Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-апрели № 257
Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө
Мамлекеттик бийлик органдары, чарбакер субъекттер жана калк үчүн 2010-2012-жылдарга максаттуу социалдык-экономикалык багыттарды аныктоо максатында, аталган мезгилде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиркелген орто мөөнөттүү божомолу жактырылсын жана божомолдун базалык варианты негиз катары алынсын.
2. Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиркелген негизги көрсөткүчтөрү бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), мамлекеттик уюмдар жана ишканалар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине Кыргыз Республикасын 2009-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:
- Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынын жүрүшүнө жалпы координациялоону жана оперативдүү контролду жүргүзсүн;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын маалыматтарын квартал сайын жалпыласын жана талдасын жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынын топтомо мониторингин берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 257 токтому менен бекитилген |
Киришүү
Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 419-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ менен бирдикте "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик божомолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даярдалган.
Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолунун негизги максаты өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн тенденцияларды жана өбөлгөлөрдү тактоо жана конкреттештирүү, колдо болгон ресурстарды жана тобокелдиктин мүмкүн болуучу факторлорун табуу жолу аркылуу орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбакер субъекттер, калк үчүн социалдык-экономикалык саясаттын багыттарын жана чараларын аныктоо болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу Кыргыз Республикасынын 2010-2012-жылга бюджетинин орто мөөнөттүү божомолунун долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп эсептелет жана экономиканын иштешинин ички жана тышкы шарттарынын өзгөрүшүнө карата жаңы тенденциялар табылганда, тобокелдиктин жаңы факторлору пайда болгондо жыл сайын же зарылчылыгына жараша оңдоо киргизилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолун иштел чыгуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп эсептелди:
- 2007-2008-жылдар жана 2009-жылдын январы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү талдоо;
- экономикалык өнүгүүнүн дүйнөлүк тенденциялары;
- 2009-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасын Стратегиялык өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин заседаниесинде жактырылган 2010-2012-жылдарда өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында каралган саясаттын чаралары жана иш-аракеттер планы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы заседаниесинде жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга Программасы жана Иш аракеттер планы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-октябрындагы Кыргызстан элине кайрылуусунда каралган саясаттын чаралары;
- Кыргыз Республикасынын бюджетинин 2010-2012-жылдарга орто мөөнөттүү божомолунда каралган бюджет саясатынын чаралары;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сунуштары.
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн күтүлүп жаткан божомолдук көрсөткүчтөрү.
1. Кыргыз Республикасынын 2007-2008-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары
1.1. Кыргыз Республикасынын 2007-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары
2007-жылы макроэкономикалык абалдын бекемдөөсүнүн оң тенденциясы байкалды. 2006-жылга салыштырганда ички дүң продукт 2007-жылы 8,5 процентке көбөйүп, 141,9 млрд.сомду түзгөн. Ички дүң продукттун (мындан ары - ИДП) реалдуу өсүшү "Кумтөр"(1) кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо 9 процентти түздү. Калктын ар бир жан башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 27,1 миң сомду түздү (731 АКШ доллары) жана 7,6 процентке өстү.
1-сүрөт. 2004-2007-жылдардагы ИДПнын динамикасы, өткөн жылдарга карата % менен
2007-жылы ИДПнын өсүшү төмөндөгү тармактардын эсебинен камсыз болгон: кызмат көрсөтүү (12,6%), өнөр жай (6,3%), айыл чарбасы (1,6%) жана курулуш (32,3%).
Банк системасында жагымдуу тенденциялар сакталды. Акча базасы 2007-жылдын 31-декабрына карата 2006-жылга салыштырганда 38,5 процентке көбөйүп, 31575,9 млн. сомду түздү. Акча базасынын түзүмүндө 2007-жылдын 31-декабрына карата жүгүртүүдөгү акчанын үлүшү 87,3 процентти түздү.
2007-жылдын январь-декабрына карата М2Х(2) акча массасы өткөн жылдын тиешелүү мезгили менен салыштырганда 33,3 процентке көбөйдү жана анын көлөмү 43018,0 млн. сомду түздү.
Коммерциялык банктардын кредиттик портфели 2006-жылдын тиешелүү мезгили менен салыштырганда 83,7 процентке көбөйдү. Калктын ишкердик активдүүлүгүнүн өсүшү, жарандардын кирешесинин жогорулашы, банк системасында абалдын жакшырышы коммерциялык банктарга депозиттердин агымынын көбөйүшүн шарттады. Алардагы депозиттердин көлөмү 2006-жылга салыштырганда 39,5 процентке көбөйдү.
Эл аралык дүң резервдер 2007-жылдын 31-декабрына карата 1176,6 млн. АКШ долларын (2006-жылдын 31-декабрына карата 817,1 млн. АКШ долларын) түздү. Каралып жаткан мезгилге карата эл аралык дүң резервдердин көлөмүнүн өсүшү 359,5 млн. АКШ долларын түздү.
Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2006-жылдагы көрсөткүчтөн 48,1 процентке ашып түшүп, 2007-жылы 5239 млн. АКШ долларын түздү, ошол эле учурда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо 57,3 процентке көбөйдү.
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоо 2006-жылга салыштырганда 42,8 процентке көбөйдү. Мындай өсүш товарды жеткирүүлөрдү тейлөө менен байланышкан транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн жылына орточо 66,4 процентке өсүүсү менен шартталган.
Экспорттон товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунун озуучулук өсүшүнүн натыйжасында соода балансынын терс сальдосу 1196,5 млн. АКШ долларын түздү же 2006-жылга караганда 23,5 процентке көбөйдү.
Өнөр жайында 67657,9 млн. сом суммасына (электр энергиясын сатып албастан, иштетип алма чийки заты менен) продукциялар өндүрүлдү, физикалык көлөм 107,3 процентти, "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо - 110,3 процентти түздү. Тоо-кен казып алуу өнөр жайында 2007-жылы өсүш темпи 98,0 процентти, иштетүүчү өнөр жайында - 107,5 процентти түздү. Отун-энергетикалык пайдалуу кен-байлыктарын казып алуу көрсөткүчү чийки мунайды жана жаратылыш газын казып алуунун азайышынын эсебинен төмөндөдү. Металлургия өнөр жайында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы өндүрүштүн көлөмүнүн төмөн болушунун айынан өсүш темпи терс түзүлдү. Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө физикалык көлөмдүн индекси 107,8 процентти түздү.
Айыл чарбасынын, мергенчилик жана токой чарбасынын продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмү 2007-жылы 89886,1 млн.сомду түздү жана 2006-жылга салыштырганда 1,5 процентке көбөйдү. Дан эгинин өндүрүү 4,6 процентке, пахта-чийки затын өндүрүү 19,1 процентке жана кант кызылчасын өндүрүү 31,2 процентке кыскарды. Буудайдын айдоо аянты 2006-жылга салыштырганда 51,5 миң гектарга азайды.
2007-жылы курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 22047,2 млн. сомду түздү же 2006-жылга салыштырганда 32,3 процентке көбөйдү. Негизги капиталда инвестицияны өздөштүрүүнүн көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 24087,5 млн. сомду түздү, же 5 процентке көбөйдү.
Жагымдуу экономикалык конъюнктура жана калктын реалдуу кирешесинин, орточо айлык акынын өсүшү товарларга жана кызмат көрсөтүүгө керектөөчүлүк талаптын өсүшүн шарттады. Соода жүгүртүүнүн, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана өздүк колдонуучу буюмдарды оңдоо 2007-жылдын январь-декабрында 2006-жылга салыштырганда жалпысынан республика боюнча 10,9 процентке өстү.
Экономиканын өсүшү социалдык чөйрөдөгү абалдын жакшырышын шарттады. Бир кызматкердин номиналдуу орточо айлык эмгек акысынын реалдуу өсүшү республика боюнча керектөөчүлүк баанын индексин эске алуу менен эсептегенде 2007-жылы 10,2 процентти түздү.
Ошону менен бирге 2007-жылдын экинчи жарымында инфляциянын өсүшү башталды, анын жогорку чеги 2007-жылдын октябрь айына туура келди. Бир айдын ичинде инфляция 9,0 процентке өстү. 2007-жылга керектөөчүлүк баанын индекси 2006-жылдын декабрына карата 120,1 процентти түздү. 2007-жылы инфляциянын динамикасы дүйнөлүк товардык рынокто дан эгинге, мунайга жана азык-түлүктүн айрым түрлөрүнө баанын кескин өсүшүнөн улам тышкы кесепеттердин таасиринин астында калыптанды.
2-сүрөт. 2007-жыл үчүн КБИнин динамикасы, өткөн айга карата % менен
Баалардын кескин жогорулашына байланыштуу кырдаал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан инфляцияны ооздуктоо жана азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча оперативдүү чара көрүүнү талап кылды. Инфляцияны ооздуктоо боюнча иш-чаралардын планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2007-жылдын 30-августундагы № 385 токтому менен бекитилди, Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеши түзүлдү, буудай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча иш-чаралар бекитилип, буудай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча иш-чаралар бекитилип, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-сентябрындагы № 402 "2007-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияларды жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы кабыл алынды. Калктын аз камсыз болгон категорияларына унду жеңилдетилген баада бөлүштүрүү инфляцияга каршы олуттуу чара болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - КРУБ) тарабынан кабыл алынган чаралардын натыйжасында керектөөчүлүк баалардын индекси (мындан ары - КБИ) 2007-жылдын ноябрында 99,4 процентке төмөндөдү, ал эми декабрда 100,3 процентти түздү.
1.2. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары
2008-жылдын январь-декабрындагы ИДПнын динамикасы дүйнөлүк финансы кризисинин жагымсыз таасирине жана республиканын энергетика секторундагы татаал абалга карата өлкөнүн экономикасы 2008-жылы туруктуу болгондугун айгинелеп турат.
3-сүрөт. 2008-жылда ИДПиын динамикасы, өткө айга карата % менен
Ички дүң продукт 2008-жылы 185 млрд.сомду түздү жана 2007-жылга салыштырганда 7,6 процентке өстү. "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо ИДПнын реалдуу өсүшү 5,4 процентти түздү.
Мындай көрсөткүчтөргө жетишүү "Кумтөр" кенин иштетип жаткан ишканалардын ишинен, ошондой эле айыл чарбасындагы жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш темпинен улам мүмкүн болду.
Банк системасынын өтүмдүүлүгү сакталды, мында суммаланган активдер 2008-жылдын январь-декабрына карата 54,9 млрд.сомду түзүп, 30,4 процентке өстү. Коммерциялык банктардагы депозиттердин көлөмү 16,7 процентке өстү жана 2008-жылдын декабрь айынын аягында 19068,1 млн.сомду түздү. Бул банк системасына болгон кардарлардын ишениминин сакталгандыгын айгинелеп турат.
Коммерциялык банктардын кредиттик портфели 2008-жылдын январь-декабрында 26,4 процентке жогорулады жана 26699,5 млн. сомду түздү.
Кыргыз Республикасындагы тышкы соода жүгүртүү КРУБдун алдын-ала маалыматы боюнча 7367,4 млн. АКШ долларын түздү, 2007-жылга карата өсүш темпи 140,6%ти түздү. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоо 143,7% өсүш темпи менен 4625,0 млн.долларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо 135,7% өсүш темпи менен 2742,4 млн.долларды түздү.
Соода балансынын сальдосу терс болду жана 2007-жылга салыштырганда 57,3 процентке көбөйүп, 1882,6 млн. АКШ долларын түздү.
2008-жылдын январь-декабры үчүн КБИ 120,0 процентти түздү жана 2007-жылга салыштырганда 0,1 процентке азайды.
Керектөөчүлүк баанын жогорку өсүш темпинин сакталышы барынан мурда 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында уланган азык-түлүк товарларына жана энергетикалык ресурстарга болгон дүйнөлүк баанын өсүшү менен шартталды.
2008-жылы кызмат көрсөтүүнүн наркы 34,4 процентке кымбаттады, ал эми 2007-жылы акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр болгону 10,6 процентке кымбаттаган. Баарынын көп кымбаттоо билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүндө - 44,1 процентке, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдө - 41,6 процентке жана турак-жай кызмат көрсөтүүлөрүндө - 37,1 процентке болду.
Азык-түлүк товарлары 20,9 процентке, азык-түлүк эмес товарлар 16,0 процентке кымбаттады.
Өсүштүн жакшы темптери физикалык көлөмдүн индекси 89,2 проценттин деңгээлинде болгон курулуш чөйрөсүн, физикалык көлөмдүн индекси 92,5 процентти түзгөн электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүнү жана бөлүштүрүүнү кошпогондо, ИДПны түзгөн экономиканын бардык тармактарында жетишилди.
Өнөр жайындагы өсүш темпи отчеттук мезгилде 114,9 проценттин деңгээлинде түзүлдү, бул негизинен "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканалардын туруктуу иши менен (алтынды өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүү менен) шартталды. Алсак, металлургия өндүрүшүндө өсүш темпи 2008-жыл үчүн 161,8 процентти түздү. "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо, өнөр жайында өсүш темпи оң көрсөткүчкө жетишкен жок жана 97,9 проценттин деңгээлинде болду. Мындай абал төмөнкүдөй объективдүү себептер менен шартталды.
Биринчи кезекте, дүйнөлүк кризистин айынан курулуш продукциясына болгон тышкы сурамдын кыскаруусу өнөр жайдын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизди, анын натыйжасында 2008-жылдын январь-декабрында резина жана пластмасса буюмдарын жана металл эмес минералдык продукттарды өндүрүүнүн өсүш темпи олуттуу төмөндөп, тиешелүү түрдө 78,3 процентти жана 88,2 процентти түздү.
Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн болгондугунан улам электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө өсүш темпи кыскарып, 92,5 процент деңгээлинде түзүлдү.
Электр энергиясын берүүнү чектөөнүн натыйжасында республиканын өндүрүш ишканалары өндүрүш көлөмүн кыскартууга аргасыз болушту. Тактап айтканда, отчеттук мезгилде тамак-аш ишканаларынын өсүш темпи ылдыйлап, болгону 101,5 процентти түздү, ал эми 2007-жылы өсүш темпи 104,3 процентти түзгөн. Мындай кырдаал тигүү продукциясын өндүрүүдө да жаралды. Эгерде 2007-жылы тигүү тармагынын өсүш темпи 127,2 процентти түзсө, 2008-жылдын ушул эле мезгилинде өсүш темпи 110,9 процентке чейин кыскарды.
2009-жылы суунун тартыш мезгили улангандыгынан улам ишканалар үчүн электр энергиясын чектүү керектөө сакталат, ушуга байланыштуу өнөр жайды турукташтыруу үчүн электр энергиясын жоготууларды кыскартуу жана энергияны үнөмдөө маанилүү шарттардан болууга тийиш.
Айыл чарбасында өсүш темпи 100,7 проценттин деңгээлинде болду же 2007-жылдын ушул мезгилине караганда 0,8 процентке кем түзүлдү.
Өсүмдүк өстүрүүдө өсүш темпинин төмөндөшү тамекини, картөшкөнү, ошондой эле кант кызылчасын өндүрүүнүн олуттуу кыскаруусунун айынан болду.
2008-жылга бекитилген көрсөткүчтөр менен салыштырганда айыл чарбасында өсүш темпинин жайлашы Чүй жана Талас облустарынын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана көп жылдык өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын көпчүлүк бөлүгүнө зыян келтирген 2008-жылдын март айындагы үшүктүн жүрүшү менен шартталды. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин баалоосу боюнча дан эгиндеринин 100,0 миң гектарга жакын айдоо аянттары зыян тартты.
Курулуштун көлөмүнүн төмөндөшү байкалууда. 2008-жылда курулуштун дүң продукциясынын өсүш темпи 2007-жылдын ушул мезгилине карата 89,9 процентти түздү. Мындай кырдаал негизинен курулуп жаткан турак-жайга суроо-талаптын төмөндөшү жана өтүмдүүлүк кризисинен улам курулуш тармагын кредиттөөнүн мүмкүндүгүнүн төмөндөшү, ошондой эле курулуш материалдарынын кымбаттоосу менен шартталды.
Экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүдө негизги капиталдагы инвестициялардын көлөмү каржылоонун бардык булактары боюнча 29,2 млрд. сомду түздү. Капиталдык салымдарды "Жерүй", "Талды-Булак сол жээк" алтын кендеринде, Камбар-Ата ГЭС-2 курулушунда, Ош облусунун Араван районундагы цемент заводунда, суу чарба объекттеринде жана соода объекттеринде өздөштүрүү улантылууда.
2008-жылы кызмат көрсөтүүчү тармактар боюнча өсүш темпи 111,2 процентти түздү. Азык-түлүк товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон баанын өсүшүнөн улам чекене соода жүгүртүүнүн өсүш темптеринин кыскаруусу белгиленди. 2008-жылы чекене соода жүгүртүүнүн өсүш темпи 109,1 процентти түздү, ал эми 2007-жылдын ушул мезгилинде өсүш темпи 115,7 процентти түзгөн.
Почта жана электр байланышы артыкча тез темпте өнүктү, мында өсүш темпи 145,3 процентти түздү. 2007-жылга салыштырганда жүргүнчүлөрдү ташуунун өсүш темпи жогорулады жана 107,1 процентти түздү (2007-жылы 103,8 процент).
Минималдуу керектөө бюджети (мындан ары - МКБ) калктын ар бир жанына 3571 сомду түздү. 2008-жылы чакан ишканаларды кошпогондо орточо айлык эмгек акы 5422 сомду түзүп, мында анын реалдуу өсүшү 9,2 процентти түздү. Эмгекке жарамдуу калктын МКБсынан орточо эмгек акынын жогору болуусу 37,9дан ашык процентти түздү.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн күтүлүп жаткан көрсөткүчтөрү
Дүйнөлүк экономиканын ааламдашуусунун шарттарында 2009-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө уланып жаткан дүйнөлүк жана экономикалык кризистердин айынан АКШ, Россия, Казакстан сыяктуу ири өлкөлөрдөгү жана башка өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү экономикалык өсүш темпинин кыскаруусу таасирин тийгизет.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн күтүлүп жаткан божомолу Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжаларын, ошондой эле дүйнөлүк экономикалык тенденцияларды эске алуу менен иштелип чыккан.
Эсептөөлөргө ылайык 2009-жылы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй түзүлөт.
1-таблица.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн күтүлүп жаткан негизги көрсөткүчтөрү
┌───────────────────────────┬───────────────────────┬─────────────────┐
│ Көрсөткүчтөр │ Өлчөө бирдиги │ 2009-жыл │
│ │ │ (күтүл.) │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│Номиналдуу ИДП │ млн.сом │ 217647,1 │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│ИДПнын реалдуу өсүш темпи │ % │ 104,4(3) │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│Дефлятор │ % │ 112,7 │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│Өнөр жай(*) │ млн.сом │ 107717,5 │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│өсүш темпи │ % │ 100,3 │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│Айыл чарбасы │ млн.сом │ 131049,4 │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│өсүш темпи │ % │ 101,6 │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│Курулуш │ млн.сом │ 30129,6 │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│өсүш темпи │ % │ 105,0 │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│Кызмат көрсөтүүлөр │ млн.сом │ 174010,6 │
├───────────────────────────┼───────────────────────┼─────────────────┤
│өсүш темпи │ % │ 107,1 │
└───────────────────────────┴───────────────────────┴─────────────────┘
(*) - иштетилүүчү чийки затты кайрадан иштетүүнүн наркын кошкондо, сатып алынуучу электр энергиясын жана газды кошпогондо.
Күтүлүп жаткан божомолго ылайык ички дүң продукт 2009-жылы 217647,1 млн.сом суммасында түзүлөт, мында анын реалдуу өсүш темпи 104,4 процент деңгээлинде божомолдонууда. "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, ИДП 104,1 процент өсүш темпи менен 207853,3 млн.сомду түзөт. Экономикадагы дефлятор 112,7 процент деңгээлинде күтүлүүдө.
Тармактык жактан алганда 2009-жылы орточо жылдык өсүш темпи айыл чарбасында 101,6 процент, өнөр жайында 100,3 процент, курулушта 105,0 процент, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 107,3 процент чегинде болот.
Экономиканын өсүш темпинин күтүлүп жаткан кыскаруусу уланып жаткан дүйнөлүк финансылык кризис, инфляциялык процесстер жана экономикага инвестициянын азайышы (дефицит), ошондой эле энергетика секторундагы өсүш темпинин кыскаруусу сыяктуу ички жана эл аралык мүнөздөгү терс факторлордун таасири менен шартталган.
Өнөр жайында "Кумтөр" ишканаларынын алтынды өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча активдүү жүргүзгөн ишинин эсебинен 2009-жылдын аягында өндүрүштүн 100,3 процент деңгээлиндеги өсүш темпи божомолдонууда. "Кумтөр" ишканаларын кошпогондо, өндүрүштүн өсүш темпи 2009-жылы 95,0 процент деңгээлинде күтүлүүдө.
Өнөр жайындагы өсүш темпинин күтүлүп жаткан кыскаруусу тамак-аш өнөр жайындагы, курулуш материалдарын, резина жана пластмасса буюмдарын өндүрүүдөгү жана электр энергетикадагы өсүш темпинин кыскаруусу менен шартталат, алардын өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүштүк салмагы 37,2 процентти түзөт.
Мындай күтүүлөр негизинен товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөчүлүк сурамдын кыскаруусу жана өлкөнүн энергетика секторундагы проблемалар менен байланышкан.
Кен казуу тармагында өндүрүштүн өсүш темпи 2009-жылы көмүрдү жана чийки мунайды өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен 103,6 процент деңгээлинде күтүлүүдө.
Кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүштүн өсүш темпи 100,7 процент деңгээлинде күтүлүүдө, бул металлургия өнөр жайындагы (109,9%), тамак-аш өнөр жайындагы (101%), текстиль жана тигүү тармагындагы (101,5%) өндүрүштүн, коксту, мунай продукттарын жана ядролук материалдарды өндүрүүнүн (110,5%), транспорт каражаттарын жана жабдууларын өндүрүүнүн (1,3 эсе) көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталат.
Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө 2009-жылы суунун азайган мезгили улангандыгынан улам электр энергиясын иштеп чыгуунун өсүш темпинин кыскаруусу (95,7%) божомолдонууда.
Тармактагы кырдаалга негизги фонддорду жаңылоо үчүн финансылык каражаттардын жетишсиздиги жана электр энергиясын жеткирүүдөгү жана колдонуудагы жоготуулар таасирин тийгизишет.
Айыл чарбасында 2009-жылы өсүш темпи 101,6 процент деңгээлинде божомолдонууда. Мында айыл чарба продукциясынын дүң көлөмү 2009-жылы 131049,4 млн. сом деңгээлинде күтүлүүдө.
Айдоолордун түзүмү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн божомолдонгон түшүмү жагымдуу климаттык шарттарда эсептөөлөр боюнча буудайды (101,9%), тамекини (103,6%) өндүрүүнүн жана май өсүмдүктөрүн (107,3%) өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен өсүмдүк өстүрүүнүн продукцияларын өндүрүүнүн өсүш темпин 101,2% деңгээлинде камсыз кылууга тийиш. Мал чарбачылыгында өсүш темпи негизинен малдын башын көбөйтүүнүн эсебинен 102,1 процентти түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 2009-жылдагы айдоо аянттарынын алдын ала түзүмүнө ылайык 2009-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1166,5 миң гектарды түзөт. Мында жаздык себүүнү 620,6 миң гектарга жүргүзүү белгиленүүдө.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш темпи 2009-жылы 7,1 процент деңгээлинде күтүлүүдө, мында кызмат көрсөтүүлөрдүн дүң көлөмү 174010,6 млн.сомду түзөт. Кызмат көрсөтүүлөргө сурам калктын акчалай кирешесинин өсүшү менен, ошондой эле чет өлкөдөн жеке жактардын акчалай которууларынын эсебинен колдоого алынат.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өнүгүүсү негизинен сооданын, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана өздүк колдонуудагы буюмдарды оңдоонун өсүшү (105,8%), транспорттук кызмат көрсөтүүнүн (104,5%), байланыш кызмат көрсөтүүсүнүн (135%) өсүшү менен, ошондой эле ири чекене соода ишканаларынын тармактарынын андан ары өнүгүүсүнүн эсебинен камсыз кылынат.
Капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн күтүлүп жаткан көлөмүнөн улам курулуштун дүң продукциясы 30129,6 млрд.сом көлөмүндө күтүлүүдө, реалдуу өсүш 105 процентти түзөт.
Транспорттук магистралдын, тоо-кен жана энергетика тармактарынын объекттери, ошондой эле турак-жайды жана социалдык чөйрөнүн объекттерин куруу курулуштагы артыкчылыктуу багыттардан болуп калат.
Россия менен Казакстандын финансылык рыногундагы кырдаалдын, ошондой эле Кыргызстандын экономикасындагы кырдаалдын начарлоосунун, тышкы жана ички сурамдын кыскаруусунун натыйжасында 2009-жылы тышкы соода жүгүртүүсүнүн өсүш темпинин кыскаруусу күтүлүүдө, тышкы соода жүгүртүү 7029,7 млн. АКШ долларын түзүн, 4,6 процентке кыскарат, анын ичинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо 2564 млн. АКШ доллары деңгээлинде (6,5% төмөндөгөн), товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоо 4465,1 млн. АКШ доллары деңгээлинде (3,5% төмөндөгөн) божомолдонууда.
Ушул жылы экспорттун кыскаруусу радиаторлорду экспорттоонун 18,4 процентке, же 4 млн. АКШ долларына, айнектин 55,9 процентке, же 15 млн. АКШ долларына, жашылча-жемиштердин 14,7 процентке, же 82 млн. АКШ долларына кыскаруусунун эсебинен күтүлүүдө. Импорттун кыскаруусу жабдууларды жана механикалык түзүлүштөрдү экспорттоонун 10,5 процентке, жердеги транспорт каражаттарынын 70,6 процентке, кара металлдын 27 процентке кыскаруусунун эсебинен күтүлүүдө.
Тышкы соода жүгүртүүнүн түзүмүндө да кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоонун жана импорттоонун тиешелүү түрдө 10 процентке жана 9,8 процентке кыскаруусу күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан эмгек рыногундагы тенденцияларды иликтөөнүн натыйжасында кыскаруулар табылган эмес. Көптөгөн ишканалар жумуш орундарынын мүмкүн болуучу кыскаруулары жөнүндө ачык билдиришпейт. Ошону менен бирге эле 2009-жылдын 1 кварталында болжол менен 700 адам кыскарышы мүмкүн, л эми болжол менен 15 миң адам жетекчиликтин демилгеси боюнча өргүүгө жиберилиши мүмкүн, алардын 70 проценттен ашыгы өнөр жай секторунда эмгектенишет.
Мындай кырдаалга таасир тийгизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан тиешелүү чаралар көрүлгөн. Азыркы убакта "Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берилген, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2009-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек рыногуна дүйнөлүк кризистин тийгизген таасирин минималдаштыруу" программасын бекитүү жөнүндө" токтом долбоору даярдалган. Ошондой эле 2009-2011-жылдары Россия Федерациясынын региондору менен эмгек алмашуулары жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу каралган.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2009-жылы 9357,0 млн.сом суммасында күтүлүүдө. 2009-жылы пенсиянын өлчөмүнүн жалпы жогорулоосун 15 процент өлчөмүндө жүргүзүү каралууда. Мында пенсиянын базалык, ошондой эле камсыздандыруу бөлүгүнүн жогорулашынын бирдей темпи сакталат.
Пенсиянын жалпы өлчөмүнүн Эл аралык эмгек уюмунун сунуш кылган деңгээли орточо эмгек акынын 40 процентин түзүүгө, ал эми андан ары минималдуу керектөөчү бюджеттин чоңдугуна барабар болууга тийиш.
Топтомо пенсиялык системага өтүү күтүлүүдө. Алсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүүнүн концепциясы жактырылган жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген.
2010-жылы пенсиялык системага топтомо бөлүктү киргизүү үчүн 2009-жылы топтомо системасынын катышуучуларынын натыйжалуу ишин камсыз кылуучу финансылык, институттук жана укуктук чөйрөнү түзүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жана колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Бул максатта Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан төмөнкүдөй мыйзам долбоорлору иштелип чыккан жана министрликтерде жана ведомстволордо макулдашуудан өтүүдө:
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтомо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- "Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- "Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тарифтери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- "Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу".
2009-жылы минималдуу керектөө бюджети (МКБ) калктын ар бир жанына 4140 сомду, орточо бир айлык эмгек акы 2008-жылга карата 102,8 процент реалдуу өсүш темпи менен 6353 сомду түзөөрү күтүлүүдө. Эмгекке жарамдуу калктын орточо эмгек акысынын МКБдан жогору болушу 39,6 процентти түзөт.
2009-жылы акча-кредит саясатынын негизги милдети болуп өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнүн негизги шарттары катары инфляциянын темпин ооздуктоо жана баанын жалпы деңгээлинин туруктуулугун кармоо эсептелет.
Өлкөнүн экономикасындагы түзүлгөн кырдаалды эске алганда, 2009-жылы инфляция 2008-жылдын декабрына карата 12-15 процент деңгээлинде күтүлүүдө.
Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмгө жөндөмдүү сурамдын, анын ичинде инфляциялык күтүүлөрдүн эсебинен өсүшү, азык-түлүктүн ар кандай түрлөрүнө жана башка товарларга (тактап айтканда, энергия алып жүрүүчүлөргө) ички бааларды өсүп жаткан дүйнөлүк бааларга карата рыноктук коррекциялоо, жергиликтүү жана региондук товардык рыноктордогу төмөн атаандаштык, өндүрүүчүлөрдүн бааларынын өсүшүнүн улануусунун эсебинен чыгымдардын инфляциясынын таасиринин күчөшү инфляциянын күтүлүп жаткан темптеринин сакталышына өбөлгө болот.
3. Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу
3.1. 2010-2012-жылдарда Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн тышкы жана ички шарттары
Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолун жана 2012-жылга чейинки мезгилге божомолдун параметрлерин иштеп чыгуу үч сценарий (базалык, оптимисттик жана пессимисттик) боюнча ишке ашырылат. Сценарийдеги айырмачылыктар барыдан мурда дүйнөлүк жана ата мекендик экономиканын өнүгүүсүнүн шарттарында мүмкүн болуучу өзгөрүүлөр менен шартталган.
1) базалык сценарий колдогу ресурстардын алкагында жана экономикалык өсүш сакталуучу тенденциялардын негизине эсептелинген;
2) оптимисттик сценарий экономикалык өсүштү жогорулатуу, ички жана тышкы конъюнктураны жакшыртуу боюнча колдогу потенциалды жана резервдерди эске алуу менен эсептелинген;
3) пессимисттик сценарий терс факторлордун мүмкүн болуучу таасирин эске алуу менен эсептелинген.
Кыргыз Республикасынын 2007-2008-жылдардагы социалдык-экономикалык абалына талдоо, ошондой эле дүйнөлүк заманбап экономикалык тенденциялар Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү процесси өнүгүүнүн тышкы жана ички шарттарына жараша болоорун көрсөттү.
Тышкы шарттар
Орто мөөнөттүү мезгилде дүйнөлүк экономиканын салыштырмалуу жогору эмес өсүш темпи сакталаары күтүлүүдө, себеби дүйнөлүк финансы кризисинин андан аркы терс таасир тийгизүүсүнүн тобокелдиги бар. Божомолдор боюнча дүйнөлүк экономиканын 2010-2012-жылдардагы орточо жылдык өсүш темпи 3-3,5 проценттен ашпайт, мында өнүккөн өлкөлөрдөгү өсүш темпи 1-2 процент деңгээлинде түзүлөөрү күтүлүүдө жана дүйнөлүк экономиканын өсүшүн Кытайдын, Индиянын жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн салымы кармап турат.
АКШдагы уланып жаткан кризис финансылык дүйнөлүк кризиске байланыштуу алтынга болгон жогорку баанын сакталышына (унция үчүн 850-1000 АКШ доллары деңгээлинде(4)) таасирин тийгизет.
Мунайдын дүйнөлүк баасына мониторинг жүргүзүүгө жана божомол жасоого адистешкен эл аралык агенттиктердин жана уюмдардын (АКШнын Энергетика департаменти, ОПЕК, Эл аралык валюта фонду, ошондой эле Дүйнөлүк банк жана башкалар) Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна (ЭКӨУ)(5) кирген өнүккөн өлкөлөрдө мунай чийки затына болгон сурамдын кыскаруусунун тенденциясы басымдуу кылып жаткандыгын көрсөтүүдө, ошол эле учурда мындай сурам өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жогорулоодо(6). Жалпысынан алганда, мунай чийки затына болгон дүйнөлүк сурам 2005-2007-жылдардагы орточо өсүш темпине салыштырганда 0,3 проценттик пунктка төмөндөйт жана жакынкы үч жылдын ичинде болжол менен 99,7 процентти түзөт. Мында мунайга болгон сурамдын эң көп кыскаруусу (орточо алганда 0,6 проценттик пунктка) 2009-2010-жылдарда күтүлүүдө.
Орто мөөнөттүү мезгилде мунайга болгон сурамдын кыскаруусунун күтүлүп жаткан тенденциясын эске алганда мунайга болгон дүйнөлүк баанын баррель үчүн 40-70 доллар деңгээлинде турукташуусу күтүлүүдө. Мунайга болгон баанын турукташуусуна төмөнкүдөй факторлор өбөлгө болушу мүмкүн: (1) финансы рыногундагы кырдаалдын өзгөрүүсү, (2) илимий изилдөөлөргө жана жаңы технологияларга инвестициялардын өсүүсү, (3) ошондой эле рыноктун конъюнктурасынын спекулятивдик бөлүгүнүн басаңдашы. Көмүрсуутекке болгон баанын күтүлүп жаткан турукташуусуна карабай, дүйнөлүк экономика энергия сыйымдуулукту төмөндөтүү багытына өтөт, бул энергия ресурстарын колдонуунун өсүшүнүн кыскаруусуна алып келет.
Ошону менен эле энергия алып жүрүүчүлөргө болгон баанын динамикасын божомолдоо мунай өндүрүүчү айрым өлкөлөрдөгү (Венесуэла, Ирак, Иран, Нигерия) саясий кырдаалдын белгисиздигинин факторунун таасири астында татаалданууда.
Бирок, ал тургай орто мөөнөттүү мезгилде мунайга болгон баанын турукташуусу күтүлүп жаткан шарттарда да азык-түлүк тобундагы товарларга болгон баа жогорулайт. Азык-түлүк товарларына болгон баанын өсүшү калктын санынын көбөйүшүнүн фонунда өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү сурамдын өсүшү менен улантылат. Биринчи кезекте, негизги тамак-аш азыктарына сурам жогорулайт. Ошол эле убакта дан эгиндерине болгон баанын өсүшү орто мөөнөттүү мезгилде мунайга болгон баанын турукташуусунун күтүлүп жаткандыгынан улам анчалык жогору болбойт.
Дүйнөлүк соодада түзүмдүк өзгөрүүлөр күтүлүүдө, алда өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн үлүшү көбөйөт(8). Мында сооданын абдан көп жандануусу Европа менен Азиянын ортосунда күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын экономикасына Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөш-өлкөлөрүндөгү, өзгөчө азыркы убакта экономикалык өсүш темпинин кыскаруусу байкалган Россиядагы жана Казакстандагы экономикалык өнүгүүнүн тенденциялары таасирин тийгизет. Алсак, Эл аралык валюта фондунун, көз карандысыз институттардын жана эксперттердин божомолдору боюнча Россияда нөлдүк өсүш, ал эми Казакстанда ал тургай 0,5 процентке чейин төмөндөө божомолдонууда.
Ушуга байланыштуу Россиядагы жана Казакстандагы кырдаалды эске алганда, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолдук көрсөткүчтөрүн андан аркы корректирлөө болушу мүмкүн.
Ички шарттар
Алдыдагы үч жылда күтүлүп жаткан дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн чакырыктары жана тобокелдиктери Кыргызстандын алдына ички ресурстардын потенциалын натыйжалуу жана толук пайдалануу шартын коюуда.
Суу-энергетика ресурстарындагы татаал кырдаал жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн тенденциялары электр энергиясынын, жылуулуктун жана отундун жоготууларын кыскартуунун эсебинен гана эмес, негизинен энергия үнөмдөөчү жогорку натыйжалуу технологияларды киргизүүнүн, энергияны көп талап кылган негизги фонддорду алып салууну камсыз кылуунун жана эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен өндүрүштүн энергия сыйымдуулугун төмөндөтүү боюнча чоң талаптарды коюп жатат.
2005-2007-жылдардагы мунай чийки затына болгон баанын күтүлүп жаткан төмөндөшү алтынга болгон жогорку баанын туруктуу сакталуусунун шартында өлкөнүн төлөм балансынын абалына оң таасирин тийгизүүсү керек.
Орто мөөнөттүү мезгилде гана эмес, узак мөөнөттүү мезгилде да божомолдонуп жаткан азык-түлүктүн дүйнөлүк дефицитинин шарттарында Кыргызстандын агроөнөр жай секторунун ресурстарын толугу менен иштетүү зарыл. Ошондуктан, жакынкы үч жылдын ичинде бул сектордо 2012-жылга карата тамак-аш азыктарына болгон ички муктаждыкты канааттандыруу үчүн жетиштүү болгон деңгээлде өндүрүштү көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү жагымдуу шарттар түзүлөт.
Европа менен Азиянын ортосундагы соода агымдарынын өсүү тенденциясы Кыргызстандын транзиттик потенциалын кеңейтүү үчүн пайдаланылат.
Базалык сценарий
3.2. Макроэкономикалык саясат
Тышкы жана ички шарттарды жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен ИДПнын реалдуу өсүшү орто мөөнөттүү мезгилде орточо 5,6 процент деңгээлинде божомолдонууда. Социалдык-экономикалык туруктуулук, жагымдуу инвестициялык климат, карызды азайтуу, ишкердик чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ийкемдүү саясаты жана фискалдык реформа экономиканын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү өбөлгөсү болуп калат.
2010-2012-жылдарда өлкөнүн макроэкономикалык саясаты республиканын экономикалык потенциалын күчөтүүгө жана дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен экономикалык реформаларды улантууга багытталмакчы. Тактап айтканда, реалдуу секторду өнүктүрүү, өлкөнүн экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды тартуу, эмгек, капитал, жер жана табигый ресурстар рыногунун натыйжалуу иштөөсүнө көмөктөшүү боюнча чаралар көрүлөт.
Акча-кредиттик саясаттын негизги максаты мурдагыдай эле экономикалык өсүшкө колдоо көрсөтүү зарылчылыгын эске алуу менен баанын туруктуулугун камсыз кылуу болот. Валюта курсу жаатындагы саясат баштагыдай эле валютанын өзгөрүлмө курсун кармап турууга багытталмакчы, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алмаштыруу курсунун өзгөрүүлөрүн жумшартуу үчүн интервенциялар жүргүзүлмөкчү.
Мамлекеттин бюджетинин туруктуулугу инфляциянын темпин төмөндөтүү маселесинде акча-кредиттик саясатты колдоого багыттала турган салык-кредиттик саясатты рационалдуу жүргүзүү менен камсыз болот. Инфляциялык басымды азайтуу максатында финансылык жыл ичинде бюджеттик каражаттарды бир калыпта чыгымдоо, артыкчылыгы жок чыгымдарды токтотуу саясаты улантылмакчы. Бюджеттик уюмдардын финансылык тартибин катуулатуу талап кылынат.
Экономикалык өсүш жана социалдык кепилдиктерди өз убагында финансылоо колдоого алынмакчы. Салык-бюджеттик саясаттын негизги багыты бюджеттин бириккен дефицитин кармап туруу, ошондой эле азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу болуп калат.
Инвестициялык саясат өлкөнүн инвестициялык климатын жана тикелей чет элдик инвестицияларды тартуунун жетишээрлик темпин сактоо максатында тиешелүү реформаларды жүргүзүү жана Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан инвестициялардын кризис мезгилинде кайта чыгын кетүү мүмкүндүгүн кармоого багытталмакчы. Инвестицияларды тартуу боюнча натыйжалуу институттарды түзүү иштери улантылат.
Ишкердикти өнүктүрүү чөйрөсүндө көмүскө экономиканы мыйзамдаштырууга, ишкердикти жөнгө салуунун укуктук-ченемдик базасын оптималдаштыруунун алкагында лицензиялоо-уруксат берүүчү документтердин санын кыскартууга жана ишкердик субъекттерди текшерүүнүн санын азайтууга өзгөчө басым жасалат.
Макроэкономикалык саясат Ведомстволор аралык координациялык кеңештин (мындан ары - ВКК) алкагында тиешелүү ведомстволор тарабынан чечимдерди биргелешип талкуулоо жана кабыл алуу жолу менен аныкталган макулдашылган мүнөзгө ээ болот.
ИДПнын 5,6 процент деңгээлиндеги орточо жылдык өсүшү экономиканын бардык секторлорундагы туруктуу өсүштүн эсебинен камсыз кылынат.
2-таблица.
2010-2012-жылдарга ИДПнын өсүш темпинин божомолдук көрсөткүчтөрү
┌─────────────────────┬──────────┬─────────┬──────────────────────────┐
│ Көрсөткүчтөр │2008-ж. │ 2009-ж.│Божомол (базалык сценарий)│
│ │алдын.ф. │ (күтүл.)├────────┬────────┬────────┤
│ │ │ │ 2010-ж.│2011-ж. │2012-ж. │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│ИДП колдонуудагы │ 185013,6 │ 217647,1│253962,4│294861,8│342274,3│
│баада, млн.сом │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Реалдуу өсүш темпи, %│ 107,6 │ 104,4│ 105,3│ 105,5│ 105,9│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│ИДП дефлятору, % │ 121,2 │ 112,7│ 110,8│ 110,1│ 109,6│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кумтөрдү кошпогондо │ 176598,8 │ 207853,3│243713,0│284878,8│332321,3│
│ИДП, млн. сом │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Реалдуу өсүш темпи, %│ 105,4 │ 104,1│ 105,4│ 105,8│ 106,1│
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кумтөрдү кошпогондо │ 121,4 │ 113,1│ 111,2│ 110,5│ 109,9│
│ИДП дефлятору, % │ │ │ │ │ │
└─────────────────────┴──────────┴─────────┴────────┴────────┴────────┘
Тармактык жактан алганда орто мөөнөттүү мезгилде өсүштүн орточо жылдык темпи айыл чарбасында - 102,2 процентти, өнөр жайда - 102 процентти, курулушта - 113 процентти, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 107,3 процентти түзөт.
3-таблица.
2010-2012-жылдарга реалдуу ИДПнын өсүш темпи
┌──────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬───────┬───────┐
│ Көрсөткүчтөр │2008-ж. │2009-ж. │2010-ж. │2011-ж.│2012-ж.│
│ │алдын.ф.│(күтүл.)│божомол │божомол│божомол│
├──────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼───────┤
│ИДПнын реалдуу өсүш темпи,│ 7,6 │ 4,4 │ 5,3 │ 5,5 │ 5,9 │
│(%) │ │ │ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼───────┤
│"Кумтөрдү" кошпогондо │ 5,4 │ 4,1 │ 5,4 │ 5,8 │ 6,1 │
│ИДПнын реалдуу өсүш темпи │ │ │ │ │ │
├──────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼───────┤
│Айыл чарбасы │ 0,7 │ 1,6 │ 2,0 │ 2,5 │ 2,0 │
├──────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼───────┤
│Өнөр жайы │ 16,5(9)│ 0,3 │ 3,4 │ 0,9 │ 1,8 │
├──────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼───────┤
│Курулуш │-10,8 │ 5,0 │ 10,0 │ 14,0 │ 15,0 │
├──────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼───────┤
│Кызмат көрсөтүү │ 10,7 │ 7,3 │ 7,3 │ 7,5 │ 8,1 │
└──────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴───────┴───────┘
3.3. Акча-кредиттик саясат
Орто мөөнөттүү мезгилде акча-кредиттик саясаттын негизги максаты баанын жалпы деңгээлинин туруктуу болуусуна жетишүү жана колдоо болуп эсептелет.
Инфляция маселелерин тең салмактуу акча-кредиттик саясат чечет ал бюджеттик-салык саясатынын чараларынын колдоосунда анын деңгээлин орто мөөнөттүү мезгилде бир орундуу көрсөткүчтөргө чейин түшүрүүгө багытталат.
Акча-кредиттик саясаттын максаттуу багыттары учурдагы абалды талдоонун жана жүргүзүлүп жаткан түзүмдүк реформаларды эске алуу менен экономиканы өнүктүрүүнүн божомолунун негизинде аныкталмакчы.
Банк системасы тарабынан экономиканы кредиттөөнүн көлөмү 2008-жылга салыштырганда, коммерциялык банктардын тышкы карыздарынын чоңдугу үчүн ресурстук базанын азайгандыгына байланыштуу чектелүү болушу мүмкүн.
Банктарды капиталдаштыруунун өсүшүнүн, салымдар боюнча кирешенин жогору болушунун жана орто мөөнөттүү мезгилде коммерциялык банктардын санынын көбөйүшүнүн айынан банк системасындагы депозиттик операциялардын кеңейиши күтүлүүдө, бул жалпысынан мультипликативдик натыйжанын өсүшүндө чагылдырылат.
Банк системасындагы тобокелдикти төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдөө сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын стратегиясына ылайык банк секторун андан ары өнүктүрүүнүн негизги максаты болуп, банк ишинин коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу, финансылык ортомчулуктун деңгээлинин өстүрүү, республиканын экономикасында банк секторунун ролун жогорулатуу эсептелет.
Төлөм системасынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу, экономикада накталай эмес эсептешүүнүн үлүшүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, төлөм кызмат көрсөтүүсүнүн санын жана сапатын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт.
Коммерциялык банктарга болгон ишенимди жогорулатуунун маанилүү фактору болуп депозиттерди коргоо системасы эсептелет, аны киргизүү салымчыларга (жеке жактарга) акча каражаттарынын белгилүү бир суммасын (100 миңге чейин) кайтарууга кепилдик берет.
Орто мөөнөттүү келечекте өзгөрмө алмаштыруу курсунун саясаты сакталат. Валюталык интервенциялар алмаштыруу курсунун чукул өзгөрүүлөрүн басаңдатуу үчүн зарыл болгон көлөмдө гана жүргүзүлөт.
3.4. Бюджеттик-салык саясаты
Орто мөөнөттүү келечекте салык саясатынын негизги максаты болуп анын туруктуулугу жана белгилүүлүгү; салык оордугун ырааттуу жана эсептелген түрдө төмөндөтүү; салык төлөөчүлөрдүн абийирдүүлүгүн тааныган жана алардын күнөөлүү эместигине негизделген салык системасын жөнөкөйлөтүү жана бюрократиядан арылтуу эсептелет.
Орто мөөнөттүү салык саясаты мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн өстүрүүгө багытталат.
Кыймылсыз мүлккө салык салуу маселеси экономикалык өнүгүүнүн тенденцияларын эске алуу менен жөнгө салынат, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык базасын жакшыртууга жана кыймылсыз мүлктүн реалдуу рыногун калыптандырууга мүмкүндүк түзөт. Кыймылсыз мүлк жана автотранспорт менен бүтүм түзүүдөгү акча жүгүртүүгө салык киргизилет.
Өлкөдө жалпы салык декларациясына өтүүнү ишке ашыруу, республиканын активдерин жана милдеттенмелерин чагылдырган өлкөнүн балансын иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.
2010-2012-жылдардагы бюджеттик саясаттын башкы максаты экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо болуп эсептелет.
Бюджеттин дефицити боюнча көрсөткүчтү аткаруу максатында чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн катуу контролдугу астында жүргүзүлөт.
Орто мөөнөттүү мезгилге чыгымдардын мамлекеттик саясаты финансылык-бюджеттик бириктирүүгө жана өзгөчө артыкчылыктуу чөйрөгө ресурстарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга негизделет.
Социалдык сектордо реформалар улантылып, жыйынтыгында мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамдардын даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу калктын жашоо шарты жакшыртылмакчы.
Орто мөөнөттүү мезгилде бюджеттик системанын институттарын өркүндөтүү боюнча бир катар иш-чаралар мамлекеттик кызмат системасын реформалоого, эмгекке акы төлөө системасын жана бюджеттик децентралдаштырууда ачык-айкындуулукка жетишүүгө мүмкүндүк түзөт.
3.5. Инвестициялык саясат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү. Өлкөнүн банк системасын жакшыртуу боюнча анын туруктуулугун жана бизнесмендер менен инвесторлор тарабынан ага болгон ишенимди жогорулатуу максатында өлкөнүн банк системасы өркүндөтүлөт. Бизнести жүргүзүү учурунда бюрократиялык жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга багытталган Дүйнөлүк банктын "Бизнести жүргүзүү" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын кредиттик рейтингин жакшыртуу боюнча иштер жигердүү улантылат.
Мамлекеттик ишканаларды акционердик коомго кайра түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт.
Ири ишканалардын акцияларын фонддук рынокко милдеттүү жүгүртүүгө киргизүү инвестицияларды айлантуунун зарыл инструменти болуп калат. Акционердик коом формасына өткөрүлгөн мамлекеттик ишканалардын акциялары фондулук рынокто сунуш кылынат.
Банктарды капиталдаштыруу маселесин чечүү менен алардын экономикага катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү зарыл. Өлкө тарабынан көз карандысыз кредиттик рейтингди алуу, ошондой эле инвестицияларды камсыздандыруунун кошумча институттарын киргизүү өлкөгө инвестициялардын кошумча көлөмүн тартууга мүмкүндүк берет.
Жеке бизнестин жана мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы механизмдерин киргизүү жолу менен өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртууга багытталган түп-тамырынан берки өзгөртүүлөр талап кылынат.
Мамлекеттик инвестициялар эмгектин өндүрүмдүүлүгүн, биринчи кезекте айыл чарбасында жогорулатуу маселелерин чечет. Ирригация жана ветеринария системасын мамлекеттик колдоо маселеси ушул планда чечилет.
Орто мөөнөттүү мезгилде тикелей инвестициялардын түшүүсүнүн ИДПга карата 13 процентке чейин өсүшү каралууда. Тикелей чет элдик инвестициялардын өсүшү 2010-2012-жылдарда жылына орточо 35,7 процентти түзөт.
3.6. Тышкы сектор
2010-2012-жылдарда дүйнөлүк экономиканын кризистен бара-бара чыгуусуна байланыштуу тышкы соода жүгүртүүсүнүн өсүшү күтүлүүдө, ал 2010-жылдагы 7507,3 млн. АКШ доллары суммасынан баштап 2012-жылдагы 8955 млн. долларга чейин божомолдонууда, башкача айтканда тышкы соода жүгүртүүсү 3 жылдын ичинде 19,3 процентти түзүп, анын ичинде экспорт 2010-жылдагы 2704,5 млн. АКШ долларынан баштап 2012-жылдагы 3200 млн. АКШ долларына чейин (өсүш 18,3%) өсүп, импорт 4802,8 млн. АКШ долларынан 5755 млн. АКШ долларына чейин (өсүш 19,8%) өсөт.
2010-2012-жылдарда айнекти тышкы рынокко чыгарууну көбөйтүүнүн эсебинен экспорттун орточо 22,6 процентке, цементти чыгарууну көбөйтүүнүн эсебинен 12,4 процентке, тигүү буюмдарын чыгарууну көбөйтүүнүн эсебинен 7,3 процентке, алтынды чыгаруунун эсебинен 2,5 процентке өсүшү күтүлүүдө.
Бир эле мезгилде мунай продукттарынын импорттук келип түшүүсү жылына 7,1 процентке, табигый газдыкы 9,1 процентке, жабдуулардыкы, машиналардыкы жана өнөр жай үчүн механикалык түзүлүштөрдүкү 8,9 процентке, жыгач материалдарыныкы 4 процентке, жер семирткичтердики 7,6 процентке өсүшү байкалат.
Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту орточо жылына 9,5 процентке, кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту 8,3 процентке көбөйүүсү күтүлүүдө.
4-таблица. 2010-2012-жылдарга тышкы сооданын өнүгүүсүнүн божомолу
┌────────────────────────────┬────────┬───────────────────────────────┐
│ Көрсөткүчтөр │ 2008-ж.│ Божомол │
│ │ алдын. │ │
│ │ ├───────┬───────┬───────┬───────┤
│ │ │2009-ж.│2010-ж.│2011-ж.│2012-ж.│
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Товарлардын жана кызмат │ 7367,4 │7029,7 │7507,3 │8185,1 │8955,0 │
│көрсөтүүлөрдүн тышкы соода │ │ │ │ │ │
│жүгүртүүсү │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│тиешелүү мезгилге карата │ 140,6%│ 95,4%│ 106,8%│ 109,0%│ 109,4%│
│өсүш темпи %% │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│товарлардын жана кызмат │ 2742,4 │2564,6 │2704,5 │2915,6 │3200,0 │
│көрсөтүүлөрдүн экспорту │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│тиешелүү мезгилге карата │ 135,7%│ 93,5%│ 105,5%│ 107,8%│ 109,8%│
│өсүш темпи %% │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│анын ичинде товарлардын │ 1854,0 │1765 │1865 │1980 │2150 │
│экспорту │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│тиешелүү мезгилге карата │ 138,7%│ 95,2%│ 105,7%│ 106,2%│ 108,6%│
│өсүш темпи %% │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│кызмат көрсөтүүлөрдүн │ 888,4 │ 799,6 │ 839,5 │ 935,6 │1050 │
│экспорту │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│тиешелүү мезгилге карата │ 129,8%│ 90,0%│ 105,0%│ 111,4%│ 112,2%│
│өсүш темпи %% │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│товарлардын жана кызмат │ 4625,0 │4465,1 │4802,8 │5269,5 │5755 │
│көрсөтүүлөрдүн импорту │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│тиешелүү мезгилге карата │ 143,7 │ 96,5%│ 107,6%│ 109,7%│ 109,2%│
│өсүш темпи %% │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│анын ичинде товарлардын │ 3721,5 │3650 │3950 │4330 │4720 │
│импорту │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│тиешелүү мезгилге карата │ 141,2 │ 98,0%│ 108,2%│ 109,6%│ 109,0%│
│өсүш темпи %% │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│кызмат көрсөтүүлөрдүн │ 903,5 │ 815,1 │ 852,8 │ 939,5 │1035 │
│экспорту │ │ │ │ │ │
├────────────────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│тиешелүү мезгилге карата │ 155,2%│ 90,2%│ 104,6%│ 110,2%│ 110,2%│
│өсүш темпи %% │ │ │ │ │ │
└────────────────────────────┴────────┴───────┴───────┴───────┴───────┘
2010-2012-жылдарда тышкы экономикалык иш тышкы соодалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана экспорттук потенциалды күчөтүүгө багытталат. КМШга катышкан мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтык андан ары өнүгөт, мында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Украина негизги соода өнөктөштөр болуп калат.
Чектелген ресурстук базаны жана өндүрүштүк түзүмдө энергия сыйымдуу жана ресурстук чыгымы көп технологиялардын басымдуу болушун эске алуу менен өндүрүштүк кубаттуулуктун жүктөмүн көбөйтүү өз кезегинде чийки заттын, материалдардын, комплекттөөчүлөрдүн импорттук жеткирүүлөрүнүн көбөйүшүнө алып келет. Мындан тышкары, талдоо көрсөткөндөй, республиканын импортунун орточо алганда 39 процентине баштагыдай эле республиканын региондорунун муктаждыктары үчүн импорттолуучу товарларга туура келет.
Тышкы соода ишин оптималдаштыруу максатында продукциянын ассортиментин кеңейтүү жана сапатын жакшыртуу, кыргыз товарларын эл аралык стандарттар боюнча тастыктоо, импортту алмаштырган өндүрүштү түзүү, эл аралык кызматташтыктын прогрессивдүү формаларын колдонуу, маркетингдик изилдөөлөрдү өздөштүрүү жана кеңейтүү, дилердик тармактарды өнүктүрүү, тышкы экономикалык ишке чакан жана орто бизнести тартуу жолу менен экспортерлердин чөйрөсүн кеңейтүү боюнча иштер улантылат.
Соода жол жоболорун оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөштүрүү, соода-экономикалык кызматташтыктын маселелери боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды түзүү, региондук экономикалык союздардын алкагында ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокко чыгаруу боюнча тышкы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тышкы соода ишин андан ары өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө өбөлгө болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо андан ары өнүгөт, анын түзүмүндө транспорт, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, рыноктук чарбанын инфраструктурасын тейлөө менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле интеллектуалдык, билим берүүдөгү, медицинадагы, кесиптик, туристтик жана башка кызмат көрсөтүүлөр олуттуу мааниге ээ болот. 2009-жылга салыштырганда кызмат көрсөтүүнүн экспорту 31,3 процентке, кызмат көрсөтүүнүн импорту 27 процентке көбөйүүсү божомолдонууда.
3.7. Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү
Өнөржай
2010-2012-жылдарда Кыргыз Республикасында өнөр жай саясаты ушул сектордун артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө, ошондой эле өнөр жайдын артта калып жаткан жана социалдык-маанилүү тармактарынын ишин жакшыртууга багытталат. Төмөнкүлөрдүн эсебинен өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн өсүшүнүн жылдык орточо 101,8 процент деңгээлине жетишүү каралууда:
- колдонуудагы кубаттуулуктарды натыйжалуу пайдалануу жана жүктөмүн жогорулатуунун, туруп калган ишканалардын ишин кайрадан улантуунун;
- жергиликтүү чийки затты, ресурстарды пайдаланууга жана кайра иштетүүгө жана жогорку кошумча нарктагы товарларды өндүрүүгө багытталган ишканаларды жана тармактарды өнүктүрүүнүн;
- өндүрүштүк кубаттуулуктарды киргизүүнүн жана жаңылоонун (Камбар-Ата ГЭС-1 жана 2; Бишкек ЖЭБ);
- "Кара-Кече" кенин иштетип жаткан көмүр ишканаларынын ишин турукташтыруунун жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында ата мекендик көмүрдү пайдаланууну кеңейтүүнүн;
- "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүүнүн;
- ишканаларды жаңылоо жана модернизациялоо үчүн арналган мамлекеттик кредиттердин системасын түзүүнүн, жаңы лизингдик компанияларды калыптандырууга көмөктөшүүнүн;
- тигүү бизнесин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнүн, Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жаңы ишканаларды куруу жолу менен учурдагы иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүүнүн жана кесиптик-техникалык билим берүү системасы аркылуу кадрларды даярдоонун;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча чакан цехтерди уюштуруунун эсебинен тамак-ашты кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн жана алкоголдук тармакты башкарууну жакшыртуунун, ички рынокто алкоголдук продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө жана контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүүнүн;
- негизги каражаттарга амортизациянын мөөнөттөрүн кыскартуу чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн, ошондой эле лизингдик системаны өнүктүрүүнүн;
- тышкы рыноктордо ата мекендик товарларды жылдыруунун;
- ишканалардын финансылык абалын жакшыртууга өбөлгө түзгөн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун.
Ата мекендик өнөр жайдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана инновациялык өнүктүрүү маселелери кесиптик-техникалык билим берүү системасында даярдоо жолу аркылуу квалификациялуу кадрлар менен аны камсыз кылуунун эсебинен чечилет.
2010-2012-жылдарда өнөр-жай продукцияларынын өсүш темпи 102,7-100,9-101,9 процент, анын ичинде "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо, 102,8-102,9-102,9 процент деңгээлинде болот.
5-таблица.
2010-2012-жылдарда өнөр жай өндүрүшүнүн динамикасы
┌──────────────┬───────┬──────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│Көрсөткүчтөр │ Өлч. │ 2008-ж. │ 2009-ж.│2010-ж. │2011-ж. │2012-ж. │
│ (10) │(бирд.)│(алдын.ф.)│(күтүл.)│божомол │божомол │божомол │
├──────────────┼───────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Тоо-кен өнөр │млн.сом│ 1928,2│ 2154,3│ 2735,5 │ 3001,0│ 3048,5│
│жайы │ │ │ │ │ │ │
├──────────────┼───────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 106,4│ 103,6│ 112,1 │ 106,0│ 101,2│
├──────────────┼───────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кайра иштетүү │млн.сом│ 80900,2│ 94107,9│101550,6│107590,1│114215,8│
│өнөржайы │ │ │ │ │ │ │
├──────────────┼───────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 123,6│ 100,7│ 101,7│ 100,8│ 102,2│
├──────────────┼───────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Электр │млн.сом│ 9156,1│ 11455,3│ 3159,5│ 14228,6│ 15384,9│
│энергиясын, │ │ │ │ │ │ │
│газды жана │ │ │ │ │ │ │
│сууну өндүрүү │ │ │ │ │ │ │
│жана │ │ │ │ │ │ │
│бөлүштүрүү │ │ │ │ │ │ │
├──────────────┼───────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 92,5│ 95,7│ 109,2│ 100,4│ 100,4│
└──────────────┴───────┴──────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
Божомолдонгон орто мөөнөттүү мезгилде продукциялардын көлөмүнүн өсүшү отун энергетикалык пайдалуу кендерди казып алуунун көбөйүшүнүн (114,0-106,6-100,4%), айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн (102,0-103,0-104,5%), текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн (103,8-104,8-105,8%), химиялык өндүрүштүн (113,0-115,7-122,1%), металлургия өндүрүшүнүн (103,2-99,1-102,5%), машиналарды жана жабдууларды өндүрүүнүн (101,0-102,0-103,0%), транспорттук каражаттарды жана жабдууларды (105,1-107,0-107,9%), электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүүнүн (101,0-101,8-102,3%) эсебинен ишке ашат.
Көмүр өнөр жайында өсүш инвестицияларды тартуунун негизинде "Каракече" күрөң көмүр кенин иштеп чыгуучу кубаттуулукту өнүктүрүүнүн; "Беш-Бурхан" шахтасынын экинчи кезегин пайдаланууга киргизүүнүн; учурда иштеп жаткан "Жыргалаң", "Сүлүктүкөмүр", "Сүлүктүшахтакурулуш" акционердик коомдорунун көмүр ишканаларында тоо-кен казып алуу иштерин өнүктүрүүнүн эсебинен божомолдонууда. Тармакты өнүктүрүү үчүн келечекте Көмүр ишканаларын мамлекеттен ажыратуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу зарыл.
Ички рынокту бажы-тарифтик жөнгө салуу боюнча колдонуучу коргоочу чараларды, жаңы технологияларды киргизүү, салык мыйзамдарын өркүндөтүүнүн эсебинен чыгарылуучу продукциялардын сапатын жогорулатуу айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө болот.
Текстиль өнөр жайынын өсүшүнүн темпин көбөйтүү иштеп жаткан "Касиет" АК, Бишкек кенаф фабрикасы, "Илбирс" АК ишканаларынын өндүрүш көлөмүн арттыруунун, "Кыргызжиптекс" жоопкерчилиги чектелген коом (мындан ары - ЖЧК) ишканасынын түктүү буюмдарды чыгаруу боюнча тармагын ишке киргизүүнүн, ошондой эле убактылуу токтоп турган "Тевиз" ЖЧК, "Эмгек-Берекеси" ЖЧК жана башкалардын ишин улантуунун эсебинен камсыз кылуу пландалууда.
Электр энергиясы менен тигүү ишканаларын камсыз кылууда үзгүлтүктүн болушуна, ошондой эле тигүү буюмдарына сатып алуу талабынын төмөндөшүнө байланыштуу тигүү тармагында өндүрүштүн көлөмүнүн олуттуу эмес өсүшү божомолдонууда. Божомолдонгон көрсөткүчкө жетүү үчүн иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүү жана жаңы тигүү өндүрүшүн киргизүү, тигүү технополисин түзүү, тигүү продукцияларын эл аралык рынокто жылдыруу боюнча чаралар көрүлөт.
Химиялык өндүрүш боюнча продукцияларды чыгаруу көлөмүн "КХМЗ-Астра" ЖЧКда чыгаруунун көлөмүнүн өсүшүнүн жана "Кристалл" ачык акционердик коомун (мындан ары - ААК) ишке киргизүүнүн жана "Айдаркен сымап комбинаты" ААКсынын туруктуу ишинин эсебинен жогорулатуу пландалууда.
"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын ишин жандандыруу жана 2010-жылы "Жерүй" алтын кенин пайдаланууга киргизүүнүн эсебинен металлургия өнөр жайы өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылуу күтүлүүдө.
Машиналарды жана жабдууларды өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнө ТНК "Дастан" АКнын Индияга атайын продукцияларды жеткизүү боюнча, "БШЗ" МИнин КМШга катышуучу-өлкөлөрдүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн керектөөчүлөрү менен контракттарды ишке ашыруудагы олуттуу салымдарынын эсебинен жетишүү күтүлүүдө.
Электр жана электрондук жабдуулар өндүрүшүнүн божомолдонгон өсүшү "Кайыңды мебель заводу" АКда акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу жана инвестицияларды жигердүү тартуу жолу менен негизги өндүрүштү ишке киргизүүнүн, "OREMI" АКда экспорттун көлөмүн көбөйтүүнүн, "Айнур" АКда, "Долон" ЖЧКда, "Континент" ЖЧКда эл керектөөчү товарлардын жана продукциялардын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүнүн негизинде өндүрүштү кеңейтүүнүн эсебинен жетишүү божомолдонууда.
Транспорттук жабдууларды чыгарууда өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү тракторлорду чогултуу, радиаторлорду чыгаруу өздөштүрүлгөн "Автомаш-радиатор" ЖЧКнын туруктуу ишинин эсебинен камсыз болот.
2009-жылы, ошондой эле 2010-2012-жылдарда Облустарды өнүктүрүү стратегиясында инвестицияларды тартуу менен курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканаларды куруу жана жаңылоо пландалган ("Түштүк-Кыргыз цемент" ЖАК, "Ташкөмүрцемент" ЖЧК, "Ак-Сай цемент" ЖАК, Талас цемент заводу), бул өз кезегинде пайдалуу кендерди казып алууну жандандырууга мүмкүндүк берет.
2010-2012-жылдарда керектөөчү сурамдын калыбына келгендигине жана Камбар-Ата ГЭС-1 жана 2 боюнча долбоорду ишке ашырууга байланыштуу курулуш материалдарын өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшү күтүлүүдө.
Электр энергетикасында энергетикалык компаниялардын реалдуу чыгымдарын жабуу үчүн электр энергиясына болгон тарифтердин зарыл болгон деңгээлге чейин өсүшү этап-этабы менен камсыз болмокчу.
Тажикстандын энергетика системасы менен бириктирүү жана Афганистандын жана Пакистандын электр энергия рыногуна чыгууну камсыз кылуу үчүн 500 кВ чыңалуудагы электр берүү линиясын курууга, ошондой эле Камбар-Ата-Кемин-Алматы маршруту боюнча 500 кВ чыңалуудагы электр берүү линиясын курууга тикелей инвестицияларды тартуу зарыл.
Энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу мезгилинде чарбакер субъекттердин, бардык деңгээлдеги бюджеттердин жана өлкөнүн энергетикалык секторунун ортосундагы карыздарды эсептен чыгаруу жана жоюу боюнча маселени кароо жана чечүү зарыл. Ушуну менен бирге эле бошотулган ресурстарды милдеттүү шартта энергетиканын негизги фонддорун жаңылоо максатына пайдалануу керек.
Жалпысынан өлкөдө энергия чыгымдарын төмөндөтүү жана энергия үнөмдөө боюнча чараларды иштеп чыгуу энергетиканы жана экономиканы өнүктүрүүдөгү зарыл учурлардан болуп эсептелет, бул республиканын башка энергия ресурстарына, анын ичинде көмүр-суутек чийки затына болгон көз каранды шарттарында өтө актуалдуу болуп эсептелет.
2010-жылы Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи турбоагрегатын 2009-жылдын декабрь айында пайдаланууга киргизүүнүн шартында 11,8 млрд. кВт. саат электр энергиясын иштеп чыгуу божомолдонууда. 2012-жылы 12,3 млрд. кВт саат электр энергиясын иштеп чыгуу божомолдонууда.
Квазифискалдык дефицитти (КФД) жылдык кыскартуу ИДПга карата 1,1-1,3 проценттик пункттун деңгээлинде плаидаштырылууда, ал эми электр энергиясын жоготуу деңгээлин азайтуу жылына орточо 3,2%ке күтүлүүдө.
ГЭСтин негизги булагы болуп өлкөнүн суу ресурстары эсептелет, суу ресурстары акыркы жылдарда туруксуз болуп, бул гидроэнергетика секторунун өнүгүү темпинин жайлап калуусуна алып келүүдө. Ошондуктан, ички жана тышкы мүнөздөгү проблемаларды эске алуу менен өлкөнүн суу ресурстарын рационалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу жана активдүү чараларды көрүү зарыл.
Айыл чарбасы
Агрардык сектор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана калкты жумуштуулук менен камсыз кылууда экономиканын негизги секторлорунун бири бойдон калууда. Экономиканын бул секторунда ИДПнын кошумчаланган наркынын дээрлик үчтөн бири калыптанат, бул өнөр жай ишканаларын чийки зат ресурстары, ал эми калкты тамак-аш азыктары менен камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт.
6-таблица.
2010-2012-жылдардагы айыл чарбасынын негизги көрсөткүчтөрү
┌──────────────┬────────┬────────┬─────────┬────────┬────────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр│ өлчөө │2008-ж. │2009-ж. │2010-ж. │2011-ж. │2012-ж. │
│ │бирдиги │(алдын) │(күтүл.) │божомол │божомол │божомол │
├──────────────┼────────┼────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Айыл чарбасы │млн.сом │112449,6│ 131049,4│152384,3│176811,5│202951,7│
├──────────────┼────────┼────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 100,7│ 101,6│ 102,0│ 102,5│ 102,0│
└──────────────┴────────┴────────┴─────────┴────────┴────────┴────────┘
2010-2012-жылдарда айыл чарба продукцияларынын өсүш темпи 102,0%, 102,5%, 102,0 процент чегинде белгиленүүдө жана келечекте төмөндөгү чараларды ишке ашыруунун эсебинен камсыз болмокчу.
Орто мөөнөттүү мезгилде дан эгиндердин, кант кызылчасынын, пахтанын жана тамекинин, картөшкөнүн, жашылчалардын айдоо аянттарын көбөйтүү пландаштырылууда. Бюджеттен бөлүнгөн каражатка минералдык жер семирткичтерди сатып алууга тендерлер өткөрүлөт.
Божомолдонгон мезгилде этти өндүрүүнүн өсүшү малдын жана канаттуулардын көбөйүшүнүн, үйүрлөрдү көбөйтүүнүн, алыскы жайыттарды рационалдуу пайдалануунун, ар бир айыл өкмөттөрүндө жасалма уруктандыруучу пункттары бар менчик зооветсервистерди уюштуруунун эсебинен жетишилмекчи. Сүттү өндүрүү уйлардын башын көбөйтүүнүн жана жемдердин азыктуулук касиетин жакшыртуунун эсебинен өсөт.
Мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча саясаттын чаралары ошондой эле асыл тукумдук курамды жакшыртууга багытталмакчы. Асыл тукум борборлору кайра калыбына келтирилет, ошондой эле эт багытындагы артыкчылыгы бар салттуу уяң жүндүү кой чарбачылыгы өнүктүрүлөт.
Япониянын, Кытай Эл Республикасынын Өкмөттүк гранттарынын линиясы боюнча дан эгиндерин жыйноочу комбайндардын жана тракторлордун республикага келип түшкөндөрүнүн эсебинен машина-трактордук паркты жаңылоо боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү каралып жатат, бул айыл чарба иштерин агротехникалык мөөнөттө жүргүзүүгө жана айдап себүүчү өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк түзөт.
Жер үлүштөрүнүн өлчөмдөрүн оптималдаштырууну жана аларды иштетүүдө натыйжалуулукту жогорулатууну кошкондо жердин туруктуу рыногун калыптандыруу агрардык-жер реформанын негизги багыттары болуп калат. Жерди пайдаланууда рыноктук мамилелерди өнүктүрүү тездетилмекчи. Негизги күрөөгө коюучу мүлкү жер болгон айыл жерлеринде ипотекалык кредиттөөнү киргизүү белгиленүүдө.
Мындан тышкары, минералдык жер семирткичтерге, асыл тукум малдарга, сорттуу үрөнгө, айыл чарба техникасына төлөөгө кредиттерди пайдалануу үчүн проценттик үстөктү субсидирлөөдө айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарыл.
Ушуга байланыштуу, бюджеттин кирешелеринин өсүшү менен агрардык секторго бюджеттик салым көбөйүшү керек, бул 2009-2011-жылдарда өндүрүштүн темпин аткарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Ошону менен бирге эле айыл чарбасында продукциялардын атаандаштыгынын төмөндүгү, начар инфраструктура, агротехниканын жетишкендиктерин пайдалануу деңгээлинин төмөн болушу, түшүмдүүлүктүн начардыгы, жүгүртүүдөгү каражаттын жетишсиздиги, дыйкан жана фермердик чарбалардын өздөрүнүн проблемаларын чечүүдө жана продукцияларын жылдырууда институттук мүмкүндүктөрүн пайдалануунун деңгээлинин төмөндүгү, техникалык жактан жабдуунун начардыгы жана маркетингдин өркүндөтүлбөгөндүгү сыяктуу тез арада чечүүнү талап кылган көптөгөн проблемалар бар.
Айыл чарбасындагы болуп жаткан проблемаларды ырааттуу чечүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга оң таасирин тийгизет жана импорттук продукцияга көз карандылыкты төмөндөтүүгө жардам берет.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
Орто мөөнөттүү мезгилде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө дүң чыгаруунун орточо жылдык өсүш темпи 7,5 проценттин деңгээлинде күтүлүүдө. Мындай өсүшкө соода чөйрөсүн, мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсүн, транспорт тармагын жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү өбөлгө болот.
7-таблица.
2010-2012-жылдарда кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү негизги көрсөткүчтөр
┌─────────────────┬─────┬─────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр │ Өлч.│ 2008-ж. │2009-ж. │2010-ж. │2011-ж. │2012-ж. │
│ │бирд.│(алдын.ф)│(күтүл.)│божомол │божомол │божомол │
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кызмат көрсөтүүчү│млн. │ 145216,7│174010,6│206185,1│242460,0│285609,1│
│тармактардын дүң │сом │ │ │ │ │ │
│чыгаруусу │ │ │ │ │ │ │
│(рыноктук жана │ │ │ │ │ │ │
│рыноктук эмес) │ │ │ │ │ │ │
│(11) │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 111,2│ 107,1│ 107,2│ 107,4│ 108,0│
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Соода, │млн. │ 54580,5│ 66408,1│ 79843,8│ 96049,5│116840,9│
│автомобилдерди, │сом │ │ │ │ │ │
│тиричилик │ │ │ │ │ │ │
│буюмдарын жана │ │ │ │ │ │ │
│өздүк колдонуу │ │ │ │ │ │ │
│буюмдарын оңдоо │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 109,3│ 105,8│ 106,4│ 107,6│ 109,1│
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Мейманканалар │млн. │ 6912,6│ 8250,5│ 9801,9│ 11643,5│ 13954,7│
│жана ресторандар │сом │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 112,9│ 109,0│ 109,8│ 110,5│ 111,8│
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Транспорт жана │млн. │ 30949,4│ 39637,5│ 49770,7│ 60307,7│ 72336,4│
│байланыш │сом │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 125,4│ 117,7│ 116,4│ 113,4│ 112,0│
└─────────────────┴─────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
Кызмат көрсөтүү тармактары ИДПнын түзүмүндө 2008-жылы божомол боюнча 44 процентти түздү.
2010-2012-жылы соода боюнча өсүш темпи чекене жана дүң сооданын көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен орточо 7,7 процентти, мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүчү тармактын көбөйүшүнүн жана туристтердин агымынын эсебинен орточо 10,7 процентти, транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө орточо 6,0 процентти жана байланыш кызмат көрсөтүүсүндө 24,3 проценттин чегинде түзөт.
Ушуну менен эле ишкердик субъекттерине салык салуу системасын жөнөкөйлөтүүгө жана аларды ашыкча текшерүүлөрдөн коргоого багытталган салык саясатынын чаралары кызмат көрсөтүү секторун кеңейтүүгө өбөлгө болот.
2010-2012-жылдарда кызмат көрсөтүүнүн өсүш темпин 2008-жылга салыштырганда айрым бир жайлап калуусу орто мөөнөттүү мезгилде энергия алып жүрүүчүлөргө баанын жогорулашы менен шартталат.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө туризм артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет. Туризм жаатында мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталмакчы:
- мамлекеттин кызыкчылыктарын жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү жеке өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштыруу жолу менен тармакты башкаруунун оптималдуу түзүмүн түзүү;
- чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- Кыргызстандын улуттук туристтик брендин дүйнөлүк туристтик рынокторунда жылдыруу;
- ички туризмди өнүктүрүү.
Транспорт жана байланыш кызматын көрсөтүү жаатында эл аралык маанидеги коммуникациялык магистралдарды калыптандыруу боюнча иштер улантылат.
Эл аралык транзиттик-транспорттук коридорлорду натыйжалуу пайдалануу; эл аралык транспорттук тармакка интеграция болуу; транспорттук-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү дүйнөлүк стандарттарга жакындатуу максатында темир жолдорду жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо; аба кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу транспорттук секторду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынан болуп калат.
Республиканын транспорттук тармагын өнүктүрүү максатында 3 жылдык мезгилге Автомобиль транспортун өнүктүрүү программасы иштелип чыккан, анда транспорттук кызмат көрсөтүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар каралган. Жарандык авиацияны өнүктүрүү максатында 3 жылдык мезгилге Жарандык авиацияны өнүктүрүү программасы иштелип чыкты.
Байланыш секторун өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармагын стратегиялык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы иштелип чыкты.
Глобалдык рыноктун тенденцияларын эске алып жана телекоммуникация рыногун либералдаштыруу шарттарында байланыш тармагында жөнгө салууну өркүндөтүү зарылчылыгына көңүл буруп, келечекте тармакты өнүктүрүүнүн негизги перспективалары кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жана көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана колдонуучуларга алар үчүн туура келген шарттарды тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу альтернативаларды киргизүүгө багытталмакчы.
Божомолдонгон мезгилге төмөнкүлөр пландалууда:
- республика боюнча интернет-колдонуучулардын санын көбөйтүү - 1,6 млн. адамга чейин;
- уюлдук байланыштын абоненттеринин санын көбөйтүү - 3,2 млн. адамга чейин;
- жергиликтүү телефондук байланыштын абоненттеринин санын көбөйтүү - 560 миң адамга чейин;
- жыштык спектрди натыйжалуу пайдалануу жана теле- жана радио уктуруунун программаларынын санын көбөйтүү, мамлекеттик программаларды берүүнү ишке ашыруу үчүн жетиштүү жыштык ресурс менен камсыз кылуу, берүүнүн сапатын жогорулатуу.
"Кыргыз Почтасы" мамлекеттик ишканасынын почта бөлүмдөрү тарабынан келишимдердин негизинде коммерциялык банктардын агенттери катары банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү банк системасын өнүктүрүүдө жана республикада почта инфраструктурасын жаңылоодо жакшы натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын спецификалык өзгөчөлүктөрүн жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү, анын ичинде соода чөйрөсүн, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана транспорт тармагын өнүктүрүү өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү багыттардан болуп эсептелет.
Инвестиция жана курулуш
2010-2012-жылдарда экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүдө каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга 44,8-53,2-65,9 млрд. сом инвестиция пайдаланылат.
Капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн божомолдонгон көлөмүнөн улам курулуштун өсүш темпи 2010-2012-жылдары орточо 113,0 проценттин деңгээлинде күтүлүүдө.
8-таблица.
2008-2012-жылдардагы курулуштун негизги көрсөткүчтөрү
┌──────────────┬───────────┬─────────┬────────┬───────┬───────┬───────┐
│Көрсөткүчтөр │Өлчөө бирд.│ 2008-ж. │2009-ж. │2010-ж.│2011-ж.│2012-ж.│
│ │ │(алдын.ф)│(күтүл.)│божомол│божомол│божомол│
├──────────────┼───────────┼─────────┼────────┼───────┼───────┼───────┤
│Курулуш │млн.сом │ 25170,9│ 30129,6│37351,6│47775,7│61260,4│
├──────────────┼───────────┼─────────┼────────┼───────┼───────┼───────┤
│Өсүш темпи │ % │ 89,9│ 105,0│ 110,0│ 114,0│ 115,0│
└──────────────┴───────────┴─────────┴────────┴───────┴───────┴───────┘
Ресурстардын чектелүү экенин эске алып, өлкөнүн базалык инфраструктураларын - жолдорду жана коммуникацияларды, энергетиканы, ирригацияны каржылоо жана өнүктүрүү гана колдоого алынат.
"Жерүй", "Талды-Булак сол жээк" "Андаш" алтын казуучу кендерине, энергетика объекттерине (Камбар-Ата-ГЭС-2, башка ГЭСтерди жаңылоо), Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортун реконструкциялоого, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан", "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече", "Арка (Кыргызстан) Кайраккум" (Тажикстан) темир жол магистралын курууну баштоого капиталдык салымдарды өздөштүрүү жана өндүрүү белгиленген.
Камбар-Ата-ГЭС-2нин биринчи агрегатын ишке киргизүү 2009-жылдын аягына белгиленген. "Камбар-Ата-ГЭС-1" долбоору боюнча иштер тездетилет. Электр өткөрүүчү линияларды калыбына келтирүү боюнча иштер кошо жүргүзүлөт.
Өсүш бир топ ири инвестициялык долбоорлордун көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталат. Жол куруудагы артыкчылыкка ээ болгон багыттар болуп улуттар аралык коридорлордун жолдору жана кошо жүрүүчү инфраструктуралар (Ош-Сары-Таш-Эркечтам, Түштүк региондук коридордун автожолдору, Бишкек-Нарын-Торугарт, Сары-Таш-Карамык, Каракол-Түп-Кеген, Тараз-Талас-Суусамыр, Ош-Баткен-Исфана автожолдорун калыбына келтирүү) эсептелет. Бул долбоорлор бюджеттен биринчи кезекте каржыланат.
Мындан тышкары тоо кен жана энергетикалык тармактардын, социалдык чөйрөнүн, ошондой эле турак жай курулушунун ("Жал Артис") объекттерин куруу иштери улантылат.
Курулуш чөйрөсүндө жарандардын турак жай маселесин чечүү максатында турак жай рыногунун калыптандырууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2007-жылдын 26-ноябрында № 562 "Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга турак жай курулушунун карата улуттук программасын бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынган. Турак жай курулушунун программасына ылайык турак жай фондун реалдуу көбөйтүү бүтүндөй республика боюнча 2010-жылдын аягында 68,7 млн.кв.м жалпы аянтка чейин, бир адамга орточо жалпы аянты - 12,34 кв.м. жетет.
Ишкердик
Ишкердик Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги резервдеринин бири болуп калууга тийиш, ал кыска мөөнөттүн ичинде реалдуу акчалай кирешелерди көп эсе көтөрүүгө жана калктын иш менен камсыз болуусун жогорулатууга жөндөмдүү.
Дүйнөлүк экономикадагы, ошондой эле ички экономикалык чөйрөдөгү кризистик көрүнүштөрдүн терс таасири тийген шарттарда туруктуу экономикалык өсүштү кармап туруу үчүн ишкердикке максималдуу жагымдуу шарттар талап кылынат.
Ишкердикти өнүктүрүү жана чарбалык иштин бардык катышуучулары үчүн экономикалык эркиндиктин деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүн тартипке келтирүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген жана рыноктук экономикага багытталбаган уруксат берүүчү документтердин санын кыскартуу максатында ишкердикке уруксат берүүчү ченемдик укуктук актылардын тийгизген жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү жол жобосу киргизилген жана уруксат берүүчү-жөнгө салуучу системаны оптималдаштыруу өткөрүлүүдө.
"Ишкердикти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынып, ага Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 5-апрелинде кол койду. Бул Мыйзамды ишке ашыруу максатында аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 23 жумушчу топ түзүлгөн, алардын ичинен 17си аткаруу бийлигинин органдарында, 6сы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлдү.
Ишкердикти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу алкаганда лицензиялоо-уруксат берүүчү документтердин санын кыскартууга, ишкердиктин субъекттерин текшерүүнүн санын кыскартууга, чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, көмүскө экономиканы мыйзамдаштырууга өзгөчө басым жасалат.
Акыркы жылдары финансылык жана экономикалык кыйынчылыктарга карабай, экономиканын жеке сектору ырааттуу түрдө өнүктү.
Чакан жана орто бизнестин дүң кошумча наркынын көлөмүнүн үлүштүк салмагы ИДПда 2008-жылдагы 45,3 проценттен 2012-жылда 46,5 процентке чейин көбөйөт.
2012-жылдын аягында ишкердик субъекттердин саны 11,9 миң бирдикке чейин (2008-жылы 9652 бирдик), ал эми жеке ишкерлердин саны 258,5 миң бирдикке өсөөрү күтүлүүдө. Иш менен камсыз болгондордун саны 2008-жылы 295,7 миң адамдан тартып 2012-жылы 342,7 миң адамга чейин өсөт.
9-таблица.
2010-2012-жылдарда чакан жана орто ишкердик боюнча божомолдук көрсөткүчтөр
┌─┬─────────────────────┬───────┬────────┬───────┬───────┬───────┬────┐
│ │ Индикаторлордун │2008-ж.│2009-ж. │2010-ж.│2011-ж.│2012-ж.│Өсүш│
│ │ аталышы │алдын. │(күтүл.)│божомол│божомол│божомол│ % │
├─┼─────────────────────┼───────┼────────┼───────┼───────┼───────┼────┤
│1│ЧОИнин субъекттери │62107,6│ 68437 │ 70969 │73501 │76441 │4% │
│ │өндүргөн дүң кошумча │ │ │ │ │ │ │
│ │нарк (млн.сом) │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────┼───────┼────────┼───────┼───────┼───────┼────┤
│2│ИДПга ЧОИнин дүң │ 45,3│ 45,8 │ 46 │ 46,2│ 46,5│4,4%│
│ │кошумча наркынын │ │ │ │ │ │ │
│ │үлүштүк салмагы (%) │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────┼───────┼────────┼───────┼───────┼───────┼────┤
│3│Чакан жана орто │ 9652 │10652 │11052 │11452 │11910 │4% │
│ │ишканалардын саны │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────┼───────┼────────┼───────┼───────┼───────┼────┤
│4│Жеке ишкерлер (миң │ 186,5│ 221 │ 234,8│ 248,6│ 258,5│4,1%│
│ │бирдик) │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────┼───────┼────────┼───────┼───────┼───────┼────┤
│5│ЧОИде │ 275,9│ 307,2 │ 318,7│ 330,2│ 342,4│4% │
│ │эмгектенгендердин │ │ │ │ │ │ │
│ │саны (миң адам) │ │ │ │ │ │ │
└─┴─────────────────────┴───────┴────────┴───────┴───────┴───────┴────┘
3.8. Социалдык саясаттын негизги багыттары
Жашоо деңгээли
Калктын муктаж болгон катмарларын, үй-бүлөнүн жана баалардын аз камсыз болгон, социалдык жактан аялуу категорияларын ден соолугу чектелген адамдарды, жалгыз бой жана улгайган жарандарды социалдык коргоону камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын татыктуу эмгекке болгон конституциялык укугун ишке ашырууга көмөктөшүү 2012-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп калат.
Төмөнкүлөр белгиленген артыкчылыктарга жетишүү боюнча негизги чаралар болуп эсептелет:
- "Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуунун 2010-жылга чейинки улуттук программасы" жана 2007-2010-жылдарга миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик программасы" мамлекеттик программаларын ишке ашыруу;
- минималдуу эмгек акыны системалуу түрдө жогорулатуу;
- бюджет чөйрөсүндө эмгек акыны төлөө системасын реформалоо, ал анын ийкемдүүлүгүн жогорулатууга жана эмгек салымына жана кызматкердин квалификациясына жараша эмгек акыны көбөйтүүгө багытталат;
- мамлекеттик органдардын, кесиптик уюмдардын жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы үч тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасында жашы жете элек балдардын эмгегинин эң жаман формаларын жоюу боюнча социалдык өнөктөрдүн иш-аракеттери мамлекеттик программасын ишке ашыруу;
- айына бир жолу төлөнүүчү пособиени (мындан ары - АТП) алуунун укуктуулугун жана анын өлчөмүн аныктоонун методикасын өркүндөтүү, бул пособиеге негизги товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон баа кескин жогорулаган учурда абдан муктаждар үчүн компенсациялык механизм катары колдонууга мүмкүндүк берген ийкемдүүлүктү берүү;
- жеңилдиктердин колдонуудагы системасын аларды алуучулардын санын кыскартуу багытында реформалоо жана жеңилдиктерди акчалай формага айлантууну улантуу;
- адамды жерге коюуга пособиени жогорулатуу. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдары бар үй-бүлөлөрдү колдоонун механизмин өркүндөтүү пландалууда;
- муктаж болгон жарандар жана үй-бүлөлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүнүн райондук деңгээлдеги натыйжалуу тармагын түзүү жолу менен социалдык кызмат көрсөтүү системасын реформалоо;
- пенсиянын республика боюнча орточо эмгек акынын 12 процент деңгээлиндеги өсүшүн кармап туруу үчүн пенсиянын базалык бөлүгүн системалуу түрдө көбөйтүү;
- пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн инфляцияга жана орточо эмгек акынын өсүшүнө ылайык индексациялоо;
- пенсия системасына топтомо элементтерин киргизүү, бул Кыргызстанда пенсиялык камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатуу маселелерин чечүүнүн камсыз кылган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды жана механизмдерди иштеп чыгууну билдирет.
10-таблица.
2010-2012-жылдарга божомолдонгон социалдык көрсөткүчтөр
┌─────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐
│ Көрсөткүчтөр │ Өлчөө │2008-ж.│2009-ж.│2010-ж.│2011-ж.│2012-ж.│
│ │бирдиги│алдын. │күтүл. │божомол│божомол│божомол│
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Калктын туруктуу саны│Миң │ 5276 │ 5375 │ 5450 │5525,5 │ 5601,0│
│жылдын аягында │адам │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Калктын ар бир жанына│ сом │ 3571 │ 4140 │ 4800 │5560 │ 6100 │
│МКБнын нарктык │ │ │ │ │ │ │
│чоңдугу │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│- эмгекке жарамдуу │ сом │ 3931 │ 4550 │ 5270 │6110 │ 6720 │
│калкка │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Иштегендердин бардык │ сом │5422(*)│ 6353 │ 7464 │8623 │ 9900 │
│категориясы үчүн │ │ │ │ │ │ │
│орточо айлык эмгек │ │ │ │ │ │ │
│акы │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│- реалдуу өсүш темпи │ % │ 109,2│ 102,8│ 105,8│ 105,0 │ 106,3│
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│- Эмгекке жарамдуу │ % │ 137,9│ 139,6│ 141,6│ 141,1 │ 147,3│
│калктын МКБнын │ │ │ │ │ │ │
│наркына карата % │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Калктын номиналдуу │млрд. │ 110,9│ 125 │ 141,2│ 159,4 │ 180,1│
│акчалай кирешеси │сом │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Өткөн жылдын │ % │ 120,0│ 113,0│ 111,0│ 110,0 │ 108,0│
│декабрына карата │ │ │ │ │ │ │
│КБИ % │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Өткөн жылга карата │ % │ 124,5│ 114,0│ 111,0│ 110,0│ 108,0│
│КБИ │ │ │ │ │ │ │
└─────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘
(*) чакан ишканаларды кошпогондо
Орточо айлык эмгек акынын өлчөмү 2008-жылга салыштырганда 4478 сомго көбөйүп, 2012-жылга карата 9900 сомго жетет. Минималдык керектөө бюджетинин чоңдугу 2012-жылга карата калктын ар бир жанына 6100 сомду түзөт.
Калкты социалдык жактан коргоо
Пенсиялык камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатуу, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону көбөйтүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, пенсиянын топтомо системасын киргизүү жана өнүктүрүү 2010-2012-жылдарга калкты социалдык жактан жакшыртуу боюнча иштин негизги артыкчылыктуу багыттары болуп эсептелет.
Пенсиянын топтомо системасын киргизүү менен иш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин жалпы ставкасы 2 процентке төмөндөйт жана кызматкер үчүн ставканын өлчөмү 2 процентке жогорулайт, ал пенсиянын топтомо бөлүгүн түзөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин өлчөмүн оптималдаштыруу максатында төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн алар Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча белгиленүүчү орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүнө карата кирешеге салынуучу өлчөмгө байламта кылуу жолу менен өзгөртүлөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз ыктыяры менен төлөө жолу аркылуу жарандарга камсыздандыруу стажын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген норма киргизилет.
Иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү 0,25 процент өлчөмүндө тарифти белгилөөнүн эсебинен эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча чыгымдарды каржылоо жөнүндө маселе каралат.
2010-жылы пенсиянын жогорулашы жылына (5 процент, 2011-2012-жылдарда 7 проценттен божомолдонууда.
2010-2012-жылдарда пенсиялык камсыз кылуу каржылоонун бөлүштүрүлүүчү жана топтомо принциптерин айкаштыруунун, камсыздандыруунун көп деңгээлдүү системасын өнүктүрүүнүн, камсыздалган адамдарды персоналдык каттоонун ыктыярдуу жана милдеттүү түрдөгү камсыздандыруу программаларын айкалыштыруунун негизинде түзүлөт.
Пенсиянын топтомо бөлүгү үчүн жарандардын пенсиялык топтоолору Пенсиялык топтомо фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн эсебинен жүргүзүлөт.
Пенсиялык топтомо система социалдык-экономикалык өнүгүүнүн үч сценарийинде тең киргизилет, бирок пессимисттик сценарийде аны киргизүүнүн мөөнөттөрү 2011-жылга чейин жылдырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун маалыматы боюнча 2010-2012-жылдарда камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо тиешелүү түрдө 10977,8 млн.сом, 12674,0 млн. сом, 14661,0 млн.сом суммасында божомолдонууда.
2010-жылы электр энергиясы үчүн компенсацияларды кошкондо 2009-жылга карта 115,0 процент өсүш темпи менен 2057,4 сом чегинде, 2011-жылы 2010-жылга карта 107 процент өсүш темпи менен 2223,4 сом чегинде, 2012-жылы 2011-жылга карата 107 процент деңгээлиндеги өсүш темпи менен 2403,4 сом чегинде божомолдонууда.
Билим берүү
Божомолдонгон мезгилге карата билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүдө негизги максаттар болуп төмөнкүлөр аныкталган:
- республиканын калкы үчүн билим берүүдөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн толук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү;
- билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу.
Негизги максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй негизги стратегиялар аныкталган:
- билим берүү мекемелеринин тармагын сактоо жана өнүктүрүү;
- билим берүүнү каржылоонун механизмин өркүндөтүү (минималдуу стандарттар жана ар жанга карата нормативдик каржылоо);
- билим берүүдөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын өркүндөтүү (окутуу методикасын, окуу пландарын жана программаларын);
- билим берүүнү жана окутууну өркүндөтүү (сабаттуулук деңгээли). Мындан тышкары, төмөнкүдөй маселелер чечилет:
- билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу;
- жалпы билим берүү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларына тамак берүүнү уюштуруу;
- мектептерди куруу;
- жалпы билим берүү мектептерин капиталдык жана учурдагы оңдоо.
Бул милдеттерди аткаруу тиешелүү түрдө билим берүүгө чыгымдардын көбөйүүсүн талап кылат.
Божомолдонгон мезгилде билим берүүгө кеткен чыгымдардын жылдык өсүүсү 0,3-0,5 процентти түзүүгө тийиш.
Билим берүү мекемелеринин тармагын өнүктүрүү, жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин саны божомолдонгон мезгилде билим берүүгө кеткен чыгымдардын көлөмүнө таасир тийгизүүчү негизги факторлордон болуп эсептелет.
Пландалган мезгилде билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизинде мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн программаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жатат.
Билим берүүдөгү сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу божомолдонгон мезгилде төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
- мектепке чейинки мамлекеттик мекемелердин тармагын сактоо жана мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдик формаларын өнүктүрүү;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү студенттерди гранттык колдоо жана айыл жергесинин бүтүрүүчүлөрү үчүн бюджеттик орундарга квота берүү жолу менен процесстин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Мында мектепке чейинки мамлекеттик мекемелердин тармагы туруктуу болот.
11-таблица.
2010-2012-жылдарда билим берүү чөйрөсүнүн божомолдук көрсөткүчтөрү
┌─────────────┬───────┬────────┬────────┬─────────┬─────────┬─────────┐
│ │2007-ж.│2008-ж. │2009-ж. │ 2010-ж. │ 2011-ж. │ 2012-ж. │
│ │(факт) │(факт) │(күтүл.)│(божомол)│(божомол)│(божомол)│
├─────────────┼───────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│Мектепке │ 474│ 503(*)│ 484│ 489│ 494│ 499│
│чейинки │ │ │ │ │ │ │
│мекемелердин │ │ │ │ │ │ │
│саны │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼───────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│Андагы │ 62823│68031(*)│ 63641│ 64054│ 64467│ 64880│
│балдардын │ │ │ │ │ │ │
│саны │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼───────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│Мектептердин │ 2168│ 2188│ 2208│ 2228│ 2248│ 2268│
│саны │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼───────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│Окуучулардын │1080061│ 1053668│ 1054780│ 1054150│ 1055245 │ 1055065│
│саны │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼───────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│ЖОЖдордун │ 82│ 90│ 92│ 94│ 96│ 98│
│саны │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼───────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│Студенттердин│ 43413│ 48991│ 49491│ 49791│ 50291│ 50591│
│саны │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼───────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│ЖОЖдордун │ 49│ 50│ 50│ 50│ 50│ 50│
│саны │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼───────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│Студенттердин│ 250460│ 243028│ 245120│ 244320│ 252650│ 253465│
│саны │ │ │ │ │ │ │
└─────────────┴───────┴────────┴────────┴─────────┴─────────┴─────────┘
(*) алдын ала маалыматтар боюнча
Божомолдонгон мезгилде жалпы билим берүү мектептеринин жана орто кесиптик окуу жайларынын жылдык өсүшү белгиленүүдө. Божомолдонгон мезгилде бул тенденция орто звенодогу адистерге болгон талаптардан улам сакталат.
Божомолдонгон мезгилде Кыргызстандын ЖОЖдорунун Болон процессине кирүүсү боюнча иштер улантылат. ЖОЖдордо аралыктан билим берүү, Кыргыз Республикасынын Педагогикалык үзгүлтүксүз билим берүү программасы, Инженердик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы жана Маалыматтык компьютердик технологияларды колдонуунун негизинде адамдык ресурстарды өнүктүрүү концепциясы андан ары өнүгөт.
Саламаттык сактоо
Мамлекеттик чыгымдардын түзүмүндө саламаттык сактоону мамлекеттик каржылоонун үлүшү 2005-жылдагы 10,4 проценттен баштап 2010-жылдагы 13 процентке чейин жылдык көбөйтүүнүн шарттарында саламаттык сактоону реформалоо боюнча "Манас таалими" улуттук программасын ишке ашыруу саламаттык сактоодо кепилдик берилген социалдык стандартты камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мунун өзү бюджетти 100 процент аткарылганда гана мүмкүн болот. Бул чаралар өзгөчө айыл жергесиндеги калк үчүн сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда медициналык кызматкерлер үчүн дем берет. Бардык көрүлүүчү чаралар калк үчүн финансылык оорчулуктун төмөндөшүнө жана калктын ден соолугунун абалын жакшыртууга алып келет.
Баштапкы саламаттык сактоону андан ары күчөтүү фельдшердик-акушердик пункттардын, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана медициналык тез жардам кызматынын потенциалын күчөтүүгө өзгөчө басым жасоо аркылуу жүргүзүлөт.
2010-2012-жылдарда саламаттык сактоо тармагында төмөнкүлөр боюнча чаралар көрүлөт:
- медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүн кошкондо, адистештирилген жардамды көрсөтүүнү жана медициналык кызмат көрсөтүүнү жөнгө салууну оптималдаштыруу;
- ички мекемелик менеджменттин натыйжалуу механизмдерин киргизүү, далилдүү медициналык принциптерин, рационалдуу фармацевттик менеджментти жылдыруу, лабораториялык кызматты күчөтүү, ички ооруканалык инфекциялар жана медициналык калдыктарды башкаруу жолу менен кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу;
- Миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жетүүгө, коомдук саламаттык сактоонун ролун күчөтүүгө, коомчулукту, өкмөттүк эмес уюмдарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жигердүү тартуу менен ден соолуктун маданиятын калыптандырууга саламаттык сактоону багыттоо;
- өзгөчө айыл жергесинде медициналык кадрларды бекитүү механизмдери аркылуу окуу жайларына жана программаларга аккредиттелген талаптарды жогорулатуунун жолу менен дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу;
- коомдук саламаттык сактоонун ролун күчөтүү;
- саламаттык сактоо системасында рыноктук мамилелерди өнүктүрүү, медициналык кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик эмес секторун өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун өзгөртүп кайра түзүүнү аяктоо.
12-таблица.
Кыргыз Республикасынын 2008-2011-жылдарга саламаттык сактоону реформалоонун "Манас таалими" улуттук программасынын индикаторлорунун божомолдук пакеттери
┌─┬────────────────────────────┬────────┬─────────┬─────────┬─────────┐
│ │ Индикаторлор │2008-ж. │ 2009-ж. │ 2010-ж. │ 2011-ж. │
│ │ │(күтүл.)│(божомол)│(божомол)│(божомол)│
├─┼────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│1│Ымыркайлардын өлүмүнүн │ 27,1 │ 37,1 │ 37,0 │ 36,9 │
│ │көрсөткүчү (1000 тирүү │ │ │ │ │
│ │төрөлгөн ымыркайга) │ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│2│Балдардын өлүмүнүн │ 31,2 │ 42 │ 41,8 │ 41,0 │
│ │көрсөткүчү (5 жашка чейин) │ │ │ │ │
│ │(1000 тирүү төрөлгөн │ │ │ │ │
│ │ымыркайга) │ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│3│Энелердин (аялдардын) │ 55,0 │ 68,0 │ 67,0 │ 66,0 │
│ │өлүмүнүн көрсөткүчү 100,000 │ │ │ │ │
│ │тирүү төрөлгөн ымыркайга │ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│4│Кургак учук менен │ 102,7 │ 105,8 │ 103,2 │ 100,7 │
│ │ооругандардын азайышы │ │ │ │ │
│ │100000 калкка │ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│5│Ыктыярдуу түрдө консультация│ 50% │ 65 │ 80 │ 80 │
│ │алган жана ВИЧ-инфекцияга │ │ │ │ │
│ │тестирлөөдөн өткөн кош │ │ │ │ │
│ │бойлуу аялдардын үлүшү │ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│6│ВИЧ-инфекцияланган балдардын│ 70 │ 75 │ 80 │ 85 │
│ │жана эрезеге жеткен │ │ │ │ │
│ │адамдардын үлүшү, алар │ │ │ │ │
│ │алынган маалымат боюнча оору│ │ │ │ │
│ │башталгандан 12 айдан кийин │ │ │ │ │
│ │антиретровпрустук │ │ │ │ │
│ │дарыланууну алып, тирүү │ │ │ │ │
│ │калышкан │ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│7│Эрезеге жеткен адамдардын │ 60,3 │ 60,1 │ 59,0 │ 58,9 │
│ │топторунун арасында │ (30-39)│ 346,2 │ 343,7 │ 343,5 │
│ │жүрөк-кан тамыр ооруларынан │ 346,4 │ │ │ │
│ │өлгөндөрдүн көрсөткүчү │ (40-59)│ │ │ │
│ │(30-39 жаш; 40-59 жаш) │ │ │ │ │
│ │100 миң калкка(1) │ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│8│1 жашка чейинкилерди │ 95 │ 95,5 │ 95,6 │ 97,0 │
│ │иммундаштыруунун толуктугу │ │ │ │ │
│ │(кептөөр, көк жөтөл, сенек, │ │ │ │ │
│ │кызамык, гепатит В, │ │ │ │ │
│ │полиомиелит, кызылча, │ │ │ │ │
│ │свинка) │ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│9│Мамлекеттик каржылоонун │ 11,4% │ 12,4% │ 13,0% │ 13,0дөн│
│ │көбөйүшү 2008-жылы 11,2 % │ │ │ │ төмөн │
│ │ │ │ │ │ эмес │
└─┴────────────────────────────┴────────┴─────────┴─────────┴─────────┘
(1) 2008-ж. (күтүл.) графада 2007-жыл үчүн маалыматтар келтирилген. 2008-жыл үчүн маалыматтар кийин алынат.
3.9. Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү божомолунун оптимисттик сценарийи
Оптимисттик сценарий ата мекендик бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн салыштырмалуу жакшыртууга, жогорку инвестициялык активдүүлүктү сактоого жана бир катар ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, банк системасын туруктуу өнүктүрүүгө жана экономиканын өсүшүндө анын салымын жогорулатууга багытталат. ИДПнын өсүш темпи 2010-2012-жылдарда орточо 7,4 проценттин деңгээлинде божомолдонууда. Бул сценарий дүйнөлүк экономикалык конъюнктуранын жана өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын жакшырышын болжолдойт.
Мындан тышкары, инновациялык багыттарга, саламаттык сактоого жана экономиканын реалдуу секторунун артыкчылыктуу багыттарына кеткен чыгымдын көбөйүшү каралууда, бул экономиканын учурдагы өсүш темпине гана эмес, экономикалык өсүштүн сапатына жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүнүн инновациялык тибине которулуусуна таасирин тийгизет.
13-таблица.
2010-2012-жылдарда ИДПнын жана экономиканын тармактарынын өсүш темптеринин божомолдук көрсөткүчтөрү
┌───────────────────┬────────┬─────────┬──────────────────────────────┐
│ Көрсөткүчтөр │2008-ж. │ 2009-ж. │Божомол (оптимисттик сценарий)│
│ │алдын.ф.│(күтүл.) │ │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┬─────────┬─────────┤
│ │ │ │ 2010-ж. │ 2011-ж. │ 2012-ж. │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│ИДП колдонуудагы │185013,6│ 219767,5│ 258254,0 │301702,4 │352561,3 │
│баада, млн. сом │ │ │ │ │ │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│Реалдуу өсүш темпи,│ 107,6│ 106,3│ 107,1 │ 107,2 │ 107,9 │
│% │ │ │ │ │ │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│ИДПнын дефлятору, %│ 121,2│ 111,7│ 109,7 │ 109,0 │ 108,3 │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│Кумтөр ишканаларын │176598,8│ 209904,7│ 247784,5 │291641,2 │342630,6 │
│кошпогондо, ИДП │ │ │ │ │ │
│млн. сом │ │ │ │ │ │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│Реалдуу өсүш темпи,│ 105,4│ 106,0│ 107,2 │ 107,7 │ 108,2 │
│% │ │ │ │ │ │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│Кумтөр ишканаларын │ 121,4│ 112,1│ 110,1 │ 109,3 │ 108,5 │
│кошпогондо, ИДПнын │ │ │ │ │ │
│дефлятору, % │ │ │ │ │ │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│Экономиканын │ │ │ │ │ │
│тармактарындагы │ │ │ │ │ │
│өсүш темпи, % │ │ │ │ │ │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│Айыл чарба │ 0,7│ 2,5│ 3,0 │ 3,5 │ 3,0 │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│Өнөр жай │ 16,5│ 4,3│ 5,6 │ 3,2 │ 4,6 │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│Курулуш │ -10,8│ 10,0│ 16,0 │ 20,0 │ 25,0 │
├───────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┤
│Кызмат көрсөтүү │ 10,7│ 8,9│ 9,2 │ 9,3 │ 9,9 │
└───────────────────┴────────┴─────────┴──────────┴─────────┴─────────┘
Тармактык кесилиште орточо жылдык өсүш темпи орто мөөнөттүү мезгилде айыл чарбасында - 103,2 процентти, өнөр жайында - 104,5 процентти, курулушта - 120,3 процентти, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 109,5 процентти түзөт.
2010-2012-жылдарда тышкы соода жүгүртүүнүн өсүшү орточо 8 процентке байкалат, анын ичинде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту - 9,6 процентти, ал эми товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту - 7 процентти түзөт.
2010-2012-жылдарда экспорттун көлөмүнүн өсүшү алтынды экспорттоонун өсүшүнүн эсебинен орточо 2,9 процентке күтүлүүдө.
Мындан тышкары экспорттун өсүшү экспорттун салттуу статьяларынан тамеки орточо 13,4 процентке, пахта 0,5 процентке, жашылчалар жана жемиштер 13,8 процентке, чыңалуу лампалары 1,1 процентке, цемент 14,3 процентке, кийимдер 8,0 процентке байкалмакчы.
Мунай жана мунай продукттарынын импортунун өсүшү орточо 11,2 процентке, жаратылыш газы - 5,4 процентке, көмүр - 12,6 процентке, жыгач материалдары - 3,8 процентке, каучук, резина жана андан жасалган буюмдар - 2,7 процентке, машиналар, жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр 11,3 процентке божомолдонууда.
14-таблица.
2010-2012-жылдарда тышкы сооданын божомолу
┌─────────────────────┬───────┬───────────────────────────────────────┐
│ Көрсөткүчтөр │2008-ж.│ Божомол │
│ │алдын. ├────────┬─────────┬─────────┬──────────┤
│ │ │2009-ж. │ 2010-ж. │ 2011-ж. │ 2012-ж. │
│ │ │күтүл. │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│Товарлардын жана │7367,4 │ 7910,6 │ 8598,0 │ 9245,0 │ 9960,0 │
│кызмат көрсөтүүлөрдүн│ │ │ │ │ │
│тышкы соода │ │ │ │ │ │
│жүгүртүүсү │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│тиешелүү мөөнөттөгү │ 140,6%│ 107,4%│ 108,7%│ 107,5% │ 107,7% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│Товарлардын жана │2742,4 │ 2845,6 │ 3050,0 │ 3365,0 │ 3750,0 │
│кызмат көрсөтүүлөрдүн│ │ │ │ │ │
│экспорту │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│тиешелүү мөөнөттөгү │ 135,7%│ 103,8%│ 107,2%│ 110,3% │ 111,4% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│анын ичинде │1854,0 │ 1950 │ 2110 │23451 │ 2620 │
│товарлардын экспорту │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│тиешелүү мөөнөттөгү │ 138,7%│ 105,2%│ 108,2%│ 111,1% │ 111,7% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│кызмат көрсөтүүлөрдүн│ 888,4 │ 895,6 │ 940 │ 1020 │ 1130 │
│экспорту │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│тиешелүү мөөнөттөгү │ 129,8%│ 100,8%│ 105,0%│ 108,5% │ 110,8% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│товарлардын жана │4625,0 │ 5065,0 │ 5548,0 │ 5880,0 │ 6210,0 │
│кызмат көрсөтүүлөрдүн│ │ │ │ │ │
│импорту │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│тиешелүү мөөнөттөгү │ 143,7 │ 109,5%│ 109,5%│ 106,0% │ 105,6% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│анын ичинде │3721,5 │ 4110 │ 4550 │ 4790 │ 5020 │
│товарлардын импорту │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│тиешелүү мөөнөттөгү │ 141,2 │ 110,4%│ 110,7%│ 105,3% │ 104,8% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│кызмат көрсөтүүлөрдүн│ 903,5 │ 955 │ 998 │ 1090 │ 1190 │
│импорту │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼───────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│тиешелүү мөөнөттөгү │ 155,2%│ 105,7%│ 104,5%│ 109,2% │ 109,2% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
└─────────────────────┴───────┴────────┴─────────┴─────────┴──────────┘
Өнөр жай
2010-2012-жылдарда өнөр жай өндүрүшүнүн өсүш темпи 104,4 процент деңгээлинде күтүлүүдө. 2010-2012-жылдарда өнөр жайдын өсүшүн тездетүү негизинен өнөр жайдын тоо-кен казып алуу жана иштетүүчү тармактарында өсүш темпин жогорулатуу менен аныкталат.
15-таблица.
2008-2012-жылдарда өнөр жай өндүрүшүнүн динамикасы
┌─────────────────┬─────┬─────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр │Өлч. │ 2008-ж. │ 2009-ж.│2010-ж. │2011-ж. │2012-ж. │
│ │бирд.│(алдын.ф)│(күтүл.)│божомол │божомол │божомол │
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Тоо-кен өнөр жайы│Млн. │ 1928,2│ 2247,6│ 2729,8│ 3062,9│ 3350,3│
│ │сом │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 106,4│ 109,8│ 110,9│ 107,5│ 109,0│
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кайра иштетүү │Млн. │ 80900,2│ 96580,8│106111,5│114411,3│124123,0│
│өнөр жайы │сом │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 123,6│ 104,9│ 104,6│ 103,3│ 104,9│
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Электр │Млн. │ 9156,1│ 11613,8│ 13317,9│ 14322,4│ 15547,4│
│энергиясын, газды│сом │ │ │ │ │ │
│жана сууну │ │ │ │ │ │ │
│өндүрүү жана │ │ │ │ │ │ │
│бөлүштүрүү │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 92,5│ 100,2│ 109,2│ 102,1│ 102,6│
└─────────────────┴─────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
Орто мөөнөттүү мезгилде өсүштүн жогорку темпи текстиль жана тигүү буюмдарынын өндүрүшүндө (орточо 108,4%), булгаары, булгаарыдан жасалган буюмдар (109,3), кокс, мунай продукттары жана ядролук материалдар (116,9%), химия өндүрүшүндө (125,3%), жана металлургия өндүрүшүндө (102,7%) божомолдонууда.
Божомолдун оптимисттик сценарийи төмөнкү негизги иш-чаралар жана чаралардын эсебинен камсыз болушу мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жайын 2015-жылга чейинки мезгилде өнүктүрүү жана аны 2009-2012-жылдарда ишке ашыруу программасын 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактыруу;
- көмүрдүн запасы 150 млн. тоннадан ашкан Кара-Кече кениндеги "Борбордук" участогун инвесторлор тарабынан интенсивдүү өздөштүрүү;
- "Кара-Кече" кенин ачык ыкмада үнөмдүү иштетүүнү көмүр казып алуунун көлөмүн 300 миң тоннага чейин жеткирүү менен өнүктүрүү;
- Жалал-Абад облусундагы "Көгарт" жана "Майлуу-Суу IV" кендеринде "Газпром" ачык акционердик коому тарабынан мунай жана газды кошо өндүрүп алуунун жаңы натыйжалуу чектерин ачуу;
- Баткен облусунун Арка жана Бурганды массивдеринде "Чжуннен" (Кытай) компаниясы тарабынан мунай жана газды кошо өндүрүп алуунун жаңы жемиштүү чектерин ачуу;
- "Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы" ачык акционердик коомунда офсеттик өндүрүштү ишке киргизүү;
- алюкобонд өндүрүшүн кайрадан улантуу жана "Алтын-Ажыдаар" жоопкерчилиги чектелген коомдо чыңалтылган айнекти өндүрүү линиясын ишке киргизүү;
- чыгарылган продукциялардын түрүн жана көлөмүн көбөйтүү менен Жалал-Абад МИЗде (100 миң тонна) колдонулган технологиялык жабдууларды жаңыртуу жана жаңылоо;
- Баткен облусунун Лейлек районундагы МИЗди (200 миң тонна) ишке киргизүү жана "Кемин МИЗ" (80 миң тонна) жоопкерчилиги чектелген коом компаниясы тарабынан мурдагы "Восток" биргелешкен ишканасынын өндүрүшүн калыбына келтирүү;
- курулуш материалдарын чыгаруу боюнча жаңы кубаттуулуктарды киргизүү боюнча инвестицияларды ийгиликтүү өздөштүрүү: "Түштүк-Кыргыз Цемент" жабык акционердик коому, кубаттуулугу жылына 1,0 млн. тонна цемент, "Ак-Сай Цемент" кубаттуулугу жылына 1,8 млн. тонна цемент жана 185 млн. шарттуу такта шиферди берет;
- "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомунун, "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомдун, "Курулуш материалдарынын түштүк комбинатынын" долбоордук кубаттуулугуна чыгуу;
- "Андаш" алтын кенин пайдаланууга киргизүү;
- Казакстан Республикасына трактордун чиркегичтерин ("Кыргыз автожыйноочу заводу" акционердик коому), араа чынжырларын Россия Федерациясына ("Кызыл-Кыя машина заводу"АКсы) экспорттук жеткирүүлөрдү, "Тула патрон заводу" АКсы (Россия Федерациясы) үчүн автоматтык ротордук линияларды оңдоо, жаңылоо жана жасоо боюнча "Бишкек машина куруу заводу" акционердик коомунун жана "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын экспорттук кызмат көрсөтүүсүн көбөйтүү;
- "БМЗ" ачык акционердик коомунда диоддук жарык берүүчү тышкы жарык берүүчү чырактарды сериялык түрдө чыгарууну өздөштүрүү;
- "Кайыңды кабель заводу" акционердик коомунун негизги өндүрүшүн ишке киргизүү жана турукташтыруу.
Айыл чарбасы
2010-2012-жылдарда айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн өсүшү 103,2 процент чегинде божомолдонууда. Өсүмдүк өстүрүүдө айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн өсүш темпине дан эгиндеринин, тамекинин, пахтанын, кант кызылчасынын, май чыгаруучу өсүмдүктөрдүн жана жашылчалардын айдоо аянттарын көбөйтүүнүн эсебинен жетишүү жана өстүрүлүп жаткан өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу божомолдонууда.
16-таблица.
2008-2012-жылдарда айыл чарбасынын негизги көрсөткүчтөрү
┌──────────────┬───────┬─────────┬────────┬────────┬────────┬─────────┐
│ Көрсөткүчтөр │ Өлчөө │ 2008-ж. │2009-ж. │ 2010-ж.│2011-ж. │ 2012-ж. │
│ │бирдиги│(алдын.ф)│(күтүл.)│ божомол│божомол │ божомол │
├──────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼─────────┤
│Айыл чарба │млн.сом│ 112449,6│130827,0│151595,9│175416,2│ 199709,8│
├──────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼─────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 100,7│ 102,5│ 103,0│ 103,5│ 103,0│
└──────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴─────────┘
Өсүштүн каралган темпине жетүү үчүн тармактарды кайрадан техникалык жактан жабдуу, каналдардын курулушуна бюджеттен каражатты бөлүүнү жакшыртуу, сугат жерлеринин аянтын көбөйтүүгө мүмкүндүк берген өндүрүштүн агротехникасын жакшыртуу, агротехникалык мөөнөттө айыл чарба иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү машина-трактордук паркты толуктоо жана өстүрүлүүчү өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу зарыл.
Мал чарбачылыгында этти өндүрүүнүн өсүшү малдын жана канаттуулардын санынын өстүрүүнүн, асыл тукум малдардын генофондун жакшыртуунун жана үйүрлөрдү көбөйтүүнүн, алыскы жайыттарды үнөмдүү пайдалануунун эсебинен жетишилмекчи. Сүттү өндүрүү уйдун санын көбөйтүүнүн жана жемдин азыктуулугунун сапатын жакшыртуунун эсебинен өсөт.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
2010-2012-жылдарда кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өсүштүн орточо жылдык темпи божомолдун оптимисттик сценарийи боюнча 109,7 процент деңгээлинде күтүлүүдө. Мындай өсүшкө соода чөйрөсүнүн өнүгүүсү, мында өсүш темпи орточо 108,0 процент деңгээлинде божомолдонууда, мейманканалардын жана ресторандардын 111,6 процент өсүш темпи менен, транспорттун 7.7 процент, байланыштын 132,0 процент өнүгүүсү өбөлгө болот.
17-таблица.
2008-2012-жылдарда кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн негизги көрсөткүчтөрү
┌───────────────┬─────┬──────────┬─────────┬────────┬────────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр │Өлч. │ 2008-ж. │ 2009-ж. │2010-ж. │2011-ж. │2012-ж. │
│ │бирд.│(алдын.ф) │(күтүл.) │божомол │божомол │божомол │
├───────────────┼─────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кызмат │ Млн.│ 145216,7│ 176257,6│211630,2│251950,9│300246,9│
│көрсөтүүчү │ сом │ │ │ │ │ │
│тармактардын │ │ │ │ │ │ │
│дүң чыгаруусу │ │ │ │ │ │ │
│(рыноктук жана │ │ │ │ │ │ │
│рыноктук эмес) │ │ │ │ │ │ │
│(12) │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼─────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 111,2│ 109,1│ 109,5│ 109,6│ 110,1│
├───────────────┼─────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Соода, │Млн. │ 54580,5│ 66798,3│ 80476,1│ 97166,9│118416,9│
│автомобилдерди,│сом │ │ │ │ │ │
│тиричилик │ │ │ │ │ │ │
│буюмдарын жана │ │ │ │ │ │ │
│өздүк │ │ │ │ │ │ │
│колдонуучу │ │ │ │ │ │ │
│буюмдарды оңдоо│ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼─────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 109,3│ 106,7│ 106,9│ 107,9│ 109,3│
├───────────────┼─────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Мейманканалар │Млн. │ 6912,6│ 8324,8│ 9979,5│ 11906,9│ 14333,0│
│жана │сом │ │ │ │ │ │
│ресторандар │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼─────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 112,9│ 111,2│ 111,1│ 111,3│ 112,5│
├───────────────┼─────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Транспорт жана │Млн. │ 30949,4│ 40244,4│ 51672,8│ 63905,3│ 78178,1│
│байланыш │сом │ │ │ │ │ │
├───────────────┼─────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 125,4│ 121,0│ 120,8│ 118,1│ 116,7│
└───────────────┴─────┴──────────┴─────────┴────────┴────────┴────────┘
(12) "Кызмат көрсөтүүлөр" деген көрсөткүчтүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин методикасына ылайык берилген.
Кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрлөрүн өнүктүрүү жана калктын жашоо турмушун жогорулатуу, соода, транспорт жана байланыш кызматы тармактарын өнүктүрүүгө кошумча инвестицияларды тартуунун эсебинен керектөөчүлүк сурамдын өсүш темпин көбөйтүү болжолдонууда.
Кызмат көрсөтүүнүн өсүш темпин көбөйтүү төмөнкүлөрдүн эсебинен божомолдонууда:
- заманбап технологияларды киргизүү, жабдууларды жаңылоо, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө заманбап тармактарды куруу жана түзүү жолу менен сектордун инвестициялык жагымдуулугун колдоонун;
- соода жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө инвестициялардын көлөмүн өстүрүүнүн;
- эл аралык уюмдар жана инвесторлор менен иш жүргүзүүнү оптималдаштыруу аркылуу алдыңкы технологияларды киргизүүнүн;
- туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында экономиканын инфраструктурасын жаңылоонун;
- автоматташтыруунун деңгээлин жогорулатуунун;
- кызмат көрсөтүүнүн заманбап түрлөрүн киргизүүнүн;
- почта байланышынын инфраструктурасын жаңылоонун, бул почта объекттерин кайрадан оңдоону жана техникалык жабдууну, почта менен жөнөтүүлөрдү жеткирүүнүн ылдамдыгын, ишенимдүүлүгүн, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында логистиканы өркүндөтүүнү билдирет.
Инвестициялар жана курулуш
2010-2012-жылдары экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө финансылоонун бардык булактары боюнча негизги капиталга ылайык 47,6-60,2-80,0 млрд. сом инвестиция пайдаланылмакчы.
"Жерүй", "Талды-Булак сол жээк" алтын кендеринде, энергетика объекттеринде (Камбар-Ата ГЭС-1 жана 2, башка ГЭСтерди жаңылоо), Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортун реконструкциялоо, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан", "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече", "Арка (Кыргызстан)-Кайраккум" (Тажикстан) темир жол магистралынын курулушунун башталышына капиталдык салымдарды өздөштүрүү белгиленген.
Капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн божомолдонгон көлөмүнөн улам курулуштун өсүш темпи 2010-2012-жылдарда орточо 113,0 проценттин деңгээлинде күтүлүүдө.
18-таблица.
2008-2012-жылдарда курулуштун негизги көрсөткүчтөрү
┌───────────────┬─────┬──────────┬─────────┬────────┬────────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр │Өлч. │ 2008-ж. │ 2009-ж. │2010-ж. │2011-ж. │2012-ж. │
│ │бирд.│(алдын.ф) │(күтүл.) │божомол │божомол │божомол │
├───────────────┼─────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Курулуш │Млн. │ 25170,9│ 31342,8│ 40720,6│ 54386,4│ 75121,2│
│ │сом │ │ │ │ │ │
├───────────────┼─────┼──────────┼─────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 89,9│ 110,0│ 116,0│ 120,0│ 125,0│
└───────────────┴─────┴──────────┴─────────┴────────┴────────┴────────┘
Оптимисттик сценарий боюнча божомолдук көрсөткүчтөр төмөнкү иш-чаралардын жана чаралардын эсебинен камсыз болушу мүмкүн:
- ушул максатка каралган бюджеттик каражатты өз учурунда бөлүүнүн жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүүнүн;
- пландалган иштердин участокторун инвесторлор тарабынан интенсивдүү өздөштүрүүнүн;
- негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдүн экономикасындагы абалдын жакшыруусунун;
- кубаттуулугу жылына 1,0 млн. тонна цемент болгон "Түштүк-Кыргыз-Цемент" жоопкерчилиги чектелген коомунда жана кубаттуулугу жылына 1,8 млн. тонна цемент жана 185 млн. шарттуу такта шифер болгон "Ак-Сай Цемент" жоопкерчилиги чектелген коомунда курулуш материалдарын чыгарууда жаңы кубаттуулукту киргизүү боюнча инвестицияларды ийгиликтүү өздөштүрүүнүн;
- "Алтын-Ажыдаар" жоопкерчилиги чектелген коомунда чыңалтылган айнектин өндүрүш линиясын ишке киргизүүнүн жана алюкобондду өндүрүүнү кайрадан улантуунун;
- "Күрмөнтүцемент" ачык акционердик коомунун, "ТехноЛин" жоопкерчилиги чектелген коомунун, Курулуш материалдарынын түштүк комбинаты сыяктуу каралбай калган ишканалардын долбоордук кубаттуулукка чыгуусунун.
Ишкердик
Чакан жана орто ишкердикти Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасында 2010-2012-жылдарга ишкердикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу зарыл.
Бул Ишкердикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн негиз болуп эсептелет.
Ишкердикте чакан жана орто бизнестин кошумча дүң наркынын ИДПдагы үлүштүк салмагы 2008-жылдагы 45,3 проценттен баштап 2012-жылдагы 47,0 процентке чейин көбөйөт.
2012-жылдын аягында ишкердик субъекттердин санын 14,0 миң бирдикке көбөйтүү күтүлүүдө, жеке ишкерлердин саны 2012-жылы 267,3 миң бирдикти түзөт. ЧОИде жумуш менен камсыз болгон адамдардын саны 2008-жылдагы 275,9 миң адамдан 2012-жылы 371,3 миң адамга чейин өсөт.
19-таблица.
2010-2012-жылдарда чакан жана орто ишкердик боюнча божомолдук көрсөткүчтөрү
┌─┬──────────────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬───────┬────┐
│ │ Индикаторлордун │2008-ж. │2009-ж. │2010-ж. │2011-ж. │2012-ж.│Өсүш│
│ │ аталышы │алдын. │божомол │божомол │божомол │божомол│ % │
├─┼──────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼────┤
│1│ЧОИ субъекттери │ 62107,6│ 73501 │ 78565 │ 83629 │90319 │8% │
│ │өндүргөн кошумча │ │ │ │ │ │ │
│ │дүң нарк (млн.сом)│ │ │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼────┤
│2│ЧОИнин кошумча дүң│ 45,3│ 46 │ 46,3│ 46,6│ 47 │6,5%│
│ │наркынын ИДПдагы │ │ │ │ │ │ │
│ │үлүштүк салмагы │ │ │ │ │ │ │
│ │(%) │ │ │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼────┤
│3│Чакан жана орто │ 9652 │ 11548 │ 12396 │ 13244 │14025 │5,9%│
│ │ишканалардын саны │ │ │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼────┤
│4│Жеке ишкерлер (миң│ 186,5│ 222 │ 235,8│ 249,6│ 267,3│7,1%│
│ │адам) │ │ │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼────┤
│5│ЧОИде │ 275,9│ 317,6│ 334,3│ 351 │ 371,3│5,8%│
│ │иштегендердин саны│ │ │ │ │ │ │
│ │(миң адам) │ │ │ │ │ │ │
└─┴──────────────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴───────┴────┘
Социалдык чөйрө
2010-2012-жылдарда өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясын, Кыргыз Республикасынын эмгек рыногуна 2009-жылы дүйнөлүк кризистин таасирин минималдаштыруу боюнча программасын ийгиликтүү ишке ашыруунун натыйжасында калктын жумуш менен камсыз болуусун жана эмгек ресурстарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн, турмуш шарттын деңгээлин жана сапатын жогорулатуу, жумушсуздуктун, экономикалык жигерсиз калктын деңгээлин төмөндөтүү жүргүзүлөт.
20-таблица.
2010-2012-жылдарда божомолдонгон социалдык көрсөткүчтөр
┌─────────────────────┬─────┬────────┬────────┬───────┬───────┬───────┐
│ Көрсөткүчтөр │Өлч. │ 2008-ж.│ 2009-ж.│2010-ж.│2011-ж.│2012-ж.│
│ (оптим.) │бирд.│(алдын.)│(күтүл.)│божом. │божом. │божом. │
├─────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼───────┤
│Туруктуу калктын саны│миң │ 5276 │ 5375 │ 5450 │ 5525,5│ 5601,0│
│жылдын аягында │адам │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼───────┤
│Калктын ар бир жанына│ сом │ 3571 │ 3933 │ 4560 │ 5282 │ 5795 │
│МКБнын нарктык │ │ │ │ │ │ │
│чоңдугу айына │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼───────┤
│- ишке жарамдуу │ сом │ 3931 │ 4323 │ 5007 │ 5805 │ 6384 │
│калкка │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼───────┤
│Кызматкерлердин │ сом │ 5422(*)│ 6434 │ 7614 │ 8700 │10000 │
│бардык │ │ │ │ │ │ │
│категорияларынын │ │ │ │ │ │ │
│орточо бир айлык │ │ │ │ │ │ │
│эмгек акысы │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼───────┤
│- реалдуу өсүш темпи │ % │ 109,2 │ 105,0│ 108,6│ 105,8│ 107,4 │
├─────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼───────┤
│- ишке жарамдуу │ % │ 137,9 │ 148,8│ 152,1│ 149,9│ 156,6 │
│калктын МКБ наркына %│ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼───────┤
│Өткөн жылдын │ % │ 120,0 │ 112,0│ 109,0│ 108,0│ 107,0 │
│декабрына карата │ │ │ │ │ │ │
│КБИ % │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼───────┤
│Өткөн жылга карата │ % │ 124,5 │ 113,0│ 109,0│ё 108,0│ 107,0│
│КБИ % │ │ │ │ │ │ │
└─────────────────────┴─────┴────────┴────────┴───────┴───────┴───────┘
(*) кичи ишканаларды кошпогондо
3.10. Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү божомолунун пессимисттик сценарийи
Пессимисттик сценарий АКШнын финансы рыногунда жана дүйнөлүк финансы рынокторунда өсүп жаткан кризистик процесстердин фонунда ата мекендик продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн начарлашынын айынан экспорттун өсүшү (бюджетти түзүүчү ишканалардын) жайлап калган шарттарда Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүн чагылдырат. Бул инвестициялык активдүүлүктүн токтошунан, банктык кредиттөөнүн өсүш темпинин олуттуу төмөндөшүнөн жана ички керектөөлөрдү канааттандырууда импорттун салымынын салыштырмалуу жогорулашынан көрүнөт. Мында ИДПнын өсүш темпи 2008-жылдагы 7,6 проценттен 2010-2012-жылдарда орточо 2,84 процентке чейин төмөндөйт.
21-таблица.
2010-2012-жылдарда ИДПнын өсүш темпинин божомолдук көрсөткүчтөрү
┌──────────────────┬──────────┬────────┬──────────────────────────────┐
│ Көрсөткүчтөр │ 2008-ж. │ 2009-ж.│ Божомол (пессимисттик │
│ │(алдын.ф.)│(күтүл.)│ сценарий) │
│ │ │ ├─────────┬─────────┬──────────┤
│ │ │ │ 2010-ж. │ 2011-ж. │ 2012-ж. │
│ │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│ИДП колдонуудагы │ 185013,6 │214240,5│ 245745,8│ 279553,4│ 320071,5│
│бааларда, млн.сом │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│реалдуу өсүш │ 107,6 │ 100,5│ 102,5│ 102,3│ 103,5│
│темпи, % │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│ИДПнын дефятору, %│ 121,2 │ 114,8│ 111,9│ 111,2│ 110,6│
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│Кумтөрдү │ 176598,8 │204815,9│ 235922,0│ 271328,0│ 311196,3│
│кошпогондо, ИДП, │ │ │ │ │ │
│млн. сом │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│реалдуу өсүш │ 105,4│ 100,9│ 102,5│ 103,1│ 103,3│
│темпи, % │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│Кумтөрдү │ 121,4│ 114,9│ 112,3│ 111,6│ 111,0│
│кошпогондо, ИДП │ │ │ │ │ │
│дефлятору, % │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│Экономиканын │ │ │ │ │ │
│тармактарынын өсүш│ │ │ │ │ │
│темпи, % │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│Айыл чарба │ 0,7│ 1,0│ 1,6│ 2,0│ 1,5│
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│Өнөр жай │ 16,5│ -6,6│ -0,9│ -6,1│ 1,9│
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│Курулуш │ -10,8│ -11,5│ 0,5│ 1,5│ 1,7│
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│Кызмат көрсөтүү │ 10,7│ 4,0│ 4,1│ 4,6│ 5,1│
└──────────────────┴──────────┴────────┴─────────┴─────────┴──────────┘
Тармактардын кесилишинде орто мөөнөттүү мезгилде орточо жылдык өсүш темпи: айыл чарбада - 101,7 процентти, өнөр жайда - 98,2 процентти, курулушта - 101,2 процентти, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 104,35 процентти түзөт.
Тышкы соода жүгүртүүсү
2010-жылдан баштап дүйнөлүк экономиканын турукташуусу менен Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 2010-жылдагы 105,2 проценттен баштап 2012-жылдагы 108,7 процентке чейинки өсүш темпи байкалат.
2010-2012-жылдарда тышкы сооданы өнүктүрүүнүн божомолу
┌──────────────────┬──────────┬───────────────────────────────────────┐
│ Көрсөткүчтөр │ 2008-ж. │ Божомол │
│ │ (алдын.) ├────────┬─────────┬─────────┬──────────┤
│ │ │ 2009-ж.│ 2010-ж. │ 2011-ж. │ 2012-ж. │
│ │ │(күтүл.)│ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│Товарлардын жана │ 7367,4 │ 6594,0 │ 6940,0 │ 7475,0 │ 8125,0 │
│кызмат │ │ │ │ │ │
│көрсөтүүлөрдүн │ │ │ │ │ │
│тышкы соода │ │ │ │ │ │
│жүгүртүүсү │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│мезгилге ылайык │ 140,6% │ 89,5%│ 105,2%│ 107,7%│ 108,7% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│товарлардын жана │ 2742,4 │ 2430,0 │ 2550,0 │ 2710,0 │ 2890,0 │
│кызмат │ │ │ │ │ │
│көрсөтүүлөрдүн │ │ │ │ │ │
│экспорту │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│мезгилге ылайык │ 135,7% │ 88,6%│ 104,9%│ 106,3%│ 106,6% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│анын ичинде │ 1854,0 │ 1650 │ 1740 │ 1840 │ 1945 │
│товарлардын │ │ │ │ │ │
│экспорту │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│мезгилге ылайык │ 138,7%│ 89,0%│ 105,5%│ 105,7%│ 105,7% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│кызмат │ 888,4 │ 780 │ 810 │ 870 │ 945 │
│көрсөтүүлөрдүн │ │ │ │ │ │
│экспорту │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│мезгилге ылайык │ 129,8%│ 87,8%│ 103,8%│ 107,4%│ 108,6% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│товарлардын жана │ 4625,0 │ 4164,0 │ 4390,0 │ 4765,0 │ 5235,0 │
│кызмат │ │ │ │ │ │
│көрсөтүүлөрдүн │ │ │ │ │ │
│импорту │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│мезгилге ылайык │ 143,7 │ 90,0%│ 105,4%│ 108,5%│ 109,9% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│анын ичинде │ 3721,5 │ 3354 │ 3550 │ 3855 │ 4240 │
│товарлардын │ │ │ │ │ │
│импорту │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│мезгилге ылайык │ 141,2 │ 90,1%│ 105,8%│ 108,6%│ 110,0% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│кызмат │ 903,5 │ 810 │ 840 │ 910 │ 995 │
│көрсөтүүлөрдүн │ │ │ │ │ │
│темпи │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼──────────┼────────┼─────────┼─────────┼──────────┤
│мезгилге ылайык │ 155,2%│ 89,7%│ 103,7%│ 108,3%│ 109,3% │
│өсүш темпи % │ │ │ │ │ │
└──────────────────┴──────────┴────────┴─────────┴─────────┴──────────┘
Өнөр жай
2010-2012-жылдары өнөр жай өндүрүшүнүн өсүш темпи 99,2-102,1 % деңгээлинде күтүлүүдө. Аталган сценарий боюнча бизнес секторунун активдүүлүгү жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөн болот, ал эми тармакка дем берүү жана өндүрүштү диверсификациялоо боюнча мамлекет тарабынан каралаган чараларды ишке ашыруу зарыл болгон деңгээлге жана натыйжага жетишпейт.
2010-2012-жылдарда өнөр жайда абалдын начарлашы негизинен тоо-кен казып алуу өнөр жайында, электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүүдө өсүш темпинин төмөндөшү, ошондой эле металлургия өндүрүшүндө өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшү менен аныкталат.
22-таблица.
2008-2012-жылдарда өнөр жай өндүрүшүнүн динамикасы
┌────────────────────┬─────┬────────┬────────┬───────┬───────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр │Өлч. │ 2008-ж.│ 2009-ж.│2010-ж.│2011-ж.│2012-ж. │
│ │бирд.│(алдын. │(күтүл.)│божом. │божом. │божом. │
│ │ │ ф.) │ │ │ │ │
├────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼────────┤
│Тоо-кен өнөр жайы │млн. │ 1928,2 │ 1636,1 │ 1599,7│ 1505,6│ 1523,2│
│ │сом │ │ │ │ │ │
├────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 106,4 │ 86,6 │ 96,4│ 94,4│ 100,1│
├────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼────────┤
│Кайра иштетүү өнөр │млн. │80900,2 │90096,3 │95576,8│93936,5│100491,9│
│жайы │сом │ │ │ │ │ │
├────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 123,6 │ 93,4 │ 99,4│ 92,5│ 102,4│
├────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼────────┤
│Электр энергиясын, │млн. │ 9156,1 │11419,5 │11799,0│12723,1│ 13721,9│
│газды жана сууну │сом │ │ │ │ │ │
│өндүрүү жана │ │ │ │ │ │ │
│бөлүштүрүү │ │ │ │ │ │ │
├────────────────────┼─────┼────────┼────────┼───────┼───────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 92,5 │ 95,0 │ 98,2│ 100,1│ 100,1│
└────────────────────┴─────┴────────┴────────┴───────┴───────┴────────┘
2010-2012-жылдарда өсүштүн темпинин төмөн болушу чийки мунайды жана жаратылыш газын өндүрүүдө (өсүш темпи орточо алганда 90,2%), целлюлоза-кагаз өндүрүшүндө (99,4%), кокс, мунай продукттары жана ядролук материалдар өндүрүшүндө (98,4%), резина жана пластмасса буюмдары өндүрүшүндө (99%), металлургия өндүрүшүндө (98,6%), электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө (99,5%) божомолдонууда.
Төмөндөгү мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана коркунучтар өнөр жайдын өсүш темпинин жайлап калуусуна алып келиши мүмкүн:
- электр энергиясына чектөө киргизүүгө заказдардын азайышына байланыштуу өндүрүштүн көлөмүнүн азайышы;
- энергия алып жүрүүчүлөргө, чийки затка, технологиялык жабдууларга тарифтердин жогорулашы, бул продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет жана өндүрүштү жыйыштырууга алып келет;
- электр энергиясын шахталарга жана разрездерге берүүнү чектөө көмүр казып алуунун төмөндөшүнө алып келет;
- технологиялык жабдуулардын тез бузулуусу жана аны жаңылоого каражаттын жоктугу;
- энергиянын альтернативдик түрүнө өтүү менен байланышкан кошумча финансылык чыгымдар (генераторлор ж.б.);
- Россияга жана Казакстанга текстиль жана тигүү тармагынын кубаттуулугунун орун которушу жана квалификациялуу адистеринин кетиши;
- ушул өлкөлөрдө ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу сатуу рыногун жоготуу (Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы);
- казак өнөктөштөрдүн "Кыргыз тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна кайра иштетүү үчүн курамында уран бар чийки затты туруксуз жеткирүүсү;
- "Түштүк-Кыргыз-Цемент" ЖАКтын өз учурунда ишке кирбей калуусу;
- "Жерүй" жана "Андаш" алтын кендерин ишке киргизүү мөөнөтүнүн үзгүлтүккө учурашы.
Айыл чарбасы
Божомолдун пессимисттик сценарийин иштеп чыгуу дүйнөлүк жана Кыргызстандык экономиканын туруксуз финансылык абалынан улам келип чыгат. Ошондуктан айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүнө таасир берүүчү сапаттуу үрөндүк жана асыл тукум материалдары, күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер, коргоочу каражаттар жана ветеринардык дары-дармектер менен камсыз кылууда абалдын начарлап кетүүсүн жокко чыгарууга болбойт.
2010-2012-жылдарда айыл чарба продукцияларынын өсүш темпи орточо 101,7 процент деңгээлинде белгиленүүдө.
23-таблица.
2008-2012-жылдарда айыл чарбасынын негизги көрсөткүчтөрү
┌────────────────┬─────┬──────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр │Өлч. │ 2008-ж. │ 2009-ж.│ 2010-ж.│2011-ж. │2012-ж. │
│ │бирд.│(алдын.ф.)│(күтүл.)│ божомол│божомол │божомол │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Айыл чарба │млн. │ 112449,6 │130729,8│151549,3│175294,1│201051,5│
│ │сом │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 100,7 │ 101,0│ 101,6│ 102,0│ 101,5│
└────────────────┴─────┴──────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
Ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнүн көрсөткүчүнүн төмөн болушуна жаратылыштык-климаттык шарттар таасир берет (кургакчылык, үшүк алуу, мөндүр уруу ж.б.).
Мындан тышкары айыл чарбасында тез аранын ичинде чечүүнү талап кылган маселелер бар. Бул продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү, инфраструктуранын алсыздыгы, агротехниканын жетишкендиктерин пайдалануу деңгээлинин начардыгы, түшүмдүүлүктүн төмөндүгү, жүгүртүүдөгү каражаттын жетишсиздиги, өздөрүнүн проблемаларын чечүүдө жана продукцияларын жылдырууда дыйкан жана фермердик чарбалардын институттук мүмкүндүктөрүн пайдалануунун деңгээлинин төмөндүгү (кооперативдер, фермердик союздар, маркетинг кызматтары өнүккөн эмес жана товарларды жылдыруу жана өздүк кызыкчылыктарды коргоо үчүн инструмент катары жетиштүү түрдө колдонулбайт), техникалык жабдуунун начардыгы жана маркетинг кызматынын өркүндөтүлбөгөндүгү.
Жогоруда саналган проблемалардын чечилбегендиги айыл чарбасында абалдын олуттуу начарлашына жана айыл тургундарынын турмуш шартынын деңгээлинин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өсүш темпи 104-105 процент деңгээлинде күтүлүүдө. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн секторлорунда дүйнөлүк финансылык кризистин айынан керектөөчүлүк сурамдын төмөндөшүнөн улам, соодада (103,8-105,9%), мейманкана жана ресторан кызмат көрсөтүүлөрүндө (106,3-108,1%), транспортто (104%) жана байланышта (118%) өсүш темпинин кыскаруусу күтүлүүдө.
24-таблица.
2008-2012-жылдарда кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн негизги көрсөткүчтөрү
┌────────────────┬─────┬──────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр │Өлч. │ 2008-ж. │ 2009-ж.│ 2010-ж.│2011-ж. │2012-ж. │
│ │бирд.│ (алдын.) │(күтүл.)│ божомол│божомол │божомол │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кызмат │млн. │ 145216,7│171613,9│200047,0│231727,8│267728,6│
│көрсөтүүчү │сом │ │ │ │ │ │
│тармактардын │ │ │ │ │ │ │
│дүң чыгаруусу │ │ │ │ │ │ │
│(рыноктук жана │ │ │ │ │ │ │
│рыноктук эмес) │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 111,2│ 103,9│ 104,0│ 104,6│ 105,0│
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Соода, │млн. │ 54580,5│ 66150,7│ 78414,8│ 92773,4│110527,9│
│автомобиль, │сом │ │ │ │ │ │
│тиричилик │ │ │ │ │ │ │
│буюмдарын жана │ │ │ │ │ │ │
│өздүк │ │ │ │ │ │ │
│колдонуудагы │ │ │ │ │ │ │
│буюмдарды оңдоо │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 109,3│ 103,5│ 103,8│ 104,7│ 105,9│
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Мейманканалар │млн. │ 6912,6│ 8060,1│ 9296,1│ 10643,2│ 12276,1│
│жана ресторандар│сом │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 112,9│ 106,0│ 106,3│ 107,0│ 108,1│
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Транспорт жана │млн. │ 30949,4│ 39066,9│ 48185,8│ 57696,4│ 67784,3│
│байланыш │сом │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 125,4│ 112,3│ 111,3│ 110,0│ 108,8│
└────────────────┴─────┴──────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
Төмөндөгү негизги тобокелдиктер жана коркунучтар кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүш темпинин жайлап калуусуна алып келиши мүмкүн:
- керектөөчүлүк суроо-талаптын төмөндөшү;
- калктын турмуш деңгээлинин төмөндөшү;
- кредиттөөнүн көлөмүнүн жана бизнести каржылоонун реалдуу булактарынын кыскаруусу;
- туризмди, сооданы жана башка бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылган экономиканын инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү;
- кызмат көрсөтүүнүн заманбап түрлөрүнүн жетишсиздиги;
- почта байланышынын начар инфраструктурасы, ал кызмат көрсөтүүнүн сапатынын, почта жөнөтүүлөрдү жеткирүүнүн ылдамдыгынын төмөндөшүнө жана туруксуздугуна алып келет.
Инвестициялар жана курулуш
2010-2012-жылдарда экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө каржылоонун бардык булактары боюнча негизги капиталдагы инвестициялардын 34,6-40,0-47,4 млрд. сому пайдаланылат.
Капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн божомолдонгон көлөмүнөн улам 2010-2012-жылдарда курулуштун өсүш темпи орточо алганда 101,2 проценттин деңгээлинде күтүлүүдө.
25-таблица.
2008-2012-жылдарда курулуштун негизги көрсөткүчтөрү
┌────────────────┬─────┬──────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр │Өлч. │ 2008-ж. │ 2009-ж.│ 2010-ж.│2011-ж. │2012-ж. │
│ │бирд.│(алдын.ф.)│(күтүл.)│ божомол│божомол │божомол │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Курулуш │млн. │ 25170,9 │ 25617,7│ 29298,7│ 33604,1│ 38276,4│
│ │сом │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өсүш темпи │ % │ 89,9 │ 88,5│ 100,5│ 101,5│ 101,7│
└────────────────┴─────┴──────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
Дүйнөлүк экономиканын акыркы тенденциялары көрсөткөндөй финансылык кризистин жагымсыз таасири андан ары өскөн учурда төмөндөгүдөй коркунучтардын пайда болуу тобокелдиги жаралышы мүмкүн:
- өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндөшү;
- негизги капиталга инвестициялардын төмөндөшү;
- курулуп жаткан объекттердин токтоп калышы;
- турак жайлардын пайдаланууга өз убагында берилбей калуусу ж.б. Дүйнөдөгү экономикалык абалдын начарлашынын кесепетинен негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын өсүш темпинин жайлап калуусу да жагымсыз факторлордон болушу мүмкүн.
Ишкердик
Чакан жана орто бизнестин субъекттеринин ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасына карабай, ишкердиктин потенциалы толугу менен колдонулбайт.
Пессимисттик сценарийде бир жагынан ишкерлердин укуктарына жана кызыкчылыктарына, рыноктук чөйрөгө таасир тийгизүүчү укуктук жана экономикалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик чечимдердин аткарылышынын төмөн деңгээли, экинчи жагынан уруксаттарды жана лицензияларды алуунун жол жоболорунун татаалдыгы, бизнести салыктык тескөөнүн начардыгы чарбакер субъекттердин ишкердик активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана алардын чыгымдарынын көбөйүшүнө алып келет.
Ишкердикте "көмүскө экономика" негизги проблемалардын бири болуп эсептелет, ал катталган ишканалар жана жеке ишкерлер үчүн адилетсиз атаандаштыкты жаратат.
Капиталды жана мүлктү мыйзамдаштыруунун эсебинен чакан жана орто бизнести "көмүскөдөн" чыгаруу маселесин чечүү маанилүү багыт болуп эсептелет.
Экономикалык жана энергетикалык кризистер уланган учурда ишкердик чөйрөсүндө төмөндөө болушу мүмкүн, себеби кризистик көрүнүштөр тигил же бул деңгээлде бардык бизнес секторлорго таасирин тийгизет.
2012-жылдын аягында ишкердик субъекттердин саны 9640 бирдикке чейин азаюусу, ал эми жеке ишкерлердин саны 180,4 миң бирдикти түзөөрү күтүлүүдө. ЧОИде жумуш менен камсыз болгондордун саны 2008-жылдагы 275,9 миң адамдан 2012-жылы 269,8 миң адамга чейин төмөндөйт.
Божомолдук маалыматтар боюнча чакан жана орто бизнестин кошумча дүң наркынын көлөмүнүн ИДПдагы үлүштүк салмагынын 2008-жылдагы 45,3 проценттен баштап 2012-жылдагы 45,5 процентке чейинки көбөйүшү күтүлүүдө.
26-таблица.
2010-2012-жылдарда чакан жана орто ишкердик боюнча божомолдук көрсөткүчтөрү
┌─┬──────────────────┬───────┬─────────┬──────────┬──────────┬────────┐
│ │ Индикаторлордун │2008-ж.│ 2009-ж. │ 2010-ж. │2011-ж. │2012-ж. │
│ │ аталышы │алдын. │(күтүл.) │ божомол │божомол │божомол │
├─┼──────────────────┼───────┼─────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│1│ЧОИнин субъекттери│62107,6│ 60841│ 59575 │ 60025 │ 61225 │
│ │өндүргөн кошумча │ │ │ │ │ │
│ │дүң нарк (млн.сом)│ │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼───────┼─────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│2│ЧОИнин кошумча дүң│ 45,3│ 45,2│ 45,1│ 45,2 │ 45,5│
│ │наркынын ИДПдагы │ │ │ │ │ │
│ │үлүштүк салмагы │ │ │ │ │ │
│ │(%) │ │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼───────┼─────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│3│Ишкердик │ 9652 │ 9452 │ 9252 │ 9452 │ 9640 │
│ │субъекттеринин │ │ │ │ │ │
│ │саны │ │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼───────┼─────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│4│Жеке ишкерлер (миң│ 186,5│ 179,6│ 172,7│ 176,2 │ 180,4│
│ │адам) │ │ │ │ │ │
├─┼──────────────────┼───────┼─────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│5│ЧОИде │ 275,9│ 267,6│ 259,3│ 264,3 │ 269,8│
│ │иштегендердин саны│ │ │ │ │ │
│ │(миң адам) │ │ │ │ │ │
└─┴──────────────────┴───────┴─────────┴──────────┴──────────┴────────┘
Социалдык чөйрө
Эки орундуу инфляция, бюджеттин көбөйүп жаткан дефицити, мамлекеттик тышкы жана ички карыз Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги проблемалары болуп эсептелет, алар өз кезегинде каралган программаларды ишке ашырууга терс таасирин тийгизет. Мында төмөнкүдөй социалдык көрсөткүчтөр божомолдонууда.
27-таблица.
2010-2012-жылдарда божомолдонгон социалдык көрсөткүчтөр
┌────────────────┬─────┬──────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр │Өлч. │ 2008-ж. │ 2009-ж.│ 2010-ж.│2011-ж. │2012-ж. │
│ │бирд.│ (алдын.) │ күтүл. │ божомол│божомол │божомол │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Туруктуу калктын│миң │ 5276 │ 5375 │ 5450 │ 5525,5 │ 5601,0 │
│саны жылдын │адам │ │ │ │ │ │
│аягында │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Калктын ар бир │сом │ 3571 │ 4347 │ 4944 │ 5671 │ 6222 │
│жанына МКБнын │ │ │ │ │ │ │
│нарктык чоңдугу │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│- ишке жарамдуу │сом │ 3931 │ 4778 │ 5428 │ 6232 │ 6854 │
│калк │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Иштегендердин │сом │ 5422(*)│ 6264 │ 7251 │ 8287 │ 9350 │
│бардык │ │ │ │ │ │ │
│категорияларынын│ │ │ │ │ │ │
│орточо айлык │ │ │ │ │ │ │
│эмгек акысы │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│- ишке жарамдуу │ % │ 137,9 │ 131,1│ 133,6│ 132,9 │ 136,4 │
│калктын МКБ │ │ │ │ │ │ │
│наркына карата %│ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өткөн жылдын │ % │ 120,0 │ 115,0│ 114,0│ 112,0│ 110,0 │ "
│декабрына карата│ │ │ │ │ │ │
│КБИ % │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼─────┼──────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өткөн жылга │ % │ 124,5 │ 115,0│ 114,0│ 112,0│ 110,0 │
│карата КБИ │ │ │ │ │ │ │
└────────────────┴─────┴──────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
(*) чакан ишканаларды кошпогондо
Кыргыз Республикасындагы макроэкономикалык кыйынчылыктар 2010-2012-жылдарда пенсиялык реформа жаатында мамлекеттик саясаттын максаттарына жетүүсүнө олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн.
Жумушсуздуктун жогорку деңгээли, калктын жашоо шартынын начарлашы Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнүн натыйжасы болуп эсептелет.
4. 2010-2012-жылдарда региондордун өнүгүү божомолу
Ар бир региондун өнүгүү стратегияларын жана программаларын ишке ашыруу, ошондой эле натыйжалуу экономикалык кластерлерди түзүү, өлкөнүн экономикасын региондук диверсификациясын эске алуу менен улуттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык 2010-2012-жылдарда экономиканын бардык чөйрөлөрүндө өсүш темпин андан ары күчөтүү каралат. Республиканын региондорунда соода, транспорт жана байланыш инфраструктураларынын өнүгүүсүнүн, калктын ишке болгон активдүүлүгүнүн жана тейлөө сапатынын жогорулашынын эсебинен андан ары чекене товар жүгүртүү көлөмүн жана калкка рыноктук кызмат көрсөтүүнүн өсүшүн камсыздоо белгиленген.
Капиталдык салымдардын көлөмүнүн божомолдонгон өсүүсү курулуш уюмдары жана курулуш индустрия ишканаларынын кубаттуулугу сыяктуу потенциалы бар жерлерди туура пайдаланууну камсыз кылат.
Социалдык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча, анын ичинде региондо калктын акча кирешелерин жана калктын иш менен камсыз болуусун жогорулатуу боюнча конкреттүү чаралар белгиленүүдө.
Бул учурда эң негизги маселе болуп долбоорлордун саны эмес, алардын канчалык турмушка ылайык келээри, канчалык керектүү ресурстар - финансылык, материалдык ж.б. менен камсыздалганы эсептелет. Ошондуктан ар бир регионго артыкчылыктуу катары бир-эки багыт тандоо зарыл, алардын тегерегинде ошол региондордун экономикасынын башка тармактары да бир нече жылдан кийин ал региондор финансылык жактан көз карандысыз болгондой өнүгүшү керек. Өзгөчө көңүл чакан жана орто бизнеске бурулат, себеби бул көптөгөн региондор үчүн социалдык жана экономикалык жактан андан ары өнүгүүсүнүн, калкты жумуш менен камсыз кылуунун жападан жалгыз мүмкүндүгү болуп эсептелет. Ушуну менен бирге республиканын түштүк облустарынын чек ара аймагындагы калктуу пункттарын андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү максатында кризиске каршы бир катар иш-чаралар 2008-2011-жылдарда ушул облустарды өнүктүрүүнүн стратегиялык программаларына киргизилген.
Азыркы убакта дүйнөлүк чарбачылык практикада өндүрүштүк кооперация негизинен кластерлерди түзүү жана иштетүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Кластердик системаны өнүктүрүү тажрыйбасы региондук өнүгүүгө, анын ичинде кедеринен кеткен региондордун экономикалык активдүүлүгүн жана чакан жана орто бизнестин олуттуу өнүгүүсүнө түрткү берет.
Кластерлерди түзүү жана өнүктүрүү эркин рыноктун шартындагы региондордун экономикасын диверсификациялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарынан болуусу керек.
Мындай ыкманы ишке ашыруунун негизи катары Ак-Суу жүгөрү иштетүүчү комбинатынын базасында "Кыргызстан Ука кластер" пилоттук агроөнөр жайдык долбоорду киргизүү белгиленүүдө. Мыидай кластерди түзүү дыйкан чарбалардын, сүт-товар жана мал семиртүүчү фермалардын, Токмок шаардык сүт заводунун, "Карабалта Буудай" акционердик коому жана Ак-Суу жүгөрү кайра иштетүүчү комбинатынын продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу процессинде жаралган көптөгөн проблемаларды тез чечүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстан ошондой эле ички базарга багытталган, буудайды өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерди өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалга эгедер, бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чечүү үчүн зарыл болуп саналат. Ушул багыттарды ишке ашырууну тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Экономиканын артыкчылыктуу секторлору боюнча пилоттук кластерлерди киргизүү жөнүндө" токтомунун долбоору даярдалган. Ал макулдашуудан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна жиберилет. Иштелип чыккан Мамлекеттин региондук саясатынын концепциясы программалык документтердин эң маанилүүлөрүнүн бири болуп калат, ал региондордогу мамлекеттик саясатты так аныктап, алардын тез өсүшүнө жана өнүгүшүнө шарт түзүүгө көмөк көрсөтөт.
2010-2012-жылдарда республиканын региондорун өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык божомолу региондордун экономикасында бар болгон тенденцияларга, 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча жетишилген көрсөткүчтөргө ылайык иштелип чыгып, региондук стратегиялардагы жана программалардагы каралган андан аркы алардын негизги өнүгүү векторлорун эске алат жана өнүгүүнүн төмөнкүдөй сценарийлери каралат: базалык, экономикалык өсүш сакталган тенденцияларынын жана колдогу ресурстардын алкагынын негизине эсептелген; отпимисттик сценарий, колдогу потенциалды жана экономикалык өсүш жогорулоосу боюнча резервдерди эске алуу менен эсептелген; пессимисттик сценарий, болуп кетүүчү терс факторлорду, тобокелдиктерди жана коркунучтарды эске алуу менен эсептелген.
Төмөндө базалык сценарий боюнча берилген экономикалык саясаттын чараларын, колдогу ресурстарды жана түзүлгөн өбөлгөлөрдү эске алуу менен региондор боюнча негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр келтирилди.
2010-2012-жылдарда региондук дүң продукт (РДП) өндүрүүнүн динамикасы Баткен облусунда өсүүнүн орточо жылдык темпи менен 5,5 процент деңгээлинде оң мааниде божомолдонот.
Орто мөөнөттүү келечекте Баткен облусунун РДПны өндүрүү негизинен азыркы экономикалык-өндүрүштүн реалдуу секторун (сымап, сурьма, цемент өндүрүшү, мунай, газ жана көмүр өндүрүү, тамекини кайра иштетүү ж.б.), айыл чарбасын (буудай, тамеки, өрүк ошондой эле кой чарбачылыгынын, эчки чарбачылыгынын, топоз чарбачылыгынын ж.б. продукциялары), кызмат көрсөтүү жана социалдык инфраструктуралар тармагын өндүрүштүк потенциалын натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле экономикалык ишинин бардык тармактарында чакан жана орто бизнести ийгиликтүү өнүктүрүүгө негизделет.
Облустун РДП өндүрүшүнө божомолдонгон мезгилде белгилүү салымды алтын кендеринде алтынды чалгындоо жана казуу, мунай жана газды чалгындоо жана өндүрүү, көмүр казууну кеңейтүү кошот. "Айдаркен сымап комбинаты" акционердик коомунун жана "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун өндүрүшүн турукташтыруу боюнча чаралар каралууда, Түштүк Кыргыз цемент заводунун курулушун аяктоо, мунай жана газды кайра иштетүүнү жогорулатуу, ошондой эле өздүк чийки зат базасын пайдалануу менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча тармакты өнүктүрүү белгиленүүдө.
Жалал-Абад облусу андан ары өнүгүү жана гидроэнергетикага чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн олуттуу потенциалга ээ. Мындан тышкары электр энергиянын жаңы потенциалдуу экспорттук рыноктору өнүктүрүлөт. Камбар-Ата ГЭС-1 жана 2- курулушунун аякташы облустук экономикалык потенциалды жогорулатаары жана РДПнын өсүш камсыз кылынаары божомолдонууда.
Тоо-кен жана металлургия тармагы облустун экономикасында базалык болуп эсептелет жана экспорттук продукцияга багытталган жогорку кирешелүү өндүрүш катары мүнөздөлөт. Бул тармактар өнөр-жай өндүрүшүнүн андан ары өнүгүшүн камсыздайт жана алтындын, вольфрамдын, калай, сурьма, сымап жана башка пайдалуу кендердин чалгындалган минералдык-чийки зат ресурстарына негизделет.
Божомол боюнча РДПнын жылдык орто реалдуу өсүш темпи 2010-2012-жылдарда 5,3 процент деңгээлине жетээри белгиленүүдө. Бул жыйынтыкка жетүү үчүн дүң продукцияны чыгаруунун өсүш темпи экономиканын тармактары боюнча төмөнкүдөй белгиленүүдө: айыл чарбасында 2,6 процент, өнөр-жайда 1,2 процент, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 8,2 процент.
Экономикалык өсүш негизинен инвестицияларды тартуу аркылуу камсыздалат. Көрсөтүлгөн маселелерди чечүүдө негизги багыт катары андан ары өнүгүү жана жеке секторду өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу бизнес чөйрөнү колдоо, ошондой эле экономикалык өсүш үчүн зарыл болгон жеке жана чет элдик инвестициялардын келүүсүн тездетүүнү камсыздоого көмөк көрсөткөн инвестициялык климаттын сапатын түп тамырынан жакшыртуу болуп калат.
Божомол боюнча Ысык-Көл облусунда РДП реалдуу түрдө жылына орточо 6,2 процент жогорулайт. РДПнын өсүш темпи негизинен өнөр-жайдагы, айыл чарбасындагы, кызмат көрсөтүү жана туризм чөйрөсүндөгү өндүрүштүн көлөмүнүн жогорулоо эсебинен алдыга жылат.
Облуста "Кумтөр" кенинен кен запасы аз болсо да башка кен байлыктар табылды. Буларга "Жангарт" жана "Тоголок" алтын кендери, ошондой эле алтын аралашкан "Күйөлү" жана "Эчкилиташ" кендери кирет. Облустагы алтындан башка дагы минералдык ресурстар бар, атап айтканда калай, вольфрам, уран, молибден.
Азыркы учурда Ак-Шыйрак-Сары-Жаз кен райондордогу калай-вольфрам кендери чалгындалып бүттү. Ак-Шыйрак жана Сары-Жаз дарыяларынын бассейндеринде түстүү металлургияны өнүктүрүү үчүн кеңири база бар. Бул жерде концентрацияланган калай, вольфрам, жез, мелибдан, полиметалл, тантал ири кендери өнөр-жайда олуттуу мааниге ээ.
Экономикадагы толук өздөштүрүлө элек сектор болгон туризм андан ары өнүгөт жана каралган мезгилде облустун өзүндө эле эмес бүтүндөй республикада экономиканын өнүгүшүнө салмактуу салым кошот.
Нарын облусунун экономикасынын өнүгүүсү орто мөөнөттүү келечекте орточо жылына 5,5 процентке туруктуу экономикалык өсүштү андан ары камсыз кылуунун негизинде калктын жашоо-турмушун жогорулатууга багытталат.
Облустун экономикасына чет элдик тикелей инвестицияларды тартуу жана анын негизимде биргелешкен ишканаларды түзүү; агрардык сектордун бардык звенолорунда кооперативдик иш-аракеттерди өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү; экспортко багытталган өндүрүштү жана импортту алмаштыруучу продукцияларды өздүк чийки зат базасын максималдуу пайдалануу аркылуу колдоо божомолдонгон мезгилде РДПны өндүрүүнүн жогорулашын камсыз кылуучу облустун экономикасынын өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет.
Нарын облусу минералдык ресурстарга бай жана тоо-кен иштерин иштетүү үчүн инвестиция тартууга ылайык регион катары каралат. Кен казуу тармагындагы биринчи кезектеги маселе болуп коюлган максатка жетүү үчүн "Каракече" кенинде өнүгүүнүн жогорку темптерине жетишүү; "Солтонсары" кениндеги иштерди турукташтыруу; "Турук" көмүр кенин өздөштүрүү эсептелет. Электр энергетикалык тармакты андан ары өнүктүрүү белгиленүүдө.
Облустук РДПны өндүрүүнүн түзүмүндө мурдагыдай эле айыл чарба өндүрүшү негизги ролду ойнойт. Орто мөөнөттүү келечекте коюлган максаттарды жана маселелерди ишке ийгиликтүү ашырууда Нарын облусу агрардык региондон агрардык-тейлөөчү регионго бардык тармактардагы тейлөөчү ишканаларды, аны менен бирге агрардык секторду өнүктүрүү аркылуу өсүп жетүүсү керек.
Облустагы туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн салттуу чөйрөдө кызматтарды кеңейтүү жана альтернативдик туризмди өнүктүрүү, тоо туризми, альпинизм, иштиктүү жана кызыктуу туризм ж.б. сыяктуу кызматтардын жаңы түрлөрүн көрсөтүү каралууда.
2010-2012-жылдарда Ош облусундагы жана Ош шаарындагы экономикалык өнүгүү жана региондук дүң продуктту чыгаруунун көбөйүшү колдо бар өндүрүштүк потенциалды пайдаланууга, кызматтарды көрсөтүү (туристтик, транспорттук-жолдук ж.б.) системасынын жакшыртууга жана кеңейтүүгө, табигый-климаттык жана экономикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу базасында айыл чарба структурасын өркүндөтүүгө, жергиликтүү айыл чарба чийки затын акыркы керектөөчүнүн, импортту алмаштыруучу продукцияга чейин кайра иштетүүнүн үлүшүн көбөйтүүгө байланыштуу болот. Муну менен бирге облустагы жана Ош шаарындагы РДПнын көбөйүшүндө чакан жана орто ишкердик олуттуу ролду ойнойт, алардын үлүшү жыл сайын жогорулап жатат.
Иштеп жаткан жана жаңы кайра иштетүүчү ишканаларды куруунун эсебинен облустагы РДПны өндүрүүгө салым кошулат.
Божомолдогон эсептерге ылайык Ош облусу боюнча региондук дүң продуктту чыгаруунун жылдык орточо реалдуу темпи 5,6 процентти, ал эми Ош шаары боюнча 6 процентти түзөт.
2010-2012-жылдарда Талас облусу боюнча региондук дүң продуктту жылдык орточо чыгаруунун реалдуу темпи 5,5 процент деңгээлинде божомолдонууда. Өсүүнүн көрсөтүлгөн темпи облус аймагындагы токтоп калган ишканаларды иштетүүнүн, жаңы ишканаларды өнүктүрүүнүн, ошондой эле "Жерүй" алтын кенин, "Өзгөрүш" айылындагы цемент заводун өндүрүшкө киргизүү үчүн шарттарды түзүүнүн, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча чакап өндүрүштөрдү өнүктүрүүнүн эсебинен камсыздоо белгиленүүдө.
Энергетикалык тармактагы стратегиянын негизги артыкчылыгы болуп финансылык кубаттуулукка жетүү жана облустун энергетикалык секторун комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү эсептелет. Кичи ГЭС тармагын өнүктүрүү, энергиянын салттуу эмес жаңылануучу булактарын пайдалануу каралууда.
Жол секторун андан ары өнүктүрүү региондук жана жергиликтүү базарларга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу облустун экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу. Жол жээгиндеги тейлөө интенсивдүү темпте өнүгүп жаткан жана ага жергиликтүү калктын көпчүлүгү ишке тартылган "Тараз-Талас-Суусамыр" автожолун реаблитациялоого өзгөчө көңүл бурулат.
Облустун РДПсындагы маанилүү үлүштү кой чарбачылыгына, эт сүт мал чарбачылыгына, буудай, жер-жемиш, анын ичинде буурчак, картөшкө өндүрүүгө адистешкен айыл чарбасы ээлейт.
Облустун агрардык тармагын өнүктүрүүнүн инвестициялык программасы мелиорация системасын жакшыртуу, гидротехникалык курулмаларды жана артезиан кудуктарын калыбына келтирүү, мелиоративдик техникаларды сатып алуу сыяктуу проблемалуу маселелерди чечүүнү карайт. Топоз, эчки, кой, жылкы багуу боюнча фермердик чарбаларды түзүү белгиленүүдө. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча иштеп жаткан ишканаларды жаңы технологияларды жана техникаларды колдонуу аркылуу жаңылоо, экспорттук потенциалын өстүрүү менен атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүүгө буруу пландалууда. Белгиленген максаттарды ишке ашыруунун натыйжасында облус калкынын жашоо шартын андан ары жакшыртуу жана киреше деңгээлин жогорулатууну камсыздоо каралууда.
Чүй облусу ички региондук продуктту өндүрүү боюнча өлкөнүн башка региондорунун арасында эң чоң үлүшкө ээ. Облуста ички региондук кирешенин көбөйүшүнө олуттуу таасир тийгизген ири, мыкты адистешкен ишканалар бар. Орто мөөнөттүү мезгилде өндүрүштүн өсүүсүн камсыздаган жана ички базарды толтурууга, ошондой эле экспорттун көлөмүн жогорулатууга багытталган облустагы кайра иштетүүчү, машина куруучу жана башка экономикалык тармактарды теңдештирилген өнүктүрүү каралууда. Ошондой эле региондун туруктуу экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу чөйрөсү болгон чакан жана орто бизнести өнүктүрүү белгиленүүдө.
Облус экономикасында айыл чарбасы алдыңкы орунду ээлейт, анын үлүшү региондук дүң продуктта болжол менен 50 процентти түзөт. Региондун айыл чарбасында майда дыйканчылык, фермердик жана менчик чарбаларды айыл чарба кооперативдерине бириктирүү процесси улантылат, анын натыйжасында эмгектин өндүрүмдүүлүгү жогорулап, жаңы технологияларды киргизүү менен жогору натыйжалуу өндүрүш түзүлүп, ошондой эле жогорку сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүү колго алынат. 2010-2012-жылдарда региондук дүң продукттун жылдык орточо өсүш темпинин 5,2 процентке жогорулоосу күтүлүүдө.
Бишкек шаары боюнча божомолдонгон мезгилде экономиканын реалдуу жылдык орточо темпин 5,7 процент деңгээлге жеткирүү белгиленүүдө. Орточо 0,5 процент деп эсептелген өнөр жай өндүрүшүнүн белгиленген өсүүсүнө кайра иштетүүчү өнөр жай тармактарынын, электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү, курулуш чөйрөсүнүн көлөмүн өстүрүүнүн эсебинен жетишүү божомолдонууда.
Индустриалдык өндүрүштүн артыкчылыктуу тармактары болуп, биринчи кезекте, республикадагы атаандаштыкка жөндөмдүү, ошондой эле жергиликтүү чийки зат базасын пайдалануучу жана ата мекендик чакан ишканалардын бутакталган тармактары эсептелет.
Акыркы жылдары белгиленип калган кайра иштетүү өнөр жайынын секторлорунун өсүш тенденциясы орто мөөнөттүү мезгилде да андан ары өнүгөөрү күтүлүүдө. Орто мөөнөттүү мезгилде кайра иштетүүчү тармактын өсүш темпине айыл чарба продукциясын кайрадан иштетүү, тигүү өндүрүшү, курулуш материалдарын өндүрүү, металлургия тармагы жана машина куруу олуттуу салым кошоору божомолдонууда.
Өнөр жай секторун өнүгүүсүнө төмөнкү чараларды ишке ашыруу жардам берет: жүктөмдү көбөйтүү жана колдонуудагы кубаттуулуктарды натыйжалуу пайдалануу, туруп калган ишканалардын ишин жандандыруу, өздүк сапаттуу чийки зат ресурстарын пайдалануу (буудай азыгы, кант кызылчасы, тамеки, пахта, жүн, тери, минералдык чийки зат ж.б.), өнөр жайдын, анын ичинде атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү үчүн жаңы технологияларды пайдалануучу өнөр жайдын өнүгүүсүнө дем берүүчү мыйзамдык колдоо көрсөтүү, салыкты тескөөнү өркүндөтүү, тикелей инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү, ата мекендик товарларды тышкы базарларга чыгаруу ж.б. Шаардын экономикалык өнүгүүсүндө РДПда туруктуу үлүшү жогорулап жаткан кызмат көрсөтүү тармагы олуттуу роль ойнойт.
Бардык региондордо айыл чарба өндүрүшүн жана кайра иштетүүчү өнөр жайды, кызмат көрсөтүү чөйрөсүн, чакан жана орто ишкердикти, ошондой эле социалдык инфраструктураны андан ары өнүктүрүү божомолдонууда, бул пландалган экономикалык өсүш темпин жана региондук дүң продукттун көрсөткүчтөрүн камсыз кылат.
Эскертүү:
(1) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча "Кумтөр" ишканаларына, "Кумтөр Голд Компани" биргелешкен ишканасын кошпогондо, ушул кенди тейлөөчү башка ишканалар кирет.
(2) М2Х - бул экономикадагы акчанын сунушунун чоңдугун көрсөтүүчү акча агрегаты.
(3) ИДПнын өсүш темпи Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолунун базалык сценарийи боюнча.
(4) Жылдык орточо баа
(5) ЭКӨУга 30 өлкө, анын ичинде Түндүк Америка, Европа өлкөлөрү. Япония, Австралия ж.б. кирет.
(6) Мунай чийки затына болгон дүйнөлүк сурамдын болжол менен 57%ти ЭКӨУ өлкөлөрүнө туура келет.
(7) Жылдык орточо баа.
(8) Азыркы убакта дүйнөлүк сооданын негизги үлүшү (болжол менен 65 %) өнүккөн өлкөлөргө туура келет.
(9) Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун СНСине ылайык бул көрсөткүч 16,5%ти түзөт.
(10) Иштетилүүчү чийки затты кошкондо, сатып алынуучу электр энергиясын жана газды кошпогондо.
(11) "Кызмат көрсөтүүлөр" деген көрсөткүчтүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин методикасына ылайык ушундай берилген.
1-тиркеме
┌───────────────┬───────┬─────────┬───────────────────────────────────┐
│ │ Өлчөө │2008 год │ Өнүктүрүүнүн базалык │
│ │бирдиги│ (алдын │ сценарийи боюнча │
│ │ │ала факт)│ │
│ │ │ ├────────┬────────┬────────┬────────┤
│ │ │ │2009-жыл│2010-жыл│2011-жыл│2012-жыл│
│ │ │ │ (күтү- │ │ │ │
│ │ │ │ лүүчү) │ │ │ │
├───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┤
│ 1. ИДПны өндүрүү (салыктарды эске алуу менен) │
├───────────────┬───────┬─────────┬────────┬────────┬────────┬────────┤
│Номиналдык ИДП │млн.сом│ 185013,6│217647,1│253962,4│294861,8│342274,3│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│ИДПнын реалдуу │ % │ 107,6│ 104,4│ 105,3│ 105,5│ 105,9│
│өсүш темпи │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Дефлятор │ % │ 121,2│ 112,7│ 110,8│ 110,1│ 109,6│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кошумча нарк │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өнөр жай(*) │млн.сом│ 25805,4│ 29098,8│ 31833,8│ 33895,3│ 36062,3│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Айыл чарбасы │млн.сом│ 47801,4│ 55705,5│ 64774,3│ 75157,6│ 86243,4│
│(балык │ │ │ │ │ │ │
│чарбасын │ │ │ │ │ │ │
│кошкондо) │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Курулуш │млн.сом│ 5789,3│ 6929,8│ 8590,9│ 10988,4│ 14089,9│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кызмат │млн.сом│ 81174,1│ 97382,9│115348,8│135710,7│159974,5│
│көрсөтүүлөр │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┤
│ 2. Продукция өндүрүү жана ИДПны түзүүчү │
│ секторлордогу өсүш темпи(1) │
├───────────────┬───────┬─────────┬────────┬────────┬────────┬────────┤
│Өнөр жай(*) │млн.сом│ 96334,5│107717,5│117445,6│124819,7│132649,2│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 116,5│ 100,0│ 103,4│ 100,9│ 101,8│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Айыл чарбасы │млн.сом│ 112454,8│131049,4│152384,3│176811,5│202951,8│
│(балык чарбасын│ │ │ │ │ │ │
│кошкондо) │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 100,7│ 101,6│ 102,0│ 102,5│ 102,0│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Курулуш │млн.сом│ 25170,9│ 30129,6│ 37351,6│ 47775,7│ 61260,4│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 89,2│ 105,0│ 110,0│ 114,0│ 115,0│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кызмат │млн.сом│ 145216,7│174010,6│206185,1│242460,0│285609,1│
│көрсөтүүлөр │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 110,7│ 107,3│ 107,3│ 107,5│ 108,1│
├───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┤
│(*) - сатылып алынуучу электр энергияны жана газды эске албаганда, │
│иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнү эске алуу менен │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
(1) дүң кошумча наркына ылайык өсүш темпи
2-тиркеме
┌───────────────┬───────┬─────────┬───────────────────────────────────┐
│ │ Өлчөө │2008 год │ Өнүктүрүүнүн оптимисттик │
│ │бирдиги│ (алдын │ сценарийи боюнча │
│ │ │ала факт)│ │
│ │ │ ├────────┬────────┬────────┬────────┤
│ │ │ │2009-жыл│2010-жыл│2011-жыл│2012-жыл│
│ │ │ │ (күтү- │ │ │ │
│ │ │ │ лүүчү) │ │ │ │
├───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┤
│ 1. ИДПны өндүрүү (салыктарды эске алуу менен) │
├───────────────┬───────┬─────────┬────────┬────────┬────────┬────────┤
│Номиналдуу ИДП │млн.сом│ 185013,6│219767,5│258254,0│301702,4│352561,3│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│ИДПнын реалдуу │ % │ 107,6│ 106,3│ 107,1│ 107,2│ 107,9│
│өсүш темпи │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Дефлятор │ % │ 121,2│ 111,7│ 109,7│ 109,0│ 108,3│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кошумча нарк │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өнөр жай(*) │млн.сом│ 25805,4│ 29821,9│ 33143,2│ 35775,0│ 38820,8│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Айыл чарбасы │млн.сом│ 47801,4│ 55611,0│ 64439,2│ 74564,5│ 84865,6│
│(балык чарбасын│ │ │ │ │ │ │
│кошкондо) │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Курулуш │млн.сом│ 5789,3│ 7208,8│ 9365,7│ 12508,9│ 17277,9│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кызмат │млн.сом│ 81174,1│ 98284,3│117636,6│139800,9│166298,4│
│көрсөтүүлөр │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┤
│ 2. Продукция өндүрүү жана ИДПны түзүүчү │
│ секторлордогу өсүш темпи(2) │
├───────────────┬───────┬─────────┬────────┬────────┬────────┬────────┤
│Өнөр жай(*) │млн.сом│ 96334,5│110442,2│122159,2│131796,6│143020,8│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 116,5│ 104,3│ 105,6│ 103,2│ 104,6│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Айыл чарбасы │млн.сом│ 112454,8│130827,1│151595,9│175416,2│199709,8│
│(балык чарбасын│ │ │ │ │ │ │
│кошкондо) │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 100,7│ 102,5│ 103,0│ 103,5│ 103,0│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Курулуш │млн.сом│ 25170,9│ 31342,8│ 40720,6│ 54386,4│ 75121,2│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 89,2│ 110,0│ 116,0│ 120,0│ 125,0│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кызмат │млн.сом│ 145216,7│176257,6│211630,2│251950,9│300246,9│
│көрсөтүүлөр │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 110,7│ 108,9│ 109,2│ 109,3│ 109,9│
├───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┤
│(*) - сатылып алынуучу электр энергияны жана газды эске албаганда, │
│иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнү эске алуу менен │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
(2) дүң кошумча наркына ылайык өсүш темпи
3-тиркеме
┌───────────────┬───────┬─────────┬───────────────────────────────────┐
│ │ Өлчөө │2008 год │ Өнүктүрүүнүн пессимисттик │
│ │бирдиги│ (алдын │ сценарийи боюнча │
│ │ │ала факт)│ │
│ │ │ ├────────┬────────┬────────┬────────┤
│ │ │ │2009-жыл│2010-жыл│2011-жыл│2012-жыл│
│ │ │ │ (күтү- │ │ │ │
│ │ │ │ лүүчү) │ │ │ │
├───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┤
│ 1. ИДПны өндүрүү (салыктарды эске алуу менен) │
├───────────────┬───────┬─────────┬────────┬────────┬────────┬────────┤
│Номиналдуу ИДП │млн.сом│185013,6 │214240,5│245745,8│279553,4│320071,5│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│ИДПнын реалдуу │ % │ 107,6 │ 100,9│ 102,5│ 102,3│ 103,5│
│өсүш темпи │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Дефлятор │ % │ 121,2 │ 114,8│ 111,9│ 111,2│ 110,6│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кошумча нарк │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Өнөр жай(*) │млн.сом│ 25805,4 │ 27893,5│ 29383,5│ 29344,8│ 31409,4│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Айыл чарбасы │млн.сом│ 47801,4 │ 55569,6│ 64419,4│ 74512,6│ 85764,8│
│(балык чарбасын│ │ │ │ │ │ │
│кошкондо) │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Курулуш │млн.сом│ 5789,3 │ 5892,1│ 6738,7│ 7728,9│ 8803,6│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кызмат │млн.сом│ 81174,1 │ 96272,2│112444,2│130565,9│151203,0│
│көрсөтүүлөр │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┤
│ 2. Продукция өндүрүү жана ИДПны │
│ түзүүчү секторлордогу өсүш темпи(3) │
├───────────────┬───────┬─────────┬────────┬────────┬────────┬────────┤
│Өнөр жай(*) │млн.сом│ 96334,5 │103151,9│108975,5│108165,2│115737,0│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 116,5 │ 93,4│ 99,1│ 93,9│ 101,9│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Айыл чарбасы │млн.сом│112454,8 │130729,8│151549,3│175294,1│201051,5│
│(балык чарбасын│ │ │ │ │ │ │
│кошкондо) │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 100,7 │ 101,0│ 101,6│ 102,0│ 101,5│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Курулуш │млн.сом│ 25170,9 │ 25617,7│ 29298,7│ 33604,1│ 38276,4│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 89,2 │ 88,5│ 100,5│ 101,5│ 101,7│
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│Кызмат │млн.сом│145216,7 │171613,9│200047,0│231727,8│267728,6│
│көрсөтүүлөр │ │ │ │ │ │ │
├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│өсүш темпи │ % │ 110,71│ 104,0│ 104,1│ 104,6│ 105,1│
├───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┤
│(*) - сатылып алынуучу электр энергияны жана газды эске албаганда, │
│иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнү эске алуу менен │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
(3) дүң кошумча наркына ылайык өсүш темпи
|
|