Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры № 510
Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары:
- Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына аудиттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюшсун;
- Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетин аткарууда бузууларга жана кемчиликтерге жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын буга чейинки аудитинин жыйынтыгы боюнча жазма буйруктарын жана сунуштарын аткарбоого жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карашсын;
- Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштарын аткаруу боюнча ведомстволук иш-чаралар планын (мындан ары - ведомстволук план) иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын буга чейинки аудитинин жыйынтыгы боюнча аткарылбаган жазма буйруктарын жана сунуштарын аткаруу боюнча иш-чараларды ведомстволук планда карашсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштарын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына беришсин;
- жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштарын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-октябрындагы N 84 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн сунуштары | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу мамлекеттик органдар |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттардын калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө нускаманы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү жөнүндө маселени кароо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү: - 03.11.2011-ж. № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомго; | 2020-жылдын III кварталы | ФМ |
- 18.10.2010-ж. № 248 "Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджетинде турган Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө" токтомго | 2020-жылдын III кварталы | ФМ | ||
2 | Максаттуу трансферттерди башкарууну жана бюджеттик жылдын аягында ЖӨБОнун акча каражаттарынын калдыктарын жөнгө салууну өркүндөтүү жөнүндө маселени кароо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун төмөнкүдөй долбоорлорун иштеп чыгуу: |
|
|
- ЖӨБОнун өздүк кирешелерин көбөйтүү үчүн максаттуу трансферттерди берүүнүн методикасын бекитүү тууралуу; | 2020-жылдын III кварталы | ФМ | ||
- түшпөй калган кирешелерди жана финансылык ажырымдарды каржылоого жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын кошо каржылоого максаттуу трансферттерди берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө | 2020-жылдын IV кварталы | ФМ | ||
3 | Коммерциялык банктарда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-пунктун бузуу менен, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксаты жок ачылган алыш-бериш эсептериндеги 2019-жылдын 1-январына карата калдыктарды БКЭге которууга багытталган иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камсыздоо: - 874,0 миң сом; - 1064,1 миң АКШ доллары; - 1,5 миң россия рубли; - аткаруучу агенттиктердин 1,2 млрд. сом суммасындагы өздөштүрүлбөгөн каражаттары | Коммерциялык банктарда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-пунктун бузуу менен, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксаты жок ачылган алыш-бериш эсептериндеги 2019-жылдын 1-январына карата калдыктарды БКЭге которууга багытталган иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камсыздоо: - 874,0 миң сом; - 1064,1 миң АКШ доллары; - 1,5 миң россия рубли; - аткаруучу агенттиктердин 1,2 млрд. сом суммасындагы өздөштүрүлбөгөн каражаттары | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык 2019-жылдын 1-январына карата ченемден ашык ТМБны жана эсептердеги каражаттардын калдыктарын эсепке алуу менен инвентаризациялоо жана калыбына келтирүү боюнча керектүү чараларды көрүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык ченемден ашык ТМБны жана эсептеги каражаттардын калдыктарын калыбына келтирүү | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ, ССМ, ММТМ, ЭСӨМ, БИМ, Айылчарбамин, ӨЭЖМК, Токой агенттиги, Ветфитосанинспекция, Мамэкотехинспекция, Маммүлк, Жогорку сотко караштуу СД (макулдашуу боюнча), ББИМ КББА |
5 | 2018-жылы келечектеги мезгилге (2019-жыл үчүн) киреше салыгына жана социалдык камсыздандыруу чегерүүлөрүнө алдын ала төлөөгө багытталган Мамэкотехинспекция боюнча 12798,9 миң сом суммасындагы каражаттарды бюджетти каржылоодо эсепке алуу (бюджетке кайтаруу) | 2018-жылы келечектеги мезгилге (2019-жыл үчүн) киреше салыгына жана социалдык камсыздандыруу чегерүүлөрүнө алдын ала төлөөгө багытталган Мамэкотехинспекция боюнча 12798,9 миң сом суммасындагы каражатты бюджетти каржылоодо эсепке алуу (бюджетке кайтаруу) | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ, Мамэкотехинспекция |
6 | ӨЭЖМК боюнча кызматтык автомашиналары бар жетекчилердин жол кирелери үчүн 27,6 миң сом суммасындагы негизсиз төлөнгөн каражаттарды бюджетти каржылоодо эсепке алуу (бюджетке кайтаруу) | ӨЭЖМК боюнча кызматтык автомашиналары бар жетекчилердин жол кирелери үчүн 27,6 миң сом суммасындагы негизсиз төлөнгөн каражаттарды бюджетти каржылоодо эсепке алуу (бюджетке кайтаруу) | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ, ӨЭЖМК |
7 | 2019-жылга ӨЭЖМК алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" МИ үчүн каралган 3354,0 миң сом өлчөмүндөгү субсидияларды бюджетти каржылоодо эсепке алуу (бюджетке кайтаруу) | 2019-жылга ӨЭЖМК алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" МИ үчүн каралган 3354,0 миң сом өлчөмүндөгү субсидияларды бюджетти каржылоодо эсепке алуу (бюджетке кайтаруу) | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ, "Кыргызжылуулукэнерго" МИ |
8 | Коммерциялык банктардагы аткаруу агенттиктеринин пайыздык эсептериндеги 26,0 млн. сом суммасындагы каражаттардын калдыгын республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүү | Коммерциялык банктардагы аткаруу агенттиктеринин пайыздык эсептериндеги 26,0 млн. сом суммасындагы каражаттардын калдыгын республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүү | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ |
9 | Минералдык чийкизат базасынын каражаттары боюнча ӨЭЖМК кредиттик карызынын 2,0 млн. сом жана доо мөөнөтү аяктаган депозиттик суммалардын 2,4 млн. сом калдыгын республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүү | Минералдык чийкизат базасынын каражаттары боюнча ӨЭЖМК кредиттик карызынын 2,0 млн. сом жана доо мөөнөтү аяктаган депозиттик суммалардын 2,4 млн. сом калдыгын республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүү маселесин иштеп чыгуу | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ, ӨЭЖМК |
10 | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин (59, 64, 105) беренелерин кезектеги бюджеттик жылга жана эки болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде мамлекеттик карыздын чоңдугун болжолдоо бөлүгүндө карыз туруктуулугунун эл аралык көрсөткүчтөрүн, карыз алуучулардын эсебин, зайымдардын суммасын, аларды төлөө шарттарын, зайымчылар менен кредит берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн тиешелүү макулдашууларды, ошондой эле Казыналыктын системасына БКЭден сырткары ачылган эсептерге бардык акча которууларды эске алуу менен аткарууну камсыздоо | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин (59, 64, 105) беренелерин кезектеги бюджеттик жылга жана эки болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде мамлекеттик карыздын чоңдугун болжолдоо бөлүгүндө карыз туруктуулугунун эл аралык көрсөткүчтөрүн, карыз алуучулардын эсебин, зайымдардын суммасын, аларды төлөө шарттарын, зайымчылар менен кредит берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн тиешелүү макулдашууларды, ошондой эле Казыналыктын системасына БКЭден сырткары ачылган эсептерге бардык акча которууларды эске алуу менен аткарууну камсыздоо | Туруктуу негизде | ФМ |
11 | Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун кассалык планды түзүү процессинде республикалык бюджеттин ресурстарын бирдей жана акыйкаттуу бөлүштүрүү, ошондой эле бюджеттик жол-жобонун толук ачык-айкындыгын камсыздоо максатында, Финансы министрлигинин сайтына такталган кассалык пландарды жайгаштыруу бөлүгүндө аткарууну камсыздоо | Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун кассалык планды түзүү процессинде республикалык бюджеттин ресурстарын бирдей жана акыйкаттуу бөлүштүрүү, ошондой эле бюджеттик жол-жобонун толук ачык-айкындыгын камсыздоо максатында, Финансы министрлигинин сайтына такталган кассалык пландарды жайгаштыруу бөлүгүндө аткарууну камсыздоо | Туруктуу негизде | Министрликтер жана ведомстволор |
12 | КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтому менен бекитилген БКЭ иштөө тартибинин кассалык чыгымдарды такталган кассалык пландын чегинде жүргүзүү үчүн табыштамалардын талаптарын аткарууну камсыз кылуу | КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтому менен бекитилген БКЭ иштөө тартибинин кассалык чыгымдарды такталган кассалык пландын чегинде жүргүзүү үчүн табыштамалардын талаптарын аткарууну камсыз кылуу | Туруктуу негизде | ФМ |
13 | КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 токтому менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибине ылайык түзүлгөн бюджеттин ресурстарын администрациялоону жакшыртуу боюнча зарыл чараларды көрүү | КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 токтому менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибине ылайык түзүлгөн бюджеттин ресурстарын администрациялоону жакшыртуу | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ, МСК, МБК, Маммүлкфонд |
14 | Макулдашуулардын түп нускаларынан тийиштүү көчүрмөлөрүнүн негизинде бардык зайымдык (кредиттик) макулдашууларды жана мамлекеттик кепилдиктерди Эсепке алуу китебинде жазууларды эсепке алуу жана каттоо боюнча зарыл чараларды көрүү | Макулдашуулардын түп нускаларынан тийиштүү көчүрмөлөрүнүн негизинде бардык зайымдык (кредиттик) макулдашууларды жана мамлекеттик кепилдиктерди Эсепке алуу китебинде жазууларды эсепке алуу жана каттоо | Туруктуу негизде | ФМ |
15 | Бардык министрликтерде жана ведомстволордо кызматкерлердин штаттан ашык санын жоюу жана чектүү шаттык санын КР Өкмөтүнүн тийиштүү токтомдоруна ылайык келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү | Ашыкча штаттык саны менен байланышкан бузууларды жоюу | 2019-жылдын IV кварталы | Министрликтер жана ведомстволор |
16 | Бюджеттик каражаттардын өз убагында өздөштүрүлбөгөндүгү үчүн комиссияларды төлөө менен байланышкан кошумча чыгымдарга жол бергендиги үчүн тиешелүү түрдө жоопкерчиликти күчөтүү менен каражаттардын өз убагында өздөштүрүлүшүн аткаруу агенттиктеринин сактоосу боюнча зарыл чараларды көрүү | Бюджеттик каражаттардын өз убагында өздөштүрүлбөгөндүгү үчүн комиссияларды төлөбөө максатында кошумча чыгымдарга жол бергендиги үчүн тиешелүү түрдө жоопкерчиликти күчөтүү менен бюджеттик каражаттардын өз убагында өздөштүрүлүшүн камсыздоо | Туруктуу негизде | Министрликтер жана ведомстволор |
17 | Сот органдарына кайрылуу аркылуу мүлк эсебинен өндүрүү жолу менен бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды мажбурлап төлөтүү боюнча зарыл чараларды көрүү | Сот органдарына кайрылуу аркылуу мүлк эсебинен өндүрүү жолу менен бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды мажбурлап төлөтүү боюнча иш жүргүзүү | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ |
18 | МИП боюнча операцияларды тейлөө эсептери боюнча коммерциялык банктар менен салыштыруу боюнча зарыл чараларды көрүү | МИП боюнча операцияларды тейлөө эсептери боюнча коммерциялык банктар менен салыштыруу | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ |
19 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтомун бузуу менен "Телевидение жана радио берүүлөрдүн радиорелейдик магистралынын республикалык өндүрүш бирикмеси" ачык акционердик коомунун 29,1 млн. сом суммасында МТБМК бөлүнгөн пайызсыз максаттуу зайым боюнча карыздык милдеттенмесин БКБМГАга өткөрүп берүүгө карата чараларды көрүү | МТБМК бөлүнгөн 29,1 млн. сом пайызсыз максаттуу зайым боюнча "Телевидение жана радио берүүлөрдүн радиорелейдик магистралынын республикалык өндүрүш бирикмеси" ААКнын карыздык милдеттенмесин БКБМГАга өткөрүп берүү жөнүндө маселелерди иштеп чыгуу | 2019-жылдын IV кварталы | ФМ, МТБМК |
20 | Бюджеттик жылдын аягына ченемдердин чегиндеги товардык-материалдык баалуулуктардын акча каражаттарын, калдыктарын эсепке алуу жана жүгүртүлүшү жөнүндө жобону бекитүү боюнча белгиленген тартипте ЧУА иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Бюджеттик жылдын аягына ченемдердин чегиндеги товардык-материалдык баалуулуктардын акча каражаттарын, калдыктарын эсепке алуу жана жүгүртүлүшү жөнүндө жобону бекитүү боюнча белгиленген тартипте ЧУА иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2020-жылдын I-II кварталдары | ФМ |
21 | Бюджеттик кредиттердин максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча методологияны, бузуулардын классификациясын жана аларга жол бергендиги үчүн жоопкерчилик чараларын бекитүү боюнча ЧУАларды белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Бюджеттик кредиттердин максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча методологияны, бузуулардын классификациясын жана аларга жол бергендиги үчүн жоопкерчилик чараларын бекитүү боюнча ЧУАларды белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2020-жылдын I-II кварталдары | ФМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
КРӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Айылчарбамин | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ӨЭЖМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
Мамэкотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Ветфитосанинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Маммүлкфонд | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
ФМ БКБМА | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
БИМ КБА | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кесиптик билим берүү агенттиги |
Жогорку сотко караштуу СД | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
БКЭ | - | Бирдиктүү казыналык эсеп |
ТМБ | - | товардык-материалдык баалуулуктар |
МИ | - | мамлекеттик ишкана |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |