Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 22-сентябры № 203
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Акыйкатчыны жана анын орун басарларын шайлоо жана ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби
3-глава. Акыйкатчынын ыйгарым укуктары
4-глава. Акыйкатчынын, анын орун басарларынын жана Аппаратынын ишинин кепилдиктери
5-глава. Акыйкатчынын ишин уюштуруу
6-глава. Корутунду жоболор
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин уюштуруу тартибин, көз карандысыздыгынын кепилдиктерин, укуктук статусун жана ыйгарым укуктарын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин), анын орун басарларын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратын укуктук жана социалдык жактан коргоонун негизги чараларын аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишинин укуктук негизи
1. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (мындан ары – Акыйкатчы) Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контроль жүргүзөт жана кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы улуттук алдын алуучу механизмдин функцияларын аткарат.
2. Акыйкатчы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин жетекчиликке алат.
2-берене. Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына Акыйкатчынын парламенттик контроль жүргүзүүсүнүн максаты
Акыйкатчы тарабынан парламенттик контроль жүргүзүүнүн максаты:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жарыяланган адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;
2) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан сакталышы жана урматталышы;
3) кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу;
4) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуунун алдын алуу же аларды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү;
5) адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул жааттагы эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүгө көмөктөшүү;
6) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү;
7) адам жана жаран өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда басмырлоонун ар кандай формаларынын алдын алуу;
8) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кубаттоо жана илгерилетүү, калкты укуктук жактан агартууга көмөктөшүү жана жеке адам жөнүндө купуя маалыматты коргоо.
3-берене. Ушул конституциялык Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул конституциялык Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Акыйкатчынын адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду жүзөгө ашыруусу менен байланышкан мамилелер, ошондой эле анын мамлекеттик бийлик органдары (анын ичинде атайын статусу бар), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана алардын жетекчилери менен адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча өз ара аракеттенүүсү болуп саналат.
4-берене. Акыйкатчынын укуктук статусу
1. Акыйкатчы өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда көз карандысыз жана мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан контролго алынбайт.
2. Акыйкатчынын иши адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин аракеттеги укуктук каражаттарын жана механизмдерин толуктайт.
3. Акыйкатчы, анын орун басарлары жана Аппаратынын кызматкерлери өз ишин төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырышат:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарда каралган адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин үстөмдүгү;
2) адамдын укуктарын жана эркиндиктерин Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктары катары таануу;
3) моралдык жогорку сапат, адеп-ахлактык, чынчылдык жана калыстык;
4) айкындык жана ачыктык;
5) адилеттүүлүк;
6) көз карандысыздык жана алардын ишине кийлигишүүнүн жол берилбестиги;
7) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кубаттоо.
2-глава. Акыйкатчыны жана анын орун басарларын шайлоо жана
ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби
5-берене. Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын кызмат ордуна талапкерге карата талаптар
1. Башка мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген, 30дан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес, жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Акыйкатчы жана анын орун басары болуп шайлана алат.
2. Ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган учурларды кошпогондо, кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам, эгерде бул соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаса жана алып салынбаса, Акыйкатчы болуп шайлана албайт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмышты жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, ошондой эле көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган адам Акыйкатчы болуп шайлана албайт.
3. Акыйкатчы жана анын орун басарлары 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам Акыйкатчынын жана анын орун басарынын кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.
6-берене. Акыйкатчынын, анын орун басарларынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо жана аларды шайлоо тартиби
1. Акыйкатчынын кызмат ордун ээлөөгө талапкерлер Акыйкатчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 20 күндөн кечиктирилбестен жана анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда 15 күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары – Жогорку Кеңеш) парламенттик фракцияларынын, депутаттык топторунун жана депутаттарынын сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңешке киргизилет.
Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары, депутаттык топтору жана депутаттары Акыйкатчынын кызмат ордуна үчтөн ашык эмес талапкерди сунуштайт.
2. Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын кызмат ордуна талапкерлерди жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуулоо боюнча парламенттик угууларды өткөрүүгө укуктуу.
3. Акыйкатчы кызмат ордуна Жогорку Кеңеш тарабынан бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
4. Акыйкатчынын орун басарынын кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди Акыйкатчы сунуштайт.
5. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер Акыйкатчынын, анын орун басарынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
6. Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын керектүү санын албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи турунда депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде экинчи турдун жыйынтыктары боюнча талапкерлер бирдей сандагы добуштарды алса, анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын керектүү санын албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кийинки турга өткөн талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салса, добуштардын көбүрөөк санын алган кийинки талапкер боюнча добуш берүү өткөрүлөт.
Эгерде шайлоого бир талапкер катышса жана ал шайланбай калса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
Кайра шайлоо добуш берүү өткөрүлгөн күндөн тартып 14 күндөн эрте эмес жана 30 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
7. Акыйкатчыны шайлоо боюнча добуш берүү жол-жобосун Жогорку Кеңештин кийинки жыйналышына жылдырууга болбойт.
8. Акыйкатчы, анын орун басарлары ант берген учурдан тартып кызмат ордуна киришкен болуп эсептелет.
Жаңы Акыйкатчыны шайлаганга чейин Акыйкатчынын милдеттерин орун басарлардын бири аткарат.
9. Акыйкатчынын эки орун басары болот. Акыйкатчынын орун басарларын Акыйкатчынын сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңеш кызмат ордуна шайлайт жана бошотот.
7-берене. Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын анты
Кызмат орунга киришип жатканда Акыйкатчы, анын орун басарлары Жогорку Кеңештин жыйналышында төмөнкүдөй мазмундагы ант беришет:
«Мен, ..., Акыйкатчынын (Акыйкатчынын орун басарынын) кызмат ордуна киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, ар-намысымды жана адилеттүүлүктү жетекчиликке алып, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кубаттоого жана коргоого, өз милдеттеримди ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант беремин.».
8-берене. Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын статусу менен шайкеш келбеген иштер
1. Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын статусу Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештин депутатынын мандаты менен шайкеш келбейт. Акыйкатчы педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укуксуз.
2. Акыйкатчыга жана анын орун басарларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана башка чектөөлөр да жайылтылат.
9-берене. Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
1. Акыйкатчынын, анын орун басарларынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
1) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө өз каалоосу менен жазуу жүзүндө арыз бергенде;
2) соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
3) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенде;
4) дайынсыз жоголду деп таануу же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн болбогондо;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда же болбосо чет мамлекеттин жарандыгы бар экендиги аныкталганда;
8) ушул конституциялык Мыйзамдын 8-беренесинде белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү бузганда;
9) Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын ар жылдык баяндамасын жактырбоо жөнүндө чечим кабыл алганда;
10) өлүмүнүн фактысы.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунун жобосу Акыйкатчынын кезектеги ар жылдык баяндамасын укканга чейин 12 айдан кем эмес убакытта шайланган Акыйкатчынын орун басарларына жайылтылбайт.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1–5, 9, 10-пункттарын кошпогондо, Акыйкатчынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздин бар экендиги жөнүндө корутундуну Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы берүүгө тийиш. Корутундуга комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берүүгө тийиш.
Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары, депутаттык топтору жана депутаттары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6–8-пункттарында каралган негиздер боюнча Жогорку Кеңешке Акыйкатчынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1–5, 9, 10-пункттарында каралган негиздер болгон учурда Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алат.
3. Акыйкатчы ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2–10-пункттарында каралган негиздер боюнча Акыйкатчынын орун басарын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңешке киргизет.
Киргизилген сунушту кароо Акыйкатчы үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Акыйкатчынын, анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3-глава. Акыйкатчынын ыйгарым укуктары
10-берене. Акыйкатчынын укуктары
Акыйкатчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары ‒ Министрлер Кабинети) Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун төрагаларынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун (мындан ары – Башкы прокурор), Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруучу курамындагы адамдардын, мажбурлап кармоо жайларынын (кармалгандарды кармоо, алдын ала камакка алуу жайларынын, соттолгондор жаза өтөөчү мекемелердин жана мажбурлап дарылоо жана кайра тарбиялоо мекемелеринин), психиатриялык стационарлардын администрациясынын, башка мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын бирикмелеринин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилигинин токтоосуз кабыл алуусуна;
2) Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун жыйналыштарында, Башкы прокуратуранын жана башка коллегиалдуу органдардын коллегиясында катышууга;
3) бардык инстанциялардагы сот отурумдарына, анын ичинде соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу болгон шартта жабык сот отурумдарына катышууга;
4) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу боюнча ага белгилүү болуп калган жагдайларды иликтөө үчүн текшерүүнү демилгелөөгө;
5) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан сакталышына мониторинг жүргүзүүгө;
6) Жогорку Кеңешке атайын баяндамаларды берүүгө;
7) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушун тергөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө же парламенттик угууларды өткөрүү тууралуу Жогорку Кеңештин фракцияларына, депутаттык топторуна, комитеттерине, ошондой эле депутаттарына сунуш киргизүүгө;
8) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого парламенттик контролду ишке ашыруу маселелери боюнча, анын ичинде жеке же жамааттык кайрылуулар боюнча Жогорку Кеңештин комитетине сунуштарды киргизүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын Президентине, Министрлер Кабинетине адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча улуттук максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана комплекстүү жана координацияланган иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө, аларды жүзөгө ашырууга катышууга;
10) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуулар табылган учурда, алар боюнча чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга Акыйкатчынын чара көрүү актыларын жиберүүгө;
11) адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди түзүү, ратификациялоо же ага кошулуу, же болбосо алардын колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
12) адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топторго катышууга;
13) эксперттик, коомдук, консультациялык кеңештерди, жумушчу топторду, комиссияларды жана башка коомдук (коллегиялуу) органдарды түзүүгө;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кызматтык, коммерциялык жана мамлекеттик сырлар менен байланыштуу маалыматтарга карата жеткиликтүүлүккө;
15) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан пайдаланылуучу объекттерге кирүүгө;
16) арызды же даттанууну кароонун жүрүшүндө текшерилүүчү жагдайларга тийиштүү оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарын, мамлекеттик кызматчыларын, жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырууга;
17) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна сунуштарды жана сын-пикирлерди берүүгө;
18) ченем чыгаруу органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштар менен кайрылууга;
19) адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын конституциялык эмес деп таануу жөнүндө сунуштама менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылууга;
20) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу маселелери боюнча соттук практиканы изилдөө жана жалпылоо жөнүндө сунуштар менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылууга;
21) ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттерге адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнүн формаларын жана усулдарын өркүндөтүү боюнча сунуштар менен кайрылууга, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуулар боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуусун берүүгө жана аларды кароодо катышууга;
22) ден соолугунун абалы же болбосо башка жүйөлүү себептер боюнча өз алдынча муну жасай албаган адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте сот процессине жеке өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу катышууга;
23) кайсы убакта болбосун мажбурлап кармоо жайларына барууга, аларда кармалган адамдар менен жекеме-жеке сүйлөшүүгө, аларды кармоонун шарттары жөнүндө маалыматтарды алууга жана көрсөтүлгөн мекемелерде алардын кармалышынын мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди текшерүүгө;
24) тиешелүү мамлекеттик органдар, анын ичинде ыкчам иликтөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын абалын текшерүүгө;
25) сотто кылмыш-жаза, жарандык иштер жана алар боюнча чечимдери (өкүмдөр) мыйзамдуу күчүнө кирген укук бузуулар жөнүндө иштер менен, ошондой эле андан кийин алардын көчүрмөлөрүн алуу менен, кылмыш-жаза иштерин козгоодон баш тартылып, өндүрүш менен токтотулган иштер жана материалдар менен таанышууга;
26) мажбурлап кармоо жайлары мекемесинин администрациясынын атайын уруксатысыз маектешүү, видео жана фото тартуу үчүн аудио, видео жаздыруу каражаттарын (анын ичинде телефондук мобилдик түзүлмөлөргө орнотулган) тоскоолдуксуз алып өтүүгө жана пайдаланууга;
27) ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттерден алардын контролунда турган же баш ийген бөлүмдөрдүн, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ишине тиешелүү текшерүүлөрдү (пландуу, пландан тышкары) жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү, текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүүгө, жыйынтыктарды жана тиешелүү корутундуларды берүүгө катышуу үчүн кызматкерлерди бөлүп берүүнү талап кылууга;
28) арызды же даттанууну кароонун жүрүшүндө аныкталууга тийиш болгон маселелер боюнча маалыматтарды, материалдарды жана документтерди мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден, коомдук бирикмелерден жана саясий партиялардан суратууга жана алууга;
29) өзү тергөө жүргүзүп жаткан иш үчүн жооптуу кызмат адамын, ошондой эле өндүрүштү жүргүзүп жаткан органдын кайсы болбосун кызматкерин угууга жана текшерилүүчү органдын жетекчиси, анын байкоочу органынын жетекчиси же болбосо мындай териштирүүнү жүргүзүүгө башка ыкма менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан тергөө жүргүзүүсүн талап кылууга;
30) эксперттик жана аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жана илимий мекемелерге кайрылууга;
31) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, ошондой эле аскер бөлүктөрүнө тоскоолдуксуз барууга;
32) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
11-берене. Акыйкатчынын милдеттери
1. Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, адамдын жана жарандын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын сактоого, ага жүктөлгөн функциялардын жана ыйгарым укуктардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
2. Акыйкатчы купуя маалыматты сактоого милдеттүү.
Акыйкатчы арыз ээсинин жана арыз ээсине тиешеси бар башка адамдардын жеке турмушу жөнүндө алынган маалыматтарды алардын макулдугусуз ачыкка чыгарууга укуксуз. Бул милдеттенме анын ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин да күчүндө болот.
Мындай маалыматтарды ачыкка чыгарган учурда Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
3. Акыйкатчы даттанууну текшерип бүткөндөн кийин анын жыйынтыктары жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү.
12-берене. Акыйкатчынын эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Акыйкатчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эл аралык уюмдар, алардын адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө адистешкен органдары, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноолорго каршы комитетинин Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча кичи комитети, ошондой эле чет мамлекеттердин адам укуктары боюнча улуттук органдары менен байланыштарды түзүүгө;
2) адам укуктары жаатындагы эл аралык мамилелерде эксперт катары Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга;
3) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына эл аралык байкоочу болууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык байкоочуларды чакырууга;
4) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга эл аралык уюмдардан техникалык, финансылык жана башка жардамды алууга.
13-берене. Акыйкатчынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү
Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жаатында калктын укуктук маалыматка ээ болуусуна көмөк көрсөтүү максатында Акыйкатчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик телерадиоканалдарда жана мезгилдик басылмаларда өзүнүн материалдарын, ар жылдык жана атайын баяндамаларын акысыз негизде чагылдырууга жана жарыялоого;
2) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, аларды коргоо методдору жана формалары жөнүндө, анын ичинде адам укуктарын коргоонун эл аралык механизмдери жөнүндө маалыматты таратууга;
3) адам укуктары боюнча мезгилдик басылмаларды уюштурууга;
4) укуктук агартууда көмөктөшүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тартууга.
14-берене. Акыйкатчынын чара көрүү актылары
Төмөндөгүлөр Акыйкатчынын чара көрүү актылары болуп саналат:
1) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин табылган бузулууларын четтетүү боюнча бир айлык мөөнөттө чараларды көрүү үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына Акыйкатчынын сунуштамасы;
2) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузган кызмат адамдарына жана кызматчыларга карата тартиптик же административдик өндүрүштү козгоо жөнүндө өтүнмө менен мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга Акыйкатчынын сунуштамасы.
15-берене. Арыздарды жана даттанууларды кароонун тартиби жана мөөнөттөрү
1. Акыйкатчы алардын турган жерине карабастан Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында болгон чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын же болбосо алардын өкүлдөрүнүн ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттердин чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздигине) тиешелүү кайрылууларын карайт.
2. Акыйкатчы адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуу белгилери боюнча адамдардын кайрылууларынын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары же башка булактар аркылуу келип түшкөн кайрылуулардын негизинде, же болбосо өз демилгеси менен текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
Акыйкатчы ошондой эле жеке кабыл алууну жүргүзүү учурунда келип түшкөн кайрылууларды карайт.
3. Кайрылуулар Акыйкатчыга адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуу табылган күндөн тартып бир жылдын ичинде жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилет.
Өзгөчө жагдайлар болгондо бул мөөнөт Акыйкатчы тарабынан узартылышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кароонун башка тартиби каралган кайрылууну Акыйкатчы таандыктыгы боюнча жиберүүгө же болбосо анын кайсы органга кайрылуусу керектигин кайрылуунун ээсине түшүндүрүүгө укуктуу.
5. Мажбурлап кармоо жайларында турган адамдардын Акыйкатчыга даректелген кайрылуулары купуя болуп саналат (ачууга жана цензурага тыюу салынат) жана алар Акыйкатчыга токтоосуз жиберилет. Кат-кабарларды өз учурунда жөнөтпөгөн жооптуу адамдар тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.
6. Жазуу жүзүндөгү же электрондук кайрылууда даректелгендин аталышы, арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, жооп жиберилүүгө тийиш болгон почта дареги же турган жери, сунуштун, арыздын, далилдердин жана даттануулардын маани-маңызынын баяндалышы, арыз ээсинин жеке кол тамгасы жана датасы камтылууга тийиш. Фамилиясы жана ал боюнча жооп жиберилүүгө тийиш болгон почта дареги же алардын турган жери көрсөтүлбөгөн адамдардын жазуу жүзүндөгү же электрондук кайрылуулары тоголок арыз деп табылат жана каралууга жатпайт.
Эгерде Акыйкатчынын атына кайрылуу берүүнү каалаган адам тиешелүү формада кайрылуу берүүгө кудуретсиз болсо же аны берүүгө мүмкүн болбогон шарттарда турса, анда Аппараттын кызматкерлери кайрылууну жол-жоболоштурууда ага тиешелүү көмөк көрсөтөт.
7. Акыйкатчы ак ниетсиздик орун алган, кайрылууга тиешеси жок же тиешелүү документтери жок болгон доолорду, ошондой эле аларды кароо үчүнчү жактын мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү башка даттанууларды карабай коюуга укуктуу. Мындай даттануулар боюнча анын чечимдери даттанылууга тийиш эмес.
8. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча материалдар архивге сактоого өткөрүп берилет.
9. Жаңы жүйөлөр же кайрадан ачылган жагдайлар келтирилбеген кайталанган кайрылуулар, эгерде алар боюнча текшерүүлөрдүн толук материалдары бар болсо жана арыз ээсине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жазуу жүзүндөгү жооптор берилсе, каралууга тийиш эмес. Жаңы жүйөлөр же кайрадан ачылган жагдайлар Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын чечими боюнча каралууга тийиш.
10. Арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жооптор кайрылуунун тилинде берилет (мамлекеттик же расмий тилдерде).
11. Ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер карамагындагы маселелер боюнча даттанууларды Акыйкатчыга кайра жөнөтө албайт.
12. Акыйкатчы маңызы боюнча сот өндүрүшүнүн предмети болуп саналган даттануулар боюнча иштин жагдайын карабайт жана, эгерде ал башталгандан кийин кызыкдар адам сотко тийиштүү кайрылуу жиберсе, ал өзүнүн иш-аракетин токтотот.
16-берене. Акыйкатчынын ар жылдык жана атайын баяндамалары
1. Акыйкатчы өткөн жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил үчүн Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан сакталышы жөнүндө ар жылдык баяндаманы ар бир жылдын 1-апрелине чейин Жогорку Кеңешке берет.
Өзүнүн ар жылдык баяндамасында Акыйкатчы адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча келип түшкөн кайрылуулардын санын жана мүнөзүн, жалпы баа берүүнү, корутундуларды жана сунуштамаларды көрсөтөт.
Акыйкатчынын ар жылдык баяндамасында төмөнкү субъекттер көрсөтүлөт:
‒ адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузган;
‒ Акыйкатчынын ишине тоскоолдук жараткан;
‒ Акыйкатчынын талаптарын жана сунуштамаларын аткарбаган.
Акыйкатчынын баяндамасына отчеттук мезгил үчүн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчет тиркелет.
2. Акыйкатчы адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун айрым маселелери боюнча атайын баяндаманы Жогорку Кеңешке берүүгө укуктуу.
3. Акыйкатчынын ар жылдык же атайын баяндамаларын угуунун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына сунуштамалар менен токтом кабыл алат.
Акыйкатчынын ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуунун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдордун ишке ашырылышын контролдоого Акыйкатчы катышууга укуктуу.
4. Акыйкатчынын ар жылдык жана атайын баяндамалары Акыйкатчынын расмий сайтына, Жогорку Кеңештин Жарчысына жана башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш.
4-глава. Акыйкатчынын, анын орун басарларынын жана Аппаратынын
ишинин кепилдиктери
17-берене. Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын кол тийбестигинин кепилдиктери
1. Акыйкатчынын өмүрүнө жана ден соолугу үчүн коркунуч болгондо, ага жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коопсуздук кепилденет. Мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдары Акыйкатчынын арызынын негизинде Акыйкатчынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрөт.
2. Акыйкатчы ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде кол тийбестикке ээ, ал кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, аны жеке текшерүүгө же тинтүүгө, кармоого, камакка алууга же ага карата башка процесстик аракеттерди жасоого жол берилбейт.
Акыйкатчынын кол тийбестиги анын турак жайына жана кызматтык жайларына, жол жүгүнө, жеке жана кызматтык унаа каражаттарына, кат-кабар алышуусуна, ал колдонуучу байланыш каражаттарына, ошондой эле ага таандык болгон документтерге жайылтылат.
3. Акыйкатчы ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурунда жана аны аяктагандан кийин ага даректелген кайрылуулардын мазмунунун, аларды кароонун жүрүшүндө алынган документтердин, аны менен аңгемелешүү учурунда ага белгилүү болгон арыз ээсинин жеке турмушунун жагдайларынын маселелери боюнча же алар боюнча кабыл алган чечимдерге карата түшүндүрмөлөрдү бербейт же суракка алынбайт.
4. Акыйкатчыны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн жетиштүү негиздер болгондо Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталгандан кийин Башкы прокурор Акыйкатчы шектелип жаткан кылмыш-жаза мыйзамынын беренеси жана кылмыш ишинин жагдайлары көрсөтүлгөн тиешелүү сунуштаманы Жогорку Кеңешке киргизет.
5. Кылмыш жасоого шектелип кармалган жана укук коргоо органына мажбурлап жеткирилген Акыйкатчы, эгерде анын ким экендиги кармоо учурунда белгилүү болбосо, өздүгү аныкталгандан кийин, ал кылмыш жасаган жерде кармалган учурларды кошпогондо, токтоосуз бошотулууга тийиш.
6. Акыйкатчы кармалган учурда кармоону ишке ашырган кызмат адамы бул тууралуу Башкы прокурорго токтоосуз кабарлайт. Акыйкатчыны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштама киргизет.
Сунуштаманы кароо үчүн тергөө боюнча комиссия түзүлөт, комиссия сунушту карайт жана ал түзүлгөн күндөн тартып 21 күндөн кечиктирбестен өзүнүн корутундусун Жогорку Кеңешке жиберет. Комиссиянын маалымкаты жана Акыйкатчыны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимдин долбоору Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизилет.
Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынгандыгы тууралуу 3 күндүк мөөнөттө Башкы прокурорго кабарланат.
Акыйкатчыны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартуусу ага карата ишти анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өткөнгө чейин токтото туруу үчүн негиз болуп саналат.
Башкы прокурор иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө тергөөнүн жыйынтыктары жөнүндө Жогорку Кеңешке билдирүүгө милдеттүү.
7. Акыйкатчы үчүн ушул беренеде каралган кол тийбестик кепилдиги жана жоопкерчиликке тартуу тартиби Акыйкатчынын орун басарларына да жайылтылат.
18-берене. Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын ишинин ачык-айкындыгы
Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду жүзөгө ашыруу боюнча иши ачык-айкын болуп саналат жана мыйзам менен атайын корголуучу сырды жана жеке адам жөнүндө купуя маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген көлөмдө жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда чагылдырылат.
19-берене. Акыйкатчынын, анын орун басарларынын жана Аппаратынын ишинин үзгүлтүксүздүгү
1. Акыйкатчынын, анын орун басарларынын жана Аппаратынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган же ал өзүн-өзү таркаткан учурда токтотулушу же чектелиши мүмкүн эмес.
2. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө же согуш абалын киргизүү Акыйкатчынын ишин кыскартпайт, чектебейт жана токтотуп турбайт.
3. Акыйкатчы жана анын орун басарлары өз ыйгарым укуктарын аткаруу мөөнөтүнүн ичинде аскердик кызматка жана аскердик жыйындарга чакыруудан бошотулат.
20-берене. Акыйкатчынын Аппаратынын кызматкерлеринин ишинин кепилдиктери
1. Аппараттын кызматкерлери кызматын аткаруу мезгилинде жана аны токтоткондон кийин кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон маалыматтар боюнча чакыртылбайт жана суракка алынбайт.
2. Жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө же болбосо Акыйкатчынын тапшырмасы боюнча Аппараттын кызматкерлери ушул конституциялык Мыйзамга ылайык Акыйкатчынын кызыкчылыктарын коргойт жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат жана мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга барууга, бардык керектүү документтер, материалдар менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга же болбосо фото, видео тартууга, ошондой эле тиешелүү адамдар менен аңгемелешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
21-берене. Акыйкатчынын ишине көмөк көрсөтүү милдети
1. Мамлекеттик бийлик органдары Акыйкатчынын текшерүүлөрүнө артыкчылыктуу тартипте жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Эгерде текшерүүнүн предмети болуп саналган ишке же болбосо кызматка анын тиешеси бар болсо, административдик мүнөздөгү кандайдыр бир документти Акыйкатчынын алуусунан мамлекеттик органдар баш тарта албайт.
3. Эгерде каралып жаткан даттануу мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине (аракетсиздигине) тийиштүү болсо, Акыйкатчы ишке тиешеси бар адамдарга жана алардын түздөн-түз жетекчисине же жогору турган уюмга бул тууралуу билдирет.
4. Акыйкатчы берилген документтердин аныктыгын текшерүүгө жана кошумча маалыматтарды алуу максатында ишке тиешеси бар мамлекеттик бийлик органынын кызматкерин угууга милдеттүү.
Акыйкатчы менен аңгемелешүүдөн баш тарткан учурда мамлекеттик бийлик органынын кызматкери себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.
5. Мамлекеттик бийлик органынын кызматкеринин жеке көрсөтмөлөрүнүн негизинде алынган, текшерүүнүн жүрүшүндө ага карата терс кесепеттерге алып келүүчү маалыматтар купуя мүнөздө болот, бул кылмыш курамынын белгилери бар фактыларды аныктоого тиешелүү болгон Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын жоболоруна каршы келбейт.
22-берене. Акыйкатчынын ишине кийлигишүү же тоскоолдук кылуу үчүн жоопкерчилик
1. Кандайдыр бир объектке же орун жайга, анын ичинде мажбурлап кармоо жайларына жеткиликтүүлүктү берүүдөн баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
2. Ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер Акыйкатчынын ишине кийлигишкен же тоскоолдук кылган учурда, Акыйкатчы тиешелүү чараларды көрүү үчүн Башкы прокурорго кайрылуу жиберүүгө укуктуу.
5-глава. Акыйкатчынын ишин уюштуруу
23-берене. Акыйкатчынын Аппараты
1. Акыйкатчы өз ишинин регламентин бекитет, анда ишинин уюштурулушун жана ыкмаларын толук аныктайт.
2. Акыйкатчынын ишин камсыз кылуу үчүн Акыйкатчынын Аппараты түзүлөт. Аппараттын түзүмү, штаттык ырааттамасы, ишинин тартиби жана уюштурулушу белгиленген штаттык санынын чегинде Акыйкатчы тарабынан аныкталат.
3. Акыйкатчынын Аппаратынын кызматкерлеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле алардын мамлекеттик кызмат өтөөсүнүн шарттары мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана эмгек жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
24-берене. Акыйкатчынын ишин каржылоо
1. Акыйкатчынын жана анын Аппаратынын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
2. Республикалык бюджетте Акыйкатчынын жана анын Аппаратынын ишин камсыз кылуу үчүн керектүү каражаттар жыл сайын өзүнчө сап менен каралат. Бул каражаттардын көлөмүн Акыйкатчынын сунушу боюнча Министрлер Кабинети аныктайт.
3. Акыйкатчы чыгымдардын сметасын өз алдынча иштеп чыгат жана аткарат.
4. Акыйкатчынын жана анын Аппаратынын ишин каржылоо Кыргыз Республикасы же Акыйкатчы тарабынан түзүлүүчү келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде башка мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан алынуучу каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан жүзөгө ашырылат.
5. Финансылык отчеттор Акыйкатчы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берилет.
6-глава. Корутунду жоболор
25-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды
2. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы № 136 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 437-ст.);
2) «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7‒9, 666-ст.);
3) «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 11-июнундагы № 114 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 578-ст.);
4) «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 18-июлундагы № 155 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 619-ст.);
5) «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-февралындагы № 62 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 135-ст.);
6) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-февралындагы № 69 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 142-ст.);
7) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2010-жылдын 12-марты, № 17‒18);
8) «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 550-ст.);
9) «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 104 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2715-ст.);
10) «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 7-июлундагы № 114 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 690-ст.);
11) «Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 53 Мыйзамынын 5-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60‒61);
12) «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын 2-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 2025-жылдын 10-январы, № 1).
3. Министрлер Кабинети ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул конституциялык Мыйзамды ишке ашырууга багытталган чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2025-жылдын 3-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |