Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-февралы № 168-V

Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 889-V, 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 1002-V, 2012-жылдын 15-февралындагы № 1644-V, 2012-жылдын 10-майындагы № 1900-V, 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2568-V, 2013-жылдын 3-апрелиндеги № 2933-V, 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3961  токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында активдүү парламенттер аралык кызматташууга умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

А.Ш.Жээнбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

Ө.Ч.Текебаев;

А.Г.Бекматов;

Э.Исаков;

М.И.Бакиров;

А.К.Кочкорбаев;

А.М.Маматалиев;

М.Орозбаев.

(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 889-V, 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 1002-V, 2012-жылдын 15-февралындагы № 1644-V, 2012-жылдын 10-майындагы № 1900-V, 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2568-V, 2013-жылдын 3-апрелиндеги № 2933-V, 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3961  токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:

- Ө.Ч.Текебаев - укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга;

- А.М.Маматалиев - экономикалык саясат боюнча туруктуу комиссияга;

- М.И.Бакиров - бажылык жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссияга;

- А.К.Кочкорбаев - социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияга;

- А.Г.Бекматов, Э.Исаков - агроөнөр жай саясаты, жаратылышты пайдалануу жана экология боюнча туруктуу комиссияга;

- М.Орозбаев  - соода саясаты жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссияга.

(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 889-V, 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 1002-V, 2012-жылдын 15-февралындагы № 1644-V, 2012-жылдын 10-майындагы № 1900-V, 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2568-V, 2013-жылдын 3-апрелиндеги № 2933-V, 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3961  токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

4. 2008-жылдын 14-февралындагы № 171-IV "Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

 Төрага

А.Келдибеков