Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
Ч Е Ч И М И
2020-жылдын 23-декабры №11-р
Нурханбек Сакенович Момуналиевдин, Рано Тохтасиновна Юлдашеванын кызыкчылыгын көздөгөн Жылдызкан Турумбековна Кадырованын, Тилегүл Дербишовна Баймырзаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Фарида Абдыжалиевна Тыналиеванын кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар: М.Р. Бобукеева, Л.П. Жумабаев, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Э.Ж. Осконбаев, Ж.И. Саалаев, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы К.А. Аблакимовдун,
кайрылуучу тарап ‒ Нурханбек Сакенович Момуналиевдин, анын ишеним кат боюнча ѳкүлү Максат Куватович Мендековдун, Рано Тохтасиновна Юлдашеванын ишеним кат боюнча өкүлү Жылдызкан Турумбековна Кадырованын, Тилегүл Дербишовна Баймырзаеванын ишеним кат боюнча өкүлү Эрлан Асангазиевич Асангазиевдин;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Таштемир Абазович Чилдебаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Бакыт Абдыраевдин;
эксперт катары тартылган адвокат Азамат Рахимбердиевич Салиевдин катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого Н.С. Момуналиевдин, Р.Т. Юлдашеванын кызыкчылыгын көздөгөн Ж.Т. Кадырованын, Т.Д. Баймырзаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Ф.А. Тыналиеванын өтүнүчтѳрү себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бѳлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 16-октябрында Н.С. Момуналиевдин Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары – Жарандык процесстик кодекс) 352-беренесинин 1-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык келүүсүн текшерүү жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Арыздануучу, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министри болуп турганда ѳзүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы буйругу менен К.З. Култаевди ээлеген кызмат ордунан бошоткон, ал бул буйрукту мыйзамсыз деп таануу, жумушка аргасыз келбеген убакыт үчүн эмгек акысын жана моралдык залал үчүн компенсация ѳндүрүүгѳ сотко доо менен кайрылган деп белгилейт. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдын 28-мартындагы чечими менен кѳрсѳтүлгѳн буйрук мыйзамсыз деп таанылган. К.З. Култаев мурдагы кызмат ордуна калыбына келтирилген жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Аппаратынан анын пайдасына акча каражаты ѳндүрүлгѳн. Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 11-июнундагы аныктамасы менен райондук соттун чечими күчүндѳ калтырылган.
Кайрылуу субъекти сот отурумдары анын катышуусусуз ѳтүп, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн буйрукка түздѳн-түз өзү кол койгондугуна карабастан, ал, ишке катышууга тартылбаганын белгилейт.
Арыздануучу биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор аны ишке катышууга тартуусу зарыл эле деп көрсөтөт, себеби «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык зыяндын ордун толтурган мамлекеттик орган түздөн-түз укукка сыйбаган аракеттерди жасаган кызматчыга кайтарма талаптарды (регресс) коюшу мүмкүн. Ушул негизде 2019-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Аппараты регресс тартибинде Н.С. Момуналиевден акча каражаттарды ѳндүрүү жѳнүндѳ доо менен сотко кайрылган. Болуп жаткан сот процесстери жана чыгарылган соттук актылар тууралуу Н.С. Момуналиевге 2019-жылдын 9-сентябрында анын ѳкүлү Е.А. Иманалиев соттордо жарандык иштин материалдары менен таанышкандан кийин белгилүү болгон.
2019-жылдын 10-сентябрында арыздануучу биринчи жана апелляция инстанцияларындагы соттордун актыларына кассациялык даттануу келтирген. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдын 23-сентябрындагы аныктамасы менен кассациялык даттануу Н.М. Момуналиевге, ал тарап же иште катышуучу жак болбогондугу үчүн анын кассациялык даттануу келтиргенге укугу жок деген себеп менен кароосуз кайтарылган.
Ошентип, кайрылуу субъектинин пикири боюнча талашылып жаткан ченем жарандардын соттук коргонууга болгон укугун чектейт, себеби сот актысы ушул сот актысы менен ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары же милдеттерине таасири тийгендигине карабастан чыгарылат. Эгерде адам иштин тарабы болбосо жана ишке катышууга тартылбаса, ал актыга даттануу келтирүү укугуна ээ болбой, соттук коргоону укугунан ажырайт.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдик берет (40-берененин 1-бѳлүгү); соттук коргонуу укугу эч чектелүүгө тийиш эмес (20-берененин 5-бѳлүгүнүн 8-пункту); Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек (20-берененин 1-бѳлүгү).
Н.С. Момуналиев 1999-жылдын 29-декабрындагы редакциядагы Жарандык процесстик кодексте мындай чектѳѳ чаралардын болбогондугун белгилейт. Даттанууну тараптар жана ишке катышкан башка жактар, алардын өкүлдөрүнѳн тышкары, укуктары же мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары иш боюнча чыгарылган соттун актысы менен бузулган жактар да келтирүүгѳ укуктуу болгон.
Арыздануучу Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8-беренесине ылайык ар бир адам, ага конституция же мыйзам менен берилген негизги укуктары бузулган учурларда, компетенттүү улуттук соттор тарабынан укуктарын натыйжалуу калыбына келтирүүгѳ укуктуу деп белгилейт.
Баяндалгандын негизинде, кайрылуу субъекти Жарандык процесстик кодекстин 352-беренесинин 1-бѳлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 18-ноябрындагы аныктамасы менен Н.С. Момуналиевдин ѳтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 31-январында Р.Т. Юлдашеванын кызыкчылыгын көздөгөн Ж.Т. Кадырованын Жарандык процесстик кодекстин 352-беренесинин 1-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына ылайык келүүсүн текшерүү жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Ѳтүнүчтѳ баяндалгандай, Ош шаардык сотунун 2016-жылдын 8-декабрындагы чечими менен М.М. Юлдашевдин арызы канааттандырылып, ал Ош шаарынын Токтогул кѳчѳсүндѳ жайгашкан №50 үйдүн жарым бѳлүгүнѳ мураскор деп табылып, анын кѳрсѳтүлгѳн мүлккѳ ээлик кылуу, пайдалануу жана тескѳѳгө болгон менчик укугу фактысы анык деп табылган.
2018-жылдын 22-мартында М.М. Юлдашев каза болгондугуна байланыштуу, анын жубайы Р.Т. Юлдашева мыйзам боюнча мураска ээ болуу укугу жөнүндө күбөлүктүн негизинде жогоруда белгиленген мүлктүн ээси болуп калган.
Ош областтык сотунун 2019-жылдын 27-февралындагы аныктамасы менен М.М. Юлдашевдин агасы А.М. Юлдашевдин апелляциялык даттануусу канааттандырылып, Ош шаардык сотунун 2016-жылдын 8-декабрындагы чечими күчүн жоготту деп таанылган.
Кайрылуу субъекти белгилегендей, бардык соттук отурумдарга М.М. Юлдашевдин жубайы Р.Т. Юлдашева анын кабарланбагандыгынан улам катышкан эмес жана тарап же башка катышуучу катары тартылган эмес. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2019-жылдын 13-августундагы аныктамасы менен талашылып жаткан ченемге шилтеме келтирип, Р.Т. Юлдашева иш боюнча тарап же иште катышуучу башка жак болбогондугун жана сот аныктамасы менен мындай катышууга тартылган эмес деп көрсөтүп, Р.Т. Юлдашеванын кассациялык даттануусун кароосуз кайтарган.
Ж.Т. Кадырованын пикири боюнча, кассациялык даттануу менен кайрылуунун мүмкүн эместиги Р.Т. Юлдашеванын жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу жана соттук коргонууга болгон конституциялык укуктарын чектеди, ошол себептен ал талашылып жаткан ченемди Конституциянын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 5-мартындагы аныктамасы менен Р.Т. Юлдашеванын кызыкчылыгын көздөгөн Ж.Т. Кадырованын ѳтүнүчү өндүрүшкѳ кабыл алынган.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2020-жылдын 13-августунда Т.Д. Баймырзаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Ф.А. Тыналиеванын Жарандык процесстик кодекстин 352-беренесинин 1-бѳлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Ѳтүнүчтѳн келип чыккандай, Нарын шаардык муниципалдык департаменти Нарын шаардык сотуна Нарын шаар башчысынын 2003-жылдын 16-июнундагы, 2003-жылдын 16-сентябрындагы буйруктары менен ээлери аныкталбаган 210 кыймылсыз мүлк бирдигин аталган департаментке убактылуу өткөрүп берүү жөнүндө арызы менен кайрылган. Нарын шаардык сотунун 2014-жылдын 30-сентябрындагы чечими менен белгиленген департаменттин талабы канааттандырылган.
Арыз даттануучу кѳрсѳткѳндѳй, 210 кыймылсыз мүлк бирдигинин ичинен, Казиев кѳчѳсүндѳ номери жок (№52 катар номер) дареги боюнча жайгашкан жер тилкеси Нарын шаардык мэриясынын 2018-жылдын 5-январындагы буйругу менен М.Л. Чоробековго бѳлүнүп берилген жана кийин сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде ал Т.Д. Баймырзаевага сатылган.
Т.Б. Касымалиевдин кызыкчылыгын көздөгөн Б. Урустемов, бул жер тилкеси Эл депутаттарынын Нарын шаардык Советинин аткаруу комитетинин 1989-жылдын 7-мартындагы чечими менен Т.Б. Касымалиевге бѳлүнүп берилгенин кѳрсѳтүп, Нарын шаардык сотунун 2014-жылдын 30-сентябрындагы чечимине апелляциялык даттануу келтирген. Нарын областтык сотунун 2020-жылдын 19-февралындагы аныктамасы менен Нарын шаардык сотунун аталган чечиминин жогоруда айтылган жер тилкеси тууралуу бѳлүгү жокко чыгарылган жана ошол эле шаардык сотко жаңыдан кароого жиберилген.
Кайрылуу субъектинин пикири боюнча, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Нарын областтык сотунун аныктамасы жѳнүндѳ жер тилкени саткан жана сатып алган адамдар да билген эмес. Ал эми, ал тууралуу маалым болгондон кийин, Т.Д. Баймырзаева Нарын областтык сотунун 2020-жылдын 19-февралындагы аныктамасына кассациялык даттануу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2020-жылдын 5-июнундагы аныктамасы менен талашылып жаткан ченемге жана Т.Д. Баймырзаева мурда тарап катары же ишке катышуучу башка жак катары ѳтпѳгѳндүгүнѳ шилтеп, келтирилген кассациялык даттанууну арыз ээсине кайтарган.
Арыздануучу талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келип, ошону менен жарандардын соттук коргонуу жана жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укуктарын чектейт деп кѳрсѳтѳт. Мында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек деп арыздануучу белгилейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, кайрылуу субъекти Жарандык процесстик кодекстин 352-беренесинин 1-бѳлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2020-жылдын 10-сентябрындагы аныктамасы менен Т.Д. Баймырзаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Ф.А. Тыналиеванын ѳтүнүчү өндүрүшкѳ кабыл алынган.
Н.С. Момуналиевдин, Р.Т. Юлдашеванын кызыкчылыгын көздөгөн Ж.Т. Кадырованын, Т.Д. Баймырзаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Ф.А. Тыналиеванын талаптары бири-бири менен өз ара байланышта тургандыктан, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-баяндамачысынын 2020-жылдын 8-июнундагы, 2020-жылдын 28-сентябрындагы аныктамалары менен аталган жарандардын талаптары бир сот өндүрүшүнө бириктирилген.
Сот отурумунда кайрылуучу тарап Н.С. Момуналиев, анын ишеним кат боюнча ѳкүлү М.К. Мендеков, Р.Т. Юлдашеванын кызыкчылыгын көздөгөн Ж.Т. Кадырова, Т.Д. Баймырзаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Э.А. Асангазиев өздѳрүнүн талаптарын колдошту жана аларды канааттандырууну өтүнүштү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин өкүлдөрү М.А. Букашев жана А. Расулова сот отурумуна келишкен жок. 2020-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына ишти алардын катышуусуз кароо тууралуу өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтө келтирилген жүйөлөрдү карап чыгып жана кайрылуучу тараптын ишти жоопкер тараптын катышуусуз кароо боюнча пикирин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы бул ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин өкүлдөрүнүн катышуусуз кароону чечти.
Жоопкер тараптын өкүлдөрү М.А. Букашев менен А.Расулова жазуу жүзүндө берген каршы пикиринде кайрылуучулардын жүйөлөрүн негизсиз деп эсептешет.
Жарандык процесстик кодекс мыйзамдуу күчүнө кире элек биринчи инстанциядагы соттордун актыларын тараптар, ишке катышуучу башка жактар, ошондой эле ишке катышууга тартылбаган, бирок укуктарына жана милдеттерине карата сот чечим кабыл алган адамдар тарабынан апелляциялык тартипте даттануу келтирүү мүмкүнчүлүгүн орнотот (323-берененин 1, 3-бѳлүктѳрү).
Жоопкер-тараптын өкүлү арыздануучулардын ишке катышпаган адамдар тарабынан биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттордун актыларына кассация тартибинде даттануу келтирүү мүмкүндүгү жок деген пикири туура эмес деп эсептейт.
Жарандык процесстик кодекстин 341-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, эгерде сот ишке катышууга тартылбаган адамдардын укуктары жана милдеттери жөнүндө чечим кабыл алса, биринчи инстанциядагы соттун чечими жокко чыгарылууга, ал эми иш жаңыдан кароого жиберилүүгө тийиш.
Жарандык процесстик кодекстин 365-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 5-пунктуна ылайык кассациялык инстанциядагы сот кассациялык даттануу боюнча ишти карап чыгып, биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттун актыларын толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана эгерде процесстик укуктун ченемдерин колдонууда ишти туура эмес чечүүгө алып келген каталар кетирилсе, ишти жаңыдан кароого жиберүүгө укуктуу.
Ошондуктан, кассациялык инстанциядагы сот, эгерде иш биринчи, апелляциялык инстанцияда сот тарабынан сот отурумунун убактысы жана орду тууралуу кабарланбаган ишке катышуучу адамдардын катышуусусуз каралган болсо, биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттун актыларын жокко чыгарууга укуктуу.
Баяндалгандын негизинде, жоопкер тарап арыздануучулардын ѳтүнүчтѳрү канааттандыруусуз калтырылууга тийиш деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Т.А. Чилдебаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Б. Абдыраев сот отурумунда каралып жаткан маселе боюнча өздөрүнүн көз карашын өзгөртүп, кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен жарым-жартылай макул болуп, ишке катышууга тартылбаган адамдарга, эгерде алардын укуктары же мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары иш боюнча чыгарылган соттун актысы менен бузулса, аларга кассациялык даттануу укугу берилиши керек деп билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлү М.Н. Сапиянова талашылып жаткан ченемге ылайык Жарандык процесстик кодексте ишке катышууга тартылбаган жактардын кассациялык даттануу укугу каралган эмес деп кѳрсѳтѳт. Кассациялык тартипте тѳмѳн турган инстанциялардын соттук актыларына даттанууга укуктуу субъекттердин курамынан чыгарып салуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлүнүн пикири боюнча иштерди жаңыдан кароого негизсиз жиберүүнү токтотуу жана соттук убаракерчиликти азайтуу максаты менен шартталган. Ишти жаңыдан кароого жиберүү кѳп учурда талаштын чечилишинин созулушуна, ал эми кассациялык тартипте даттануу соттун күчүнѳ кирген чечимдеринин аткарылышынын токтотулушуна алып барат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 5-бѳлүгү аркылуу сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу мыйзам менен аныкталып, Жарандык процесстик кодекс менен ишке тартылбаган жактарга соттук актыга апелляциялык тартипте даттануу келтирүү укугу берилген. Ушуну эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлү талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген соттук коргонуу жана ишти кайра каратуу укуктарынын бузулушуна алып келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ѳкүлү А.М. Курманбаева жоопкер-тараптын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлүнүн көз карашына окшош пикирин жазуу түрүндө берип, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп билдирет.
Сот отурумуна эксперт катары тартылган адвокат Азамат Рахимбердиевич Салиев төмөндөгүдөй корутундусун берди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык инстанциянын соту болуп эсептелет жана Жарандык процесстик кодексте белгиленген тартипте укук ченемдерин туура колдонуу жагынан сот актыларын кайра карайт. Дүйнө өлкөлөрүнүн көбүндө Жогорку сот же акыркы сот инстанциясы кассациялык сот деп аталат. Мунун мааниси – сот тутумундагы бардык сотторду укук ченемдерин бирдей колдонууга милдеттендирген соттук саясатты жүргүзүүдө жатат. Эгерде укуктук ченем туура колдонулбай калган фактылар болсо, кассациялык инстанциянын ыйгарым укугу төмөнкү инстанциядагы соттордун актыларын оӊдоого мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына келип түшкөн үч өтүнүчтүн экөөсү, жарандык иш каралып жаткан мезгилде кызыкдар жактарды процесске катыштырбай койгондон улам укуктары бузулганына далил болууда. Муну Жарандык процесстик кодекстин «Соттук кабарлоолор жана чакыруулар» деген 12-главасынын ченемдерин бузуу деп бааласа болот. Ошондуктан, Жарандык процесстик кодекстин 352-беренесинин 1-бөлүмүндө аталган субъекттердин жабык тизмесинин өзүн Конституцияда көрсөтүлгөн соттук коргонуу укугуна чектөө деп эсептесе болот. Анткени Жарандык процесстик кодексте көрсөтүлгөн «тараптар жана ишке катышуучу башка жактар» деп аталган субъекттер толугу менен сотто укугун коргоого мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми, сотко катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган субъекттер өздөрүнүн бузулган укуктарын соттук коргоо укугунан ажырап калышты.
Эгерде ишке катышпай калган жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын буза турган чечимдер кабыл алынса, кассациялык инстанцияга даттануу укугу берилиши керек.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын пикирлерин угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин тѳмѳнкү мазмундагы 352-беренесинин 1-бѳлүгү болуп саналат:
«352-берене. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүгө укугу бар жактар
1. Ушул Кодекстин 351-беренесинде каралган сот актысына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) тараптар жана ишке катышуучу башка жактар, алардын өкүлдөрү бериши мүмкүн.».
2017-жылдын 25-январындагы Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 2-февралындагы №12-13 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы ченемдик укуктук акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасы ѳзүн укуктук мамлекет катары эсептеп, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жогорку баалуулук деп санайт. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт (Конституциянын 1-беренесинин 1-бѳлүгү, 16-беренесинин 1-бѳлүгү).
Укук үстөмдүгү орногон мамлекетти укуктук деп аныктаган адамдын негизги жана ажырагыс укуктарынын бири болуп, эч чектелүүгө жатпаган соттук коргонуу укугу эсептелет (20-берененин 5-бѳлүгүнүн 8-пункту, 40-берененин 1-бѳлүгү). Кѳрсѳтүлгѳн укук баардык башка укуктардын жана эркиндиктердин кепилдиги болуп, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери менен таанылат жана кепилденет.
Кѳрсѳтүлгѳн конституциялык орнотмолорду Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 14-беренеси менен байланышта караганда, сот адилеттиги укуктарды майнаптуу калыбына келтирүүнү камсыздоосу жана адилеттүүлүктүн талаптарына жооп берүүсү керек.
Соттук коргонуу укугунун конституциялык-укуктук мааниси бир нече жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринде чечмеленген. Тактап айтканда, 2013-жылдын 27-декабрындагы, 2017-жылдын 15-февралындагы чечимдерде бул укук баардык башка конституциялык укуктар жана эркиндиктерге карата камсыздоо-калыбына келтирүү милдетин аткаруучу адамдын жана жарандын укугу менен эркиндигин мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук каражаты болуп саналат деген укуктук кѳз караш билдирилген.
Ошентип, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирүүнүн майнаптуу жана таасирдүү ыкмасы – бул ѳзүнүн ишмердүүлүгүн адилеттик, теңдик, жеткиликтүүлүк, объективдүүлүк, мыйзамдуулук, көз карандысыздык, ишбилгилик, толуктук жана укуктук аныкталгандык принциптеринин негизинде камсыздаган сот адилеттик органдарынын тутуму аркылуу жүзѳгѳ ашырган соттук тартип болуп саналат.
Соттук тартип кызыкдар тарап укуктук талаш-тартышты жөнгө сала албаган же юридикалык маанилүү кырдаалды соттук эмес тартипте тастыктай албаган жана өзүнүн же башкалардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылган учурларда колдонулат (Конституциялык палатанын 2016-жылдын 17-февралындагы чечими).
3. Соттук коргонуу анын жеткиликсиз шарттарында мүмкүн эмес, ошондуктан сот адилеттигине жетишүү маселелерин соттук коргонууга болгон укуктан ажыратып кароого болбойт. Соттук коргоого болгон укукту чектөөгө жол берилбегендик, адамда бардык маселелер боюнча жалпы юрисдикция сотуна кайрылуу мүмкүндүгүн болжолдойт, эгер адам өз талаш-тартышын, бул талаш-тартышты кароого компетенттүү болгон башка альтернативдик органга берүү жѳнүндѳ жазуу жүзүндөгү макулдашуу түзүү жолу менен андан баш тартпаса. Сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүнѳ бөгөт кылган ченемдерди кабыл алуунун мүмкүн эместигин билдирет. Адам сот адилеттигине жетишүү мүмкүндүгү болмоюн өзүнүн соттук коргонуу укугун толук көлөмдө жүзөгө ашыра албайт. Мындай укуктук көз караштарды Конституциялык палата өзүнүн 2015-жылдын 9-декабрындагы, 2019-жылдын 16-январындагы, 2020-жылдын 16-сентябрындагы чечимдеринде билдирген.
Баяндалган жагдайлар соттук коргонуу укугунун конституциялык мазмунун чечмелеп, жарандарга сот адилеттигине формалдык жетишүүнү гана эмес, бул укуктук аспаптын натыйжалуулугун да кепилдеген ушул сыяктуу механизмдерди мыйзам чыгаруу тегиздигинде түзүү милдетин мамлекетке жүктѳйт.
Кызыкдар жактын сотко кайрылуу мүмкүндүгү баарын камтыган жана абсолюттук белгилери менен мүнѳздѳлүп, ушундай кайрылуунун жеткиликтүүлүк фактысынын ѳзүн гана божомолдоп, бул мүмкүнчүлүктү кандайдыр бир шарттарга же фактыларга жараша берүүнү жокко чыгарат.
4. Ишти кайра каратуу укугу, жак мурунку инстанциядагы сот чечими менен макул болбогон учурда жогору турган сотко кайрылуу аркылуу ишке ашыруучу (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3-пункту) соттук коргонуу укугунун түзүмдүк курамынын бири болуп саналат. Жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу абсолюттук мүнөзгө ээ, ал кандайдыр бир жагдайлар боюнча чектелиши мүмкүн эмес, анткени эгерде соттук катаны табууда, аны жоюусуз, мыйзамсыз, негизсиз же адилетсиз сот актысы сот адилеттүүлүгүнүн максаттарына жетүүнүн каражаты болуп кызмат кыла албайт.
Сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу биринчи инстанциядагы сот чыгарган актынын натыйжасында пайда болгон жарандардын укуктарынын болгон абалын ѳзгѳртүү максатында, апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда сот актыларын кайрадан кароонун жүрүшүндө бузулган укуктарды калыбына келтирүү, кошумча кепилдиктерди же жеңилдиктерди берүү же жарандардын кызыкчылыктарын башка түрүндѳ канаттандырууну кѳздѳйт.
Биринчи инстанциядагы соттун актыларын кайрадан кароо мүмкүндүгүнүн өзү конкреттүү иш кайсы сотто жана кандай жол-жобо боюнча каралууга тийиш экендигин, уюштуруучу-укуктук жана процесстик тариздерин чечмелѳѳчү механизмдерди мыйзам чыгаруучу тарабынан иштеп чыгууну шарттап, процесстин катышуучуларына, ошондой эле, башка кызыкдар тараптарга бул маселеде укуктук аныкталбагандыктан качууга мүмкүндүк берет. Ушуга окшогон укуктук кѳз караштар Конституциялык палатанын 2013-жылдын 22-ноябрындагы, 2015-жылдын 9-декабрындагы, 2018-жылдын 24-январындагы чечимдеринде билдирилген.
Бул максаттарда Жарандык процесстик кодекс жарандык сот ѳндүрүшүнүн жүрүшүнүн ырааттуулугун жана тартибин жол-жоболоштуруп, инстанциялар бири-биринен келип чыга турган тартипте орнотулган. Мында кийинки жогору турган инстанциядагы сотко кайрылуу иш тѳмѳн турган инстанцияда каралуу процедурасынан милдеттүү түрдѳ ѳтүү талабынан келип чыгат.
Ошол эле учурда жарандык процесстик мыйзам менен эң маанилүү роль биринчи инстанцияга берилет, анткени ал жерде иш маңызы боюнча каралат жана жарандар үчүн түздѳн-түз маанилүү болгон маселелер чечилет. Бирок сот адилеттигин орундатууда бир да соттун ката кетирбешине кепилдик жок. Эгерде кокустан кетирилип калган соттук ката талаш-тартыштын жыйынтыгын бурмалоого жана жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла бузууга алып келсе, сот актысы сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүчү негизги принциптерден келип чыккандай, адилеттүү жана акыйкаттуу деп, ал эми соттук коргонуу толук жана майнаптуу деп эсептеле албайт. Ката кетирилген актыны жокко чыгаруусуз бузулган укуктарды калыбына келтирүү мүмкүн эмес, бул аны жогору турган инстанцияга даттануу аркылуу жүзѳгѳ ашырылат.
5. Жарандардын соттук коргонуу укугу жѳнүндѳ конституциялык орнотууга жана андан келип чыккан сот адилеттигине жетишүү, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу боюнча кепилдиктерге ылайык жарандык процесстик мыйзамдар кайсы болбосун кызыкдар жак өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу деп бекитет.
Коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу сот ѳндүрүшүнүн баардык этаптарында ѳз таасирин көрсөтүп, процесстик укуктук мамилелердин субъекттеринин баарына жайылтуу менен жактын процесстик статусуна карабастан, ѳндүрүштүн кайсы стадиясында болбосун жарандар ѳзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо мүмкүндүгүнө ээ болуусуна шарт түзүүсү керек.
Соттор бардык жарандардын бузулган укуктарын коргоо жана калыбына келтирүү үчүн кеңири укуктук аспаптарды берүү менен алардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылууга чакырылган, ушуну менен ѳз деңгээлинде кѳз карандысыз жана калыс сот тарабынан акыйкат териштирүүгө болгон ар кимдин укугу тууралуу конституциялык орнотмону жүзѳгѳ ашырат.
Демек, белгилүү далилдерди изилдѳѳнүн негизинде ишти маңызы боюнча караган биринчи жана апелляциялык инстанциянын соттору каралып жаткан иштин конкреттүү жагдайларын эске алуу менен иштин жыйынтыгына кызыкдар болгон анда катышкан жактардын, бул жактарга бардык процесстик укуктарды бирдей кѳлѳмдѳ берүү үчүн, тизмесин туура аныктаганга милдеттүү. Соттун аталган милдети объективдүү жана калыстыкты сактоо менен жарандык иштерди кароо, иштин болгон жагдайларын белгилѳѳ жана жарандык иштерди чечүүдѳ укуктук ченемдерди туура колдонуу милдеттери менен шартталган Жарандык процесстик кодекстин маниисинен келип чыгат.
Жарандык процесстик кодекстин 45-беренесинин 1-бѳлүгүнүн күчүнѳ ылайык эгерде чечим тараптардын бирине карата үчүнчү жактардын укуктарына же милдеттерине таасир тийгизе турган болсо, талаштын предметине карата өз алдынча талаптарын билдирбеген үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин доогердин же жоопкердин тарабында процесске кире алат. Ошондой эле, алар ишке катышуучу жактардын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен ишке катышууга тартылышы мүмкүн.
Жарандык процесстик кодекске ылайык жарандык сот ѳндүрүш жак доону биринчи инстанциядагы сотко койгондо башталат (13-глава), анын натыйжасында процесс козголот, процесстик актылар менен коштолгон процесстик аракеттер ѳткѳрүлѳт (II бѳлүм), доонун предмети менен байланышта турган жарандар, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү жактар (6-глава) жана ишке катышуучу жактар (5-глава) деп аталгандар ишке тартылат. Ишке катышуучу жактардын курамы жөнүндө маселе сот тарабынан ишти соттук териштирүүгө даярдоо стадиясында чечилет (151-берене).
Мында апелляциялык инстанцияда жарандарга, алардын катарында тараптарга жана ишке катышуучу башка жактарга да, ишке катышууга тартылбаган, бирок укуктарына жана милдеттерине карата сот чечим кабыл алган жактарга да апелляциялык даттанууну берүүгө мүмкүндүк берет (Жарандык процесстик кодекстин 323-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрү). Ушул жактар катары талаш-тартыштын тарабы болбогон, бирок анын жыйынтыгында негиздүү кызыкдар болгон, алардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына келечектеги сот актысы таасир тийгизе турган субъекттер саналат. Бул жобо ишке катышууга тартылбаган, бирок укуктары жана милдеттери жѳнүндѳ сот чечим кабыл алган жактар менен процесстик башка катышуучулардын процесстеги абалынын айырмасын көргөзөт.
Бардык кызыкдар болгон жактарды сотко тартуу институту ар түрдүү, бирок ошону менен бирге ѳз ара байланышта турган укук мамилелеринин катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун кошумча кепилдиги болуп эсептелет. Процессте мындай жактардын катышуусунун негизги ѳзгѳчүлүгү алар чындыкты орнотууга көмөк көрсөтүү менен ѳздөрүн келечекте жагымсыз кесепеттерден коргоону ишке ашырууда турат. Алар доонун негизин жана предметин өзгөртүүгө, доо талаптарынын өлчөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, доодон баш тартууга, доону таанууга, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, тосмо доо коюуга, соттун чечимин мажбурлап аткартууну талап кылууга болгон укугунан башка процесстин тараптары сыяктуу ошондой эле процесстик укуктарын жана милдеттерин пайдаланат. Ошондуктан, соттор аларды далилдѳѳнүн толук укуктуу субъект катары таануу керек.
Соттук чечим укуктук мамилени конкреттештирүүдѳ, укукту жана/же фактыны ырастоодо билдирилген мамлекеттик бийлик органдарынын эркин билдирүүсүнүн актысы болуп саналат. Ушуга байланыштуу, ишке катышууга тартылбаган, бирок анын укуктары жана милдеттери тууралуу сот чечим кабыл алган жактын пикирин жана далилдерин эсепке албай чыгарылган соттук акт негиздүү жана адилеттүү деп эсептеле албайт.
Кассациялык инстанциянын сотундагы ѳндүрүш биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттор иштин териштирүүсүн жүргүзүүдѳ иштин жыйынтыгына таасир тийгизген, аларды четтетмейинче мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана укуктардын, эркиндиктердин жана мыйзамдуу кызыкчылыктардын корголушун мүмкүн эмес кылган материалдык жана процесстик укуктун ченемдеринин олуттуу бузууларын оңдоого багытталган.
Талашылып жаткан ченемдин диспозициясына ылайык мурда ишке катышууга тартылбаган жарандар, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасирин тийгизген тѳмѳн турган инстанциядагы соттордун күчүнѳ кирген соттук актыларына кассациялык тартипте даттануу киргизүүгѳ укугу жок.
Ушуга байланыштуу, талашылып жаткан ченемдин негизинде ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары жана милдеттери жѳнүндѳ маселени сот тарабынан чечүү, Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин жеткиликтүүлүк деңгээлин жана калыс сот тарабынан акыйкат териштирүүгө болгон укугун бир далай даражага төмөндөтөт. Эгерде чыгарылган соттук чечим ишке катышууга тартылбаган жактын укуктарын жана эркиндиктерин бузса, ал ѳзүнүн бузулган укуктарын калыбына келтирүүдѳ укуктук каражаттарды сот процесстин түздѳн-түз катышуучуларындай эле бирдей ѳлчѳмдѳ колдоно алышы керек. Сот адилеттүүлүгүнѳ жетишүү укугун айрым шарттар менен сот ѳндүрүшүнүн кээ бир гана инстанцияларында жүзѳгѳ ашырууга мүмкүндүк берүү соттук коргонуу укугунун түпкү маңызын бурмалайт.
Демек, Жарандык процесстик кодекстин 352-беренесинин 1-бѳлүгү ишке катышууга тартылбаган жактарды соттук актыларга кассациялык даттанууну киргизүүгѳ болгон укугунан ажыратып, чектѳѳнү жана сотко кайрылганда кызыкдар субъекттерге шайкештүү эмес айырманы киргизип, ушуну менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясында кѳрсѳтүлгѳн соттук коргонуу укугун эч чектелүүгө тийиш эмес болгон, анын катарында, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун, ошондой эле, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек деген кепилдиктерин (16-берененин 1-бѳлүгү, 20-берененин 1-бѳлүгү, 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттары, 40-берененин 1-бѳлүгү) бузат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бѳлүгү ишке катышууга тартылбаган адамдарга, эгерде алардын укуктары же мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары иш боюнча чыгарылган соттун актысы менен бузулса, кассациялык даттануу укугун бербеген бѳлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ