Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 7-майы № 238
"Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-майындагы № 238 токтому менен жактырылган |
"Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 8-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаштар маселелери боюнча иштеген адамдардын жана мамлекеттик жарандык кызматкерлердин квалификациясын жогорулата тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Бирок кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүү маселелерин чечүү "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында ишке ашырылып жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу аталган Мыйзам менен укуктук жөнгө салынаарын эске алып, Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 8-пунктун жана 6-беренесинин 9-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 6-беренеси тиешелүү административдик аймактык бирдиктерде жаштар саясатын жүргүзүү, иш-чараларды өткөрүү бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын караштырат.
Ушул Мыйзам долбоорун кабыл алган учурда жаштарга тиешелүү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө каралган жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү көбөйтүлүшү мүмкүн экенин белгилеп кетебиз, бул республикалык бюджеттин эсебинен аларды компенсациялоого кошумча чыгымдарды талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер бюджеттик жыл ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кирешелердин түшпөй калуусун жана финансылык ажырымын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында келип чыккан жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин жоготууну жана кошумча чыгашаларды компенсациялоого берилет.
Ошондой эле жергиликтүү кеңештер тиешелүү жергиликтүү бюджеттерди бекитүү жана тактоо маселелерин чечүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары болуп саналаарын белгилеп кетүү зарыл.
Ошентип, Мыйзам долбоорун кабыл алуу жергиликтүү бюджеттерге кошумча финансылык жүктү алып келет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 80% дотациялык болуп эсептелерин эске алуу керек, ушуга байланыштуу республикалык бюджеттен кошумча финансы каражаттары талап кылынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актыларды алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл албоого туура келет.
Ошондой эле "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоодо жана кабыл алууда ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен консультацияларды жана талкууларды өткөрөт.
Бирок негиздеме-маалым катта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен өткөрүлгөн консультациялар жана талкуулар жөнүндө маалымат камтылган эмес.
3. Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгү менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаштардын формалдуу эмес түрдө билим алуусуна программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү жолу менен көмөк көрсөтөрүн" белгилөө сунушталган.
Мында белгилеп кетүүчү нерсе, "Билим берүү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында жалпы (негизги жана кошумча) жана кесиптик (негизги жана кошумча) билим берүү программалары ишке ашырылат.
Ар бир негизги жалпы билим берүү же негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн милдеттүү минимумдук мазмуну менен ченемдик мөөнөттөрү тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарында белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 токтому менен бекитилген 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясына ылайык формалдуу эмес билим берүү деген квалификацияны жогорулатууну же ушундай билим алгандыгы тууралуу сертификат берүү менен жеке талапты канааттандырууну болжолдойт.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү (анын ичинде кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу) каралган, анын негизги милдети инсандын өз билимин өзү өркүндөтүү, өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу жана квалификациясын алмаштыруу муктаждыгын толугураак канааттандыруу болуп саналат.
Кошумча билим берүү программаларына ар кандай багыттагы билим берүү программалары кирет, алар негизги билим берүү программаларынын чегинен тышкары жалпы жана кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарында, кошумча билим берүүчү билим берүү уюмдарында (квалификацияны жогорулатуу курстарында, музыкалык жана көркөм өнөр мектептеринде, искусство мектептеринде жана тиешелүү лицензияга ээ болгон дагы башка билим берүү уюмдарында) жана жекече педагогикалык иш аркылуу ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө жобого ылайык квалификацияны кеңейтүү жана кесиптик иштин жаңы түрүн ишке ашыруу максатында алган адистигинин базасында кошумча квалификация ыйгаруу менен жогорку билимге кошумча 1000 сааттан ашык өлчөмдө окуу программалары ишке ашырылат.
Жогорудагыларды эске алып, Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 9-беренеси менен жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча укуктук ченемдерди регламенттөө сунушталган.
Мында белгилеп кетүүчү нерсе, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн мамлекеттик саясатынын укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгекке жана жумушсуздуктан социалдык коргоого конституциялык укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктери "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жөнгө салынган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын эмгек ресурстарына болгон муктаждыгын болжолдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 203 токтому менен бекитилген эмгектик ресурстарга керектөөлөрдү божомолдоо методикасына ылайык ишке ашырылат.
Жогоруда баяндалганды эске алып, Мыйзам долбоорунун 9-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
5. Мыйзам долбоорунун 10-беренесинде жарандарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык программаларды ишке ашырууда жаштардын өкүлчүлүгүн эске алуу зарылдыгы каралган. Жаштардын арасынан биринчи кезекте үй менен камсыз кылына турган адамдарды аныктоо тартибин жана критерийлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Бирок турак жайларды кезексиз жана биринчи кезекте берүү маселелери, ошондой эле биринчи кезекте турак жай менен камсыздала турган адамдардын категориялары Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде регламенттелген, ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун аталган беренесин алып салууну сунуштайбыз.
6. Мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 3-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга, эгерде ал кабыл алынган болсо, ылайык келтирсин деген тапшырманы берүү сунушталууда.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ал эми Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында каралып жаткан Мыйзам долбоору кабыл алынганда кайрадан каралып чыгуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат камтылган эмес.
Ушуга байланыштуу негиздеме-маалым катты Мыйзам долбоору кабыл алынышына байланыштуу иштелип чыгуучу, жокко чыгарылуучу же өзгөртүлүүчү ченемдик укуктук актылардын тизмеси жөнүндө маалымат менен толуктоо керек.
Жалпысынан жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, Мыйзам долбоорунда аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү механизмдер каралган эмес, бул аны декларативдүү жана иш жүзүндө колдонууга кыйынчылык алып келет.
Тактап айтсак, Мыйзам долбоорунда так белгиленген ченемдерсиз, Мыйзам долбоорун ишке ашырууга багытталган Өкмөт тарабынан мыйзам алдындагы актыларын кабыл алууну караган көптөгөн шилтеме ченемдер колдонулган, бул ченемди аткаруу практикасында анын жүзөгө ашырылышын кыйындатат.
Мындан тышкары Мыйзам долбоорунун айрым жоболору Өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы, жаштардын демилгелерине түрткү берүү, таланттуу жаштарды колдоо, жаштар саясатын калыптандырууга жана жүзөгө ашырууга жаштардын катышуусу бөлүгүндө, ошондой эле жаштар менен иштөө боюнча адистештирилген уюмдар бөлүгүндө "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун кайталайт.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек.
Бирок сунушталган Мыйзам долбоорунун жоболору жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага дал келбейт.
Жогоруда айтылгандын негизинде, ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.