Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры № 501
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 479 "2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 479 "2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы "үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо" деген сөздөр "үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо" деген сөздөр "үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын (1-этап) жүзөгө ашыруунун мониторинги жана баалоо индикаторлорунун матрицасы, 3-тиркемеге ылайык.";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- 2019-2021-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча иш-аракеттер планы" (мындан ары - Иш-аракеттер планы), 4-тиркемеге ылайык;
2019-2021-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча иш-аракеттер планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы, 5-тиркемеге ылайык.";
- 2-пунктунда:
экинчи абзацы "Биринчи кезектеги чаралардын планын" деген сөздөрдөн кийин "жана Иш-аракеттер планын" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы "Биринчи кезектеги чаралардын планын" деген сөздөрдөн кийин "жана Иш-аракеттер планын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктунда:
экинчи абзацы "Биринчи кезектеги чаралардын планын" деген сөздөрдөн кийин "жана Иш-аракеттер планын" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацындагы "2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасын жана Биринчи кезектеги чаралардын планын" деген сөздөр "2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасын, Биринчи кезектеги чаралардын планын жана Иш-аракеттер планын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 4 жана 5-тиркемелер менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасында:
- аталышындагы "үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо" деген сөздөр "үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-главасынын үчүнчү абзацындагы "үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо" деген сөздөр "үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-главасы:
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо;";
он жетинчи абзацындагы "Биринчи кезектеги чаралардын планын" деген сөздөр "Программаны" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Программаны ишке ашыруунун этаптары
Программа үч этапта ишке ашырылат.
Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо маселелери Программаны ишке ашыруунун ар бир этабына карата чаралардын пландарын кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат:
- биринчи этап - 2018-2020-жылдар;
- экинчи этап - 2021-2024-жылдар;
- үчүнчү этап - 2025-2028-жылдар.
Биринчи этап төмөнкү биринчи кезектеги чараларды карайт:
- үй-бүлөнү жана балдарды социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- үй-бүлөнү жана балдарды мамлекеттик колдоо жана коргоо;
- үй-бүлө институтун чыңдоо жана өнүктүрүү, үй-бүлө мамилелеринде рухий-адеп-ахлактык салттарды сактоо, балдарды коргоо максатында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү.
Программанын алкагында интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо маселелери Программаны ишке ашыруунун ар бир этабына карата иш-аракеттер пландарын кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат:
- биринчи этап - 2019-2021-жылдар;
- экинчи этап - 2022-2024-жылдар;
- үчүнчү этап - 2025-2028-жылдар.
Программанын биринчи этабын ишке ашыруу аяктагандан кийин жогоруда аталган маселелер боюнча Программанын экинчи жана үчүнчү этаптарын ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-чаралардын пландары жетишилген натыйжаларды эске алуу менен иштелип чыгат.";
- 9-главасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо жолу менен интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдардын санын азайтуу;";
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планы (1-этап)";
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин аталышындагы "үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо" деген сөздөр "үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
2019-2021-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Иш-чаралар/ иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | ИТБМ ишинин маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 1.1. ИТБМ ишинин маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базага талдоо жүргүзүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | Сунуштамалар менен аналитикалык маалымдама даярдалды | БИМ, ЭСӨМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
1.2. БИМдин карамагында турган интернат тибиндеги жалпы билим берүү мекемелеринин (гимназиялар, лицейлер) статусун аныктоо жана кайра кароо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2020-жыл | Мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди | БИМ, ЭСӨМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
1.3. Балдарды багуу боюнча кызматтарды көрсөткөн диний уюмдардын ишине, аларды түзүү себептерин тактоо менен комплекстүү талдоо жүргүзүү | 2020-жылдын I жарым жылдыгы | Диний уюмдарды (медресе) баалоо жана алар боюнча сунуштамалар менен аналитикалык маалымдама даярдалды | ДИМК (макулдашуу боюнча) ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, ССМ, ЖМА, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
1.4. ИТБМны түзүүнү тартипке келтирүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2020-жыя | Ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
1.5. Мекемелердин максималдуу сыйымдуулугун кайра кароону эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2020-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
2 | ИТБМдеги баланын үй-бүлөлүк камкордукта болуу укуктарын камсыз кылуу | 2.1. Балдарды асырап алуу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга асырап алуу жол-жоболорун жеңилдетүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2020-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 733 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө" токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилди | ЭСӨМ, БИМ, ССМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде |
2.2. Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу эмгек миграциясынын натыйжасында ата-энесинин кароосуз калган балдарга туугандарынын камкордугун тариздөө жол-жобосун жеңилдетүү | 2020-жыл | Ата-энесинин кароосуз калган балдарга туугандарынын камкордугун тариздөө жол-жобосун жеңилдетүүнү караган ченемдик укуктук акты кабыл алынды | ЭСӨМ, БИМ, ССМ | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
2.3. Багып алуучу үй-бүлөлөрдү түзүү жол-жобосун, анын ичинен багып алынган баланы камсыздоого каражаттардын жана багып алган ата-энеге эмгек акынын өлчөмүн кайра карап чыгуу | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | "Багып алуучу үй-бүлө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жаңы редакцияда кабыл алынды | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
2.4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобого балдарды ИТБМге жайгаштырууга жол бербөө боюнча аталган комиссиянын функциясын кароочу өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2020-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ИИМ, ЖМА | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде | ||
2.5. ИТБМге жайгаштырылган, ата-энелери мигрант балдардын кырдаалына талдоо жүргүзүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2020-жылдын I жарым жылдыгы | Конкреттүү сунуштамалар менен аналитикалык маалымдама даярдалды | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | ||
2.6. Ата-энелери бар, ИТБМге жайгаштырылган балдарды биологиялык үй-бүлөлөрүнө кайтаруу боюнча иштерди уюштуруу | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2021-жыл | Биологиялык үй-бүлөлөрүнө кайтарылган балдардын санын көбөйтүү | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | ||
| 2.7. Ата-энесинин кароосуз калган, ИТБМге жайгаштырылган балдарды багып алуучу үй-бүлөгө камкордукка, асырап алууга берүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2021-жыл | ИТБМден багып алуучу үй-бүлөгө камкордукка, асырап алууга берилген балдардын санын көбөйтүү | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | |
| 2.8. Биологиялык үй-бүлөлөрүнө кайтарылган жана багып алуучу үй-бүлөгө камкордукка, асырап алууга берилген балдарды социалдык коштоону уюштуруу | Дайыма | Балдардын ИТБМге кайра жайгаштырылышын алдын алуу | ЭСӨМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | |
3 | 2013-2018-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу планынын алкагында бүткөрүлбөгөн интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптималдаштыруу | 3.1. ИТБМдин ишине комплекстүү талдоо жана баалоо жүргүзүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | Талдоонун жыйынтыгы боюнча сунуштамалар иштелип чыкты | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ИИМ КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
3.2. Төмөнкүлөрдү оптималдаштыруу/ трансформациялоо: - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Акыл-эси өспөй калган балдар үчүн Дмитрий мектеп интернаты; - Акыл-эси өспөй калган балдар үчүн Красноречка мектеп интернаты | 2020-2021-жылдар | Оорулардын оор формаларын кошкондо, ДМЧ балдар үчүн адистештирилген билим берүү-оңдоо борборлору, ошондой эле башка жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча ресурстук борборлор түзүлдү | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3.3. Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка балдар үйүн оптималдаштыруу/ трансформациялоо | 202-2021-жылдар | Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка балдар үйүндө жайгаштырылган балдардын санынын азайтуу | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3.4. Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборун оптималдаштыруу/ трансформациялоо | 2019-2020-жылдар | Эрте кийлигишүү борбору түзүлдү | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
3.5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Суу балдар үйүн оптималдаштыруу/ трансформациялоо | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2020-жыл | Билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлгөн реформаларды эске алуу менен билим берүү кызматтарын көрсөтүү | БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
4 | Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды эсепке алуу | 4.1. Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтар базасын түзүү | 2019-жылдын II жарым жылдыгы, 2020-жылдын I жарым жылдыгы | Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды өз убагында аныктоо, эсепке алуу жана коштоо | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ИИМ, Мамкаттоо, ММК, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана административдик ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
4.2. ИТБМдин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасынын иштөөсүн камсыздоо | 2019-жылдын II жарым жылдыгы | Балдардын ИТБМде болуу узактыгын контролдоо. Менчигинин түрүнө карабастан ИТБМдин иштөөсүн контролдоо | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин чегинде | ||
4.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна турмуштук оор кырдаалда турган балдардын керектөөлөрүн жана баланы коргоо боюнча жекече пландын формасын баалоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2020-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды | ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
5 | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу | 5.1. ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү үчүн окуу программасын иштеп чыгуу | 2020-жыл | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу боюнча окуу программасы (72 саат, 24 саат) ЭСӨМдүи буйругу менен бекитилди | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
5.2. ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн мүчөлөрүн баланы үй-бүлөсүнөн ажыратуунун алдын алуу маселелери боюнча окутуу | Жыл сайын | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн адистерин жана Балдар иштери боюнча комиссиянын 100дөн кем эмес кызматкерлери жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү окутулду | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
5.3. ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугунун критерийлерин иштеп чыгуу жана ЭСӨМдүн буйругу менен бекитүү | 2020-жыл | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн баланы үй-бүлөсүнөн ажыратуунун алдын алуу боюнча ишинин натыйжалуулугу бааланды жана сунуштамалар иштелип чыкты | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар | ||
6 | Баланын укуктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу | 6.1. Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дайым | Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу | ММТМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИТБМ | - | интернат тибиндеги балдар мекемелери |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар |
ДМЧ | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
2019-2021-жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча иш-аракеттер планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикаторлордун аталышы | Өлчөө бирд. | Базалык жыл (2018-жыл) | Орто аралык индикаторлор (жылдык) | Максаттуу көрсөткүчтөр (2021-жыл) | Маалыматтар булагы | Жооптуу аткаруучулар | |
2019-жыл | 2020-жыл | ||||||||
1 | ИТБМ ишинин маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 4 ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | бирд. | 0 | 2 | 2 | 4 | ЭСӨМ, БИМ | ЭСӨМ, ЖМА, КЭУ (макулдашуу боюнча) |
2 | ИТБМди оптималдаштыруу (трансформациялоо) | 5 интернат тибиндеги балдар мекемелерин трансформациялоо | бирд. | 2 | 2 | 3 | 5 | БИМ, ЭСӨМ, ССМ | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) КЭУ (макулдашуу боюнча) |
3 | ИТБМ жана алардагы балдарды автоматташтырылган эсепке алуу | ИТБМде жашаган, ИТБМдин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасында катталган балдардын үлүшү | % | 30 | 50 | 75 | 95 | ЭСӨМ, БИМ, ССМ | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) |
4 | Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды эсепке алуу | Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтар базасынын болушу | бирд. | 0 | 1 | 0 | 1 | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ИИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | ЭСОМ, ИИМ, БИМ, ССМ, Мамкаттоо, ММК, КЭУ (макулдашуу боюнча) |
5 | Балдардын үй-бүлөлүк камкордукта болуу укуктарын камсыз кылуу | Камкордукка (көзөмөлдүккө) берилген балдардын саны | бирд. | 500 | 600 | 700 | 800 | ЭСӨМ | ЭСӨМ |
Асырап алууга берилген балдардын саны | бирд. | 500 | 550 | 600 | 650 | ЭСӨМ | ЭСӨМ | ||
6 | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу | ЭСӨМдүн аймактык бөлүмдөрүнүн 100дөн кем эмес кызматкерлерин жана Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүн окутуу | бирд. | 100 | 100 | 100 | 100 | ЭСӨМ | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИТБМ | - | интернат тибиндеги балдар мекемелери |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ММК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар". |