Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-марты № 168
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
1) "Билим берүү жана маданият тармагында" I бөлүмүндө:
- 5, 6, 7-главалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кесиптик окутууга, кайра окууга, квалификацияны жогорулатууга жолдомо берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 109-пункт |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылган жумушсуз жана жумуш издеген жаран катары иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик органдарында катталган Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"; - 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Окутууга жолдомону жазуу жүзүндө берүү. Эмгек китепчесине жазуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, күтүү үчүн орундар, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана), жылытуу, суу түтүгү, телефон менен жабдылган жайларда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жеринде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Кайрылуу ээсинен документтерди кабыл алуу: 30 мүнөткө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн узактыгы: 10 күнгө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү: 30 мүнөткө чейин. Мамлекеттик кызмат 1 жылдын ичинде 1 жолудан ашык көрсөтүлбөйт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык органдарга жеке кайрылуу аркылуу; - аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - жарандарды жеке кабыл алуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - zanyatost.kg порталы; - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы; - аймактык органдардагы буклеттер жана брошюралар, маалымат такталары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын маалымат такталарында, сайтында жана zanyatost.kg порталында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар илинет. Жарандарды кабыл алган аймактык органдардын кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга адептүү мамиле кылууну, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыстыкты камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл системасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта); - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген жашай туруу укугу; - качкындын расмий статусу бар жарандар үчүн - качкын күбөлүгү; - кайрылмандын расмий статусу бар адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү; - эмгек китепчеси; - кесиптик квалификацияны тастыктаган документтер. Биринчи жолу жумуш издеген (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо жашаган жери боюнча же аймактык органдын жайгашкан жери боюнча паспорту жана билими жөнүндө документти көрсөтүү менен жумушсуздун жеке кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (кайрылуу ээсинин) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта берилет. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жиберүү үчүн кайрылуу ээсинде квалификациялуу электрондук кол тамга болгон учурда жеке кабинет аркылуу portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүү зарыл. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кайрылуу ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 3-пунктунда көрсөтүлгөн параметрлерге шайкеш келбегенде; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн бир жылдын ичинде бир жолудан ашык кайрылганда; эгерде кайрылуу ээси "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык "Иш менен камсыз болгондор" категориясына кирсе |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда керектөөчү эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүнүн жооп алуу мөөнөтү ал катталган учурдан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кайрылуу ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге жарандарды республикалык бюджеттин эсебинен окутуу (бюджеттик окутуу) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 110-пункт |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында билим берүү, анын ичинде мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Башталгыч жана орто кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайлары (мындан ары - окуу жайлары). Окуу жайларынын тизмеси кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, сайтында жайгаштырылат. Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Кыска мөөнөттүү кесиптик жана жарандык окутуу курстарын өткөрүүчү мекеме (мындан ары - мекеме) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Республикалык бюджеттин эсебинен кесип алуу укугуна 14 жаштан кичүү эмес жана 28 жаштан улуу эмес төмөнкү талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары ээ: - базалык билим алган мектеп бүтүрүүчүлөрү (9-11-класстар); - кесиптик билим берүүнүн ушул деңгээлин биринчи жолу алып жаткан жаштар; - базалык билими жок же таптакыр билим албаган жаштар. Расмий түрдө жумушсуз жарандар катары катталган 16 жаштан жогору Кыргыз Республикасынын жарандары, кыска мөөнөттүү окуу курстарынан, кайра окутуудан жана квалификацияны жогорулатуудан өтүүнү каалаган окуу жайларына жана мекемелерге кайрылган башка категориядагы адамдар, ошондой эле социалдык аялуу категорияга кирген жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, эмгек мигранттары жана качкындар республикалык бюджеттин эсебинен кесип алуу укугуна ээ |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Билим берүү жөнүндө" (3, 11, 20, 30, 40 жана 43-беренелер); - "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө"; - 2003-жылдын 28-июлундагы № 473 "Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарда окутулуучу кесиптердин тизмесин бекитүү жөнүндө"; - 2007-жылдын 13-февралындагы № 54 "Экстернат формасында баштапкы кесиптик билим алууга жол берилбөөчү кесиптердин жана адистиктердин тизмеси жөнүндө"; - 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу"; - 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө"; - 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө"; - 2012-жылдын 1-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө"; - 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"; - 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө"; - 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Кесиптик окутуунун, кайра окутуунун, квалификацияны жогорулатуунун толук курсун аяктагандан кийин бүтүрүү жана квалификациялык экзамендердин жыйынтыктарын эске алуу менен бүтүрүүчү мамлекеттик үлгүдөгү документти алат: - кесиптик башталгыч билим берүү программасын өздөштүргөн адамдарга кесиптик башталгыч билими жөнүндө диплом; - жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасын өздөштүргөн адамдарга да жалпы орто билими жөнүндө аттестат берилет; - атайын уюмдардын жана ведомстволордун көзөмөлүндө турган объекттерде иштөө менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөн адамдарга объекттерде же транспорт каражаттарында иштөөгө уруксат берүү үчүн күбөлүк берилет; - 6 айга чейинки мөөнөт менен кесиптик жана жарандык кыска мөөнөттүү окутуу, кайра окутуу, квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн адамдарга сертификат берилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат төмөнкүлөр болгон шартта көрсөтүлөт: - санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык жайлар; - талаптарга ылайык жабдылган предметтер боюнча окуу кабинеттери, лабораториялар, ар бир кесип боюнча устаканалар; - бир окуу тобу (12-15 адам эсебинде) үчүн керектүү жабдуулардын комплектиси, анын ичинде приборлор жана инструменттер; - спорт зал, спорттук инвентарь, жабдылган спорт аянтчасы же стадион; - жабдылган китепкана, ашкана (эгерде окутуу мөөнөтү 2-3 жыл болсо); - медициналык кабинет; - окуу чарбасы (эгерде тиешелүү даярдык жүргүзүлсө); - айдоочуларды жана тракторист-машинисттерди даярдоо жүргүзүлгөн автодром же окуу полигону, ошондой эле иштөө абалындагы автотрактордук техника; - бардык сабактар боюнча окуу пландарын, программаларды, анын ичинде өндүрүштүк практиканын программасын, көрсөтмө материалдарын, квалификациялык иштердин тизмегин, экзамендик материалдарды, ар бир даярдалып жаткан кесип боюнча окуу жана методикалык колдонмону, ошондой эле лабораторияларды жана устаканаларды жабдуу үчүн жазылган талаптарды кошо алганда окуу-пландык документтердин комплектиси; - окуу жайларында жана мекемелерде педагогикалык кадрлардын болушу жана алардын квалификациялык талаптарга шайкеш келүүсү; - окуу жайларынын жана мекемелердин окуучуларынын жана кызматкерлеринин санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор, биринчи кабаттагы даараткана. 1 жылдан кем эмес кесиптик билим берүүнүн толук курсунда окууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө бекитилген ченемдерге ылайык окуучулар үчүн социалдык төлөмдөр кирет: - стипендия; - тамактануу. Муктаж болгон окуучулар үчүн окуу мезгилинде акысыз негизде жатакана берилет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Бюджеттик окутуу негизиндеги окуу жайларында жана мекемелерде окуу жылы 1-сентябрда башталып, 30-июнда аяктайт. Билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу мөөнөтү: - негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасын окутуу мөөнөтү - 3 жылдан кем эмес; - жалпы орто билим албастан, негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоонун 140 сааттык программасын камтыган кесиптик башталгыч билим берүү программасын окутуу мөөнөтү - 1-2 жыл; - жалпы орто билим берүүнүн базасында кесиптик башталгыч билим берүү программасын окутуу мөөнөтү - 1 жылдан кем эмес; - кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программасын окутуу мөөнөтү - 1 жылга чейин. Окуунун жыйынтыгы боюнча окуу жылы расмий аяктаган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик үлгүдөгү документ берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - түздөн-түз окуу жайларында жана мекемелерде; - маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй түрдө берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышууда); - электрондук түрдө - электрондук почта боюнча: dtve@elcat.kg, gapto@maiI.ru, frn.kesip@mail.ru; - интернет-сайттан: www.kesip.kg, www.frn.kg |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - окуу жайларында жана мекемелерде болгон маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, сайттарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, окуу жайларынын жана мекемелердин кабинеттеринин эшигинде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар илинет. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалоо жана аргументтөө. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, окуу жайларынын жана мекемелердин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга адептүү мамиле кылууну, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыстыкты камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Угуу жана көрүү, таяныч-кыймыл системасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада ишке ашырылат. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, окуу жайларында жана мекемелерде келүүчүлөрдү тейлеген маселелер боюнча кызматкерлер кабыл алат. Окуу жайларында жана мекемелерде келүүчүлөрдү директор же анын орун басарлары кабыл алат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар окуган окуу жайларында жана мекемелерде аңгемелешүүдө сурдокотормочулар жана психологдор катышышы мүмкүн |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандар 1-июлдан тартып 31-августка чейинки мезгилде окуу жайына, мекемеге кайрылып, тандап алган кесибин эске алуу менен документтерди тапшырышы керек. Окуу жайлары үчүн милдеттүү документтердин тизмесине төмөнкүлөр кирет: - окууга кабыл алуу жөнүндө арыз; - билими жөнүндө документ (күбөлүк, аттестат же маалымдама); - паспорттун (ID-карта) же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - ден соолугунун абалы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымдама; - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн - тастыктоочу документ; - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү үчүн - социалдык коргоо органдарынын маалымдамасы; - жетимдер үчүн - ата-энесинин жоктугун тастыктаган документ; - көзөмөлсүз калган адамдар үчүн - көзөмөлсүз калган балдардын маселелери боюнча уюмдардын же социалдык коргоо органдарынын жолдомосу; - 3x4 фотосүрөт (4 даана). Документтерди бюджеттик окутууга кабыл алуу акысыз негизде ишке ашырылат. Мекемелер аркылуу кыска мөөнөттүү курстарды уюштурууда төмөнкү документтерди тапшыруу керек: - окууга кирүү жөнүндө арыз (жашы жетпеген адамдар үчүн ата-энелеринин же аларды алмаштырган адамдардын макулдугу милдеттүү); - паспорттун көчүрмөсү; - 3x4 фотосүрөт (1 даана) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен акысыз берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарга жана суроо-талаптын шарттарына ылайык келүүсү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты окуу жайында, мекемеде чыгарылган буйруктун негизинде белгиленген тартипте өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу квалификациялык экзамен менен ырасталат |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жарым-жартылай (теориялык курс) электрондук форматта (окуу программаларынын электрондук версиялары болгон учурда) берилиши мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Окуу жайы жана мекеме төмөнкүдөй учурларда бюджеттик негизде кесиптик билим берүүдөн баш тартууга укуктуу: - абитуриенттин курагы 14 жаштан кичүү же 28 жаштан улуу; - билим деңгээлинин шайкеш келбестиги (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн билиминин деңгээли жалпы орто билимден төмөн болбоосу талап кылынган учурларда); - медициналык көрсөткүчтөр; - абитуриент кесиптик билимдин тиешелүү деңгээлине ээ болгон; - абитуриент Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү менен байланышкан талаштуу маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, окуу жайларына жана мекемелерге кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда керектөөчү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, окуу жайынын же мекеменин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүнүн жооп алуу мөөнөтү ал катталган учурдан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге ишкананын жана жеке каражатынын эсебинен жарандарды окутуу (контракттык/акы төлөнүүчү окуу) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 111-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында билим берүү, анын ичинде мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Башталгыч жана орто кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайлары (мындан ары - окуу жайлары). Окуу жайларынын тизмеси кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маалымат такталарында, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат. Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Кыска мөөнөттүү кесиптик жана жарандык окутуу курстарын өткөрүүчү мекеме (мындан ары - мекеме) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | 14 жашка толгон жана кыска мөөнөттүү негизде кесиптик билим алууну, бири-бирине байланыштуу кесипке кайра окууну же кесиби боюнча квалификациялык деңгээлин жогорулатууну каалаган адамдар контракттык/акы төлөнүүчү негизде кесиптик билим алууга жана алардын уюмдары боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу. Жарандыгы жок жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган адамдарга мамлекеттик кызмат контракттык/акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүшү мүмкүн |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары: - "Билим берүү жөнүндө" (3, 11, 20, 30, 40 жана 43-беренелер); - "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору: - 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө"; - 2003-жылдын 28-июлундагы № 473 "Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарда окутулуучу кесиптердин тизмесин бекитүү жөнүндө"; - 2007-жылдын 13-февралындагы № 54 "Экстернат формасында баштапкы кесиптик билим алууга жол берилбөөчү кесиптердин жана адистиктердин тизмеси жөнүндө"; - 2008-жылдын 3-октябрындагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу"; - 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө"; - 2008-жылдын 15-январдагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө"; - 2012-жылдын 1-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө"; - 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"; - 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө"; - 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кесиптик окутуунун, кайра окутуунун, квалификациясын жогорулатуунун толук курсун аяктагандан кийин бүтүрүү жана квалификациялык экзамендердин жыйынтыктарын эске алуу менен бүтүрүүчү мамлекеттик үлгүдөгү документти алат: - кесиптик башталгыч билим берүү программасын өздөштүргөн адамдарга кесиптик башталгыч билими жөнүндө диплом берилет; - жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасын өздөштүргөн адамдарга да орто жалпы билими жөнүндө аттестат берилет; - атайын уюмдардын жана ведомстволордун көзөмөлүндө турган объекттерде иштөө менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөн адамдарга объекттерде же транспорт каражаттарында иштөөгө уруксат берүү үчүн күбөлүк берилет; - 6 айга чейинки мөөнөт менен кесиптик же жарандык кыска мөөнөттүү окутуу, кайра окутуу, квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн адамдарга сертификат берилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат төмөнкүлөр болгон шартта көрсөтүлөт: - санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык жайлар; - талаптарга ылайык жабдылган предметтер боюнча окуу кабинеттери, лабораториялар, ар бир кесип боюнча устаканалар; - бир окуу тобу (12-15 адамга эсептелген) үчүн керектүү жабдуулардын комплектиси, анын ичинде приборлор жана инструменттер; - спорт зал, спорттук инвентарь, жабдылган спорт аянтчасы же стадион; - жабдылган китепкана, ашкана (окуу мөөнөтү 2-3 жыл болсо); - медициналык кабинет; - окуу чарбасы (эгерде тиешелүү даярдык жүргүзүлсө); - айдоочуларды же тракторист-машинисттерди даярдоо жүргүзүлгөн автодром же окуу полигону, ошондой эле иштеген абалдагы автотрактордук техника; - бардык сабактар боюнча окуу пландарын, программаларды, анын ичинде өндүрүштүк практиканын программасын, көрсөтмө материалдарды, квалификациялык иштердин тизмегин, экзамендик материалдарды, ар бир даярдалуучу кесип боюнча окуу жана методикалык колдонмону, ошондой эле лабораторияларды жана устаканаларды жабдуу үчүн жазылган талаптарды кошо алганда окуу-пландык документтердин комплектиси; - окуу жайларында жана мекемелерде педагогикалык кадрлардын болушу жана алардын квалификациялык талаптарга шайкеш келүүсү; - окуу жайларынын жана мекемелердин окуучуларынын жана кызматкерлеринин санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор, биринчи кабаттагы даараткана. 1 жылдан кем эмес кесиптик билим берүүнүн толук курсунда окууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө бекитилген ченемдерге ылайык окуучулар үчүн социалдык төлөмдөр кирет: - стипендия; - тамактануу. Муктаж болгон окуучулар үчүн окуу мезгилинде акысыз негизде жатакана берилет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жеринде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кыска мөөнөттүү курстарга кабыл алуу жайкы мезгилди кошпогондо, окуу тобун кабыл алууга жараша календарлык жыл ичинде жүргүзүлөт. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде контракттык/акы төлөнүүчү негизде 1 жылга чейинки окуу мөөнөтү менен кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программалары жүзөгө ашырылат. Ошондой эле окуу жайларында жана мекемелерде контракттык/акы төлөөчү негизде 6 айга чейинки окуу мөөнөтү менен кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программалары уюштурулат жана ишке ашырылат. Окутуунун жыйынтыгы боюнча окуу мөөнөтү расмий аяктаган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик үлгүдөгү документ берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - окуу жайларында жана мекемелерде; - маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй түрдө берилиши мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышууда); - электрондук түрдө - dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, frn.kesip@mail.ru электрондук почтасы боюнча; - интернет сайттан: www.kesip.kg, www.frn.kesip.kg |
9 | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар; - гезиттер; - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - окуу жайларында жана мекемелерде болгон буклеттер жана брошюралар, маалымат такталары; - телефон боюнча. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, сайттарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, окуу жайларынын жана мекемелердин кабинеттеринин эшигинде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар илинет. Аймактык органдардын кабыл алууну жүргүзгөн кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж адамдар (угуу жана көрүү, таяныч-кыймыл системасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада ишке ашырылат |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү контракттык/акы төлөнүүчү негизде алуу үчүн жарандар тандап алган кесибин эске алуу менен окуу жайга, мекемеге кайрылуусу жана окуу топторун түзүүнүн тартиби, окуунун мөөнөттөрү жана наркы жана башкалар жөнүндө маалымат алуусу зарыл. Окуу башталганга чейин 1 жумадан кечиктирбестен документтерди тапшыруу зарыл. Милдеттүү документтердин тизмесине төмөнкүлөр кирет: - окууга кабыл алуу жөнүндө арыз (жашы жете элек адамдар үчүн ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын макулдугу милдеттүү түрдө керек); - билими жөнүндө документ (болсо); - паспортунун (ID-карт) же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - ден соолугунун абалы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымкат; - 3x4 фото сүрөт (4 даана). Документтерди кабыл алуу акы төлөнүүчү негизде ишке ашырылат. Окуу жайынын, мекеменин кассасы аркылуу төлөнгөн акы төлөө жөнүндө бардык квитанциялар окуучунун өздүк делосуна тиркелет. Окуудан баш тарткан учурда документтерди кабыл алуу, ошондой эле окуунун биринчи айы үчүн төлөнгөн акы кайра кайтарылбайт |
13 | Контракттык/акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы окуу жайында, мекемеде ар бир кесип боюнча өзүнчө, окутууга кеткен чыгымды, окуу мөөнөттөрүн, регионун, жабдуулардын амортизациясын ж.б. эске алуу менен аныкталат. Ар бир кесип боюнча окутуунун сметасы белгиленген тартипте түзүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана документтерди кабыл алуунун наркы прейскурантта чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге бул мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн окуу жайларынын жана мекемелердин маалымат такталарында, веб-сайттарында жайгаштырылат. Окутуунун жана документтерди кабыл алуунун наркы жөнүндө маалымат мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн стандарты жөнүндө маалыматтар менен бирге жайгаштырылат. Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 18-февралындагы 2022-жылдын № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик мекемелер тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүлүүчү стандарттарга жана суроо-талаптын шарттарына ылайык келүүсү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алган адамдарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө дал келүүсү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты окуу жайында, мекемеде чыгарылган буйруктун негизинде белгиленген тартипте өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу квалификациялык экзамен менен ырасталат |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат жарым-жартылай (теориялык курс) электрондук форматта (окуу программаларынын электрондук версиясы болгон учурда) көрсөтүлүшү мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Окуу жайы, мекеме контракттык/акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурда баш тартууга укуктуу: - медициналык көрсөтмөлөр боюнча; - 14 жашка толо элек адамдарга |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү менен байланышкан талаштуу маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, окуу жайларына жана мекемелерге кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, окуу жайынын же мекеменин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүнүн жоопту алуу мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
";
2) "Социалдык чөйрөдө" II бөлүмүндө:
- 6-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды белгилөө жана төлөп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүлөрүн ырастаган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөнүн маалыматтарына ылайык, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын аймактык органдарына кайрылганга чейин акыркы үч жылда 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруу стажы бар Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (87-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана) жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү кошкондо, арыз берүүчүнүн документтерин кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул дайындоо жөнүндө чечим аймактык органдар тарабынан алар катталган учурдан тартып 11-күнү кабыл алынат. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул ай сайын, бирок үч жылдын ичинде 12 календардык айдан ашык эмес төлөнөт. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду ай сайын төлөө бир ай өткөндөн кийин жумуш издөө жөнүндө маалымат өз убагында берилген учурда жүргүзүлөт. Аймактык органдын бланкында уюмдардын жана мекемелердин мөөрүн коюу менен ырасталган жумуш издөө жөнүндө маалыматтар чагылдырылууга тийиш |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайтынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - аймактык органдарга жеке кайрылууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буклеттеринен жана брошюраларынан, маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - массалык маалымат каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайты; - zanyatost.kg порталы; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгон буклеттер жана брошюралар, такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - жеке кайрылууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын маалымат такталарында жана сайтында, zanyatost.kg порталында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшигинде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Керектөөчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди таразалоо жана аргументтөө. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен баарлашуу, ошондой эле аларга мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада ишке ашырылат |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Жөлөкпул алуу үчүн паспортту жана эмгек китепчесин көрсөтүү зарыл. Эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөнү "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арыз берүүчүнүн) кабыл алуу бөлүгүндө мамлекеттик кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмөнү жөнөтүү үчүн кайрылуу ээси анын квалификациялуу электрондук колтамгасы болгон учурда жеке кабинети аркылуу portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында каттоодон өтүүгө тийиш. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурда баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээсинин статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбесе; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтомун толук бербесе |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда арыз ээси белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
";
- 7-главасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча программанын алкагында жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-глава, 3-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Ылайыктуу жумуш табуу максатында иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турган, ошондой эле расмий жумушсуз статусун алган Кыргыз Республикасынын жарандары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтому менен бекитилген Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Арыз берүүчүнү убактылуу ишке орноштуруу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - жарандардын жана аймактык органдардын кызматкерлеринин имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана) жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү кошо алганда, документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Кайрылган учурдан тартып кызмат көрсөтүүнү пайдаланганга чейин максимум мөөнөт - 1 ай. Кезек күтүүнү кошо алганда, жолдомо берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 6 айга чейин |
Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттарынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - аймактык органга жеке кайрылууда; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - брошюралардан, буклеттерден, аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттары; - zanyatost.kg порталы; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - аймактык органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы болгон буклеттер, брошюралар жана такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - аймактык органга жеке кайрылууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын такталарына, сайттарына жана zanyatost.kg порталына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин карманышат: сылык, мээримдүү, адептүү, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди таразалап, жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар менен пикир алышуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн. Маалымат иш берүүчүгө жумушка орноштуруу максатында берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Акы төлөнүүчү коомдук иштерге жолдомо алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта); - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген жашоого уруксат; - качкындын расмий статусу бар жарандар үчүн - качкын күбөлүгү; - кайрылмандын расмий статусу бар адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү; - эмгек иши болгон учурда эмгек китепчеси |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо талапты кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жиберүү үчүн өтүнмө ээсинин квалификациялуу электрондук колтамгасы болгондо өтүнмө ээси жеке кабинет аркылуу portal.tunduk.kg порталында катталышы керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада арызды электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арыз берүүчүнүн статусу ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбесе; - арыз ээсинин паспорту жок болсо |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колтамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге арыз ээси канааттанбаган учурда эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турушу керек |
";
3) "Маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын каттоо, берүү жаатында" III бөлүмүндө:
- 4-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалымкат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жумушу жана маянасы (кирешеси) жок, жумуш издеп жүргөн, ишке кирүүгө даяр, эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарына кайрылган Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жарандары жумушсуз катары каттоого турууга укуктуу. Ошондой эле zanyatost.kg порталы жана portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жумуш издөөчү катары катталуу үчүн электрондук арыз берүүгө укуктуу. Маалымкат жумушсуз катары катталган жарандарга portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилет |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 2 токтому менен бекитилген Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жумушсуз катары катталгандыгы жөнүндө маалымкат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн шарттар болгондо, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар); - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жана zanyatost.kg порталы аркылуу электрондук түрдө; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда сырттагы даараткана), жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү кошо алганда, арыз берүүчүдөн документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Арыз берүүчүнү жумушсуз катары таануу чечими 10 күндүн ичинде кабыл алынат. Кезек күтүүнү кошо алганда, маалымкатты берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттарынан; - zanyatost.kg порталынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - жалпыга маалымдоо каражаттарынан; - аймактык органга жеке кайрылууда; - брошюралардан, буклеттерден, аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттары; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы; - zanyatost.kg порталы; - аймактык органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы болгон буклеттер жана брошюралар, такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - жеке кабыл алууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын такталарына, сайттарына жана zanyatost.kg порталына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдардын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин карманышат: сылык, мээримдүү, адептүү, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди таразалап, жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар менен пикир алышуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоодо жашаган жери же болбосо барган жери боюнча аймактык органдар тарабынан төмөнкүдөй документтер суралат: - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт (ID-карта); - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген жашоого уруксат; - качкындын расмий статусу бар жарандар үчүн - качкын күбөлүгү; - кайрылмандын расмий статусу бар адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотулган жана эмгек китепчеси жок адамдар үчүн - аскердик билети; - эмгек китепчеси же камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтери; - кесиптик квалификациясын ырастаган документтери. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок адамдар паспортун же ким экендигин ырастоочу башка документин жана билими жөнүндө документин (болсо) көрсөтүшөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же zanyztost.kg порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо талапты кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жиберүү үчүн өтүнмө ээсинин квалификациялуу электрондук колтамгасы болгондо өтүнмө ээси жеке кабинет аркылуу portal.tunduk.kg же zanyztost.kg порталдарында катталышы керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада арызды электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). Жумушсуз катары катталгандыгы жөнүндө маалымкатты portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан алууга болот |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкүлөр жумушсуз катары таанылбайт жана катталбайт: - 16 жашка чыга элек жарандар; - Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык курагы боюнча пенсия дайындалган жарандар; - аймактык органга алар катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде аларга ылайыктуу жумуш сунуштоого келбеген жарандар, ошондой эле аларды жумушсуз катары каттоо үчүн аймактык орган тарабынан белгиленген мөөнөттө келбеген жарандар; - аймактык органда алар катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ылайыктуу жумуштун, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуштун эки вариантынан баш тарткан, биринчи жолу жумуш издеп жүргөн (мурда иштебеген) жана кесиби (адистиги) жок жарандар; - кесипке даярдоодон же сунушталган акы төлөнүүчү коомдук жумуштан, анын ичинде убактылуу мүнөздөгү жумуштан эки жолу баш тарткан жарандар; - ишинин жана кирешесинин жоктугу жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды камтыган документтерди тапшырган жарандар; - эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына соттун чечими менен, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон жарандар; - иштеген жарандар |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигинин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге арыз ээси канааттанбаган учурда эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек |
";
4) "Маалымат берүү жаатында" V бөлүмүндө:
- 3-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-глава, 1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмелери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгүнө кызыккан жарандары, ошондой иш берүүчү катары чыккан уюмдар жана жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (46-берене); "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене) |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жарандарынын жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматка кеңири жетүүнү камсыз кылуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын жана аймактык органдын кызматкерлеринин имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн шарттар болгондо, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар); - кезек күтүү принциби боюнча; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жана zanyatost.kg порталы аркылуу электрондук түрдө. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, даараткана (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда сырттагы даараткана), жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жеке кайрылууда консультация берүү убактысы 30 мүнөттөн ашпоого тийиш |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттарынан; - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - zanyatost.kg порталынан; - аймактык органга жеке кайрылууда; - брошюралардан, буклеттерден, аймактык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталарынан. Аймактык органдарда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык органдардын сайттары; - zanyatost.kg порталы; - аймактык органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы болгон буклеттер, брошюралар жана такталар; - эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - аймактык органга жеке кайрылууда; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык органдардын такталарына, сайттарына жана zanyatost.kg порталына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык органдарынын кабинеттеринин эшиктеринде алардын аталыштары көрсөтүлгөн маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин карманышат: сылык, мээримдүү, адептүү, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди таразалап, жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар менен пикир алышуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Купуялуулук талап кылынбайт. Жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматка эркин жетүүгө болот |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аракеттеринин тизмеги | Талап кылынбайт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарында билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кире алуу, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу болгон кабыл алуу графиги, мамлекеттик колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматка эркин жетүүгө болот: - portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кызмат "суроо-талап - жооп" режиминде электрондук форматта көрсөтүлөт. Алынган көчүрмөнү басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр керек: 1) portal.tunduk.kg сайтына кирүү; 2) эгерде 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картаны же болбосо булуттуу электрондук колтамганы колдонуу менен катталбаса - каттоодон өтүү; 3) тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү табуу; 4) суроо-талапты түзүү үчүн "жөнөтүү" баскычын басуу керек; 5) киргизилген суроо-талап ошол заматта иштелип чыгат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүнүн маалымат системасына жиберилет жана көчүрмө түрүндө маалыматтык документ берилет. Онлайн-интерактивдүүлүк баскычы - 5 (мамлекеттик кызмат көрсөтүү толугу менен автоматташтырылган жана арыз ээсинен маалыматтарын ырастоочу кандайдыр бир документтерди берүү талап кылынбайт. Бул маалымат башка органдардын маалымат системаларынан электрондук арыз берүүдө автоматтык түрдө түзүлөт); - zanyatost.kg порталында. Аймактык органдар колдонуучулардын суроо-талабы боюнча жергиликтүү, райондук, региондук масштабда жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты электрондук почта аркылуу жана zanyatost.kg порталы аркылуу өздөрүнүн жеке кабинетине жөнөтө алышат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу каралган эмес |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте аймактык органдын жетекчисине кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колтамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилигинин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге арыз ээси канааттанбаган учурда эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же аймактык органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек |