Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-марты № 182
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө
шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481, 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 405 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамыны 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелери;
2) Кыргыз Республикасынын саламатгык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн (7040 сом) кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелери.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
3. Ушул токтомдун колдонулушу эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен жөнгө салынуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын карамагында турган саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасына жайылтылбайт.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Томөнкүлер күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июнундагы № 411 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 «Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки медициналык билим берүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 «Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26- майындагы № 246 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы № 400 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2, 3 жана 4-пункттары;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 415 «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 451 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын З-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасынын Өкмтөтүнүн медициналык билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27- январындагы № 27 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 «Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлсрине эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Приложение 1 |
КОЭФФИЦИЕНТЫ КРАТНОСТИ, применяемые при определении размеров должностных окладов работников организаций здравоохранения Кыргызской Республики
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551, 2025-жылдын 10-июлундагы № 405 )
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселенген коэффициенттер | |||
Штаттык саны 100 штаттык бирдикке чейинки саламаттык сактоо уюмдары | Штаттык саны 100 штаттык бирдиктен 500 штаттык бирдикке чейинки саламаттык сактоо уюмдары | Штаттык саны 500 штаттык бирдиктен 1000 штаттык бирдикке чейинки саламаттык сактоо уюмдары | Штаттык саны 1000ден ашкан штаттык бирдиги бар саламаттык сактоо уюмдары | ||
1 | Облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын саламаттык сактоо боюнча координаторлору | 4,20 | 4,45 | 4,55 | 4,70 |
2 | Жетекчи | 3,50 | 3,70 | 3,75 | 3,85 |
3 | Жетекчинин орун басары | 2,65 | 2,80 | 2,85 | 2,95 |
4 | Башкы бухгалтер | 1,80 | 1,95 | 2,00 | 2,10 |
5 | Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жетекчилери, үй-бүлөлүк дарыгерлер, медициналык жардамдын сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы жана врач-эксперттер | 3,25 | 3,25 | 3,25 | 3,25 |
6 | Административдик-башкаруу персоналынын адистери | 1,60 | 1,60 | 1,60 | 1,60 |
7 | Башчы (бөлүмдүн, бөлүмдүн, лабораториянын, дарыкананын, кабинеттин) | 2,55 | 2,55 | 2,55 | 2,55 |
8 | Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк дарыгерлерин жана жалпы практикадагы дарыгерлерин кошпогондо, врачтык персонал | 2,40 | 2,40 | 2,40 | 2,40 |
9 | Башкы медайым, башчы (кабинеттин, фельдшердик-акушердик пункттун), улук медайым, улук акушерка | 1,75 | 1,75 | 1,75 | 1,75 |
10 | Орто медициналык персонал | 1,70 | 1,70 | 1,70 | 1,70 |
| Техникалык тейлөөчү персонал | ||||
11 | Башкы ашпозчу | 2,00 | 2,00 | 2,00 | 2,00 |
12 | Ашпозчу | 1,85 | 1,85 | 1,85 | 1,85 |
Чарба башчысы, кампа башчысы, кир жуучу жайдын башчысы, комендант, механик, откананын оператору, машинист, диспетчер | 1,75 | 1,75 | 1,75 | 1,75 | |
Гараждын башчысы | 1,55 | 1,55 | 1,55 | 1,55 | |
Атайын үн сигналы бар медициналык тез жардам автомобилдеринин, санитардык жеңил жана атайын автомобилдердин айдоочулары: |
|
|
|
| |
13 | - өзгөчө чакан жана чакан автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 куб. см чейин) | 1,75 | 1,75 | 1,75 | 1,75 |
14 | - орточо автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8ден 3,5 куб. см чейин) | 1,95 | 1,95 | 1,95 | 1,95 |
15 | - чоң автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 куб. см жогору) | 2,05 | 2,05 | 2,05 | 2,05 |
16 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,75 | 1,75 | 1,75 | 1,75 |
17 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 1,95 | 1,95 | 1,95 | 1,95 |
18 | Медтехник, чарбачы айым, жыгач уста (жыгач уста), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер, электргазширеткич, ширеткич, электрондук-эсептөө машиналарынын оператору | 1,40 | 1,40 | 1,40 | 1,40 |
19 | Архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү, катчы | 1,25 | 1,25 | 1,25 | 1,25 |
| Кенже тейлөөчү персонал | ||||
20 | Ассенизатор | 1,40 | 1,40 | 1,40 | 1,40 |
Эскертүү:
1. Кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине беш жылдан он жылга чейинки иш стажында иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасынын - 10% өлчөмүндө, ондон он беш жылга чейин - 20% жана он беш жылдан ашык - 30% өлчөмүндө ай сайын кошумча төлөө белгиленет.
2. Иштеген жылдары үчүн үстөк төлөм башка үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү эсепке албастан эсептелет.
3. Облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын саламаттык сактоо боюнча координаторлору саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
4. Врачтык кызмат орундарын ээлеген жогорку медициналык эмес билими бар адистердин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенти ушул тиркеме менен аныкталган административдик-башкаруу персоналынын маяналарына карата эселөө коэффициентинен 50%га жогору белгиленет.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлсрине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 369, 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 444, 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 481, 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик каражаггардын эсебинен иш жүргүзгөн саламаттык сактоо уюмдарында колдонулат.
2. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы кызматтык маянадан, дем берүүчү жана компенсациялык мүнөздөгү кошумча акылардан, үстөк акылардан турат.
3. Саламаттык сактоо уюмдарында минималдуу базалык ставкалардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленет.
4. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жумуш убактысынын ченемин аткарууну жана эмгекке катышуу коэффициентин эске алуу менен эсептелет. Ушул Жободо керсөтүлгөн бардык үстөк акылар жана кошумча акылар башка жогорулатууларды жана үстөк акыларды эске албастан кызматтык маянага карата белгиленген өлчөмдөрдө эсептелет.
2. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Кызматтык маяна - компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албастан, кызматкерлердин бир календарлык ай үчүн бир ставкада кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн эмгек акысы.
Эмгек акы - татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Үстөк акылар жана кошумча акылар түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлемдер кепилденген эмгек акыга эсептелген райондук коэффициент кошпогондо, кызматтык маянага карата абсолюттук чондуктарда же пайыздар менен белгиленет.
Дем берүүчү жана компенсациялык үстөк акылар кызматкерлерди кыйла жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишүүгө, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга дем берүүчү белгиленген кызматтык маянанын үстүнө кошумча үстөк акылар.
Компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү үстөк акылар конкреттүү акчалай суммада же кызматтык маянанын белгилүү бир пайызында, ошондой эле эмгекке катышуу коэффициента аркылуу төлөнүшү мүмкүн.
Эмгекке катышуу коэффициенти (мындан ары ЭКК) -уюмдун ишинин жалпы натыйжаларына ар бир кызматкердин эмгектик салымын жалпыланган сапаттык жана сандык баалоо.
Эмгек паспорту - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан, ЭККны аныктоо үчүн ар бир кызматкердин учурдагы мезгилдеги ишинин натыйжаларын чагылдырган форма.
Жүктөмдүн ченемдери - кызматкерлер тарабынан бул белгилүү бир убакыттын аралыгында аткарылган жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдерүн сандык баалоо.
Иштеген жылдары - кызматкер саламаттыкты сактоо системасында кесиптик ишти аткарган убакыттын мезгили.
3. Кошумча акылар жана үсток акылар
5. Саламаттык сактоо уюмдарында айрым уюмдарда, бөлүмдөрдө иштөө шарттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ошондой эле кесипкөйлүктү жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында төмөнкүлөр белгиленет:
1) компенсациялык кошумча акылар:
- бийик тоолуу шарттарда жана Кыргыз Республикасынын алыскы зоналарында иштегендиги үчүн;
- айыл жеринде иштегендиги үчүн;
- квалификациялык категориясы үчүн;
- түзүмдүк бөлүмдү жетектөө үчүн; -өзгөчө эмгек шарттарында иштегендиги үчүн;
2) дем берүүчү үстөк акылар:
Окумуштуулук даражасы бар саламаттык сактоо кызматкерлерине;
- "Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген врачы", "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек синирген кызматкер" ардак наамдары бар адамдарга;
- консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдоонүн эсебинен ЭКК аркылуу;
3) консолидацияланган эмгек акы фондунан үнөмдөөнүн эсебинен үстөк акылар.
6. Кызматтык маянага жогоруда саналган кошумча акылардын жана үстөк акылардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
7. Врачтык персоналдын квалификациялык категориясы үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория - 6000 сом;
- I квалификациялык категория - 4000 сом;
- II квалификациялык категория - 2000 сом.
Орто медициналык персоналдын квалификациялык категориясы үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория - 5000 сом;
- I квалификациялык категория - 3000 сом;
- II квалификациялык категория - 1000 сом.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине максаттуу дем берүүчү үстөк акылар бөлүнүшү мүмкүн.
4. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
9. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчи врачтарына жана алардын орун басарларына өздөрү штатында турган уюмдарда тиешелүү кызмат орду боюнча кызматтык маянасынын 25 пайызын төлөө менен жумуш убактысынын чегинде адистиги боюнча иштөөгө уруксат берилет.
Жетекчи врачтардын жана алардын орун басарларынын адистиги боюнча аткарган ишинин көлөмү тиешелүү медициналык жана бухгалтердик документтерде чагылдырылууга тийиш.
10. Протездик-ортопедиялык бөлүнүштөрдүн, гемодиализ бөлүмдөрүнүн, саламаттык сактоо уюмдарында оорулууларга операция жасоочу бардык аталыштагы хирургиялык бөлүмдөрдүн персоналына кызматтык маянасынын 15 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
11. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине кошумча акылар томөнкүдөй белгиленет:
- башчыларга (бөлүмчөнүн, бөлүмдүн, лабораториянын, дарыкананын), үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жетекчилерине, башкы медайымга - кызматтык маянасынын 10 пайызы өлчөмүндө;
- башчыларга (кабинеттин, фельдшердик-акушердик пункттун), улук медайымдарга, акушеркаларга - кызматтык маянасынын 5 пайызы өлчөмүндө.
12. Облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын саламаттык сактоо боюнча координаторлоруна кызматтык маянасынын 100 пайызы өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
Координаторлор саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
13. Башкы адистин милдетин аткаруучу штаттан тышкаркы кызматкерлерге (саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда профили боюнча) тиешелүү финансылык жылга бюджетте бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде негизги иштеген жери боюнча кызматтык маянасынын 10 пайызы өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
14. Калкты ВИЧке лабораториялык диагностикалоону, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды текшерүүнү, дарылоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине, ошондой эле иши ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга социалдык жана башка түрдөгү жардамдарды көрсөтүү менен байланышкан же болбосо жугузган материалды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана ден соолукка коркунучтуу эмгек шарттарында диагностикалоо үчүн биологиялык препараттарды өндүрүү менен алектенген мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине кызматтык маянасынын 40 пайызы өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.
15. Өзгөчө коркунучтуу карантиндик инфекциялар менен иштеген уюмдардын кызматкерлерине кызмат орду боюнча кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
Укук коргоо органдарынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн системасында болгон саламаттык сактоо кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты жaнa натыйжасы үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө өүстөк акы белгиленет.
Окуу өргүүлөрүндө, амбулатордук дарыланууда, ооруканаларда дарыланууда жүргөн кызматкерлерге үстөк акы төлөнбойт.
16. Айыл жергесинде иштеген кызматкерлерге 1800 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Тез жардамдын көчмө бригадаларынын кызматкерлерине кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Үй-бүлөлүк медициналык айымдын күбөлүгү бар үй-бүлөлүк медициналык айымдарга, ошондой эле фельдшердик-акушердик пункттардын орто персоналына кызматтык маянасынын 30 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
19. Автокырсыктарда трассада өз убагында кечиктирилгис тез медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн адистерге кошумча акы иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн кызматтык маянасынын 20 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
20. Дарылоо-консультациялык процесске катышкан кафедра кызматкерлерине, илимий кызматкерлерге ЭКК аркылуу кошумча эмгек акы белгиленет.
21. Жогорку медициналык эмес билими бар адистерге, жогорку медайымдык билими бар, врачтын кызмат ордун ээлеген медициналык айымдарга кызмаггык маяна ээлеген кызмат ордуна ылайык белгиленет.
22. Кесиптик орто билими бар врачтык персоналга, ординаторлорго, кесиптик орто билими жок орто медициналык персоналга кызматтык маяна кызмат орду боюнча кызматтык маянасынан 10 пайызга төмөн белгиленет.
23. Автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө үсткө акы төлөнөт.
24. Тазалоочуларга, кир кийимди (атайын кийимди) жуу боюнча машинисттерге, кир жуучуларга, санитаркаларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк акылар белгиленет.
25. Башкы бухгалтердин орун басарынын, менеджердин, экономисттин, башкы адистердин кызматтык маянасы административдик-башкаруу персоналынын адисинин кызматтык маянасынан 5 пайызга жогору белгиленет.
26. Врачтын туруктуу катышуусуз өз алдынча иштеген орто медициналык персоналга кызматтык маянасынын 10 пайызы өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
27. Адистиги боюнча жогорку билими жок административдик-башкаруу персоналынын адисине кызматтык маяна кызматтык маянасынан 15 пайызга төмөн белгиленет.
28. Түнкү убакта ишке тартылган саламаттык сактоо уюмдарынын адистерине (анын ичинде медициналык жана фармацевтикалык) эмгек акы түнкү убакта иштеген ар бир саат үчүн сааттык кызматтык маянанын бир жарым өлчөмүнде теленет.
Кечки саат 22ден таңкы саат 6га чейин түнкү убакыт деп эсептелет.
29. Майрам күндөрү иштегендиги үчүн адистердин эмгек акысы адистиги боюнча белгиленген сааттык кызматтык маянанын эки эсе өлчөмүнде эсептелет.
30. Убактылуу жок болгон кызматкердин милдеттерин аткаргандыгы үчүн төлөмдөр:
- өзүнүн жумуш убагында (негизги иши менен катар) убактылуу жок болгон кызматкердин милдеттерин (айкалыштыруу) жана башка адистик, квалификация же кызмат орду боюнча кошумча ишти аткаргандыгы үчүн адистерге ордун алмаштырган кызматкердин кызматтык маянасына жараша айкалыштырган кызмат орду боюнча 30 пайыздан кем эмес жана 50 пайызга чейин кошумча акы төлөнөт;
- жумуш убактысынан ашыкча айкалыштырып иштеген адистерге кызмат орду боюнча иш жүзүндө иштеген сааттары үчүн акы белгиленет. Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашыкча иштөө күнүне 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпашы керек.
31. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө келип түшкен атайын каражаттардын жалпы көлөмүнөн 40 пайызга чейин жумшалат.
5. Сый акы берүү
32. Саламаттык сактоо уюмдарында кызматкерлерге сый акы берүү уюмдун кесиптик бирлик комитети менен макулдашуу боюнча эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөөнүн чегинде жүргүзүлөт. Кызматкердин сый акысынын өлчөмү кызматтык маянадан ашпоого тийиш. Кызматкерлерге сый акы берүү эмгек акы телефонду боюнча үнөмдөө болгондо кварталына бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт.
33. Угамдардын кызматкерлерине сый акы берүүнүи көрсөткүчтөрү жамааттык келишимге сый акы берүү жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
34. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине сый акы берүү жөнүндө маселе жогору турган орган менен макулдашылат.
6. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысып эсептөө тартиби
35. Саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган эмгек акы төлөө фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген башка каражаттардын.
Консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан эмгек акы, дем берүүчү жана компенсациялык үстөк акылар төлөнөт.
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында эмгек акы республикалык бюджеттин каражатгарынан, ММК каражаттарынан, атайын эсептен турат. Консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлүшү саламаттык сактоо уюмунун бекитилген бюджетинин чегинде, жетиштүү каражаттар болгондо белгиленет.
36. Эмгек акыга төмөнкүлөр кирет:
- кепилденген бөлүгү: кызматтык маяна;
иштеген жылдары;
- компенсациялык төлөмдөр:
бийик тоолуу шартгагы иш стажы үчүн;
Кыргыз Республикасынын алыскы зоналарында жана бийик тоолуу шартта иштегени үчүн;
айыл жергесинде иштегени үчүн;
өзгчөчө эмгек шарттарында иштегени үчүн;
түнкү убакта жана майрам күндөрү иштегени үчүн;
квалификациялык категория үчүн;
түзүмдүк бөлүмдү жетектегени үчүн;
эсептелип берилген өргүүлөр боюнча төлөм;
убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча төлөм;
кызматкер иштен бошотулганда (кыскартылганда) бир жолку жолокпулду (компенсацияны) төлөө;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төлөнүүчү төлөмдөр;
- дем берүүчү үстөк акылар:
окумуштуулук даражасы үчүн; ардак наамы үчүн;
консолидацияланган эмгек акы төлөө фондун үнөмдөөнун эсебинен ЭКК аркылуу.
37. Консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөө фондунун өлчөмү консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунун суммасынан эмгек акыны жана жеке төлөмдөрдү алып салуу жолу менен аныкталат.
38. ЭКК ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун сунушталган керсөткүчтөрү боюнча аныкталат. Саламаттык сактоо уюмунун ишинин жалпы натыйжаларына ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилет. Ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрүнүн негизинде саламаттык сактоо уюмунун эксперттик комиссиясы тарабынан ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун көрсөткүчтөрү иштелип чыгат.
39. ЭКК төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
Курамына бөлүм башчысы, улук медайым жана ушул түзүмдүк бөлүмдүн жамаатынын чогулушу тандаган түзүмдүк бөлүмдүн өкүлү кирген түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерине эмгек паспортун толтуруу боюнча комиссия ар бир кызматкердин саламаттык сактоо уюмунун ишинин жалпы натыйжаларына кошкон салымын эске алуу менен ЭКК аныктайт. Комиссиянын курамы түзүмдүк бөлүмдөрдө уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
Ар бир кызматкердин ЭККсын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен форма боюнча эмгек паспорту толтурулат, анда отчеттук мезгилдеги иштин жыйынтыгы чагылдырылат.
40. Эмгек паспортторун туура толтурууну эксперттик комиссия контролдойт. Эксперттик комиссия уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет, анын курамына уюмдун кесиптик бирлигинин комитетинин өкүлү милдеттүү түрдө кирүүгө тийиш.
41. ЭКК негизги кызмат орду боюнча да, айкалыштырып иштегени боюнча да өзүнчө эсептелет.
42. ЭККны эсептөө:
- бөлүм башчылары, улук, күндүзгү процедуралык, таңуучу медициналык айымдар үчүн жүктөм ченемдери жана аларды иш жүзүндө аткаруу белүмдүн бардык врачтарынын дарыланган учурларынын, келүүлөрүнүн, изилдөөлөрүнүн суммасы боюнча аныкталат;
- реанимация жана анестезиология бөлүмдөрүнүн, операция блогунун, кабыл алуу блогунун, стерилизация бөлүмүнүн кызматкерлери, врач-дежуранттар ж.б. үчүн ЭККнын өлчөмү иштин
спецификасына ылайык жүктөм ченемдерин эсепке албастан аныкталат.
43. Түзүмдүк бөлүмдүн комиссиясы ажыратуу себептерин комиссиянын протоколунда негиздөө менен кызматкерди кошумча эмгек акысынан ажыратууга укуктуу.
44. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөөнү эсептөө:
Жалпы консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан төмөнкү суммалар алынып салынат:
- кепилденген эмгек акынын;
- компенсациялык төлөмдөрдүн;
- дем берүүчү үстөк акылардын;
- кызматкердин пайдасына жүргүзүлүүчү жеке төлөмдөрдүн;
- эмгек келишими боюнча иштеген кызматкерлерге толомдөрдүн;
- өткөн айлар үчүн кайра эсептөөлөрдүн.
Кепилденген эмгек акы фонду бардык кызматкерлердин кепилденген эмгек акысынын суммасы катары аныкталат.
45. Консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөөнүн өлчөмүн эсептөө уюм боюнча эмгекке катышуу коэффициентинин бирдигинин акчалай эквивалентен ошол кызматкердин ЭККсына көбөйтүү жолу менен аныкталат:
КЭАФҮ = ЭККБАЭ х ЭКК, мында:
КЭАФҮ - консолидацияланган эмгек акы фондун үнөмдөө; ЭККБАЭ - уюм боюнча эмгекке катышуу коэффициентинин бирдигинин акчалай эквизалентинин өлчөмү;
ЭКК - кызматкердин эмгекке катышуу коэффициенти.
ЭККБАЭ = КЭТФҮФ / ЭККС, мында:
КЭТФҮФ - консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөө фонду;
ЭККС - саламаттык сактоо уюму боюнча бардык ЭККлардын суммасы.
ЭККС = ЭКК1 + ЭКК2 + ЭККЗ + ЭКК4 +... + ЭККN, мында
ЭКК(1:N) - ар бир кызматкердин эмгекке катышуу коэффициент.
46. Ар бир кызматкердин эмгекке катышуу коэффициентинин өлчөмү төмөнкү суммалардан ашпоого тийиш:
- врачтар жана АБП адистери үчүн - 5 бирдик;
- орто персонал үчүн - 4 бирдик;
- кенже жана башка персонал үчүн - 3 бирдик.
47. Кызматкерлердин эмгек акысы кепилденген эмгек акынын суммасы, консолидацияланган эмгек акы төлеө фондунан үнөмдөөдөн төлөмдөр жана кызматкердин пайдасына башка жеке төлөмдер катары төмөнкүдөй аныкталат:
ЭА = КЭА + КЭТФҮ + ЖТ, мында:
ЭА - кызматкердин эмгек акысынын өлчөмү;
КЭА - кызматкердин кепилденген эмгек акысынын өлчөмү;
КЭТФҮ - консолидацияланган эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөө;
ЖТ - кызматкердин пайдасына жеке төлөмдөр.
48. Кызматкерлердин эмгек акысы боюнча каражаттарды эсептен чыгаруу жана чегерүү жалпы фонддун ар бир булагынан салыштырма салмагы боюнча жүзөгө ашырылат.