Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-марты № 127
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы № 471, 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 221, 2014-жылдын 22-июлундагы № 410, 2015-жылдын 9-июлу № 472, 2016-жылдын 13-июлундагы № 388 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара пайдалуу варианттарын издөө максатында "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча консультативдик кеңеш (мындан ары - Кеңеш) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кеңеш:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган токтомунун чараларын ишке ашырууну жана координациялоону камсыз кылган консультативдик-кеңешүүчү орган болуп эсептелээри;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, жергиликтүү жана чет элдик эксперттерди жана консультанттарды тартууга жана убактылуу эксперттик топторду түзүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте 1992-2012-жылдагы мезгилде чыгарылган жана "Кумтөр" долбоору боюнча жер аянттарын бөлүп берүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин инвентаризациялоону бир айлык мөөнөттө жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен бирдикте кыргыз тараптын "Центерра Голд Инк." компаниясындагы үлүшүн башкаруунун натыйжалуулугун көтөрүүнүн варианттарын иштеп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тиешелүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын катышуусу менен "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде техникалык долбоорду иштеп чыгуу жана объекттерде рекультивациялык иштерди өткөрүү боюнча талаптарды кыйшаюусуз сактоосу боюнча бардык чараларды көрсүн жана "Кумтөр" долбоорунун объекттерин рекультивациялоо үчүн зарыл болгон финансы ресурстарынын өлчөмүн аныктасын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун талкуулоодо берилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жогоруда аталган иш-чаралардын планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө ай сайын маалыматты даярдоону жана жиберүүнү.
7. "Кыргызалтын" ачык акционердик коому Кеңештин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоону, ошондой эле түзүлгөн убактылуу эксперттик топтордун, тартылган көз карандысыз, анын ичинде эл аралык эксперттердин чыгымдарын каржылоону камсыз кылсын.
8. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна эл аралык юридикалык компаниялардан жана эл аралык финансылык компаниялардан кызмат көрсөтүүлөрдү алар үчүн техникалык тапшырмаларды аныктоо менен ылдамдатылган тартипте бир булактан алуу методу аркылуу сатып алууга уруксат берилсин, аларды аткаруунун натыйжалары "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын талаптагыдай билдирүү максатында Кеңеш тарабынан колдонулат.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 34 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомунун 6-8-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомуна тиркеме |
|
"Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын издөө максатында "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультативдик кеңештин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 388 токтомунун редакциясына ылайык)
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы; |
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; |
Осмоналиев Акылбек Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси -министр; |
Аттокуров Данияр Бексултанович | - | "КСДП" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | "Бир Бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Калмаматов Жыргалбек Айтиевич | - | "Кыргызстан" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков Бакыт Усенович | - | "Республика-Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович | - | "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Мамбеталиева Жылдыз Жеенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Артыкбаев Расул Саткынович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары. |