Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-августу № 479
2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасы, 1-тиркемеге ылайык;
- 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планы (1-этап) (мындан ары - Биринчи кезектеги чаралардын планы), 2-тиркемеге ылайык;
- 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын (1-этап) жүзөгө ашыруунун мониторинги жана баалоо индикаторлорунун матрицасы, 3-тиркемеге ылайык;
- 2019-2021-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы), 4-тиркемеге ылайык;
- 2019-2021-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча иш-аракеттер планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы, 5-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- Биринчи кезектеги чаралардын планын жана Иш-аракеттер планын аткарууну камсыздашсын;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Биринчи кезектеги чаралардын планын жана Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматтын берилишин камсыздашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги:
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Биринчи кезектеги чаралардын планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты берсин;
- 2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасын, Биринчи кезектеги чаралардын планын жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жыл сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин жыйынтыгы боюнча, зарыл болсо, аларга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө сунуштарды берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 29-августунда N 97 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С. Жээнбеков |
2-тиркеме
2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ (1-этап)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Иш-чаралар/ иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн жыйынтык/ индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
| 1. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | |||||
1 | Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо маселесин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 1.1. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо маселесине карата укуктук ченемдик базаны талдоо боюнча, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | 2018-жылдын январы | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү | ЭСӨМ | ЭСӨМдүн бекитилген бюджетинин алкагында |
1.2. "Кыргыз Республикасынын балдар кодексине" жана "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине" үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо механизмдерин өркүндөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында | ||
|
| 1.3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 535 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө калктын муктаждыгына баа берүү тартибинин механизмдерин өркүндөтүү бөлүгүндө иштеп чыгуу | 2018-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЭАУ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында |
|
| 1.4. Интернаттык типтеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн өз алдынча жашоо-турмушка даярдоо боюнча программаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2018-жыл | Программаны бекитүү | БИМ, ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында |
|
| 1.5. Аң-сезими артта калган балдарды табуу жана аларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жыл | ССМ чечими менен Жобону бекитүү | ССМ, БИМ, ЭСӨМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында |
|
| 1.6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн эрте кийлигишүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жыл | ЭСӨМ чечими менен Программаны кабыл алуу | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ӨЭУ жана ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында |
|
| 1.7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Дайыма бирөөнүн багуусуна муктаж болгон ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы баккан адамдарга эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ЭСӨМ, ФМ, ССМ, БИМ, Социалдык фонд, ӨЭУ жана ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу программасын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ММТМ, НИМ, УКМК, ЭСӨМ, БИМ, ССМ, Башпрокуратура, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.9. Коомдогу адептүүлүктү, анын ичинде үй-бүлөлүк баалуулуктарды, үй-бүлөнүн социалдык жагымдуулугу жана аброю жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандыруу боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жыл | Программаны бекитүү | ММТМ, ИИМ, ЭСӨМ, БИМ, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.10. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү социалдык колдоонун активдүү чараларын ишке киргизүү бөлүгүндө "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ЭСӨМ, ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, БУУнун БДАТП (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.11. Гендердик аспектти эске алуу менен турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар жөнүндө статистикалык отчеттордун бирдиктүү формасын иштеп чыгуу жана Социалдык жардамдын корпоративдүү маалыматтык системасына киргизүү | 2018-жыл | ЭСӨМ чечими менен турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар жөнүндө статистикалык отчеттордун формасы жана тартиби бекитилди | ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.12. Турмуштук оор кырдаалда турган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар үй-бүлөлөрдү айыл чарба өндүрүшүнө үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү курстарын киргизүү тартибин иштеп чыгуу | 2018-2019-жылдар | Айыл чарба жумуштарынын көндүмдөрүнө үйрөтүү тартибин бекитүү | АЧТММ, БИМ, ЭСӨМ, ФМ, БУУнун БДАТП (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.13. Балдарды жана өспүрүмдөрдү интернет мейкиндигинде коопсуз жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүү, интернетке көз каранды болууну алдын алуу, укукка каршы ишке тартылуу коркунучунан сактоо программасынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-2019-жылдар | Программаны бекитүү | БИМ, ИИМ, ЭСӨМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.14. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардамды эртерээк көрсөтүү программасын киргизүү | 2019-жылдын январы | Апробация жолу менен Программаны ишке киргизүү | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.15. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөө боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарына жана профилдик ЖОЖдордун программаларына заманбап методикаларды интеграциялоо | 2019-жылдын февралы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөө методикасы Программага интеграцияланды | БИМ, СММ, ЭСӨМ, ИИМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында |
|
| 1.16. Инклюзивдик билим берүү системасын киргизүүнү караштырган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2019-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында |
|
| 1.17. Соттук-психиатриялык экспертиза өткөрүүнүн методологиясына талдоо жүргүзүү (улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык келүүсүнө) | 2019-жыл | Анализдин болушу | ССМ, ИИМ, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында |
|
| 1.18. Соттук-психиатриялык экспертизаны өткөрүү стандартын иштеп чыгуу | 2019-жыл | Стандарттын бекитилиши | ССМ, ИИМ, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында |
|
| 1.19. Ырайымсыз мамиледен (зомбулуктан) жабыркаган балдарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча минимумдук стандарттардын долбоорун иштеп чыгуу | 2019-жыл | Минимумдук стандарттардын бекитилиши | ССМ, ЭСӨМ, ИИМ, БИМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.20. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-июлундагы № 314 "Он сегиз жашка толо элек балдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары оор жана зыяндуу өндүрүштөрдүн, кесиптердин жана жумуштардын тизмеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" зыяндуу өндүрүштөрдүн тизмесинин өзгөрүүсүн караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2019-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ЭСӨМ, ЭМ, ИИМ, БИМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КФП жана ЭЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.21. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкордук жана көзөмөлдүк маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун баланын камкорчусун (көзөмөлчүсүн) дайындоо жол-жобосун өркүндөтүү бөлүгүндө иштеп чыгуу | 2019-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ЭСӨМ | ЭСӨМдүн бекитилген бюджетинин алкагында |
|
| 1.22. Үй-бүлө жана балдар менен иштеген адистердин штаттык бирдигинин санын көбөйтүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2019-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ЭСӨМ, ФМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында |
|
| 1.23. Балдарды, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багуу боюнча ата-энелик көндүмдөргө үйрөтүү боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу | 2019-жыл | Программанын бекитилиши | БИМ, ССМ, ЭСӨМ, ИИМ, ӨЭУ жана ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.24. Суициддик жүрүм-турумду аныктоо жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн методикалык сунуштарды иштеп чыгуу | 2019-жыл | Методикалык сунуштарды бекитүү | БИМ, ССМ, ИИМ, ЭСӨМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.25.Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө ченемдерин киргизүүнү караштырган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2020-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЕС (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
|
| 1.26. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ден соолукту чыңдоого мамлекеттик кепилдиктерди берүүнү караган "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2020-жыл | Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
| 2. Балдарды коргоо жана үй-бүлөнү мамлекеттик колдоо чаралары | |||||
2 | Үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү | 2.1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждыктарын баалоо | 2019-жылдын 1-кварталы | Социалдык кызмат көрсөтүүгө муктаждыкты баалоо жөнүндө отчеттун болушу | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ӨЭУ жана ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
2.2. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн борборлорун каржылоонун социалдык долбоорлор сынагын мамлекеттик социалдык заказдын алкагында уюштуруу | 2018-2020-жылдар | Социалдык долбоорлордун сынагы өтүп, жылына 5тен кем эмес Борбор каржыланды | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | ||
2.3.Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөргө жайгаштыруу кызматын өркүндөтүү | 2018-2020-жылдар | Жыл сайын турмуштук оор кырдаалга кабылган 14төн кем эмес бала жайгаштырылат | ЭСӨМ, ФМ, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ЭСӨМдүн бекитилген бюджетинин алкагында | ||
2.4. Чет өлкөнүн аймагында ата-энесинин кароосуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кайтарып келүүсүн уюштуруу | 2018-2020-жылдар | Жылына чет өлкөлүк мамлекеттин аймагында калтырылган 8ден кем эмес бала кайтарылып келет | ЭСӨМ, ФМ | ЭСӨМдүн бекитилген бюджетинин алкагында | ||
2.5. Интернаттык типтеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө турак-жай же жекече турак-жай куруу үчүн жер участогун биринчи кезекте берүү | 2018-2020-жылдар | Интернаттык типтеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү турак-жай (жер участогу) менен камсыз болушу | КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ведомствонун бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3 | Балдары бар үй-бүлөлөрдүн арасында кедейликтин деңгээлин төмөндөтүү максатында активдүү чараларды киргизүү | 3.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жыл сайын жергиликтүү бюджеттерде турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр үчүн киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашырууга каражаттарды кароо сунуштарын иштеп чыгуу | 2018-2020-жылдар | Сунуштардын болушу | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЭСӨМ БУУнун БДАТП (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында |
4 | Жашы жете электерге карата зомбулукту жана ырайымсыз мамилени болтурбоо | 4.1. Жалпы билим берүү уюмдарында "Зомбулуксуз мектеп" программасын ишке киргизүү | 2018-2019-жылдар | Теңтуштар тарабынан зомбулукка кабылган балдардын санын азайтуу | БИМ, ИИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында |
4.2. Суицидге жакын балдарды аныктоо жана ырайымсыз (зомбулук) мамилеге дуушар болгон балдарды табуу боюнча саламаттык сактоо, билим берүү системасынын, ички иштер органдарынын, балдарды коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу | 2018-2019-жылдар | Жылдын ичинде 30дан кем эмес адистерди окутуу | БИМ, ССМ, ИИМ, ЭСӨМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
4.3. "111-балдар үчүн ишеним телефону" Мамлекеттик мекеме аркылуу балдарга психологиялык жардам көрсөтүү | 2018-2019-жылдар | Психологиялык жардамдын өз убагында көрсөтүлүүсү | ЭСӨМ | ЭСӨМдүн бекитилген бюджетинин алкагында | ||
4.4. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөсү бар үй-бүлөлөрдү кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, аларды ишке орноштурууга көмөктөшүү | 2018-2020-жылдар | Балдары бар, эмгекке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрү даярдоодон өттү жана жумушка орноштурулду | ЭСӨМ, БИМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында | ||
4.5. Фермердик (дыйкан) чарбаны түзүүнү каалаган турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөсү бар үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү | 2018-2020-жылдар | Аталган максаттуу топтор фермердик чарбаларды түзүштү | АЧТММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) БУУнун БДАТП (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
4.6. Интернаттык типтеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү | 2018-2020-жылдар | Интернаттык типтеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүлөт | ЭСӨМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | ||
| 3. Балдарды коргоо жана үй-бүлө институтун бекемдөө максатында маалыматтык түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү | |||||
5 | Балдарды коргоо жана үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча маалыматтык компанияны өткөрүү | 5.3. Балдарды коргоо жана үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү | 2018-2020-жылдар | Коомдо үй-бүлөлүк баалуулуктар жөнүндө ой-пикирди калыптандыруу | МТММ, ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ облустардагы ЫУӨ ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
5.2. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана жоопкерчиликтүү ата-эне болууга үгүттөгөн маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү | 2018-2020-жылдар | Коомдун турмушунда үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу | МТММ, ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
5.3. Үй-бүлөнү пландоо жана репродуктивдүү саламаттыгын сактоо тууралуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн маалымдуулугун жогорулатуу | 2018-2020-жылдар | Репродуктивдүү саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөнү пландоо методдору жөнүндө маалымдоо | ССМ, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
5.4. Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана үй-бүлө институтун бекемдөө маселелери боюнча семинарларды, "тегерек столдорду" уюштуруу | 2018-2020-жылдар | Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча иш-чараларды уюштуруу | ЭСӨМ, МТММ, БИМ, ИИМ, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
5.5. Үй-бүлө институтунун коомдогу аброюн жогорулатуу үчүн үй-бүлөлүк баалуулуктар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымат берүү | 2018-2020-жылдар | Үй-бүлө институтун өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу | ЭСӨМ, МТММ, БИМ, ИИМ, ЭАУ жана ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин алкагында, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
МТММ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик; |
ЭАУ | - | Эл аралык уюм; |
ӨЭУ | - | Өкмөттүк эмес уюм; |
ЕС | - | Европалык Союз; |
БУУнун БДАТП | - | Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы; |
КРӨ ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү; |
КПФ | - | Кыргызстан профсоюздар федерациясы; |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы; |
ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрация; |
Башпрокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы; |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; |
ЭЭУ | - | Эл аралык эмгек уюму. |
3-тиркеме
2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын (1-этап) жүзөгө ашыруунун мониторинги жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл (2017-жыл) | Аралыктагы индикаторлор (жылдык) | Максаттуу көрсөткүчтөр (2020-жыл) | Маалымат булактары | Жооптуу аткаруучулар | |
2018-жыл | 2019-жыл | ||||||||
1 | Турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү эрте аныктоо | Турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн жалпы санынан каттоодон алып салынган, турмуштун оор кырдаалында турган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн үлүшү | % | 23 | 27 | 30 | 35 | ЭСӨМ | ЭСӨМ, аткаруучу органдар ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) |
2 | Үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү | Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча 5тен кем эмес борборду түзүү | Бирдик | 5 | 5 | 7 | 9 | ЭСӨМ | ЭСӨМ |
3 | Баланын үй-бүлөдө жашоого жана тарбиялануусуна болгон укугун камсыздоо | Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөргө жайгаштырылган турмуштун оор кырдаалына кабылган балдардын саны | Адам | 17 | 20 | 25 | 30 | ЭСӨМ | ЭСӨМ |
|
| 4-тиркеме |
2019-2021-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Иш-чаралар/ иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | ИТБМ ишинин маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 1.1. ИТБМ ишинин маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базага талдоо жүргүзүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | Сунуштамалар менен аналитикалык маалымдама даярдалды | БИМ, ЭСӨМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
1.2. БИМдин карамагында турган интернат тибиндеги жалпы билим берүү мекемелеринин (гимназиялар, лицейлер) статусун аныктоо жана кайра кароо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2020-жыл | Мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди | БИМ, ЭСӨМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
1.3. Балдарды багуу боюнча кызматтарды көрсөткөн диний уюмдардын ишине, аларды түзүү себептерин тактоо менен комплекстүү талдоо жүргүзүү | 2020-жылдын I жарым жылдыгы | Диний уюмдарды (медресе) баалоо жана алар боюнча сунуштамалар менен аналитикалык маалымдама даярдалды | ДИМК (макулдашуу боюнча) ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, ССМ, ЖМА, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
1.4. ИТБМны түзүүнү тартипке келтирүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2020-жыя | Ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
1.5. Мекемелердин максималдуу сыйымдуулугун кайра кароону эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2020-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
2 | ИТБМдеги баланын үй-бүлөлүк камкордукта болуу укуктарын камсыз кылуу | 2.1. Балдарды асырап алуу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга асырап алуу жол-жоболорун жеңилдетүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2020-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө" токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилди | ЭСӨМ, БИМ, ССМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде |
2.2. Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу эмгек миграциясынын натыйжасында ата-энесинин кароосуз калган балдарга туугандарынын камкордугун тариздөө жол-жобосун жеңилдетүү | 2020-жыл | Ата-энесинин кароосуз калган балдарга туугандарынын камкордугун тариздөө жол-жобосун жеңилдетүүнү караган ченемдик укуктук акты кабыл алынды | ЭСӨМ, БИМ, ССМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
2.3. Багып алуучу үй-бүлөлөрдү түзүү жол-жобосун, анын ичинен багып алынган баланы камсыздоого каражаттардын жана багып алган ата-энеге эмгек акынын өлчөмүн кайра карап чыгуу | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | "Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жаңы редакцияда кабыл алынды | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
2.4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобого балдарды ИТБМге жайгаштырууга жол бербөө боюнча аталган комиссиянын функциясын кароочу өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2020-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ИИМ, ЖМА | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
2.5. ИТБМге жайгаштырылган, ата-энелери мигрант балдардын кырдаалына талдоо жүргүзүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2020-жылдын I жарым жылдыгы | Конкреттүү сунуштамалар менен аналитикалык маалымдама даярдалды | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | ||
2.6. Ата-энелери бар, ИТБМге жайгаштырылган балдарды биологиялык үй-бүлөлөрүнө кайтаруу боюнча иштерди уюштуруу | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2021-жыл | Биологиялык үй-бүлөлөрүнө кайтарылган балдардын санын көбөйтүү | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | ||
| 2.7. Ата-энесинин кароосуз калган, ИТБМге жайгаштырылган балдарды багып алуучу үй-бүлөгө камкордукка, асырап алууга берүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2021-жыл | ИТБМден багып алуучу үй-бүлөгө камкордукка, асырап алууга берилген балдардын санын көбөйтүү | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | |
| 2.8. Биологиялык үй-бүлөлөрүнө кайтарылган жана багып алуучу үй-бүлөгө камкордукка, асырап алууга берилген балдарды социалдык коштоону уюштуруу | Дайыма | Балдардын ИТБМге кайра жайгаштырылышын алдын алуу | ЭСӨМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | |
3 | 2013-2018-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу планынын алкагында бүткөрүлбөгөн интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптималдаштыруу | 3.1. ИТБМдин ишине комплекстүү талдоо жана баалоо жүргүзүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | Талдоонун жыйынтыгы боюнча сунуштамалар иштелип чыкты | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ИИМ КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
3.2. Төмөнкүлөрдү оптималдаштыруу/ трансформациялоо: - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Акыл-эси өспөй калган балдар үчүн Дмитрий мектеп интернаты; - Акыл-эси өспөй калган балдар үчүн Красноречка мектеп интернаты | 2020-2021-жылдар | Оорулардын оор формаларын кошкондо, ДМЧ балдар үчүн адистештирилген билим берүү-оңдоо борборлору, ошондой эле башка жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча ресурстук борборлор түзүлдү | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3.3. Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка балдар үйүн оптималдаштыруу/ трансформациялоо | 202-2021-жылдар | Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка балдар үйүндө жайгаштырылган балдардын санынын азайтуу | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3.4. Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборун оптималдаштыруу/ трансформациялоо | 2019-2020-жылдар | Эрте кийлигишүү борбору түзүлдү | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3.5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Суу балдар үйүн оптималдаштыруу/ трансформациялоо | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2020-жыл | Билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлгөн реформаларды эске алуу менен билим берүү кызматтарын көрсөтүү | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
4 | Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды эсепке алуу | 4.1. Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтар базасын түзүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2020-жылдын I жарым жылдыгы | Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды өз убагында аныктоо, эсепке алуу жана коштоо | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ИИМ, Мамкаттоо, ММК, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана административдик ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
4.2. ИТБМдин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасынын иштөөсүн камсыздоо | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | Балдардын ИТБМде болуу узактыгын контролдоо. Менчигинин түрүнө карабастан ИТБМдин иштөөсүн контролдоо | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | ||
4.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна турмуштук оор кырдаалда турган балдардын керектөөлөрүн жана баланы коргоо боюнча жекече пландын формасын баалоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2020-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды | ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
5 | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу | 5.1. ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү үчүн окуу программасын иштеп чыгуу | 2020-жыл | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу боюнча окуу программасы (72 саат, 24 саат) ЭСӨМдүи буйругу менен бекитилди | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
5.2. ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн мүчөлөрүн баланы үй-бүлөсүнөн ажыратуунун алдын алуу маселелери боюнча окутуу | Жыл сайын | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн адистерин жана Балдар иштери боюнча комиссиянын 100дөн кем эмес кызматкерлери жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү окутулду | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
5.3. ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугунун критерийлерин иштеп чыгуу жана ЭСӨМдүн буйругу менен бекитүү | 2020-жыл | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн баланы үй-бүлөсүнөн ажыратуунун алдын алуу боюнча ишинин натыйжалуулугу бааланды жана сунуштамалар иштелип чыкты | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
6 | Баланын укуктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу | 6.1. Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дайым | Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу | ММТМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИТБМ | - | интернат тибиндеги балдар мекемелери |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар |
ДМЧ | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү |
|
| 5-тиркеме |
2019-2021-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча иш-аракеттер планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Индикаторлордун аталышы | Өлчөө бирд. | Базалык жыл (2018-жыл) | Орто аралык индикаторлор (жылдык) | Максаттуу көрсөткүчтөр (2021-жыл) | Маалыматтар булагы | Жооптуу аткаруучулар | |
2019-жыл | 2020-жыл | ||||||||
1 | ИТБМ ишинин маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 4 ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | бирд. | 0 | 2 | 2 | 4 | ЭСӨМ, БИМ | ЭСӨМ, ЖМА, КЭУ (макулдашуу боюнча) |
2 | ИТБМди оптималдаштыруу (трансформациялоо) | 5 интернат тибиндеги балдар мекемелерин трансформациялоо | бирд. | 2 | 2 | 3 | 5 | БИМ, ЭСӨМ, ССМ | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) КЭУ (макулдашуу боюнча) |
3 | ИТБМ жана алардагы балдарды автоматташтырылган эсепке алуу | ИТБМде жашаган, ИТБМдин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасында катталган балдардын үлүшү | % | 30 | 50 | 75 | 95 | ЭСӨМ, БИМ, ССМ | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) |
4 | Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды эсепке алуу | Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтар базасынын болушу | бирд. | 0 | 1 | 0 | 1 | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ИИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | ЭСОМ, ИИМ, БИМ, ССМ, Мамкаттоо, ММК, КЭУ (макулдашуу боюнча) |
5 | Балдардын үй-бүлөлүк камкордукта болуу укуктарын камсыз кылуу | Камкордукка (көзөмөлдүккө) берилген балдардын саны | бирд. | 500 | 600 | 700 | 800 | ЭСӨМ | ЭСӨМ |
Асырап алууга берилген балдардын саны | бирд. | 500 | 550 | 600 | 650 | ЭСӨМ | ЭСӨМ | ||
6 | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн 100дөн кем эмес кызматкерлерин жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүн окутуу | бирд. | 100 | 100 | 100 | 100 | ЭСӨМ | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИТБМ | - | интернат тибиндеги балдар мекемелери |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ММК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар. |