Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 442 токтомуна) |
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаза өтөп жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду, ошондой эле пробация кардарларын кайра социалдаштыруу маселелери боюнча түзөтүү мекемелеринин администрациялары жана пробация органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаза өтөп жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду, ошондой эле пробация кардарларын кайра социалдаштыруу маселелери боюнча түзөтүү мекемелеринин администрациялары жана пробация органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жаза өтөп жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду, ошондой эле пробация кардарларын жаза-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык коштоо жана реабилитациялоо механизмин түзүүгө багытталган.
2. Жобо төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) өз ара аракеттенүүгө ачыктык;
3) жеткиликтүүлүк;
4) компетенттүүлүк;
5) жоопкерчилик.
3. Жаза өтөп жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду, ошондой эле пробация кардарларын (мындан ары - соттолгондор жана пробация кардарлары) социалдык коштоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү соттолгондорду кайра социалдаштыруу боюнча милдеттерди аткаруу жана максаттарга жетүү үчүн ишке тартылган төмөнкү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жүргүзүлөт:
1) жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) пробация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
4) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
5) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
6) маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
7) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
8) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
4. Соттолгондорду жана пробация кардарларын социалдык коштоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенген мамлекеттик органдар, алардын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзөтүү мекемелеринин администрациялары жана пробация органдары менен "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө", "Пробация жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, ошондой эле жаза аткаруу иши, саламаттык сактоо, билим берүү, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, калкты каттоо, жарандык абалдын актылары, архив иши, маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде өз ара аракеттенет.
2-глава. Өз ара аракеттенүү милдеттери жана түрлөрү
5. Төмөнкүлөр өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттери болуп саналат:
1) соттолгондордун жана пробация кардарларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо;
2) соттолгондордун жана пробация кардарларынын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык коштоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн алуусун камсыздоо;
3) соттолгондор жана пробация кардарлары үчүн социалдык жана реабилитациялык программаларды ишке ашырууну координациялоо;
4) соттолгондордун жана пробация кардарларынын жүрүм-турумун түзөтүү, укукка баш ийген жашоо образын калыптандыруу;
5) соттолгондор жана пробация кардарлары тарабынан укук бузуулардын жасалышын алдын алуу;
6) мамлекеттик органдардын, алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорду жана пробация кардарларын социалдык коштоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
7) соттолгондорду жана пробация кардарларын социалдык коштоо жана реабилитациялоо боюнча чаралардын системасын өркүндөтүү.
6. Өз ара аракеттенүү түрлөрү:
1) соттолгондорго көрсөтүлгөн социалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды жыйноо, жалпылоо жана талдоо, соттолгондорду жана пробация кардарларын социалдык коштоо жана реабилитациялоо системасынын натыйжалуулугун баалоо;
2) соттолгондорго жана пробация кардарларына социалдык-укуктук жардамды уюштуруу;
3) соттолгондорго жана пробация кардарларына көрсөтүлүшү мүмкүн болгон социалдык кызматтар жөнүндө өз убагында маалымдоо;
4) статистикалык отчеттуулукту түзүү.
Статистикалык отчеттуулуктун формасы пенитенциардык жана пробациялык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери менен аныкталат.
3-глава. Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринен бошотууга даярдоо
7. Соттолгондорго консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 241 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибин жана Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоочу документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибине ылайык берилет.
8. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгондорду бошотууга даярдоо алардын эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл мурда башталат.
9. Түзөтүү мекемесинин администрациясы бошотулууга тийиш болгон соттолгондор аныкталгандан кийин он жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 8-пунктунда белгиленген мөөнөттө:
1) соттолгон менен бошотулгандан кийин анын жашаган, иштеген же окуган жерин, анын туугандары бар экендигин жана алар менен мамилесин, ошондой эле социалдык-укуктук жана психологиялык жардамды, билимди, кесипти, зарыл документтерди, медициналык, социалдык кызматтарды жана пенсиялык камсыздандырууну алуудагы муктаждыктарын аныктоо үчүн сүйлөшүүнү жүргүзөт;
2) бошонууга даярданып жаткан соттолгондун материалдык көз карандысыздыгын камсыздоо максатында мүмкүнчүлүк болсо, анын макулдугу менен жана ден соолугунун абалын эске алуу менен аны акы төлөнүүчү жумушка жиберет;
3) материалдык-тиричилик жактан жайгаштыруу жана башка социалдык муктаждыктарды камсыздоо маселелери боюнча бошонууга даярданып жаткан соттолгонго социалдык көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроо-талаптарды социалдык өнүктүрүү жана ишке орноштуруу, саламаттык сактоо, билим берүү чөйрөсүндөгү органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберет;
4) баланын жетим экендиги же ата-эненин камкордугусуз калгандыгы аныкталган учурда, аны социалдык-тиричиликтик жактан жайгаштыруу маселесин чечүү үчүн камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарына кабарлама жиберет.
10. Ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон адамдарды, кош бойлуу аялдарды жана жаш балдары бар аялдарды, ошондой эле балдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотууда түзөтүү мекемесинин администрациясы пландалган бошотууга чейин отуз күн мурда күйөөсүнө (жубайына), туугандарына же бошотулуучу адамдын арызында көрсөтүлгөн башка адамдарга билдирет.
Бошотулуучу адамдын арызында көрсөтүлгөн адамдар жок учурда түзөтүү мекемесинин администрациясы социалдык жайгаштыруу үчүн коомдук уюмдарга тиешелүү суроо-талаптарды жиберет.
11. Соттолгонду бошотууда жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери менен жөнгө салынат.
12. Ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин түзөтүү мекемесинин администрациясы пробация органдары менен бирге "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинде аныкталган социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасын иштеп чыгат. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча социалдык жардамга муктаж болгон соттолгондор аныкталат.
13. Социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан пробация органдары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүгүндө жана "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 17-беренелеринде белгиленген иш-чараларды жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
14. Түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү же айыпталуучу катары кармалган адамдарга паспортту тариздөө жана берүү маселелери боюнча даярдык керүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтому менен бекитилген Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентине ылайык жүргүзүлөт.
4-глава. Мамлекеттик органдардын түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарды социалдык коштоодогу иши
15. Саламаттык сактоо кызматтары түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга ким экендигин ырастоочу документин, ал эми документи жок учурда бошотулгандыгы жөнүндө маалымкатты көрсөткөндө медициналык жардам көрсөтөт.
16. Саламаттык сактоо кызматтары түзөтүү мекемелеринин администрациясынын жолдомосу боюнча түзөтүү мекемесинен бошотулган адамга медициналык кызматты көрсөтүү үчүн бошотулгандыгы жөнүндө маалымкатты же ким экендигин ырастоочу башка документти көрсөтсө, туруктуу же убактылуу жашаган жер боюнча аны эсепке алат.
17. Түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга медициналык кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) ылайык жүргүзүлөт.
18. Соттолгондорго жана түзөтүү мекемесинен бошотулган адамдарга социалдык жардам көрсөтүү маселеси боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясынан суроо-талап алынганда социалдык кызматтар тарабынан "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй социалдык-укуктук кызматтар көрсөтүлөт:
1) социалдык камсыздоо маселелери боюнча, анын ичинде пенсияларды жана мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо маселелери боюнча консультация;
2) жатак үйгө аныктоо үчүн документтерди тариздөөгө жардам көрсөтүү;
3) турак жайлары жана мыйзамдуу өкүлдөрү жок балдарды социалдык реабилитациялоого муктаж балдар үчүн адистештирилген мекемелерге жайгаштыруу жөнүндө өтүнүчтү белгиленген тартипте даярдоо.
19. Түзөтүү мекемелеринен бошотулган жана убактылуу же туруктуу жашаган жери боюнча социалдык жактан тейлөөгө кабыл алынып жаткан адамдар түзөтүү мекемелеринин администрациялары тарабынан, ал эми мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулгандар - пробация органдары тарабынан аларга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын тизмеги жана мазмуну, кызмат көрсөтүүнүн шарттары менен тааныштырылууга тийиш.
20. Түзөтүү мекемелеринен бошотулган улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген, социалдык жактан тейлөөгө муктаж адамдар ушул категориядагы жарандарды социалдык жактан камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте социалдык жардам менен камсыз кылынат.
21. Зарыл болгон учурда түзөтүү мекемесинен бошотулган адамга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому менен бекитилген Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жободо аныкталган тартипте медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүлөт.
22. Түзөтүү мекемесинен бошотулган адамды жумушсуз же жумуш издеген адам катары таануу үчүн түзөтүү мекемесинин администрациясы пробация органы менен өз ара аракеттенип, тиешелүү каттоо үчүн анын жашаган жери боюнча калкты иш менен камсыз кылуу органына билдирүү жөнөтөт.
23. Түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдар Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте убактылуу же туруктуу жашаган жери боюнча катталгандан жана эсепке алууга коюлгандан кийин калкты иш менен камсыз кылуу органдары тарабынан жумушсуз же жумуш издеген адам катары акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жиберилет.
Түзөтүү мекемесинен бошотулган бала кайрылганда калкты иш менен камсыз кылуу кызматы:
- балага кесипке багыттоочу кызматтарды толук көлөмдө көрсөтөт;
- туруктуу ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жөнөтүүгө көмөк көрсөтөт.
24. Билим берүү чөйрөсүндөгү органдар пробация органынан же түзөтүү мекемесинин администрациясынан суроо-талап алганда түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга төмөнкүдөй мүнөздөгү жардам көрсөтөт:
1) башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн жолдомо берет;
2) зарыл болгон учурда билими жөнүндө документтерди калыбына келтирүүгө жана берүүгө көмөк көрсөтөт.
5-глава. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация органдары менен өз ара аракеттенүүсү
25. Пробациянын аймактык органдарынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен пробация кардарларын социалдык коштоо жана реабилитациялоо боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырууда өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартибинде каралган ырааттуу этаптардан турат.
26. Соттолгондорду социалдык коштоону жана реабилитациялоону ишке ашырууда аймактык пробация органдарынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү жазуу жүзүндөгү суроо-талаптардын негизинде маалымат алмашуу түрүндө жүзөгө ашырылат.
27. Пробациянын аймактык органынан маалымат берүү жөнүндө суроо-талапты алган мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы эки жумалык мөөнөттүн ичинде жооп берүүгө тийиш.
28. Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө суроо-талапка жооп берүү мүмкүн болбогон учурда мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоопту белгиленген мөөнөттө берүү мүмкүн эместигин толук түшүндүрүү менен пробациянын аймактык органына орто аралык жоопту жөнөтүүгө тийиш. Мында суроо-талапты аткаруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок эки жумадан ашык узартылбайт.
29. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пробация кардарларына алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча оозеки, жазуу жүзүндө, ошондой эле башка жеткиликтүү коммуникациялык байланыштар аркылуу консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
30. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар/шаарлардын мэриялары/айыл өкмөтү:
1) жыл сайын Жобонун 3-пунктунда аталган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорунда пробация кардарларын социалдык коштоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча иш-чараларды караштырат;
2) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программасынын алкагында пробация кардарларын социалдык коштоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча иш-чаралардын ишке ашырылышын контролдойт;
3) пробация кардарларын социалдык коштоо жана реабилитациялоо маселелерин консультациялык-кеңешүүчү органдардын (социалдык маселелер боюнча коллегиялардын, комитеттердин) кароосуна киргизет.
31. Саламаттык сактоо кызматтары:
1) пробациянын аймактык органынын жолдомосу боюнча ким экендигин ырастоочу документин же бошотулгандыгы жөнүндө маалымкатты көрсөткөндө медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн пробация кардарын туруктуу же убактылуу жашаган жери боюнча эсепке алууга коет;
2) Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык төмөнкү медициналык кызматтарды көрсөтөт:
- амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык текшерүүлөрдү жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү;
- өмүргө коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин стационарларда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө пландуу көрсөткүчтөр, ошондой эле өмүргө коркунуч туудурган абалдан чыгарылгандан кийинки шашылыш көрсөткүчтөр боюнча стационарларда дарылоо;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн көлөмдө реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү;
- ювеналдык пробация кардарларына профилактикалык жана дарылоо-диагностикалык жардам көрсөтүү;
3) пробация органынын суроо-талабы боюнча пробация кардарларынын өнөкөт ооруларды (кант оорусу, онкологиялык оорулар, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, ВИЧ-инфекция, кургак учук, вирустук гепатиттер ж.б.) дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо боюнча көмөк көрсөтүү максатында соттолгондордун ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат берет.
Мында ВИЧ оң статусу бар пробация кардарларынын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана берилиши мүмкүн, ал суроо-талапка милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.
Ошондой эле саламаттык сактоо кызматтары пробация органдарынын жолдомосу боюнча пробация кардарына карата соттун чыгарган өкүмүнө ылайык алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан же башка адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурган оорудан дарылануу курсунан өтүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
32. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү органдар:
1) төмөнкүдөй тармактагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат:
- социалдык өнүктүрүү жана гендердик теңчилик;
- пробация кардарларын социалдык жактан коргоо;
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына кирген пробация кардарларын (турмуштук оор кырдаалда турган балдар, майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар) колдоо;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо, анын ичинде калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгекти коргоо маселелери;
2) иш орду жок пробация кардарларын кесиптик окутууну жана кайра окутууну уюштурат;
3) пробация кардарларын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартат;
4) мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулду дайындайт жана төлөйт;
5) пробациянын иш орду жок кардарларын ишке орноштурууга көмөктөшөт;
6) пробация кардарларын социалдык тейлөө мекемелеринде мамлекеттик стандарттарга ылайык социалдык тейлөөнү уюштурат;
7) майыптыгы бар адамдар болуп саналган пробация кардарларына санаториялык-курорттук дарыланууга жеңилдетилген жолдомолорду берет;
8) майыптыгы бар адамдар болуп саналган пробация кардарларын, анын ичинде балдарды күбөлөндүрүүнү жана медициналык-социалдык реабилитациялоону жүргүзөт;
9) майыптыгы бар адамдар болуп саналган пробация кардарларын реабилитациялоонун атайын техникалык каражаттары, анын ичинде жүрүүнүн атайын каражаттары менен камсыз кылат;
10) ювеналдык пробация кардарларын коргоо, анын ичинде камкорчулук жана көзөмөлчүлүк, алардын социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу жаатындагы чараларды көрөт;
11) пробация кардарларын, турмуштук оор кырдаалда турган алардын үй-бүлөлөрүн жана балдарын жергиликтүү деңгээлде аныктоону, муктаждыгын баалоону, социалдык коштоону уюштуруучу, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына мамлекет тарабынан кепилдик берилген социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык кызматтардын тармагын түзөт;
12) жашай турган жери жок пробация кардарларын реабилитациялык борборлорго жайгаштырат;
13) өз ыйгарым укуктарынын чегинде турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону жүзөгө ашыруучу органдардын жана адамдардын, ошондой эле көрсөтүлгөн чөйрөдө кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону, контролдоону жүзөгө ашырат;
14) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу башка органдарга маалыматтык-методикалык, консультациялык жардам жана көмөк көрсөтөт;
15) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүү жаатында иштеген субъекттерди аккредитациялоону жүргүзөт;
16) турмуштук оор кырдаалда турган балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат базасын жүргүзөт;
17) ата-энесинин камкордугунан ажырап калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат банкын жүргүзөт;
18) пробациянын аймактык органынан билдирүү алганда пробация кардарын багуудагы адамдарды багуу милдетин жүзөгө ашыруу боюнча текшерүүгө көмөк көрсөтөт;
19) пробациянын аймактык органынын кызматкерлери менен биргеликте турак жай-тиричилик шарттарынын тиешелүү актын түзүү менен балдардын (ювеналдык пробация кардары) турак жай-тиричилик шарттарына квартал сайын текшерүү жүргүзөт.
33. Пробация органынын суроо-талабы боюнча калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, архив иши чөйрөсүндөгү органдар архивдик фонддон документтердин көчүрмөлөрүн берет.
34. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү органдар:
1) пробация кардарларын китепканаларда тейлөөнү уюштуруу үчүн шарттарды түзөт;
2) пробация кардарларынын катышуусунда эл аралык жана республикалык иш-чараларды, фестивалдарды, акцияларды, көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
3) пробация органдарына жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
4) пробация кардарларын тартуу менен жаштар, дене тарбия, спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө байланышкан эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү иш-чараларды белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт.
35. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) пробация кардарларынын бош убактысын уюштуруу үчүн шарттарды түзөт;
2) пробация кардарлары менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштурат;
3) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылат;
4) пробация кардарлары аткарууга тийиш болгон коомдук жумуштардын түрүн жана тизмегин аныктап, андан ары алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
5) пробация кеңештеринин пробация кардарларына карата кабыл алган чечимдерин аткарат.
36. Саналып өткөн ыйгарым укуктар толук болуп саналбайт жана жергиликтүү коомдоштуктар жана алардын органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруусунда аларды чектебейт.
37. Балдар жана жаштар менен ар кандай иш-чараларды уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иш жүргүзүүгө укуктуу.
38. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, алардын аймактык бөлүмдөрү, ведомстволук мекемелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө", 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө", 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" жана 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө" токтомдоруна ылайык пробация кардарларына мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.