Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-октябры № 761
"Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Сабиров, М.И.Бакиров жана А.Ж.Эшимовдор тарабынан демилге кылынган "Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Сабиров, М.И.Бакиров жана А.Ж.Эшимовдор тарабынан демилгеленген "Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары Өкмөт) каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Мында, Өкмөт тарабынан пенсиялардын, мамлекеттик жөлөкпулдардын, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, дене тарбия, спорт жана башкалардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын белгилеп кетүү зарыл.
Пенсиялар. Пенсияларды жогорулатуу 2010-жылы үч этап менен ишке ашырылган: 2010-жылдын 1-январынан баштап электр энергияга компенсациялык төлөөлөрдүн өлчөмү, 2010-жылдын 1-мартынан - пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү жана 2010-жылдын 1-октябрынан - пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү көбөйтүлгөн. Жыйынтыгында пенсиянын орточо номиналдык өлчөмү 2009-жылга салыштырмалуу 35,4%ке көбөйгөн. 2010-жылы пенсиялардын өлчөмүн жогорулатууга жалпы керектөө 3659,1 млн.сомду түздү.
Мындан тышкары, 2010-жылы аскер кызматчылардын пенсияларынын өлчөмүн жогорулатуу бир нече этапта жүргүзүлдү. 2010-жылдын 1-январынан баштап пенсиялардын өлчөмүн индекстөө жүргүзүлдү жана мурда ай сайын коммуналдык кызматтарга элүү процент арзандатылган акы төлөөгө укугу бар пенсионер-аскер кызматчыларга коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жеңилдиктин ордуна 650 сом өлчөмдөгү айлык сайынкы акчалай компенсация белгиленген. Ошондой эле 2010-жылдын 1-январынан тартып аскер кызматчыларга пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү паектук акчалардын чектик өлчөмү белгиленген (Өкмөттүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 токтому).
2011-жылы пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу эки этапта жүргүзүлгөн (1-майда жана 1-октябрда). Натыйжада пенсиялардын орточо өлчөмү 2010-жылга салыштырмалуу 36%ке (инфляция 16,6%) көбөйгөн. 2011-жылы пенсияларды жогорулатууга жалпы кошумча керектөө 2,6 млрд.сомду түзгөн.
2012-жылы пенсиялардын өлчөмүн эки этаптуу жогорулатуу пенсиялардын орточо өлчөмүн 4270 сомго жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
2012-жылы пенсиялардын орточо өлчөмүнүн өсүшү 510 сомду, же былтыркы жылга салыштырмалуу 114%ти түзөт, мында инфляция 103,5%. Эки этаптуу жогорулатууга кошумча керектөөлөрдүн жалпы суммасы 1903,2 млн.сомду түзөт.
Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө. 2010-жылдын январынан 2011-жылдын июлуна чейинки мезгилинде кепилденген минималдуу киреше 240тан 370 сомго чейин жогорулаган (же 54%ке).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 токтомуна ылайык кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 2012-жылдын 1-ноябрынан баштап 580 сомду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ар айлык социалдык жөлөкпул орточо алганда 1,5 эсеге жогорулаган.
Эмгек акы. Иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үчүн материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында 2011-жылдын 1-майынан баштап эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарына өтүү ишке ашырылган. 2011-жылдын бюджетинде бул максатка 10,4 млрд.сом каралган жана төмөнкү чөйрөлөрдө эмгек акы жогорулатылган:
- билим берүү - 6,5 млрд.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 токтому);
- дене тарбия жана спорт - 8,3 млн.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 токтому);
- маданият, искусство жана маалымат - 108 млн.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 токтому);
- саламаттык сактоо - 3,6 млрд.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 токтому);
- социалдык коргоо - 69,5 млн.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 токтому);
- илим, 2011-жылдын 1-сентябрынан баштап - 93,8 млн.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 432 токтому).
Ошондой эле, 2011-жылдын 1-сентябрынан баштап социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын эмгек акысы жогорулаган - 800 млн.сомдон ашык бөлүнгөн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 токтому).
Жүргүзүлүп жаткан реформанын чегинде социалдык сектордун кызматкерлерине эмгек акы 2011-жылы 2,5-3,5 эсе көбөйтүлгөн. Республиканын бийик тоолуу жана алыскы региондорунда жайгашкан социалдык чөйрөнүн уюмдарында иштеген кызматкерлери үчүн эмгек акы баарынан көп көбөйтүлгөн.
Пенсиялардын, жөлөкпулдардын жана эмгек акынын өлчөмдөрүн көбөйтүү боюнча Өкмөттүн жогоруда аталган мамлекеттик чаралары эң биринчиден калктын социалдык аялуу катмарларынын социалдык-экономикалык абалын жана жашоосунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин финансылык-экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жана кирешелерин көбөйтүүгө багытталган.
Жогоруда айтылгандарды көңүлгө алуу менен, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын эске алып "Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Момуналиев |