ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы №164 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 30-августундагы № 600 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 19-марты №164

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы №254, 2010-жылдын 9-ноябрындагы №274 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз шаар курулушу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө жобо.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө жобо.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-ноябрындагы №274 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №126 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2-1. Турак жай-жарандык курулуш департаментин кармоо үчүн каражаттар каржыланган сумманын 2,9 проценти өлчөмүндө "Табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча иш-чаралар" беренеси боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан каралат.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы №254 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги:

- белгиленген тартипте жогоруда аталган департаменттерди, илимий-изилдөө жана долбоорлоо институттарын, ошондой эле борборду юстиция органдарында каттоодон өткөрүүнү жүргүзсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов