Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-февралы № 84

Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө

Патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 414, 416, 426, 459-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Иштин төмөнкү түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасы бекитилсин:

1) жеке ишкердик иши 1-тиркемеге ылайык;

2) жеке эмгек иши 2-тиркемеге ылайык.

3) 2024-жылдын 1-ноябрына чейин колдонуу мөөнөтү менен жеке ишкердик жана жеке эмгек иши 3-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Жалданма кызматкерге патенттин ставкасы ар бир календардык жылга республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 5 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн патенттин негизинде салыктын суммасына 5ке барабар, бирок салыктын базалык суммасынан жогору эмес коэффициент колдонулары;

2) бул токтом кабыл алынган датага чейин берилген эл аралык долбоорлордун жана программалардын жергиликтүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле эсептөөчү жана көбөйтүүчү техниканы программалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө патенттер алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулары;

3) 2023-жылдын 1-январынан тартып патент электрондук форматта (электрондук патент) милдеттүү таризделери.

4) ушул токтом менен бекитилген иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасынан алып салынган иштин айрым түрлөрү алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин иштейт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр арасында ишкердик иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын колдонуунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-октябрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 522 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 556 "Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 7-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-мартындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага

 

А.У. Жапаров

 

1-тиркеме

Жеке ишкердик иши үчүн патенттин негизинде салыктын БАЗАЛЫК СУММАСЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499 токтомунун редакциясына ылайык)

 

№

Иштин түрүнүн аталышы

ЭИМК боюнча коду

Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен)

1

Мехтен жасалган кийимдерден тышкары, даяр текстилдик буюмдарды, кийимдерди жана баш кийимдерди өндүрүү:

 

 

 

- 10 бирдикке чейинки негизги технологиялык жабдуунун санына

13.92.0

2000

 

- 10 бирдиктен жогору, негизги технологиялык жабдуунун ар бир кийинки 10 бирдиги үчүн

14.00.0

1000

2

Үйдө менчик инкубаторлордун кызмат көрсөтүүлөрү

01.47.0

2000

3

Кызмат көрсөтүү:

 

 

а) мал союу боюнча

10.11.1

2000

б) үйдөгү малдын терилерин жана жүнүн даярдоо боюнча

10.11.9

5000

4

Төмөнкүлөрдүн иши:

 

2500

- менчик тегирмендердин, эгин тазалагычтардын

10.61.2

- май чыгаруучулардын

10.41.1

- күрүч актагычтардын

10.61.1

5

Төмөнкүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

 

5000

- кебез тытуу

13.99.0

- жүн тытуу

10.11.9

6

Автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоо:

45.20.1

45.20.9

 

а) автомобилдерди техникалык тейлөө жана май алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 машиналык орун үчүн (көтөргүч, чуңкур)

 

3000

б) кузовдорду оңдоо жана транспорт каражаттарын сырдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

10000

в) дөңгөлөктөрдү балансировкалоону кошкондо шиналарды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

3000

г) автоэлектр приборлорун жана датчиктерди оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

2000

д) автомобилдин компьютердик системасын диагноздоо жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

5000

7

Деңиз транспортунда (катерлерде, теплоходдордо жана яхталарда) жүргүнчүлөрдү сейилдетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр

50.10.0

50000

8

Мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү, жайгашкан жерине жараша(1 койка-орун үчүн):

55.90.0

4000

а) курорттук зоналардын аймагында 20 койка-орунга чейин;

б) республиканын калган аймагында 10 койка-орунга чейин

9

10 столго чейин пайдалануу менен коомдук тамактануу жайларынын кызматтары:

 

 

а) курорттук зоналардан тышкары убактылуу түйүндөрдү (павильон, контейнер, боз үй, бастырма, чатыр) пайдалануу менен:

56.10.0

 

- 4 отуруучу оруну менен 1 стол үчүн

1500

- 4төн көп отуруучу оруну менен 1 стол (тапчан) үчүн

2000

б) курорттук зоналарда жайгашкан жана курорттук сезондо иштеген (4 отуруучу оруну менен 1 стол үчүн)

56.29.0

5000

10

Эс алуу жана спорт үчүн жаныбарларды жана товарларды прокатка берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, 1 бирдик үчүн:

77.21.0

 

- жылкылар жана башка жаныбарлар

5000

- суу мотоциклдери, катамарандар, кайыктар, парашюттар

25000

- лыжалар (сноуборддор), роликтер, конькилер, велосипеддер, эс алуу жана спорт үчүн башка товарлар

5000

11

Спорт талааларынын кызмат көрсөтүүлөрү (футбол, баскетбол, волейбол, теннис), 1 талаа үчүн

93.11.0

10000

12

Аттракциондордун иши (1 аттракцион үчүн):

93.21.0

 

а) Бишкек шаарында

5000

б) курорттук зоналардын аймагында

50000

в) республиканын калган аймактарында

4000

13

Эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

 

 

а) акы төлөнүүчү стол үстүндөгү оюндар (теннис, шахматтар, нардалар жана башка стол үстүндөгү оюндар) 1 стол/такта үчүн

93.12.0

1000

б) оюн приставкаларынын кызмат көрсөтүүлөрү (1 приставка үчүн)

 

300

в) компьютердик оюндардын кызмат көрсөтүүлөрү (1 компьютер үчүн)

500

14

Алмашуу бюролорунун кызмат көрсөтүүлөрү

66.12.9

20000

15

Автотранспорт каражаттарын жууш боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 жуучу орун үчүн)

45.20.0

4000

16

3кө чейинки отургучту колдонуу менен жеке менчик стоматология кызматтары (1 отургуч үчүн)

86.23.0

10000

17

Сауна кызматтары (кызмат көрсөтүүнүн наркына жараша)

96.04.0

50000

18

Ломбард кызматтары

64.92

20000

Эскертүү: Бир объектте ишти жүзөгө ашырууга иштин ушул түрү үчүн каралган бир патентти сатып алуу менен гана жол берилет.

 

 

 

 

 

2-тиркеме

Жеке эмгек иши боюнча патенттин негизинде салыктын БАЗАЛЫК СУММАСЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Көңүл буруңуздар!

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтому менен берилген токтомдун 2-тиркемесине киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

 

№

Иштин түрүнүн аталышы

ЭИМК боюнча коду

Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен)

 

1

Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн иштерди аткарууну кошпогондо, металл жана металлдан жасалган буюмдар менен иштөө боюнча жеке жактарга көрсөтүлүүчү кызматтар:

 

 

 

а) ширетүү иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөр

25.62.0

1000

 

б) токардык буюмдарды жасоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

25.94.0

4000

 

в) үйдө каңылтырдан төмөнкү буюмдарды жасоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

 

 

 

- тосмолорду, бастырмаларды, калиткаларды

25.11.0

3000

 

- дарбазаларды

25.12.0

6000

- буу менен жылытуучу мештерди

25.21.0

 

2

Ачкычтарды жана кулпуларды жасоо жана оңдоо

25.72.0

500

 

3

Жасалма гүлдөрдү жана аза гүлчамбарларын жасоо

32.99.9

1000

 

4

Калктын малын кайтаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

01.62.0

1500

 

5

Жеке издөөчүлөр тарабынан чачынды алтынды казып алуу

07.29.4

3000

 

6

Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн жумуштарды аткарууну кошпогондо, атайын курулуш иштери, анын ичинде оңдоо иштери

43.00.0

6000

 

7

Дизайнердик жасалгалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

74.10.0

15000

 

8

Фотография жаатындагы иш:

74.20.0

 

 

а) фотосүрөттөрдү өңүнө чыгаруу жана басып чыгаруу менен сүрөткө тартуу

3000

 

б) фотосүрөттөрдү дароо, тез өңүнө чыгаруу жана басып чыгаруу менен сүрөткө тартуу

5000

 

в) кардарлар тарткан фотосүрөттөрдөн жана негативдерден фотосүрөттөрдү өңүнө чыгаруу, басып чыгаруу жана чоңойтуу

3000

 

9

Котормочунун кызмат көрсөтүүлөрү (жазуу жүзүндө жана оозеки которуу):

 

 

 

- чет тилден которуу

74.30.0

2000

- кыргыз тилинен которуу

 

- сурдокотормочу

74.30.0

300

 

10

Жеке ветеринарлардын кызмат көрсөтүүлөрү

75.00.0

3000

 

11

Товарларды (жүктөрдү) таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

52.29.0

2000

 

12

 

 

Уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууну кошпогондо, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик же муниципалдык кызматчы аткарган учурлардан тышкары, билим берүү чөйрөсүндө өз алдынча жүзөгө ашырылуучу иш

85.59.0

 

 

 

а) чет тилдерге, компьютердик техникага, бухгалтердик эсепке, автотранспортту айдоого, бычууга, тигүүгө жана токууга окутуу

2000

 

б) репетитор жана тренинг иретинде сабактарды өткөрүү

600

 

13

Дарылык укалоо жана ийне терапиясы боюнча кызмат көрсөтүүлөр

86.90.0

5000

 

14

I топтогу майыптыгы бар адам тарабынан дарылык укалоо кызмат көрсөтүүлөрү

86.90.0

1000

 

15

Компьютерлерди жана байланыш жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

95.11.0

 

 

а) компьютерлерди, ноутбуктарды, принтерлерди жана башка кеңсе жабдууларын

5000

 

б) телефондорду, уюлдук телефондорду, факстарды, байланыш үчүн модемдерди жана навигаторлорду

95.12.0

4000

 

16

Жеке пайдалануу предметтерин жана тиричилик товарларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

 

 

 

а) телевизорлорду, радиоприемниктерди, видеокамераларды, магнитофондорду, CD, DVD оңдоо боюнча

95.21.0

3000

 

б) кесүүчү шаймандарды оңдоо жана курчутуу боюнча

95.29.0

2000

 

в) муздаткычтарды, микротолкундуу плиталарды, кир жуучу жана үтүктөөчү машиналарды, кондиционерлерди жана башка тиричилик товарларын оңдоо боюнча

95.22.0

1000

 

г) бут кийимдерди жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды оңдоо боюнча

95.23.0

1000

 

д) эмеректи оңдоо жана реставрациялоо боюнча

95.24.0

3000

 

е) сааттарды жана зер буюмдарын оңдоо боюнча

95.25.0

1000

 

ж) жеке пайдалануудагы башка предметтерди (велосипед, кийим, аң-тери, тигилген, токулган жана галантереялык буюмдар, китептер, музыкалык аспаптар, оюнчуктар) оңдоо боюнча

95.29.0

1500

 

17

Жеке тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү:

96.09.0

 

 

а) акы төлөнүүчү дааратканалардын кызмат көрсөтүүлөрү (1 орун үчүн)

200

 

б) кол араба менен жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

150

 

в) базарларда жана эл көп топтолгон башка жерлерде радио аркылуу жарыялоолорду берүү кызмат көрсөтүүлөрү

1000

 

г) телевизиондук антенналарды, видео байкоолорду орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

800

 

18

Гувернанттардын, бала багуучулардын, багбанчылардын жана үй кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү

97.00.0

500

 

19

Укук жаатындагы иш

69.10

10000

 

20

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

21

Кыргыз Республикасынын жарандары жалдаган, Кыргыз Республикасынын аймагында жеке эмгек ишин жүргүзгөн эмгек мигранттарынын кызмат көрсөтүүлөрү:

 

 

 

а) өсүмдүк өстүрүү жаатында

01.61.9

800

б) курулуш жаатында

43.99.9

 

в) мал чарба жаатында

01.62.0

 

г) жеке тейлөө боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр

96.09.0

 

22

Курьердик кызмат көрсөтүүлөрү

53.20.0

1000

 

23

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

24

Саны 25 балага чейинки турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы (бала багуучу), ашпозчу, мугалим) жеке ишкерлерге кызмат көрсөтүүчү жеке жактардын иши

96.09.0

600

 

25

Салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр (музыканттар, тамадалар, бий жана актердук топтор жана башка сценалык өнөр көрсөтүүлөр)

90.01.0

4000

 

26

Кызмат көрсөтүүлөр:

 

1500

 

- үн жазуу

59.20.0

 

- видео тартуу

59.11.0

 

27

Үйдө иш жүргүзгөн тигүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү

96.09.0

700

 

28

Визажисттердин, чач тарачтардын, маникюр жана педикюр адистеринин кызмат көрсөтүүлөрү

96.02.0

2000

 

29

Жерде жүрүүчү транспорттун иши:

 

 

 

а) 18 адамга чейин отуруучу орундугу бар микроавтобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.31.0

2000

 

б) 33 адамга чейин отуруучу орундугу бар автобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.31.0

3000

 

в) 33 адамдан жогору отуруучу орундугу бар автобуста жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.31.0

4000

 

г) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, такси кызмат көрсөтүүлөрүн жана курьердик кызмат көрсөтүүлөрүн буюртма кылуу үчүн колдонулуучу салык агентинин маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеңил транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү (такси кызмат көрсөтүүлөрү)

49.32.0

1000

 

д) транспорт каражаттарында салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.39.0

4000

 

е) автотранспорт каражатын ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 автомашина үчүн)

77.11.0

2000

 

ж) жүк көтөрүмдүүлүгү 1 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.42.0

2000

 

з) жүк көтөрүмдүүлүгү 1ден 8 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.42.0

4000

 

и) жүк көтөрүмдүүлүгү 8ден 15 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.42.0

6000

 

к) жүк көтөрүмдүүлүгү 15тен 25 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.42.0

5000

 

л) жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннадан жогору транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.42.0

6000

 

м) айыл чарба техникасынын (трактордун, комбайндын жана башка айыл чарба техникаларынын) кызмат көрсөтүүлөрү

01.61.9

2000

н) башка атайын техниканын (эвакуатор, ассенизатор) кызмат көрсөтүүлөрү

49.41.0

6000

 

30

Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү:

68.20.0

 

 

1) батир үчүн турак жай аянты (1 чарчы метр үчүн):

 

 

а) көп батирлүү үйлөрдө

30

 

б) жеке турак үйлөрдө

40

 

 

2) базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан, соода иши үчүн пайдаланылуучу турак жай эмес аянты (1 чарчы метр үчүн)

68.20.0

700

Эскертүү: Жеке эмгек иши - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жеке адамдын өз алдынча жана жалданма эмгекти тартуу укугусуз жүзөгө ашырылуучу иши.

 

 

3-тиркеме

 

2024-жылдын 1-ноябрына чейин колдонуу мөөнөтү менен жеке ишкердик жана жеке эмгек иши үчүн патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)

 

№

Иштин түрүнүн аталышы

ЭИМК боюнча коду

Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен)

1. Жеке ишкердик иши

1

Жыгачты иштетүү, карагайларды жана ламинатты тилүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр - 1 станок үчүн

16.10.0

500

2

Коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү:

 

 

а) заводдордо, мамлекеттик мекемелерде, кеңселерде жана жогорку окуу жайларында кызмат көрсөткөн ашканалар жана буфеттер (1 стол үчүн)

56.29.0

1000

б) мектептерде жайгашкан (ар бир 1000 окуучу үчүн)

56.29.0

4000

3

Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү

 

 

1 кв.м үчүн турак эмес аянт

68.20.0

50

4

Материалдарды компьютер жана ксерокөчүрмө менен иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (тексттерди терүү, басып чыгаруу, сканерлөө)

82.19.0

1000

2. Жеке эмгек иши

5

Атайын медициналык техниканы оңдоо жана техникалык тейлөө

33.13.2

1000

6

Кайра пайдаланылуучу чийки затты алуу үчүн калдыктарды үйдөн кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

 

 

а) металлдын сыныгын

38.32.0

10000

б) айнек идиштерди

500

в) макулатураны

1000

г) желим (полиэтилен) буюмдарды

5000

7

Үйлөрдөгү аянты 100 кв.м чейинки жеке мончолордун кызмат көрсөтүүлөрү (аянтына жана жайгашкан жерине жараша)

96.04.0

10000

8

Жерде жүрүүчү транспорт иши

 

 

курулуш техникасынын (автокран, экскаватор, автомиксер, бульдозер, цемент ташыгыч, башка курулуш техникасы) кызмат көрсөтүүлөрү

43.99

8000