Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 382 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 2-марты № 92

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 24-февралындагы № 145, 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 227,

2012-жылдын 17-сентябрындагы № 624, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871, 2013-жылдын 15-июлундагы № 411, 2013-жылдын 16-декабрындагы № 672 2013-жылдын 19-декабрындагы № 690, 2014-жылдын 10-ноябры № 634, 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобо;

- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №803 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы №162 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №803 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №92 токтому менен бекитилген

 

"Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын ТИЗМЕСИ

 

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту