Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу
системасынын түзөтүү мекемелеринин ички
тартибинин эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине ылайык иштелип чыкты жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөө шарттарын жөнгө салат, соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча, алар тарабынан өздөрүнүн милдеттерин аткаруусу жана укук чектөөнү сактоосу боюнча, ошондой эле соттолгондорду кайра социалдаштыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин (мындан ары – түзөтүү мекемелери) ишинин маселелерин конкреттештирет.
2. Эрежелер түзөтүү мекемелеринин персоналы, аларда кармалган соттолгондор, ошондой эле ушул түзөтүү мекемелерине келген башка адамдар үчүн милдеттүү болуп саналат. Эрежелерди бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартууга алып келет.
2-глава. Түзөтүү мекемелерине соттолгондорду
кабыл алуу
3. Түзөтүү мекемесине соттолгондорду кабыл алуу үчүн негиз болуп мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү, токтому, аныктамасы, ырайым кылуу актысы, жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими жана жиберүүгө наряддар саналат.
4. Түзөтүү мекемесине соттолгондорду кабыл алуу түзөтүү мекемесинин атайын жана медициналык бөлүгүнүн кызматкерлеринин катышуусунда менен түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысы тарабынан контролдоо-өткөрүү пунктунда жүзөгө ашырылат. Түзөтүү мекемесине соттолгондорду кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 78-беренесинде каралган маалыматтар белгиленет. Жумуш эмес убактысында келген соттолгондор түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысы тарабынан кийин милдеттүү түрдө медициналык кызматкердин текшерүүсү менен кабыл алынат.
5. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду кабыл алуу түзөтүү мекемесинин жетекчилиги, түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысы, ыкчам жана режимдик кызматтын кызматкерлери жана түзөтүү мекемесинин медициналык жана атайын бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Соттолгондор тарабынан укукка каршы аракеттерди болтурбоо максатында контролдоочулар катышат.
6. Соттолгондорду кабыл алуу учурунда түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысы өздүк ишинин, тиешелүү документтердин, наряддардын болуусун текшерет жана алардын келген соттолгонго тиешелүүлүгүн аныктайт. Өздүк иштер кагаз пакеттерге таңгакталууга жана ага мөөр басылууга тийиш, кагаз пакет же мөөр бузулган учурда түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысы кароол башчысы менен бирдикте тиешелүү акт түзөт.
Соттолгондун сүрөтүнө же өздүк ишиндеги маалымкатта көрсөтүлгөн анкеталык маалымкаттарга дал келбеген, келген соттолгондордун мезгилге жараша кийим-кечеси, өздүк ишинде документтер, ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду жок болгон учурда түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысы ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык формада өздүк ишиндеги документтердин болушун салыштырып текшерүү актысын түзөт.
7. Ушул Эрежелердин 6-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшергенден кийин соттолгондор түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысынын жана контролдоочунун нарядынын коштоосунда карантиндик бөлүмгө алып барылат, ал жерде толук тинтүүдөн, ал эми аларга тиешелүү буюмдар кароодон жана таразалоодон өтөт.
Толук тинтүү жана буюмдарды кароодон өткөрүүгө чейин соттолгондорго ушул Эрежелердин 2-тиркемесинин тизмегине ылайык соттолгон жанында алып жүрүүгө, жөнөтмөлөрдү, бандеролдорду берип жиберүүлөрдү алууга тыюу салынган өзүндө алып жүргөн буюмдарды, предметтерди, документтерди жана азык-түлүктү өз ыктыяры менен өткөрүп берүү сунушталат. Ушул Эрежеде тыюу салынган буюмдарды жана предметтерди соттолгондор ыктыярдуу өткөрүп берген учурда аларга карата тартиптик жаза чаралары колдонулбайт.
Ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык тыюу салынган буюмдар жана предметтер, ошондой эле 50 кг салмактан ашкан буюмдар, ушул Эрежелердин 203-пунктунда каралган учурдан тышкары, ушул Эреже менен аныкталган тартипте алып коюлат, алып коюунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү акт түзүлөт. Белгиленген салмактан жогору болгон буюмдарды алып коюу жөнүндө чечим түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысы тарабынан кабыл алынат, сактоо үчүн кампага өткөрүлүүчү буюмдар соттолгондор тарабынан аныкталат.
8. Медициналык кызматкер соттолгондордун денесиндеги жаракаттарды, тери жана жугуштуу оорулардын белгилерин аныктоо максатында аларга сырттан кароо жүргүзөт. Келген соттолгондордо жугуштуу оорулар аныкталган учурда алар токтоосуз медициналык бөлүккө обочолонот, түзөтүү мекемесинде эпидемияга каршы иш-чаралар комплекси жүргүзүлөт.
Соттолгондун денесинен жаракаттар аныкталган учурда медициналык кызматкер ага зарыл болгон медициналык жардам көрсөтөт, келген соттолгондун медициналык картасына тиешелүү маалыматтарды киргизет, аныкталган жаракаттар фактысы жөнүндө түзөтүү мекемесинин башчысына же аны алмаштырган адамга жазуу жүзүндө маалымдайт. Түзөтүү мекемесинин башчысы же аны алмаштырган адам жазуу жүзүндө ушул факт жөнүндө жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчилигине жана түзөтүү мекемелеринде жазаларды аткарууну көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу прокурорго маалымдайт.
9. Түзөтүү мекемесине келген бардык соттолгондор баштапкы медициналык кароодон жана анын ичине жуунууну, дезинфекциялоо камерасында кийим-кечелерди тазалоону камтыган комплекстүү санитардык дарылоодон өтүшөт. Медициналык көрсөткүчтөргө ылайык бардык түктөрдү кыруу жүргүзүлүшү мүмкүн.
10. Кабыл алуудан кийин соттолгондор карантиндик бөлүмгө жайгаштырылат, карантинде болгон убакыттын аралыгында аларга медициналык байкоо белгиленет жана медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Соттолгондор карантиндик бөлүмдө өзүнө адис врачтардын кароосун, рентгендик-флюорографиялык жана лабораториялык изилдөөлөрдү камтыган милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы соттолгондун медициналык амбулаториялык картасына катталат. Дарылоочу түзөтүү мекемесине келген соттолгондор карантиндик бөлүмгө жайгаштырылбайт.
11. Карантиндик бөлүмдө соттолгондор жаза өтөө тартиби жана шарттары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Эрежелер менен белгиленген өзүнүн укуктары жана милдеттери менен кол коюп таанышат, өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө нускоолордон өтүшөт, түзөтүү мекемесинде жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет.
Мындан тышкары соттолгондор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзөтүү мекемесинде аудиовизуалдык, электрондук жана башка көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун техникалык каражаттарынын колдонулушу, кара күч, атайын каражаттар жана курал-жарактар колдонулган учурлар жөнүндө кол коюу менен тааныштырылат. Аталган тил каттар соттолгондордун өздүк ишине көктөлөт.
Соттолгондор жаза аткаруу системасынын мекемесинде баңгилик, ВИЧ/СПИД, кургак учук жана башка социалдык-маанилүү ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча сунушталган социалдык кызматтар, социалдык бюронун иштеши, юридикалык, психологиялык жардам алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле соттолгондорду бошотууга даярдоо өзгөчөлүгү жөнүндө маалымдалат.
Соттолгондун өтүнүчү боюнча анын атына өздүк эсеп ачылат, ал Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 91-беренеси менен аныкталган тартипте колдонулат.
12. Түзөтүү мекемесинин психологдору тарабынан жаңы келген соттолгондордун өздүгүн изилдөө, алардын жаңы шарттарга көнүүсү боюнча иштер жүргүзүлөт. Өмүрүнө кол салууга, өзүнүн денесине атайылап кандайдыр бир зыян келтирүүгө жана башка укукка каршы аракеттерге жакын адамдар аныкталат. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ар бир жаңы келген соттолгондун психологиялык портрети түзүлөт, түзөтүү мекемесинин тиешелүү кызматтарына алар менен иштөө боюнча сунуштар киргизилет.
13. Өздүк ишинде соттолгонду айып изоляторуна, камера тибиндеги жайга же жеке камерага жайгаштыруу жөнүндө материалдар болсо, ал тартиптик жазанын өтөлбөгөн мөөнөтүнө аталган жайга которулат.
14. Соттолгонду карантиндик бөлүмдөн айып изоляторуна, камера тибиндеги жайга, жеке камерага, убактылуу обочолоочу жайга же медициналык-санитардык бөлүккө которгон учурда, аталган жайда кармоо карантиндик бөлүмдө болгон мөөнөт катары эсептелет.
15. Соттолгондордун жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен отряддарга (камераларга) бөлүштүрүү, аларды эмгекке тартуу, жалпы жана кесиптик билим берүү системасында окутуу жөнүндө чечим түзөтүү мекемесинин комиссиясы тарабынан алынат, анын иши Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 80-беренесине ылайык жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.
16. Соттолгон келген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан аялына (күйөөсүнө) же туугандарынын бирине, же башка адамга (соттолгондун тандоосу боюнча) түзөтүү мекемесинин почта дарегин көрсөтүү менен анын жаза өтөгөн жайы, ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык соттолгон жанында алып жүрүүгө, жөнөтмөлөрдү, бандеролдорду берип жиберүүлөрдү алууга тыюу салынган буюмдардын жана предметтердин тизмеси, кат алышуунун, акча которууларды алуунун жана жөнөтүүнүн, соттолгонго түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары чыгуунун, жолугушуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн негизги талаптары жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүлөт.
Камалганга чейин чет өлкөдө туруктуу жашаган соттолгон чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын келгендиги жөнүндө түзөтүү мекемесинин администрациясы беш жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарлоо жөнөтөт.
3-глава. Түзөтүү мекемелеринде кармалган
соттолгондордун жүрүм-турум эрежелери
17. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөп жаткан соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 16–28-беренелеринде каралган укуктар менен катар төмөнкүлөргө укуктуу:
– белгиленген жүрүм-турум эрежелерин бузбастан күн тартибинде каралган жеке убактысын тескөөгө;
– ушул Эрежелерде тыюу салынбаган тамак-аш азыктарын, предметтерди жана буюмдарды сатып алууга, пайдаланууга жана сактоого;
– маданий-массалык жана спорттук иш-чараларга катышууга,
– соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 115-беренесинде аныкталган тартипте соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарына кирүүгө;
– аялы (күйөөсү), туугандары жана башка адамдар менен байланышып турууга;
– берилген социалдык кызматтарды пайдаланууга;
– китепкана, стол оюндарын, музыкалык аспаптарды, спорттук, маданий-массалык маанидеги жайларды колдонууга;
– көркөм, адабий китептер жана башка чыгармачылык иш менен алектенүүгө;
– жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын чечими менен кызыкдар болгон министрликтердин жана ведомстволордун макулдугу боюнча ишке ашырылуучу баңгизаттардын зыяндуулугун азайтуу жана ВИЧ/СПИД жана баңгиликти алдын алуу жана дарылоо боюнча программаларга жана башка реабилитациялык программаларга катышууга.
18. Түзөтүү мекемелеринин балдар үйлөрүндө балдары бар, жалпы жана катуу режимдеги колонияларда жеңилдетилген шарттарда кармалган соттолгондор күңүрт, бозомтук түстөгү төш белгиси бар жарандык кийимдерди кийип жүрө алышат.
19. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөп жаткан соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 29-беренесинде жана ушул Эрежелерде каралган милдеттер менен катар төмөнкүлөргө милдеттүү:
– түзөтүү мекемесинин күн тартибин сактоого;
– түзөтүү мекемесинин администрациясы аныктаган жайларда жана жумуш орундарында эмгектенүүгө;
– түзөтүү мекемесинин жана анын жанаша жайгашкан аймактардын, камералардын, жалпы колдонуудагы бөлмөлөрдүн жайлуулугу боюнча, ошондой эле маданий-тиричилик жана санитардык-гигиеналык жашоо шартын жакшыртуу боюнча акы төлөнбөгөн иштерге катышууга (кезеги менен);
– ушул Эрежелердин 18-пунктунда көрсөтүлгөн жана жатак-абактарда кармалган соттолгондорду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген ченемдерге ылайык белгиленген үлгүдөгү төш белгиси бар кийимди кийип жүрүүгө (ушул Эрежелердин (3-тиркемеси);
– тышкы келбетин тыкан алып жүрүүгө;
– жеке гигиена эрежелерин сактоого;
– чачын, сакал менен мурутун (эркектер үчүн) кыска тегиздеп алып жүрүүгө. Медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда (кырынууну татаалдаткан беттин жаракаты же башка медициналык көрсөтмөлөр) соттолгондорго сакал жана мурутун узунураак коюп жүрүүгө уруксат берилиши мүмкүн;
– камераларда, коопсуздук жайларында, дарылоо түзөтүү мекемелеринде, ошондой эле түзөтүү мекемесинин медициналык-санитардык бөлүктүн стационарларында кармалган соттолгондордон башкалары тамактануу үчүн ашканага барууга;
– камера, карантиндик бөлүм, отряд боюнча нөөмөткө (кезеги менен) турууга;
– жашаган жайларды, уктоо бөлмөлөрүн жана жумуш орундарын, керебеттин жанындагы тумбаларды, кийим-кечени таза жана тыкан кармоого, ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык белгиленген үлгү боюнча төшөк жыюуга, керебеттерде жеке табличкалардын болуусун жана анын абалын көзөмөлдөөгө;
– тамак-аш азыктарын жана идиштерди тамактануу үчүн бөлмөлөрдө, жеке колдонуу буюмдарын – жеке буюмдарды сактоочу бөлмөлөрдө сактоого;
– ушул Эрежелердин 37–38-пункттарында каралган талаптарга ылайык түзөтүү мекемесинин аймагында жүрүүгө;
– түзөтүү мекемесинин мүлкүнө этияттык менен мамиле кылууга;
– өрт коопсуздугунун талаптарын жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоого.
20. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөп жаткан соттолгондорго Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине жана ушул Эрежелерге ылайык төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– мыйзамдуу талаптарга жана жаза аткаруу системасынын персоналынын аракеттерине тоскоол болууга;
– зонанын тыюу салынган ички тосмосуна жакындоого жана аны кесип өтүүгө;
– түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз обочолонгон участоктун чегинен чыгууга;
– түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз алар жашабаган жатаканаларда же иштебеген өндүрүштүк объекттерде болууга;
– түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз жумуш орундарынан, жатаканалардан жана массалык иш-чара жүрүп жаткан жайлардан кетип калууга;
– түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз имараттардын, цехтердин, курулуштардын жана башка курулмалардын чатырларына чыгууга;
– түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз курчутуучу жабдууларды, аспаптарды, электр энергиясын, механизмдерди жана материалдарды сактоого жана колдонууга;
– түзөтүү мекемесинин өндүрүштүк жана башка объекттеринде ар кандай курулуштарды өз алдынча курууга, шкафтарды, сейфтерди жана башка шаймандарды орнотууга;
– түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз уктоочу жайларга парда тартууга жана алмаштырууга, ошондой эле өндүрүштүк объекттерде, коммуналдык-тиричилик жана башка кызматтык жана көмөкчү жайларда уктоочу орундарды жабдууга;
– түзөтүү мекемесинин мүлкүнө, башка жеке же юридикалык жактарга, анын ичинде соттолгондорго зыян келтирүүгө, аларга зыян келтирүү коркунучун туудурууга;
– өзүнүн денесине, анын ичинде башка адамдын жардамы менен зыян келтирүүгө, ошондой эле жаза өтөөдөн же белгиленген милдеттерди аткаруудан качуу максатында өзүнүн ден соолугуна башка зыян келтирүүгө;
– жаза өтөөдөн же белгиленген милдеттерди аткаруудан качуу максатында тамактануудан баш тартууга;
– курамында алкоголь, ошондой эле баңгизат жана психотроптук зат жана алардын прекурсорлору бар заттарды сактоого жана колдонууга;
– материалдык же башка пайда көрүү максатында стол үстүндөгү жана башка оюндарды ойноого;
– жеке колдонуудагы нерселерди, буюмдарды жана заттарды башка соттолгондордун пайдасына сатууга жана башка жолдор менен ажыратууга;
– ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык Тизмекте каралган тыюу салынган заттарды, нерселерди жана буюмдарды, тамак-аш азыктарын сатып алууга, даярдоого, сактоого жана колдонууга;
– атайын бөлүнбөгөн жерлерде тамеки чегүүгө;
– татуировка түшүрүү үчүн жөнөкөй жол менен колго жасалган каражаттарды сактоого, колдонууга;
– уяттуу жана кылмыш чөйрөсүнүн күндөлүк турмушундагы сөздөрдү колдонууга;
– түзөтүү мекемесинин комиссиясынын уруксатысыз жаныбарларды кармоого жана багбанчылык жүргүзүүгө;
– башка түзөтүү мекемелеринде кармалган соттолгондор менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө;
– сот дайындаган мажбурлап дарылоодон баш тартууга;
– иш таштоолорду же топтук баш ийбөөлөрдү уюштурууга же катышууга;
– кылмыштык, экстремисттик идеологияны жайылтууга, ар кандай белгилер жана жагдайлар боюнча басмырлоого, улуттар аралык чатак чыгарууга;
– түзөтүү мекемесинин администрациясынын контролдоосунда өткөрүлгөн билим берүү, маданий, спорттук иш-чаралардан жана буюмдарды сатып алуулардан тышкары, Интернет тармагын колдонууга;
– камералар менен байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылууга, анын ичинде камеранын эшигиндеги көрүүчү көзөнөктү жабууга;
– соттолгондор менен камералар аралык, ошондой эле камералардан тышкары жана сейилдөө аянтчаларында мыйзамсыз байланыш түзүүгө;
– колго жасалуучу электр шаймандарын даярдоого жана аларды пайдаланууга;
– атайын тамак-аш жасоо үчүн бөлүнбөгөн жерлерде тамак-аш жасаганга жана тамактанууга;
– түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз тамак-аш азыктарын ашканадан алып чыгууга;
– түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз спорттук шаймандарды жана машыгуу жайларын даярдоого.
4-глава. Соттолгондордун түзөтүү мекемесинин
персоналы жана башка адамдар менен өз ара мамилелери
21. Соттолгондор менен түзөтүү мекемесинин персоналынын жана башка адамдардын өз ара мамилеси өз ара сыйлашуунун жана мыйзамдуулуктун принциптеринде түзүлөт.
22. Түзөтүү мекемесинин персоналы жана түзөтүү мекемесине келген башка адамдар менен жолугушууда соттолгондор ордунан туруп, аларга “сиз” деп кайрылып, “жаран” деп атап, андан ары наамы же аты жана атасынын аты боюнча (болсо) учурашууга милдеттүү.
23. Соттолгон кызматтык бөлмөгө кирген, ошондой эле түзөтүү мекемесинин персоналынын талабы боюнча келген учурда өзүн тааныштырып, фамилиясын, атын, атасынын атын (эгер болсо) атап, туулган күнүн, соттолгондугу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренесин (беренелерин) айтышы керек.
Түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлү обочолонгон участокторго, жатаканаларга кирген учурда соттолгондор анын командасы боюнча турууга жана көрсөтүлгөн жерге сапка тизилүүгө милдеттүү.
Түзөтүү мекемесинин персоналы соттолгондорго “cиз” деп жана алардын фамилиясы же аты жана атасынын аты (болсо) боюнча кайрылат. Тарбиялоо колонияларында кызматкерлер соттолгондорго “cен” деп жана алардын фамилиясы же аты боюнча кайрыла алат.
24. Түзөтүү мекемесинин кызматкерлери соттолгондор жана алардын туугандары менен кызматтын кызыкчылыгы менен байланышы жок кандайдыр бир мамилелерди түзүүгө укугу жок.
5-глава. Түзөтүү мекемесинин күн тартиби
25. Ар бир түзөтүү мекемесинде жергиликтүү шарттарды, күндүн узактыгын, ошондой эле соттолгондордун тиги же бул курамы менен иштөө өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен так жөнгө салынган күн тартиби белгиленет. Соттолгондор өндүрүштө бир нече сменада иштеген учурда ар бир смена үчүн күн тартиби түзүлөт.
26. Түзөтүү мекемесинин күн тартиби ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык болжолдуу күн тартибинин негизинде иштелип чыгат.
27. Күн тартиби өзүнө туруу, текшерүү, уктоо, жуунуу, физикалык көнүгүү, тамактануу, жумушка киришүү жана жумушту аяктоо убактысын, жумушта, окууда, тарбиялоо, спорттук жана маданий-массалык иш-чараларда болууну, китепкананын, клубдун, жолугушуу бөлмөлөрүнүн, дүкөндүн, медициналык бөлүктүн, коммуналдык-тиричилик камсыз кылуу объекттеринин иштерин, телефондук сүйлөшүүлөрдү камтышы керек.
28. Күн тартиби соттолгондордун үзгүлтүксүз 8 сааттык уйкусун жана аларга жеке убакыт берүүнү, ошондой эле соттолгондордун отряддар боюнча жок дегенде жумасына бир жолу мончодо жуунусун караштырышы керек. Отряддын мончодо жуунуу күнү жана убактысы түзөтүү мекемесинин башчысы тарабынан бекитилген график менен аныкталат, мында бир соттолгондун жуунуу убактысы 30 мүнөттү түзүшү керек.
Камераларда (камера-палаталарда) кармалган соттолгондордун жуунуусу жаза өтөөнүн катаал шарты каралган өзүнчө бөлүнгөн участоктордо, айып изоляторунда, камера тибиндеги жайларда, жалгыз кармоочу камераларда, жабдылган душтарда жүргүзүлөт, ар башка камераларда кармалган соттолгондордун обочо болуусу камсыз кылынат. Дарылоо түзөтүү мекемесинде кармалган соттолгондордун жана майыптардын жуунуусу медициналык көрсөткүчтөргө ылайык жүргүзүлөт.
29. Дарылоо түзөтүү мекемелеринде, карантинде, жаза өтөөнүн катаал шарттарында, айып изоляторлорунда, жалгыз кармоочу камераларда, камера тибиндеги жайларда жана убактылуу обочолоодо кармалган соттолгондор үчүн күн тартиби аларды кармоо өзгөчөлүгүн эске алуу менен иштелип чыгат. Соттолгондорду сейилдөөгө алып чыгуу, камераларды зарыл болгон техникалык кароодон өткөрүү учурларынан тышкары, алардын каалоосун эске алуу менен ишке ашырылат.
30. Күн тартиби түзөтүү мекемесинин башчысы тарабынан бекитилет, түзөтүү мекемесинин персоналына жана соттолгондорго тааныштырылат. Күн тартиби менен маалымат такталары отряддардын, карантиндин, жаза өтөөнүн катаал шарттарынын, айып изоляторунун, жалгыз кармоочу камералардын, камера тибиндеги жайлардын жана убактылуу обочолоонун бөлмөлөрүнө илинет.
31. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун болушу күн сайын эртең менен жана кечинде күн тартибинде аныкталган сааттарда текшерилет. Ошол эле учурда соттолгондордун сырткы келбети текшерилет. Зарыл учурда (качууларда, өзгөчө кырдаалдардын жана окуялардын бардык учурларында жана оперативдүү зарылдыктагы башка учурларда) сутканын каалаган учурунда кошумча текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, соттолгондордун жашаган жайларын пландуу жана пландан тышкары тинтүү, аларды жеке кароо жүргүзүлүшү мүмкүн, аларды өткөрүү убактысы жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын чечими менен белгиленет.
32. Текшерүү белгиленген жерге жалпы сапка тизилүү учурунда сандык эсеп жолу жана фамилиясынан чакыруу боюнча жүргүзүлөт. Сапка тизилүүдөн түзөтүү мекемесинин башчысынын чечими менен жумуштан кийин эс алгандар, оорусу боюнча (ооруп төшөктө жатканда), ошондой эле таштаганга болбогон жумушта иштегендер бошотулат. Алар турган жеринде текшерүүдөн өткөрүлөт.
33. Аба ырайы бузулганда жана төмөн температурада түзөтүү мекемесинин башчысынын чечими боюнча текшерүү имараттын ичинде жүргүзүлөт.
34. Ушул Эрежелердин 32-пунктунда каралган текшерүүдөн тышкары, мекемелердин айып изоляторлорунда, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоо жайларында, түрмөлөрдө, катуу жана кадимки кармоо шарттарында өмүр бою эркиндигинен ажыратууну өтөп жаткан соттолгондор үчүн өзгөчө режимдеги түзөтүү колонияларында камераларда текшерүү жүргүзүлөт, ал эми коопсуз жайда кармалган, ошондой эле конвойсуз жүрүү укугун пайдаланган соттолгондор жашаган жери боюнча текшерилет.
35. Жатак-абактарда үй-бүлөсү менен жашаган соттолгондорду текшерүү жатак-абактын чегинде түзөтүү мекемесинин башчысы белгилеген убакта түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысына каттоодон өтүү үчүн келүү жолу менен ишке ашырылат.
36. Соттолгондордун түзөтүү мекемесинин аймагы боюнча (жатак-абактан тышкары) жүрүүсү түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн коштоосунда тизилип жүрүү менен ишке ашырылат.
37. Соттолгондор жеке убактысында обочолонгон участок ичинде тизилбестен жүрсө болот, ал эми түзөтүү мекемесинин аймагынын башка бөлүгү боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксаты менен жүрөт. Уктагандан турганга чейинки мезгилде түзөтүү мекемесинин администрациясынын уруксаты жок соттолгондордун турак жайдын (уктоочу бөлмөнүн) чегинен тышкары болуусуна жол берилбейт.
38. Катаал шартта жаза өтөп жаткан соттолгондор бекитилген жайлардан тышкары түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн коштоосу менен гана жүрөт.
Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун камералардын чегинен тышкары жүрүүсү атайын каражаттарды колдонуу менен колун артына алган абалда жүргүзүлөт.
39. Соттолгондор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген ченемдер боюнча тамак-аш менен камсыз болушат. Соттолгондордун тамактануусу күн тартиби менен белгиленген саатта отряд, бригада боюнча ашканада же иштеген объектте тамактанчу бөлмөдө болот. Эгерде ашкана турак жай менен өндүрүштүк зонанын кесилишкен жеринде турса, тамактанууну иштеп жаткан смена менен ашканада, бирок өндүрүштө иштеген соттолгондордон турак жай зонасындагы адамдарды обочолоону камсыз кылуу менен уюштурууга болот.
40. Коммуналдык-тиричилик объекттеринин (мончо, чачтарач, кир жуугуч жайлардын ж.б.) үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында түзөтүү мекемесинин башчысы ошол объекттерде иштеген соттолгондорго отряд, бригаданын курамынан тышкары өз алдынча тамактанууга уруксат бериши мүмкүн.
41. Конвойсуз жүрүүгө уруксаты бар, ошондой эле түзөтүү мекемесинин администрациянын көзөмөлү алдында түзөтүү мекемесинен тышкары жашаган соттолгондор жашаган жерлеринде же иштеген объекттерде атайын жабдылган жайларда тамактанышат.
42. Камераларда жана обочолонгон участоктордо кармалган соттолгондор кармалган жери боюнча тамактанышат. Кургак учуктун түрдүү формалары менен ооруган соттолгондор дарылоо түзөтүү мекемелеринин бөлүмдөрүндө орду-ордунда тамактанышат.
43. Соттолгондор тамактануу учурунда толук тартип камсыздалышы үчүн ашканаларда түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлдөрү болот.
44. Күн тартибинде белгиленген убакытта бөлүнгөн жерлерде соттолгондор отряд, бригада боюнча жумушка баруу же жумуштан чыгуу үчүн тизилишет. Мында алардын сырткы келбети текшерилет жана аларды тинтүү жүргүзүлөт.
45. Түзөтүү мекемесинин башчысы тарабынан жумуштун шарттарына жараша соттолгондордун өндүрүш объекттеринде жүрүм-турум тартиби белгиленет, анда соттолгондордун катар тизилип жумушка келүүсү, цехтердин (участоктордун) начальниктери же усталары тарабынан нускоо өткөрүү, жумуштун жыйынтыгын чыгаруу, жумуш ордун өткөрүү каралган.
46. Соттолгондорду жеке кабыл алуу түзөтүү мекемесинин жетекчилиги, ошондой эле түзөтүү мекемесинин бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын башчылары тарабынан график боюнча жумасына 1 жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын борбордук аппаратынын, ошондой эле прокуратуранын кызматкерлери алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча соттолгондорду түзөтүү мекемесине барып кабыл алат. Соттолгондорду кабыл алуу алар кайрылган маселелерди, аларды карап чыгуунун жыйынтыктарын көрсөтүү менен түзөтүү мекемесинин кеңсесинде сакталган журналга (ушул Эрежелердин 6-тиркемеси) жазылат. Аны жүргүзүүнү түзөтүү мекемесинин башчысы контролдойт.
47. Оозеки жана жазуу формасында кабыл алынган сунуштар, арыздар, өтүнүч каттар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 25, 26-беренелеринде белгиленген тартипте каралат жана соттолгондорду жеке маселелер боюнча кабыл алуу журналына катталат (ушул Эрежелердин 6-тиркемеси).
48. Түзөтүү мекемесинин башчысы же аны алмаштырган адам айына бир жолудан кем эмес кабыл алуу учурунда чыгарылган чечимдердин аткарылышын текшерип турат.
6-глава. Соттолгонду коопсуз жайга которуу
49. Соттолгондун жеке коопсуздугуна башка соттолгондор же башка адамдар тарабынан коркунуч туулган учурда, ал ушул маселе боюнча оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен түзөтүү мекемесинин каалаган кызматкерине кайрылууга укуктуу, ал кайрылган соттолгондун жеке коопсуздугун камсыздоо боюнча өтө шашылыш чара көрүүгө милдеттүү.
Түзөтүү мекемесинин башчысы мындай арыз боюнча же жеке демилгеси менен соттолгонду жеке коопсуздугуна коркунуч туудурбаган коопсуз жайга которуу же башка чара көрүү чечимин кабыл алат.
Бул максаттарда коопсуз жайлардан тышкары айып изоляторлорунун камералары, жалгыз кармоочу камералар, камера тибиндеги жай, катуу шарттарда кармоо камералары, бекитилүүчү жатаканалардын уктоочу бөлмөлөрү жана убактылуу обочолоочу жайлар пайдаланылышы мүмкүн.
Мындай адамды коопсуз жерге которуу түзөтүү мекемесинин башчысынын токтому боюнча 90 суткадан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт, өзгөчө учурларда түзөтүү мекемесинин башчысы келгенге чейин түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөт жардамчысы тарабынан 24 сааттан ашпаган мөөнөткө которулат. Дем алыш жана майрам күндөрү түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөт жардамчысы соттолгондордун коопсуз жайда кармалышын дагы 24 саатка узартып коё алат. Соттолгондун чыр-чатактуу жагдайы чечилбеген учурда соттолгонду коопсуз жерде кармоо мөөнөтүн андан ары узартуу мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкеринин билдирмесинин жана мекеменин башчысынын бекитилген токтомунун негизинде жогоруда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча соттолгондорду коопсуз жайга, анын ичинде айып изоляторлорунун камераларына, жалгыз кармоочу камераларга, камера тибиндеги жайга, катуу шарттарда кармоо камераларына, бекитилүүчү жатаканалардын уктоочу бөлмөлөрүнө жана убактылуу обочолоочу жайларга которуу жазалоого жатпайт. Ушул Эрежелердин 156–165, 168-пункттарында каралган чектөөлөр мындай учурда аталган соттолгондорго колдонулбайт.
50. Соттолгондордун жеке коопсуздугуна коркунуч туудурган ар бир факт боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан коркунуч келтирген соттолгондорду аныктоо менен кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, ал жөнүндө тиешелүү корутунду чыгарылат. Корутундуда коркунуч келтирүүнүн себептери, анын мүмкүн болгон кесепети жана соттолгондун коркунуч абалын жоюу жана коопсуздугун камсыздоо боюнча конкреттүү чаралар камтылат.
51. Соттолгондун жеке коопсуздугун камсыздоо боюнча жогоруда аталган чаралар натыйжасыз болсо жана ушул Эрежелердин 49-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аягына чыккандан кийин, түзөтүү мекемесинин башчысы аны ушул Эрежелердин 26-главасында аныкталган тартипте башка түзөтүү мекемесине которуу боюнча чараларды көрөт.
7-глава. Соттолгондордун диний жөрөлгөлөрдү
өткөрүү тартиби
52. Соттолгондор диний жөрөлгөлөрдү алар таандык болгон диний конфессиянын салттарына ылайык атайын бөлүнгөн жайларда же камераларда, башка турак жайларда өткөрүшөт.
Ушул Эрежелерди жана башка соттолгондордун укуктарын бузган диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө жол берилбейт.
53. Соттолгондорго өздөрү менен чогуу уруксат берилген диний адабияттарды, диний сыйынуучу буюмдарды алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет.
54. Соттолгондордун суранычы боюнча жана түзөтүү мекемесинин администрациясынын уруксаты менен рухий жардам көрсөтүү үчүн түзөтүү мекемесине дин кызматкерлерин чакырууга уруксат берилет. Дин кызматкеринин түзөтүү мекемесине келүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 111 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунда аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Дин кызматкерлеринин акы төлөнүүчү кызматтары соттолгондордун жеке эсебиндеги каражатынан же алардын туугандары тарабынан төлөнөт.
8-глава. Соттолгондордун тамак-аш азыктарын
жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды сатып
алуу жана аларга кошумча кызмат көрсөтүү
тартиби
55. Соттолгондорго тамак-аш азыктарын, биринчи зарылдыктагы буюмдарды сатуу үчүн түзөтүү мекемелеринде зарыл болгон учурда (анын ичинде Интернет тармагы аркылуу иштеген) дүкөндөр уюштурулат. Соттолгондордун өтүнмөлөрү боюнча түзөтүү мекемесинин жооптуу бөлүмдөрү тарабынан зарыл болгон тамак-аш азыктары жана биринчи зарылдыктагы буюмдар сатып алынат. Соттолгондор, алардын туугандары жана башка адамдар тамак-аш азыктарын жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды күн тартибинде белгиленген убакытта сатып алышат. Сатып алынган тамак-аш азыктарына жана биринчи зарылдыктагы буюмдарга төлөө накталай эмес жолу менен жүргүзүлөт.
Интернет тармагы аркылуу иштөөчү дүкөндөрдүн иштөө тартиби жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын чечими менен белгиленет.
56. Камера тибиндеги жайларда, жалгыз кармоочу камераларда, коопсуз жайда жана бекитилүүчү бөлмөлөрдө кармалган, ошондой эле конвойсуз жүрүүгө укуктуу жана түзөтүү мекемесинен тышкары жашаган соттолгондор үчүн алардын арызы боюнча тамак-аш азыктарын жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды түзөтүү мекемесинин администрациясы сатып алып берет. Бул максатта тамак-аш азыктарын жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды алууга укуктуу ар бир соттолгонго ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык формада арыздардын бланктары берилет, алар толтурулгандан кийин түзөтүү мекемесинин администрациясына өткөрүлөт. Түзөтүү мекемесинин администрациясы сатып алуудан мурун финансы бөлүмүндө же бухгалтерияда соттолгондун өздүк эсебинде акчасынын бардыгын текшерет. Сатылып алынган товар соттолгонго арызына кол койдуруп өткөрүп берилет.
57. Камера тибиндеги жайларда жана жалгыз кармоочу камераларда кармалган адамдарга тамак-аш азыктарын жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды сатып берүү айына эки жолу жүргүзүлөт.
58. Соттолгондор өз каалоосу боюнча өз каражаттарынын эсебинен түзөтүү мекемесинин аймагында жайгашкан коммуналдык-тиричилик жактан тейлөө ишканаларынын, мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын кошумча кызматтарынан пайдалана алышат.
59. Соттолгондордун демилгеси боюнча көрсөтүлүүчү жана алардын жеке каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү кошумча кызматтарга төмөнкүлөр кирет:
– мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын врач-адистердин кеңештери;
– көз айнектерди, протездерди, ортопедиялык бут кийимдерди тандоо, жасоо;
– аспаптык, лабораториялык текшерүүнүн айрым түрлөрү, ошондой эле тиштерди дарылоо, протездөө;
– түзөтүү мекемесинде кийүүгө уруксат берилген кийим-кечени, анын ичинде спорттук кийимди сатып алуу;
– түзөтүү мекемелери тарабынан өндүрүлүүчү жана сатылуучу эл керектөөчү товарларды сатып алуу;
– узак мөөнөттөгү жолугушууларда ашкана буюмдарын, телевизорлорду, муздаткычтарды, аудио жана башка электр тиричилик техникасын жеке колдонуу (соттолгондун же жолугушууга келген адамдын арызы боюнча ишке ашырылат);
– жарандык үлгүдөгү кийим-кече жана бут кийим тигүү (түзөтүү мекемесинин балдар үйүндө балдары бар, жеңилдетилген шарттарда кармалган соттолгондорду кошпогондо, жаза өтөө учурунда пайдаланууга укугу жок), оңдоо, кийим-кечени химиялык тазалоо;
– чачтарачтын кызматы;
– соттолгондун өздүк ишиндеги соттук документтерди, башка документтерди көчүрүү;
– юридикалык кеңеш;
– нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр;
– аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окутуу (билим берүү уюмунун жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органы менен келишими бар болсо).
60. Соттолгондордун өз каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү кошумча кызматтар алардын түзөтүү мекемесинин башчысынын атына жазылган арызы боюнча көрсөтүлөт. Кызматтар соттолгондун өздүк эсебинде болгон акча каражаттарынын чегинде көрсөтүлүшү мүмкүн.
61. Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө соттолгон адамдын өздүк эсебиндеги акча каражатынан тиешелүү ишкананын, мекеменин, уюмдун же адистин (кызматкердин) дарегине которуу жолу аркылуу ишке ашырылат. Ошондой эле соттолгондорго көрсөтүлгөн кошумча кызматтардын акысын төлөө башка кызыкдар жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
9-глава. Соттолгондорго жолугушуу берүү
тартиби
62. Соттолгондорго түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусунда кыска мөөнөттүү жолугушуулар жана чогуу жашоо укугу менен узак мөөнөттүү жолугушуулар берилет.
Узак мөөнөттүү жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 89-беренесинде белгиленген тартипте берилет.
63. Башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар түзөтүү мекемесинин башчысы тарабынан соттолгондун жүрүм-турумуна алардын оң таасир тийгизгендиги жөнүндө маалымат болгон учурда берилет. Аталган маалыматтарды чогултуу түзөтүү мекемесинин тарбиялоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
64. Жолугушуу түзөтүү мекемесинин башчысы же аны алмаштырган адам тарабынан соттолгон адамдын же ага жолугушууга келген адамдын арызы боюнча (мүмкүн болгон учурда электрондук жазуу каражаты менен) берилет. Жолугушууга келген адамдын өздүгүн тастыктоочу жана туугандык даражасын билдирген иш кагаздары болуп төмөнкүлөр эсептелет: паспорт, аскердик билет, күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн документтери.
65. Соттолгонго биринчи жолугушуу кайтаруу алдында жүргөндө жолугушуу алган же албаганына карабай, карантин бөлмөсүнөн отрядга келгенде дароо берилиши мүмкүн. Кыска жана узак мөөнөттүү жолугушуу укугу берилсе, жолугушуу түрүн соттолгон өзү тандап алат. Кийинки жолугушуулар соттолгонго жылына берилген аталган түрдөгү жолугушуулардын санын он эки айга бөлүүдөн алынган тийиндиге барабар убакыт өткөндөн кийин берилет.
66. Түзөтүү мекемесинин кадимки ишине жолтоо болгон өзгөчө шарттагы режим киргизилген учурда, ошондой эле эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканда жана башка өзгөчө кырдаалдарда түзөтүү мекемесинин башчысынын буйругу менен жолугушуу убактылуу токтотулат. Ушул себептер боюнча берилбеген жолугушуулардын убактысы кийинки берилүүчү жолугушуулардын убактысына кошулуп эсептелет.
67. Жолугушуунун узактыгы келген адамдардын каалоосу боюнча администрация тарабынан кыскартылышы мүмкүн. Жолугушууларды бириктирүүгө же бир жолугушууну бөлүштүрүүгө жол берилбейт.
68. Жолугушууга соттолгондор таза кийинип келиши керек. Узак жолугушууга туугандары алып келген кийимдерди, ич кийимдерди жана бут кийимдерди кийсе болот. Соттолгондорго жолугушууга чейин жана андан кийин толук тинтүү жүргүзүлөт.
69. Соттолгонго бир эле учурда экиден көп эмес чоң адам менен узак мөөнөткө жолугушуу берилет, алар менен бирге соттолгондун жашы жете элек инилери, карындаштары, балдары, неберелери болушу мүмкүн.
70. Соттолгонго жолугушууга келген адамдар түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан жолугушуу тартиби түшүндүрүлгөндөн кийин, тыюу салынган буюмдарын жолугушуу бүткөнчө сактоого жолугушуу бөлмөсү боюнча контролерго кол койдуруп өткөрүп беришет.
71. Жолугушууга келген жарандар, алардын кийимдери жана буюмдары кароодон өткөрүлүшү мүмкүн. Кароодон жашырылган тыюу салынган буюмдар табылса, түзөтүү мекемесинин администрациясы Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык чара көрөт.
72. Эгер жолугушууга келген адам буюмдарын жана кийимдерин өткөрүүдөн баш тартса, анда ага жолугушууга уруксат берилбейт.
73. Келгендер жана соттолгондор тарабынан жолугушуу өткөрүүнүн белгиленген тартиби бузулган учурда, ал тезинен токтотулат.
74. Узак жана кыска мөөнөттүү жолугушууга ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык тизмекте тыюу салынбаган тамак-аш азыктарын жана буюмдарды алып өтүүгө уруксат берилет.
75. Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 136-беренесине ылайык тарбиялоо мекемесинин сыртына чыгууга уруксат берилген соттолгонго конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө уруксат берилген адамдардыкына окшош өткөрмө берилет.
76. Соттолгондор менен жолугушууга келген адамдарды жайгаштыруу үчүн түзөтүү мекемелеринин аймагында узак мөөнөттүү жолугушуулар үчүн мейманкана тибиндеги бөлмөлөр жана кыска мөөнөттүү жолугушуулар үчүн жайлар даярдалат. Жогорку ыңгайлуулуктагы жолугушуу бөлмөлөрү жаза аткаруу системасынын органы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине (тизмесине) ылайык акы төлөөнүн негизинде берилет.
77. Жолугушуу түрүн телефон менен сүйлөшүүгө алмаштыруу соттолгон адамдын арызы боюнча бирге бир эсебинде жүргүзүлөт.
78. Соттолгондор юридикалык, анын ичинде медиация маселелери боюнча жардам алуу үчүн алардын арыздары боюнча адвокаттар, медиаторлор же юридикалык жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдар менен жолугушуу берилет. Соттолгондун каалоосу боюнча жеке жолугушуу берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинде белгиленген жолугушуулардын санында мындай жолугушуулар эсепке алынбайт, алардын саны жана узактыгы чектелбейт, бирок алар түзөтүү мекемесинин администрациясынын иш убагында өткөрүлөт.
10-глава. Соттолгондордун посылка, бандероль
передача алуу тартиби
79. Соттолгондор посылкаларды, бандеролдорду жана передачаларды түзөтүү мекемесине келгенден баштап дароо ала алат. Алар алууга укугу жок адамдын, ошондой эле каза болгон же бошоп кеткендердин дарегине келсе, себептери көрсөтүлүп, жөнөткөндөргө 7 жумуш күндүн ичинде кайра кайтарылат. Башка түзөтүү мекемелерине которулган соттолгондордун дарегине келген посылкалар жана бандеролдор түзөтүү мекемесинин эсебинен алар жаңы барган жайга 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.
Түзөтүү мекемесине передача алып келген адам арыз жазып кол коёт, анда берип жаткан адамдын передачада тыюу салынган буюмдардын жоктугу жана передачаны жеке өзү же анын катышуусу менен комплекттелгенин ырастаган колу милдеттүү түрдө коюлат. Арыз, передачадагы буюмдардын тизмеги, ошондой эле передача берген адамдын өздүгүн тастыктаган паспорт же башка документ түзөтүү мекемесинин администрациясына жиберилет. Передача алып келген адамдын талабы боюнча арыздын көчүрмөсү анын колуна берилет.
Бир жолку передачанын салмагы ушул Эрежелердин 203-пунктунда каралган учурлардан тышкары 100 килограммдан ашпоого тийиш.
80. Посылкалардын же бандеролдордун ичин текшерүү адресаттын катышуусу менен түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Передачанын толуктугун, салмагын жана ичиндегилерин текшерүү алып келген адамдын көзүнчө жүргүзүлөт.
Текшерүүдөн жашырылган тамак-аш жана (же) түзөтүү мекемесинде сактоого жана колдонууга тыюу салынган буюмдар табылган учурларда түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
81. Посылкалардын, передачалардын жана бандеролдордун тизмеси жана салмагы атайын журналга катталат, андан кийин кол койдуруп соттолгон адамга өткөрүп берилет.
82. Мекеменин администрациясы түзөтүү мекемесине келген соттолгондордун туугандарына же башка адамдарга посылка, передача жана бандеролдун ордуна алар түзөтүү мекемесинин дүкөнүнөн тамак-аш жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды кийин дагы берүү максатында сатып алып, соттолгондорго берүү мүмкүнчүлүгү түшүндүрүлөт. Мындай учурда аталган адамдар эки нускада арыз беришет, анда тамак-аштын жана биринчи зарылдыктагы буюмдардын саны жана салмагы көрсөтүлөт жана алардын наркын төлөшөт. Соттолгондор мындай передачаларды алгандан кийин арыздын биринчи нускасы ошол передачаларды төлөгөн адамдарга берилет, экинчи нускасы соттолгондун өздүк ишине тиркелет.
83. Айып изоляторунда кармалган соттолгондорго посылкалар, передачалар жана бандеролдор жаза чарасы өтөгөндөн кийин тапшырылат.Түзөтүү мекемесинин администрациясы посылкалардын, передачалардын жана бандеролдордун сакталышын камсыздайт, бирок узак мөөнөт сакталууда бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик албайт.
84. Мурунку жана кийинки посылкалардын, передачалардын жана бандеролдордун ортосунда соттолгонго бир жылда бериле турган посылканын (передачалардын жана бандеролдун) жалпы санына он эки айды бөлгөндөн алынган тийиндиге барабар мезгил кармалат (буга сыйлоо тартибинде алынгандар эске алынбайт). Соттолгонду кармоонун бир шартынан башка шартка которгондо посылкалардын, передачалардын жана бандеролдордун кийинкисин алчу мезгили мурунку кармоо шартында жүргөндө акыркы алган мезгилден тартып эсептелет.
85. Соттолгондор арыз боюнча жеке каражатынын эсебинен туугандарына жана башка адамдарга посылка жана бандероль менен түзөтүү мекемесинин дүкөнүнөн сатып алган тамак-аш жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды, ошондой эле өзүнүн жеке колдонуусундагы же кампада сакталган нерселерди жана буюмдарды жөнөтө алат. Мындай жөнөтмөлөрдү текшерүүнү соттолгондун катышуусу менен администрациянын өкүлдөрү жүргүзүшөт.
11-глава. Соттолгондордун кат алышуу, акча
которууларын алуу жана жөнөтүү тартиби
86. Соттолгондордун каттарды жана телеграммаларды алуусу жана жөнөтүүсү түзөтүү мекемесинин администрациясы аркылуу алардын санын чектөөсүз жүргүзүлөт. Бул максатта түзөтүү мекемесинин администрациясы белгилеген жерде почта ящиги жайгаштырылат, андан дем алыш, майрам күндөрдөн тышкары күн сайын ыйгарым укук берилген кызматкер тарабынан жөнөтүү үчүн каттар алынат. Түрмөдө, айып изоляторлорунда жана камера тибиндеги жайларда соттолгондор катты жөнөтүү үчүн түзөтүү мекемесинин администрациянын өкүлдөрүнө беришет.
87. Каттар почта ящигине же түзөтүү мекемесинин администрациянын өкүлүнө чапталбастан ачык бойдон берилет.
88. Түзөтүү мекемесинен башка түзөтүү мекемесине кеткенден кийин соттолгондун атына келген каттар үч суткадан кечиктирилбей адресат жайгаштырылган түзөтүү мекемесине жөнөтүлөт.
89. Телеграммаларды жөнөтүү түзөтүү мекемесинин администрациясынан алынган, белгиленген формадагы бланктарды толтуруу жолу менен жүргүзүлөт. Телеграмманы жөнөтүү, эгерде түзүлгөн кырдаал тоскоолдук (түзөтүү мекемеси байланыш бөлүмүнөн кыйла эле алыс жайгашкан учурда транспорт бузулса же жок болсо, дем алыш же майрам күндөрү болсо ж.б.) келтирилбесе, кийинки күндөн кечиктирилбей жөнөтүлөт. Телеграмма жөнөтүлгөнү үчүн акча төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция соттолгон адамга кол койдуруп, өздүк ишине тиркелет.
Түзөтүү мекемесинин эсебинен төлөнгөн ушул Эрежелердин 91-пунктунда аталган органдарга жана адамдарга жөнөтүүлөрдөн тышкары, каттарды, почталык карточкаларды жана телеграммаларды соттолгондор өз каражаттарынын эсебинен жөнөтүшөт жана алышат.
90. Соттолгондор алган жана жөнөткөн каттар, почталык карточкалар жана телеграммалар Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 25-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан текшерилет. Текшерүү он жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
91. Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 25-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык соттолгондордун сот, прокуратура, Акыйкатчы (Омбудсмен), жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органдарынын борбордук аппаратынын бөлүмдөрү, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, адамдын укугу жана эркиндигин коргоо боюнча мамлекет аралык органдар, коомдук бирикмелер менен кат алышуусу текшерилбейт жана адресатка түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан бир суткадан кечиктирилбей (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары) жөнөтүлөт, буга кат алышуунун мазмунунда кылмышты же башка адамдын анын жасоого тартууну демилгелөөгө, пландоого же уюштурууга багытталган маалыматтар кирбейт. Бул учурларда каттарды, почта корточкаларын, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү текшерүү түзөтүү мекемесинин начальнигинин же анын орун басарынын далилдүү токтому боюнча ишке ашырылат.
92. Жашыруун, шифрленген, башка шарттуу же өзгөчө лексиканы (жаргон) колдонуу менен даярдалган кат алышуулар (кат же телеграмма), же мамлекеттик, кызматтык сырды камтыган маалыматтар адресатка жөнөтүлбөйт жана соттолгонго кайтарылбайт. Ал жөнүндө соттолгонго кол койдуруп билдирилет, андан кийин мындай каттар жок кылынат.
93. Соттолгондорго туугандарынан же башка адамдардан келген акча которуулар алардын өздүк эсебине которулат. Акча каражаттарынын келип түшкөндүгү тууралуу ал түшкөн убакыттан 3 күндөн кечиктирилбей соттолгонго маалымдалат.
Соттолгондордун өздүк эсептерин түзүү тартиби жана которууларды жүргүзүү жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын чечими менен аныкталат.
94. Жакын туугандарына же башка адамдарга акча жөнөтүү үчүн соттолгон белгиленген формадагы бланкты толтурат жана анын өздүк эсебиндеги каражаттан конкреттүү сумманы которуу өтүнүчү менен арыз жазат. Толтурулган бланкты жана арызды кабыл алуу ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. Соттолгонго акча которуунун жөнөтүлгөндүгү жөнүндө квитанцияга кол койдурулуп көрсөтүлөт, ал анын өздүк көктөмөсүнө тиркелет.
12-глава. Соттолгондорго телефондук
сүйлөшүүлөрдү берүү тартиби
95. Телефон менен сүйлөшүү, анын ичинде, техникалык мүмкүнчүлүктөр бар болгон учурда, видеобайланышуу түзөтүү мекемесинин башчысынын, аны алмаштыруучунун же майрам жана дем алыш күндөрү түзөтүү мекемеси боюнча жооптуу адамдын уруксаты менен соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берилет, анда абоненттин фамилиясы, аты, атасынын аты, дареги, телефон номери, телефондо сүйлөшүү тили көрсөтүлөт. Телефон менен сүйлөшүүнүн узактыгы 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Телефондук сүйлөшүүлөрдү төлөө соттолгондордун өздүк эсебиндеги жеке каражатынын эсебинен, ошондой эле күйөөсү (аялы), жакын туугандары тарабынан байланыш кызматы менен тейлеген уюм белгилеген учурдагы тарифтери боюнча жүргүзүлөт. Телефон менен сүйлөшүүлөр түзөтүү мекемесинин администрациясынын контролу алдында жүргүзүлөт, ал жөнүндө соттолгондорго эскертилет.
96. Телефон менен сүйлөшүү укугун ишке ашыруу соттолгон үчүн жумуш эмес убактысында, түзөтүү мекемесинин аймагында атайын жабдылган сүйлөшүү пункттарында же ушул максаттарга бөлүнгөн, сүйлөшүүлөрдү контролдоонун техникалык мүмкүнчүлүктөрү камсыз кылынган абоненттик түзүлүштөрү менен жабдылган жайларда жүргүзүлөт.
97. Түзөтүү мекемесине келгенде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 92-беренесинин 3-бөлүгүндө аныкталган жагдайдар болгон учурда түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгонго анын өтүнүчү боюнча телефон менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк берет.
98. Айып изоляторлорунда, жалгыз кармоочу камераларда, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларда кармалган соттолгондорго телефон менен сүйлөшүүгө өзгөчө жеке жагдайларда гана уруксат берилиши мүмкүн.
99. Телефон менен сүйлөшүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотууга төмөнкүлөр негиз болот:
– даярдалып жаткан кылмыш же башка укук бузуулар, түзөтүү мекемесинин кайтаруусу, түзөтүү мекемесинин администрациясы, тыюу салынган буюмдарды берүү ыкмалары жөнүндө маалыматтарды берүү аракети болгондо;
– соттолгондун арызында көрсөтүлбөгөн чет тилде телефон менен сүйлөшүү жүргүзүүдө;
– телефон менен сүйлөшүүгө катышкан адамдардын биринин талап кылуусу боюнча.
Телефон менен сүйлөшүү мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, сүйлөшүү жүргүзүүгө жооптуу түзөтүү мекемесинин кызматкери бул тууралуу жазуу жүзүндө түзөтүү мекемесинин башчысына же анын ордун алмаштырган адамга телефон менен сүйлөшүүнүн токтотулган себебин көрсөтүп баяндайт.
13-глава. Соттолгондорду сейилдөөгө чыгаруу тартиби
100. Катуу шарттарда, айыптык изоляторлордо, жеке камераларда, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында кармалган соттолгондор сейилдөөгө камера боюнча контролерлордун нөөмөттү кабыл алуу-өткөрүп берүү мезгилинде чыгарылат. Коопсуз жайдагы соттолгондор сейилдөөгө башка мезгилде чыгарылат. Сейилдөөгө чыгаруунун алдында контролер сейилдөө аянтын жана анын тосмолорунун абалын кылдат текшерет.
Сейилдөө учурунда соттолгондорго нөөмөткө келип жаткан контролерлордун бири байкоо жүргүзөт, сейилдөө убактысы Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин ченемдерине ылайык белгиленет.
101. Соттолгондор жумушта же сейилдөөдө жүргөн учурда алар сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган предметтерди жана буюмдарды, качууга даярдыктарды аныктоо максатында камераларды кароо жүргүзүлөт, ошондой эле кулпулардын, терезелердин торлорунун жана башка жабдуулардын иштеши текшерилет.
Камералардын дубалдарында бузуулар, жыгач жана темир конструкциялардагы сыныктар жана араалоолор табылган учурда түзөтүү мекемесинин начальнигинин режим жана ыкчам иштер (кайтаруу, режим жана көзөмөл) боюнча орун басарына же аны алмаштырган адамга баяндалат, ал кызматтык териштирүү жүргүзүүнү дайындайт. Зарыл болгон учурда соттолгондор башка камераларга которулат. Аныкталган бузууларды жоюуга кечиктирилгис чаралар көрүлөт.
102. Ар бир камераны техникалык кароонун жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт, ал режим жана көзөмөл бөлүмүнө (режимдик бөлүмгө, бөлүкчөгө, топко) ушул Эрежелердин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча камераларды техникалык кароо актыларын эсепке алуу журналына каттоо үчүн берилет.
14-глава. Соттолгондордун теле көрсөтүүлөрдү,
видеолорду көрүү, радио угуу жана стол үстүндө ойнолуучу
оюндарды колдонуу тартиби
103. Соттолгон жеке колдонгон теле, видео, радио, аудиоаппаратуралар жеке каражатынын же анын күйөөсүнүн (аялынын), туугандарынын же башка адамдардын каражаттарынын эсебинен алынат.
104. Айыптык изолятордо, камералык типтеги жайларда, жеке камераларда кармалгандардан тышкары, жалпы жана жеңилдетилген шарттарда кармалган соттолгондорго жашоочу жайларда теле, видео, радио, аудиоаппаратураларды коюуга уруксат берилет. Бул аппаратура күн тартибинде белгиленген убакытта колдонулат.
105. Катуу шарттарда кармалган соттолгондор үчүн көрсөтүүлөрдү, видео көрүү күн тартибинде белгиленген убакта камера боюнча, контролдоо жана көзөмөлдөө контролеру тарабынан пульт аркылуу теле, видеоаппаратураларды иштетүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
106. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгондорго стол үстүндө ойнолуучу оюндарды колдонууга берет. Соттолгондорго өздөрүнүн шахматын, шашкисин, доминосун, нардасын колдонууга уруксат берилет. Стол үстүндө ойнолуучу оюндарды колдонууга эс алуу учурунда гана уруксат берилет.
15-глава. Китепкана ишин уюштуруу
107. Соттолгондорго түзөтүү мекемесинин китепканасындагы адабияттарды жана мезгилдүү басылмаларды колдонууга уруксат берилет. Түзөтүү мекемесинде китептер 10 күндө бир жолудан кем эмес алмаштырылат.
Соттолгондор отряд боюнча гезиттер менен камсыздалат. Айыптык изолятордо жана жеке камераларда кармалган соттолгондордон тышкары, камерадагы соттолгондор үчүн бир камерага бирден гезит берилет.
108. Соттолгондордун мезгилдүү басылмага жеке жазылуусу ыктыярдуу тартипте жүзөгө ашырылат жана түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан уюштурулат.
16-глава. Түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары
конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугун колдонгон
соттолгондордун жүрүм-турум эрежелери
109. Конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугун колдонгон соттолгондор белгиленген үлгүдөгү (ушул Эрежелердин 9-тиркемеси) өткөрмөнүн негизинде түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары жүрүү укугун колдонот, ага соттолгондун жүрүү маршруту тиркелет.
110. Бул соттолгондор жумуштан бош убактысында түзөтүү мекемесинин администрациясы белгилеген жашоо объектисинин чегинде болууга жана соттолгондун түзөтүү мекемесиндеги жүрүм-турум эрежелерин сактоого тийиш.
111. Жашабай турган зонадан же жашоо объектисинен тышкары жүргөн соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
– жүрүү маршрутун жана убактысын, коомдук тартиптин эрежелерин сактоого;
– сырткы келбетин таза кармоого, мезгилге жараша белгиленген үлгүдөгү кийимди кийип жүрүүгө;
– жумуштан кийин жашаган объектисине өз убагында келүүгө жана түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнө келгендиги жөнүндө билдирүүгө;
– түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин биринчи талабы боюнча өткөрмөнү көрсөтүүгө. Түзөтүү мекемесине келгенде аны элди өткөрүү боюнча контролдоо-өткөрмө пунктунун күзөтчүсүнө, жашоо объектисине келгенде – түзөтүү мекемесинин администрациянын көзөмөл жүргүзүүчү өкүлүнө берүүгө.
112. Соттолгондорго төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– күн тартибинде белгиленбеген убакта жашоо объектисинен чыгууга;
– жумуш убагында жумуш объектисин таштап кетүүгө;
– каттарды жөнөтүү, берүү үчүн алууга жана соттолгондордун жана башка адамдардын башка тапшырмаларын аткарууга;
– өткөрмөнү башка адамдарга берүүгө.
113. Конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугун колдонгон соттолгондор түзөтүү мекемелеринде жазалардын аткарылышын көзөмөлдөөгө ыйгарым укуктуу прокурор менен макулдашуу боюнча берилген мекеменин начальнигинин уруксаты менен бошонууга даярдануу максатында, кийинки тиричилик жана жумушка орношуу маселелерин чечүү үчүн түзөтүү мекемелерине, ишканаларга, уюмдарга бара алат.
114. Конвойсуз же коштоосуз жүрүүдө жүрүм-турум эрежелери соттолгонго тил кат алуу менен (ушул Эрежелердин 10-тиркемеси) жарыяланат, ал анын өздүк ишине конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө укук берүү жөнүндө токтом (ушул Эрежелердин 11-тиркемеси) менен бирге тиркелет.
115. Соттолгондор тарабынан аталган жүрүм-турум эрежелери бузулган учурда ал түзөтүү мекемесинин начальнигинин токтому (ушул Эрежелердин 12-тиркемеси) боюнча конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугунан ажыратылат жана тартип жоопкерчилигине тартылат. Конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугунан ажыраган адамдын өткөрмөсү алынат жана акт боюнча жок кылынат.
17-глава. Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринин
сыртына чыгаруу тартиби
116. Өзгөчө жеке абалга байланыштуу түзөтүү мекемесинин сыртына чыгууга уруксат Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 97-беренесинде белгиленген тартипте соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, жасалган кылмыштын классификациясын, өтөгөн мөөнөтүн, соттолгондун мүнөзүн жана жүрүм-турумун эске алуу менен, түзөтүү мекемелеринде жазалардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу прокурорго кабарлоо менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан берилет.
117. Өзгөчө жеке абалга байланыштуу чыгууга уруксат берүү жөнүндө арызга мындай абалдын болгондугун ырастаган документтер (анын ичинде ички иштер органдарынын жакын тууганынын өлүмүн же катуу оорусун, анын өмүрүнө коркунуч туулгандыгын, соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө же анын жакын туугандарына материалдык зыян келтирген кырсыкты ырастаган фактынын документтери, аларды берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн) тиркелет.
118. Чыгууга уруксат алган соттолгонго ушул Эрежелердин 13-тиркемесине ылайык белгиленген формада күбөлүк берилет, чыгуу тартиби түшүндүрүлөт, соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылары эскертилет, ал тууралуу тил кат (ушул Эрежелердин 14-тиркемеси) алынат. Чыгууга байланыштуу чыгымдарды төлөөгө акча түзөтүү мекемесинин бухгалтериясы тарабынан соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча анын жеке эсебинен берилет.
119. Жол билетин соттолгон адам жеке өзүнүн, туугандарынын же башка адамдардын каражаттарынын эсебинен алат. Буга түзөтүү мекемесинин администрациясы көмөк көрсөтөт.
120. Чыгуу мезгилинде соттолгон өзүнө тиешелүү жарандык кийимин жана бут кийимин алат.
121. Түзөтүү мекемесине келгенде соттолгон адам күбөлүгүн, жол билетин көрсөтөт. Белгиленген мөөнөттө соттолгондун кайра келүүсүнө кыйынчылык жараткан форс-мажордук жана башка кырдаалдар пайда болгон учурда түзөтүү мекемесинин администрациясына бул тууралуу тезинен милдеттүү түрдө кабарлоо менен соттолгондун барган жери боюнча ички иштер органынын начальнигинин токтому менен түзөтүү мекемесине кайтуу мөөнөтү 5 суткага чейин узартылышы мүмкүн.
122. Чыгуу учурунда соттолгон ооруп калса жана аны ооруканага жаткыруу зарыл болгон учурда ал же анын туугандары же башка адамдар ал жаза өтөгөн түзөтүү мекемесинин администрациясына бул тууралуу тезинен маалымдайт. Бул учурда ал саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык уюмуна жиберилиши мүмкүн, ошол эле учурда түзөтүү мекемесине кайтуу мөөнөтү ушул Эрежелердин 121-пунктунда белгиленген мөөнөткө жана тартипте узартылат.
18-глава. Соттолгондордун тарбиялоо
абагында жаза өтөө өзгөчөлүктөрү
123. Жалпы режимдеги тарбиялоо абагынын аймагы бири-биринен обочолонгон участокторго бөлүнбөйт.
124. Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү, кесиптик даярдоо мекемелеринин техникалык, окуу кабинеттери өндүрүштүк зонада жабдылат. Эгер алар турак жай зонасында жайгашса, анда башка жайлардан ишенимдүү обочолонууга тийиш.
125. Тарбиялоо абактарында спорттук аянтчалар жабдылат. Мындан тышкары турак жай зоналарында бул абакта кармалган бардык соттолгондордун тизилүүсү үчүн аянтча жасалат.
19-глава. Соттолгондордун жатак-абактарда
жаза өтөө өзгөчөлүктөрү
126. Жатак-абактардын аймагы жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын чечими менен белгиленген тартипте тосулат.
127. Шаарларда жайгашкан жатак-абактардын чек аралары жатак-абактын аймагынын чек арасы, айыл жеринде – жатак-абактан 5 километр радиустагы аймактын чек арасы болуп эсептелет.
128. Жатак-абактардын жатаканаларында ашкана, кир жуучу жай, чарбалык инвентарлар бөлмөсү кошумча жабдылат.
129. Соттолгондор жатак-абактарда Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 123-беренесинде белгиленген шарттарда жаза өтөйт.
130. Жатак-абактарда жаза өтөгөн соттолгондорду ишке орноштуруу маселелери боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясынын, соттолгондун жана жумуш берүүчүнүн ортосундагы мамилелерди аныктаган тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-мартындагы № 154 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому менен белгиленген.
20-глава. Соттолгондорду дарылоо түзөтүү
мекемелеринде кармоо өзгөчөлүктөрү
131. Дарылоо түзөтүү мекемелери соттолгондорго стационардык медициналык жардам көрсөтөт.
132. Дарылоо түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун башка категорияларынан обочолонуп, террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштары үчүн соттолгондор, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө соттолгондор, өмүр бою эркиндигинен ажыратууну ырайым кылуу тартибинде аныкталган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган соттолгондор, түрмөдө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөгө соттолгондор кармалат. Аталган соттолгондор атайын бөлүнгөн жана түрмө тибинде жабдылган палаталарда кармалат. Балдар башка соттолгондордон өзүнчө кармалат. Аялдар эркектерден бөлөк кармалат. Жугуштуу оорулар менен ооруган соттолгондор инфекциянын түрлөрүнө жараша, жугуштуу эмес оорулуулар боюнча дарылануудан өтүп жаткан оорулуулардан бөлөк кармалат.
133. Карантин учурунда, ошондой эле эгер оорулууга келүү анын ден соолугунун начарлашына алып келсе, дарылаган дарыгердин жана бөлүмдүн начальнигинин жазуу жүзүндөгү корутундусу боюнча дарылоо түзөтүү мекемесинин начальниги адвокаттарды жана юридикалык жардам көрсөтүүгө укугу бар адамдарды кошпогондо, аны менен башка адамдардын жолугушуусуна уруксат берүүнү убактылуу токтото турат.
134. Узак мөөнөткө жолугушуулар түзөтүү мекемесинин режиминин тиешелүү түрү үчүн белгиленген ченемдер боюнча соттолгондордо медициналык каршы көрсөткүчтөр жок болгон учурда берилет.
135. Эгерде соттолгондор анткорлонуп ооругандыгына же өзүнүн денесине атайын зыян келтирүү актын жасоого байланыштуу айыптык изолятордон, жеке камерадан, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларынан дарылоо түзөтүү мекемесине которулса, алардын дарылоо түзөтүү мекемесинде болгон убактысы жаза чарасын өтөө мөөнөтүнө кошуп эсептелбейт.
136. Дарылоо түзөтүү мекемесинде дарыланып жаткан соттолгондорго эгер алар медициналык көрсөткүчтөргө каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 118-беренесинде каралган тартиптик жазалар колдонулат.
137. Соттолгондордун эмгектенүүсү медициналык көрсөткүчтөргө, эмгекке жарамдуулук деңгээлине жана дарылоо түзөтүү мекемесинин шарттарында алардын эмгегин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ылайык уюштурулат.
138. Билим берүү процесстерине катышкан адамдарга карата алардын дарылоо түзөтүү мекемесинде болгон мезгилинде окутуу токтотулат.
21-глава. Соттолгондордун камералык кармоо
шарттарында жаза өтөө өзгөчөлүктөрү
139. Катуу шарттарда жаза өтөө жайлары башка шарттарда жаза өтөгөн соттолгондордон анда кармалгандарды обочолоону камсыздоо менен кармоонун камералык тиби боюнча жабдылат. Катуу шарттарда жаза өтөө участогунун обочолонгон аймагына ушул Эрежелердин 15-тиркемесине ылайык баяндалгандай сейилдөө аянтчасы жасалат.
Жаза өтөөнүн катуу шарттарынын камералары түзөтүү мекемесинин жатаканаларына коюлган талаптарга ылайык коммуналдык-тиричиликтик курулмалардын комплекси менен жабдылат. Жумуш жана окуу камералары, жуунучу бөлмөлөр, тарбия иштеринин бөлмөсү, медициналык процедуралар үчүн бөлмө обочолонгон участоктун аймагына жайгаштырылат.
140. Жаза өтөөнүн катуу шарттарындагы камераларда электр розеткалары, контролерлорду чакыруу үчүн сигнализация баскычтары, санитардык түйүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык инвентарлар жана предметтер орнотулат.
141. Жаза өтөөнүн катуу шарттарындагы камералардын жайларындагы жабдуулардын техникалык мүнөздөмөлөрү Кыргыз Республикасынын техникалык жана курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын чечими менен белгиленет.
142. Соттолгондор режимди сактаганда жана аларда тартиптик жазалар жок болгондо күндүзгү убакта мекеменин администрациясынын чечими боюнча уктоочу жайлардан өзүнчө жайларда болушу мүмкүн.
143. Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 113-беренесине ылайык билим алып жаткан же аталган Кодекстин 108-беренесине ылайык кесиптик даярдыктан өтүп жаткан соттолгондор ушул Эрежелердин 139-пунктунда каралган окуу расписаниесине ылайык иш же окуу камераларына чыгарылат.
144. Жаза өтөөнүн катуу шарттарында кармалган соттолгондор менен спорттук, маданий-массалык иш-чаралар алар жашаган жайлардын чегинде өткөрүлөт. Алардын өтүнүчү боюнча башка шарттарда кармалган соттолгондордон обочолонгон шарттарда дин кызматчылары менен жолугушууга, китепкананы жана дүкөндү пайдаланууга мүмкүндүк берилет.
145. Соттолгондорду эмгекке тартуу, тамактандыруу, медициналык кароо, санитардык текшерүү, амбулатордук дарылоо кармоонун башка шарттарында жаза өтөгөн соттолгондордон бөлөк уюштурулат.
146. Айыптык изоляторлор, жеке камералар, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайлары подвалдык жайларда жабдылбайт. Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 19-беренесине ылайык бардык түзөтүү мекемелеринде соттолгондун коопсуздугун камсыздоочу жайлар – коопсуз жай түзүлүшү мүмкүн.
147. Айыптык изолятордун, камералык типтеги жайлардын аймагы бийиктиги 3 метрден кем болбогон туташ жабылган тосмо менен тосулат. Айыптык изолятордун жана камералык типтеги жайлардын имараттарында соттолгондор үчүн камералар, контролерлордун бөлмөлөрү, персоналдын кызматтык кабинеттери, медициналык тейлөө бөлмөсү, сейилдөө аянтчалары, соттолгондордун төшөнчүлөрүн жана жеке буюмдарын сактоо үчүн бөлмөлөр жайгаштырылат.
148. Айыптык изолятордун жана камералык типтеги жайлардын коридорлорунда камераларды башка жайлардан, ошондой эле айыптык изолятордун камераларын камералык типтеги жайлардан бөлүп туруучу темир торлор (полдон шыпка чейин, эшиги менен) орнотулат. Камералардын сырткы эшиктеринин жанында ачкычтарды тосуучу атайын чөнтөктөр, эшиктерди чектегичтер орнотулат.
149. Айыптык изолятордун жана камералык типтеги жайлардын имараттары түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөтчү жардамчысынын жайына айгай сигналы чыгып турган автоматтык өрт сигнализациялары менен жабдылат. Көрүнөө жерлерге элди эвакуациялоо планы жана өрт коопсуздук чаралары жөнүндө нускама илинет.
150. Айыптык изолятордун жана камералык типтеги жайлардын имараттарында эвакуациялык кошумча чыгуу болууга тийиш. Эвакуациялык кошумча чыгуучу эшиктердин ачкычтары контролерлордун бөлмөсүндө сакталууга тийиш, ал эми коридордо өрт өчүрүүчү шлангдар жана най, эки өрт өчүргүч менен жабдылган ички өрт өчүрүүчү крандар орнотулат.
151. Өрт коопсуздугун сактоо максатында айыптык изолятор, камералык типтеги жайлар, жеке камералар жана убактылуу бөлүп кармоо жайлары жайгашкан имараттарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– күйүүчү материалдарды, бат тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды колдонуу менен өндүрүштүк участокторду жайгаштырууга;
– түзөтүү мекемесинин администрациясынын өрт коопсуздугу кызматы менен макулдашылган жазуу жүзүндөгү уруксатысыз электр менен ширетүү иштерин жүргүзүүгө;
– бат тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды алар үчүн бөлүнбөгөн жерлерде сактоого, анын ичинде оңдоо мезгилинде сактоого;
– жарыктандыруу үчүн керосин чырактарын, факелдерди жана шамдарды колдонууга;
– электр менен жылытуучу шаймандарды колдонууга.
152. Контролерлордун кезметинин бөлмөсүндө телефон орнотулат, коридордо кайсы жерден болбосун айгай сигналын берүү үчүн коридордун болгон узундугу боюнча түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөтчү жардамчысынын жайына жана контролдук-өткөрүү пунктуна чыгарылган айгай сигнализация системасы орнотулат.
153. Жеке камералардын жайлары жаза өтөөнүн катуу шарттарында кармалган соттолгондор үчүн имараттар жайгашкан өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелеринин аймагына жайгаштырылат.
154. Айыптык изолятордун камералары, камералык типтеги жайлар, жеке камералар ушул Эрежелердин 140 жана 141-пункттарына ылайык жабдылат, мында кошумча түрдө күндүз кулпуланып бекитилүүчү бүктөлүүчү койкалар, полго бекем кагылган отуруу үчүн тумбалар менен жабдылат. Камералардын эшиктеринин өзү бекилүүчү түзүлүштөрүн башкаруу кубаттандыруу булактарын өчүргөн учурда эшиктерди жана бардык электр кулпуларын блоктон чыгарууну камсыз кылышы керек.
155. Убактылуу бөлөк кармоо жайы жана коопсуз орун өзүнчө бекилүүчү жай түрүндө түзүлөт жана ушул Эрежелердин 140 жана 141-пункттарына ылайык жабдылат, ушул Эрежелердин 15-тиркемесине ылайык аларда спорттук инвентары бар сейилдөөчү аянтчалар жасалат. Убактылуу бөлөк кармоо жайларында 3төн көп эмес адам кармалышы мүмкүн.
156. Айыптык изоляторго, жеке камераларга, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларына которулган соттолгондорго жаза тартибинде сүлгү, самын, тиш пастасы, тиш щеткасы, даарат кагазы, тамеки буюмдары жана ширеңкеден (аялдар үчүн – гигиена предметтери) тышкары, аларда болгон жеке буюмдарын өздөрү менен алып кирүүгө уруксат берилбейт.
157. Айыптык изолятордо, жеке камераларда кармалган соттолгондордо болгон жазуу жана почта буюмдары көзөмөлдөө боюнча текшерүүчүдө сакталат жана кат жазган убакта аларга берилет.
158. Камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында кармалган соттолгондорго өзү менен окуу китептерин, жөнөкөй калемдерди, авторучкаларды, стержендерди, дептерлерди, почта маркаларын, открыткаларды, конверттерди алууга, китепкананы пайдаланууга, китептерди, журналдарды жана гезиттерди жаздырып алууга уруксат берилет.
159. Тамак-аш азыктары кампага өткөрүлөт жана соттолгондорго алар жаза чараларын өтөп бүткөндөн кийин берилет, мында түзөтүү мекемесинин администрациясы алардын сакталышы үчүн зарыл чараларды көрөт. Азыктар бузулган учурда түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан комиссиялык тартипте акт түзөлөт, ал эми азыктар жок кылынат.
160. Айыптык изоляторго, жеке камераларга, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларына которулган соттолгондорго түзөтүү мекемесинин күн тартибинде каралган сейилдөө мезгилинде гана тамеки чегүүгө уруксат берилет.
161. Соттолгондорду айыптык изоляторго, жеке камераларга, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларына кабыл алууда алар толук тинтүүдөн өтүшөт, андан кийин алар бул жайларга бекитилип берилген кийимди кийишет (түзөтүү мекемесинин администрациясынын аталган кийимди берүү мүмкүнчүлүгү бар болсо).
Айыптык изолятордо, жеке камераларда жана камералык типтеги жайларда кармалган соттолгондор камералардын чегинен тышкары жүргөндө колдорун артка алып басышат. Соттолгондорду камералардан ар бир чыгарган сайын жекече тинтүү жүргүзүлөт, ал эми тинтилүүчү соттолгон адам дубалды карап, сунулган колдору менен дубалга таянып, буттарын ийиндин туурасына теңештирип турат.
162. Түзөтүү мекемесинин билим берүү борборлорунда билим алып жаткан соттолгондор айыптык изолятордо, жеке камераларда, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында болгон мезгилде сабактарга чыгарылбайт. Аларга өз алдынча окууга жана окутуучулардан консультацияларды алууга мүмкүнчүлүк берилет.
163. Камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында кармалган соттолгондордун тамактануусу камераларда, ал эми жумуш убагында – өндүрүш объекттеринде жүргүзүлөт.
164. Айыптык изолятордо, жеке камераларда, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында кармалган соттолгондорду медициналык кароо жана амбулатордук дарылоо атайын жабдылган бөлмөдө жүргүзүлөт. Санитардык тазалоо башка соттолгондордон бөлөк жүргүзүлөт. Оорулуу соттолгондор медициналык көрсөткүчтөрү боюнча өзүнчө камераларга жайгаштырылат.
165. Айыптык изоляторго, жеке камераларга, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларына чыгарылган соттолгондорго төшөк-шейшептер уктоо мезгилинде гана берилет. Жайдын чегинен тышкары чыгарганда, аларга мезгилге жараша кийим берилет.
166. Айыптык изолятордун камераларында, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында жана тиешелүү сейилдөө короолорунда нөөмөткө туруу ар бир соттолгонго кезеги менен жүктөлөт. Нөөмөтчүнүн милдеттери түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан белгиленет. Жеке камераларды тазалоону аларда кармалган адамдар жүзөгө ашырат. Тазалоого жооптуу соттолгон камераны тазалоо үчүн инвентарды кабыл алат жана өткөрүп берет, камерада тазалыкты сактайт; камерадагы санитардык түйүндү, ал эми сейилдөө аяктаганда – сейилдөөчү короону тазалайт.
167. Айыптык изолятордон, жеке камералардан, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларынан соттолгондорду анткорлонуп оору же өзүнүн денесине атайын зыян келтирүү менен байланышпаган себептер боюнча дарылоо-профилактикалык мекемелерине которгон учурда, алардын дарылоо-профилактикалык мекемелеринде болгон мөөнөтү жаза өтөө мөөнөтүнө кошо эсептелет.
168. Айыптык изолятордо, жеке камераларда, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында кармалган соттолгондор камера боюнча жуунуучу жайда жуунушат. 7 суткадан ашпаган мөөнөткө айыптык изоляторго киргизилген соттолгондорго душта жуунууга уруксат берилбейт.
169. Айыптык изолятордо, жеке камераларда, камералык типтеги жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында кармалган соттолгондорго дин кызматчылары кире алат. Мында соттолгон түзөтүү мекемесинин администрациясына дин кызматчысы менен жолугушууга уруксат берүү жөнүндө арыз менен кайрылат. Соттолгондордун дин кызматчысы менен жолугушуусу өзүнчө бөлмөдө өтүшү керек.
170. Түзөтүү мекемесинин начальниги жок учурда, жасалган кылмышты же режимди одоно бузууга башка чаралар менен бөгөт коюуга мүмкүн болбосо, түзөтүү мекемесинин начальниги келгенге чейин түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөтчү жардамчысынын токтому боюнча соттолгондор айыптык изоляторго, жеке камераларга жайгаштырылышы мүмкүн, бирок 24 сааттан ашпашы керек. Мындай бөлөк кармоо тартиптик жаза болуп саналбайт.
22-глава. Түзөтүү мекемелеринде
текшерүүлөрдү жана тинтүүлөрдү жүргүзүү
тартиби
171. Соттолгондорду, түзөтүү мекемесинин жайларын, аймактарын жана өндүрүш объекттерин текшерүү жана тинтүү пландуу жана күтүүсүз болушу мүмкүн жана жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
172. Текшерүү жана тинтүү убагында зарылчылык болбосо төшөк-шейшептерге, ич кийимдерге, кийимдерге, инвентарга жана башка предметтерге зыян келтирүүгө жол берилбейт.
173. Турак жай зоналарын жана өндүрүш объекттерин текшерүү жана тинтүү конкреттүү пландар боюнча уюштурулат. Алардын жыйынтыктары тиешелүү актылар менен таризделет. Текшерүүлөрдүн жана тинтүүлөрдүн мезгилдүүлүгү жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.
Соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү максатында текшерүүлөргө жана тинтүүлөргө түзөтүү мекемесинин тарбиялоо кызматтарынын кызматкерлери тартылбайт.
174. Түзөтүү мекемесиндеги ыкчам-режимдик кырдаал татаалдашканда жана соттолгондор тарабынан массалык баш аламандыктын чыгуусуна алып келген башка учурларда жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын чечими боюнча өзгөчө абал жарыяланып, бир түзөтүү мекемесин тинтүүгө жаза аткаруу системасынын башка органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери тартылышы мүмкүн.
23-глава. Соттолгондордон тыюу
салынган буюмдарды, предметтерди алып коюу
жана айып түрүндө түшкөн каражаттарды
пайдалануу тартиби
175. Түзөтүү мекемесинде колдонууга тыюу салынган буюмдарды соттолгондордон алып коюу укугуна түзөтүү мекемесинин кызматкерлери ээ.
176. Тыюу салынган буюмдар табылган учурда алып коюлат, ал тууралуу акт түзүлөт, андан кийин текшерүү жүргүзүлөт жана түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан чечим кабыл алынат.
177. Соттолгондордо мыйзамсыз сакталган алынып коюлган акчалар бир суткалык мөөнөттөн кечиктирилбей (дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо) финансы бөлүгүнө же бухгалтерияга өткөрүлөт, анда түзөтүү мекемесинин атайын эсебине киргизилет жана түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат.
Соттолгондордо мыйзамсыз сакталган алып коюлган баалуу кагаздар жана башка предметтер (зер буюмдары, баалуу металлдар, таштар, видео жана үн жазуучу техника, түстүү, кара металлдар ж.б.) түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан түз сатуу-сатып алуу келишимин түзүү же жаза аткаруу системасынын адистештирилген дүкөндөрү аркылуу сатылат, ал эми сатуудан алынган акча каражаттары да түзөтүү мекемесинин атайын эсебине киргизилет жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат.
Соттолгонго Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 118-беренесине ылайык тартиптик айып түрүндөгү жаза чыгарылган учурда түзөтүү мекемесинин бухгалтериясы тиешелүү токтомдун негизинде соттолгондун өздүк эсебинен белгиленген акча каражаттарынын суммасын түзөтүү мекемесинин атайын эсебине которот, ал соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат.
178. Соттолгондор мыйзамда белгиленген тартипте ээ болгон жана түзөтүү мекемесинин администрациясына ыктыярдуу тартипте берилген акчалар, баалуу кагаздар жана башка предметтер түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан атайын жабдылган жерде сакталат жана жаза өтөө мөөнөтү аяктаганда соттолгонго кайтарылып берилет.
179. Соттолгондордон алынып коюлган, баалуу деп эсептелбеген буюмдар кампага сактоого тапшырылат же түзөтүү мекемесинин начальнигинин чечими боюнча жок кылынат, бул тууралуу соттолгонго кол койдуруп тааныштыруу менен тиешелүү акт түзүлөт.
180. Соттолгондордун белгиленген салмактан ашык буюмдары алынып коюлат жана сактоо үчүн кампага тапшырылат. Эгерде кампада сакталган буюмдар соттолгондорго керек болсо жана ашык болбосо, алар ээсине берилиши мүмкүн.
181. Түзөтүү мекемесинин аймагында табылган акча каражаттарынын, ошондой эле ушул Эрежелердин 177-пунктунда белгиленген баалуу кагаздарды, башка предметтерди сатуудан кийин алынган акча каражаттарынын кимге тиешелүүлүгүн аныктоо мүмкүн болбосо, түзөтүү мекемесинин атайын эсебине киргизилет жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат.
24-глава. Соттолгондордун эмгек
мамилелери
182. Соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине ылайык өзүнүн эмгекке жарамдуулугуна жараша эмгектенүүгө милдеттүү.
Соттолгондор жеке эмгек иши менен алектенүүгө укуктуу.
183. Соттолгондор акы төлөнүүчү жумушка эмгек келишими боюнча тартылат. Туруктуу, убактылуу жана мезгилдүү жумуштарда иштеген ар бир соттолгонго түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан эмгек мыйзамына ылайык эмгек китепчеси ачылат.
184. Соттолгондорду акы төлөнүүчү жумушка дайындоо түзөтүү мекемесинин начальнигинин буйругу менен таризделет, алардын көчүрмөлөрү соттолгондордун өздүк ишине тиркелет.
185. Соттолгондорду төмөнкүдөй иштерге тартууга жол берилбейт:
– мекемелерди кайтарууну жүзөгө ашырган, жеке курам жайгашкан, курал-жарак, кызматтык документтер, атайын техникалык каражаттар турган (сакталган) түзөтүү мекемесинин административдик имараттарындагы бардык иштерге;
– кайтаруунун техникалык каражаттарын, ошондой эле ички тыюу салынган зонада жайгашкан кайтаруунун инженердик каражаттарын тейлөө жана оңдоо боюнча;
– көбөйтүүчү, радиотелеграфтык, телефондук, факсимилдик техника менен иштөөгө;
– медикаменттерди, жардыруучу, ууландыруучу жана уулуу заттарды эсепке алуу, сактоо жана берүү менен байланышкан;
– аларга жалданган жумушчуларды баш ийдирүүчү;
– ыкчам машиналарга айдоочу катары;
– сатуучу, бухгалтер-операционист, кассир, азык-түлүк, кийим кампаларынын, ошондой эле татаал жана кымбат баалуу жабдыктар сакталуучу кампалардын башчысы, кампачы катары.
186. Түзөтүү мекемелеринин ичиндеги чарбалык тейлөө боюнча иштерди аткаруу үчүн, ошондой эле түзөтүү мекемесинин ичиндеги мастерлердин, бригадирлердин, нарядчылардын жана кезекчилердин кызмат орундарын ээлөө үчүн соттолгондорду тандоо түзөтүү мекемесинин комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Чарбалык тейлөө боюнча иштерге дайындоодо соттолгондун жазуу жүзүндөгү макулдугу (арызы) талап кылынат.
187. Соттолгондор чарбалык тейлөө боюнча иштерди ушул Эрежелердин 184, 185-пункттарында аныкталган тартипте аткарат.
Түзөтүү мекемесиндеги чарбалык тейлөөгө тартылган соттолгондор абаттоо, имараттардын, курулмалардын, коммуникациялардын талаптагыдай техникалык абалын кармоо боюнча иштерди, ошондой эле ушул Эрежелерде тыюу салынбаган башка иштерди аткарат.
Мындай иштерге тартылган соттолгондордун саны түзөтүү мекемесиндеги жаза өтөө орундарынын чегинин 6 пайызынан ашпашы керек.
Түзөтүү мекемесинин чарбалык тейлөө боюнча иштерин аткаруу үчүн анын чегинен тышкары соттолгондорду чыгаруу кайтаруу алдында жүргүзүлөт.
188. Түрмөдө же өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемесинде чарбалык тейлөө боюнча иштерди аткаруу үчүн соттолгондорду тандоо Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесине ылайык түзүлгөн жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
189. Чарбалык тейлөө боюнча иштерди аткаруу үчүн дайындалган соттолгондор бир отрядга бириктирилет. Алардын милдеттери, ошондой эле мастерлердин, бригадирлердин, нарядчылардын жана кезекчилердин милдеттери түзөтүү мекемесинин начальнигинин буйруктары менен белгиленет.
190. Соттолгондордун эмгеги колдонулган түзөтүү мекемелеринин ишканаларында жана өндүрүш объекттеринде соттолгондордун ишин түздөн-түз жетектөөчү эркин жалданма персоналдын, ошондой эле өндүрүштүн нормалдуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чекте эркин жалданган квалификациялуу жумушчулардын ишине жол берилет, бирок иштеп жаткан соттолгондордун санынын 15 пайызынан ашпашы керек.
191. Соттолгондор менен бирге иштеген адамдар ушул Эрежелерди сактоого тийиш. Соттолгондорго, ошондой эле соттолгондор тарабынан тамак-аш азыктарын, акча, кат-кабар, спирт ичимдиктерин, кийимдерди, башка предметтерди, буюмдарды жана заттарды берүүгө жол берилбейт. Бул тартип бузулган учурда, түзөтүү мекемесинин администрациясы күнөөлүү адамдарга соттолгондор иштеген объекттерге кирүүгө тыюу салат жана аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечет.
25-глава. Сыйлоо жана жаза чаралары
192. Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинде белгиленген тартипке ылайык сыйлоо жана жаза чараларын колдонуу ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын токтому же буйругу менен таризделет.
193. Байланыш каражаттарын мыйзамсыз колдонуу аркылуу кармоо режимин бузган соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 120-беренесинде белгиленген тартипте айыптык изоляторго камоо түрүндө жазаланат.
194. Токтомдор (ушул Эрежелердин 16 жана 17-тиркемелери) же буйруктардын көчүрмөлөрү соттолгондордун өздүк ишине тиркелет. Сыйлоонун жана жазалоонун жеке эсеби отряддардын начальниктери (улук тарбиячылар) тарабынан жүргүзүлөт.
Отряддар боюнча (бөлүмдөр боюнча) сыйлоонун жана жазалоонун эсеби түзөтүү мекемесинин начальнигинин тарбия иштери боюнча орун басары тарабынан жүргүзүлөт.
26-глава. Жаза аткаруу системасынын
түзөтүү мекемелери ортосунда соттолгондорду
жөнөтүү жана которуу тартиби
195. Соттологондорду түзөтүү мекемесине жөнөтүү, ошондой эле аларды башка түзөтүү мекемесине которуу Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине ылайык жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын кезметин тариздөө аркылуу ишке ашырылат.
196. Соттолгондорду которуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жазуу жүзүндөгү өтүнмөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
197. Өзгөчө учурларда медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн дем алыш жана майрам күндөрүн эсепке албаганда, 24 саат ичинде кийин кезметти тариздөө менен, соттолгондорду түзөтүү мекемесинин администрациясынын күчү менен кезметсиз которууга жол берилет.
198. Соттолгон Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 80-беренеси менен аныкталган тартипте, ошондой эле төмөнкү учурларда башка түзөтүү мекемесине которулушу мүмкүн:
– бир кылмыш иши боюнча өтүп жаткан соттолгонду бөлүү зарылдыгы болгондо;
– режимдик жана тарбиялоо-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу;
– соттолгондор арасында чыр-чатак кырдаалдарды болтурбоо максатында;
– жалпы орто билим алуу максатында;
– I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген соттолгондорго арналган шарттарда жайгаштыруу максатында.
27-глава. Ден соолугунун
мүмкүнчүлүктөрү чектелген соттолгондорду
кармоо өзгөчөлүктөрү
199. Түзөтүү мекемесинин администрациясы I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген соттолгондорду (мындан ары – соттолгон майыптар) имараттардын биринчи кабаттарында жайгашкан турак жайларга жайгаштырат, алар үчүн реабилитациялык иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
Түзөтүү мекемесинде I жана II топтогу соттолгон майыптарды жайгаштыруу үчүн шарттар жок болгон учурда, алар аталган категориядагы соттолгондор үчүн кармоо шарттары бар ошол эле түрүндөгү режимдеги башка түзөтүү мекемесине которулушу мүмкүн.
200. I жана II топтогу соттолгон майыптар бар экендигин текшерүү медициналык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен алардын жашаган же иштеген жери боюнча жүргүзүлөт.
201. Түзөтүү мекемесинин администрациясы түзөтүү мекемесинин күн тартибинин алкагында соттолгон майыптарга жеке реабилитациялоо программасын ишке ашыруу үчүн убакыт, ошондой эле реабилитациялоонун техникалык каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.
202. Соттолгон майыптар конкреттүү реабилитациялоонун техникалык каражаты же реабилитациялоонун түрү менен, анын ичинде кресло-коляска, протез-ортопедиялык жасалгалар, атайын шрифти бар басылмалар, үн күчөтүүчү аппаратура, сигнализаторлор, субтитр жана сурдокотормосу менен видеоматериалдар, атайын тренажерлор жана башка ушул сыяктуу каражаттар менен өзүн камсыз кылуу жөнүндө маселени өз алдынча чечүүгө укуктуу.
203. Соттолгон майыптар айыптык камак жайына киргизилгенде, жалгыз кармоочу камераларга, камера тибиндеги жана убактылуу жайларына которгондо өздөрү менен реабилитациялоонун техникалык каражаттарын алып жүрсө болот. Реабилитациялоонун техникалык каражаттарынын салмагы соттолгондор жанына алып жүрүүгө мүмкүн болгон буюмдардын жана предметтердин жалпы салмагына кирбейт.
204. I же II топтогу соттолгон майыптарга, анын ичинде дайыма кароого муктаж болгондорго түзөтүү мекемесинин аймагы боюнча тизимден тышкары жүрүүгө уруксат берилет.
205. I же II топтогу соттолгон майыптарга медициналык көрсөткүчтөрүнө жана түзөтүү мекемесинин мүмкүнчүлүгүнө жараша күн сайын жуунуу камсыз кылынат.
28-глава. Түзөтүү мекемесинен бошонуп
жаткандарга жардам көрсөтүүнүн
өзгөчөлүктөрү
206. Соттолгонду бошотуу пландаштырылганга чейин 30 күн калганда түзөтүү мекемесинин социалдык кызматкери анын кийиминин, бут кийиминин, финансылык каражаттарынын бар экендиги, өз алдынча же туугандарынын, башка адамдардын эсебинен жашаган жерине жетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карайт. Кийими, бут кийими, акча каражаттары, жашаган жерине өз алдынча жетип алуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, социалдык кызматкер тарабынан түзөтүү мекемесинин башчысынын атына (эркин формада) корутунду берилет, анын негизинде:
– бошотулганга чейин бир күн мурда түзөтүү мекемесинин чарбалык кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен ченемдерге ылайык соттолгон мезгилге жараша кийим-кече жана бут кийим, тамак-аш азыктарын берет, бул жөнүндө тиешелүү эсепке алуу документтерине белги коюлат;
– финансы кызматы түзөтүү мекемесинин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен акча каражаттарынын зарыл болгон суммасын түзөтүү мекемесинин социалдык кызматкеринин эсебине (атайын банк картасына) которот, ал бошогон адамдын дайындалган жерине чейин жол киресин төлөйт, андан кийин отчет берүү үчүн финансы кызматына ырастоочу документтерди берет.
29-глава. Түзөтүү мекемелерин жабдуу боюнча
жалпы талаптар
207. Түзөтүү мекемесин жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн аймак кайтарылуучу жана кайтарылбаган участокторго бөлүнөт.
Кайтарылуучу участокторго түзөтүү мекемесинин тыюу салынган зонасынын чегиндеги аймак кирет.
Кайтарылбаган участокторго түзөтүү мекемесине жанаша аймактар кирет, алардын чек арасы жана аларды колдонуу режими жер мыйзамдары менен аныкталат.
208. Кайтарылуучу аймактын чегинде үч обочолонгон зонага бөлүнөт: турак жай – соттолгондор жашоо үчүн, өндүрүштүк – соттолгондор иштөө үчүн, административдик – түзөтүү мекемесинин кызматтары иштөө үчүн. Административдик зоналар кайтарылбаган аймакта да түзүлүшү мүмкүн.
Түзөтүү мекемелеринде режимдин ар башка түрлөрү менен обочолонгон участоктор түзүлүшү мүмкүн, аталган мекемелердин тизмеги ушул Эрежелердин 18-тиркемесине ылайык аныкталат.
209. Түзөтүү мекемелеринин турак жай зоналарынын аймактары локалдуу, бир убакта аларда 300дөн ашык эмес соттолгондорду кармоо менен бири-биринен обочолонгон участокторго бөлүнөт.
210. Турак жай зонасында: соттолгондордун жазасын өтөөнүн коопсуздугун, режимин жана/же шарттарын дифференциациялоону камсыз кылуу максатында локалдуу, бири-биринен обочолонгон жатаканалар; кухня-ашкана; дүкөн; билим берүү мекемелери; клуб; китепкана; медициналык бөлүк; кийим-кече мүлкүн дезинфекциялоо үчүн жабдуулар менен жабдылган мончо-кир жуучу комплекс; чачтарач; жууркан-төшөктөрдү жана кийимдерди алмаштыруу фондун сактоо үчүн кампа; телефон менен сүйлөшүү үчүн жайлар (зарыл болгон учурда административдик зонада жайгашышы мүмкүн), кийим-кече жана бут кийим оңдоо боюнча устаканалар, спорт залдар, аянтчалар (мүмкүн болсо), соттолгондорду текшерүү үчүн аянтчалар, түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык кабинеттери.
Жалпы жана катаал режимдеги түзөтүү мекемелеринде жаза өтөөнүн кадимки жана жеңилдетилген шарттарындагы жатаканалардын бөлмөлөрүнүн жабдууларынын техникалык мүнөздөмөлөрү жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын чечими менен белгиленет.
211. Түзөтүү мекемесинин аймагында обочолонгон карантиндик бөлүм, айыптык изоляторлорунун камераларын, камера тибиндеги жайларды камтыган имараттар, тарбиялоо колонияларында – убактылуу обочолонгон жайлары, өзгөчө режимдеги колонияларында – бөлөк кармоочу камералар, ал эми жатак-абактарда айыптык изоляторлору гана жабдылат.
212. Бири-биринен обочолонгон участоктордун аймагында беседкалар жана тамеки чегүү үчүн жайлар, соттолгондорду тизүү жана текшерүү үчүн пайдаланыла турган спорттук аянтчалар кошумча жабдылат.
213. Обочолонгон участоктор жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын чечими менен белгиленген тартипте тосмо менен бири-биринен тосулат.
214. Турак жай зонасы өндүрүштүк зонадан, айыптык изолятордун жайларынан, камералык типтеги жайлардан, башка курулуштардан каралуучу коридорлор менен бөлүнөт.
215. Түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысын, контролерлордун кезметин жайгаштыруу үчүн жайлар ар бир мекеменин өзгөчөлүгүнө жараша, эреже катары, турак жай жана өндүрүштүк зоналардын кошулган жеринде жайгаштырылат. Ал соттолгондорду бир зонадан башкасына өткөрүүгө арналат, анда тинтүү жүргүзүү үчүн бөлмө жабдылат.
216. Түзөтүү мекемесинин аймагына персоналды же башка адамдарды, ошондой эле транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн контролдоо-өткөрүү пункту жабдылат.
217. Контролдоо-өткөрүү пунктунун имаратында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү жолугушуулар үчүн бөлмөлөр, посылкаларды, передачаларды, бандеролдорду кабыл алуу жана берүү, түзөтүү мекемесинин аймагына кирген адамдарды жана алардын буюмдарын текшерүү үчүн өзүнчө жайлар жабдылат.
Жолугушуу берилген соттолгондорду тинтүү үчүн жайлар жолугушуу бөлмөлөрүнүн жанында же административдик зонанын аймагында жабдылат.
218. Административдик имараттар түзөтүү мекемесинин аймагынан тышкары жайгашат жана аларда атайын бөлүмдүн, байланыш кызматынын, кадрлар тобунун, канцеляриянын, бухгалтериянын кабинеттери, атайын каражаттарды сактоо, тышкы кайтаруу кызматтары жана жарандарды кабыл алуу үчүн жайлар жайгаштырылат.
219. Түзөтүү мекемесинин кайтарылган аймагынан тышкары: административдик имарат, резервдик тамак-аш булактары, азык-түлүк, буюм мүлкү, күйүүчү-майлоочу материалдар, лак-сыр заттар кампалары, жашылча сактоочу жай, гараждар, дарыкана, автоматтык телефон станциясы, түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн башка жайлар жайгаштырылат.
220. Жалпы жана катаал режимдеги түзөтүү мекемелеринде кадимки жана жеңилдетилген шарттарда кармалган соттолгондор жатаканаларга жайгаштырылат жана Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 99-беренесинде белгиленген ченемдер боюнча турак жай аянтчасы менен камсыз болушат. Түзөтүү мекемесинде коопсуздукту жана режимди камсыз кылуу максатында жатаканалардын уктоочу бөлмөлөрү тийиштүү инженердик-техникалык шарттар болгондо, жатуудан баштап турууга чейинки мезгилде кулпуланышы мүмкүн.
221. Ар бир соттолгонго жеке уктоочу орун берилет, ага соттолгон жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, сүрөтү) менен табличкалар орнотулат.
222. Жатаканалардын имараттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык шаймандар жана предметтер менен жабдылат. Жатаканалардын имараттарында уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, ар бир отрядга жараша отряд башчыларынын кабинеттери, тарбиялык иштер бөлмөлөрү, психологиялык женилдөө бөлмөлөрү, чечинүүчү бөлмөлөр, даараткана, жуунуучу бөлмөлөр, тамак-ашты сактоо жана тамактануу бөлмөлөрү, жеке буюмдарды сактоо үчүн бөлмөлөр, турмуш-тиричиликтин бөлмөлөрү (бурчтар), кийим-кечелерди жана бут кийимдерди кургатуу бөлмөлөр менен жабдылат. Соттолгон аялдарды кармоочу түзөтүү мекемелерде жеке гигиена бөлмөлөрү болот. Соттолгондор үчүн жуунгучтар өзүнчө бөлмөлөргө коюлат.
Тамак-ашты сактоо жана тамактануу бөлмөлөрүнө: муздаткыч, стол, табуреткалар, электр чайнектери (электр суу кайнаткычтары) орнотулат.
Жатакана менен түзөтүү мекемесинин нөөмөт бөлүгүнүн ортосуна телефондук байланыш орнотулат.
223. Түзөтүү мекемесинин карантиндик жайларына турак жай бөлмөлөрү, тарбия иштери, тамактануу, жеке буюмдарды сактоо үчүн бөлмөлөр, кийим чечүүчү жайлар, дааратканалар жайгаштырылат.
30-глава. Өзгөчө режимдеги түзөтүү
мекемелерин жана түрмөлөрдү
жайгаштыруунун өзгөчөлүктөрү
224. Өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемесинин турак жай зоналары карап туруучу коридор менен эки бөлүккө бөлүнөт:
– соттолгондорду жаза өтөөнүн катуу шарттарында кармоо үчүн имараттар жайгашкан аймак;
– соттолгондорду жаза өтөөнүн кадимки жана жеңилдетилген шарттарында жаза өтөөсү үчүн имараттар жайгашкан аймак.
225. Ушул Эрежелердин 224-пунктунда көрсөтүлгөн объекттердин аймактарында режимдердин башка түрлөрүндөй эле колонияларда ушундай эле кызматтык, коммуналдык-тиричилик объекттери жана медициналык тейлөө жана тарбиялык мүнөздөгү объекттери жайгаштырылат, ошондой эле ушул Эрежелердин 15-тиркемесине ылайык сейилдөөчү аянтчалары жабдылат.
226. Соттолгондорду жаза өтөөнүн катуу шарттарында кармоо үчүн имараттар жайгашкан аймакта карантиндик бөлүмдүн жайлары, айыптык изолятору жана бөлөк кармоочу камералар жайгаштырылат.
227. Өмүр бою эркиндигинен ажыратылган соттолгондор камераларга 4 кишиден көп эмес жайгаштырылат. Өзгөчө режимдеги колониялардын камералары ушул Эрежелердин 140 жана 141-пункттарына ылайык жабдылат.
228. Өзгөчө режимдеги колонияларга чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн жөнөтүлгөн соттолгондор үчүн жатаканалар соттолгондордун негизги массасы кармалуучу турак жайлардан обочолонуп түзүлөт.
229. Түрмөнүн аймагы үчкө бөлүнөт:
– режимдик аймак, анда соттолгондорду кармоо үчүн камералар, түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөтчү жардамчысынын бөлмөсү, медициналык-санитардык бөлүк, карантиндик бөлүм; кийим-кечелерди жана буюмдарды дезинфекциялоо үчүн жабдылган мончо-кир жуучу комплекс, чачтарач, кухня, жууркан-төшөктөрдүн жана кийимдердин алмаштырылуучу фондун сактоо үчүн кампа; телефон менен сүйлөшүүлөр үчүн жай, ушул Эрежелердин 15-тиркемесине ылайык жабдылган сейилдөөчү аянчалары жайгаштырылган;
– административдик аймак, анда персоналдын кызматтык кабинеттери; персоналды жана башка адамдарды, ошондой эле транспорттук каражаттарды түрмөнүн аймагына өткөрүү үчүн контролдук-өткөрмө пункту; китепкана; кыска жана узак мөөнөттүү жолугушууларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр; посылкаларды, передачаларды, бандеролдорду кабыл алуу жана берүү; түрмөнүн аймагына кирген адамдарды жана алардын буюмдарын текшерүү үчүн өзүнчө жайлар жайгаштырылган;
– чарбалык аймак, анда кампалар, гараждар жана башка көмөкчү жайлар жайгаштырылган.
230. Административдик аймак режимдик аймактан жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын чечими менен белгиленген тартипте курчалат.
231. Түрмөлөрдүн камералары ушул Эрежелердин 140, 141-пункттарына ылайык жабдылат. Соттолгондорду эмгекке тартуу үчүн жумушчу камералар жабдылышы мүмкүн.
232. Түрмөгө чарбалык тейлөө иштерин аткаруу үчүн жиберилген соттолгондор үчүн жатакана өзүнчө түзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 1-тиркеме |
Форма
Өздүк ишиндеги документтердин болушун
текшерүү
актысы
Биз, төмөндө кол койгондор ЖАКтын № ____ мекемесинен ЖАКтын № ____ мекемесине келген соттолгон ___________________ ____________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган жылы, берене, мөөнөтү) кабыл алууда _______________________________________________ (өздүк ишиндеги кемчиликтер көрсөтүлөт) аныкталгандыгы тууралуу ушул актты түздүк.
Бул тууралуу ушул акт түзүлдү.
№ ______ түзөтүү мекеменин башчысы
|
Эскертүү: акт 3 нускада түзүлөт, биринчи нускасы ЖАК үчүн, экинчи нускасы соттолгон адам келген мекемеге жиберилет, үчүнчү нускасы соттолгондун өздүк ишине тигилет.
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 2-тиркеме |
Форма
Соттолгондорго өзү менен алып жүрүүгө,
посылка, бандероль, передача менен алууга
тыюу салынган буюмдардын, предметтердин,
документтердин жана тамак-аш
продуктуларынын
тизмеги
1. Жарандык жүгүртүүдөн алынган предметтер, буюмдар жана заттар.
2. Куралдын бардык түрлөрү.
3. Транспорт каражаттары.
4. Жардыруучу, ууландыруучу, өрт чыгууга кооптуу жана радиоактивдүү заттар.
5. Акча, чет өлкөлөрдүн валютасы, кол саат жана чөнтөк сааттан тышкары баалуу буюмдар.
6. Баалуу кагаздар.
7. Оптикалык приборлор.
8. Жылытып ичүүнү талап кылган тамак-аш продукттары (чай, кофе, кургак сүт, кайнатууну талап кылбаган тез бышуучу тамак-аш концентраттардан тышкары) ачыткы, кант, үйдө консерваланган тамак-аш продуктулары.
9. Алкоголь ичимдиктеринин бардык түрлөрү, пиво.
10. Спирттин негизиндеги парфюм буюмдары.
11. Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана медициналык көрсөткүчтөрү жок дары-дармек заттары, медициналык каражаттар (маркаланган шприцтер жана ийнеден тышкары).
12. Компьютер техникасы, көбөйтүүчү аппараттар.
13. Бычак, коркунуч келтирген устара, коопсуз устаралар үчүн лезвие.
14. Конструкциясы боюнча миздүү куралга окшогон саюучу-кесүүчү буюмдар.
15. Балта, балка жана башка аспаптар.
16. Ойнолуучу карта.
17. Химикаттар.
18. Фотоаппараттар, фотоматериалдар, кинокамералар, видео-, аудиожаздыруучу техника, байланыш каражаттары.
19. Ар кандай документтер (соттолгондун белгиленген үлгүдөгү жеке документинен, соттун аныктамасынын же өкүмүнүн көчүрмөлөрүнөн, сактоого өткөрүлгөн акча, буюм, баалуу буюмдарынын квитанцияларынан тышкары).
20. Топографиялык карталар, компастар, топография, күрөш, кызматтык иттерди багуу, курал-жарактардын түзүлүшү боюнча адабият.
21. Аскердик жана башка форма кийими, аларга тиешелүү буюмдар.
22. Белгиленбеген үлгүдөгү кийим, баш кийим жана бут кийим (кара, пастел түстөгү жарандык кийимдерден, анын ичинде тапочкалардан, спорттук костюмдардан жана спорттук бут кийимдерден тышкары).
23. Порнографиялык материалдар жана предметтер.
24. Электр тиричилик буюмдары (электр устарасынан, заводдо даярдалган электр кайнаткычтан, электр чайнектен тышкары).
25. Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинде жана ушул Эрежелерде белгиленбеген тартипте алынган буюмдар жана предметтер, тамак-аш продуктулары.
26. Күндөн коргоочу карартылган көз айнектер.
Эскертүү:
1. Ушул Тизмек 5, 6, 10, 13, 18, 22, 24, 26-пункттарынан тышкары жатак-абактарда жаза өтөгөн соттолгондорго жайылтылат.
2. Башка мекемеге которууда соттолгондорго жеке буюмдарын белгиленген тартипте сатып алган тамак-аш продукттарын жана буюмдарды гана алууга уруксат берилет.
3. Соттолгондор алып жүрүүчү буюмдардын санын, тамак-аш продукттарын жергиликтүү шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алып, түзөтүү мекемесинин башчысы аныктайт. Соттолгон-майыптарга тиешелүү реабилитациялоонун техникалык каражаттарынан тышкары соттолгондор алып жүрүүчү буюмдардын, тамак-аштын жалпы салмагы 50 кг ашпашы керек.
4. Спорттук кийимди жана спорттук бут кийимди спорттук-массалык иш-чаралар, ишембилик өткөрүлгөндө кийүүгө уруксат берилет.
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 3-тиркеме |
Үлгү
Төш белги
Сүрөт
| Аты-жөнү |
3x4 см Отряддын № ________________ | |
Соттолгондор үчүн төш белгилердин
үлгүлөрүнүн сүрөттөлүшү
Төш белги ар кандай түстөгү (кызылдан башка) материалдан 90x40 мм өлчөмүндөгү төрт бурчтук түрүндө жасалат. Белгинин ачык жерине алюминий же типографиялык боёк менен соттолгондун аты-жөнү жана отряддын (бөлүмдүн) номери жазылат, четтерине 5 мм болгон чийме түшүрүлөт. Төш белгиде соттолгондун 30x40 мм өлчөмүндөгү кара-ак же түстүү сүрөтү жайгаштырылат.
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 4-тиркеме |
Үлгү
Керебеттерди типтүү жыйноо
Сүрөт
Керебеттерди типтүү жыйноонун сыпаттамасы
Керебетке керебеттин негизи менен тегизделген матрац төшөлөт. Андан кийин керебеттин үстүңкү бөлүгүндөгү матрац толук бойдон жабылгандай кылып шейшеп менен жабылат жана конверт сыяктуу бүктөлүп, четтери матрацтын алдына киргизилет, мында шейшеп керилип тартылууга тийиш, андан кийин керебеттин үстү каралжын түстөгү жууркан менен жабылат, ал да керилип тартылат. Жаздык көптүрүлөт, андан кийин бир жак бурчу түйүлүп ичине киргизилет, керилип тартылат жана үч бурчтук болуп керебеттин баш жагына коюлат. Керебеттин үстүңкү жөлөңгүчүнө сүлгү илинет, алдыңкы оң жак бөлүгүнө соттолгондун маалыматтары жазылган тактача керебетке бекитилет.
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 5-тиркеме |
Форма
Соттолгондордун болжолдуу күн тартиби
Тургузуу – таңкы саат 6.00дөн кеч эмес (дем алыш, эс алуу, майрам күндөрү – 1 саатка кеч).
Физикалык зарядка (узактыгы) – 15 мүнөткө чейин.
Даараткана, керебет жыйноо – 20 мүнөткө чейин.
Эртең мененки жана кечки текшерүү – 40 мүнөткө чейин.
Эртең мененки тамактануу – 30 мүнөткө чейин.
Жумушка чыгаруу – 40 мүнөткө чейин.
Жумуш убактысы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык.
Түшкү тамактануу – 60 мүнөткө чейин.
Жумуштан келүү, кечки даараткана – 30 мүнөткө чейин.
Кечки тамактануу – 30 мүнөткө чейин.
Жеке убакыт – 2 саатка чейин.
Тарбиялык иш-чаралар – 1 саатка чейин.
Билим берүү мекемелеринде окуу, тарбиялык, спорттук жана маданий-массалык иш-чаралар, китепкананын, клубдун, жолугушуу бөлмөлөрүнүн, дүкөндүн, медициналык бөлүктүн, коммуналдык-тиричиликтик камсыздоо объекттеринин, мончонун иштеши жана телефон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү – өзүнчө график боюнча.
Уйкуга даярдануу – 15 мүнөткө чейин.
Уктоо (үзгүлтүксүз) – 8 саат.
Жаткыруу – саат 22.00дөн кеч эмес (дем алыш, эс алуу, майрам күндөрү – 1 саатка кеч).
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 6-тиркеме |
Форма
Соттолгондорду жеке маселелери боюнча кабыл алуу
журналы
__________________________________________________
Башталды ____________________________________
Аяктады _____________________________________
№ | Арыз берүү же кабыл алуу датасы | Кабыл алган кызмат адамынын кызмат орду, наамы жана аты-жөнү | Кабыл алууга келген же арыз берген соттолгондун аты-жөнү, отряды | Коюлган маселелердин мазмуну | Кабыл алынган чечим | Аткарылганы тууралуу белги |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: журналдын ар бир барагы номерленип, тигилип, мөөр басылып жана түзөтүү мекемесинин канцеляриясынын кызматкеринин колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 7-тиркеме |
Форма
Өздүк эсебинде: ____________сом бар, |
| Квит. № _________________________ |
анын ичинен түзөтүү мекемесинде иштеп |
|
|
тапканы ____________________ сом |
| Соттолгон _________________________ |
|
| (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
|
Бухгалтер___________________________ 20____-жылдын “____”________________
| ||
Арыз
Мага төмөнкү товарларды сатып алууга уруксат берүүңүздү өтүнөм:
№ | Товардын аталышы | Саны | Берилди | |
саны | суммасы (сом) | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
Бардыгы: _________________________________________ (соттолгондун колу)
Тил кат ___________________________________________________ _______________________________________________суммада товар алдым. (сөз менен) Бул сумманы менин өздүк эсебимден алып салууңузду өтүнөм. _______________________ (соттолгондун колу) 20___-жылдын “____” __________________
|
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 8-тиркеме |
Форма
Камераларды техникалык кароо актыларын
эсепке алуу журналы
№ | Камеранын № | Кароо жүргүзүлгөн дата | Табылган кемчиликтер | Кароо жүргүзгөн кызматкердин наамы, аты-жөнү (атасынын аты болсо) | Көрүлгөн чаралар | Акт тигилген көктөмөнүн бети |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 9-тиркеме |
Форма
____________________________________________________________ (түзөтүү мекемесинин аталышы)
№ _____ өткөрмө 3x4 см сүрөттүн орду Аты-жөнү ____________________________________________________________ Иштеген жери, кызматы ____________________________________________________________ Жүрүү маршруту ____________________________________________________________
Жүрүү убактысы саат “____” саат “_____” чейин. 20___-жылдын “___” _______________ чейин берилди. № ___ түзөтүү мекемесинин начальниги
М.О.
| ||||||||||||||
Өткөрмөнү колдонуу эрежелери
1. Өткөрмө белгиленген маршруттун чегинде гана жарактуу.
2. Өткөрмөнү башка адамга бергенде, маршрутту бузганда жана КӨПкө келбей калганда же өткөрмөдө көрсөтүлгөн убакыттан кечигип келгенде күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат.
Өткөрмөнү колдонуу эрежелери мага айтылды.
Дата 20___-жылдын “_____”____________ __________________ | |
| (соттолгондун колу) |
Эскертүү:
1. Өткөрмө ачык түрдө 16x11 см өлчөмдө картондон жасалат.
2. Иштеген жери же жүрүү маршруту өзгөрсө, өткөрмө алмаштырылууга тийиш.
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 10-тиркеме |
Форма
Тил кат
Мага түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугун колдонгон соттолгондордун, ошондой эле камактан жана түзөтүү мекемесинин администрациясынын көзөмөлүнөн бошотулган адамдардын жүрүү эрежелери айтылды.
____________________________________________________________
(соттолгондун аты-жөнү)
Мага жогоруда аталган эрежелерди бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилди.
Дата 20___-жылдын “_____”____________ __________________ | |
| (соттолгондун колу) |
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 11-тиркеме |
Форма
Соттолгонго конвойсуз же коштоосуз жүрүү
укугун берүү жөнүндө, камактан жана түзөтүү
мекемесинин администрациясынын
көзөмөлүнөн бошотуу тууралуу
токтом
________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган жылы)
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин ________________ беренеси боюнча__________________ жылга (жаза мөөнөтү)
эркиндигинен ажыратууга соттолгон, анын ичинен ____________ өтөп бүттү, жаза өтөө мөөнөтүндө ____________________________________________________________ (соттолгон адамдын кыскача мүнөздөмөсү) ______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________ Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин __________________ беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ: Соттолгон _____________________________________ конвойсуз (аты-жөнү) же коштоосуз жүрүүгө уруксат берилсин, камактан бошотулуп, түзөтүү мекемесинин администрациясынын көзөмөлүнө берилсин (тиешелүүсүнүн асты чийилет).
№ _________түзөтүү мекемесинин башчысы
20___-жылдын “___” _______________
|
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 12-тиркеме |
Форма
Соттолгонду конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө,
түзөтүү мекемесинен тышкары
администрациянын көзөмөлүндө жашоого
берилген укуктан ажыратуу жөнүндө
токтом
Соттолгон ____________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган жылы) 20___-жылдын “___” ____________ _______________________ _____________________________________________________ _____________________________________________________ (конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө, түзөтүү мекемесинен тышкары администрациянын көзөмөлүндө жашоого берилген укуктан ажыратууга негиз болгон жана жүрүм-турум эрежелерин бузган себептер баяндалат) Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин ______- беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ: Соттолгон ____________________________________________________________ конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө, түзөтүү мекемесинен тышкары администрациянын көзөмөлүндө жашоого берилген (тиешелүүсүнүн асты чийилет) укуктан 20___-жылдын “___” _______________ тартып ажыратылсын.
№ ________________ түзөтүү мекемесинин башчысы
20___-жылдын “___”____________
|
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 13-тиркеме |
Форма
№ ______ күбөлүк
Соттолгон ___________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган жылы) _________________________________________________________ (чыгууга негиз көрсөтүлсүн) байланыштуу узак, кыска мөөнөткө (керектүүсүнүн алды сызылат) түзөтүү мекемесинен (тергөө изоляторунан) ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ (бара турган жагы) жакка __________ суткага чыгууга, анын ичинде ______сутка жолго кетет, уруксат берилди. 20___-жылдын “___” _______________ ал жаза өтөп жаткан ___________________________________________ түзөтүү мекемесине (аталышы) ___________________________________ дареги боюнча келүүгө милдеттүү. Телефон: ___________________________________________________________
Ички иштер органынын башчысынын белгиси
Келди ____________________________________________________________ (датасы, колу, гербдүү мөөрү) Кетти ___________________________________________________________ (датасы, колу, гербдүү мөөрү)
№ _____күбөлүктүн дүмүрчөгү
Түзөтүү мекемесинин башчысынын 20___-жылдын “___” №_____буйругунун негизинде, соттолгон ______________________ (аты-жөнү) __________________________________________________________ (туулган жылы, КР КЖК_________б. мөөнөтү) ____________________________________________________________ (мөөнөттүн башталышы жана бүтүшү)
узак, кыска мөөнөткө (керектүүсүнүн алды сызылат) түзөтүү мекемесинен ____________________________________________________________ (эмненин негизинде экени жазылат) байланыштуу ____________________________________________________________ (бара турган жак)
жакка ________________ суткага чыгууга, анын ичинде _____________ сутка жолуна, уруксат берилди.
Күбөлүк 20___-жылдын “___” ____________ берилди _________________ (соттолгондун колу)
Кетти 20___-жылдын “___”_______________ Келди 20___-жылдын “___” ______________
№ ___ түзөтүү мекемесинин атайын бөлүгүнүн башчысы
|
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 14-тиркеме |
Форма
Тил кат
Мен, соттолгон __________________________________________ (аты-жөнү) бул тил катты жазуумдун себеби, мага түзөтүү мекемесинен (тергөө изоляторунан) кыска (узак) мөөнөткө тышкары жүрүү тартибин түшүндүрүштү. Мага эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн баш тартканым үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилди.
20___-жылдын “___”________ ____________________ (соттолгондун колу) Тил катты алдым
20___-жылдын “___” _______________
|
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 15-тиркеме |
Форма
Түзөтүү мекемелеринде сейилдөөчү аянттардын
сүрөттөлүшү
Түзөтүү мекемелериндеги сейилдөө аянтын (мындан ары – сейилдөө аянты) режимдик корпустун үстүңкү кабатында жайгаштыруу зарыл, эгер техникалык себептер боюнча мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, сейилдөө аянттары түзөтүү мекемесинин режимдик аймагынын чегинде режимдик корпустан тышкары жайгаштырылат.
Сейилдөөгө чыгарыла турган ар бир соттолгонго сейилдөө аянтынын 2,5–3 чарчы метри туура келет. Сейилдөө аянтынын эң кичи өлчөмү – 12 чарчы метр.
Сейилдөө аянтынын үстүнө 17x17 см ашпаган бөлүктөрү бар темир торчолор ширетилип бекитилген темир алкак орнотулат. Темир тордун үстүнө “Рабица” тибиндеги 5x5 см ашпаган уячалар бекитилет.
Сейилдөө аянтынын ички дубалы эритме менен шыбалат. Эшиктери камераныкы сыяктуу жабдылат, бирок форточка болбойт. Ар бир сейилдөө аянтында дубалды бойлото полго кагылган отургуч, урна орнотулат. Аянттын үстүндө жана контролер туруучу секичеде жеңил бастырма орнотулат. Бастырманын бийиктиги колдонуудагы санитардык ченемдерге ылайык бир жагынан жаан-чачындан коргоп, экинчи жагынан – таза абанын, жарыктын кирип турушун камсыз кылышы керек.
Сейилдөө аянтынан суунун агымы камсыз болушу зарыл. Оорулуу адамдар, балалуу жана кош бойлуу аялдар үчүн чөп сээп же гүл отургузууга уруксат берилет. Балдар үчүн кум аянтчасы орнотулат.
Сейилдөө аянтчаларында кошумча спорттук тренажерлор (турник, дубалдагы брус, шакекчеси менен баскетболдук тактай, стол үстүндөгү теннис) орнотулушу мүмкүн.
Сейилдөө аянтынын үстүнө сейилдөөдө жүргөн соттолгондордун баары көрүнүп, көзөмөлдө болуп туруш үчүн контролердун секичеси орнотулат. Контролердун постунда күзөтүү-айгайлоо сигнализациясынын кабарлоочусу, түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөтчү жардамчысы менен байланыша турган телефон аппараты же розеткалары орнотулат.
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 16-тиркеме |
Форма
Соттолгонду сыйлоо жөнүндө
токтом
Соттолгон ____________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган жылы) ____________________________________________________________ (сыйлоого негиз болгон себептер)
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин ______ беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ: Соттолгон _______________________________________________ (аты-жөнү) ___________________________________________________ сыйланды. (сыйлоонун түрү)
№ ______ түзөтүү мекемесинин башчысы
20___-жылдын “___” _______________
Токтом мага жарыяланды: ____________________________________________________________ (соттолгондун аты-жөнү, колу, датасы)
|
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 17-тиркеме |
Форма
Соттолгонго тартип жазасын берүү жөнүндө
токтом
Соттолгон ____________________________________________________________ (аты-жөнү, туулган жылы) жаза өтөө режиминде көрсөтүлгөн ______________________________ _______________________________________________________ бузду (бузуунун маңызы баяндалат) Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин _____ беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ: Соттолгон ____________________________________________________________ (аты-жөнү)
жаза өтөө режимин бузгандыгы үчүн ____________________________ ____________________________________________________________ (жаза чарасы көрсөтүлөт) режимди одоно бузуучу деп таанылсын __________________________ (ооба, жок)
№ ________________________ түзөтүү мекемесинин башчысы
20___-жылдын “___” _______________
Токтом мага жарыяланды: ____________________________________________________________ (соттолгондун аты-жөнү, колу, датасы)
Токтомду жарыялады:
|
Эскертүү: соттолгонду айып изоляторуна, жалгыз кармоо камерасына (24 сааттан ашык эмес) убактылуу киргизүү түзөтүү мекемесинин башчысынын нөөмөт жардамчысы тарабынан ушул токтом боюнча соттолгонго жарыялабастан жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 18-тиркеме |
Жаза аткаруу системасынын ар түрдүү
режимдеги обочолонгон участоктору түзүлүшү
мүмкүн болгон түзөтүү жана тарбиялоо мекемелеринин
тизмеги
№ | Түзөтүү мекемелери | Жайгашкан жери |
1 | № 1 | Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылы |
2 | № 2 | Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степное айылы |
3 | № 3 | Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылы |
4 | № 8 | Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылы |
5 | № 10 | Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Баймундуз айылы |
6 | № 16 | Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылы |
7 | № 19 | Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы- Жер айылы |
8 | № 27 | Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылы |
9 | № 14 | Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылы |