Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген |
Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик
же ижара укугун берүүнүн
тартиби жана шарттары жөнүндө
ТИПТҮҮ ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 491, 2018-жылдын 29-январындагы № 59, 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 223, 2023-жылдын 24-июлундагы № 374, 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684, 2025-жылдын 27-январындагы № 40, 2025-жылдын 15-июлундагы № 415, 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган жер участокторуна (мындан ары-жер участкалары) менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул Типтүү жобонун 11-пунктунда каралган учурларда жер участокторун ижарага акы төлөө менен берүү тике сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
Жер участокко менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
3. Жер участоктор ижарага 50 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Жер участокторду ижарага берүү мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
4. Бул Типтүү жобонун талаптары бардык учурларда аткарылууга тийиш болгон жер участокторду түзүү процедурасынан башка учурларда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 30-беренесинде каралган учурларга карата колдонулбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Типтүү жободо колдонулган түшүнүктөр
5. Бул Типтүү жободо колдонулган түшүнүктөр:
жерлерди ижаралоо - менчик ээсинин/жер пайдалануучунун (ижарага берүүчүнүн) жер участогун ижарачыга тийиштүү акысына белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши;
аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;
гарантиялык взнос - жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акчанын суммасы;
шаар куруу регламенти - шаардык жана айылдык калктуу конуштарда конуш куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринде, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жана жер участокторду, кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;
шаар куруу документтери - калктуу конуштарды пландоонун структурасынын райондук пландарынын документтери, башкы пландары, чектерге бөлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка элементтерди куруу куруунун долбоорлору;
сары линиялар - кыйраткыч жер титирөөлөрдүн, табигый же техногендик башка кырсыктардын натыйжасында имараттардын (түзүлүштөрдүн, курулуштардын) урандыларынын мүмкүн болгон түшүүсүнүн максимум жол берилүүчү зоналарынын чектери. Сары линиялар, эреже катары, имаратгар менен курулуштардын ортосундагы аралыктарды жөнгө салуу үчүн колдонулат;
кадастрдык баалоо - кадастрдык наркты аныктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген жер участогунун наркы;
конкурс - сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу талуу менен тооруктун предметин сатуу;
кызыл линиялар - бул көчөлөрдү жана жолдорду пландык структуранын башка элементтеринен бөлүп туруучу, көчөлөрдүн жана жолдордун эсин аныктоочу жана чек ара болуучу линиялар;
лот - алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу;
карасанатай атаандаштык - субъекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгер мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:
- тооруктун катышуучуларынын өз ара жашырын макулдашуусуна;
- коррупцияга;
- тоорукта бааны жасалма кымбаттатууга, арзандатууга же кармап турууга;
- потенциалдуу катышуучулардын тоорукка катышуусун чектөөгө же катыштырбай коюуга жана башка карасанатай аракеттерге;
кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте алган жана баа берилчү объектке карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;
курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун эрежелери - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана өзгөртүп курууну шаар куруу регламенттерин киргизүү жолу менен жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылары;
түз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;
жер участогуна менчик укугу - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын өзүнө таандык жер участогуна Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен өз каалоосу боюнча ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана башка мыйзамдык актылары менен таанылуучу жана корголуучу укугу;
жер участогун уруксат менен пайдалануу - кыймылсыз мүлк объектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө жана сервитуттарга ылайык пайдалануу;
жер участогунун старттык баасы - тоорукта же түз сатуу үчүн коюлган жер участогунун баштапкы баасы;
тоорук - муниципалдык менчикте турган жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;
жерлердин максаттуу пайдаланылышы - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;
ыйгарым укуктуу орган - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укук берилген бөлүгү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары,
катышуучулары жана предмети
6. Жер участогуна укукту берүү боюнча тоорукту ыйгарым укуктуу орган уюштурат.
7. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул Типтүү жобого ылайык жерге укукту берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын, шаар куруу жана архитектура, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы бекитет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 59, 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 40 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жер участокко менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;
- жер участокко укуктун (менчик, ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;
- сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн лоттун же жер участоктун старттык баасын белгилейт;
- тооруктун жыйынтыгын аныктайт;
- жер участокко укук берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Типтүү жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү, ал эми ушул Типтүү жободо каралган учурларда болсо - тооруктун жеңүүчүсү да кол коюшат. Комиссиянын чечими сунуштоочу мүнөзгө ээ.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Тооруктардын жана түз сатуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдар жана юридикалык жактар болушат.
10. Тооруктун предмети болуп жер участокту сатуу-сатып алуу же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет, ал эми түз сатуунун предмети болуп жер участокту мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет.
4. Жер участокторуна укуктарды берүүнүн
өзгөчө шарттары
11. Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде:
а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электри бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо;
б) жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;
в) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал объекттерге кирүүчү топту куруу, абаттоо же объекттин аянтын кеңейтүү максатында кошуп куруу үчүн ал жер участок козголбос мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болсо жана андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта;
г) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашса жана аларды тейлөө үчүн транспортту коюучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болсо;
д) жер участогу социалдык маанилүү объекттерди (мектеп, мектепке чейинки, спорт багытындагы жана саламаттык сактоо имараттарын жана жайларын) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;
е) жер участогу курулган имараттарды, курулмаларды муниципалдык менчикке кайтарымсыз өткөрүп берүүнүн жана берилген жер участогун кайтарып берүүнүн милдеттүү шартында социалдык (сейил бактар, автомобиль транспортунун инфраструктурасы) жана өнөр жай багытындагы объекттерди куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;
ж) жер участогу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестицияларды салууну караган инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык инвесторго мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 223, 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда аларды ыйгарым укуктуу орган беш жылга чейинки кыска мөөнөттүү ижарага бериши мүмкүн. Мындай жерлерде жеңилдетилген типтеги имараттарды жана курулмаларды курууга уруксат берилиши мүмкүн.
5. Жер участокторду түзүүнүн жана ага укукту тоорукта же түз
сатуу жолу менен берүүнүн тартиби
13. Менчик же ижара укугу түзүлгөн жер участокторго берилет. Жер участок төмөнкүдөй учурларда түзүлдү деп эсептелет, эгерде:
- жер участок үчүнчү жактардын укуктарынан бош (сервитут жолу менен бекитилген укуктардан башка);
- жер участоктун чек аралары аныкталган;
- жер участокту уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар;
- ал жер участок боюнча инженерлик коммуникациялар бар же жок экени жөнүндө, уруксат берилген максимум кубаттуулугу, инженерлик коммуникацияларга кошуунун убактысы жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо, ошондой эле инженердик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженерлик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы жөнүндө, пландалып жаткан инженерлик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу жөнүндө, аларга кошуунун мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо;
- ал жер участокто турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу макулдашылса (эгер алар бар болсо).
14. Менчик же ижара укугун берүү үчүн жер участокторун түзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз демилгеси боюнча же жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде ишке ашырылат.
15. Тоорукта жер участокко укукту алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда булар көрсөтүлөт:
- арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
- жер участокко суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
- инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана турган жери; конкреттүү жер участок жөнүндө маалымат жок болсо арыз ээси алгылыктуу жерди көрсөтөт, ошого жараша жер участок тандалат жана түзүлөт.
16. Жер участокко укукту түз сатуу жолу менен алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда булар көрсөтүлөт:
- арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
- жер участокко суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
- участоктун аянты жана турган жери;
- козголбос мүлк объекти жөнүндө маалыматтар (эгер бар болсо);
- ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "в", "г" жана "ж" пунктчаларында каралган учурларда инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет: ушул Жобонун 11-пунктунун "б" жана "ж" пунктчаларында каралгандан башка учурларда жер участогуна жана кыймылсыз мүлк бирдигине (имаратка жана курулмага) укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынганы жөнүндө ырастама берет.
18. Ыйгарым укуктуу орган өз демилгеси боюнча жер арыз түшкөндөн кийин 3 күндүк мөөнөттүн ичинде аймактык архитектура жана курулуш органына жер участогун түзүү боюнча тийиштүү тапшырма жиберет.
Ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы жана аянттын болжолдуу аянты менен жайгашкан жерин көрсөтүү каралат.
19. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "а" пунктчасында каралган учурларда, ошондой эле эгер укук берилип жаткан жер участок мурда түзүлгөн болсо жер участокту кайрадан түзүү талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш күндөн ичинде аныктайт.
Билдирилген ниеттер ылайык эместиги аныкталса архитектуранын аймактык органы кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайык эместиги жөнүндө корутундуну жиберет.
21. Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы аныкталганда архитектуранын аймактык органы 7 иш күндүн ичинде жер участоктун 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет:
- жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
- жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
22. Жер участокторун түзүү боюнча иштин стадиясында архитектуранын жана курулуштун аймактык органы инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун баштапкы техникалык шарттарын аныктоо үчүн инженердик-техникалык кызматтар менен, ошондой эле тийиштүү корутундуларды жана башка зарыл документтерди алуу максатында ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара байланышта иштешүүнү камсыздайт.
Архитектуранын аймактык органы жер участоктун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен ушул Типтүү жобонун 21-пунктуна ылайык жер участоктун схемасынын копиясы менен кошо буларга суроо жиберет:
- жергиликтүү каттоо органына, жер участоктун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар-жер участоктордун менчик ээлери менен схеманы макулдашуу үчүн;
- электр, суу жана канализация, жылуулук жана газ менен камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга, баштапкы техникалык шарттарды алуу үчүн;
- экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына, тийиштүү корутунду алуу үчүн;
- эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди коруу зонасында болсо);
- өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер участокто муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо);
- жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер участогунун чектеринде пайдалуу кендердин болушу же жок экендиги жөнүндө маалымат алуу үчүн.
- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга потенциалдуу кооптуу участоктордун бар же жок экендиги тууралуу жана берилген жазма буйруктар, корутундулар жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн.
Эгер жер участокко укуктар жогоруда аталган органдар менен макулдашылган шаар куруу документтеринин негизинде өткөрүлүп жатса, анда өзүнчө жер участокту ушул пунктка ылайык түзүүдө бул аталган ыйгарым укуктуу органдар менен кайрадан макулдашуу талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684, 2025-жылдын 27-январындагы № 40 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар баштапкы техникалык шарттарды, ал эми ыйгарым укуктуу органдар - тийиштүү корутундуну архитектура органына 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Баштапкы техникалык шартта инженердик коммуникациялар бар же жок экени, максимум жол берилген кубаттуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуу мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, ал эми инженерлик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженерлик-коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы, пландалган инженерлик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошуунун мөөнөтү жана кубаттуулугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында курулуш куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат, жана мыйзамда каралган учурларда - тийиштүү мыйзамдарды аткаруу боюнча чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.
Инженерлик тармактарга кошууга мүмкүндүк жоктугу тооруктун катышуучусу же жер участокту түз сатып алуу жолу менен алып жаткан жак бул жөнүндө маалымдалган шартта жер участокко укукту берүүгө тоскоол болбойт.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе архитектуранын аймактык органы жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жактырылган деп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтому менен Типтүү жобого киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстте 23-пунктта нумерациясыз берилген
Эгер жер участок менчикке берилип жатса, анда жер участокко менчик укугу менен кошо ал жер участокто жайгашкан башка козголбос мүлк объекттерине, анын ичинде бак-дарактарга да менчик укугу менчик ээсине өтөт.
Эгер бак-дарактарды кыюуга же которууга, же жеке менчикке берүүгө мыйзам жол бербесе, анда бак-дарактарды багуу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган ал жөнүндө негизделген корутунду түзөт жана өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттарын аныктайт.
Эгер бак-дарактарды кыюуга же которууга, же жеке менчикке берүүгө мыйзам тыюу салбаса, бак-дарактарды багуу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган андай өсүмдүктөрдүн баасын компенсациялоонун суммасын көрсөтүү менен тийиштүү корутунду түзөт. Мындай учурда бак-дарактарды кыюуга же көчүрүүгө уруксат документтерди кайрадан макулдашуу же алуу талап кылынбайт.
Эскертүү: Ушул Типтүү жобонун мамлекеттик тилдеги кагаз түрүндөгү вариантынын 23-24 пунктарындагы номерлери көрсөтүлгөн эмес
25. Архитектуранын жапа курулуштун аймактык органы алынган материалдардын негизинде 7 иш күндүн ичинде белгиленген формада Жер участоктун планын тиркемеге ылайык 2 нускада түзөт.
Жер участоктун планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) жер участоктун топографиялык негизде 1:500 масштабда аткарылган схемасы түрүндөгү графикалык материал, ага булар тартылат:
- жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
- жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары;
- инженердик-техникалык тармак өтүүчү долбоорлук трассалар жана ага кошулуучу чекиттер, ошондой эле инженерлик коммуникациялардын куруу зонасына туш келүүчү трассалары;
- курулуш курулчу линиялар, кызыл, сары линиялар;
- сууну коргоо зоналарынын, санитардык-коргоочу зоналардын жана санитардык коруу зоналарынын чектери;
- участокко баруучу жолдун уюштурулушу;
- транспорт коюучу орундун мүмкүн болгон жайгаштырылышы, санын көрсөтүү менен (эгер зарыл болсо).
б) Текст материал, анда төмөнкүлөр каралат: жер участоктун параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинде жер титирөө жагдайындагы шарттары, опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын бар же жок экендиги, суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттин шаар куруу документтерине жана Курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жер участокторду уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери.
Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү караштырат:
- уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;
- курулуштардын жер участоктордун чегинен минимум аралыктары;
- курулуштардын жол берилген (максимум жана/же минимум) кабаттуулугу;
- участокко курулуштарды куруунун максимум мүмкүн болгон аянты жана проценти.
Участок тийиштүү чектөөлөр бар зонада жайгашкан болсо Жер участоктун планында кошумча шаар куруу регламенттери бар экени көрсөтүлөт:
- курулуштарды куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, сууну коргоочу жана экологиялык шарттары боюнча;
- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
Участоктун жайгашкан жерине жана объекттин функциялык арналышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
- абаттоо жана фасаддар боюнча талаптар;
- транспорт коюучу, а.и. курулуш убагындагы убактылуу орунга талаптар, орундун санын менен (эгер зарыл болсо) жана участокко баруучу жолдорду көрсөтүү менен;
- инженердик-техникалык коммуникацияларды курулуш курулуучу аянттан сыртка алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандан башкаларын);
в) объектти инженердик тармактарга кошуунун инженердик-техникалык кызматтар берген баштапкы техникалык шарттары;
г) ушул Типтүү жобонун 21-пунктунда каралган тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.
Жер участоктун планына архитектуранын жана курулуштун аймактык органынын жетекчиси кол коет.
Жер участоктун планын даярдоодо ал жердин чек араларын белгилөө камсыздалат, ал жөнүндө Планга тийиштүү жазуу жазылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Жер участоктун планын даярдоонун жалпы мөөнөтү тапшырма берилген күндөн баштап 25 иш күн.
27. ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "в", "г" жана "ж" пунктчаларында каралган учурларда жер участокту түзүү жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган арыз алынган күндөн баштап 3 иш күндүн ичинде архитектуранын жана курулуштун аймактык органына арыздын копиясын тиркөө менен тапшырма жиберет.
Ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасын, участоктун болжолдуу аянтын жана дарегин көрсөтүү караштырылат. Жер участоктун аянтын ыйгарым укуктуу орган түшкөн арызга жараша жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт.
Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы суралып жаткан жер участок боюнча курулуштук ниеттердин курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш күндүн ичинде аныктайт.
Билдирилген ниеттердин ылайык эместиги аныкталса, архитектуранын аймактык органы кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттердин ылайык эместиги жөнүндө корутундуну жиберет.
Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттердин ылайыктыгы аныкталса архитектуранын жана курулуштун аймактык органы 7 иш күндүн ичинде жер участоктун 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет:
- жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштырылат;
- жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
Архитектуранын аймактык органы жер участоктун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жер участоктун схемасынын копиясын ага тиркелген арыздын копиясы менен кошо төмөнкүлөргө жиберет:
- жергиликтүү каттоо органына, жер участоктун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар-жер участоктордун бардык менчик ээлери менен схеманы макулдашуу үчүн;
- эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди коруу зонасында болсо);
- бак-дарактарды өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер участокто муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Жергиликтүү каттоо органы жана ушул Типтүү жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар 5 жумуш күндүн ичинде архитектуранын жана курулуштун аймактык органына ушул Типтүү жобонун 23 жана 24-пункттарында каралган маалыматтарды көрсөтүү менен тиешелүү корутунду жиберүүгө милдеттүү.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе архитектуранын аймактык органы жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органда жактырылды деп эсептелет.
Зарыл болсо архитектуранын жана курулуштун аймактык органы жергиликтүү каттоо органынан келген материалдардын негизинде Жер участоктун планын 1 иш күндүн ичинде тактайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Жер участоктун планы курулуш объекттерин долбоорлоого баштапкы материал болот жана курулуш объектин инженердик тармактарга кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды алууда инженердик-техникалык коммуникациялар өтүүчү трассалардын долбоорун жана аларга кошуу чекиттерин чийүү үчүн графикалык негиз болот. Курулушка уруксат документтерди тариздөөдө архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
30. Архитектуранын аймактык органы ушул Типтүү жобонун 25 жана 28-пункттарында каралган мөөнөт бүткөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен Жер участоктун планын ага тиркелген бардык материалдар менен кошо ыйгарым укуктуу органга берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Жер участокту түзүүгө байланыштуу чыгымдарды ыйгарым укуктуу орган жер участокторго менчик жана ижара укугун сатуудан түшкөндөн топтолуучу каражаттардын эсебинен төлөйт. Түзүлгөн ар бир жер участок боюнча жер участокту түзүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы түзүлүп, ал ыйгарым укуктуу органга берилет. Ыйгарым укуктуу органдын жер участокту түзүүгө байланышкан чыгымдары жер участоктун баасына киргизилет.
32. Төмөнкүдөй учурларда жер участокко укукту берүүгө болбойт, эгерде:
- жер участок ушул Типтүү жобого ылайык түзүлбөсө;
- архитектуранын аймактык органынын суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги жөнүндө корутундусу болсо, же жергиликтүү каттоо органы жер участокту берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыгарса.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Коомдук угууларды өткөрүүнүн жана тоорукту жана түз сатууну
уюштуруунун тартиби
33. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "ж" пунктчасында каралгандан башка учурларда ыйгарым укуктуу орган жер участогунун планын ага тиркелген бардык материалдары менен кошо 3 жумуш күндүн ичинде карайт.
Аталган документтерди кароонун жыйынтыгында ыйгарым укуктуу орган:
- коомдук угууларды өткөрөт (ушул Типтүү жобонун 34-пунктунда каралган учурларда);
-(абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 415 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- же аталган документтерди толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо аларды архитектуранын жана курулуштун аймактык органына кемчиликтерин көрсөтүү менен кайра жиберет.
Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы ал документтерди 5 иш күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684, 2025-жылдын 15-июлундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
34. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "а", "б" жана "ж" пунктчаларында каралгандан башка учурларда тарыхый жана маданий мурас зоналарында жайгашкан жер участогуна укук берилген учурда ыйгарым укуктуу орган Жер участогунун планын алган күндөн тартып бир айдын ичинде ушул Типтүү жобонун 30-пунктуна ылайык коомдук угууларды өткөрөт.
Ыйгарым укуктуу орган кызыкдар жактарга угуулар болгону жактаны жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоордон 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт.
Билдирүүдө угуу өткөрүлчү күн, убактысы жана орду; укукка берилип жаткан жер участок жөнүндө маалыматтар (турган жери, аянты, уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү), тийиштүү информация менен алгачкы тааныштыруучу күн, убактысы жана орду жөнүндө маалыматтар, ыйгарым укуктуу органдын байланышуучу маалыматтары болууга тийиш.
Коомдук угууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектура жана курулуш органдарынын, жергиликтүү каттоочу органдын жана башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн коомдук угууга катышуу үчүн чакырууга укуктуу.
Коомдук угуу процессинде ыйгарым укуктуу орган протокол түзөт, анда түшкөн бардык сунуштар, сын-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары жазылат.
Коомдук угуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол Жер участоктун планы жана ага тиркелген материалдар менен комиссияга жиберилет. Протоколдун копиясы ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратында жалпыга көрүнөө жердеги атайын стендге илинет жана анын расмий сайтына жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Коомдук угуунун жыйынтыгында Жер участоктун планын толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо ыйгарым укуктуу орган аны аймактык архитектура жана курулуш органына кайра жиберүүгө укуктуу, ал жиберилген документтерди ушул Типтүү жобонун 33-пунктунда белгиленген мөөнөттө иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Жер участокко укук коомдук угуу өткөрүү менен кабыл алынган шаар куруу документтеринин негизинде берилип жатса, ал жер участокту берүү максатында кайталап коомдук угуу өткөрүү талап кылынбайт.
37. Түзүлгөн жер участогунун старттык баасы үчүн кадастрдык наркты аныктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган кадастрдык баалоо тартибине ылайык кадастрдык нарк колдонулат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, жер участогунун наркын баалоо кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталат. Көз карандысыз баалоо жүргүзүү жер участогунун планын алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Көз карандысыз баалоо келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Жер участогунда муниципалдык менчикте турган курулуштар жана курулмалар, ошондой эле бүтпөгөн курулуштар болсо, участоктун наркына бул объекттердин наркы да кошулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 415 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Ыйгарым укуктуу орган 3 иш күндүн ичинде Жер участоктун планын тиркелген бардык материалдары менен кошо комиссиянын кароосуна берет.
39. Комиссия Жер участоктун планын жана ага тиркелген бардык материалдарды алгандан кийин 3 иш күндүн ичинде карайт.
Комиссия жер участокту тоорукка когоу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алса комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: жер участокко берилип жаткан укуктун түрү (менчик, ижара), жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы (аукцион, конкурс, түз сатуу), жер участоктун старттык баасы. Гарантиялык акынын өлчөмү, тоорукка катышуучулар аны төгүүчү мөөнөт жана тартиби, аукциондук кадам (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттары (конкурс өткөрүлсө).
Тооруктарды же түз сатууларды өткөрүүдө тооруктардын ар бир предмети боюнча старттык баа катары кадастрдык наркты аныктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген кадастрдык нарк колдонулат.
Тоорукта жер участогуна ижара укугу берилген учурда комиссия аныктаган ижара акысынын өлчөмү старттык нарк болуп саналат.
Комиссиянын жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет. Комиссиянын протоколунун негизинде ыйгарым укуктуу орган 3 күндүн ичинде жер участогун тоорукка коюу же жер участогун түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссия жер участогун тоорукка коюудан же жер участогун түз сатуу жолу менен берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, комиссия баш тартууну негиздөө менен протоколду тариздейт. Комиссиянын протоколунун негизинде ыйгарым укуктуу орган 3 күндүн ичинде жер участогун тоорукка коюудан же жер участогун түз сатуу жолу менен берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Муниципалдык менчикте турган жерлерди пайдалануу үчүн ижара акысынын чектүү өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 374, 2025-жылдын 15-июлундагы № 415, 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
40. Ушул Типтүү жобонун 14, 15-пункттарында каралган учурларда ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Ыйгарым укуктуу орган ар бир жер участогу боюнча информациялык пакет түзөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- Жер участоктун планынын копиясы, ага тиркелген материалдары менен кошо;
- жер участоктун старттык баасы;
- конкурстун шарттары (эгер конкурс өткөрүлсө);
- гарантиялык акынын (барымтанын) өлчөмү. Тоорукка катышуучулар аны төгүүсүнүн мөөнөтү жана тартиби;
- жер участокту сатуу-сатып алуу же ижарага алуу келишиминин долбоору;
- тооруктун жеңүүчүсү же түз сатуу жолу менен берилчү жер участокту сатып алуучу менен келишим түзүүнүн мөөнөтү.
Ыйгарым укуктуу орган тоорукка катышууну каалагандарга инфомациялык пакетти берүүгө милдеттүү.
Информациялык пакет акы төлөө менен берилген учурда анын баасы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
42. Ыйгарым укуктуу орган тоорук өткөрүлөөрдөн отуз күндөн кем эмес мурдатан жалпыга маалымдоо каражаттарына жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү жарыялоого милдеттүү.
Билдирүүдө тооруктун убактысы, орду жана формасы, предмети, тооруктун предметинин старттык баасы, анын ичинде тоорукка катышууга арыздарды кабыл алуу бүтүүчү мөөнөт, гарантиялык акы (барымта) төгүлүүчү банктын реквизиттери, толук маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.
7. Тооруктарды жана туз сатууларды
өткөрүүнүн тартиби
43. Жер участокторго менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт:
44. Тоорукка коюлчу бардык объекттер лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш.
45. Тоорукта объекттер "бир номер - бир лот" деген схема боюнча берилет.
46. Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тооруктун уюштуруучусуна буларды берет:
- тоорукка катышуу жөнүндө ниетин билдирген арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен;
- талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документ;
- талапкер болгон юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу документ;
- адам талапкер болуп жаткан юридикалык жактын жетекчиси экенин ырастаган документ, же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдирүүчү ишеним кат;
- гарантиялык акы (барымта) төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтер.
Жер участокко менчик укугун берүү боюнча тоорукка катышуу ниетин билдирген юридикалык жак ал юридикалык жак чет өлкөлүк эмес экенин ырастаган документти кошумча тапшырат (уставдын же уюштуруу келишиминин копиясы, акционерлердин реестринен көчүрмө ж.у.с).
47. Талапкерлер гарантиялык акыны (барымтаны) ыйгарым укуктуу органдын учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же кассасына накта акча төгүү жолу менен төлөшөт. Гарантиялык акынын өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган берилүүчү жер участоктун старттык баасынын 10 процентинен ашык эмес белгилейт.
48. Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык акынын (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.
49. Эгер талапкер тоорукка бир нече объект боюнча катышса, гарантиялык акы ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт.
Гарантиялык акы (барымта) төмөнкүдөй учурларда 5 иш күндүн ичинде кайра берилүүгө тийиш:
- тоорукта утпаган катышуучуга;
- эгер тоорук болбой калса;
- тоорукка катышуудан тоорук өткөрүлөөрдөн 3 күн мурда баш тартылса.
50. Ыйгарым укуктуу орган катышуучулардын арыздарын кабыл алат жана каттайт. Талапкерлер арыз кабыл алынып жана номер ыйгарылганы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүнү алган учурдан баштап тооруктун катышуучусунун статусун алышат.
51. Төмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин документтерин алуудан баш тартылышы мүмкүн:
- арыз тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө белгиленген аны кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;
- арызды арыз ээсинин атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок адам тапшырса;
- ушул Типтүү жобонун 49-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаса, же тапшырылган документтер тийиштүү түрдө таризделбесе.
Документтерди кабыл алуудан баш тартуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, арыз берилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен ишке ашырылат. Ыйгарым укуктуу орган кабыл албаган арыз жана ага тиркелген документтер арыз ээсине аларды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маалымат менен кошо кайра берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Тооруктун катышуучулары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга;
- тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты информациялык пакетти алуу жолу менен алууга;
- тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса гарантиялык акы кайра берилбейт;
- тооруктун предметин кароого;
- комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана алардын копияларын алууга;
- тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.
53. Бир гана катышуучу катышкан тооруктар болбой калды деп эсептелет жана ыйгарым укуктуу орган же ал лот боюнча тоорук өткөрүлгөнү жөнүндө билдирүү жарыялайт же ал лотту тоорукка койбоо жөнүндө чечим чыгарат.
54. Тоорукка тооруктун катышуучусу эмес адамдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышууга укуктуу.
55. Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо - аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Комиссиянын протоколунун негизинде ыйгарым укуктуу орган 3 күндүн ичинде тоорук өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 374 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлуп жаткан лотту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
57. Тооруктун катышуучусу тараптан болгон карасанатай атаандаштык аныкталган учурда ал ошол лот боюнча тоорукка андан ары катышуу укугунан ажыратылат, мында ага гарантиялык акы (барымта) кайра берилбейт.
58. Аукцион өткөрүүнүн тартиби:
Ыйгарым укуктуу орган аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга номер ыйгарылган табличкаларды берет.
Аукционду комиссия дайындоочу аукциончу өткөрөт. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукциончу лоттун номерин, тооруктун предметинин старттык баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учур эсептелет.
Лотту старттык баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу аукциончуга каратылган номерлүү табличкасын көтөрүп, лотту айтылган баасы боюнча алууга макулдугун билдирет.
Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу кабыл алынганы аукционисттин катышуучунун номерин жана ал сунуш кылган бааны жарыялашы менен билдирилет.
Ар бир жаңы сунуш мурункусунан бир кадамдан кем эмес ашууга тийиш.
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
Эгер аукциондун жүрүшүндө старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу старттык бааны 20 проценттен ашык эмес арзандатууга укуктуу.
Эгерде аукциондун жүрүшүндө төмөндөтүлгөн старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса, аукциончу лотту аукциондон алып салат жана ошол лот боюнча тоорукту токтотот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Конкурс өткөрүүнүн тартиби:
Конкурска катышуучу билдирүүдө жана информациялык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлчү күнү, белгиленген убакыттан кечиктирбестен комиссиянын жыйынында чапталган конвертте тапшырат.
Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.
Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзүнчө ачылат.
Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер участоктун баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат.
Конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон өзгөчө учурларда комиссия конкурсту өткөрүү мөөнөтүн үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартса болот, ал жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылып, комиссиянын мүчөлөрү жана комиссиянын жыйынына катышып отурган конкурстун катышуучулары кол коюшат.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуучуларына сунушталып жаткан жер участоктун баасын же ижара акынын өлчөмүн эч кандай өзгөртүүгө же алар менен комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт.
Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат.
Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында комиссия баарынан артык сунушту берген конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
60. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "ж" пунктчасында каралгандан башка учурларда жер участогуна укукту түз сатуу жолу менен берүү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
Түз сатууну комиссия жер участокту түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алынган убактан тартып 15 иш күндүн ичинде ушул Типтүү жобонун 30-пунктуна ылайык өткөрөт.
Ыйгарым укуктуу орган комиссия жер участокту түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштап 3 иш күндүн ичинде ушул Типтүү жобонун 39-пунктуна ылайык арыз ээсине түз сатуу өткөрүлчү күн жана орду жөнүндө кабарлоого жана ага информациялык пакетти жиберүүгө милдеттүү.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 415 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө комиссия жер участогунун старттык наркын кадастрдык нарктын 20 пайызынын чегинде жогорулатууга же төмөндөтүүгө укуктуу.
Арыз ээси жер участокту алуудан сүйлөшүүнүн кайсы стадиясында болсо да баш тартууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684, 2025-жылдын 15-июлундагы № 415 токтомдорунун редакциясына ылайык)
601. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "д", "е" пунктчаларында каралган учурларда жер участокторун берүүдө жер участогун пайдалануу жана объекттердин курулушун аяктоо мөөнөттөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актысында курулган имараттарды, курулмаларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн жана берилген жер участогун кайтарып берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, жер участогун ижаралоо келишимин түзүүнүн тартиби жана анын олуттуу шарттары да каралууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 223, 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
602. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "д", "е" пунктчаларында каралган учурларда жер участокторун берүүдө максаттуу багытын өзгөртүүгө жана жер участогун пайдалануу укугун үчүнчү жактарга берүүгө жол берилбейт.
Куруунун мөөнөттөрү бузулган жана жер участогу максатсыз пайдаланылган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 223, 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
603. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "ж" пунктчасында каралган учурда жер участокторун берүүдө жер участогун берүү тартиби, шарттары, баасы, мөөнөтү, ошондой эле берилүүчү жер участогундагы имараттарды, курулмаларды андан ары пайдалануу инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аныкталат.
Жер участогу максатсыз пайдаланылган же пайдалануу шарттары бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык чаралар көрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын
жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби
61. Тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, же конкурстун баарынан жакшы шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
62. Тоорук же түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго комиссиянын анын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана тооруктун жеңүүчүсү же жер участокту түз сатуу жолу менен сатып алган сатып алуучу тоорук же түз сатуу өткөрүлгөн күнү кол коюшат.
63. Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар киргизилиши караштырылат:
- тооруктун предмети болгон лоттун номери жана жер участоктун маалыматтары (турган ордун, аянты);
- тооруктун жеңүүчүсүнүн же жер участокту түз сатып алгандын аты-жөнү же аталышы;
- тооруктун же түз сатуунун предметинин старттык жана акыркы баасы;
- тараптардын сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери;
- ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери;
- утулуунун себебин көрсөтүү менен жеңүүчү деп таанылбаган тооруктун катышуучусунун аты-жөнү же аталышы.
Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү тооруктун жеңүүчүсүнө жана түз сатуу жолу менен жер участогун сатып алуучуга берилет.
Тооруктун же түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун копиясы кол коюлган күндөн кийип 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратында көрүнөө жерге илинет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 374, 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
64. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат.
Тооруктун уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса гарантиялык акыны (барымтаны) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө, ошондой эле тоорукта уткан жакка тоорукка катышуудан болгон чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
Тооруктун жеңүүчүсү протоколго кол коюудан баш тарткан учурда комиссия лотту кайталап тоорукка коюу жөнүндө чечим кабыл алууга же кийинки эң жогорку бааны же эң жакшы шартты сунуштаган тооруктун катышуучусун тооруктун жеңүүчүсү деп таанууга укуктуу.
Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра тоорук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Тооруктун жана түз сатуулардын жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ыйгарым укуктуу орган ага кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде:
- тооруктун жеңүүчүсү же жер участогун түз сатуу жолу аркылуу сатып алуучу менен жер участогун сатып алуу-сатуу же ижаралоо келишимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- тооруктун жеңүүчүсү же жер участогун түз сатуу жолу аркылуу сатып алуучу менен жер участогун сатып алуу-сатуу же ижаралоо келишимин түзөт;
- жеңүүчү деп таанылбаган тооруктун катышуучусуна себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жер участогуна менчик же ижара укугун берүүдөн баш тартууну берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 374 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Жер участогу үчүн акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте накталай эмес эсептешүү (которуу) боюнча жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Келишим жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоого алынууга тийиш жана нотариуста милдеттүү күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Жер участокко менчик же ижара укугу козгобос мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
68. Жер участоктун схемасы укукту күбөлөндүрүүчү документтин графикалык бөлүгү катары пайдаланылат.
9. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
69. Жер участокторду тоорукта жана түз сатууларда менчикке же ижарага берүүдөн алынган каражаттар тийиштүү жергиликтүү бюджетке түшөт. Ал акчанын 10 проценти ушул Типтүү жобонун 71-пунктунда көрсөтүлгөн чыгымдарды жабууга жумшалат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Жер участокторду менчикке же ижарага берүүгө байланыштуу чыгымдар, анын ичинде архитектуранын жана курулуштун, мамлекеттик каттоо органынын, көз каранды эмес баалоочулардын кызматтарына акы төлөөгө байланышкан чыгымдарды ыйгарым укуктуу орган көтөрөт.
10. Корутунду жоболор
71. Ыйгарым укуктуу органдардын жер участокторду берүүгө тиешелүү чечимдери боюнча административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамда аныкталган тартипте даттанууга болот.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык)
| Муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого тиркеме |
ЖЕР УЧАСТОКТУН ПЛАНЫ
Жер участоктун параметрлери (мүнөздөмөсү):
Жер участоктун идентификациялык коду: __________________________________________________________
Объекттин (жер участогунун) жайгашкан орду: ___________________________________________________________
Жер участоктун чеги (Kyrg-06 координат системасындагы бурчтук чекиттердин координаты): _________________________________________________________
Жер участоктун аянты: _________________________________________________
Райондун сейсмикалуулугу: _____________________________________________
Кыртыш астындагы суулардын тереңдиги: ________________________________
Участок техногендик жана коркунучтуу жаратылыштык процесстерге кабылышы мүмкүн (мүмкүн эмес): _______________________________________________________
1. Графикалык бөлүк:
Жер участоктун чек аралары, инженердик тармактын трассалары, курулуш сызыгы, кызыл, сары, жашыл линиялар көрсөтүлүү менен М 1:500 топографиялык негизде чийилген схемасы.
|
2. Тексттик бөлүк:
| |
1. Тандалган жер участоктун билдирилген пайдалануу ниетине, шаар куруу документтерине жана Курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине (пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнө) ылайыктуулугу | |
- Башкы план | Шаар куруу документтеринин жана Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин бар экендиги (реквизиттери менен) жана аларга ылайыктыгы көрсөтүлөт |
- Деталдуу пландаштыруу долбоору |
|
- Шаар куруунун башка документтери |
|
- Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелери |
|
2. Жер участокту пайдалануу боюнча негизги шаар куруу регламенти жер участокту уруксат берилген пайдалануунун чектик параметрлери): | |
2.1. Жер участокту пайдаланууга уруксаттын түрлөрү |
|
2.2. Курулуштардын жер участоктун чегинен минималдуу алыстыгы |
|
2.3. Объекттин кабаттуулугунун чеги (максимум жана/же минимум кабаттуулук (бийиктик) |
|
2.4. Участокко курулуш куруунун максимум пайызы жана аянты |
|
3. Кошумча шаар куруу регламенттери, негизгилерге чектөөлөр жана талаптар: | |
3.1. Жер участогу тийиштүү чектөөлөрдүн зонасында жайгашкан учурда: |
|
- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча | Болгон шарттарды көргөзүү |
- санитардык-коргоо зонасынын жана санитардык-сактоо зонасынын шарттары боюнча |
|
- суу коргоо зонасынын шарттары боюнча |
|
- экологиялык шарттар боюнча |
|
3.2. Жайгашкан ордуна жана функциялык багытына жараша жер участокту пайдаланууга кошумча талаптар: |
|
Жакшыртуу боюнча талаптар |
|
Фасаддарга талаптар |
|
Машина токтотуучу жерлерди (машина токтотуучу орундардын саны) жана участокко баруучу жолдорду уюштурууга карата талаптар |
|
4. Негизги инженердик тармактарга кошуу шарттары | |
4.1. Инженердик тармактар |
|
Электр менен жабдуу | Кошуу чекити бар экени жана ага чейинки аралык көрсөтүлөт |
Суу менен жабдуу |
|
Канализация |
|
Жылуулук менен жабдуу Жана жылуу суу менен жабдуу |
|
Газ менен жабдуу |
|
Телефондоштуруу |
|
4.2. Пайдаланууга бөлүнгөн аймактар боюнча инженердик тармактардын трассасынын өтүшү боюнча талаптар |
|
4.3. Инженердик курулмаларды жайгаштыруу боюнча талаптар: - трансформатордук подстанция (ТП); - газды жөнгө салуучу шкафтык пункт (ГЖСШП); |
|
4.4. Иштеп жаткан инженердик тармактар бар экени жөнүндө маалымат жана зарыл учурда аларды көчүрүүгө талаптар |
|
3. Инженердик-техникалык кызматтар сунуш кылган инженердик-техникалык шарттар.
4. Жободо каралган учурларда экология, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлү, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, өсүмдүктөрдү багуу жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын корутундусу.
Начальник _____________________________________________________________________________ (аймактык архитектура жана курулуш органынын жетекчисинин кызмат орду, аты-жөнү)
| |
Дата: __________________ _______________________ (колу)
|
|