Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК банкынын ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-марты № 120/10-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
2021-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылышат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 31 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.Марипов | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.Абдыгулов |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮСҮ
2020-жыл адамзат үчүн оңой жыл болгон жок жана биз COVID-19 пандемиясынан улам дүйнөлүк жана улуттук экономиканын өнүгүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизген жаңы чындыкка туш болдук.
COVID-19 пандемиясы соода согуштары, протекционизм жана энергия ресурстарына болгон баанын өзгөрмөлүүлүгү менен катар дүйнөлүк экономиканы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң терең рецессияга алып келди. Трансулуттук соода байланыштары жана жеткирүү тармагы үзгүлтүккө учурап, керектөөчүлөрдүн суроо-талабы төмөндөп, миллиондогон адамдар жумушсуз калышты. Пандемиядан улам 2021-жылдын башында 110-150 миллион адам жакырчылыкка кабылды.
Чектөө чараларын колдонуудан улам бардык өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүк олуттуу түрдө басаңдады, ага ылайык дүйнөлүк сооданын төмөндөшү токтогон жок, Азия жана Тынч океан үчүн БУУнун экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) алдын-ала эсептөөлөрү боюнча 2020-жылы дүйнөлүк соода жалпысынан 14,5%га кыскарган жана бул кыскаруу 2009-жылдан тартып эң чоң төмөндөө болуп эсептелет, ал 22%га кыскарган.
Коронавирус кризисине кабылганда дүйнө жүзү боюнча өкмөттөр финансылык дем берүү механизмдерин иштеп чыгышты. ИДПнын 10-20% үлүшүн түзгөн бюджеттик ассигнованиелер саламаттык сактоого жана пандемияга каршы күрөшүүгө, ошондой эле жарандардын жашоого болгон каражаттарын сактоого багытталды.
Ушундай шарттарда, экономиканын терең түшүп кетүүсүнүн алдын-алуу жана ишкер субъекттердин ишин жана калкты колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) менен бирдикте экономиканы турукташтырууда аларга колдоо көрсөтүү жана дем берүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрдү. Өлкөнүн экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча Иш-чаралар пакети кабыл алынып, ишкер субъекттерди колдоо үчүн фискалдык жана финансылык колдоо чаралары иштелип чыккан жапа ишке ашырылган.
Бирок өлкөдөгү октябрь айында болуп өткөн коомдук-саясий окуялар Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалын татаалдаштырып, терс динамиканы жогорулатты.
Натыйжада Улуттук статистика комитетинин алдын ала болжолдоосу боюнча Кыргыч Республикасында 2020-жылы экономикалык төмөндөөнүн деңгээли Армения менен бир катарда (-7,5%) туруп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен жогорку болуп (-)8,6%ды түздү, Россияда төмөндөө 3,1%ды түздү, Беларуссияда - 0,9%ды, Казакстанда - 2,6%ды түздү, ошол эле мезгилде Кытайда 2020-жылдын август айынан тартып карантиндик чектөөлөрдү ала баштоо менен экономикалык активдүүлүк өсө баштаганы байкалды жака экономика 2,3%га жогорулады.
Координацияланган акча-кредиттик жана салыктык-бюджеттик саясат инфляциянын жылдык орточо деңгээлинин (2020-жылдын январь-декабрынан 2019-жылдын январь-декабрына чейин) орто мөөнөттүү максаттуу багытын 5,0-7,0% деңгээлинде сактоого жардам берип, ал 6,3%ды түздү.
Калкты жана ишкердик субъекттердин ишин колдоо үчүн чыгымдардын көбөйүүсү менен катар бюджеттин тартыштыгынын көлөмү көбөйүп, 2020-жылы ИДПга карата 3,3%ды түздү.
Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсунун өзгөрмөлүүлүгү, мамлекеттик карыздын деңгээлинин кескин өсүшүнө алып келди, ал 2020-жылдын 31-декабрына карата ИДПнын 68,1%ын түздү.
Учурдагы кырдаалга карабастан, Өкмөт социалдык коргоо жана пенсия менен камсыз кылуу жаатында мамлекеттин бардык пландаштырылган милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кыла алды.
Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыз кылуу максатында, 2020-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 480 жана 481 токтомдоруна ылайык пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жүргүзүлдү.
Азыркы учурда дүйнө оор абалда турат. Дүйнөлүк экономиканын жана финансы рынокторундагы туруксуздук динамикасынын сакталышы коронавирус пандемиясынын терс таасиринен улам күчөп жатат, (2020-жылдын төртүнчү кварталында жана 2021-жылдын башында оорулар кескин көбөйүп, өкмөттөрдү кризистин оордугун азайтуу боюнча чараларды сактоого же калыбына келтирүүгө аргасыз кылышты). Узак мөөнөткө созулган экономикалык өсүштүн төмөндөө коркунучу пайда болду. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү пандемияга байланыштуу экономикалык жоготууларды эсептөө боюнча жигердүү иш алып барышууда жана кризистен кийинки экономиканы калыбына келтирүү боюнча программаларды жана пландарды иштеп чыгышууда.
2020-жылдагы окуялар саламаттык сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экономиканын түзүмүндөгү көптөгөн көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Ошондуктан комплекстүү реформаларды жүргүзүү зарыл.
Экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнө өз убагында жооп кайтаруу жана ишкердик жана инвестициялык иштерди колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш түзүлгөн.
Өтүп жаткан окуялардын динамикасына, жаңы чакырыктардын пайда болушуна байланыштуу 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясында чагылдырылган негизги көрсөтмөлөр/багыттар жана саясат иш-чаралары актуалдаштырууга тийиш.
Баалоолорго ылайык, 2021-жылы экономикалык өсүш жай өтөт, анткени COVID-19 пандемиясынын жаңыдан жайылышы ишкердик активдүүлүктү дайым үзгүлтүккө учуратат. Экономиканы калыбына келтирүүгө натыйжалуу эмдөөлөрдүн жайылышы, экономикалык колдоо чараларын улантуу жана ички жана тышкы суроо-талаптын акырындык менен калыбына келиши түрткү болот дел күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылга планы иштелип чыккан, анда чакан жана орто бизнести колдоо, экспорттук-импорттук операциялар жана инвесторлорду коргоо, мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу, социалдык туруктуулукту колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кризис шартында долбоорлорду ишке ашырууга багытталган чаралар камтылган.
Негизги артыкчылык - калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана жыргалчылыгын жогорулатуу.
Өкмөттүн жана Улуттук банктын алдында макроэкономикалык туруктуулукту, анын ичинде керектөө бааларынын өсүшүн ооздуктоо чараларын камсыз кылуу милдети турат, ал үчүн төмөнкү багыт боюнча иш-чараларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат:
1) Өлкөмүн экономикалык өнүгүүсүн калыбына келтирүү, чарба субъекттеринин толук кандуу иштешин жана экономикалык өсүштүн оң динамикасына чыгууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү.
Улуттук экономиканын өсүшүн жогорулатмайынча калктын бакубат жашоо деңгээлин көтөрүү мүмкүн эмес. Өкмөт экономикалык активдүүлүктү колдоого багытталган контрциклдүү макроэкономикалык саясатты уланта берет. Ишканаларды жана жарандарды колдоо (жеке ишкерлерди колдоо, ишкердик ишинин жаңы түрлөрү үчүн жөнгө салуучу негиздерди түзүү, келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу) чараларын ишке ашыруу, инвестицияларды тартуу менен ата мекендик бизнес үчүн жакшы шарттарды түзүү, ошондой эле жаңы "өсүү башаттарын" издөө боюнча иштерин улантат.
2021-жылы жаны карыздык милдеттенмелерди тартууда же кепилдик берүүдө этият мамиле жасоо бюджеттин тартыштыгын кыскартуу жана карыздык кырдаалдын туруктуулугун сактоо максатында бюджеттик консолидация боюнча иштер улантылат. Өркүндөтүү республиканын аймагына жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү аркылуу камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу тармагында өтөт, бул жоопкерчиликтүү жана ак ниет салык төлөөчүлөрдү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын коргоого багытталат. Товарларга байкоо жүргүзүү жана жүгүртүү системасы үчүн улуттук компоненттерди түзүү, өткөрмө пункттарында санариптик видео байкоо системаларын орнотууну аяктоо, ошондой эле "Салык салуу" көрсөткүчү боюнча Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк аренада рейтингин жогорулатуу боюнча иштер пландаштырылууда.
Бюджеттин кирешелерин көбөйтүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу максатында салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү, криптовалюта майнингине салык салуу, акциздик салык салынуучу мунай продуктуларынын тизмесин кеңейтүү, ошондой эле негизги каражаттардын нарктык маанисин актуалдаштыруу, жеке адамдар тарабынан мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо, чегерилген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялары, камсыздандыруу төгүмдөрү үчүн айыптарга ылайык карыздарды реструктуризациялоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлөт.
Фискалдык саясатты өркүндөтүүнүн алкагында Салык кодексин жөнөкөйлөтүүнү, ишкердик активдүүлүккө дем берүүнү жана атаандаштыкты кайра карап чыгуу менен, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча толук масштабдуу иштер башталат.
Бюджеттик-салыктык саясат саламаттык сактоодо биринчи кезектеги чыгымдарды каржылоого, ошондой эле социалдык коргоонун талаптагыдай системасын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө багытталат. Бюджеттик саясат Мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы № 696 токтому), 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 483 токтому) ылайык ишке ашырылат.
2021-жылы чыгымдар социалдык, экономикалык жактан маанилүү, инфратүзүмдүк иш-чараларды каржылоого багытталат, мисалы, соттук-укуктук реформанын алкагындагы иш-чараларды улантуу, калкты жана турак жай фондун кайра каттоо, аймактарды өнүктүрүү, "Коопсуз шаар" компонентинин алкагында иш-чаралар, жолдорду реконструкциялоо ж.б.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу саясаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409 токтому) ылайык жана кыйла артыкчылыктуу программаларды, экономикалык өсүшкө жана жакырчылыкты жоюуга, мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнү каржылоого, мамлекеттик карыздын туруктуулугун сактоого. Өкмөттүн муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган иштер жүзөгө ашырылат. Өкмөттүн мамлекеттик карыздарды башкаруу чөйрөсүндөгү иш-аракеттери карыз алуу менен байланышкан тобокелдиктерди азайтууга жана өлкөнүн мамлекеттик карызын өз убагында төлөп берүү үчүн төлөмдөрдү камсыз кылууга багытталат.
Экономикалык өсүштү калыбына келтирүү үчүн инвестициялар жогорку деңгээл менен камсыз болушу керек. Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу бөлүгүндө инвестициялардын коопсуздугуна, режимдин туруктуулугуна кепилдиктерди жогорулатууга, жөнгө салуунун жеңилдигине жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (мындан ары - МЖӨ) механизмдерин колдонууга негизги көңүл бурулат. Ички жана тышкы инвесторлорго жеңилдиктерди берүү, ошондой эле МЖӨ механизмдерин ишке ашыруу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында Инвестицияларды тартуу боюнча 2021-2025-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы жана Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы иштелип чыгат, мында негизги максат эл аралык мыкты тажрыйбага шайкеш келген МЖӨ чөйрөсүндөгү макулдашылган саясатын камсыздоо жана МЖӨгө карата фискалдык-жоопкерчиликтүү мамилени киргизүү болуп саналат.
Өкмөттүн чакан жапа орто ишкердикти өнүктүрүү боюнча саясаты салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана ишкерлер менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталат.
Атаандаштыкты түзүү, өнүктүрүү жана коргоо үчүн шарттарды түзүү, атаандаштыкты коргоо институттарын өркүндөтүү мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктарынын бири бойдон калат.
Жогоруда аталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу экономика тармактарын андан ары өнүктүрүүнүн негизи болот.
Экономиканын агроөнөр жай сектору өлкөнүн азык-түлүк туруктуулугун жана коопсуздугун, калктын жумуш менен камсыз болушун камсыз кылган негизги тармактардын бири бойдон кала берет, анын негизги максаты өндүрүштүн өсүшүнө шарт түзүү, продукциянын сапатын жогорулатуу болуп саналат.
Өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү 2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 502 токтому), Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 191 токтому) аткаруунун алкагында ишке ашырылат, анда кластер боюнча адистешүүнү көңүлгө алуу менен региондордо өнөр жайын өнүктүрүүгө, каржылоого, инфратүзүмгө, адам ресурстарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, региондордо өнөр жайын колдоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө багытталган.
Тармакты өнүктүрүү региондук принцип боюнча кооперативдештирүү жана кластерлөө аркылуу экспорттук потенциалды жогорулатуу, технополистерди киргизүү, анын ичинде рынокторду диверсификациялоо жана жеткирүү логистикасын жакшыртуу аркылуу каралууда.
Курулуш тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкү багыттар болот: социалдык-маданий объектилерди куруу аркылуу региондордо инфратүзүмдү өнүктүрүү, калктуу конуштарды шаар куруу документтери менен камсыз кылуу, курулуш тармагында иштеген ишкердикти өнүктүрүүдө административдик тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүүнүн андан аркы чаралары жана архитектура-шаар куруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр процессин жөнөкөйлөтүү боюнча чаралары.
Курулуш тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкү багыттар саналат: социалдык-маданий объектилерди куруу аркылуу региондордо инфратүзүмдү өнүктүрүү, калктуу конуштарды шаар куруу документтери менен камсыз кылуу, ишкердикти өнүктүрүүдө административдик тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча мындан аркы чаралар, курулуш индустриясы жана архитектура-шаар куруу чөйрөсүндө кызматтарды алуу процессин жөнөкөйлөтүү чаралары. Кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат алуу документтерин берүү боюнча маалыматтык системаны киргизүү, аяктаган курулуш объектилерин пайдаланууга кабыл алуу тартибин камсыз кылуу, андан кийин "Түндүк" системасына кошулуу пландаштырылууда. Республиканын калктуу конуштарын өнүктүрүүнүн башкы пландарын иштеп чыгуу; социалдык-маданий багыттагы объектилерин куруу жана капиталдык оңдоо; бизнес үчүн административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана архитектура-шаар куруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү боюнча иштер улантылат.
Туризм жаатында өлкөнүн бардык аймактарында табигый, тарыхый жана маданий кооз жерлери бар ички туризмди өнүктүрүүгө чоң, көңүл бурулат. 2021-2025-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасында кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн концепциясы жана 2021-2023-жылдарга туризм тармагын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыгат. Негизги аракеттер жеке секторду ушул тармакка тартууга жана МЖӨнү өнүктүрүүгө багытталат.
Транзиттик потенциалды ишке ашыруу өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон кала берет. Бул багытта негизги автомобиль жолдорун реабилитациялоо боюнча бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат. Учуу коопсуздугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын эл аралык аэропортторун модернизациялоо иштери улантылат. Мындан тышкары, чарба субъекттеринин темир жол менен жүк ташуу жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча суроо-талаптарын канааттандыруу максатында темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү иштер жаңыланган маалыматтык башкаруу системасын (ИСУО) киргизүү жолу менен билим берүүнү санариптештирүү жаатындагы иш-чараларды күчөтүүгө, мурда түрдүү провайдерлерге туташкан республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин була-оптикалык байланыш линияларына (БОБЛ) кайра туташтырууга, Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына мамлекеттик ветеринардык контролдо (көзөмөлдө) жана "Адвокаттардын мамлекеттик реестри" маалыматтык системасында турган электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди берүүгө электрондук программалардын жардамы менен импорттук товарлардын байкоодо болуу программаларын ишке киргизүүгө, калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө болгон жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталат.
Экономикалык коопсуздук жаңы санариптик технологияларын колдонуу менен камсыздалышы керек. Салык жана бажы жол-жоболорун андан ары санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүү жана ишкерлерди колдоодон тышкары көмүскө экономикага каршы натыйжалуу күрөш бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылат жана кабыл алынган социалдык милдеттенмелерди аткарат.
Соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтуу максатында ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде бирдиктүү милдеттүү талаптарды белгилөө боюнча, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин Кыргыз Республикасында өзгөчө шарттарсыз колдонуу жана жүзөгө ашыруу, ага ылайык ЕАЭБдин алкагында техникалык жөнгө салууну экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүнүн деңгээли менен шайкеш келтирүү боюнча иштер улантылат.
2021-жылы тышкы экономикалык иш республиканын экспорттук потенциалынын өсүшү жана өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, тоскоолдуктарды аныктоого жана этап-этабы менен жоюуга багытталган жана аны ишке ашыруу үчүн экспортко багытталган ишканалар үчүн инфратүзүмдү түзүү (транспорттук-логистикалык инфратүзүм, сапаттуу инфратүзүм) жана алардын финансылык ресурстарына жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар түптөлүп, Иш-чаралар планы иштелип чыккан "2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 596 токтому) ылайык ишке ашырылат. Иштин негизги багыттары төмөнкүлөр болот: ата мекендик продукцияны максаттуу рынокторго чыгаруу боюнча иштерди активдештирүү аркылуу экспорттук рынокторду андан ары кеңейтүү; өлкөнүн соода-экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн экономикалык дипломатиянын инструменттерин активдештирүү; ВСП+ бенефициар статусун алгандан кийинки артыкчылыктарды пайдалануу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу.
Санарип экономикасын, анын ичинде электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн бардык аракеттер көрүлөт. Эл аралык соодада атаандаштык артыкчылыктарын өнүктүрүүгө жана глобалдык мейкиндикте улуттук экономиканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган 2021-2025-жылдарга электрондук коммерцияны өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгат.
2) Баалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана финансылык системанын туруктуулугун сактоо.
Баалардын туруктуулугун сактоого багытталган акча-кредит саясаты улантылат.
Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги максаты орто мөөнөттүү мезгилде инфляциянын орточо деңгээлин бир орундуу чекте кармоо болот. Коюлган максатка жетүү үчүн монетардык саясаттын колдо болгон бардык инструменттери колдонулат.
Баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны туруктуу деңгээлде кармоо боюнча иштер улантылат, бул экономикалык субъектилердин рационалдуу инфляциялык күтүүлөрүн калыптандырууга жана экономикалык иш-аракеттерди акырындык менен жандандырууга өбөлгө түзөт. Баалардын туруктуулугу ишканаларды жана үй чарбаларын узак мөөнөттүү пландаштырууга дем берет, ал өз кезегинде узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн жана калктын жыргалчылыгынын жогорулашынын негизи болуп саналат. Максаттуу багыттарга жетишүү үчүн акча-кредит саясатын, өнүгүүнүн аталган багыттарын эске алып, акча-кредит саясатынын инструменттерин өркүндөтүүгө, чечим кабыл алуу процессин жана акча-кредит саясатынын коммуникациялык түзүмүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу менен жүргүзөт.
Банк жана төлөм системаларынын натыйжалуу жана коопсуз иштеши, финансы секторунун туруктуу өнүгүшү Улуттук банктын ишинин максаттарына жетүүгө өбөлгө түзүүчү маанилүү факторлор бойдон кала берет.
Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизген тышкы жана ички факторлорду үзгүлтүксүз баалоону улантат, ошондой эле аналитикалык-божомолдоо инструменттеринин бардык спектрин колдонуп, макроэкономикалык божомолдорду түзүүдө тең салмактуу жана консервативдик мамилени карманат.
Улуттук банк акча-кредит саясатынын чараларынын экономикага таасир этүүчү каналдарын жакшыртуу, биринчи кезекте, акча-кредит саясатынын трансмиссиялык механизминин пайыздык каналынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишин улантат.
Акча-кредит саясатынын 2021-жылдагы тактикалык кадамдары банк системасындагы ликвиддүүлүккө байланыштуу кырдаалды, ички акча жана валюта рынокторунун өнүгүү перспективаларын эске алуу менен, ошондой эле негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасына жараша курулат.
Банк системасындагы ашыкча ликвиддүүлүктүн сакталуу шартында Улуттук банк стерилизациялоо операцияларын жүргүзүүнү улантат. Системадагы ликвиддүүлүктү башкаруунун негизги инструменти аукциондун негизинде жүргүзүлгөн ачык рыноктогу операциялар болот.
Зарыл болгон учурда, банк системасынын муктаждыктарын эске алуу менен банктардын ликвиддүүлүгүн колдоо үчүн, анын ичинде банктар тарабынан экономикага андан ары кредит берүү үчүн коммерциялык банктарга улуттук валютадагы кредиттик ресурстарды берүү мүмкүнчүлүктөрү каралат.
Акча-кредит саясаты, мамлекеттин жалпы макроэкономикалык саясатынын бир бөлүгү болуп, салыктык-бюджеттик саясаттын координациялаган жапа макулдашылган чаралары менен бирге, туруктуу экономикалык өсүштү жана финансылык системасынын туруктуулугун камсыз кылат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин жана Улуттук банктын Ведомстволор аралык координациялык кеңешинин алкагында акча-кредиттик жана бюджеттик-салыктык саясаттын чараларын макулдашууга жана координациялоого өзгөчө көңүл бурулат.
Акча-кредит саясатынын экономикага тийгизген натыйжалуу таасиринин маанилүү шарты болуп валюта курсунун өзгөрмөлүүлүгү. Ушуга байланыштуу Улуттук банк суроо-талапка жана сунушка негизделген рыноктук механизмдер аркылуу түзүлгөн Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган өзгөрүлмө алмашуу курсунун режимин карманат.
Бул режимде Улуттук банк ички валюта рыногунун катаал жөнгө салуучусу болуп саналбайт жана валюта курсунун өзгөрүү тенденциясын аныктабайт, бирок алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартууну гана карманат.
2021-жылы 2022-2025-жылдарга карата банктык жана чакан финансылык секторлорду өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу пландаштырылууда, ошондой эле банктык жана чакан финансылык секторлор менен бирдикте аталган секторлорду жана төлөм системаларын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу улантылат.
COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен шартталган өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу реструктуризацияланган кредиттердин сапатын талдоого өзгөчө көңүл бурулат. Тобокелге негизделген көзөмөлдүн алкагында, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал начарлап кетсе, аралыктан көзөмөлдөөгө басым жасалат. Банк иши менен байланышкан тобокелдиктерди теңдөө жана банк системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында банктардагы тобокелдиктерди башкаруу системасын бекемдөө боюнча иштер улантылат.
COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин азайтуу зарылчылыгынын шарттарында финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жолу менен ишкердик субъекттерди колдоо жана андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Улуттук банктын туунду компаниялары жана ага байланыштуу уюмдар менен иш алып барат.
Накталай эмес төлөмдөрдүн чөйрөсүн кеңейтүүгө, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жана өлкөдө санариптик төлөм технологияларын жана инструменттерин өнүктүрүүгө, анын ичинде атайын жөнгө салуучу режимдерди түзүү аркылуу инновациялык банктык жана төлөм операцияларын жана продукцияларын ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүлөт. Санариптик валюталарды/активдерди жөнгө салуу ыкмаларын иштеп чыгуу улантылат.
3) Натыйжалуу социалдык саясат.
Натыйжалуу социалдык саясат күчтүү коомду куруунун негизги куралы болуп саналат. Социалдык өнүктүрүү саясаты мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттенмелерин толугу менен аткарууга, мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн көңүлгө алуу менен жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана социалдык жактан корголбогон категорияларынын абалын жакшыртууга багытталат. Пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер улантылат. Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, жумушсуздукту азайтуу жана эмгек рыногундагы суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун жок кылуу боюнча активдүү чараларды күчөтүү үчүн 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү программасы иштелип чыгат. Улгайган адамдардын укуктарын коргоо жана жашоо сапатын жогорулатуу боюнча жаңы механизмдерди киргизүү аркылуу социалдык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча чаралар көрүлөт. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга үй-бүлөлүк шартта жашоо үчүн шарттарды түзүү, балдарга карата кордуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдары бар үй-бүлөлөргө даректүү жана өз убагында жардам көрсөтүү, эмгекке жарамдуу калктын экономикалык активдүүлүгүнө дем берүү жана кыйын кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүү боюнча чаралар көрүлөт.
Адам капиталын өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлөт. Билим берүү чөйрөсүндө реформалар жүргүзүлүшү керек, мында ар кандай социалдык топтордун жана региондордун ортосундагы билим берүүнүн сапатындагы айырмачылыкты азайтуу негизги милдеттердин бири болуп саналат. Өнүгүүнүн ушул этабында жумушчуларды кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн жаңы саясат талап кылынат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санариптик көндүмдөргө жана киберкоопсуздукка болгон квалификациясын жогорулатуу, санариптик экономика чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү, мектептин "информатика" предмети жана жогорку кесиптик билим берүү жаатында бардык IТ-багытында инновациялык билим берүү программаларын киргизүү, электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү боюнча иттер улантылат.
Ата мекендик саламаттык сактоону модернизациялоо өзгөчө мааниге ээ болот. Пандемиянын шарттарында бул көйгөйдүн актуалдуулугу айдан ачык болуп калды. Саламаттык сактоо системасы бейтаптарга багытталган, алардын кызыкчылыктарын, ден соолугун жана өмүрүн биринчи орунга коюу керек. Мындай моделге өтүү персонификациялоо, санариптик инструменттерди киргизүү жана адамдардын квалификациялуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аркылуу гана мүмкүн болот. Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону мындан ары өнүктүрүү программасы калктын ден соолугун коргоого, оорулардын, анын ичинде курч жугуштуу вирустук оорулардын алдын алууга, коомдук саламаттыкты сактоо кызматын чыңдоого, калктын муктаждыктарына жана учурдагы чакырыктарга негизделген саламаттык сактоо кызматынын сапатын баалоого жана коопсуздугун пландаштырууга, уюштурууга, камсыз кылууга, баалоо системасын өзгөртүүгө, натыйжалуулугуна багытталат.
4) региондорду бирдиктүү экономикалык мейкиндикке байланыштыруучу инфратүзүмдү (региондорду, шаарларды, райондорду жана айылдарды бири-бири менен байланыштырган жолдор; калктын таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгү ж.б.) жакшыртуу, кластердик өнүктүрүүнү киргизүү аркылуу адистештирүүнүн негизинде региондорду өнүктүрүү.
2021-жылы 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген) ишке ашыруунун алкагында жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү, региондорду бирдей өнүктүрүү боюнча иштер улантылат.
Ар бир облуста бизнес-түзүмдөр, тармактык мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктө адистешүүнүн негизинде кластердик экономикалык өнүгүү программасы боюнча, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарынын чегин ажыратуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүнүн финансылык экономикалык негиздерин чыңдоо жана жакшыртуу, тармактык башкаруудан региондук башкарууга өтүүнү көңүлгө алуу менен мамлекеттик аймактык башкаруу системасын киргизүү боюнча иштер улантылат.
Инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында чек арага жакын аймактарга өзгөчө көңүл буруу менен калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу бөлүштүрүү системасын өнүктүрүү, сугат, жергиликтүү маанидеги жолдорду реконструкциялоо жана оңдоо боюнча долбоорлорду толук кандуу жүзөгө ашыруу үчүн ресурстарды тартуу боюнча иштер активдешет.
5) тышкы рынокторго чыгууну кеңейтүү, интеграциялык бирикмелер жана үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү.
Евразия экономикалык бирлигинде интеграциялоо боюнча иштер улантылат. Өлкө үчүн ЕАЭБ менен интеграциялоо шартында экономикалык саясаттын өзгөчө маанилүү багыты болуп соода-экономикалык кызматташтык боюнча жаңы өнөктөштөрдү издөө саналат.
Иштин негизги багыттары: экспорттун көлөмүн андан ары көбөйтүү; евразиялык мейкиндикте өз ара соода жүргүзүүдөгү техникалык жана башка тоскоолдуктарды четтетүү; үчүнчү жактар менен Бирликтин эркин соода зонасы жөнүндө эл аралык келишимдерин түзүү боюнча ишти улантуу; энергетика жана финансы рыноктору, бирдиктүү рыноктук кызмат көрсөтүү сыяктуу жалпы рынокторду түзүүгө этап-этабы менен өтүү. ЕАЭБдин санариптик күн тартибин илгерилетүү келечекте дагы артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.
Өнөр жайда, агроөнөр жай комплексинде жана тейлөө чөйрөсүндө биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча иш-чараларды, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык чарба субъекттеринин ортосундагы өндүрүштүк байланышты жана натыйжалуу экономикалык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жана өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана мамлекеттердин рынокторундагы тоскоолдуктарды жоюуга өзгөчө көңүл бурулат. Европа-Азия соода жана транспорттук огу боюнча эл аралык сооданы кеңейтүү үчүн "Бир алкак - бир жол" демилгеси менен байланышты камсыз кылуучу өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча ишти активдештирүүсү зарыл.
Ошентип, 2021-жылы Өкмөт менен Улуттук банктын биргелешкен экономикалык саясаты өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылат. Бул үчүн бардык аракеттер пандемия учурунда жоголгон көлөмдөрдүн калыбына келтирилишин камсыз кылуу жана экономикалык өсүш үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү боюнча программалык документтерде белгиленген бардык иш-чараларды аткарууга багытталат. Орто мөөнөттүү мезгилде инфляциянын орточо деңгээли бир орундуу чекте сакталат.
Өкмөт менен Улуттук банктын аталган чараларын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өлкөдөгү экономикалык кырдаалга жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тенденциясына туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат. Ата мекендик экономикага терс таасирин тийгизүүчү дүйнөлүк экономикада же тышкы экономикалык чөйрөдө кошумча дисбаланс/тобокелдик пайда болгон учурда 2021-жылга карата кабыл алынган Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатына тиешелүү түзөтүүлөр киргизилет жана зарыл болгон чаралар көрүлөт.
Өкмөт менен Улуттук банк өз кезегинде Биргелешкен билдирүүдө жана программалык документтерде каралган негизги багыттардын ишке ашырылышына мыйзам чыгаруу бийлиги, бүтүндөй ишкердик коомчулук тарабынан колдоо көрсөтүүлөрүнө ишеним артат.