Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 28-февралы № 44
Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179, 2025-жылдын 27-июнундагы № 129, 2025-жылдын 12-августундагы № 198,
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 86-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"86-статья. Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо)
1. Юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө тийиш. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине мамлекеттик каттоонун маалыматтары киргизилет, аны жүргүзүү тартиби юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген мамлекеттик каттоонун маалыматтарын жашырууга, өчүрүүгө, ошондой эле ага анык эмес же толук эмес маалыматтарды киргизүүгө тыюу салынат.
Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Жамааттык уюмдарды каттоо маселелери тиешелүү мыйзам менен жөнгө салынат.
Каттоодон баш тартуу юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жүзөгө ашырылат. Юридикалык жакты түзүүнүн максатка ылайыксыздыгынын жүйөсү боюнча каттоодон баш тартууга жол берилбейт.
Мамлекеттик каттоодон баш тартуу, ошондой эле мындай каттоодон качуу администрациялык иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жак статусуна ээ. Алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет жана катталууга тийиш эмес.
3. Мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак түзүлдү деп эсептелет. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо билдирүү мүнөзүндө болот. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты каттоо үчүн анын уюштуруу жана башка документтерин мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашууну талап кылган ченемдик укуктук актыларды кабып алууга укуксуз.
4. Юридикалык жак юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда гана кайра катталууга тийиш.";
2) 87-статьяда:
а) 4-пунктта:
- биринчи абзацтын биринчи сүйлөмүндө "анан орун алган жери," деген сөздөр алып салынсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Финансы-кредиттик мекемелердин уставдарын кошпогондо, коммерциялык уюмдардын типтүү уставдарын иштеп чыгуу жана бекитүү юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
б) 5-пункттун үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмүндө "Мыйзамда" деген сөз "Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 89-статьяда:
а) расмий тилдеги аталышында "Наименование" деген сөз "Фирменное наименование" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-пункттун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-пунктта "мыйзамга" деген сөз "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Юридикалык жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлөт.";
4) 92-статьянын 3-пунктунда "Мыйзамда" деген сөз "Мыйзамдарда" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 98-статьянын 1-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарында "юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 162-берененин 4-пунктунда "аталышын" деген сөз "фирмалык аталышын" деген сөздөргө алмаштырылсын, расмий тилдеги "месте нахождения фонда;" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене
(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 672-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
162-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-статьянын 3-пунктунун биринчи сүйлөмү "өзгөртүүлөр менен толуктоолор" деген сөздөрдөн кийин "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене
"Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьянын 1-пунктунда "Кредиттик союз" деген сөздөрдөн кийин "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене
(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8-берене
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-беренеде "юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 16-берененин биринчи бөлүгүндө "юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9-берене
(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
10-берене
(КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-берене
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.);
2) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 207 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 717-ст.);
3) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 18-декабрындагы № 313 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1027-ст.);
4) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 241 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1681-ст.);
5) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 35 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2116-ст.);
6) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-декабрындагы № 199 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 18-декабры, № 111);
7) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы № 132 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 918-ст.);
8) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 142 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 928-ст.);
9) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 1-июлундагы № 101 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 677-ст.);
10) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 93 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 509-ст;
11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамынын 7-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 531-ст);
12) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 851-ст.);
13) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын 5-беренесинин 8-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1184-ст.);
14) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1185-ст.);
15) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 55 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 20-апрели, № 35);
16) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-июнундагы № 78 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 20-апрели, № 35);
17) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-декабрындагы № 150 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 17-декабры, № 150).
12-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 16(3465) жарыяланды
Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши иштеп жаткан юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбай тургандыгы белгиленсин. Мындай юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктөр өзүнүн күчүн сактайт жана аларды колдонуунун бүткүл мөөнөтүнө жарактуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;
- ушул Мыйзамды колдонуу маселелери боюнча калктын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |