Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 194 токтому менен бекитилген
|
2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
Киришүү
2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) Кыргыз Республикасында камсыздандырууну андан ары өнүктүрүү, жарандарды жана юридикалык жактарды камсыздандырып коргоону камсыз кылуу, ошондой эле төмөнкүлөрдү аныктоо максатында иштелип чыкты:
- камсыздандыруу базарын мамлекеттик жөнгө салуу ыкмаларын;
- камсыздандыруу базарын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын;
- камсыздандыруу базарын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-июлундагы № 474 токтому менен бекитилген 2003-2010-жылдарда Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясында чагылдырылган камсыздандыруу базарын өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын ырааттуулук жана уланмалуулук принциптери жана Кыргыз Республикасында камсыздандырууну өнүктүрүү жаатындагы негизги багыттарды аныктоо жана жарандардын, юридикалык жактардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуунун натыйжалуу камсыздандыруу тутумун түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурда белгилеген демилгелерди улантуу маселеси концепциянын долбоорунда эске алынган.
Финансылык базарды реформалоону активдештирүү, республиканын финансы системасынын ишин өркүндөтүү жана анын туруктуулугун колдоо чараларын иштеп чыгуу, банктык эмес финансы мекемелерин, баалуу кагаздар базарын, финансылык отчеттун жана аудитордук иштин стандарттарын мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү андан ары күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-сентябрындагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы № 96 Жарлыгына ылайык бул агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы болуп кайра түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (мындан ары - камсыздандыруу ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында иштеп жатат. Камсыздандыруу ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты: www.fsa.kg түзүлгөн.
Камсыздандыруу ишин өнүктүрүүгө көмөк берүүчү мыйзамдык базаны түзүү максатында "Евразиялык экономикалык шериктештиктин алкагында камсыздандыруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө", "Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин жалпы камсыздандыруу базарын түзүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу", "Аскер кызматчыларынын жана машыгууларга жана агайын жыйымдарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдү жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кызматкердин эмгек (кызматтык) милдеттенмелерин аткаруу учурунда анын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндар үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштеткен уюмдардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынган.
Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүн киргизүү, ыктыярдуу камсыздандыруунун түрлөрү боюнча камсыздандыруунун жаңы продуктуларын камсыздандыруучуларга көрсөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана капиталдарынын өсүшүн камсыз кылуу, камсыздандыруу ресурстарын улуттук экономикага инвестиция кылууга көмөктөшүүчү механизмдердин комплексин иштеп чыгуу жана өздөштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир катар токтомдору кабыл алынган. Алар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 "Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жана каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздар (сукук) тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө", 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 266 "Келип түшкөн камсыздандыруу сыйлыктары жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндөгү маалыматтар" боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын отчет берүүсүнүн формасын жана мөөнөттөрүн бекитүү тууралуу", 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 299 "Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүндө", 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу", 2011-жылдын 23-августундагы № 481 "Камсыздандыруу уюмдарынын жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун финансылык отчетторду берүүсүнүн жана жарыялоосунун тартиби жөнүндө", 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 712 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобону бекитүү тууралуу", 2005-жылдын 3-февралындагы № 55 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу", 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликтерди милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчиликтердин лимиттерин) бекитүү жөнүндө", 2011-жылдын 1-июнундагы № 278 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык чендер жана пруденциялык чендердин аткарылышы жөнүндө отчет берүү тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө", 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө", 2009-жылдын 5-августундагы № 500 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу", 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө", 2011-жылдын 5-январындагы № 3 "Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомдору.
2003-2010-жылдарда Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу базарын өнүктүрүүнүн концепциясы Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарынын өнүгүшүнө жана камсыздандырылуучулардын да, камсыздандыруучулардын да кызыкчылыктарын коргоого белгилүү салым кошту.
2003-2010-жылдарда Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу базарын өнүктүрүүнүн концепциясында аныкталган негизги багыттар жалпысынан аткарылды. 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүүнүн концепциясынын жаңы долбоорун кабыл алуу актуалдуу жана максатка ылайыктуу болуп саналат. Анткени Кыргыз Республикасында камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча камсыздандыруу чөйрөсүндө орун алган маселелердин чечилишин, артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жүрүп жатат жана изденүүлөр, кечиктирилгис чаралар кабыл алынып жатат.
Бул Концепция жана 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарынын ишенимдүү иштешин жана анын туруктуу өнүгүшүн камсыздоого багытталган.
1. Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарынын
өнүгүү абалы жана проблемалары
§ 1.1. Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарынын
азыркы абалы
2013-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 16 камсыздандыруу уюму, анын ичинде эки кайра камсыздандыруу уюму иштеп жатат.
Камсыздандыруу уюмдары тарабынан ыктыярдуу камсыздандыруунун 84төн ашык түрү жана милдеттүү камсыздандыруунун 5 түрү жүргүзүлүүдө. Өздөрүнүн уставдык капиталдарын камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча иш жүргүзүүгө лицензияларды алган 11 камсыздандыруу уюму 50 млн. сомго, кайра камсыздандыруучу 2 уюм 100 млн. сомго чейин жана камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү менен гана иш жүргүзгөн 3 камсыздандыруу уюму 25 млн. сомго чейин жана андан ашуунга жогорулатышты.
Камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү жыл сайын өсүүдө, буга байланыштуу камсыздандыруу уюмдары менен камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучулардын саны өсүп жатат. 2005-жылга чейин негизинен мүлктү жана жеке камсыздандыруу өнүгүп келди. 2005-жылдан тартып жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу өнүгө баштады, ал эми 2010-жылдан тартып жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун 4 түрү күчүнө кирди.
2012-жылы камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү 2005-жылга салыштырганда 6 эседен ашуунга өстү, башкача айтканда, 135,3 млн. сомдон 839,9 млн. сомго чейин, жеке камсыздандыруу 3 эседен ашуунга, башкача айтканда 20,1 млн. сомдон 77,6 млн. сомго чейин, мүлктү камсыздандыруу 8 эседен ашуунга, башкача айтканда 75,2 млн. сомдон 615,8 млн. сомго чейин, жоопкерчиликтерди камсыздандыруу боюнча 171,2%, башкача айтканда 25,7 млн. сомдон 69,7 млн. сомго чейин көбөйдү.
2012-жылдагы камсыздандыруу сыйлыктарынын негизги үлүшүн мүлктүк камсыздандыруу ээлейт, анда ага камсыздандыруу сыйлыктарынын жалпы суммасынын 73,3%, жеке камсыздандырууга 9,3%, жоопкерчиликтерди камсыздандырууга 8,3%, жарандык жоопкерчиликтерди милдеттүү камсыздандырууга 9,1% туура келет.
2010-жылдын 1-июлунан тартып 2010-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы 17,1 млн. сомду, 2011-жылы 66,8 млн. сомду, ал эми 2012-жылы 76,8 млн. сомду түзгөн.
2012-жылы жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу менен 541 чарба субъекти камтылды жана 967 камсыздандыруу келишими түзүлгөн.
2012-жылы республиканын бюджетине сатуудан салык түрүндө келип түшкөн камсыздандыруу сыйлыктары 5,7 млн. сомду түздү, бул 2011-жылга салыштырганда 42%га аз.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары 2012-жылы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 49,9 млн. сом суммасында салык төлөгөн, бул 2005-жылдагыга караганда 6,4 эсеге, ал эми 2010-жылдагыга караганда 18%га көп.
2012-жылы камсыздандыруу уюмдары төлөгөн камсыздандыруу төлөмдөрү 2005-жылга салыштырганда 94%, башкача айтканда 26,4 млн. сомдон 51,2 млн. сомго чейин көбөйгөн, анын ичинде жеке камсыздандыруу 5,8 эсеге, башкача айтканда 2,7 млн. сомдон 15,8 млн. сомго чейин, мүлктү камсыздандыруу 3,2 эсеге, башкача айтканда 9,5 млн. сомдон 30,1 млн. сомго чейин, жоопкерчиликтерди камсыздандыруу 65,0%га, башкача айтканда 2,0 млн. сомдон 3,3 млн. сомго чейин көбөйгөн. 2010-2011-жылдары милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлгөн эмес, анткени жүгүртүүлөр болгон эмес, ал эми 2012-жылы - 2,0 млн. сомду түздү.
2012-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги үлүшүн төмөнкүлөр түздү: мүлктүк камсыздандыруу 30,1 млн. сомду түздү, алар 2011-жылга салыштырганда 1,5 эсеге азайды, жеке камсыздандыруу 15,8 млн. сомду түзүп 1,2 эсеге, жоопкерчиликтерди камсыздандыруу 3,3 млн. сомду түзүп 1,1 эсеге көбөйдү.
Камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жана камсыздандыруу сыйлыктарынын катышы 2012-жылда 6,1%ды түздү.
Мындан тышкары жылдан жылга камсыздандыруу уюмдарынын капиталдары жана активдери өсүп жатат, бул алардын акы төлөөгө жөндөмдүү, финансылык жактан туруктуу экендигин айгинелейт.
Камсыздандыруу уюмдарынын жыйынды активдери 2012-жылы 1376,5 млн. сомду түздү, 2006-жылга салыштырганда дээрлик 6 эсеге, ал эми 2011-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн.
Камсыздандыруу уюмдарынын өз капиталдарынын жыйындысы 2012-жылы 1111,1 млн. сомду түздү жана 2006-жылга салыштырганда 5,4 эсеге, ал эми 2011-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн.
Милдеттенме 2012-жылы 2006-жылдагыга салыштырганда 72,5 пайызга, 2011-жылдагыдан 42,7 пайызга көбөйдү жана 228,6 млн. сомду түздү.
Колдонуудагы камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары түзгөн камсыздандыруу резервдеринин көлөмү 2012-жылы 113,4 млн. сомду түзгөн, ал 2006-жылга салыштырганда 4,6 эсеге, ал эми 2011-жылга салыштырганда 12,1%га көбөйгөн.
2005-2006-жылдары камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу сыйлыктарынын ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү 0,13%ды, 2007-жылы - 0,14%ды, 2008-жылы - 0,15%ды, 2009-жылы - 0,24%ды, 2010-жылы 0,25%ды, 2011-жылы 0,26%ды, ал эми 2012-жылы 0,28%ды түздү, ал 2006-жылга салыштырганда 2,2 эсеге көбөйгөн.
2012-жылдагы камсыздандыруу уюмдарынын жайгаштырган камсыздандыруу резервдеринин жана акча каражаттарынын коммерциялык банктарга салынган негизги үлүшүн төмөнкүлөр түздү: Кыргыз Республикасынын акционердик коомдорунун баалуу кагаздары - 49,0%ды, коммерциялык банктардагы салымдар жайгаштырылган каражаттардын жалпы көлөмүнө карата 35,5%ды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары 3,8%ды, карыздар 11,7%ды.
2012-жылы жайгаштырылган каражаттардын суммасы 781,4 млн. сомду түздү жана 2011-жылдагыга салыштырганда 622,8%га көбөйгөн.
ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетине караштуу камсыздандыруу көзөмөлү жана жөнгө салуу органдарынын жетекчилери менен кызматташтыктын жана КМШнын мамлекеттер аралык координациялык кеңешинин алкагында жылына 2 жолу өткөрүлө турган жыйындар камсыздандыруу иши жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, камсыздандыруу базарын кеңейтүүгө, улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө, камсыздандыруу базарларына катышуучулардын ортолорундагы ишкер байланыштарды чыңдоого, финансылык-экономикалык байланыштардын өнүгүшүн турукташтырууга кеңири жол ачып жатат.
§ 1.2. Кыргыз Республикасында камсыздандырууну өнүктүрүүнүн
проблемалары
Бюджеттик каражаттардын, жарандардын жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен табигат кырсыктарынын, кыйроолордун жана кокустан болгон бүлгүндөрдүн кесепеттерин жоюу менен байланышкан олуттуу чыгашанын ордун толтуруу тандалма жүргүзүлүп, анын кесепетинен жарандардын жана юридикалык жактардын чоң бөлүгүнүн кызыкчылыктары жана чегүүдө. Ошондой эле ишкердик тобокелдиктеринин жоготуулары өсүп жатат.
Кыргыз бизнесинин кыйла ыкчам өнүгүп келе жаткан чөйрөсүнүн бири камсыздандыруу болуп саналат. Камсыздандыруу кызматы базарындагы операциялар уламдан улам өсүп жатат. Ошого карабастан төмөнкүдөй факторлор камсыздандыруунун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатат:
- жарандардын жана юридикалык жактардын камсыздандыруу кызматтарына болгон акы төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана суроо талаптарынын учурдагы деңгээлинин төмөндүгү камсыздандырууну талаптагыдай өнүктүрүүгө көмөк бербейт;
- камсыздандыруу резервдерин узак мөөнөткө жайгаштыруучу ишенимдүү финансылык куралдардын, өтүмдүүлүгү жогору финансылык куралдардын жетиштүү көлөмүнүн жоктугу жана жергиликтүү компаниялардын баалуу кагаздарынын кирешелүүлүгүнүн төмөндүгү камсыздандыруу компанияларына камсыздандыруу резервдерин кыйла натыйжалуу инвестициялоого мүмкүнчүлүк бербей жатат;
- камсыздандыруу продуктуларын жана кызматтарын алуу маселелери боюнча потенциалдуу керектөөчүлөрдүн камсыздандыруу маданиятынын деңгээлинин жетишсиздиги камсыздандыруучу коргоо механизмдерин пайдаланууну жана өнүктүрүүнү чектөөдө;
- камсыздануучулардын милдеттүү камсыздандыруу мыйзамдарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн таасир тийгизүүчү администрациялык чаралардын жоктугу камсыздандыруу компанияларынын бул мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуусуна мүмкүндүк бербей жатат;
- лицензиясы бар актуарийлердин жоктугу камсыздандыруу резервдеринин, камсыздандыруу тарифтеринин эсептерин жүргүзүүгө, актуардык иш жаатында консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк бербей жатат.
2. Кыргыз Республикасында камсыздандырууну өнүктүрүүнүн
негизги максаттары, милдеттери, артыкчылыктуу
багыттары жана милдеттүү камсыздандыруу принциптери
§ 2.1. Кыргыз Республикасында камсыздандырууну өнүктүрүүнүн
негизги максаттары, милдеттери жана милдеттүү
камсыздандыруу принциптери
Кыргыз Республикасында камсыздандырууну өнүктүрүүнүн негизги максаттары калктын, уюмдардын жана мамлекеттин камсыздандыруу коргоосуна муктаждыктарын канааттандыруу чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат, алар ишкердик ишти кеңейтүүнүн жана мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү инвестициялык ресурстарды топтоонун түрткү берүүчүсү болуп саналат.
Бул максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү керек:
1) Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу базарын андан ары өнүктүрүү;
2) камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөөнү өркүндөтүү;
3) камсыздандыруу базарынын инфратүзүмүн (актуарийлер институтун, брокерлер институтун, чыгымдарды жана дооматтарды жөнгө салуу институтун, авариялык комиссар институтун ж.б.) андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
4) камсыздандыруунун (өмүрдү) топтомо түрлөрүнүн механизмдерин пайдалануу менен узак мөөнөттүү инвестицияларга калктын жыйнаган акчаларын которууга түрткү берүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү, башкача айтканда жекече камсыздандырууну өнүктүрүү;
5) камсыздандыруунун ыктыярдуу жана милдеттүү түрлөрүн өнүктүрүүгө көмөк берүүчү мыйзамдык, ченемдик жана методологиялык базаларды өркүндөтүү;
6) камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана капиталдашынын өсүшүн камсыз кылуу;
7) улуттук камсыздандыруу индустриясынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен максаттуу иш жүргүзүү аркылуу калктын камсыздандыруу маданиятын жогорулатуу;
8) кайра камсыздандыруу жана бирге камсыздандыруу механизмдерин өркүндөтүү.
Милдеттүү камсыздандырууну өнүктүрүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- зыяндардын төлөнүп берилишинин кепилдиги жана милдеттүүлүгү принциби. Камсыздандыруу окуясынын жагдайларына жана башка факторлорго карабастан мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө жабыркаган адамга камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилиши керек. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнүшүн камсыз кылуу максатында кепилдик фонддору түзүлүшү мүмкүн;
- жалпылык принциби. Мыйзамда көрсөтүлгөн объекттерди туташ милдеттүү камсыздандырууга тартуу;
- камсыздандыруу төлөмдөрүн ченемдештирүү принциби. Камсыздандырууну баалоону жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүнү жөнөкөйлөтүү максатында камсыздандыруу суммаларынын кичинекей өлчөмдөрү (жоопкерчиликтин чектери) белгилениши керек, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;
- тарифтештирүү принциби. Камсыздандыруу кооптуулугунун баасынын минимум деңгээлин чагылдыруучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча белгилүү бир тарифтик бааны белгилөөнү кароо тарифтештирүүнүн принциби болуп калууга тийиш. Камсыздандыруу сыйлыктарын эсептеп чыгуу үчүн камсыздандыруу тарифтери лицензиясы бар актуарийлер тарабынан ишке ашырылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
§ 2.2. Кыргыз Республикасында камсыздандырууну өнүктүрүүнүн
артыкчылыктуу багыттары
Милдеттүү камсыздандыруу калктын, юридикалык жактардын кооптуу топтору үчүн камсыздандырып коргоону түзүүгө мүмкүндүк берген артыкчылыктуу, социалдык маанилүү объекттерге, ошондой эле зыяндарды төлөп берүүгө жумшалган мамлекеттик чыгымдарды кыйла кыскартууга багытталган.
Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнүн болушунун зарылдыгы анын зор социалдык маанисинен келип чыгат. Милдеттүү камсыздандыруунун айрым түрлөрү өлкөнүн калкынын көпчүлүгүн кошумча социалдык коргоону камсыз кылуучу топко кирет. Милдеттүү камсыздандыруунун ролу адамдардын өмүрүн жана мүлктөрдү жоготуу кооптуулугун төмөндөтүүнү камсыз кылууну эле эмес, социалдык миссияны аткарууда да жатат.
"Кооптуу жүктөрдү ташуунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштеткен уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 113 токтому 2010-жылдын 26-февралында кабыл алынган, ал 2010-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген.
Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынгандан кийин камсыздандыруунун бул түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтерин жана жоопкерчилик чектерин кайра кароо боюнча иштерди улантуу, ошондой эле жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Мындан тышкары, бул иш-чаралар менен удаалаш эле милдеттүү камсыздандыруу эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитиши жөнүндө ченемдерди белгилөө бөлүгүндө, "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу керек.
Керектүү ченемдик укуктук база түзүлгөн учурда 3-5 жылдын ичинде милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү - мүлктү камсыздандыруу жана жоопкерчиликтерди камсыздандыруу ыкчам арым менен өнүгүүгө тийиш.
Ишкердикти өнүктүрүү төмөнкүлөрдү болжолдойт: товарларды өндүрүү, иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү учурунда, алардын натыйжасында үчүнчү жакка зыяндар келтирилиши мүмкүн болгон жоопкерчиликтерди камсыздандырууну ишке ашырууну, ошондой эле нотариустардын, риэлтерлердин, аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын, туроператорлордун жана турагенттердин ж.б. кесиптик жоопкерчиликтерин да камсыздандырууну. Өтө сейрек кездешүүчү жаратылыш ресурстарына ээлик кылган Кыргыз Республикасы эл аралык жана региондук базарларда туризмди өнүктүрүү үчүн пайдаланыла элек өтө зор күч кубаттарга ээ. Кыргызстанда туристтик кызмат көрсөтүү базары түзүлүп калды, анда бүгүнкү күндө жеке сектордун үлүшү арбын. Туризмди натыйжалуу өнүктүрүү милдети чечилсе Кыргызстанга туристтердин келүүсүн жана өлкөнүн экономикасына акчалардын келип түшүү агымын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасында жыл сайын 3000ден ашуун өрт чыгат, алардан келтирилген жалпы зыян 1,5 млрд. сомду түзөт. Бардык өрттөрдүн 60%дан ашууну турак жай секторунда болууда жана жүздөгөн үй-бүлөлөр турак жайынан айрылып калышууда. Ушуга байланыштуу өрт кесепетинен улам материалдык жардам көрсөтүүнү сурап кайрылган жарандардан жыл сайын жүздөгөн каттар бийлик органдарына келип түшөт. Ушундай эле өтүнүчтөр бизнеси өрттөн жапа чеккен ишкерлерден да келип түшүүдө. Өрттөн жапа чеккендердин бардыгына мамлекет бюджеттин тартыштыгынан улам жардам көрсөтө албайт.
Жол транспорт кырсыгы (мындан ары - ЖТК) болгон учурда үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна жана/же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн, анын кесепетинен күнөөлүү адам ЖТК болгон жерден качып кетсе жана анын ким экени аныкталбаса, ошондой эле камсыздандыруучу мажбур кылынып жоюлган учурда жоопкерчиликтердин чектеринин көлөмдөрүнүн алкагында милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча кепилдик төлөмдөрдү иш жүзүнө ашыруу үчүн Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу (мындан ары - АКЖМК) боюнча кепилдик фондусун түзүү керек. Ошондой эле АКЖМК боюнча автоматташтырылган маалыматтык борборду (мындан ары - АМБ) түзүү зарыл. Анткени ал транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу ишинин жүрүшүндө жана анын иш жүзүнө ашырылышына көзөмөл коюунун жүрүшүндө, өзүнүн иш-милдеттеринин жана расмий укуктарынын алкагында кепилдик фондго катышуучулардын, камсыздандыруу уюмдарынын жана алардын кесипкөй бирикмелеринин, камсыздандыруу ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кызыкчылыктары бар министрликтердин жана ведомстволордун ортосундагы маалымат алышууну камсыз кылат.
Ыктыярдуу жеке камсыздандыруунун өнүгүшү жакынкы келечекте бир эле камсыздандыруучунун жеке камсыздандырууну (топтомо) жана мүлктү камсыздандырууну ишке ашыруусун жок кылуучу камсыздандыруу уюмдарынын адистешүү боюнча бөлүнүшүнө алып келиши керек.
Өмүрдү камсыздандыруу ыктыярдуу жеке камсыздандырууну өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп калышы керек. Өмүрдү камсыздандыруу камсыздандыруу ишинин маанилүү чөйрөсү, экономиканын ийгиликтүү өсүшүнө өбөлгө болуучу олуттуу инвестициялык ресурстардын салттуу жана туруктуу булагы болуп саналат. Өнүккөн өлкөлөрдө өмүрдү камсыздандыруу операциялары боюнча камсыздандыруу уюмдары түзгөн резервдер ички инвестициянын маанилүү булагы болуп саналат. Кыргыз Республикасында камсыздандыруунун бул түрүн кеңейтүү үчүн тиешелүү салыктык түрткү берүүлөр, башкача айтканда жеке адамдын өмүрдү узак мөөнөттүү топтомо камсыздандыруусуна жумшаган чыгымдарын салык алуу базасынан жарым-жартылай же толук алып таштоо зарыл. Камсыздандыруу келишими боюнча топтолгон суммаларды камсыздандыруучулардын жана камсыздандырылган адамдардын алышына кепилдик берген системаны түзүү өмүрдү узак мөөнөткө камсыздандырууну өнүктүрүүнүн өбөлгөсү болуп калышы керек.
Ошондой эле азыркы учурда медициналык камсыздандыруунун милдеттүү да жана ыктыярдуу да түрлөрүнүн ролу өсүп баратат. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу калк үчүн негизги медициналык кызматтарды алуусун жеткиликтүү кылат, иштеген да, иштебеген да калкты медициналык жактан тейлөөнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатат, тейлөөнүн жогорку сервисин жана сапатын пациенттерге камсыз кылат, дарттардын дабасын табуунун кымбат баалуу методдорун, жогорку квалификациялуу адистердин кеп-кеңештерин жеткиликтүү кылат.
Камсыздандыруунун түрлөрүнүн жалпы өнүгүшү үчүн төмөнкүдөй белгилүү шарттар керек:
- туруктуу экономика;
- калктын кирешесинин өсүшү;
- финансы институттарына болгон ишеним;
- салык жеңилдиктери ж.б.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу камсыздандыруунун бул түрлөрүн ишке ашырууда мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү талап кылынат.
Камсыздандырууну андан ары өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй 5 артыкчылыктуу багыттар белгиленген:
1) 2008-жылы кабыл алынган эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарып жаткан учурда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндар үчүн иш берүүчүнүн жарандык жоопкерчиликтерин, ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы, кооптуу жүктөрдү ташуучунун, кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштеткен уюмдардын жарандык жоопкерчиликтерин камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүн андан ары ишке ашыруу.
2) Милдеттүү камсыздандыруунун жаңы түрлөрүн киргизүү жана камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрүн өркүндөтүү:
а) нотариустардын кесиптик жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу нотариустук ишти жүргүзүүдө, келишимдерди күбөлөндүрүүдө, жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө болгон менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө, аткаруучулук жазууларды жасоодо, мурастык укук жөнүндө күбөлүк берүүдө, башка нотариустук аракеттерди жасоо учурунда ж.б. кетирилген жаңылыштыктар жана каталар менен байланышкан кооптуулуктарды өзүнө камтууга тийиш;
б) риэлторлордун кесиптик жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу риэлтордук ишти жүргүзүүдө кетирилген жаңылыштыктар жана каталар менен байланышкан кооптуулуктарды камтууга тийиш. Риэлторлордун жоопкерчиликтерин камсыздандыруу турак жай проблемаларын чечүү үчүн фирмаларга кайрылган жарандардын ишеничин арттырууну жана кыймылсыз мүлктү сатып алуучунун коопсуздугун кепилдөөнү кошумчалайт эле;
в) аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу аудитордук ишти жүргүзүүдө, аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө, бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө жана калыбына келтирүүдө; салык декларациясын толтурууда жана мурда башка жактар түзбөгөн бухгалтердик (финансылык) документтерди түзүүдө; салык, финансылык, банктык, башка мыйзамдык жана башка жаңылыштык маселелери боюнча консультациялык кызмат көрсөткөн учурда кетирилген жаңылыштыктар жана каталар менен байланышкан кооптуулуктарды камтууга тийиш;
г) туроператорлордун жана турагенттердин жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу туристтик кызмат көрсөтүүдө туристтердин мүлктүк жана (же) башка кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууда кетирилген жаңылыштыктар жана каталар менен байланышкан кооптуулуктарды камтууга тийиш;
д) капиталдык курулуштардын ээлеринин жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу өрттүн кесепетинен же аны өчүрүүнү уюштурууда өмүргө, ден соолукка же мүлккө келтирилген зыяндардын кесепетинен жапа чеккендердин укуктарын коргоого багытталууга тийиш;
е) өрт өчүрүүчү-куткаруучу кызматтын кызматкерлерин кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу алардын кесиптик милдеттерди аткарышына байланыштуу өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген, өлүмгө, майыптуулукка туш болгон куткаруучулардын укуктарын коргоого багытталууга тийиш;
ж) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу (АКЖМК) транспорт каражаттарын пайдаланууда ЖТКнын кесепетинен зыян келтирилген жапа чегүүчүнүн кызыкчылыктарын коргоого багытталууга тийиш;
з) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы куткаруучуларды жана ыйгарым укуктуу органдардын башка кызматкерлерин кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эмгек келишими (контрактты) менен аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жана ага байланыштуу алынган, өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген, өлүмгө, майыптуулукка туш болгон, ошондой эле кыйроодон куткаруу иштерин аткарууда келип чыккан эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон куткаруучулардын укуктарын коргоого багытталууга тийиш;
и) укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү камсыздандыруу алардын кесиптик кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде жана ага байланыштуу укук коргоо кызматкерлеринин өлүмүнө, майып болушуна жана ден соолугунун башка бузулушуна алып келген зыяндын ордун толтурууга укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин укуктарын коргоо багытталууга тийиш.
Камсыздандыруу кызматтары базарынын негизи жана аны өнүктүрүүнүн резерви ыктыярдуу камсыздандыруу болуп саналат.
Жеке, мүлктүк камсыздандыруу, ошондой эле жоопкерчиликтерди камсыздандыруу ыктыярдуу камсыздандыруунун маанилүү багыты болуп калууга тийиш.
3) Камсыздандыруу иши боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү:
а) төмөнкүдөй максаттарды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ийине жеткире иштеп чыгуу:
- камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бере турган уруксат берүүчү документтерсиз камсыздандыруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактардын жоопкерчиликтерин күчөтүү;
- камсыздандыруу иши чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн тарбиялык жана алдын алуу ролун жогорулатуу;
- милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү болгон жактардын жоопкерчиликтерин күчөтүү;
- жарандык жоопкерчиликтерди милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин талаптагыдай жетик ишке ашырбаган катары администрациялык жоопкерчиликти киргизүү.
Камсыздандыруу базарынын субъекттеринин администрациялык жоопкерчиликтерин жөнгө салган, тутумдаштырылган ченемдерин киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорунун милдеттеринин бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетине караштуу камсыздандырууну жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү органдардын жетекчилеринин кеңешине катышкан өлкөлөрдүн милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө улуттук администрациялык мыйзамдарын интеграциялоо бул мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгын жаратып жатат;
б) Дүйнөлүк банктын сунуштарына ылайык жана камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптерин камсыздандыруу ишин лицензиялоо, камсыздандыруу уюмунун финансылык туруктуулугу жана камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жагындагы камсыздандыруу көзөмөлүнүн эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү максатында "Кыргыз Республикасындагы камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу;
в) Актуардык иш жөнүндө концепциянын долбоорун жана анын Иш-чаралар планын иштеп чыгуу, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн камсыздандыруу тарифтерин жана жоопкерчилик чектерин иштеп чыгууга көмөк берүүчү актуарийлер институтун түзүү. Өмүрдү камсыздандыруунун өнүгүшү актуарийлер институтун түзүүнүн жана камсыздандыруу тарифтеринин эсептери, камсыздандыруу резервдери, инвестициялык программаларды талдоо жана болжолдоо менен байланышкан актуардык иштин негизин мыйзамдуу түрдө белгилөөнүн зарылдыгына алып келет;
г) камсыздандыруу уюмдарынын кудуретсиздигине жана жоюлушуна жол бербөө максатында, камсыздандыруу уюмдарынын уставдык капиталдарынын эң төмөнкү өлчөмүн жогорулатуу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
д) камсыздандыруу уюмдарынын акы төлөө жөндөмдүүлүгүн кепилдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 299 "Камсыздандыруу келишиминдеги айрым коркунучтар боюнча жоопкерчиликтин максималдуу көлөмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
4) Мамлекеттик органдардын камсыздандыруу маданиятын жана калктын активдүүлүгүн жогорулатуу максатында төмөнкүлөрдү иш жүзүнө ашыруу керек:
- камсыздандыруу маселелери боюнча калк арасында консультацияларды өткөрүү;
- камсыздандыруунун бардык түрлөрү боюнча кеңешмелерди, семинарларды, тренингдерди, конференцияларды өткөрүү жана камсыздандыруу маселелерин түшүндүрүү, министрликтердин, ведомстволордун, бизнес-коомчулуктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын өкүлдөрүнө түшүндүрмө берүү үчүн ар кандай мыйзам долбоорлорунун бет ачарларын өткөрүү;
- камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча калктын маалыматтуулугу максатында камсыздандыруу базарына тиешелүү маселелерди жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо;
- өлкөнүн ЖОЖдоруна "Камсыздандыруу иши" сабагын окутуу программасын киргизүү.
5) Камсыздандыруу уюмдарынын инвестициялык ишин өнүктүрүү.
Камсыздандыруучулардын инвестициялык иштери камсыздандыруу резервдерин инвестиция кылууну диверсификациялоого багытталууга тийиш. Камсыздандыруу резервдери багыты жана чыгымдарды актоо мөөнөттөрү боюнча ар түрдүү объекттерге жайгаштырылат.
Инвестициялык иштерди андан ары өркүндөтүү үчүн бош акча каражаттарын орточо мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү баалуу кагаздардын түрлөрүнө инвестиция кылуунун механизмдерин иштеп чыгуу, кооптуулукту азайтууну жана кайтарымдуулукту камсыз кылуу керек.
§ 2.3. Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик тескөөнү жана
көзөмөлдү өнүктүрүү
Камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салуу камсыздандыруунун улуттук системасын өнүктүрүү жана экономиканын камсыздандыруу секторуна таасирдүү көзөмөл жүргүзүү боюнча чаралардын аткарылышын камсыз кылышы керек.
Чечилип жаткан милдеттердин маанилүүлүгүн жана артыкчылыктуулугун, айрым багыттардын натыйжалуулугун эске алып камсыздандыруу базарын колдоо ишке ашырылууга тийиш, аларга төмөнкүлөр кирет:
- кирешеси кепилдик кылынган мамлекеттик атайын баалуу кагаздар түрүндө камсыздандыруунун артыкчылыктуу түрлөрүнүн алкагында топтолгон камсыздандыруу резервдерин камсыздандыруучулар жайгаштырып жаткан учурда кошумча кепилдиктерди түзүү;
- республикалык, ошондой эле жергиликтүү базарлардагы атаандаштыкты чектөөгө багытталган аткаруу бийлиги органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерине тыюу салуу;
- милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүдө камсыздандыруу уюмдары үчүн, анын ичинде белгиленген талаптарга жооп берген, чет элдик капиталы бар камсыздандыруу уюмдары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу;
- улуттук камсыздандыруу базарынан чет элдик камсыздандыруу базарларына камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жана капиталдардын негизсиз агып чыгышына жол бербеген көзөмөлдү күчөтүү жана шарттарды түзүү.
Камсыздандыруучуларга жана камсыздандырууну иш жүзүнө ашырган камсыздануучуларга карата администрациялык мүнөздөгү чараларды жүргүзүү аркылуу мамлекеттик контролду күчөтүү мамлекеттик жөнгө салуунун маанилүү багыты болуп саналат.
Камсыздандыруу базарындагы финансылык ресурстардын өөрчүгөн кыймылына байланыштуу камсыздандыруу көзөмөлүнүн күч-кубатын арттыруучу саясатты төмөнкүлөр аркылуу улантуу зарыл:
- камсыздандыруу базарын жөнгө салуунун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу аркылуу камсыздандыруу ишин тескеген жана көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдын ролун күчөтүү;
- камсыздандыруу уюмдарын түзүү, иштетүү, жоюу жана финансылык абалын жакшыртуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- камсыздандыруу ишин лицензиялоонун шарттарын өркүндөтүү, ченемдик жана башка талаптарды, ыктыярдуу атаандаштыктын принциптерин бузгандыгы үчүн камсыздандыруу уюмдарына карата колдонулуучу жаза чараларынын дифференцияланган системасын түзүү;
- эсепке алуунун жана отчеттун статистикалык түрлөрүн өркүндөтүү;
- камсыздандыруу кызматтарынын бааларын түзүүнүн эл аралык стандарттарына жараша акы төлөө жөндөмдүүлүгүнүн талаптарын жана көрсөткүчтөрүн белгилөө;
- тиешелүү билими, жүктөлгөн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүндүк берүүчү кесиби боюнча иш стажынын болушу жөнүндө камсыздандыруу уюмдарынын кызматкерлерине коюлуучу талаптарды белгилөө, ошондой эле камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу, брокердик, банктык же башка финансылык-насыялык уюмду кудуретсиздикке алып келген кыянаттыктарды пайдаланууга жол берген адамдардын жетекчилик кызматтарга киришине чек койгон чараларды көрүү.
Бул милдеттерди жана камсыздандыруу базарын өнүктүрүү боюнча багыттарды чечүү үчүн камсыздандыруу ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү жүргүзүү зарыл, атап айтканда камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү жана актуардык эсептер бөлүмүн түзүү жолу аркылуу, ал эми иштеп жаткан камсыздандырууну жана топтомо пенсиялык фонддорду өнүктүрүү бөлүмүн өз алдынча иштеген төмөнкүдөй эки бөлүмгө: камсыздандырууну өнүктүрүү бөлүмүнө жана топтомо пенсиялык фонддорду өнүктүрүү бөлүмүнө бөлүү аркылуу кайра түзүү зарыл.
Камсыздандыруу ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши туруктуу түрдө төмөнкүлөр менен эриш-аркак ишке ашырылышы керек:
- камсыздандыруу чөйрөсүндөгү алдамчылык фактыларын болтурбоо максатында укук коргоо жана фискалдык органдар менен;
- камсыздандыруу базарындагы атаандаштыкты өнүктүрүү жана жазгырма атаандаштыкты болтурбоо максатында монополияга каршы саясатты жүргүзгөн мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары менен;
- региондордо камсыздандыруу ишин уюштуруунун жана ишке ашыруунун бирдиктүү методикалык принциптерин иштеп чыгуу, бул деңгээлдерде республиканын мыйзамдарына ылайык келбеген чечимдердин кабыл алынышынан арылуу максатында аткаруу бийлигинин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен;
- Кыргыз Республикасынын камсыздандыруучуларынын кесиптик бирикмелери менен;
- чет өлкөлөрдүн, барыдан мурда ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин жана КМШ өлкөлөрүнүн камсыздандырууну көзөмөлдөө органдары менен.
3. 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу
базарын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруудан
күтүлүүчү натыйжалар
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу өнүккөн шарттарда ата мекендик камсыздандыруу базарынын негизги сандык мүнөздөмөсү (камсыздандыруу акыларынын көлөмү жана камсыздандыруу компанияларынын сыйымдуулугу) 2-3 эсеге өсүшү керек.
Жарандык жоопкерчиликтерди милдеттүү камсыздандырууну караган мыйзам актыларын өздөштүрүүнүн натыйжасында, ыктыярдуу камсыздандыруунун өсүшү менен бирге, камсыздандыруу компаниялары алуучу камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмүн 2017-жылы 1700,0 млн. сомго чейин жеткирүү, же 2011-жылдагыга караганда 2,4 эсеге көбөйтүү (1700,0/709,2) пландаштырылып жатат.
Камсыздандыруу компанияларынын активдеринин көлөмүн 2300,0 млн. сомго жеткирүү, же 2011-жылга караганда 2,2 эсеге көбөйтүү (2300,0/1054,9) пландаштырылып жатат.
Жарандардын мүлктүк жана жеке кызыкчылыктарын коргоону жүргүзүүнүн социалдык мүнөзүн да эске алуу керек. Жакынкы 3-5 жыл ичинде мүлктү милдеттүү камсыздандыруу жана жоопкерчиликти камсыздандыруу кыйла ыкчам арымдуу өнүгүшү керек. Ички дүң продуктудагы камсыздандыруу сыйлыктарынын жыйынды үлүшү 2017-жылы болжол менен 0,5 пайызга жакынды түзөт.
Камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмүнүн өсүшү камсыздандыруучуларга кошумча финансылык каражаттарды топтоого мүмкүндүк берет, алар өлкөнүн экономикасын инвестиция кылуучу финансылык каражаттар булагы катары кызмат кылышат.
Концепцияны ишке ашыруунун натыйжасында милдеттүү камсыздандыруунун айрым түрлөрүн, анын ичинде транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчиликтерин камсыздандыруунун, милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруунун башка түрлөрүн ишке ашыруунун эсебинен Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу базарынын андан ары өнүгүшү күтүлүүдө.
Камсыздандыруу уюмдарынын иши жөнүндө камсыздануучулардын маалымдуулугунун өсүшү, калктын, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринин камсыздандыруу маданиятынын деңгээлинин акырындап жогорулашы камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмүнүн өсүшүнө, камсыздандыруу коргоосунун жарандардын жана юридикалык жактардын кыйла кеңири чөйрөсүнө берилишине жана республиканын бюджетине түшкөн салык түрүндөгү чегерүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшүнө көмөк берет.
Камсыздандыруу кызматтарына ички суроо талаптардын көбөйүшү, камсыздандырууну мамлекеттин жигердүү колдоого алышы жана камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнүн киргизилиши камсыздандыруунун ички базарында таза атаандаштыкты түзүүгө жөндөмдүү ири жана туруктуу улуттук камсыздандыруу компанияларынын түзүлүшүн жана пайда болушун жаратат.
Камсыздандыруу базарынын инфратүзүмүн андан ары реформалоо жана сыйымдуулугун кеңейтүү жарандардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоочу, камсыздандыруу уюмдарынын инвестициялык күч-кубатын жогорулатуучу механизм катары камсыздандыруунун ролун бекемдөөгө жана ата мекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү инвестициянын булагы катары аны пайдаланууга багытталган. Камсыздандыруунун мамлекеттик программаларын (камсыздандыруунун жаңы түрүн кабыл алуу) ишке ашырууда камсыздандыруу компанияларынын топтолгон камсыздандыруу резервдери гана республиканын ички инвестицияларынын кубаттуу булагы (мамлекеттик баалуу кагаздарды ж.б. инвестициялоо) болуп калышы мүмкүн.
Бул Концепцияда каралган милдеттерди жана багыттарды турмушка ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
1) камсыздандыруу базарынын сыйымдуулугун жана республиканын экономикасын өнүктүрүүдөгү анын инвестициялык күч-кубатын көбөйтүүгө;
2) камсыздандыруу базарынын субъекттеринин кесиптик деңгээлин, камсыздандыруу кызматтарынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга;
3) камсыздандыруу коргоосунун аракеттеги түрлөрүнүн жана жаңы түрлөрүнүн натыйжалуулугунун, кызмат көрсөтүүнүн сапатынын жогорулашына;
4) республиканын экономикасынын күч-кубатын чыңдоого жана анын деңгээлин жогорулатууга жооптуу жана кызыкдар болгон камсыздандыруу коргоосунун бардык катышуучуларынын жана түзүмдөрдүн өз ара мамилелеринин натыйжалуулугун өнүктүрүүгө;
5) камсыздандыруу базарын өнүктүрүүнү камсыз кылган мыйзамдык базанын өнүктүрүлүшүнө;
6) калктын жалпы камсыздандыруу маданиятын жана камсыздандыруу коргоосуна талабын, ошондой эле камсыздандыруу кызматын керектөөчүлөрдүн маалыматынын жогорулашына;
7) камсыздандыруу ишин мамлекеттик көзөмөлдөө системасын чыңдоого.