Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-марты № 1038-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтому менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтому менен "Кумтөр Голд Компани" ЖАКда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Малиев Арсланбек Касымакуновичтин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. "Кумтөр Голд Компани" ЖАК иш-аракеттерин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча уурдоо, сакталган, ташылып чыккан жана сатылган алтындын санын, сапатын жана наркын атайылап бурмалоо фактылары табылбагандыгы белгиленсин.
3. 2023-жылдын 26-январына карата абалы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сактагычындагы Кыргыз Республикасынын алтын запасынын калдыгы - 43944,13 кг түзөрү, мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтары боюнча 1362,03 кг - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын контрагенти болгон чет өлкөлүк банкта (UBS AG Коммерциялык банкы, Швейцария) сактоодо тургандыгы белгиленсин. Бардыгы 45306,16 кг.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларын 2022-жылдын 4-апрелинде кол коюлган Глобалдык макулдашууга ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жөнөтүлгөн "Кыргызалтын" ААК "Аффинаж заводу" филиалынын алтынын бажылык тариздөө практикасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирсин;
- "Кумтөр Голд Компани" ЖАК кызматкерлерди жалдоо боюнча чечимдерди "Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 токтому менен бекитилген 1 жана 2-тизмелерге ылайык келтирсин;
- жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында Петров көлүнүн эриген мөңгү суусун сатуу мүмкүндүгү үчүн Кумтөр кениндеги логистикалык жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды оптималдуу пайдалансын;
- мамлекеттик органдардын жана "Кумтөр Голд Компани" ЖАКынын Кумтөр кениндеги, анын ичинде экология, өндүрүш, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу маселелери боюнча иштерин расмий сайттагы маалыматтар менен гана чектелбестен кеңири чагылдырууну үзгүлтүксүз негизде жүргүзсүн;
- учурдагы бар болгон ресурстардын базасында зарыл болгон техникалык жабдуулары жана баалуу металлдардын сапатын мамлекеттик контролдоо үчүн тиешелүү эл аралык сертификациясы бар лабораторияны түзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы баалуу металлдарды эсепке алуу жана контролдоо, ташуу, сактоо жана сатуу жөнүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2021-жылдын 17-майынан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары боюнча "Кумтөр Голд Компани" ЖАКда аныкталган зыянды кайтарууну жана ордун толтурууну камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрсүн.
7. 2022-жылдын 4-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы жана "Кыргызалтын" ААК менен "Центерра Голд Инк" компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" ЖАК жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАК ортосундагы жөнгө салуу жөнүндө Глобалдык макулдашууга ылайык "Кумтөр Голд Компани" ЖАК жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАК Кыргыз Республикасынын башкаруусуна толук өтүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдорунун аткарылышы контролдон алып салынсын:
- 2012-жылдын 27-июнундагы № 2117-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 1642-V токтому менен түзүлгөн "Алтын казып алуу кенинин ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКы тарабынан сакталышын, ошондой эле жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик контролдун абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отчету жөнүндө";
- 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө";
- 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" жана 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө";
- 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчету жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу";
- 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө";
- 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V "Кумтөр" долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V жана 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө";
- 2015-жылдын 29-июнундагы № 5447-V "Кумтор" долбоорунун ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө";
- 2021-жылдын 17-майындагы № 4555-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI жана 2021-жылдын 24-февралындагы № 4422-VI токтомдору менен түзүлгөн "Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАК сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчету жөнүндө".
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н.Т.Шакиев |