ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому

Редакция19.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 19-июну № 386

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 16-июлундагы № 418 "Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууну киргизүү концепциясы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 858 "2005-2015-жылдарга карата Улуттук токой программасын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 20 "2008-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин эмгегинин эң оор түрлөрүн жоюу боюнча социалдык өнөктөрдүн аракеттеринин мамлекеттик программасы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 188 "2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекти элиминациялоо боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 572 "2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу программаларын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2011-жылдын 23-сентябрындагы № 599 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын 2011-2015-жылдарга карата комплексин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 666 "Үй-бүлөнү жана энени колдоо жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 690 "Жеке менчик медицинаны жана секторлор аралык келишимдик мамилелерди өнүктүрүүнү эске алуу менен саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 277 "2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу Концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков