Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 7- апрели № 201
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2007-жылдын 16-апрели, №184
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
«Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы
төлөө шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы
«Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө» №
637, «Билим берүү кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө» № 638,
«Илимий мекемелердин кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө» №
639, «Маданият кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө» № 640,
«Социалдык жактан коргоо кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө»
№ 641 жарлыктарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. «Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттагы «2006-жылдын 1-июлу» деген сандар жана сөздөр «2007-
жылдын 1-январы» деген сандарга жана сөздөргө, «408» деген сан «530» деген
санга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги саламаттык сактоонун,
билим берүүнүн, илимий мекемелердин, маданияттын жана социалдык жактан
коргоонун кызматкерлерине жањы өлчөмдөрдө эмгек акы төлөөгө каражаттарды
өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына
жіктјлсүн.
4. Бул токтом 2007 жылдын: 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр А.Атамбаев