Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 125-07/3-2
2019-жылга карата экономикалык саясаттан негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛЫШАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө тиркелген биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-мартындагы N 23 жарыяланды
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
М.Абылгазиев |
| Т.Абдыгулов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдын 15-мартындагы № 125-07/3-2 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮСҮ
2018-жылы улуттук экономиканы өнүктүрүү тышкы чөйрөдөгү ар кандай кырдаалдар сакталган шарттарда өттү: геосаясий опурталдарды, финансы рынокторундагы туруксуздукту, "соода согуштары", мунайга болгон дүйнөлүк баалардын жана АКШ долларынын курсунун өзгөрүлмөлүүлүгүн сактоо. Мындай кырдаал 2018-жылы түзүлгөн өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө экинчи каналдар аркылуу белгилүү бир таасирин тийгизди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) иш-аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 413 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу боюнча 2018-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-07/51-1-(ДКП) токтому менен бекитилген Орто мөөнөттүк мезгилге акча-кредиттик саясаттын негизги багыттарын өз учурунда жана сапаттуу ишке ашырууга багытталган.
Өкмөт менен Улуттук банктын 2018-жылдагы жүргүзгөн иш-чаралары жана макулдашылган экономикалык саясаты өлкөдөгү макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздоого мүмкүндүк берди.
Жыл башынан бери экономикалык өсүш төмөндөө трендин көрсөттү, бирок сентябрда экономиканын айрым секторлорунда, атап айтканда экономиканын кескин өсүшүнө алып келген өнөр жай секторунда жакшырды. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 3,5%ды түздү, ички дүң продуктунун (мындан ары - ИДП) көлөмү 557,1 млрд. сом суммасында болду. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДП реалдуу өсүшүнүн темпи 3,5%ды түздү. 2018-жылдын январь-декабрында инфляциянын деңгээли төмөндөгөндүгү байкалып, ал 1,5%ды (2017-жылдын тиешелүү мезгилине карата) түзгөн.
Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2018-жылдын январь-декабрында ИДПга карата 1,1%ды түздү. 2018-жылдын 31-декабрына карата ИДПга карата мамлекеттик карыздын деңгээли 56,0%ды түздү.
Өкмөт менен Улуттук банктын 2019-жылга карата негизги максаты экономикалык өсүштүн оң динамикасын колдоо, улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу жана баанын туруктуулугун камсыздоо аркылуу макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту камсыздоо болуп саналат.
Саясат Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген Өкмөттүн Программасын, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу жана аларда камтылган, экономиканы өнүктүрүүгө, потенциалды күчөтүүгө жана өндүрүштү өнүктүрүүгө, ошондой эле сапатты жана элдин бакыбаттуулугун жакшыртууга багытталган чаралар аркылуу жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын экономикасына болжолдонгон мезгилде тышкы факторлор (негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдө да дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн жайлашы; ФРС ставкаларынын жогорулашынын улануусу (кеминде 2 эсе); мунайды кошкондо чийки товарлардын дүйнөлүк бааларынын өзгөрмөлүүлүгү; "соода согуштарынын" улануусу, негизги стратегиялык өнөктөштөрдүн алмашуу курсунун өзгөрмөлүүлүгү; финансы рынокторундагы туруксуздуктун уланышы) сыяктуу эле ички факторлор да (жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттар; чек арадагы жана тышкы соодадагы тоскоолдуктарды акырындык менен жеңүү; акча которууларынын өсүшүнүн солгундашы; керектөөчү талаптардын акырындап калыбына келиши) таасирин тийгизет.
Жогоруда аталган опурталдар болсо, 2019-жылы экономикалык саясат алардын таасирин жеңилдетүүгө жана өлкөдөгү макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту колдоо үчүн мүмкүн болуучу тышкы/ички соккулардын кесепеттерин жумшартууга багытталган.
2019-жылдагы экономикалык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
1) акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатынын макулдашылган чараларын көрүү аркылуу өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту сактоо;
2) финансы рыногунун андан ары өнүгүшү;
3) региондорду өнүктүрүүдө балансты камсыздоо жана белгилөө.
Акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясаттын макулдашылган чараларын көрүү аркылуу өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту сактоо
Өкмөт менен Улуттук банктын саясаты туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо жана инфляцияны 5,0-7,0% орто мөөнөттүү максаттуу багыттардын чегинде кармап туруу боюнча программалык документтерде камтылган максаттуу багыттарга жетишүүгө арналат, алар координацияланган акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясаты аркылуу жетишилет.
Мамлекеттин экономикалык саясаты экономикалык өсүштү сактап калууга, туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн базис түзүүгө, жумуштуулукту, стабилдүү кирешени камсыз кылууга, өндүрүштүк жумушчу орундарды түзүүгө багытталат. Ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инновациялык жана жаратылышты сактоочу технологияларды колдонуу аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү санариптик экономиканы түзүү үчүн реформалар жүргүзүлөт.
Республикадагы инфляциялык чөйрө тышкы экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү, ички рыноктун азык-түлүк товарлар менен толтурулушу, фискалдык саясат жана башка факторлордун кеңири спектринин таасири астында түзүлөт.
Күтүлүүчү макроэкономикалык өнүктүрүүнү эске алуу менен 2019-жылы акча-кредит саясаты өлкөдөгү жагымдуу инфляциялык чөйрөнү түзүүгө багытталат.
Натыйжалуу акча-кредит саясатын жүргүзүүдө бюджеттик-салык саясаты маанилүү элемент боюнча кала берет. "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген бюджеттик консолидация экономикадагы ликвиддүүлүктү кыйла натыйжалуу башкарууга көмөктөшөт. Акча-кредит жана бюджеттик-салык саясатынын чараларын координациялоо тажрыйбада маалыматтардын дайыма алмашуусу жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Улуттук банктын иштеп жаткан Ведомстволор аралык координациялык кеңешинин алкагында маселелерди макулдашуу аркылуу ишке ашып турат.
Акча-кредит саясатынын экономикага болгон натыйжалуу таасиринин маанилүү шарты болуп өзгөрмөлүү валюта курсу саналат. Ушуга байланыштуу Улуттук банк мурдагыдай эле Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган өзгөрүлмө алмашуу курс режимин улантат. Алмашуу курсун түзүү рынок механизмине негизделет. Улуттук банктын ички валюталык рыноктогу аракети алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жөнгө салууга багытталат. Ички валюта рыногуна таасирин тийгизүүчү тышкы опурталдар күчөгөндө мүмкүн болуучу терс кесепеттерди жеңилдетүү үчүн зарыл болгон чаралар кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концептуалдык негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясынын, ошондой эле программалык документтерде (Өкмөттүн Программасы, 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы) камтылган чаралардын алкагында алдын ала аныкталат. Саясат мамлекеттик саясаттын иштелип чыккан чараларын натыйжалуу ишке ашырууга жана экономиканын балансташкан өсүшүн камсыздоого багытталат. Өндүрүштү диверсификациялоого, технологиялык жаңыртууга жана модернизациялоого, фискалдык инструменттер (электрондук фискалдаштыруу, салыктык жеңилдиктер, экспорттук субсидиялар, кредиттөө ж.б.) аркылуу экономиканын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган фискалдык саясаттын дем берүүчү ролу сакталып калууда.
Бюджеттик саясат Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2397-VI токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы № 696 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 397 токтому менен бекитилген 2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарына ылайык ишке ашырылат жана андан аркы консолидацияга, бюджеттик туруктуулукка жетүүгө жана республикалык бюджеттин кирешелеринин курамында салыктык түшүүлөрдүн үлүшү ИДПга карата 19,5 %га жакын болушуна багытталат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу бөлүгүндөгү саясат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2018-2020-жылдарга карата стратегиясына ылайык ишке ашырылат жана Өкмөттүн кыйла аз чыгым менен жана тобокелдиктин акылга сыярлык деңгээлинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, мамлекеттик карыздын туруктуулугун кармап туруу менен карызга алуу аркылуу каржылоодогу Өкмөттүн муктаждыктарын камсыз кылууга багытталат. Өкмөттүн мамлекеттик карызды башкаруу жаатындагы иши зайымдарды алууга байланышкан опурталдарды төмөндөтүүгө багытталат.
Ишкердик демилгесинин өсүшүнө дем берүү үчүн Өкмөт либералдык фискалдык саясат жүргүзөт, мамлекеттик органдардын лицензиялык-уруксат берүү системасын жана контролдук-көзөмөл ишин өркүндөтүү аркылуу бизнес-климатты жакшыртуу боюнча иш уланат.
Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, жагымдуу ишкер чөйрөсүн түзүү бөлүгүндө ар бир облустун артыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өлкөнүн региондорунун инвестициялык потенциалын жана жагымдуулугун жогорулатууга; региондук экономиканын артыкчылыктуу жана стратегиялык жактан маанилүү тармагын инвестициялоого; бизнес жүргүзүү үчүн институттук чөйрөнү жакшыртууга; долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү инвестицияларды тартууга; инвестицияларды тартуу үчүн талаптарды жөнөкөйлөтүү жана жагымдуу шарттарды түзүп берүү жолу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестициялар боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүгө; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген 2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашырууга; региондордун аймагына инвестициялоону жана ишкердикти интенсивдүү өнүктүрүүнү чектөөчү административдик тоскоолдуктарды жоюуга негизги көңүл бөлүнөт.
Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) интеграциялоо боюнча иштер улантылат. Иштин негизги багыттары ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту мындан ары көбөйтүү, евразия мейкиндигиндеги өз ара соодада техникалык жана башка тоскоолдуктарды жоюу, электр энергиясынын бирдиктүү рыногуна этап менен келүү, ошондой эле экономика тармагын санариптик кайра түзүү болот.
Соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтуу максатында ЕАЭБдин техникалык регламенттериндеги бирдиктүү милдеттүү талаптарды белгилөө, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин Кыргыз Республикасында алып салууларсыз колдонуу жана аткаруу, ЕАЭБ алкагында техникалык жөнгө салуулардын экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүү деңгээлине шайкештиги боюнча иштер улантылат.
Атаандаштыкты жаратуу, өнүктүрүү жана коргоо үчүн шарттарды түзүү, атаандаштыкты коргоо институттарын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп кала берет. Монополияга каршы жана атаандаштык саясатынын 2019-жылдагы негизги багыттары төмөнкүлөр: экономиканын бардык тармактарындагы ишкердикке бирдей шарттарды камсыздоо аркылуу товардык рыноктордо атаандаштыкты түзүү, өнүктүрүү жана коргоо үчүн жагымдуу жана ачык шарттарды түзүү; табигый монополия керектөөчүлөрүнүн жана субъекттеринин кызыкчылыктарынын балансына жетишүү, алар сатып жаткан товарлардын керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгү, ошондой эле табигый монополия субъекттеринин натыйжалуу иштеши; керектөөчүлөрдү жеткиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү; атаандаштыкты жактоо жана үгүттөө. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү, атап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө, ошондой эле аларды электрондук форматка өткөрүүдө керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин иши активдештирилет.
Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык тармагынын туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн камсыздоо максатында энергетика секторун башкаруу, анын ичинде энергетикалык сектордогу айкындуулукту жакшыртуу системасында реформалар жүргүзүлөт.
Жогоруда аталган саясаттарды ишке ашыруу экономика секторлорун өнүктүрүү үчүн кызмат кылат.
Экономиканын агроөнөр жай сектору өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун жана калкты жумуш менен камсыздоонун негизги сектору болуп калат, анын негизги максаты өндүрүштү өстүрүү, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болот. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралардын олуттуу багыты өндүрүштүн майда товардуулугун жеңип чыгуу, чакан жана орто кайра иштетүү комплекстерди түзүү, логистиканы өнүктүрүү жана товардык рыноктордогу ортомчуларды кыскартуу болот.
Өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 191 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 669 токтому менен бекитилген "Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү аркылуу жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо" долбоорун ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылат. Өнөр жай өндүрүшүнүн экспортко багытталган түзүмүн диверсификациялоо, иштеп жаткан тармактардын кубаттуулугун модернизациялоо жана кеңейтүү, туруктуу жумуш орундарын түзүү жана инвестицияларга дем берүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Курулуш комплекси улуттук экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуучу система түзүү тармактарынын бири болот. Мамлекеттик экономикалык саясат жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу, ошондой эле негизги фонддорду жаңыртуу үчүн курулуш секторун ырааттуулук менен колдоп турат. Мамлекеттин иши курулуштун өнүгүүсүнө негизги салымын кошкон транспорт жана энергетика тармактарындагы ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну улантуу/аяктоого багытталат. Курулуштагы артыкчылыктуу багыттар: өнөр жай курулушу; транспорт курулушу; турак-жай-жарандык курулуш; гидротехникалык курулуш; гидромелиоративдүү курулуш болуп саналат.
2019-жылы суу менен камсыздоо жана сууну бурууну куруу жана реабилитациялоо, калктуу пункттарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын иштеп чыгуу, социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу жана капиталдык оңдоо, сейсмикалык коопсуздук жаатындагы программаларды ишке ашыруу, архитектуралык кызматтарды башкаруу системасын ишке ашыруу боюнча иштер уланат.
Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 192 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасына ылайык ишке ашырылат. Мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү, алыскы жана жакынкы чет өлкөнүн туристтери үчүн өлкөнүн ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын иши улантылат. Тармакты өнүктүрүү максатында маалыматтарды чогултуу жана мониторинг жүргүзүү системасы жакшыртылат. Эл аралык туристтер үчүн өлкөгө кирүүдө/өлкөдөн чыгууда жол-жоболор мүмкүн болушунча кыскартылат же оптималдаштырылат.
Байланыш жана коммуникациялардын, Интернетке кеңири кирүү тармагын кошкондо санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иштер улантылат, бул келечекте экономиканын бардык тармактары үчүн узак мөөнөттүү импульсту, мамлекеттик башкаруу институттарын жана коомдук активдүүлүктү, ошондой эле ведомстволор аралык "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү системасын ишке киргизүүнү камсыздайт, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк түзөт, алардын натыйжалуулугун жогорулат, мамлекеттик органдардын бардык маалыматтык ресурстарына бирдей жеткиликтүүлүктү түзөт.
Тышкы экономикалык иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-декабрындагы № 596 токтому менен бекитилген 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына ылайык ишке ашырылат жана республиканын экспорттук потенциалынын өсүшүнө жана өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө, болгон тоскоолдуктарды аныктоо жана этап менен жоюуга багытталат. Иштин негизги багыттары: ата мекендик продукцияны максаттуу рынокторго чыгаруу аркылуу экспорт рыногун андан ары кеңейтүү; өлкөнүн соода-экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн экономикалык дипломатия инструменттерин активдештирүү; эл аралык талаптарга жооп берүүчү сапат инфраструктурасын жана маалыматтык коштоо менен экспортко түрткү берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү боюнча иштерди улантуу; алыскы чет өлкөгө экспорттун көлөмүн өстүрүү жана экспортко багытталган ишканаларды колдоо үчүн ВСП+ бенефициарынын статусун алуудагы артыкчылыктарды пайдалануу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу.
Социалдык өнүгүү саясаты мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууга, мамлекеттин реалдуу мүмкүндүктөрүн эске алуу менен жарандардын социалдык жактан корголбогон категориясынын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана абалын жакшыртууга багытталат. Пенсия системасынын финансылык туруктуулугун, пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатууну камсыз кылуу боюнча иштер улантылат.
Финансы рыногун андан ары өнүктүрүү
Улуттук банк орто мөөнөттүү келечектеги инфляциялык таргетирлөөгө акырындап өтүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында өзүнүн күч-аракетин трансмиссиялык механизмдин пайыздык каналын өркүндөтүүгө жана инфляцияга карата анын таасиринин даражасын жогорулатууга багыттайт.
Өнүккөн финансы рыногу экономикага акча-кредиттик саясат боюнча чаралардын таасириндеги ажырагыс жана маанилүү звено болуп саналат. Банктар аралык акча рыногун андан ары активдештирүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча иштер уланууда. Ушуга байланыштуу акча-кредит саясатынын чараларынын тактикалык чаралары акча рыногунун кыска мөөнөттүү пайыздык ставкаларынын ушундай динамикасын түзүү үчүн шарт түзүүгө багытталган, ал алардын рыноктук түзүлүшүнө жана кыйла аныктыгына мүмкүндүк берет.
Экономикада акчалай сунуш узак мөөнөттүү келечектеги экономикалык өсүшкө жана туруктуу инфляцияга көмөктөшүү үчүн экономикадагы акчанын тең салмактуу көлөмүн сактап калуу боюнча ички өндүрүштүн өтүмдүүлүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылып турат.
Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү 2019-жылга карата артыкчылыктуу багыт болуп кала берет. Бул багытта рыноктогу жаңы төлөм жана финансылык технологияларды изилдөө жана өнүктүрүү боюнча иштер уланат. Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү акча-кредит саясатынын трансмиссиялык механизмине оң таасирин тийгизет.
2019-жылы Улуттук банк банктык сектор жана чакан каржылоо сектору менен бирге банктык жана чакан каржылоо секторлорун жана төлөм системаларын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иштерин уланта берет.
Балансты региондорду өнүктүрүүгө камсыздоо жана белгилөө
Региондорду өнүктүрүү калктын жашоо шартын, региондордун экономикалык абалын жакшыртууга, атаандаштыкка жөндөмдүү инвестициялык жана бизнес чөйрөнү түзүүгө багытталат. Өндүрүштүк күчтөрдү оптималдуу жайгаштыруунун негизинде экономиканы өнүктүрүү региондук саясатты ишке ашыруудагы артыкчылык болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иштер улантылат. Аймактарды өнүктүрүүнүн локомотиви болгон 20 таяныч шаарды - өсүү башатын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу экономиканы өнүктүрүүдөгү реформанын башталышы болот. Чек ара аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул аймактарда жашаган жарандардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн инфраструктура, кызмат көрсөтүүлөргө шарттар түзүлөт.
Ошентип, 2019-жылы Өкмөт менен Улуттук банктын биргелешкен экономикалык саясаты өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, экономикалык өсүштүн оң динамикасын сактоого мүмкүндүк берет, ал өлкөнүн ИДПсын түзүүчү экономиканын бардык тармактары тарабынан колдоого алынат. Инфляция орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүчтө 5,0-7,0%дын чегинде кармалып турат.
Саясаттын белгиленген чаралары баланстоочу мүнөзгө ээ болот, бул экономиканын андан аркы стабилдүү жана ырааттуу өсүшүн камсыздоого көмөктөшөт.
Аталган чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Өкмөт менен Улуттук банк өлкөдөгү экономикалык кырдаалга жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тенденциясына туруктуу түрдө мониторинг жүргүзүп турат. Ата мекендик экономикага терс таасирин тийгизүүчү дүйнөлүк экономикада же тышкы экономикалык чөйрөдө кошумча дисбаланс/опуртал пайда болсо, 2019-жылга Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатына тиешелүү түзөтүүлөр киргизилет.
Өкмөт менен Улуттук банк өз кезегинде Биргелешкен билдирүүдө жана программалык документтерде каралган негизги багыттардын ишке ашырылышына мыйзам чыгаруу бийлиги, бардык ишкер коомчулук колдоо көрсөтөөрүнө ишеним артат.