менен камсыз кылуу маселесинде жетишсиз деп эсептейт.
Демек, көрсөтүлгөн процесстик чечимдер тергөө судьясынын жана апелляциялык инстанциянын баамы менен чектелбеш керек, алар мыйзам чыгаруучу тарабынан белгиленген кассациялык инстанцияны кошкондо, сот актыларын кайра кароо тутумунун бардык инстанцияларынан өтүшү керек.
Соттук коргонууга укук жана анын ажырагыс бөлүгү - ишти жогору турган сотто кайра каратуу укугу жөнүндө конституциялык кепилдиктер жүзөгө ашырылган ушундай учурда гана толук кандуу болушу мүмкүн.
Жогоруда баяндалганга негизденип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып,
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн сотко чейинки өндүрүштө жазык ишин токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечимине даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча тергөө судьясынын кабыл алган токтомуна жайылтылган бөлүктө "тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 94-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыккандарды колдонуудагы мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү демилгелесин.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Төрагалык кылуучу |
| К.Дуйшеев |
Судьялар: |
| М.Бобукеева |
|
| Л.Жумабаев |
|
| М.Касымалиев |
|
| К.Кыдырбаев |
|
| Э.Осконбаев |
|
| Ж.Саалаев |
|
| Ж.Шаршеналиев |