Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 273
"Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Байбакпаев, Э.Т.Токтошев, Ж.К.Акаев демилгелеген "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 273 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Байбакпаев, Э.Т.Токтошев, Ж.К.Акаев демилгелеген "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунуш кылынган Мыйзамдын долбоорунда табигый эркиндикте байырлаган жаныбарлардын айрым түрлөрүнө (аркар, тоо эчки, элик, бугу - марал, каман) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аңчылык кылууга тыюу салууну белгилөө сунуш кылынган.
Мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 737 жана 2016-жылдын 14-октябрындагы № 555 токтомдору менен "Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жогоруда аталган мыйзам долбоорун кабыл алуунун эрте экендиги жөнүндө корутунду берилгендигин белгилеп кетүү зарыл. Ал тургай, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароо учурунда да бул мыйзам долбоорлору четке кагылган. Ошондой болсо да сунуш кылынып жаткан мыйзамдын долбоору мурда келтирилген далилдерди эске албастан демилгеленген.
Алсак, Мыйзамдын долбооруна карата негиздеме-маалым катка ылайык аңчылыкка тыюу салууну киргизүүнүн негизги себеби болуп соңку жыйырма жылда жапайы жаныбарлардын санынын кыйла кыскаргандыгы саналат. Бирок административдик жана илимий органдар тарабынан, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар жана көз карандысыз эксперттер тарабынан зарыл изилдөөлөр (жапайы туяктуу жаныбарлардын санынын кыскарышына тийгизген ар кандай факторлордун таасири жөнүндө) жүргүзүлгөн эмес.
Мында өтө жагымдуу шарттарда да жаныбарлардын санынын чексиз өсүшүн табигый же жасалма ооздуктаган бир кыйла чектөөчү факторлор (түрлөрдүн биологиялык өзгөчөлүктөрү, жаныбарлардын ылаңдарынын болушу, тоюттук, климаттык факторлор, адамдын чарбалык ишинин ар түрдүү багыттарынын таасири) бар. Ошондуктан жапайы жаныбарларга жана алар жашаган чөйрөгө терс таасир эткен бардык иш жүзүндөгү жана ыктымалдуу факторлорду жоймоюнча же кыскартмайынча республикада жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин абалы жана саны олуттуу өзгөртүлбөйт деп эсептейбиз.
Азыркы учурда жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун белгиленген эрежелери, ченемдери жана нормативдери сакталса, мыйзамдуу аңчылык жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарынын абалында глобалдык терс өзгөрүүлөрдүн себеби болуп саналбайт.
Мыйзамдуу аңчылык жаратылыш ресурстарын пайдалануунун алда канча аяр ыкмасы болуп саналат, анткени аймактарды айыл чарба багытында өздөштүрүүдөн, пайдалуу кендерди казып алуудан жана башкалардан айырмаланып, экосистеманы түп тамырынан өзгөртүүнү талап кылбайт жана ошентип, "жашыл экономика принцибине" толук ылайык келет.
Контролдонуучу жана туура уюштурулган аңчылыкта жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын пайдалануу көлөмү алардын ар жылдагы табигый кошумча өсүшүнөн ашпайт.
Аңчылыкты уюштуруу жана жүргүзүү үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча республикадагы конкреттүү аңчылыкты пайдалануучулардын мергенчилик жерлеринин аймагында гана жашаган жаратылыш чөйрөсүнөн олжолоого (жылына болжол менен олжолонот) төмөнкү жаныбарларга лимит белгиленет:
- памир түрчөсүндөгү аркар-кулжа (республикада аркар-кулжанын Памир, Тянь-Шань, Северцов деген үч түрчөсү жашайт, алардын жалпы саны 18,0 миңге жакын башты түзөт), алардын ичинен памир түрчөсүндөгү 80 аркарга гана уруксат берилет, бул анын жалпы санынын (13,0-14,0 миң баш) 0,5-0,6 пайызына жакынды түзөт;
- тоо эчкиси - 400-450 баш, бул анын жалпы санынын (40,0-45,0 миң баш) 1,0 пайызына жакынды түзөт;
- сибирь элиги - 35-40 баш, бул анын жалпы санынын (4,3-4,5 миң баш) 0,8 пайызына жакынды түзөт;
- каман - 25-30 баш, бул анын жалпы санынын (1970-1990 миң баш) 0,5 пайызына жакынды түзөт.
Благородного оленя - маралга аңчылык кылууга XX кылымдын алтымышынчы жылдарында эле тыюу салынгандыгын белгилеп кетүү керек.
Жаратылыш чөйрөсүнөн ушундай сандагы жапайы жаныбарларды олжолоо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын баалоосу боюнча алардын популяциясынын абалына олуттуу таасир этпейт.
Жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндө иштеп жаткан жана аңчылыкты пайдалануучулар болуп саналган дап ушул чарба жүргүзүүчү субъекттер аңчылык ресурстарын туруктуу пайдалануу үчүн аларды сактоого жана санын көбөйтүүгө биринчи кезекте кызыкдар.
Соңку жылдары аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуунун, Кыргыз Республикасынын айрым аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба (аңчылык чарба) ишин жүргүзүү укугун алуунун шарттарын жана тартибин катаалдантуунун ченемдик укуктук негиздерин чыңдоо боюнча кыйла иш жүргүзүлдү.
2014-жылы Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биологиялык-кыртыш институтунун катышуусу менен Ысык-Көл жана Нарын облустарынын сырт зоналарында чарбалар аралык аңчылык уюштурулду. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Ысык-Көл облусунун Сырт зонасында мергенчилик чарба ишин жүргүзүүгө арналган мергенчилик жерлердин 18 участогу бөлүндү (буга чейин ушул аймакта 26 мергенчилик чарба субъекти иштеп турган); Нарын облусунун Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрүндө 24 участок бөлүндү (буга чейин 41 мергенчилик чарба субъекти иштеп турган). Азыркы учурда республиканын аңчылык жерлеринин башка аймактары да чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу менен камтылган, бул республикада мергенчилик чарба ишин бирдиктүү түрдө системага келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу жүргүзүлгөндөн (конкурстук негизде) кийин 42 юридикалык жак мергенчилик жерлерди 9 жылдык мөөнөткө (ошол учурда колдонулган ченемдер боюнча) пайдаланууга (аларда мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун) алды. Мергенчилик жерлерди мурда алган юридикалык жактарды эске алуу менен, аңчылыкты пайдалануучулардын саны бүгүнкү күндө 14,7 млн. га мергенчилик жерлердин жалпы аянтында 50 бирдикти түзөт (38 - жеке, 9 - коомдук жана 3 - мамлекеттик), тиешелүү түрдө жеке пайдалануучуларга - 14,7 млн. га, коомдук пайдалануучуларга - 4,5 млн. га жана мамлекеттик пайдалануучуларга 6,7 млн. га бекитип берилди.
Учурда аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан мергенчилик чарба ишин уюштурууга, ички чарбалык аңчылыкты жайгаштырууга, мергенчилик чарба курулмаларын (аңчылык лагерлерин, егердик кордондорду, көмөкчү чарбаларды) курууга, материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга, пайдаланууга берилген аңчылык жерлерин ыңгайлаштырууга зор акча каражаттары чыгымдалды жана мораторий киргизилген учурда алардын чыгымдарына ким компенсация төлөй тургандыгы белгисиз. Ал эми мындай компенсациялык төлөмдөр болбогон учурда аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан доо талаптары болушу ыктымал.
Аңчылык, мергенчилик чарбасын жүргүзүү, аңчылык продукциясын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу менен байланышкан маселелерди кыйла тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелери бекитилген, аркар, тоо эчкиси, элик, каман сыяктуу туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу мөөнөттөрү 2 айга (январь жана февраль) кыскартылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 214 токтому менен 2017-жылдан тартып 2026-жылга чейинки мезгилге ар бир үч жылда кезектөө менен, анын ичинде төмөнкүлөрдө аркарды, тоо эчкисин, эликти, каманды жана уларды атайын пайдаланууга чектөөлөр киргизилген:
- Талас жана Жалал-Абад облустарында, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук, Жайыл жана Кемин райондорунда - 2017-жылдын 1-июлунан тартып 2020-жылдын 1-июлуна чейин;
- Ош жана Баткен облустарында, Чүй облусунун Чүй, Ысык-Ата, Панфилов жана Москва райондорунда - 2020-жылдын 1-июлунан тартып 2023-жылдын 1-июлуна чейин;
- Ысык-Көл жана Нарын облустарында - 2023-жылдын 1-июлунан тартып 2026-жылдын 1-июлуна чейин.
Мындан тышкары, "зыяндуу" жырткычтардын жана куштардын санын жөнгө салууну жана жаныбарларды санитардык жана илимий максаттарда олжолоону кошпогондо, аянты 6,0 млн. ашык гектарды түзгөн мергенчилик жерлерде ушул жерлер боюнча аңчылыкты пайдалануучулар аныкталганга чейин аңчылык (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу) жүргүзүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын көбөйтүү жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун көлөмдөрүн азайтууга зор таасир этти.
Мисалы, акынын ставкалары (мурда колдонулгандан) төмөнкүчө көбөйдү:
- эликке спорттук-ышкыбоздук аңчылык үчүн акынын ставкасы мурда 8000 (сегиз миң) сом болсо, 15000 (он беш миң) сом деп белгиленди;
- каманга спорттук-ышкыбоздук аңчылык үчүн акынын ставкасы мурда 7000 (жети миң) сом болсо, 15000 (он беш миң) сом деп белгиленди;
- тоо эчкиге чет өлкөлүк аңчылар үчүн акынын ставкасы 70000 (жетимиш миң) сом болсо, 100000 (жүз миң) сом деп белгиленди;
- Марко Поло аркарына 450000 (төрт жүз элүү миң) сом болсо, 700000 (жети жүз миң) сом деп белгиленди.
Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуучуларга таасирди күчөтүү боюнча, атап айтканда келтирилген зыян үчүн таксалардын өлчөмдөрүн көбөйтүү боюнча айрым бир чаралар көрүлдү, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому менен айрым түрлөргө, анын ичинде төмөнкүлөргө таксалардын өлчөмдөрү көбөйтүлгөн:
Жаныбарлардын түрлөрү | Такса | ||
Эски такса (сом) | Жаңы такса (сом) | Таксанын өлчөмүнүн көбөйүшү (сом) | |
Илбирс | 500000 | 1500000 | + 1000000 сом |
Марал | 400000 | 1000000 | + 600000 сом |
Аюу | 400000 | 1000000 | + 600000 сом |
Аркар | 400000 | 1000000 | + 600000 сом |
Тоо эчки | 55000 | 100000 | + 45000 сом |
Элик | 15000 | 50000 | + 35000 сом |
Учурда Кыргыз Республикасында бекитип берилген аңчылык жерлерде жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, көбөйтүү жана биотехникалык иш-чараларды жүргүзүүдө 203 егерь, анын ичинен: мамлекеттик аңчылык участокторунда - 43 егерь, коомдук жана жекече мергенчилик чарба уюмдарынын аңчылыкты пайдалануучулары мергенчилик чарба ишин жүргүзгөн жерлерде 160 егерь иштейт, бул өтө эле жетишсиз.
Жаныбарлар дүйнөсүн мамлекеттик коргоо системасынын кызматкерлеринин жетишсиздигине байланыштуу биргелешкен ишке ошондой эле (келишимдик негизде) жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнүн ичинен коомдук бирикмелер тартылууда. Бул багытта алты пилоттук долбоор, анын ичинде Ысык-Көл облусунда (Ак-Суу жана Тоң райондору), Чүй облусунда (Кемин жана Чүй райондору), Ош облусунда (Алай жана Чоң-Алай райондору), Талас облусунда (Бакай-Ата району), Нарын облусунда (Кочкор району) ишке киргизилди. Ушул коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн мыйзамдардын ченемдерин билүүгө, бузуучуларга протоколдорду толтурууга, ошондой эле жапайы жаныбарлардын жана биотехникалык иш-чаралардын мониторингин жүргүзүүгө окутуу мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп турат. Мындай жаратылышты коргоо иши оң натыйжаларын берип жатат, ошондуктан аны республиканын аймагында андан ары кеңейтүү каралууда.
Мында ушул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да, аңчылыкты пайдалануучулар да аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн акыны түзүүчү, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 8-пунктуна ылайык бөлүштүрүлүүчү белгилүү бир келип түшүүчү каражаттардан айрылат. Айрыкча бул каражаттардын эсебинен жыл сайын аңчылыкты пайдалануучулар, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 66,0 млн. жакын сомду коргоо, көбөйтүү жана биотехникалык иш-чараларга багыттайт. Мындан тышкары, келип түшкөн каражаттардын 25%ы же жылына 22,0 млн. ашык сом жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине багытталат.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме маалым катына ылайык бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттин эсебинен жабыла турган финансылык чыгымдарды талап кылбайт. Бирок мораторий киргизилген учурда жаратылышты коргоо чараларын күчөтүүнү (мергенчилик жерлердин аймагында егердик коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү, биотехникалык жана көбөйтүү иш-чаралары ж.б.) жана жаратылышты коргоо түзүмдөрүн техникалык жактан чыңдоону (егерлердин штаттык санын, материалдык-техникалык каражаттарды көбөйтүү жана аларды күтүү) камсыз кылуу зарылчылыгы келип чыгат. Жогоруда аталган чараларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык каражаттар зарыл.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөт финансылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо (мындан ары - ЖТТ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Методикага ылайык жүргүзүлөт.
Мында ЖТТны ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жүзөгө ашырат жана камсыз кылат.
Бирок берилген ЖТТда проблемалардын (экономикалык, социалдык, аймактык, мезгилдик жана башка өлчөмдөрдө) масштабдары чагылдырылган эмес.
Максаттарды аныктоо этабында мамлекеттик жөнгө салуунун конкреттүү максаттары түзүлүүгө жана максаттарга жетишүүнүн сандык жана сапаттык индикаторлору (таасир этүүнүн көрсөткүчү) аларга жетишүүгө баа берүү үчүн максаттуу маанилери менен аныкталууга тийиш, тактап айтканда ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун максатынын так формулировкасын жана олуттуу мамлекеттик жөнгө салуунун өзгөрүшүн болжолдоочу варианттар үчүн жетишүүнүн индикаторлорун көрсөтүү зарыл.
Мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары аныкталган проблемаларга шайкеш келүүгө тийиш жана максималдуу так баяндалуусу зарыл.
Мындан тышкары, жөнгө салуу механизминин маңызы, өзгөчөлүктөрү жана жөнгө салуу инструменттери баяндала турган жөнгө салуу ыкмасын талдоо ачып көрсөтүлгөн эмес.
Төмөнкүдөй пункттар боюнча кенен баяндоо келтирилген эмес:
- жөнгө салуу ыкмасы;
- жөнгө салуучу таасир;
- ишке ашыруу тобокелдиктери;
- укуктук жана башка талдоолор;
- экономикалык талдоо;
- коомдук талкуулардын натыйжалары.
Методикада сунушталган бардык аракеттерди аткаруунун тактыгы жана ырааттуулугу сакталган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Байбакпаев, Э.Т.Токтошев, Ж.К.Акаев демилгелеген "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.