Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 27-сентябры № 517-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 115-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыздоону эске алуу менен Планда каралган мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген мөөнөттөрдө иштеп чыгууну камсыз кылсын;
2) эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын бекитсин;
3) мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландары бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берсин;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) Пландын аткарылышын контролдосун;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берип турсун;
3) зарыл болгон учурда План боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрсүн.
4. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тейлөөчү орун басарларына Планда көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 109-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 115-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Мыйзам долбоорунун аталышы | Мыйзам долбоорун демилгелөөнүн максаты, ошондой эле мыйзам долбоору ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан ченемдик укуктук акт | Мамлекеттик органдын - жооптуу аткаруучунун аталышы жана кошо аткаруучулардын тизмеси | Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү мөөнөтү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү |
1. Мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында | |||||
1 | "Айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө", "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
2 | "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
3 | "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
4 | "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
5 | "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
6 | "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
7 | (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 115-т тескемесине ылайык күчүн жоготту) | ||||
8 | (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 115-т тескемесине ылайык күчүн жоготту) | ||||
9 | "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
10 | "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы чөйрөсүндөгү айрым бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
11 | "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
12 | "Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
13 | "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
14 | "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" жана "Басма иши жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 2023-жылдын марты | 2023-жылдын июну |
15 | "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 2023-жылдын марты | 2023-жылдын июну |
16 | "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
17 | "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 2023-жылдын марты | 2023-жылдын июну |
18 | "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | 2023-жылдын марты | 2023-жылдын июну |
19 | "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | 2023-жылдын июну | 2023-жылдын сентябры |
20 | "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына шайкеш келтирүү, мыйзам актыларын инвентаризациялоонун жүрүшүндө аныкталган ченемдик укуктук актынын, б.а. колдонуудагы Мыйзамда жок түзүмдүк элементтерин - главаларды, беренелерди, бөлүктөрдү, пункттарды, пунктчаларды жана абзацтарды так белгилөө, Мыйзамдагы кемчиликтерди жана карама-каршылыктарды жоюу, ошондой эле аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негиздерин өркүндөтүү максатында | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик | 2022-жылдын декабры | 2023-жылдын марты |
2. Бюджеттик мамилелер чөйрөсүндө | |||||
21 | "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдардын пландуу мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу максатында | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
22 | "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу максатында | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 2022-жылдын октябры | 2022-жылдын декабры |
23 | "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджетинин негизги параметрлерин жана 2023-2024-жылдарга болжолун тактоо максатында | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
24 | "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджетинин негизги параметрлерин жана 2024-2025-жылдарга болжолун тактоо максатында | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
3. Үй-бүлө жана балдар чөйрөсүндө | |||||
25 | "1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Балдарды эл аралык асыроо боюнча күбөлүк балдарды коргоо жаатындагы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилгендигине байланыштуу "1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | 2023-жылдын марты | 2023-жылдын июну |
4. Жаратылыш ресурстары чөйрөсүндө | |||||
26 | "Радиациялык жана ядролук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Сунушталган мыйзам долбоору Мыйзамдын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү, ошондой эле мыйзамдарды Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин стандарттарынын эл аралык ченемдерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыгууда | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | 2023-жылдын марты | 2023-жылдын июну |
27 | "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Мыйзамдын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү, ошондой эле мыйзамдарды Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин стандарттарынын эл аралык ченемдерине шайкеш келтирүү максатында сунушталууда | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | 2023-жылдын марты | 2023-жылдын июну |
28 | "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (ӨКЖА) өзүнчө категорияга бөлүү менен статус ыйгаруу маселесин жөнгө салуу сунушталууда | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | 2022-жылдын декабры | 2022-жылдын декабры |
5. Айыл чарба чөйрөсүндө | |||||
29 | "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" жана "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун жол-жоболорун тактоо, өркүндөтүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, кыймылсыз мүлккө менчик укуктарды коргоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңешинин сунуштарын аткаруу максатында демилгелөө сунушталууда | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | 2022-жылдын сентябры | 2022-жылдын декабры |
30 | "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы негизги багыттарды ишке ашырууну жакшыртуу максатында Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү, себеби бул Мыйзам улуттук коопсуздуктун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналат | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | 2023-жылдын марты | 2023-жылдын июну |
31 | "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 69-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик суу администрациясы суу объекттеринде суу коргоочу зоналарды белгилейт, аларда суу ресурстарынын булганышы же суу объекттерине зыян келтириши мүмкүн болгондугуна байланыштуу иш-аракеттердин белгилүү түрлөрү чектелет же тыюу салынат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 91-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык гидротехникалык курулуштардын жана жасалгалардын, дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын, каналдардын, суу алуучу жана коргоочу жайлардын айланасына, ичүүчү жана техникалык суу менен жабдуу булактарынын тегерегине аларды кадыресе эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында суу коргоо зоналары белгиленет. Иштерди жүргүзүү үчүн атайын суудан сактоочу тилкелер (зоналар, тилкелер) каралган. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү суу коргоо зоналарынын жерлери талаптагыдай корголгон эмес, ар кандай курулмалар тургузулган. Жабдууларды иштетүүдө тоскоолдуктар бар. Ошол эле учурда бул маселе өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чоң мааниге ээ | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | 2023-жылдын марты | 2023-жылдын июну |
6. Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө | |||||
32 | "Жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчиликти аныктоо максатында | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик | 2022-жылдын декабры | 2023-жылдын марты |
7. Жарандык авиация чөйрөсүндө | |||||
33 | "Кыргыз Республикасынын Аба кдексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | 2022-жылдын декабры | 2023-жылдын марты |
34 | "1999-жылдын 28-майында Монреалда кол коюлган эл аралык аба ташууларынын айрым эрежелерин унификациялоо үчүн конвенцияга конвенцияга кошулуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын авиациялык мыйзамдарын эл аралык практиканын стандарттарына ылайык өркүндөтүү максатында | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | 2022-жылдын декабры | 2023-жылдын марты |