ТоктомКүчүн жоготту

КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 2-декабры № 819

токтомуна ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 20-февралы № 125

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 258 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-апрелиндеги № 200 токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов

 

 

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 токтомуна 2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)

 

                            ┌───────────┐

                            │ Борбордук │    ┌──────────┐

                            │  аппарат  ├────┤ Коллегия │

                            └─────┬─────┘    └──────────┘

┌───────────────────────────┐     │

│"Спорттук курулмалар жана  │     │

│спорттук камсыздоо         ├─────┼──────────┐

│башкармалыгы" мамлекеттик  │     │          │

│ишканасы                   │     │          │

└───────────────────────────┘     │          │

┌───────────────────────────┐     │     ┌────┴────────────────────────┐

│Дене тарбия жана спорттун  ├─────┤     │1. Республикалык             │

│аймактык бөлүмдөрү         │     │     │адистештирилген спорттук     │

└────────────┬──────────────┘     │     │күрөш (дзюдо, эркин күрөш,   │

┌────────────┴──────────────┐     │     │грек-рим күрөшү, самбо,      │

│1. Аламүдүн райондук       │     │     │аялдар күрөшү) боюнча        │

│балдар-өспүрүмдөр спорттук │     │     │олимпиялык резервдеги        │

│мектеби.                   │     │     │балдар-өспүрүмдөр мектеби.   │

│2. Аламүдүн райондук № 2   │     │     │2. Республикалык             │

│балдар-өспүрүмдөр спорттук │     │     │адистештирилген оор атлетика,│

│мектеби.                   │     │     │жеңил атлетика жана бокс     │

│3. Чүй райондук            │     │     │боюнча балдар-өспүрүмдөр     │

│балдар-өспүрүмдөр спорттук │     │     │мектеби.                     │

│мектеби.                   │     │     │3. Республикалык             │

│4. Панфилов райондук       │     │     │адистештирилген ат спорту    │

│балдар-өспүрүмдөр спорттук │     │     │жана азыркы беш таймаш боюнча│

│мектеби.                   │     │     │олимпиялык резервдеги        │

│5. Кемин райондук          │     │     │балдар-өспүрүмдөр мектеби.   │

│балдар-өспүрүмдөр спорттук │     │     │4. Республикалык             │

│мектеби.                   │     │     │адистештирилген спорттун     │

│6. Жайыл райондук          │     │     │суудагы түрлөрү боюнча       │

│балдар-өспүрүмдөр спорттук │     │     │олимпиялык резервдеги        │

│мектеби.                   │     │     │балдар-өспүрүмдөр мектеби.   │

│7. Жайыл райондук № 2      │     │     │5. Республикалык             │

│балдар-өспүрүмдөр спорттук │     │     │адистештирилген футбол боюнча│

│мектеби.                   │     │     │олимпиялык резервдеги        │

│8. Кочкор райондук         │     │     │балдар-өспүрүмдөр мектеби.   │

│балдар-өспүрүмдөр спорттук │     │     │6. Кыргыз Республикасынын    │

│мектеби.                   │     │     │Түштүк регион боюнча балдар- │

│9. Ак-Талаа райондук       │     │     │өспүрүмдөр спорт мектеби     │

│балдар-өспүрүмдөр спорттук │     │     │                       .     │

│мектеби                    │     │     │7. Кыргыз Республикасынын    │

└───────────────────────────┘     │     │Түштүк регион боюнча         │

┌───────────────────────────┐     │     │олимпиялык резервдеги        │

│Кыргыз Республикасынын     │     │     │балдар-өспүрүмдөр            │

│курама командаларын        ├─────┤     │адистештирилген мектеби.     │

│олимпиялык даярдоо борбору │     │     │8. А.Момунов атындагы футбол │

└───────────────────────────┘     │     │боюнча облустук              │

┌───────────────────────────┐     │     │балдар-өспүрүмдөр мектеби.   │

│Кыргыз Республикасынын     │     │     │9. И.Раззаков атындагы       │

│спортунун улуттук түрлөрүн ├─────┤     │адистештирилген олимпиялык   │

│өнүктүрүү республикалык    │     │     │резервдеги балдар-өспүрүмдөр │

│борбору                    │     │     │мектеби                      │

└───────────────────────────┘     │     └─────────────────────────────┘

┌───────────────────────────┐     │

│Ш.Сыдыков атындагы         │     │

│республикалык олимпиялык   ├─────┘

│резервдеги окуу жайы       │

└───────────────────────────┘